Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-майы № 229
Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат жер иштетүүнү өнүктүрүү, ирригациялык объекттерди куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында суу чарба объектгерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программасы (мындан ары - Мамлекеттик программа) бекитилсин жана бул программа абдан маанилүү Мамлекеттик программа болуп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Кыргыз Республикасынын 2011-2015-жылдардагы республикапык бюджетинде Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн каражаттарды карасын жана аны каржылоону өзгөчө контролго алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министрине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күнден баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16 –майындагы № 229 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин ездвштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 593 "Кыргыз Республикасындагы суу чарба объектилерин куруу жана жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү программасын бекитүү женүндө" токтомун ылайык Кыргыз Республикасында 2008-жылдары 16 суу чарба объектилеринин курулушу каралган, булар социалдык жана экономикалык жактан республика үчүн өтө маанилүү. 6114 га жаңы сугат жерлерди эксплуатацияга өткөрүп берүү, 298 га сугат жерин комплекстүү түрдө реконструкциялоо, 8854 га сугат жерлерин суу менен камсыздалышын жакшыртуу, объекттерди куруу жана реконструкциялоо үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд. 432,2 млн сом бөлүп берүү пландалган.
Иш жүзүндө 2008-2010-жылдарга каралган 1 млрд. 432,2 млн сомдон 600,9 млн сом гана, же 41,97 пайызы бөлүнгөн.
2008-2010-жылдары 638,12 млн сом капиталдык салым өздөштүрүлүп, 509 га жацы сугат жер эксплуатацияга өткөрүлүп берилди, 298 га жерге комплекстүү реконструкциялоо жүргүзүлдү, 6400 га сугат жерди суу менен камсыздоо жогорулатылды. Эки объект эксплуатацияга өткөрүлүп берилди.
Пайдаланууга өткөрүп берилген негизги фонддордун жалпы наркы 155,02 млн сомду түздү. Жогоруда аталган программа 831,1 млн. сом суммасында каржыланбай калгандыктан толук аткарылган жок.
Мурда башталган суу чарба объектилеринин курулушун жана реабилитациялоо жумуштарын бүтүрүү, ошондой эле жацы сугат жерлерин өздөштүрүү үчүн төмөнкү объектилер боюнча 2011-2015-жылдарга жаңы Мамлекеттик программаны бекитүү зарыл.
1. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү (магистралдык каналды куруу)
Бул объекттин сметалык наркы 396,8 млн сомду түзөт. 2011-2012-жылдары 3498 га жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү каралууда.
2011-жылдын 1-январына карата 35,52 млн сом өздөштүрүлүп, 28,32 млн сом наркындагы объекттин бир бөлүгү пайдаланууга өткөрүлүп берилди.
2012-жылы 361,30 млн сом капиталдык салымды өздөштүрүү менен объектти толук аяктоо пландалууда жана 3498 га жаңы сугат жер пайдаланууга берилет.
2. Баткен облусунун Кадамжай ранонундагы Каракыштак-Боз каналын куруу
Бул объекттин сметалык наркы 279, 76 млн сомду түзөт. 600 га жаңы сугат жерди өздөштүрүү, 700 га мурда сугарылып жүргөн жерлерди сугат суу менен камсыздоону жогорулатуу жана Кызыл-Кыя өндүрүш шаарын сугат суу менен камсыздоо, демек 300 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу жана 20 га жаңы жерди өздөштүрүү пландалууда.
Үч-Коргон айыл округундагы 1360 га сугат жер суунун жетишпестигинен жабыркап турат: 760 га мурда сугарылып жүргөн жерлерди суу менен камсыздоону жогорулатуу зарыл, Боз массивиндеги 600 га жер сугат суунун жоктугунун айынан иштетилбей турат.
2011-жылдын 1-январына карата 49,0 млн сом капиталдык салым өздөштүрүлүп, 32,0 га жаңы сугат жер пайдаланууга өткөрүлүп берилди.
