Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июну № 275
Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргьгз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 275 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2016-жылдын 10-февралындагы № 57, 2016-жылдын 2-июнундагы № 293, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 , 2019-жылдын 28-январындагы № 24 , 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Облигацияларды эмиссиялоо, жүгүртүү, чыгарууну мамлекеттик каттоо тартибин, ошондой эле коомдук сунуштоонун жана облигациялар проспектинин шарттарын ушул жобо белгилейт.
3. Облигациялардын облигацияларды жана проспекти коомдук сунуштоо шарттарын мамлекеттик каттоо, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн баалуу кагаздар менен бүтүм жасоого тыюу салынат.
Облигациялар коомдук сунуш шарттары жана проспект мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды ачып берилгенге чейин облигациялардын чыгарылышын жарнамалоого тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги 208 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Облигациялар эмиссиясы облигацияларын коомдук сунуштоо менен коштолгон коомдук, же жекече болушу мүмкүн, жекече сунуштоонун жүрүшүндө эмитент облигацияларын жекече сунуштоо менен жайгаштырат.
6. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодо бул чыгарылышка мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат. Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруунун тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги 208 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Облигациялардын чыгарылышын, коомдук сунуш шарттарын жана проспекти мамлекеттик каттоого үчүн комиссиялык жыйым алынат, анын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
8. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
эмитент - баалуу кагаздардын ээлери алдында, бул баалуу кагаздар менен бекитилген укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча өзүнүн атынан милдеттенме көтөрүүчү юридикалык жак;
облигация - облигация чыгарган жактан, анда каралган мөөнөттө номиналдуу наркын же башка эквивалент алууга, аны кармоочунун укугун ырастаган баалуу кагаз. Облигация аны кармоочуга облигациянын номиналдык наркынан пайыз же башка мүлктүк укуктарды алуу укугун да берет;
транш - баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндөгү чечим менен бир чыгарылыштагы баардык облигациялар үчүн белгиленген жайгаштыруунун жалпы мөөнөтүнөн кечиктирилбей, мезгилдин бир эле учурунда жайгаштырылуучу, бир чыгарылыштагы облигациялардын бөлүгү;
облигацияларды кармоочу - эч болбогондо эмитенттин бир облигациясына ээлик кылган жеке же юридикалык жак.
- алтын менен камсыздалган облигациялар - алтын куймаларды чыгарууда эмитент тарабынан аныкталган салмакта эмитенттен алууга анын ээсинин укугун күбөлөндүрүүчү же алтын куймалардын наркын алууга алардын менчик ээлеринин укугун күбөлөндүрүүчү алтын фиксингине байланган индекстелүүчү номиналдык наркы бар эркин жүгүртүлүүчү, аты жазылган облигациялар;
- алтын фиксинги - кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) тарабынан белгилене турган бир троя унциясы үчүн ар күн сайын алтынга болгон баа. Алтын менен камсыздалган облигациялардын наркын эсептөөдө, ушул облигациялар боюнча операциялар өткөрүлгөн күндөн мурунку күнү LBMA белгилеген алтындын баасынын кечки фиксинги колдонулат;
- алтын менен камсыздоонун көлөмү - алтын куймаларынын ээлеринин алдында милдеттенмелерди камсыз кылуу катары алтын менен камсыздалган облигациялардын эмитенттери берүүчү алтын куймаларынын жыйындысы;
облигацияларды жабуу - эмитенттин сый-акыларды жана облигациялардын нак наркын төлөө (кийин сатуу максатысыз) же чыгарылган облигациялардын проспектинде белгиленген тартипте ошол эле эмитенттин акциясына (акцияларына) алмаштыруу жолу менен жайгаштырылган облигацияларды жүгүртүүдөн алуу боюнча аракеттери;
корпоративдик башкаруунун кодекси - акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлеринин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу коомдун ички документи;
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 , 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Облигациялар эркин жүгүртүлүүчү же жүгүртүү чөйрөсү чектелген энчилүү гана, анын ичинде квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган болушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Облигациялар документтик эмес формада чыгарылат.
11. Облигация төмөнкүдөй реквизиттерди камтууга тийиш:
- баалуу кагаздардын аталышы - "облигацияны";
- облигация түрүн;
- коомдун - эмитенттин аталышын;
- номиналдуу наркы;
- пайыздык ставканы же аны аныктоонун тартибин;
- пайыздарды жабуу жана төлөө тартибин, мөөнөттөрүн;
- чыгарылган жерин жана датасын, күнү, ошондой эле мамлекеттик каттоо номерин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Чыгаруунун жана төлөп берүүнүн бирдей шарттарынан жана көрсөтүлгөн баасына барабар келген бир кылка баалуу кагаздардан турган эмитенттин облигацияларынын сериялары чыгарылат.
13. Көрсөтүлгөн баасынын өзгөрүлмө же белгиленген пайызы бар облигациялар чыгарылышы мүмкүн. Облигациялардын пайыздары аларды чыгарууда коюлат.
Облигациялар номиналдуу наркынан төмөн сатылышы мүмкүн, ал эми төлөп берүү номиналдуу нарк боюнча (дисконттук облигациялардыкы) жүргүзүлөт.
Облигациялардын номиналдуу наркы өлчөмдөрү чектелбейт.
14. Чакырылып алынуучу, аракеттенүү мөөнөтү тар конвертирленүүчү жана башка түрлөрүн чыгарууга эмитент укуктуу.
Облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимди кабыл алуу учурунда облигациялардын түрү эмитент тарабынан аныкталат жана облигацияларды чыгаруунун шарттарында чагылдырылат. Облигацияларды чыгаруунун шарттары баалуу кагаздардын негизги өзгөчөлүктөрүн камтыган документ болуп саналат.
Облигациялар чыгаруу шарттары коомдук сунуш шарттарына жана облигациялар проспектине (коомдук сунуштоодо) жана облигациялар чыгаруу жөнүндө эмитент кабыл алган чечимди ырастоочу документке кирет.
Коом квалификациялуу инвесторлор үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу, мында коомдун ишинин мөөнөтүнө коюлуучу талаптар колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Аракеттенүү мөөнөтү бүткүчө облигацияларды кармоочулардан эмитенттин кайра сатып алышы мүмкүн болгон баалуу кагаздар чакырылып алынуучу баалуу кагаздар деп түшүнүлөт.
16. Облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыгы болуп өттү деп таанылганга чейин аларды чакырып алууга эмитенттин укугу жок.
17. Облигация кармоочулар аларды акцияларга же башка баалуу кагаздарына алмаштыра алуучу облигациялар, конвертирленүүчү облигациялар деп таанылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Колдонуу мөөнөтү кыска (мөөнөтүнөн мурда төлөп берүү укугу бар облигациялар) облигациялардын кармоочу өзүнүн облигацияларын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин коомдун сатып алуусуна коюуга укуктуу.
19. Айрым товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коштоосундагы баалуу кагаздарды чыгарууга эмитент укуктуу. Мындай учурда эмитент баалуу кагаздарды акча каражаттары менен эмес, товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) менен төлөп берет. Эгерде чыгаруунун шарттарында каралган болсо, анда баалуу кагаздарды кармоочу баалуу кагаздарды акчалай төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарында баалуу кагаздар боюнча үстөк пайыздарды төлөп берүү да каралышы мүмкүн.
20. Эмитент камсыздалган, камсыздалбаган жана кепилденген облигацияларды чыгарууга укуктуу.
Камсыздалган облигациялар - пайызды төлөө жана аны жоюу эмитенттин же үчүнчү жактын мүлкүн күрөөгө коюу менен камсыздалган облигация.
Камсыздалган облигацияга укуктун жаңы ээсине өтүшү менен аны чыгаруунун жана эмиссиянын проспектинин шарттарынан келип чыгуучу аны камсыздоочу бардык укуктар ага өтөт.
Камсыздалбаган облигациялар - атайын камсыздоосу болбогон жана жалпы талап кылуу укугунан турган облигация.
