Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 9-марты № 102

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу жобону бекитүү тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фонду жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин Атайын жабык эсеби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин Атайын жабык эсеби жөнүндөгү жобону бекитүү туралуу" "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин Атайын жабык эсеби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

А.Атамбаев