2011-2012-жылдарга 230,8 млн сом капиталдык салымды ездөштүрүү менен жана 700 га жерди суу менен камсыздоону жогорулатып, 568,0 га жаны сугат жерди пайдаланууга киргизүү менен объектти аяктоо пландалууда. Кызыл Кыя шаарын сугат суу менен камсыздоо жакшыртылат.
3. Баткен облусунун Баткен районундагы Рават айылында суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу
Бул объектин сметалык наркы 60,0 млн. сомду түзөт. 28,0 га жаңы сугат жерди өздөштүрүү, 80,0 га жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу болжолдонууда. 2015-жылы 58,4 млн. сомду өздөштүрүү пландалууда.
4. Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат поселогунда Арка массивине суу жеткирүү менен дюкер куруу
Долбоорлоо-изилдөө иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча 1800 га жаңы сугат жерди өздөштүрүү, 4440 га жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу, 3111 га жерди өзү агып баруучу суу менен сугаруу каралган.
Кайраккум суу сактагычындагы суу жеткирүүчү насостук станциялар менен сугарылуучу Арка массивин Кожо-Бакырган суусунан канал куруп, сугаруу болжолдонууда.
Суунун балансын алсак, Кыргыз Республикасынын Кожо-Бакырган дарыясынан 21 процент менен чектелген суу алуу өрөөндөгү 3169 га жерди суу менен толук камсыздай албайт. Бул объекта курууну Тажикстан Республикасы менен суу бөлүшүү маселесин чечип, изилдөө иштерин аяктагандан кийин баштоо пландалууда.3 млн сом суммасындагы долбоорлоо-изилдөө иштери 2011-жылы аяктайт.
5. Баткен облусунун Баткен ранонундагы сугат жерлерди комплекстүү реконструкцнялоо (мурдагы «Торт-Көл» совхозу)
Долбоор боюнча келечекте жаңы сугат жерди өздөштүрүүнү 2293 гектарга чейин жеткирүү болжолдонууда.
Бул долбоор боюнча өзү агып баруучу суу менен сугарууну реконструкцнялоо аянты өтө көп эмес, болгону 168 гектарды түзөт. Курулуш башталгандан бери 43,26 млн сом өздөштүрүлгөн. Биринчи этаптын сметалык наркы - 508,1 млн сом. 2011-жылы 4,0 млн сомду өздөштүрүү пландалууда.
6. Баткен облусунун Баткен районундагы Р- 4 вх каналын куруу жана Р-4 каналын бийиктетүү
Объекттин болжолдуу наркы 250,0 млн. сомду, жацы сугат жерди өздөштүрүүнүн аянты 1000 га түзөт.
Жаңы-Жер айылынын айдоо массивине суу берүү пландалууда, бул үчүн узундугу 4,2 км, суу өткөрүмдүүлүгү 1,2 мЗ/секунда болгон Р-4 вх-1 жаңы каналын куруу менен Р-4 каналынын суу өткөрүмдүүлүгүн 3,5 мЗ/секундага чейин жеткирүү зарыл.
Жогоруда аталган жерлерди өздөштүрүү долбоорду ишке киргизгенден кийин, 2011-2015-жылдар аралыгында пландалууда.
7. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо-Нияз СПАсында канал куруу
Сугат суунун башаты Шахимардан дарыясы. Башкы суу алуучу түйүн жана каналдын 0,35 км аралыгы Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкан. Жаңы 300 га сугат жерди өздөштүрүү жана 410 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу каралууда. Бул объекттин сметалык наркы 200,0 млн сомду түзөт. Долбоорлоо-сметалык документтери бүткөн. 2011-жылы курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда.
8. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ренжит өрөөнүн суу менен камсыздоону жогорулатуу үчүн Беш-Батман каналынын аяк жагын реабилитациялоо
Бул объектин сметалык наркы 382, 2 млн сомду түзөт. 1074 га жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу пландалууда. Падыша-Ата дарыясы Кербен жана Ренжит өрөөнүн суу менен камсыздоонун негизги булагы, мамлекеттер аралык маанидеги объект болуп эсептелет. Беш-Батман жана XXII партсъезд каналдары Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу өтөт, эки мамлекетти сугат суусу менен камсыз кылат, натыйжада суу бөлүштурүүдөө суу ресурстарынын жетишсиздиги пайда болууда. Аксы районунун суу чарба башкармасынын билдирүүсүнө Караганда 2002-жылы Беш-Батман каналына суу алуу төмөндөгүдөй болду: май айында 54 процент, июнда 19 процент, июлда 27 процент, августта 55 процент. Сугат жерлерди суу менен камсыздоону көбөйтүү, Падыша-Ата дарыясынан алуучу үлүштү толугу менен пайдалануу үчүн Беш-Батман каналынын аяк жагын реабилитациялоо, Өзбекстан Республикасынын чек арасын айланып өтүүчү Ак-Терек каналын куруу зарылдыгы келип чыкты.
Курулуш башталгандан бери 2011-жылдын 1-январына карата 234,94 млн сом капиталдык салым өздөштүрүлдү. Курулуштун 1-кезегин тапшыруу боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. 147,26 млн сом капиталдык салым өздөштүрүлөт. 2011-жылы курулушту аяктоо, 1074 га жерди пайдаланууга өткөрүп берүү пландалууда.
9. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Терек каналын куруу
Бул объекттин сметалык наркы 566,0 млн сомду түзөт, 4487 га зеки сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу болжолдонууда (Беш-Батман каналын зеке алганда). Долбоорлоо-изилдөө иштеринин 7,0 млн сому өздөштүрүлдү. Бул объекттин курулушун Беш-Батман каналы бүткөндөн кийин баштоо керек, анткени эки объект бир комплексти түзөт жана алар бир маселени чечет. Объектти толугу менен аяктоо үчүн 559,0 млн сом талан кылынат.
2011-2015-жылдары курулуш-монтаждоо иштерин 446,0 млн сом суммасында аткаруу пландалууда.
10. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Курманбек» жана «Көк-Арт» айыл өкмөттөрүндө сугат иштерин өнүктүрүү
Бул объекттин болжолдуу наркы 7,1 млрд. сомду (башкы суу алуучу түйүн, магистралдык канал, ички чарбалык сугат системасы, суу сактагыч) түзөт. 2770 га жерге суу жеткирүү, 3500 га сугат жерди суу менен камсыздоону жакшыртуу пландалууда. 54,67 млн сом каржыланган.
Көк-Арт дарыясынын гидрологиялык өзгөчөлүктерүнө байланыштуу Көк-Арт өреөнүндөгү бир кыйла жацы жерди өздөштүрүү наркы 4,7 млрд сом турган Көк-Арт суу сактагычын кургандан кийин гана мүмкүн. «Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Курманбек» жана «Көк-Арт» айыл өкмөттөрүндө сугат иштерин өнүктүрүү» объекттин куруудан жацы сугат жерлерди пайдаланууга берүү жана өздештүрүү Көк-Арт суу сактагычын кургандан кийин мүмкүн. Объектти консервациялоо пландалууда, 4,0 млн сомду талап кылат.
11. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Буйга каналын куруу
Бул объекттин наркы 626,0 млн сомду түзөт. Сугат суунун булагы Буйга дарыясы. 9,78 млн сомго долбоорлоо-изилдөө иштери аткарылды.
1900 га жаңы сугат жерди өздөштүрүү каралууда. 2011-жылы 0,5 млн сом суммасында долбоорлоо-изилдөө иштерин бүтүрүү пландалууда. 2012-2015-жылдары 616,0 млн сом суммасында курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу пландалууда.
12. Ош облусунун Чоц-Алай районундагы «Шибе-Жекенди» каналын куруу
Бул объекттин болжолдуу наркы 400 млн сомду түзөт. Долбоордо 462,0 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу аркылуу 500 га жаңы жерди өздөштүрүү пландалууда. «Түштүксуудолбоор» акционердик коому тарабынан гидрологиялык, топогеодезиялык, геологиялык жумуштар аткарылып бүттү. 2011-жылдын 1-январына карата долбоорлоо-изилдөө иштери 3,0 млн сомго өздөштүрүлдү.