Кепилденген облигациялар - милдеттенмелерди эмитенттин аткаруусу мүмкүн болбогондо, милдеттенмени аткарууну үчүнчү жак (жактар) кепилдеген облигациялар.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Эгерде эмитент коомдук сунуш кылуу шарттарын жана проспектини кататтпаса, анда аларды эмиссия кылуу учурунда коомго сунуш кылууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
22. Облигациялардын коомдук эмиссиясынын жол-жобосу төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
- облигациялар жөнүндөгү чечимди эмитенттин кабыл алышын;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укукгуу мамлекеттик органда коомдук сунуштун шарттарын, проспектини жана облигацияларды мамлекеттик каттатууну;
- облигацияларды коомдук сунуш кылуу жөнүндөгү маалыматты ачып берүүнү;
- облигацияларды жайгаштырууну;
- облигациялар чыгарылды же чыгарылбады деп аныктаган жыйынтык бүтүмдү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
23. Аткарылбай калышы облигациялардын эмиссиясынын токтотулушуна алып келүүчү, ачык жана түшүнүктүү айтылган баалуу кагаздардын ар кандай шарттарын камтыган облигацияларды коомдук сунуштоонун шарттары документ болуп саналат.
24. Облигацияларды коомдук сунуштоонун шарттары өзүнүн мазмуну боюнча бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык келиши керек. Облигацияларды коомдук сунуштоонун шарттарынын барактары номерленет, көктөлөт, жетекчинин колу коюлат жана эмитенттин мөөрү менен бекемделет.
25. Облигацияларды коомдук сунуштоонун шарттары үч нускадан түзүлөт. Анын бир нускасы каттоого алуучу органда, экинчиси - эмитентте сакталат, үчүнчүсү көз каранды эмес реестр кармоочуга сактоо үчүн берилет. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун нускаларындагы тексттерде айырма болуп калган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органда сакталган документтин тексти чыныгы нуска деп эсептелинет.
26. Облигациялар боюнча кирешелердин өлчөмдөрү (өлчөмдөрдү аныктоонун тартиби), муну менен кошо, чыгарылган баалуу кагаздар боюнча купондук кирешелер бекитилген учурда, ар бир купондун өлчөмү (өлчөмдү аныктоонун тартиби) облигацияларды коомдук сунушчоонун шарттарында аныкталууга тийиш.
27. Облигацияларды эмитенттин мөөнөтүнөн мурда төлөп берүү мүмкүнчүлүгү (т.а. облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде бекитилген аткаруу мөөнөтү келгенге чейин облигациялар менен күбөлөндүрүлгөн милдетти аткарып таштоо) облигацияларды коомдук сунуштоонун шарттарында каралышы мүмкүн. Эмитент тарабынан мөөнөтүнөн мурда төлөнүп берилген облигациялар жүгүртүүгө кайрадан чыгарылбайт жана облигацияларга болгон укуктун эсеп-кысабы алынган реестрдеги (депозитарийдин) төлөнүп берилген облигациялардын эсептик катарына киргизилет.
28. Облигациялар чыгарылбай калды деп таанылган учурда облигациялар үчүн эмитент алган каражаттарды кайта кайтарып төлөп берүүнүн тартиби облигацияларды коомдук жайгаштыруунун шарттарында каралышы керек.
29. Облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимди кабыл алган эмитенттин башкаруу органы тарабынан баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун негизги жоболорунун шарттары бекитилет.
30. Облигациялардын проспектиси ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык таризделет.
31. Облигациялардын проспектиси кызмат адамы (эмитенттин жетекчиси, башкы бухгалтер) тарабынан көктөлөт, кол коюлат жана эмитенттин мөөрү басылып бекемделет, анын барактарынын иреттик сандары коюлат.
Облигацияларды чыгарууга максаттуу камсыздоолорду берген адам тарабынан да проспектиге кол коюлушу мүмкүн.
32. Баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик каттоо үчүн берилген проспектиде эксперт (эксперттик уюм) тарабынан даярдалган бүтүмдүн же отчеттун шилтемелерине, мисалдарына таянуулар болгон учурда проспектиде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- эксперттин квалифмкациясынын баяны;
- эксперттин (эксперттик уюмдун) баалуу кагаздардын эмитентинин аффилирленген же аны менен байланышы бар адамы болуп саналышы жөнүндөгү маалыматты.
Проспектини корутунду же отчет менен бирге эксперттин чыгарууга макулдугу жазуу жүзүндө жазылып, проспектиге тиркелиши керек же ошол бүтүмдө же отчетто, же болбосо проспектиде буга эксперттин (эксперттик уюмдун) макул экендиги көрсөтүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
33. Проспект үч нускада түзүлөт. Проспектинин нускаларынын тексттеринде айырмачылыктар болуп калган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча органда сакталган документтин тексттери чындыктуу деп эсептелинет.
34. Проспектиде камтылган маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана жалпыга маалымдоо каражаттарында проспектиде камтылган маалыматтарды ачып берүүнүн тартиби жөнүндөгү билдирүүнү жарыя кылууга эмитент милдеттүү.
Облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү маалыматтар төмөнкүдөй маалыматтарды жана кабарларды жарыя кылуу аркылуу ачылып берилет:
- эмитент жөнүндөгү маалыматтарды (эмитенттин аты-жөнүн, жайгашкан жерин, почтолук дарегин, уюштуруучулук-укуктук түрүн);
- облигациялардын чыгарылышы жөнүндөгү кабарды (каттоону жүргүзгөн орган, мамлекеттик каттоо датасы жана чыгарылышка берилген мамлекеттик каттоонун номери);
- облигациялардын негизги мүнөздөмөлөрүн (чыгарылган облигациялардын жалпы көлөмүн, бир баалуу кагаздын коюлган баасын, пайыздык үстөгүн, жүгүртүүнүн мөөнөтүн, кирешелерди төлөп берүүнүн тартибин жана мезгилдүүлүгүн);
- жайгаштыруу башталган дата жана кызыкчылыктары бар адамдар проспектиде камтылган маалыматтар менен тааныша алуучу жайды.
35. Маалыматтар үчүн жооптуу деп проспектиде көрсөтүлгөн эмитенттин кызмат жана башка адамдары тарабынан проспектиге кол коюлушу керек.
Көрсөтүлгөн проспектиде берилген туура эмес, толук эмес же инвесторду адашууга алып баруучу маалыматтардын кесепетинен баалуу кагаздардын ээлерине келтирилген зыян үчүн проспектиге кол койгон адам эмитент менен бирге субсидиялуу жоопкерчилик тартат.
36. Эмитент берген документтердин негизинде облигациялардын чыгарылышын, коомдук сунуштоонун шарттарын жана проспекти бирге мамлекеттик каттоого алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
37. Облигациялардын чыгарылышын, коомдук сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
- бул Жобонун 3-тиркемесине ылайык арыз;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарты;
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген проспект;
- юридикалык жак катары эмитенттин катталгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөсү (эгерде эмитент мурда мындай документтерди бербесе);
- юридикалык жактын уставынын, муну менен кошо уставга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолордун көчүрмөлөрү (эгерде эмитент мурда мындай документтерди бербесе);
- баалуу кагаздарды коомдук сунуштоо жөнүндөгү эмитент кабыл алган чечимди ырастаган документтин көчүрмөсү;
- облигацияларды коомдук сунуштоо шарттарын жана проспекти каттоо үчүн комиссиялык жыйым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- эгерде эмитент өз ишин үч жылдан азыраак жүргүзсө, акыркы бүткөн үч финансылык жылдагы же ар бир жылдагы иши үчүн эмитенттин бухгалтердик жылдык отчетторунун көчүрмөлөрү;
- берилген бухгалтердик отчетко карата аудитордун корутундусу (аудитордун квалификациясына жана кесиптик компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет);
- облигациялардын эмиссиясынын проспектин түзгөн учурга карата аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөлөрү;
- камсыздалган облигациялар чыгарылган учурда эмитенттин милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылганын ырастаган документтер;
- облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартибинин көчүрмөсү;
- корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү.
Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мүлккө карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына чектөө коюлганы жөнүндө нотариуста ырасталган чечимдин көчүрмөсү берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 , 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомуна ылайык)
38. Үчүнчү жак тарабынан эмитентке берилген камсыздоонун чоңдугунун суммасына баалуу кагаздар чыгарылган учурда, алардын ортосунда баалуу кагаздарды чыгарууну камсыз кылуу жөнүндөгү келишим түзүлөт. Мындай учурда:
- жайгаштырылуучу облигациялардын баасы облигацияларды чыгарууну камсыз кылуу үчүн үчүнчү жак тарабынан берилген мүлктүн баасынан ашпоого тийиш;
- материалдык эмес активдер облигацияларды камсыз кылууга кызмат өтөй албайт;
- камсыз кылынган облигацияларды төлөп берүүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин аларды менчиктен ажыратууга (сатып алууга - сатууга, алмаштырууга, белекке берүүгө), үчүнчү жакка ишенимдүү башкарууга берүүгө, күрөөгө коюуга, ижарага берүүгө жол берилбейт.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик органга катталган чыгарылыштагы облигациялар боюнча милдеттенменин аткарылышын үчүнчү жактын камсыз кылгандыгын күбөлөндүргөн документтер тапшырылат. Чыгарылыштагы облигациялар боюнча милдеттенменин аткарылышы мүлктү берүү аркылуу камсыз кылынган учурда анын рыноктук баасын ырастоочу документтер, ал эми калган учурларда - облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү бекитилген чечимден мурдагы акыркы бүткөн каржылык жылдагы жана акыркы кварталдагы, чыгарылыштагы облигациялар боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылган үчүнчү жактын аудитор күбөлөндүргөн, бухгалтердик отчету Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Облигацияларды чыгарууну камсыз кылуу үчүн берилген мүлктүн нарктары боюнча чектөөлөр квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган облигацияларга колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Ушул бөлүктүн стандарттарына ылайык баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилген документтердин туура экендиги коомдун мөөрү жана алардын ыйгарым укуктуу адамынын койгон колу менен ырасталууга тийиш же болбосо бекитилген тартипте нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.
Облигацияларды коомдук сунуштоонун шарттарынын тексттери жана проспект электрондук түрдө бир магниттик алып жүрүүчү менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
40. Коомдун уставы жана/же ички документтери менен, берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына жооп берүү милдети жүктөлгөн эмитенттин кызмат адамдары жана башка адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ошол маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
41. Тандап алып текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, муну менен кошо чыгарылган баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн берилген облигациялардын эмиссиясынын проспектинде жана башка документтерде камтылган маалыматтардын чын экендигин текшерүүгө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган укуктуу.
42. Баардык документтер берилген күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбей ушул жобого ылайык облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алууга же мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган милдеттүү.
Кошумча документтерди тапшыруу учурунда мөөнөттү эсептөө кайтадан башталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
43. Чыгарылган облигацияларды мамлекеттик каттоодом өткөрүү үчүн берилген документтерге өзгөрүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө эмитент укуктуу. Документтерди кароонун жүрүшүндө облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарына жана/же проспектиге Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү талап кылууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган укуктуу.
44. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке төмөнкүлөр берилет:
- чыгарылган облигациялар катталган дата жана мамлекеттик каттоонун иреттик санын көрсөтүү менен гербдүү мөөр менен бекитилген облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарынын эки нускасын;
- чыгарылган облигациялар катталган дата жана мамлекеттик каттоонун иреттик санын көрсөтүү менен гербдүү мөөр менен бекитилген облигациялардын проспектисинин эки нускасын;
- облигацияларды төлөп берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү отчетту, облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетту берүүнүн бекитилген мөөнөтү бар облигацияларды мамлекеттик каттоо жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечимин.
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарынын жана облигациялардын проспектисинин ар бир нускасынын титулдук баракчасына облигацияларга ыйгарылган мамлекеттик каттоонун иреттик саны коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо учурунда, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул жобонун 5-тиркемесинин жоболоруна ылайык облигацияларды каттоо картасын толтурат.
46. Облигациялардын чыгарылышын, коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй негиздердин негизинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынышы мүмкүн:
- эгерде эмитенттин облигацияларды коомдук сунуш кылуусу, ошондой эле облигацияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына карама каршы келсе;
- облигациялардын чыгарылышын, коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
- документтерде жалган маалыматтардын бар экендиги билинсе;
- берилген документтер жана алардын курамында камтылган маалыматтар толук эмес болсо.
Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги 208, 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
47. Облигациялардын чыгарылышын, коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынган учурда, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө, мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбей бул тууралуу арыз ээсине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган билдириши керек.
Баш тарткан учурда берилген документтердин ар биринин бирден нускасын же алардын көчүрмөсүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган өзүнө алып калат, калган документтерди эмитентке кайтарып берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги 208 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Облигациялардын чыгарылышын, коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Коомдук сунуштоонун шарттары жана проспекти катталган облигацияларды коомдук эмиссиялоодо, облигациялар коомдук сунуштоо шарттарында жана проспектиде белгиленген мөөнөттүн ичинде коомдук сунушталышы мүмкүн.
50. Коомдук сунуштоо жөнүндөгү маалымат ачылып берилген күндөн тартып 5 жумушчу күн өткөндөн кийин коомдук сунушталган облигацияларды жайгаштырууну баштаса болот.
Облигацияларды коомдук сунуштоонун шарттары жана проспекти менен кайсы адам болбосун тааныша ала турган жерди көрсөтүү менен коомдук сунуштоо жөнүндөгү билдирүүнү жарыялоо жолу аркылуу баалуу кагаздарды коомдук сунуштоо жөнүндөгү маалыматты ачып берүү жүзөгө ашырылат.
51. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларына жана фондулук биржада баалуу кагаздарды сатуу эрежелерине ылайык коомдук сунушталган облигациялар фондулук биржаларга жайгаштырылат.
52. Облигацияларды жайгаштыруунун баасы облигациялардын проспектисинде сандар менен көрсөтүлөт, же болбосо жайгаштыруунун баасын аныктоонун тартиби аныкталат.
Көрсөткүчтөрдүн (факторлордун) өзгөрүү тартибине жараша, жайгаштыруунун баардык мөөнөтүнүн ичинде, жайгаштыруу кайсы күнгө бекитилбесин облигацияларды жайгаштыруунун баасын аныктоого облигацияларды жайгаштыруунун баасын аныктоонун тартиби мүмкүндүк берет. Эмитенттин, ортомчунун жана башка кызыкчылыктары бар адамдардын каалоолоруна жараша аталган көрсөткүчтөрдүн (факторлордун) өзгөрө бериши мүмкүн эмес.
53. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары катталганга чейин, коомдук сунуш кылынган облигацияларды сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаттарды чыгарылган облигацияларды коомдук сунуш кылууну жүзөгө ашырган эмитенттин пайдаланышына тыюу салынбайт.
54. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган облигацияларды коомдук сунуш кылууну бир айдан ашпаган мөөнөткө токтотуп кое алат жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспекти мамлекеттик каттоону төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарышы мүмкүн:
- проспекти жалган же адашууга алып келүүчү ар кандай олуттуу маалыматтарды камтыса;
- баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун жүрүшүндө баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун шарттары бузулса;
- баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун жүрүшүндө «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана жогоруда аталган Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик актыларда белгиленген талаптар бузулса.
- токтотуу мөөнөтү бүткөндө, жогоруда аталган бузуулар оңдолбогон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу ишке ашкан жок деп тааныйт жана коомго сунунш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жараксыз деп табат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
55. Облшацияларды коомдук сунуш кылуу токтотулганда коомдук сунуш кылуу токтотулган мөөнөттүн ичинде облигацияларды коомдук сунуш кылуута, ошондой эле алар менен бүтүм жасоого тыюу салынат.
