Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы N 400, 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 451, 2020-жылдын 3-февралындагы № 54, 2021-жылдын 27-январындагы № 27, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат.
2. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы базалык маянадан, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү кошумча төлөмдөн жана үстөк акылардан турат.
3. Саламаттык сактоо системасында базалык маяналардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.
4. Саламаттык сактоо кызматкерлердин эмгек акысы жумуш убактысынын нормасын аткарууну жана эмгекке катышуу коэффициентин эске алып эсептелет. Бул Жободо көрсөтүлгөн бардык төлөмдөр жана үстөк акылар белгиленген өлчөмдөрдө базалык маянага гана башка төлөмдөрдү жана жогорулатууларды эске албай (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кошумча төлөмдөрдү кошпогондо) эсептелет.
5. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери зарыл болсо тиешелүү финансылык жылга бюджет менен бекитилген эмгек акы төлөө фонддун жана штаттык расписаниенин чегинде белгиленген сумманы аныктап, эмгек келишимин түзүшү мүмкүн.
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Базалык маяна - бул компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албай, календардык айда кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкерлердин эмгек акысынын ченелүү өлчөмү.
Эмгек акы - бул аткарган иштин шартына, сапатына, санына жана татаалдыгына жараша эмгегине берилген сый төлөм (кайтарып берүү), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр үстөк акы жана кошумча акы түрүндө абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) проценттер маянага белгиленет.
Дем берүүчү үстөк акылар - бул аныкталган кызматтык маянадан сырткары төлөнүүчү үстөк акылар, алар кызматкерлерди жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүгө, кесиптик чебердикти жана эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берет.
Кошумча төлөмдөр - бул эмгек шартына жана жумуштун режимине байланыштуу компенсациялык мүнөздөгү төлөмдөр. Ар кандай квалификациядагы иштерди аткарганда, кесиптерди айкалыштырганда, жумуш убакыттын нормадагы узактык чегинен ашкан жумушта, түнкү мезгилде, дем алыш күнү жана майрамы күндөрү иштегенде.
Кошумча эмгек акы эмгек акынын консолидациялык фонддон үнөмдөөнүн эсебинен түзүлөт жана эмгекке катышуу коэффициенти аркылуу бөлүштүрүлөт.
Эмгекке катышуу коэффициенти (мындан ары - ЭКК) - эмгек акыны жамааттык төлөгөндө колдонулган ар бир кызматкердин жалпы жыйынтыкка кошкон салымын саны жана сапаты жагынан жалпылап баалоо.
Эмгек паспорту - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан форма, ал ар бир кызматкердин ЭККсын аныктоо үчүн белгилүү бир мезгилдеги иш жыйынтыктарын чагылдырат.
Иш жүгүнүн нормасы - бул белгилүү аралыктын ичинде кызматкер аткаруучу жумуштардын (кызматтардын) көлөмүн сан жагынан баалоо.
Иштеген жылдары - бул белгилүү кесиптик иш-аракетти саламаттык сактоо системасында аткарган убакыты.
3. Компенсациялык кошумча төлөмдөр
6. Саламаттык сактоо системасында айрым уюмдарда, бөлүмдөрдө жумуштун спецификасын, шартын эске алып кызматкерлердин базалык маянасына компенсациялык кошумча төлөмдөр белгиленет.
Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоодогу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн;
- айыл жергесинде иштегендиги үчүн;
- жумуштун өзгөчө шартында иштегендиги үчүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка кошумча төлөмдөр.
7. Базалык маянага жогоруда аталган кошумча төлөмдөрдү төлөө өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
4. Дем берүүчү төлөмдөр
8. Саламаттык сактоо системасында кызматкерлердин базалык маянасына дем берүүчү үстөк акылар кесиптик чеберчиликти жана иштердин\кызматтардын сапатын көтөрүү максатында белгиленет.
Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- илимий даражасы бар саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн;
- "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери", "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы бар адамдар үчүн;
- саламаттык сактоо кызматкерлерине квалификациялык категориясы үчүн;
- иштеген жылдары үчүн;
- эмгекке катышуу коэффициенти аркылуу эмгек акы төлөөнүн консолидациялык фондун үнөмдөөнүн эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка төлөмдөрүн эсептөө.
9. Базалык маянага жогоруда аталган үстөк акылардын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине максаттуу дем берүүчү үстөк акылар берилиши мүмкүн. Айрым учурларда жергиликтүү өз алдынча органы менен макулдашып, бул каражаттар ЭКК аркылуу кошумча эмгек акы катары кайра бөлүштүрүп берилиши мүмкүн.
5. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин эмгек акысын төлөө
11. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин базалык маяналарына кошумча төлөмдү колдонуу саламаттык сактоо уюмдарынын төмөнкүдөй топтору боюнча жүргүзүлөт:
Топ | Аталышы | Базалык маянага кошумча төлөм |
I топ | Улуттук борборлор, илим-изилдөө институттардын клиникалары, илимий борборлор жана республикалык саламаттык сактоо уюмдары | Мекеме жетекчисинин базалык маянасына 10 проценти өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет |
II топ | Республикалык маанидеги шаарлар жана облустук уюмдар | Мекеме жетекчисинин базалык маянасына 5 проценти өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет |
III топ | Аймактык деңгээл (райондор жана шаарлардагы саламаттык сактоо уюмдары) | Мекеме жетекчисинин базалык маянасы |
12. Уюм жетекчисинин эмгек акысынын өлчөмү уюм боюнча кызматкерлердин консолидациялуу орточо эмгек акыларынын үч эселеген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
6. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
13. Жетекчинин орун басарына, башкы бухгалтерге базалык маяна мекеме жетекчисинин базалык маянасынан 5 процент төмөн белгиленет.
14. Саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгер-жетекчилери жана дарыгер орун басарларына алар штатта турган уюмдарда адистиги боюнча ишти жумуш убакыттын чегинде жүргүзүүгө, аларга тиешелүү кызматтын базалык маянасынын 25 процентин төлөөгө уруксат берилет.
Жетекчи-дарыгерлердин жана алардын орун басарлары адистиги боюнча аткарган иш көлөмү тиешелүү медициналык же бухгалтердик документтерде чагылдырылат.
15. Саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптарга операция жасаган протездик-ортопедиялык, гемодиализ бөлүмдөрдүн, бардык аталыштагы хирургия бөлүмдөрүнүн персоналына кызмат боюнча базалык маянага 15 процент өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
16. Түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн жетекчилерине кошумча төлөмдөр төмөнкүдөй белгиленет:
- (бөлүм, бөлүмчө, лаборатория, дарыкана) башчылар, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтордун башчылары, башкы медайымга кызматы боюнча базалык маянадан 10 процент өлчөмүндө;
- кабинет, фельдшердик-акушердик пункттун) башчыларына, улук медайымдарга - кызматы боюнча базалык маянадан 5 процент өлчөмүндө;
17. Саламаттык сактоо боюнча облустагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы координаторлорго кызматы боюнча базалык маянадан 100 процент өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Башкы адистин милдетин аткарган (профили боюнча) штаттан тышкары кызматкерлерге кызматы боюнча базалык маянадан 10 процент өлчөмүндө, тиешелүү финансылык жылга бюджет менен бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде кошумча акы төлөнөт.
19. Өтө кооптуу карантиндик инфекциялар менен иштеген кызматкерлерге кызматы боюнча базалык маянадан 25 процент өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасындагы саламаттык сактоо кызматкерлерине ишинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн базалык маянанын 25 проценти өлчөмүндө үстөк белгиленет.
