Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 726 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-марты № 101
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрвнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES •конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксат берүү боюнча регламентин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 24-октябрындагы № 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" иринцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүнде", 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүнде ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомдорун ишке ашыруу чегинде, ышкы соодалык операциялар боюнча мамлекеттик кызматтарды дрсөтүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү максатында Кыргыз гспубликасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксат берүү боюнча келген peг ламенти (мындан ары - Регламент) бекитилсин.
2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксат берүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул бекитилген Регламентти жетекчикке алсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2011-жылдын 9-мартындагы №101 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегннен сыртка алын чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана осүмдүктор түрлорүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алын чыгууга уруксат берүү боюнча регламент
Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чейрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттнк агенттиктин жаныбарлар жана есүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксаттар берүунү жүзөгө ашыруу боюнча сунушталган регламента (мындан ары -Регламент) уруксаттарды алуу тартибин аныктайт жана аларды берүү тартибин белгилейт.
2. Бул Регламентте пайдаланылчу негизги түшүнүктөр:
CITES конвенциясы - жоголуп кетүү коркунчунда калган, жапайы фауна менен флоранын түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенция (мындан ары - Конвенция);
түр - ар кандай, майда түр же анын географиялык жактан өзгөчөлүү Эпопуляциясы;
дериват - жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган нерселер (жумуртка, мүйүз, урук ж.у.с), ошондой эле аларды иштетүүдөн алынган продуктулар (галантереялык буюмдар, жасалгалар, искусство чыгармалары ж.у.с);
үлгү - ар кандай жаныбар же өсүмдүк (тирүү же өлүк), анын оңой таанылуучу ндай бөлүгү (мүйүзү, териси, канаты, гүлү, жалбырагы ж.у.с.) же анын бул конвенция колдонулчу түрлөргө кирген дериваты;
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери - жапайы сүт эмүүчүлөр, жер-сууда жашоочулар, курт-кумурскалар, балыктар, суу жаныбарлары жана өнүгүүнүн бардык стадияларындагы омурткасыз суу жаныбарлары (жумуртка, кокон, куурчакча, молодь, личинка ж.б), бул жаныбарлардын бөлүктөрү жана башка табигый эркиндик абалында турган жана экологиялык, экономикалык жана маданий-ден соолук чындоочу функцияларды аткарган башка продукция;
өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери - жапайы өскөн өсүмдүктердүн бардык түрлөрү: жер үстүндөгү жана жер астындагы бөлүктөрү, анын ичинде тамырлары, уруктары, гүлдөрү, чөптүү кыртыш, дарылык жана техникалык өсүмдүк сырьесу, жапайы өскөн мөмө-жемиштер, грек жаңгагынын данеги, мистелер, чычырканактар, сейрек жана жок болуп бараткан өсүмдүктөр, дарактар, дарактардын топтору, бадалдар, мажүрүм талдар, тростник, камыш, ошондой эле эңилчек сымалдар, суу өсүмдүктөрү, козукарындар, эмилчектер ж.у.с;
соода - экспорт, реэкспорт, импорт;
реэкспорт - мурда импорттолгон ар кандай үлгүлөрдү экспорттоо;
CITES өлкөнүн администрациялык органы - Конвенциясынын IX беренесине ылайык дайындалган администрациялык органын билдирет;
илимий орган - өлкөнүн CITESthh IX статьясына ылайык дайындалган илимий органын билдирет;
"1973-жылдын 3-мартында Вашингтон шаарында кол коюлган "Жок болуу коркунучунда турган жапайы фаунанын жана флоранын түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттнк органы бул Конвенцияныи жоболорун ишке ашыруудагы Кыргыз Республикасынын Администрациялык органы болуп эсептелет.
Конвенциянын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын илимий компетенциялуу органы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы эсептелет.
тарап - Конвенциянын колдонулушу күчүнө кирген мамлекет;
лицензия-уруксат берүүчү комиссия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин уруксат жана лицензия алууга материалдарды кароочу комиссиясы.
3. Уруксат айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий документи болуп эсептелет жана жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнесүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга укук берет.
4. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлорүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андаи алып чыгууга уруксат берүү боюнча функцияларды лицензия - укук берүүчү комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8- декабрындагы № 788 токтому менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырат.
5. Уруксаттарды берүү төмөнкүлөргө ылайык ишке ашырылат:
- "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
- "1973-жылдын 3-мартында Вашингтон шаарында кол коюлган "Жок болуу коркунучунда турган жапайы фаунанын жана флоранын түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" (CITES) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
"Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн табигый объекттерин пайдалануу үчүн акынын ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 8-июнундагы 3 № 1101-1 "Экспорттоо жана импоргтоо лицензия боюнча ишке ашырылчу товарлардын тизмесин бекитүү женүндө" токтомуна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасында атайын багыттагы товарлардын импортун жана экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын бекитүү жөнүндө" токтомуна;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлигинин органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июлундагы № 458 "Кыргыз Республикасында чет елкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарларга мергенчилик турларды өткөрүүнүн эрежесин бекитүү тууралуу" токтомуна;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна.
6. Уруксат алуу үчүн тышкы соода ишинен катышуучулар жеке жана юридикалык жактар кайрылышат (мындан ары - арыз берүүчүлөр).
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (мындан ары -агенттик) тышкы соода ишине катышуучуларга уруксаттын төмөнкүдөй түрлөрүн берет, алар:
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн Конвенция колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга уруксат - экспорттук операцияны жүзөгө ашыруу үчун керектүү болгон, бирок бир календарлык жылдан ашпаган мөөнеткө берилет (1-тиркеме);
- Конвенция колдонулчу түрлөрү. Жаныбарлар жана өсүмдүктер түрлөрүн алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүге, алып чыгууга уруксат - Конвенциянын талаптарына ылайык экспорттук-импорттук операцияны жүзөгө ашыруу үчүн керектүү, болгон бирок бир календарлык жылдан ашпаган мөөнөткө берилет (2-тиркеме).
8. Арыз ээси берген маалыматтар жашыруун маалымат болуп эсептелет жана аларды билүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
9. Уруксаттарды берүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн кызматтардын акысы акчалай, акчалай эмес түрдо же акы төлөөнүн электрондук системаларын колдонуу менен ишке ашырылат.
10. Тышкы экономикалык ишинин (ТЭИ) катышуучулары аны идентификациялоого мүмкүндүк берчү реквизиттери болсо кат алышууну, документтерди жана уруксат алууга тиешелүү башка маалыматты берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн маалыматты "бирдиктүү терезе" маалымагтык системасынын алкагында электрондук ыкма менен бере алышат.
Уруксатты берүү боюнча маалымдоо тартиби
11. Конвенция колдонулбоочу жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттерин Кыргыз Республикасынан сыртка алып чыгууга уруксат алуу үчүн кайрылууда юридикалык жана жеке жактар Мамагенттикке темөнкүдөй документтерди беришет:
- арыз;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттерин алуунун, сатып алуунун, пайдалануунун, тескөөнүн, ээлик кылуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер;
- фитосанитардык сертификаттын көчүрмөсү (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттери үчүн);
- товардын жасалышынын сертификатынын көчүрмөсү;
- тиешелүү формадагы ветеринардык күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жаратылышты пайдалануу үчүн толук акы төлөнгөнүн ырастачу документтин көчүрмөсү;
- уруксат алуу үчүн акы төлөнгөнүн ырастоочу документтин көчүрмөсү.