56. Проспекти жана коомдук сунуштардын шарттарын мамлекеттик каттоо жокко чыгарылган учурда, облигацияларды коомдук сунуш кылууну жүзөгө ашырган жактар, облигацияларды андан ары коомдук сунуш кылууну токтотууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
57. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
58. Эмитент проспектеги өзгөртүүлөр менен толуктоолор пайда болгон же айкындалган учурдан тартып аны 5 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө каттоонун толук, жаңы маалымат берүү менен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү:
- эгерде проспектиде камтылган маалыматтарды өзгөртүү зарылдыгы жаралса;
- эгерде проспектиде ачылып көрсөтүлүүгө тийиш болгон олуттуу жаңы маалымат пайда болсо, эгерде бул маалымат баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга проспектини берген учурга чейин эле болсо;
- эгерде жалган же адашууга алып келүүчү маалыматтар проспектиде камтылса, же болбосо маалыматты ачып берүүчү олуттуу кемчиликтер проспектиде болсо.
59. Проспектиге, бул шартта жана облигациялардын аталган проспектисинде белгиленген бир облигация боюнча укуктун көлөмү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолор киргизүүгө жол берилбейт.
60. Облигациялардын проспектисине өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө эмитент чечим кабыл алган учурдан тартып, мындай өзгөртүүлөр менен толуктоолор катталганга чейин - алардын катталгандыгы жөнүндөгү маалымат ачылып берилгенге чейин облигациялар менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүүлөр токтотула турат.
61. Облигациялардын проспектисине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө эмитент чечим кабыл алган учурдан тартып 5 күндөн кечиктирбей, облигация менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүүлөр токтотула тургандыгы жөнүндө маалыматты эмитент ачып берүүгө милдеттүү.
62. Проспектеги өзгөртүүлөр менен толуктоолорду каттоону каттоочу орган өзгөртүүлөр менен толуктоолор берилген учурдан тартып 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырат.
63. Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөр катталган учурда облигациялар эмитенти төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирүүнү жарыя кылуу жолу менен проспектиге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү маалыматты ачып берүүгө. Мурда таркатылган проспектилерди каттоодон өткөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен толуктоого, же болбосо мурда таркатылган проспектилерди алмаштырууга тийиш;
- облигацияларды сатып алууга арыз берген учурда төлөнгөн каражаттарды төлөтүп ала алары жана коомдук сунушталган өзүнүн акцептерин алардын чакырып алышы мүмкүн экендиги жөнүндөгү билдирүүнү жазуу жүзүндө коомдук сунушталган облигацияларга жазылгандарга жөнөтүүгө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай укук, проспектиге киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолордон улам баалуу кагаздарга жазылуучуларга берилсе.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
64. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун каттоодон өткөн шарттарында көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтү өткөндөн кийин 30 календарлык күндөн кечиктирбей, ал эми эгерде, бул мөөнөт бүткөнгө чейин баардык облигациялар жайгаштырылса бул чыгарылыштагы акыркы баалуу кагаз жайгаштырылгандан кийинки 30 календарлык күндөн кечиктирбей чыгарылыштын жана облигацияларды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.
65. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетко эмитенттин жетекчиси, башкы бухгалтери, каттоочусу (депозитарийи) тарабынан кол коюлат, көктөлөт, эмитенттин мөөрү басылат, анын барактарынын иреттик сандары коюлат.
66. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодо жана бекитүүдө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтер берилет:
- ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык түзүлгөн, облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту каттоо арызын;
- облигацияларга акы толук төлөнгөндүгүн ырастаган документти;
- ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык түзүлгөн облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет эки нускада;
- облигацияларды кармоочулардын реестрлеринен көчүрмөнү;
- жайгашгырылган облигацияларга төлөнгөн чет өлкөлүк валютанын көлөмү жөнүндөгү маалыматты, төлөө учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бекиткен курс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы баасын көрсөтүү менен;
- сатып алган өлкөлөрдү көрсөтүү менен резидент эместердин арасында жайгаштырылган облигациянын наркын.
67. Облигацияларга төлөнгөн акыны ырастаган документтер төмөнкүлөр болуп саналат:
- облигациялар үчүн эмитенттин эсебине салымдардан төлөнгөн акча каражаттары түшкөндүгү жөнүндө банктын маалымкаты;
- акча каражаттарынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;
- банк чыгарган облигациялар боюнча «Башка милдеттенмелер жана насыялар» (өчүнчө банктык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар жана башка уюмдар) кеби боюнча көчүрмө;
- облигацияларды кармоочулардын реестринин көчүрмөсүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
чыгарылган облигациялардын жалпы санын;
жайгаштырылган облигациялардын жалпы саны;
облигацияларды кармоочулардын жалпы санын.
68. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет берилген учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо тууралуу чечимди кабыл алат, же болбосо ошол облигацияларды коомдук сунуш кылуу ишке ашпай калгандыгын тааныйт жана баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жараксыз кылат.
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет берилген учурдан тартып 10 жумушчу күн өткөндөн кийин, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ошол облигацияларды коомдук сунуш кылуу ишке ашпай калды деп таанууга укугу жок.
Коомго сунунш кылуу шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жараксыз кылуу бул баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоосунун номерин жараксыз кылууга алып келет.
Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жараксыз кылууну баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизүүжолу менен ишке ашырат.
Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жараксыз кылуу, коомго сунуш кылуу шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жараксыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
69. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет каттаган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй жолдор менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга ачып берүүгө милдеттүү:
- облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү билдирүүнү жарыялоо;
- облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту фондулук биржага жөнөтүү.
70. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет катталган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган отчет каттоо тууралуу чечимди жана кайра каттоо жөнүндө белги коюлган отчетту эмитентке берет.
71. Облигацияларды коомдук жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарында каралгандан аз сандагы баалуу кагаздар жайгашышы мүмкүн. Мындай учурда, облигацияларды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттогу маалыматтардын негизинде бул чыгарылыштагы облигациялардын саны жайгаштырылбай калган баалуу кагаздардын санына баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кыскартылат.
72. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарында каралган үлүштөр жайгаштырылбай калган учурда, ошондой эле чыгарылыштын облигацияларынын бири да жайгаштырылбаган учурда мындай чыгарылыш жарабай калды деп таанылат жана бул чыгарылышка берилген мамлекеттик каттоонун иреттик саны алынып ташталат.
73. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимди баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй негиздер боюнча кабыл алышы мумкүн:
- чыгарылган облигацияларды коомдук жайгаштыруунун жүрүшүндө эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузса;
- отчетто камтылган маалыматтардын курамы ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе;
- облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо үчүн берилген документтерге чындыкка туура келбеген маалыматтар (анык эмес маалыматтар) же болбосо жалган маалыматтар киргизилсе;
- облигациялардын проспектисинде камтылган маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө жана маалыматтарды ачып берүүнүн тартиптери жөнүндөгү билдирүүнү жарыя кылууга карата коюлган талаптарды эмитент аткарбаса;
- облигацияларды коомдук жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде жайгаштыруунун мөөнөттөрүн жана шарттарын, облигацияларды кармоочулардын укуктарынын көлөмдөрүн жана мазмунун эмитент бир тараптуу өзгөртсө;
- облигацияларды камсыз кылууга берилген башка негиздер боюнча бүтүмдөр бузулса же токтотулса, же болбосо чыгарылган облигацияларды камсыз кылууга берилген өлчөмдөр жайгаштырылган облигациялардын наркын жаба албаган чоңдукка чейин азайтылса.
74. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетту каттоодон баш тартылган учурда мындай чыгарылыш жараксыз деп таанылат жана анын мамлекеттик каттоодогу иреттик саны жокко чыгарылат.