2011-жылы 2,5 млн сом суммасындагы долбоорлоо-изилдөө иштерин бүтүрүү пландалууда. 2012-2015-жылдары курулуш-монтаждоо иштерин 397,5 млн сом суммасында аткаруу пландалууда.
13. Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүндө «Жайылма-Додоң» каналын куруу
Бул объекттин болжолдуу наркы 100,0 млн сомду түзөт. 2011-жылы долбоорун аяктап, курулуш-монтаждоо иштерин баштап, 2012-жылы толук бүтүрүү пландалууда. Бул объектте 570 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу пландалууда.
14. Ош облусунун Ноокат районунун «Сапарбаев» 1 жана 2 каналдарын селден сактоо иштерин жүргүзүү
Бул объекттин болжолдуу наркы 100,0 млн сомду түзөт. Долбоордо 6865 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу пландалууда.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн долбоорлоо-сметалык иштерин иштеп чыгуу менен объектте курулуш иштерин баштоо зарыл.
2011-жылы долбоорлоо-изилдөө иштеринин башталышы пландалууда. 2012-жылы 95 млн сом суммасында курулуш-монтаждоо иштерин бүтүрүү пландалууда.
Республикасы менен суу бөлүшүү маселесин чечип, изилдөө иштерин аяктагандан кийин баштоо пландалууда. 3 млн сом суммасындагы долбоорлоо-изилдөө и иштери 2011-жылы аяктайт.
15 Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтүндө Каримберди каналын куруу
Бул объекттин болжолдуу наркы 360,0 млн сомду түзөт. Долбоордо жаңы 2000 га сугат жерди өздөштүрүү жана 825 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу пландалууда.
Бул объектти ишке киргизүү үчүн долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана ишти баштоо зарыл.
201-жылы долбоорлоо-изилдее иштеринин баштоо пландалууда. 2012-2013-жылдары 360,0 млн сом суммасындагы курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу пландалууда.
16. Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак өрөөнүнүн борбордук белүгүн сугаруу
Бул объекттин сметалык наркы гидроэнергетикага жумшала турган чыгымды кошкондо 1408,0 млн сомду түзөт, ал эми ирригациялык муктаждыкты гана эсепке алганда 408,0 млн сомду түзет. Эски сугат жерлерин өзү агып баруучу суу менен сугарууга өткөрүлсе объекттин кубаттуулугу 5080 га жерди, ал эми жаңы сугат жерлер 1500 га жерди түзөт.
Долбоордун максаты Ат-Башы ГЭСинин темен жагынан суу алып, өзү агып баруучу суу менен Куланак өрөөнүндөгү жерлерди сугаруу болуп эсептелет. 1964-жылы ишке киргизилген насостук станциялар 4442 га жерди сугарып жатат, насостордун жалпы өндүрүмдүүлүгү 7,1 мЗ/секуда, механизмдер эскирип бүткөн, жылына эксплуатациялык чыгым 5,455 млн сомду түзөт.
«Кыргызсуудолбоор» ачык акционердик коому объектти эки вариантта долбоорлоп жатат.
2011-жылдын 1-январына карата долбоорлоо-изилдөө иштери 4,83 млн сомго аткарылды. 2011-жылы долбоорлоо-изилдөө жумуштарын бүтүрүү, 2013-2015-жылдары 158,2 млн сом суммасындагы капиталдык салымды өздөштүрүү пландалууда. Өткөөл объект.
17. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясында суу алуучу башкы түйүндү реконструкциялоо
Бул объекттин наркы 80,0 млн сомду түзөт. 2011-жылдын 1-январына карата объекттин биринчи кезеги бүткөн. 4,8 млн сом капиталдык салым өздөштүрүлдү. Объект 7,99 млн сомго каржыланган.
Суу алуучу түйүндү куруу 500 га жацы сугат жерди өздөштүрүүгө жана 200 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. 2011-жылы объекттин курулушун бүтүрүү пландалууда. Бул объектти бүтүрүү үчүн 72,01 млн сом керектелет.
18. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра дарыясынын агымынын бир болүгүн Ысык-Көлдүн деңгээлин стабилдештирүү үчүн Ысык- Көлгө буруу
Негизги маселе Каркыра дарыясынын агымынын бир бөлүгүн Ысык-Көлгө буруу менен анын деңгээлинин төмөндөшүн басаңдатуу жана көлдү жаратылыш объекти катары сактап калуу болуп эсептелет. Көлдүн деңгээли узак мөөнөттөн бери төмөндөп жатат.
Жылына көлдүн деңгээлинин төмөндөшү 7-10 смны түзөт. Азыркы учурда көлдүн бир калыптуу абалына суунун жетишпеген көлөмү 490 млн мЗ түзөт. Жылына Каркыра-Түп каналы боюнча 180 млн мЗ сууну Ысык-Көлгө буруу пландалууда. Каналдын өткөрүмдүүлүгү 25 мЗ/секундага эсептелген.
Объекттин сметалык наркы 451,66 млн сомду түзөт. Каркыра дарыясынын мамлекеттер аралык суусун бөлүштүрүү маселеси чечилгенден кийин, 2012-2015-жылдары 451,66 млн сом суммасында капиталдык салымды өздөштүрүү пландалууда.
19. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кара-Булук коктусундагы жерлерди өздөштүрүү.
1984-жылы «Кыргызсуудолбоор» ачык акционердик коому тарабынан биринчи долбоор иштелип чыккан. Узундугу 2,3 км жана 3,5 км, диаметри 1020 мм болгон болот түтүктордөн 1 жана 2-деңгээлге көтөрүүчү насостук станциялар курулган. Диаметри 500 мм болгон түтүктордөн "Фрегат" 4 түрүндөгү сугаруучу машиналар жасалган.
Ирригациялык тармакты кайра куруп чыгуу зарыл. Бул 774 га сугат жерди өздөштүрүүге мүмкүндүк берет.
Объекттин болжолдуу наркы 80,0 млн сомду түзөт. Объекттин долбоорлоо-сметалык документтери чыгарылгандан кийин курулуш иштерин баштоо пландалууда.
2013-жылдын аягына чейин 435,0 млн сом капиталдык салымды өздөштүрүп, объектти бүтүрүү пландалууда.
20. Талас облусунун Кара-Буура районундагы Сарымсак каналын реконструкциялоо
Бул объекттин сметалык наркы 450,0 млн сомду түзөт. Сыйымдуулугу 17,0 млн мЗ болгон Кара-Буура суу сактагычы пайдаланууга берилгенден кийин 2000 га жацы сугат жерди өздөштүрүү жана 1600 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу үчүн бул суу сактагычтан суу берүү маселеси пайда болду. Иштеп жаткан Сарымсак каналды реконструкциялап, аны 6,58 юига узартып, ички чарбалык каналдарды куруу пландалууда, бул 2000 га жацы сугат жерди өздөштүрүүгө жана 1600 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатууга мүмкүндүк берет. 15,0 млн сом капиталдык салым өздөштүрүлдү.
21. Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы дарыясында суткалык салуу бассейнин куруу
Инженердик суу алуучу түйүндүн жана сууну топтоочу бассейндин жоктугунан 775,0 га жер сугат суусуна муктаж. Азыркы учурда пайдаланып жаткан суу алуучу баштапкы түйүндүн жогору жагына жаңы суу алуучу түйүн жана сууну топтоо үчүн декадалык женгө салуу бассейнин куруу пландалууда. 1025 га сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу пландалууда. Бул объектти ишке киргизүү үчүн долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу керек жана долбоордук иштер бүткөндөн кийин бул долбоорду ишке ашыра баштаса болот.
200 млн сом капиталдык салымды өздөштүрүү пландалууда.
22. Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында сууну суткалык жөнгө салуучу бассейн куруу
Вегетация сезонунда суунун етө жетишсиздиги пайда болот, ошондуктан пландаштырылган түшүмдү алуу мүмкүн эмес. Бул маселени чечүү үчүн Ак-Суу дарыясында суткалык жөнгө салуучу бассейн куруу пландалууда.