15. Конвенция колдонулуучу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү, андан алып чыгуу үчүн уруксат алууга кайрылууда юридикалык жана жеке жактар арыз беришет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) экспорттун, реэкспорттун, импорттун максаты:
- коммерциялык операциялар;
- зоопарктар ортосунда алмашуу;
- ботаникалык бактар жана музейлер ортосундагы алмашуу;
- башка өлкедөгү цирк оюндары жана көчмө көргезмөлер;
- илимий алмашуу;
- аёчылык олжолорун ташуу;
- жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жеке менчикте турган үлгүлөрүн ташуу;
- үлгүлөрдү биомедициналык максатта ташуу;
- үлгүлөрдө билим берүү жана агартуу максаттарында ташуу;
- жапайы жаратылышка реинтродукция жана интродукция үчүн;
- колдо багуу жана жасалма өстүрүү үчүн; ж.у.с;
б) орусча жана латынча аталышы толук көрсөтүлүү мененжаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн түрү;
в) үлгүнүн сүрөттөмөсү (тирүү жаныбарлар же өсүмдүктөр, терилер,кеп тулкусу, тулку бойлору, баш сөөктер, мүйүздөр, азуулар, кан, икра,уруктар, тамырлар, тамыр түптерү, ошондой эле алардан жасалганбуюмдар ж.у.с; тирүү жаныбарлар үчүн - жынысы жана жашы,идентификациялачу белгилердин болушу);
г) үлгүлөрдүн саны жана/же салмагы;
д) үлгүнүн алынышы (жаратылыштан алынган, жасалма шарттачыгарылган же өстүрүлгөн, башка өлкөдөн импорттолгонконфискацияланган, сатып алынган, белек же мурас катары алынган
ж.у.с);
е) экспортердун (реэкспортердун) жана мипортердун юридикалык дареги (жеке адамдар үчүн - үйүнүн дареги, паспорттук маалыматтары).
13.Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- юридикалык жактар үчүн уюштуруу документинин жана/же мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, ал эми жеке адамдар үчүн - паспортунун көчүрмөсү;
- экспортер менен импортердун ортосундагы контракттын же ал экспортту же импортту жасоо ниетин ырастаган башка келишим документинин көчүрмөсү.
Жеке менчикте турган ацчылык олжолорун жана үлгүлөрдү ташууда жогоруда аталган документтер тиркелбейт;
- эгер үлгү Конвенциянын I тиркемесине киргизилсе, ошондой эле мамлекеттер Конвенция үлгүлөрүн импорттоого кошумча чектөөлөрдү киргизген учурларда импорттоочу өлкөнүн CITES Администрациялык органынын уруксаты;
- тиешелүү формадагы ветеринардык күбөлүктүн көчүрмөсү;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттерин импорттодо экспорттоочу мамлекеттин фитосанитардык сертификатынын көчүрмөсү;
- үлгүнү алуунун, сатып алуунун, пайдалануунун, тескөөнүн, ээлик кылуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер.
14.Үлгүнү алуунун, сатып алгандыктын, пайдалануунун, тескеенүн, ээлик кылуунун мыйзамдуулугун ырастачу документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- асыл тукумдук китептен көчүрмө, туулган датасын жана жерин, асыл тукумдук номерин жана атын, ата-энелери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен;
- есүмдүктөрдүн колдо өстүрүлгөнүн ырастаган документ;
- үлгүнү сатып алууну ырастаган документ;
- менчик укугун ырастаган документтер;
- жаратылышты пайдалануу үчүн толук акы төлөнгөнүн ырастаган документ;
- экспортер өлкөнүн CITES администрациялык органынын же, эгер экспортер елке Конвенция тарабы болбосо, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн ж.б. компетенттүү мамлекеттик органынын уруксаты.
Ташылып чыгуучу тирүү жаныбарларга Конвенциянын талаптарына жооп берүүчү атайын белгилер коюлууга тийиш.
15. Кыргыз Республикасынын CITES администрациялык органыарыздарды жана аларга тиркелген документтерди карайт, ал эмиКонвенцияда каралган учурларда CITESthh Серетариаты, импортчу елкеже экспортчу елке менен кеңешет жана 30 күндүн ичинде КыргызРеспубликасынан экспорттого, реэкспорттого, ошондой эле КыргызРеспубликасын үлгүлөрдү импорттого уруксатты (мындан ары - CITESуруксаты) тариздөөнү жүргүзөт, же жүйөлүү баш тартуу жиберет.
CITES уруксаты Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына, ошондой эле жок болуу коркунучунда турган жапайы фаунанын жана флоранын түрлөрүнө карата чет өлкөлүк жактарга CITESthh Кыргыз Республикасындагы администрациялык органы тарабынан берилет.