Облигацияларды коомдук жумуш кылуунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетту каттоодон баш тарткан учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тиешелүү чечим чыгарган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, каттоодон баш тартуунун негиздерин көрсөтүү аркылуу, облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчет катталбай тургандыгы жөнүндөгү билдирүүнү эмитентке жөнөтүүгө милдеттүү.
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетту каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетто камтылган маалыматтарды алууну камсыз кылууга эмитент милдеттүү.
76. Облигацияларды жекече чыгаруунун жол-жоболору төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
- облигацияларды жөнүндөгү чечимди эмитенттин кабыл алышы;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда облигацияларды мамлекеттик каттатуу;
- облигацияларды жайгаштыруу;
- облигацияларды чыгаруу жыйынтыктары жарактуу же жараксыз деп таануу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
Жекече эмиссиялоодо облигацияларды мамлекеттик каттоо
77. Жекече чыгарылган облигацияларды мамлекеттик каттатуу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга эмитент Кыргыз Республикасынын «Баалуу кагаздар жөнүндө» мыйзамында каралган документтерди тапшырат.
Мамлекеттик каттоого алуу арызы бул Жобонун 10-тиркемесине ылайык каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
78. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого же ушул жобонун 77 пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбей каттоодон баш тартуу жөнүндөгү жүйөлүү чечимди кабыл алууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
79. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү чечим кабыл алынган учурда эмитентке облигацияларды мамлекеттик каттоо жөнүндөгү каттоо органынын чечими берилет.
80. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган, ушул жобонун 5-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн, баалуу кагаздарды каттоочу картаны толтурат.
81. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечим төмөнкүдөй негиздер боюнча баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынышы мүмкүн:
- эгерде облигацияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына каршы келсе;
- облигацияларды каттатуу үчүн берилген документтерде Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген маалыматтар камтылса;
- документтерде жалган маалыматтардын бар экендиги билинсе;
- берилген документтер жана аларда камтылган маалыматтардын курамы толук эмес болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
82. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда, мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбей, баш тартуунун себептерин көрсөтүү аркылуу, жазуу жүзүндө бул тууралуу арыз берүүчүгө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган билдириши керек.
Баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган берилген документтердин ар биринен бирден нусканы же алардын көчүрмөсүн өзүнө калтырат, калган документтерди эмитентке кайтарып берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
83. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
84. Эгерде жайгаштыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин бирден кем эмес облигациялар жайгаштырылса облигацияларды жекече чыгаруунун жыйынтыгы чыгарылды деп таанылат.
85. Облигацияларды жайгаштыруу бүткөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбей баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган билдирүүнү берүүгө эмитент милдеттүү:
1) облигацияларды жайгаштыруу башталган жана бүткөн дата;
2) жайгаштырылган облигациялардын саны;
3) облигацияларды жайгаштыруунун баасы;
4) облигацияларды жайгаштыруудан келип түшкөн каражаттардын жалпы көлөмүн анын ичинде төмөнкүлөр:
- улуттук валюта менен эеептелген акча каражаттарынын саны;
- төгүү учурундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын валютасы менен эсептелинген чет өлкөлүк валюталардын көлөмү;
- Кыргыз Республикасынын валютасы менен эсептелинген, жайгаштырылган баалуу кагаздар үчүн төлөнгөн акы катары берилген материалдык жана магериалдык эмес активдердин көлөмү.
5) коомдун көз каранды эмес реестр кармоочусу берген акционерлердин реестринен көчүрмөсү;
6) облигациялардын төлөнгөндүгүн ырастаган документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
85-1. Облигацияларды чыгарууну камсыз кылуу үчүн берилген мүлктүн нарктары боюнча чектөөлөр квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган облигацияларга колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
86. Көз каранды эмес реестр кармоочу тарабынан облигациялардын ээлеринин укуктарын эсепке алуу жүзөгө ашырылат.
Облигацияларды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана сактоо келишимин баалуу кагаздардын эмитенти көз каранды эмес реестр менен түзөт.
87. Реестрди жүргүзүү системасында реестрди кармоочунун жеке эсептериндеги жазууларды жазуу же депозитарийдеги облигациялар укуктарын эсепке алууга депозитарийдеги депо эсеби боюнча жазууларды жазуу аркылуу облигацияга болгон менчик укугу күбөлөндүрүлөт.
88. Коомдук сунуш кылынуучу облигацияларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөр, ошондой эле чыгарылган облигациялар боюнча коомдук компаниялар менен болгон келишимдер фондулук биржада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана облигацияларды фондулук биржаларда соодалоо эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
88-1. Камсыз кылынбаган облигацияларды жүгүртүүдө негизги фонддорду кайра баалоонун эсебинен кошумча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
89. Коомдук эмес компаниялар чыгарган жана жекече сунуш кылуу жолдору менен жүгүртүлүүчү баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча бүтүмдөр алардын ээлери менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык фондулук биржалардан тышкары жасалышы мүмкүн.
90. Облигациялар боюнча пайыздык үстөктөрдү төлөп берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана жолдору чыгарылган облигациялардын шарттарында аныкталат.
Облигациялар боюнча үстөк пайыздарды төлөп бергенден кийин 5 күндөн кечиктирбей (үстөк пайыздарды төлөп берүү датасы бүткөн учурга карата облигациялар боюнча үстөк пайыздарды эмитент толук эмес төлөгөн учурда, үстөк пайыздар төлөнгөн датадан кийин), ушул Жобонүн 9-тиркемесиндеги эрежелерге ылайык облигациялар боюнча кирешелердин төлөнүп берилгендиги жөнүндөгү отчетту баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берүүгө, коомдук компания болуп саналган эмитент милдеттүү.
Жүгүртүлүүдөгү облигациялардын ар бир чыгарылышы боюнча кирешелердин төлөнүп берилгендиги жөнүндөгү отчетту эмитент өзүнчө берет.
91. Облигацияларды жүгүртүү мөөнөтү бүткөндөн кийин, облигациянын номиналдуу наркын же башка мүлк эквивалентин төлөө менен облигацияларды жабууга эмитент милдеттүү.
92. Облигациялар төлөнүп берилгенден кийин (же баалуу кагаздарды төлөп берүү датасы бүткөн учурга карата баардык баалуу кагаздарды төлөп бере албаса) 5 күндөн кечиктирбей, ушул жобонун 8-тиркемесиндеги эрежелерге ылайык, облигацияларды төлөп берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.
93. Облигациялардын бир бөлүгү мөөнөтүнөн мурда төлөнүп берилген учурда, ошол облигацияларды төлөп берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана облигацияларды жүгүртүү мөөнөтү бүткөндүгү боюнча отчет берилет.
94. Акцияларга же эмитенттин башка баалуу кагаздарына алмаштырылуучу облигациялар чыгарылган учурда, облигациялар өзгөртүлүп-алмаштырылгандан кийин 5 күндүн ичинде төлөп берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту берүүгө эмитент милдеттүү.
95. Эгерде облигациялар транштар менен жайгаштырылса, анда ар бир транш боюнча облигациялардын төлөнүп берилгендиги жөнүндөгү отчетту берүүгө эмитент милдеттүү.
96. Облигацияларды чыгарууда белгиленген шарттарда көрсөтүлгөн мөөнөттө акцияларга, башка облигацияларына жана башка баалуу кагаздарына алмаштырылышы мүмкүн болгон конвертирленүүчү облигациялар аларды чыгарууда белгиленген шарттарда алмаштырылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
97. Коомдук сунуш кылынуучу конвертирленүүчү облигациялар коомдук сунуш кылынган баалуу кагаздарга гана алмаштырылышы мүмкүн.
98. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттары жана проспекти (коомдук эмиссия кылынган учурда), конвертирленүүчү облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү эмитенттин чечими чыгарылган облигацияларды эмитенттин башка баалуу кагаздарына алмаштыруунун шарттарын жана тартибин камтууга тийиш.