250,0 млн. сомду өздештүрүп, 2048 га эски сугат жерди суу менен камсыздоону жогорулатуу пландалууда. Бул объектти ишке киргизүү үчүн долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгып, объектти куруу керек.
Бардыгы 4928,07 млн сом суммасындагы капиталдык салым пландалууда, иштетүүге берилүүчү жацы сугат жердин жалпы өлчөмү 13068 га жерди түзөт, 21046 га жерди суу менен камсыздоо жогорулатылат.
Эскертүү:
СЖБ - суткалык жөнгө салуу бассейни;
СПА - суу пайдалануучулардын ассоциациялары.
Тиркеме: Кыргыз Республикасында суу чарба объектгерин куруунун жана жацы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик нрограммасына киргизилген объекттердин тизмеси.
Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаны сугат жерлерин ездештүрүүнүн 2011-2015-жылдарга
мамлекеттик программасына киргизилген объекттердин тизмеси
№ п/ п | Объекттердин аталышы | Негиздеме | Кубаттуулук (га - гектар) | Сметалык наркы (млн. сом.) |
1 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү | Объектти изилдөө | 3498-жаңы сугат жерлер | 396,80 |
2 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Каракыштак-Боз каналын куруу | Объектти изилдөө | 568-жаңы сугат жерлер, 700-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 279,76 |
3 | Баткен облусунун Баткен районундагы Рават айылында суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу | Объектти изилдөө | 28-жаңы сугат жерлер, 80-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 60,00 |
4 | Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат поселогунда Арка массивине суу жеткирүү менен дюкер куруу | Объектти изилдөө | 1800-жаңы сугат жерлер, 7551-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 1350,00 |
5 | Баткен облусунун Баткен районундагы сугат жерлерди комплекстүү реконструкциялоо (мурдагы Төрт-Көл совхозу) | Объектти изилдөө | 168-жаңы сугат жерлер | 508,10 |
6 | Баткен облусунун Баткен районундагы Р-4 вх каналын куруу жана Р-4 каналын бийиктетүү | Объектти изилдөө | 1000-жаңы сугат жерлер | 250,00 |
7 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо-Нияз СПАсында канал куруу | Объектти изилдөө | 300-жаңы сугат жерлер, 410-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 200,00 |
8 | Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ринжит өрөөнүн суу менен камсыздоону жогорулатуу үчүн Беш-Батман каналын аяк жагын реабилитациялоо | Объектти изилдөө | 1074-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 382,20 |
9 | Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Терек каналын куруу | Объектти изилдөө | 4487-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 566,00 |
10 | Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы лКурманбек» жана лКөкарт» айыл өкмөттөрүндө Көкарт суусунан сугат иштерин өнүктүрүү | Объектти консервация- лоо | 2770-жаңы сугат жерлер, 3500-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 2324,00 |
11 | Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Буйга каналын куруу | Объектти изилдөө | 1900-жаңы сугат жерлер | 626,00 |
12 | Ош облусунун Чоң-Алай районундагы лШибе-Жекенди» каналын куруу | Объектти изилдөө | 500-жаңы сугат жерлер, 462-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 400,00 |
13 | Ош облусунун Ноокат районундагы »Жайылма-Додон» каналын куруу | Объектти изилдөө | 570-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 100,00 |
14 | Ош облусунун Ноокат районундагы Сапарбаев 1 жана 2-каналдарын селден сактоо иштерин жүргүзүү | Объектти изилдөө | 6865-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 100 |
15 | Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтүндө Каримберди каналын куруу | Объектти изилдөө | 2000-жаңы сугат жерлер, 825-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 360 |
16 | Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугаруу | Объект бүтпөгөн курулуш | 1500-жаңы сугат жерлер, 5080-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 408,00 |