CITESthh уруксатын берүү Кыргыз Республикасынан экспорттоого Конвенциянын I, II, III тиркемелериндеги үлгүлер үчүн, ал эми импортко -Конвенциянын I тиркемесиндеги үлгүлөр үчүн жүргүзүлөт.
17. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринимпорттоого, экспорттоого жана реэкспорттоого уруксаттар цирктин гастролдорунан, аңчылык жана балыкчылык олжолорун, музейлик жана көргөзмөлүк экспонаттарды, ошондой эле жеке адамдардын менчиги болгон жаныбарлар жана есүмдүктөр дүйнөсүнүн бирден үлгүлөрүн ташуудан башка учурларда CITESthh Кыргыз Республикасындагы илимий органынын оңдуу сунушунун негизинде берилет.
18. CITESthh ар бир уруксаты белгиленген үлгүдөгү бланкта терт нускада таризделет (бири - оригинал, үчөө- көчүрмө, ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет жана CITESthh Кыргыз Республикасындагы администрациялык органынын мөөрү менен бекитилет. Үлгүлөрдүн ар бир партиясы үчүн CITESthh өзүнчө уруксаты таризделет.
19. Документтерди арыз ээси мамлекеттик же расмий тилде тапшырат. Чет өлкөлүк адамдар тапшыруучу документтер зарыл болсо мыйзамда белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.
Арыз ээси тапшырылган маалыматтардын жана документтерди аныктыгы үчүн жооптуу болот.
20. Уруксатта төмөнкүдөй реквизиттер көрсөтүлүүге тийиш:
- уруксатты берген органдын толук аталышы;
- уруксатты алуучу - юридикалык жактын өлкесү жана аталышы же жеке адамдын аты-жонү;
- экспортердун аталышы;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин түрү (түрлеру) жана алардын саны;
- уруксат берилген дата жана жарактуулук мөөнөтү;
-уруксат бланкынын номери;
- ташуунун түрү;
- уруксатка кол койгон жооптуу адамдын аты-женү, ал эми CITESthh уруксатында реквизиттер Конвенциянын талаптарына ылайык көрсөтүлөт.
21. CITESthh үлгүлөрдү экспорттого жана реэкспорттого берген уруксаты 6 айдан ашык эмес мөөнеткө, көчмө көргөзмөлөр жана цирк үчүн - 12 ай, ал эми импортко - 12 айга чейин жарактуу болот.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөр экспорт жана импорт боюнча арк кандай аркеттерди, анын ичинде үлгүлөрдү ташуу жана экспорттоочу жана
импорттоочу өлкөнүн бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнү камтыган иш-аракеттерди бүтүрүү үчүн белгиленген.
Колдонуу мөенөтү аяктагандыктан CITESthh укуксатын кайра таризделген учурларда арыз документтеринин толук пакетин берүү милдеттүү эмес.
CITESthh уруксаты көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде колдонулбай калса. ал жараксыз болуп эсептелет жана эки жумалык мөөнетте Кыргыз Республикасынын CITEShhuh администрациялык органына милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш.
22 Уруксат берүү бланкттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана типографиялык ыкма менен даярдалууга, (CITESthh уруксатын кошпогондо), коргоо даражасына, каттоо номерине ээ болууга тийиш. Уруксат берүү бланктгары катуу эсепке алынган документтер болуп эсептелет. Уруксат берүү бланкаларын жасоо, каттоо жана сактоо Мамагенттик тарабынан жүргүзүлөт.
23. Мамагенттиктин уруксаты Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына же андан сырткажаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып келүү(импорттоо), алып чыгуу (экспорттоо, реэкспорттоо) үчүн зарыл болгонбашка уруксатты же лицензияны алмаштырбайт.
24. Уруксаттын түп нускасы жоготулган же бузулган учурда уруксат алуучу дубликат берүү жөнүндө Мамагенттикке арыз берет. Мамагенттик уруксаттын түп нускасы жоготулгандыгы же бузулгандыгы жөнүнде арыз келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде дубликат берүү маселесин кароого милдеттүү. Дубликат Мамагенттиктеги документтердин негизинде берилет жана түп нускасындагы көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жарактуу болот.