99. Ушул жобонун III бөлүмүндө (коомдук эмиссия кылынган учурда) же IV бөлүмдө (жекече эмиссия кылынганда) белгиленген тартипте конвертирленүүчү облигациялардын эмиссиясы жүзөгө ашырылат.
100. Облигацияларга алмаштыруу жолу менен жайгаштырылуучу баалуу кагаздардын эмиссиясы ушул жобонун III бөлүмүндө (коомдук эмиссия кылынган учурда) же IV бөлүмдө (жекече эмиссия кылынганда) белгиленген тартипте конвертирленүүчү облигациялардын эмиссиясы жүзөгө ашырылат.
Облигацияларды конвертирлөө жүзөгө ашырылган баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун шарттарында жана проспектиде (коомдук эмиссия кылынган учурда), баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндөгү эмитенттин чечиминде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- облигацияларды конвертирлөө максатында баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө;
- чыгарылган баалуу кагаздарга облигацияларды конвертирлөөнүн тартиби жана шарттар;
- конвертирлөөнүн башка шарттары.
101. Облигацияларды конвертирлөө үчүн чыгарылган баалуу кагаздарды жайгаштыруу, конвертирлөө жана конвертирленүүчү облигацияларды төлөө тартибине ылайык конвертирленүүчү облигаиияларды чыгарылуучу баалуу кагаздарга алмаштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
102. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында облигацияларды жайгаштыруунун мөөнөттөрү белгиленген чектерде, бирок облигацияларды айрым бөлүктөргө бөлүп ар кандай мөөнөттөрдө жайгаштыруу (транш менен) баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарында каралышы мүмкүн.
103. Бир чыгарылыштын чегинде транш кылынуучу облигациялардын жалпы саны, ошодой эле транш менен жайгаштырылуучу чыгарылыштагы облигациялардын жалпы саны баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун шарттарында, проспектиде (коомго эмиссия кылынган учурда) жана облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү чечимде көрсөтүлүшү керек. Бир чыгарылыштын чегинде транш кылынуучу облигацияларды жалпы саны, ошондой эле ар бир транштагы облигациялардын саны так сандар менен көрсөтүлүшү мүмкүн, же болбосо аларды аныктоонун тартиби белгиленет.
104. Ар бир траншты жайгаштыруунун мөөнөттөрү же аларды аныктоонун тартиптери облигацияларды чыгаруунун шарттарында көрсөтүлүүгө тийиш. Бир чыгарылыштагы облигациялардын чегинде облигацияларды жайгаштыруунун ар бир траншынын мөөнөттөрү ар кандай болушу мүмкүн. Облигацияларды жайгаштыруунун ар бир траншынын башталышынын жана бүтүшүнүн мөөнөттөрүн так календарлык күн менен же болбосо ошол күндөр жөнүндөгү маалыматтарды эмитенттин ачып беришинин тартибин эмитент көрсөтүшү керек.
105. Бир чыгарылыштын чектеринде ар түрдүү транштагы облигацияларды бир мезгилде жайгаштырууга жол берилбейт.
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
106. Алтын менен камсыздалган облигациялар алтын куймаларды жеткирүүнү караган алтынды камсыз кылуучу көлөм менен алардын ээлеринин алдындагы эмитенттин милдеттенмелери камсыздалган учурда гана чыгарылышы мүмкүн.
Ээлеринин алдында эмитенттин милдеттенмелерин камсыздоодо кызмат кылган алтын менен камсыз кылуунун көлөмүнө алтын менен камсыз кылынган облигациялардан тышкары, эмитенттин башка милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууга болбойт. Эмитент кудуретсиз (банкрот) деп табылганда алтын менен камсыздалган облигацияларды эмитент тарабынан тындыруу үчүн каралган алтын менен камсыздоонун көлөмү конкурстук массага киргизилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
107. Чыгарылган облигациялардын көлөмү алтын менен камсыздалган алтын куймалар түрүндө эмитент берген алтын менен камсыздоо көлөмүнөн ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
108. Алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде, ачык сунуш кылуунун шарттарында жана алтын менен камсыздалган облигациялардын эмиссияларынын проспектинде алардын ээлерине номиналдык наркынан пайыз төлөө түрүндө кошумча киреше каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
109. Алтын менен камсыздалган облигациялардын чыгарылышын, ачык сунуш кылуунун шарттарын жана эмиссиянын проспектин мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн эмитент ушул Жобонун 37-пунктунда каралган документтерден тышкары, баалуу кагаздар рыногу боюнча расмий укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
- алтындын куймасын даярдаган ишкананын сапатынын сертификаты;
- алтындын куймасы түрүндө эмитент тарабынан көрсөтүлгөн алтындын сапаты тууралуу лабораториянын эксперттик корутундусу;
- алтындын куймаларын сактоодо кызмат көрсөткөн жана алардын сакталышына кепилдик берген коммерциялык банк менен түзүлгөн эмитенттин келишиминин нотариалдык күбөлөндүргөн көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
110. Алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганда эмитент тарабынан баасы жана жайгаштыруунун баасын аныктоонун тартиби, төлөө тартиби жана түрү, кирешелерди төлөөнүн жана төлөп берүүнүн шарттары, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүнчүлүгү жана шарттары аныкталат.
Алтын менен камсыздалган облигациялардын баасы алтын фиксингинин негизинде алтын куймасында камтылган таза алтындын салмагына эквиваленттүү, бүтүм түзүлгөн күнгө чет өлкөлүк валютага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген улуттук валютада аныкталышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Алтын менен камсыздалган облигацияларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөр биринчи же экинчи рынокто түзүлгөндүгүнө карабастан фондулук биржа аркылуу жүзөгө ашырылат. Алтын менен камсыздалган облигациялар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда анын баасы алтын фиксингинин негизинде алтын куймасында камтылган таза алтындын салмагына эквиваленттүү бүтүм түзүлгөн күндөгү чет өлкөлүк валютага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген улуттук валютанын расмий курсу боюнча аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
112. Алтын менен камсыздалган облигацияларды, аларды эмитент тарабынан сатып алуу жолу менен, тындыруу каралган учурда эмитент тарабынан сатып алуу алтын менен камсыздалган облигацияларда көрсөтүлгөн салмактык түшүндүрүүгө эквиваленттүү алтын фиксингинен улам алтын куймасынын баасы боюнча ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
113. Алтын менен камсыздалган облигацияларды тындыруу алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде жана эмиссиянын проспектинде белгиленген шарттарга ылайык эмитент тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- алтын менен камсыздалган облигацияларды жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча отчет катталгандан кийин мөөнөтүнөн мурда тындырууда эмитент тарабынан сатып алуу тууралуу облигациялардын ээсинин жазуу түрүндөгү талаптары алынган учурдан баштап 14 календардык күндүн ичинде;
- алтын менен камсыздалган облигациялардын ээсине алтын куймасын менчикке берүү же аларды жүгүртүүгө белгиленген мөөнөтү бүткөндө облигациялардын номиналдык наркын төлөп берүү жолу аркылуу;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алтын менен камсыздалган облигацияларды ачык сунуштоо болбой калды деп таанылганда.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
114. Алтын менен камсыздалган облигациялардын жүгүртүү мөөнөтү бүткөндөн кийин эмитент облигациянын номиналдык наркын төлөө же сактоо кызматын көрсөтүүчү коммерциялык банк тарабынан алтын куйма түрүндөгү камсыз кылуу көлөмүн алтын куйманы берүү жолу менен тындырууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
115. Алтын менен камсыздалган облигациялардын эмитенти, эмитент тарабынан берилген алтын куймаларды сактоо боюнча кызмат көрсөтүүгө коммерциялык банк менен келишим түзүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
116. Эмитент, алтын менен камсыздалган облигацияларды тындыргандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбей баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык тындыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту тапшырууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
117. Облигациялардын бөлүгү мөөнөтүнөн мурда тындырылган учурда тындыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет ушул облигацияларды төлөө жыйынтыгы боюнча жана облигацияларды жүгүртүүнүн мөөнөтү бүткөн учурда берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
Эмиссиянын жана камсыздалган облигацияны жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
118. Камсыздалган облигацияларды чыгаруу шарты жана алардын эмиссиясынын проспекти облигацияны кармоочулардын алдында эмитенттин милдеттенмелерин жоюу үчүн күрөөлүк камсыздоо жөнүндө маалыматтарды, күрөөнү камсыздоону башкаруучунун аталышын жана күрөөлүк камсыздоону өндүрүүгө чегерүүнүн шарттарын камтышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