Үстөк окуу отпускасында, амбулаториялык дарылоодо, ооруканада дарыланууда жүргөн кызматкерлерге төлөнбөйт
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы №400 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Көчмө тез медициналык жардам бригадалардын кызматкерлерине кошумча акы кызматы боюнча базалык маянадан 15 процент өлчөмүндө белгиленет.
21. Үй-бүлөлүк медайым күбөлүгү бар үй-бүлөлүк медициналык айымдарга, ошондой эле фельдшердик-акушердик пункттардын ортоңку персоналына кызмат орду боюнча базалык маянасынын 30 пайызы өлчөмдө кошумча белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Трассада автокырсык болгон учурда кечиктирилгис өз убагында тез медициналык жардам көрсөтүп иштеген адистерге кошумча акы базалык маянадан 20 процент өлчөмүндө фактылык иштеген убактысы үчүн белгиленет.
23. Кафедралык кызматкерлерге, дарылоо-консультациялык процесске катышкан илимий кызматкерлерге эмгекке катышуу коэффициенти аркылуу кошумча эмгек акы белгиленет.
24. Жогорку медициналык билими бар медайымдарга жана жогорку медициналык эмес билими бар дарыгердик кызматтарда иштөөгө укуктуу адистерге базалык маяна дарыгердик кызматкерлерге коюлгандай аныкталат.
25. Орто кесиптик билими бар дарыгер персоналга, ординаторлорго жана орто кесиптик билими жок орто медициналык кызматкерлерге базалык маяна кызмат боюнча базалык маянадан 10 процент төмөн белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Туруктуу дарыгердик катышуусуз өз алдынча иштеген орто медициналык персоналга кызмат боюнча базалык маянанын 10 проценти өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
27. Башкы бухгалтердин орун басарынын, менеджердин, экономисттин башкы адистердин базалык маянасы кызматы боюнча базалык маянадан 5 процент жогору белгиленет.
28. Адистиги боюнча жогорку билими жок башка кызматкерлерге (администрациялык-чарбалык кызматкерлерге) базалык маяна башка кызматкерлердин базалык маянасынан 15 процент төмөн белгиленет.
29. Жумушка түнүндө тартылган саламаттык сактоо уюмдарынын адистеринин (анын ичинде медициналык, фармацевттик кызматкерлердин) эмгек акысын төлөө түнүндө иштеген ар бир саат үчүн саат сайын базалык маянанын бир жарым өлчөмүндө жүргүзүлөт.
Түнкү деп кечки 22 сааттан эртең мененки саат 6 чейинки убакыт саналат.
30. Майрам күндөрү иштегени үчүн адистердин эмгек акысын төлөө адистиги боюнча белгиленген саат сайын базалык маянадан эки эсе өлчөмдө эсептеп берилет.
31. Убактылуу келбей калган кызматкердин милдетин аткаруу үчүн төлөмдөр:
- адистерге убактылуу келбей калган кызматкердин милдетин өз жумуш убагында (негизги жумушу менен катар) аткаргандыгы жана башка квалификация, адистик же кызмат боюнча кошумча жумушту аткаргандыгы үчүн ордуна иштеген кызматкердин базалык маянасына жараша, айкалыштырган кызмат боюнча 30 проценттен кем эмес жана 50 процентке чейин кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.
- адистерге жумуш айкалыштырууну негизги кызматы боюнча иштеген мезгилден тышкары аткаргандыгы үчүн акы төлөө кызматы боюнча иш жүзүндө иштеген сааттары үчүн жүргүзүлөт. Жумуш убакыттын белгиленген узактыгынын чегинде иштөө күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш.
32. Атайын каражаттардын жалпы көлөмүнүн 40 проценти саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жумшалат.