Берилген уруксатка "Дубликат" деген белги коюлушу керек. Уруксат алган адам мурда жоготулган уруксаттын туп нускасын табылган учурда, ал туп нусканы (же дубликатты) Мамагенттикке анын күчүн жоготту деп табылышы үчүн берет.
Уруксаттын колдонуу мөөнөтү 6 айга чейин узартылышы мумкун, бирок ал календарлык жылдан ашпайт.
Уруксатты узартуу жөнүнде арыз, уруксатты узартуу үчүн негиз болуп эсептелген жагдайлар келип чыккан учурдан тартып арыз ээси тарабынан 3 күндүн ичинде берилет. Уруксатты узартуу уруксат алуучу тиешелүү арызды берген учурдан тартып 3 күндүн ичинде Мамагенттик тарабынан жүргүзүлөт.
25. Келишимдин негизги шарттары өзгөрген же башка учурларда берилген уруксаттар уруксат алуучу адам тиешелүү арызды берген учурдан тартып 3 күндүн ичинде кайра таризделүүгө тийиш. Уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз ээси, кайра тариздөө үчүн негиз болуп эсептелген жагдайлар келип чыккан учурдан тартып арыз ээси тарабынан 10 күндүн ичинде берилет.
Юридикалык жак өзгөртүлүп түзүлгөн, анын аталышы же жайгашкан жери өзгөрген учурда уруксат алуучу - юридикалык жак (же анын укук мураскери) көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Уруксат алуучунун аты-жөнү же жашаган жери өзгөргөн учурда -жеке адам уруксатты кайра тариздөө жөнүндө арыз берүүге жана аталган маалыматтарды тастыктоочу тиешелүү документтерди тиркөөгө милдеттүү.
Уруксатты кайра тариздөөдө Мамагенттиктин жооптуу аткаруучусу уруксаттарды каттоо журналына тиешелуү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда берилген уруксат жокко чыгарылат. Жаңы берилген уруксатка жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген датасы көрсөтүлөт.
26. Уруксат берүүдөн баш тартуу үчүп төмөнкүлөр негиз болуп берет:
- арыз ээсине карата уруксат алуучу жүзөгө ашырууга ээ болгон товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсетүүлөрдү) экспорттоого жана импорттоого тыюу салынган соттун чечими болсо;
- ушул Регламентке ылайык 11-14-пункттарда аталган документтерди бербөө же аларды туура эмес тариздөө;
- жүргүзүлгөн товарлардын экспорттук-импорттук операциялары жөнүндө арыз ээсинин туура эмес маалыматты бериши;
- товарларды алып келүүдө (импорттоодо) же алып чыгууда (экспорттоодо) сандык чектен ашуу;
- товарларды алып келүүгө (импорттоого) же алып чыгууга (экспорттоого) мамлекеттик монополия белгилөө.
27. Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жүйөлүү болууга жана арыз келип түшкөн учурдан тартып 3 кундун ичинде арыз ээсине I жазуу жузүндө кабарланууга тийиш.
Эгерде уруксат мөөнөтүндө берилбесе же мамлекеттик органдын уруксат берүүдөн баш тартуусу негизсиз болсо, арыз ээси анын иш-аракеттерине карата администрациялык же соттук тартипте даттанууга укуктуу.
28. Уруксат өзүнүн колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтойт:
- уруксат берилген мөөнөт өтүп кетсе;
- уруксат берилген иш-аракеттер толук көлөмдө аткарылып бүтсө;
- уруксат алуучу - жеке же юридикалык жак ишкердик ишин мыйзамдарда белгиленген тартипте токтотсо.
29. Берилген уруксатты башка юридикалык жана жеке жактарга өткөрүлүп берилбейт.
30. Уруксат берүү үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткеп, баалардык прейскурантына ылайык банктардын кассаларында жүргүзүлөт.
Уруксат берүүдө иш-аракеттердин ырааттулугун баяндоо
31. Кыргыз Республикасынын аймагына жана анын чегинен сыртка өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн Конвенция колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, Конвенция колдонулуучу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлуктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксат алуу үчүн арыздарды жана документтерди кабыл алуу, ошондой эле аларды берүү Мамагенттик тарабынан жүргүзүлөт.