119. Камсыздалган облигацияларды чыгарууда алардын эмитенти камсыздалган облигацияларды кармоочулардын реестринде кармоочу катары катталган жактардын кызыкчылыгы үчүн күрөөнүн башкаруучусун дайындоого милдеттүү. Камсыздалган облигациялар боюнча күрөөнү башкаруучу болууга мыйзамдын талабына жооп берген жана депозитарийлик иш жүргүзүү укугуна же инвестициялык активдерди ишеним менен башкаруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензиясы бар жак гана укуктуу. Күрөөнү башкаруучу камсыздалган облигациянын эмитентине жана эмитенттин алдындагы милдеттенмесинин өлчөмү анын активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан жогору болгон эмитенттин кредиторлорунун кимисине болсо да аффилирленген жак боло албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
120. Эгерде камсыздалган облигация боюнча камсыздоо жана/же күрөө үчүнчү жак тарабынан коюлса, камсыздалган облигацияларды жана/же камсыздалган облигациялардын проспектин чыгаруу тууралуу чечимге мындай камсыздоо жана/же күрөө берген адам дагы кол коюшу керек, ал эми Күрөөнү башкаруучу менен мындай камсыздоо берген жактын (жактардын) ортосунда камсыздалган облигациялардын ээлеринин пайдасына күрөө келишими, ошондой эле күрөөнүн предметин соттук эмес тартипте өндүрүүгө чегерүү тууралуу макулдашуу түзүлүп жана катталууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Камсыздалган облигациялардын күрөөлүк предмети болуп ушул Жобонун талаптарына ылайык баалуу кагаздар жана кыймылсыз мүлк гана эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
122. Камсыздалган облигациялар боюнча күрөөнүн предметинин түзүмү жана курамы:
1) камсыздалган облигацияларга төмөнкүдөй баалуу кагаздар күрөө болушу мүмкүн:
а) мамлекеттик баалуу кагаздар - ушул баалуу кагаздардын күрөөсү менен коштолгон камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызына чейин;
б) ачык акционердик коом таризинде түзүлгөн, лицензиялуу тоорук уюштуруучудан эң жогорку жана андан кийинки категория боюнча листингден өткөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин жөнөкөй энчилүү акциялары - камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын көлөмүнүн 40 пайызынан көп эмес. Бул учурда мындай акциялардын күрөөлүк баасы көз карандысыз баалоочу экспертизага ылайык баа берилген наркынын 80 пайызынан ашпашы керек;
2) камсыздалган облигациялар төмөнкүдөй кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен камсыздалышы мүмкүн:
а) айыл чарбасына арналгандан башка жерлер;
б) юридикалык жактарга таандык кыймылсыз мүлктөр.
Бул учурда мындай күрөөгө коюлган мүлктүн наркы көз карандысыз баалоочу экспертизага ылайык, анын баа берилген наркынын 70 пайызынан ашпашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
123. Камсыздалган облигациялардын камсыздоо предмети жана/же күрөөсү болуп эсептелген мүлк боюнча камсыздалган облигациялардын чыгарылышын каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга документтерди тапшырууга чейин бир айдан кем эмес мурда көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
124. Камсыздалган облигациялардын ээсинин ушул облигациялар боюнча күрөөнүн предмети болгон мүлккө укугунун өлчөмү, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү мамлекеттик же муниципалдык керектөөгө алган (сатып алган), реквизициялаган же улутташтырган учурда анын ордун толтуруунун өлчөмү ушул камсыздалган облигацияларды кармоочулардын реестринин маалыматынын негизинде карыздын суммасында пропорциялуу аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
125. Эгерде күрөөнүн предмети кыймылсыз мүлк болсо, баалуу кагаздарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга документтерди бергенге чейин камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттары кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
126. Эгерде күрөөнүн предмети баалуу кагаздар болсо, камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттары тийиштүү көз каранды эмес реестр кармоочуда же депозитарийде катталууга тийиш, ал жерде күрөөнүн предмети болгон баалуу кагаздар баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга документтерди бергенге чейин депонирленүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
127. Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын күрөө менен камсыздаганга чейин камсыздалган облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
128. Күрөөнү башкаруучу төмөнкүдөй тартипте алмаштырылат:
- эмитент камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шартына жана проспектисине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
- камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шартына жана проспектисине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо үчүн документтер кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет;
- эмитент 3 жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан ал күрөөнү башкаруучуну алмаштыруу тууралуу маселенин карай башталганы жөнүндө маалымкатты алат;
- эмитент кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан күрөөнү башкаруучуну алмаштырууга байланыштуу керектүү жол-жоболордон өтөт;
- эмитент камсыздалган эмиссияны чыгаруунун шарттарын жана проспектисин алар кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органда катталгандыгы тууралуу белгиси менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 жумуш күндүн ичинде тиешелүү реестрлерге өзгөртүүлөрдү киргизет, андан кийин күрөөнү башкаруучу алмаштырылганына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, катталган эмиссияны чыгаруунун шарттарын жана проспектисин эмитентке берет;
- камсыздалган облигациялардын эмитенти жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жарыялоо жолу менен камсыздалган облигациялардын ээлерине күрөөнү башкаруучу алмаштырылганы жөнүндө 5 жумуш күндөн кечиктирбей маалымдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
129. Күрөө менен камсыздалган облигациялардын эмитенти ал облигациялардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган учурда алар күрөөнү башкаруучуга кат жүзүндө кайрылууга укуктуу, күрөөнү башкаруучу 5 жумуш күндөн кечиктирбей төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:
- камсыздалган облигациялардын эмитентине эмитенттин милдеттенмени аткаруусу боюнча учурдагы кырдаалды түшүндүрүү талабы менен кат жүзүндө кайрылат жана эгерде мындай милдеттенмени аткаруу мөөнөтү кечигип жаткан болсо эмитентке мындай кечигүүнү 10 жумуш күндөн кечиктирбей жоюу боюнча талапты жазуу жүзүндө билдирет;
- эгерде күрөөнү башкаруучу 3 жумуш күндүн ичинде эмитенттен учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө коюлган талапка жооп албаса же камсыздалган облигациялар боюнча мөөнөтү кечигип жаткан карызды 10 жумуш күндүн ичинде жоюу тууралуу талап коюлган эмитент аны аткарбаса, күрөөнүн предметин өндүрүүгө чегерүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган аракеттерди баштайт.
Күрөөнү башкаруучу камсыздалган облигациялардын эмитенти алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмесин аткарышы боюнча кырдаалды көзөмөлдөп жана ал милдеттенмелер толук же айрым бөлүгү аткарылбаган датадан баштап 30 календардык күндөн ашпаган күн өткөндө камсыздалган облигациялардын ээлери болбосо ушул пунктта көрсөтүлгөн чараларды көрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
130. Эмиссиянын проспектисинде жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде облигацияларды камсыздоого жана алардын чыгарылышына күрөөгө коюлган мүлктүн наркы, ошондой эле банктын кепилдиги тууралуу маалыматтар айтылышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын камсыздоого банктык кепилдик берген жактын аяктаган акыркы 3 финансылык жыл үчүн берген финансылык отчетунун көз карандысыз аудитор тарабынан ырасталган корутундусу камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимдин жана/же камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын проспектинин ажырагыс бөлүгү болот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
132. Эмиссиянын проспектинде жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалымат, күрөө берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктөн камсыздалган облигациялардын ээлеринин пайдасына баш тартуусу тууралуу шарттар милдеттүү түрдө айтылууга тийиш. Эмиссиянын проспекти жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимге күрөөнү башкаруучунун колу коюлууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
133. Эмиссиянын проспектинде жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде камсыздалган облигацияларды мөөнөтүнөн мурда жоюунун шарттары милдеттүү түрдө айтылууга тийиш. Камсыздалган облигациялардын чыгарылышы эмиссиянын проспектинде жана/же чыгаруу жөнүндө чечимде каралган учурларда, же баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен эмитент мажбурлап жоюлган учурда белгиленген тартипте жоюлат.