7. Сыйлык берүү
33. Саламаттык сактоо уюмдарда кызматкерлерге сыйлык берүү эмгек акы төлөө фондусун үнөмдөөнүн чегинде жүргүзүлөт. Кызматкердин сыйлыгынын өлчөмү базалык маянадан ашпоого тийиш. Кызматкерлерге сыйлык берүү кварталга ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча гана, эмгек акы төлөө фонду боюнча үнөмдөө болгондо жана башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
34. Уюмдарынын кызматкерлерине сыйлык берүү көрсөткүчтөрү Сыйлык берүү жөнүндө типтүү жобого ылайык аныкталат, бул жобону уюмдун жетекчиси профсоюздук комитет жана башкаруучу орган менен макулдашып бекитет.
35. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жана башкы бухгалтерлерине сыйлык берүү жогору турган орган менен макулдашылат.
8. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин
эмгек акысын эсептөө тартиби
36. Саламаттык сактоо уюмдарынын эмгек акы төлөөнүн консолидациялык фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан (кошумча төлөм каражаттарын кошпогондо).
Эмгек акы төлөөнүн консолидациялык фондунан кызматкерлерге кепилге алынган жана кошумча эмгек акы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген башка төлөмдөр жүргүзүлөт.
37. Кепилге алынган эмгек акы төмөнкүлөрдөн турат:
- базалык маяна;
- төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр:
илимий даража үчүн;
ардак наам үчүн;
квалификациялык категория үчүн;
түзүмдүк бөлүкчөнү жетектегени үчүн;
иштеген жылдары үчүн;
айыл жеринде иштегендиги үчүн;
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында иштегендиги үчүн;
эмгектин өзгөчө шарттарында иштегендиги үчүн;
бийик тоолуу шартта иштеген стажы үчүн.
38. Кызматкердин пайдасына жүргүзүлгөн башка жекече төлөмдөргө, кепилге алынган жана кошумча эмгек акыдан тышкары, төмөнкүлөр кирет:
- түнкүсүн жана майрам күндөрү иштегени үчүн кошумча төлөм;
- эсептеп берилген өргүүлөр боюнча төлөм;
- убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча төлөм;
- кызматкерди жумуштан бошоткондо (кыскартканда) бир жолку жөлөкпул (компенсация) төлөө;
- башка бир жолку төлөмдөр жана жекече кошумча төлөмдөр.
39. Кошумча эмгек акы фондунун өлчөмү эмгек акы төлөөнүн консолидациялык фондунан жекече төлөмдөрдү жана кепилге алынган эмгек акынын суммасын алып салуу менен аныкталат.
40. ЭКК ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрү боюнча аныкталат. Саламаттык сактоо уюмунун иш-аракетинин жалпы жыйынтыгына ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилет. Ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрүнүн негизинде саламаттык сактоо уюмунун эксперттик комиссиясы ар бир кызматкердин эмгектик салымын баалоонун көрсөткүчтөрүн иштеп чыгат.
41. ЭКК төмөнкү тартипте аныкталат:
Түзүмдүк бөлүктүн жамаатынын жалпы чогулушу шайлаган, курамына бөлүм башчы, улук медайым жана түзүмдүк бөлүктүн өкүлү кирген түзүмдүк бөлүктүн кызматкеринин эмгектик паспортун толтуруу боюнча комиссия саламаттык сактоо уюмунун иш-аракетинин жалпы жыйынтыгына ар бир кызматкердин салымын эске алып, ЭККны аныктайт. Түзүмдүк бөлүктөрдөгү комиссиялардын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Ар бир кызматкердин ЭККсынын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен форма боюнча ай сайын эмгек паспорттору толтурулат, аларда айдын аралыгындагы иштин жыйынтыктары чагылдырылат.
42. Эмгек паспорттордун туура толтурулушун эксперттик комиссия контролдойт. Эксперттик комиссия уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет, анын курамына милдеттүү түрдө уюмдун профсоюздук комитетинин өкүлү кирүүгө тийиш.
43. ЭКК негизги, айкалыштырган кызматы боюнча өз алдынча эсептелет.