Мамагенттик уруксат алуу үчүн арыз ээси берген документтерди белгиленген тартипте каттайт.
32. Ушул регламенттин 11-14-пункттарында аталган, тиркелген документтери бар арыз келип түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде Мамагенттиктин жалпы бөлүмүнде катталат жана лицензия - уруксат берүү комиссиясынын төрагасына берилет.
33. Лицензия - уруксат берүү комиссиянын төрагасы өзүнө документтер келип түшкен учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде жооптуу аткаруучуну дайыпдайт, келип түшкөн документтер анын аткаруусуна өткөрүлүп берилет.
34. Жооптуу аткаруучу, ал аткаруучу деп аныкталган учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде уруксат алуу үчүн арыз ээси берген документтердин толуктугун жана алардын ушул Регламентгин талаптарына ылайыктуулугун төмөнкү максатта текшерет:
- ушул Регламентте аныкталган докуменггердин толук пакетинин бардыгын;
- арыз ээси берген докуменггердин Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына шайкештигин;
арыз ээсинин экспорттук же импорттук бүтүмдорүнүн шарттарынын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине шайкештигин.
Кошумча текшерүү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан учурда документтерди кароо мөөнөтү үч жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Берилген документтердин маалыматтары туура эмес болуп чыккан учурда жооптуу аткаруучу уруксат берүүдөн негиздүү баш тартууну даярдайт.
35. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жооптуу аткаруучу уруксат берүүнү же ушул Регламенттин 37-пунктунда көрсөтүлгөн меөнөткө
ылайык уруксат берүүдөн негиздүү баш тартууну жана лицеизия-уруксат берүү комиссиясынын төрагасына кол коюусуна өткөрүп берет.
36.Уруксат берүүге же баш тартууга эки жумушчу күндүн ичинде лицензия-уруксат берүү комиссиясынын торагасы кол коет, мөер менен күбөлөндүрүлөт жана арыз берүүчүлөргө уруксат берүү үчүн жооптуу аткаруучуга берилет.
37.Уруксат берүү үчүн жооп берүүчү жоопту аткаруучу арыз берүүчүгө уруксатын алуу туралуу телефон, электрондук почта жана башка байланыш аркылуу билдирет.
38.Уруксат арыз ээсине же ишеним каттын негизинде арыз ээсинин өкүлүнө тапшырылат.
39.Талаш маселелер келип чыккан учурда, лицензия - уруксат берүү комиссиясы чакырылат, ал уруксат алуу материалдарын карайт жана Регламентке ылайык уруксат берүү же бошотуу жөнүндө чечим чыгарат (3-тиркеме).
Уруксат берүүдөн жазуу жүзүндөгү баш тартуу арыз ээсине же анын өкүлүне тапшырылат.
Уруксат берүүнүн жүрүшүндөгү жүзгө ашырылуучу аракеттерге (аракетсиздиктерге) жана чечимдерге даттануу тартиби
40. Арыз ээси уруксат берүүнүн жүрүшүндөгү аракеттерге(аракетсиздиктерге) жана чечимдерге карата Мамагенттикке же соторгандарына даттануу менен кайрылууга укуктуу.
41. Арыз ээсинин кайрылуусу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- арыз ээсинин аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, жашаган же жайгашкан жеринин почталык дареги;
- чечимдери,аракеттери (аракетсиздиги) арыз ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган органдын аталышы, кызмат адамынын аты-жвнү;
- укукка жат чечимдердин, аракеттердин (аракетсиздиктин) укуктарды мыйзамдуу кызыкчылыктарды бузуусунун маңызы;
- арыз ээсинин кайрылуусун кароо жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүнде арыз ээсин кабарлоо ыкмасы жөнүндө маалымат.
42. Аракеттерге (аракетсиздикке) карата Мамагенттикке берилген даттануу, ал Мамагенттикте катталган датадан тартып 3 күндүи чинде белгиленген тартипте аралууга тийиш.