17 | Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясында башкы суу алуучу түйүндү куруу | Убактылуу Өкмөттүн 13.07.2010-ж.№12В | 500-жаңы сугат жерлер, 200-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 80,00 |
18 | Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра дарыясынын бөлүгүн Ысык-Көлдүн деңгээлин стабилдештирүү үчүн Ысык-Көлгө буруу | Объектти изилдөө | Суунун деңгээлин стабилдештирүү | 451,66 |
19 | Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кара-Булуң коктусундагы жерлерди сугаруу | Объектти изилдөө | 774-жаңы сугат жерлер, 700-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 80,00 |
20 | Талас облусунун Кара-Буура районундагы Сарымсак каналын реконструкциялоо | Объектти изилдөө | 2000-жаңы сугат жерлер, 1600-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 450,00 |
21 | Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы дарыясында суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу | Объектти изилдөө | 1025-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 200,00 |
22 | Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында суткалык жөнгө салуу бассейнин куруу | Объектти изилдөө | 2048-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 250,00 |
Баардыгы: | 19338-жаңы сугат жерлер, 37177-суу менен камсыздоону жогорулатуу | 9822,52 | ||
Капиталдык салымдар: 2011-2015 жылдарга (млн. сом) | 2011-2015- жылдар үчүн, кубаттуу- луктарды өздөштүрүү гектар) | |||||
Бардыгы 2011- 2015- жж. | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | |
361,30 | 181,00 | 180,30 | - | - | - | 3498-жаңы сугат жерлер
|
230,80 | 100,00 | 130,80 | - | - | - | 568-жаңы сугат жерлер, 700-суу менен камсыз- доону жогорула- туу |
58,40 | - | - | - | - | 58,40 | 28-жаңы сугат жерлер, 80-суу менен камсыз- доону жогору- латуу |
3,00 | 3,00 | - | - | - | - | - |
4,00 | 4,00 | - | - | - | - | - |
250,00 | 3,00 | 20,00 | 75,00 | 75,00 | 77,00 | 1000-жаңы сугат жерлер |
200,00 | 30,00 | 50,00 | 60,00 | 60,00 | - | 300-жаңы сугат жерлер, 410-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
147,20 | 147,20 | - | - | - | - | 1074-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
446,00 | 45,00 | 50,00 | 127,00 | 100,00 | 124,00 | 4487-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
4,00 | 4,00 | - | - | - | - | - |
616,5 | 0,50 | 50 | 108 | 218 | 240 | 1900-жаңы сугат жерлер |
400 | 2,50 | 50 | 90 | 120 | 137,5 | 500-жаңы сугат жерлер, 462-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
100,00 | 50,00 | 50,00 | - | - | - | 570-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
100 | 5 | 95 | - | - | - | 6865-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
360 | 20 | 170 | 170 |
|
| 2000-жаңы сугат жерлер, 825-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
158,20 | 8,20 | - | 50,00 | 50,00 | 50,00 | - |
72,01 | 72,01 | - | - | - | - | 500-жаңы сугат жерлер, 200-суу менен камсыздоо ну жогорула- туу |
451,66 | - | - | 51,66 | 200,00 | 200,00 | Суунун деңгээлин стабилдеш- тирүү |
80,00 | - | - | 20,00 | 30,00 | 30,00 | 774-жаңы сугат жерлер, 700-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
435,00 | 131,00 | 152,00 | 152,00 | - | - | 2000-жаңы сугат жерлер, 1600-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
200,00 | 37,00 | 50,00 | 50,00 | 63,00 | - | 1025-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
250,00 | - | - | 50,00 | 100,00 | 100,00 | 2048-суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
4928,07 | 843,41 | 1048,1 | 1003,66 | 1016 | 1016,9 | 13068 га - жаңы сугат жерлер, 21046 га - суу менен камсыздоо- ну жогорула- туу |
3154,1 га - ЖСЖ; 3045,9 га - СКЖ | 2923,9 га - ЖСЖ; 8968 га - СКЖ | 3781,5 га - ЖСЖ; 10953,1 га - СКЖ | 2680,25 га - ЖСЖ; 2532,7 га - СКЖ | 3026,25 га - ЖСЖ; 2871,1 га - СКЖ |
|
|
Эскертүү:
ЖСЖ - жаңы сугат жерлерин пайдаланууга берүү;
СКЖ - суу менен камсыздоону жогорулатуу.