44. ЭККны эсептөө:
- бөлүм башчылары, улук, күндүзгү процедуралык, таңуучу медициналык айымдар үчүн иш жүгүнүн нормасы жана аларды фактылык аткаруу канча адам дарыланганы боюнча, бөлүмдөгү бардык дарыгерлердин келгендери, жүргүзгөн изилдөөлөр суммасы боюнча аныкталат;
- реанимация, анестезиология бөлүмдөрү, операция блогу, кабыл алуу блогу, стерилизациялык бөлүмдүн кызматкерлери үчүн, нөөмөтчү дарыгерлерге ж.б. ЭККнын өлчөмү иш жүгүнүн нормасын эске албай иштин спецификасына жараша аныкталат.
45. Түзүмдүк бөлүктүн комиссиясы кызматкерге комиссиянын протоколунда жүйөнү көрсөтүү менен кошумча эмгек акы бербей коюуга укуктуу.
46. Саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлеринин кошумча эмгек акысын эсептөө:
Эмгек акы төлөөнүн консолидациялык жалпы фондусунан төмөнкү суммалар алып салынат:
- кепилге алынган эмгек акысы;
- кызматкердин пайдасына жүргүзүлгөн жеке төлөмдөр;
- эмгек келишими боюнча иштеген, уюмдун штатында турбаган кызматкерлерге төлөм;
- мурдагы айларга кайра эсептеп берүү.
Кепилге алынган эмгек акы фонду бардык кызматкерлердин кепилге алынган эмгек акыларынын суммасы катары аныкталат.
47. Кошумча эмгек акынын өлчөмүн эсептөө белгилүү бир кызматкердин ЭККсын уюмдагы эмгекке катышуу коэффициентинин бирдигинин акчалай эквивалентине көбөйтүү жолу менен аныкталат:
КЭА = ЭККБ х ЭКК, мында:
КЭА - кызматкердин кошумча эмгек акысынын өлчөмү;
ЭККБ - уюм боюнча эмгекке катышуу коэффициентинин бирдик өлчөмү;
ЭКК - кызматкердин эмгекке катышуу коэффициенти.
ЭККБ = КЭАФ/СЭКК, мында:
КЭАФ - кошумча эмгек акы фонду;
СЭКК - саламаттык сактоо уюму боюнча бардык ЭКК суммасы.
СЭКК = ЭКК1+ ЭКК2+ ЭКК3+ ЭКК4+.....+ ЭККN, мында:
ЭКК(1:N) - ар бир кызматкердин эмгекке катышуу коэффициенти.
48. Ар бир кызматкердин эмгекке катышуу коэффициентинин өлчөмүнүн суммасы төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- дарыгерлер жана адистер үчүн - 5 бирдик;
- орто персонал үчүн - 4 бирдик;
- кенже персонал үчүн - 3 бирдик;
- башка персонал үчүн - 2 бирдик.
49. Кызматкердин эмгек акысы кепилге алынган эмгек акынын, кошумча эмгек акынын жана кызматкердин пайдасына башка жекече төлөмдөр суммасы катары аныкталат:
ЭА = КАЭА + КЭА + ЖТ, мында:
ЭА - кызматкердин эмгек акы өлчөмү;
КАЭА - кызматкердин кепилге алынган эмгек акысынын өлчөмү;
КЭА - кызматкердин кошумча эмгек акысынын өлчөмү;
ЖТ - кызматкердин пайдасына башка жекече төлөмдөр.
50. Кызматкердин эмгек акысын төлөп берүү бир ведомость боюнча жүргүзүлөт. Кызматкерлердин эмгек акысы боюнча каражаттарды жокко чыгаруу жана чегерүү эмгек акынын жалпы фондунун ар бир булагынан үлүштүк чоңдугу боюнча жүргүзүлөт.
9. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча акыны белгилөөнүн жана эсептөөнүн тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 токтомуна ылайык күчүн жоготту)