Камсыздалган облигациялар боюнча күрөөнүн токтотулушу үчүн негиз болуп алар боюнча бардык милдеттенмелерди эмитенттин толук аткарышы эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 554 токтомунун редакциясына ылайык)
1-тиркеме
Катталды "__"_______ 201_-ж.
Мамлекеттик каттоо номери КG ______________________ (каттоочу органдын аталышы)
(ыйгарым укуктуу адамдын койгон колу) (каттоочу органдын мөөрү)
Титулдук баракчанын формасы
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттары
Эмитенттин толук аталышы: _____________________
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарын бекиткен эмитенттин органы __________________
Бекитүү датасы _________________________ (күнү, айы, жылы)
Эмитенттин жайгашкан жери: _____________
Байланышуу телефондору: _______________
Коомдун жетекчисинин кызматынын аталышы________________________ (Аты-жөнү, койгон колу)
(мөөр)
Дата "__"_______ 201_-ж.
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарына киргизилүүчү маалыматтар
1. Баалуу кагаздардын түрү (облигациялар), чыгарылган облигацияларды идентификациялык белгилери (сериялары, пайыздык, дисконттук д.у.с. идентификациялык белгилер).
Эгерде облигациялардын чыгарылышы транш менен жайгаштырылганы жатса, анда бул жагдай көрсөтүлөт.
2. Облигациянын номиналдуу наркы.
3. Чыгарылган облигациялардын саны.
Эгерде облигациялардын чыгарылышы транш менен жайгаштырылганы жатса, анда траншка чыгарылгандардын саны (санды аныктоонун тартиби), ар бир транштагы облигациялардын саны (санды аныктоонун тартиби) көрсөтүлөт.
4. Чыгарылган облигациялардын ар биринин ээлеринин укуктары.
Мында каралган мөөнөттө облигацияны номиналдык наркында же болбосо башка мүлктөрдүн эквивалентинде алуу боюнча, ошондой эле облигациянын номиналдуу наркынан алынуучу анда бекитилген пайызды эмитенттен алуучу облигациялардын ээлеринин укуктары жана башка мүлктүк укуктары көрсөтүлөт. Облигациялар ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуулугу көрсөтүлөт.
5. Облигацияларды жайгаштыруунун мөөнөтү жана тартиби:
Чыгарылган облигацияларды жайгаштыруунун тартиби көрсөтүлөт.
Облигацияларды жайгаштыруу башталган дата жана бүткөн дата көрсөтүлөт.
Эгерде чыгарылган облигациялар транш менен жайгаштырыла турган болсо, анда ар бир траншка облигацияларды жайгаштыруунун мөөнөттөрү кошумча көрсөтүлөт.
Эгерде облигациялар андеррайтер аркылуу жайгаштырыла турган болсо, анда анын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, жайгашкан жери, жана почто дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, баалуу кагаздар рыногуна адистешкен катышуучуга лицензия берген орган жана лицензия берилген дата, анын аракеттенүү мөөнөтү.
6. Бир облигацияны жайгаштыруунун баасы же ал бааны аныктоонун тартиби.
Эгерде чыгарылган облигациялар транш менен жайгаштырыла турган болсо, анда ар бир транштын облигацияларын жайгаштыруунун баасы, бааларды аныктоонун тартиптери кошумча көрсөтүлөт.
7. Облигацияларды төлөп берүүнүн шарттары жана тартиптери.
Облигацияларды төлөп берүүнүн шарттары жана тартиптери, муну менен кошо төлөп туруунун мезгилдери, эсептешүүлөрдүн түрлөрү көрсөтүлөт.
8. Облигациялар жараксыз деп таанылган учурда чыгарылган облигацияларга төлөнүп берилген каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиптери.
9. Облигациялар боюнча төлөмдөрдү төлөөнүн жана кирешелерди төлөп берүүнүн шарттары:
1) Облигацияларды төлөп берүүнүн түрү.
2) Облигациялар боюнча төлөмдөрдү төлөөнүн тартиптери жана шарттары, төлөмдөрдү төлөөнүн мөөнөттөрү.
3) Ар бир облигация боюнча төлөнүп берилүүчү кирешелерди аныктоонун тартиби. Кирешелердин өлчөмдөрү же аны аныктоонун тартиптери, муну менен кошо ар бир купон боюнча төлөнүп берилүүчү кирешелердин өлчөмү же аны аныктоонун тартиптери көрсөтүлөт.
4) Облигациялар боюнча кирешелерди төлөп берүүнүн, тартиптери жана мөөнөттөрү, муну менен кошо ар бир купон боюнча кирешелерди төлөп берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиптери.
Облигациялар боюнча кирешелер төлөнүп берилүүчү жер көрсөтүлөт.
5) Облигацияларды мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары, ошону менен бирге: мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүнүн баасы (наркы), тез төлөнүп берилүүчү облигация катары эртерээк талап кылынбай турган мөөнөт, ошондой эле тез төлөп берүү жөнүндөгү маалыматтарды эмитенттин ачып беришинин тартиби.
10. Облигацияларды сатып алуу жөнүндө маалыматтар.
Облигацияларды эмитенттин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү, шарттары жана тартиптери, сатылып алынган облигацияларды жүгүртүүгө чыгаруунун мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле облигацияларды сатып алуу жөнүндөгү маалыматтарды эмитенттин ачып беришинин тартиптери көрсөтүлөт.
11. Облигацияларды сатып алуу жөнүндөгү маалыматтарды эмитенттин ачып беришинин тартиптери.
12. Чыгарылган облигациялар боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу жөнүндөгү маалыматтар.
Камсыздоолорду берүүнүн ыкмалары, камсыздоону берген жактын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, жайгашкан жери, почтолук дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, камсыз кылуунун шарттары көрсөтүлөт.
13. Эмитенттин милдеттенмелери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды жүзөгө ашыруунун тартиптерин сактоо учурунда облигациялардын ээлеринин укуктарын камсыз кылуу.
14. Облигациялардын жүгүртүлүшүнө чек коюу.
Облигациялардын жүгүртүлүшүнө коюлган ар кандай чек коюулар көрсөтүлөт.
Облигацияларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары көрсөтүлөт.
Облигациялар сатылуучу негизги орун (орундар) көрсөтүлөт.
15. Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун башка шарттары.
2-тиркеме
(Облигациянын проспектисинин титулдук баракчасынын формасы)
Катталды "__"_______ 201_-ж.
Мамлекеттик каттоо номери: __________________ (каттоочу органдын аталышы)
(ыйгарым укуктуу адамдын койгон колу)
М.О.
ПРОСПЕКТ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
________________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
_______________
(эмитенттин жайгашкан жери, байланышуу телефондору)
"__"_______ 201_-ж.
Ушул проспектиде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылып берилиши керек.
Облигациялардын ушул проспектисинде камтылган маалыматтардын чын экендигине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жооп бербейт жана каттоо фактысы менен жайгаштырылуучу облигацияларга карата мамилесин билдирбейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, берилген баардык маалыматтарга карата болгон жоопкерчиликти эмитент өзү тартат.
Эмитенттин облигацияларына каражат салуу жөнүндө чечимди кабыл алууда, бул баалуу кагаздарга ээлик кылуу менен байланышкан жагымдуулугу жана коркунучтуулугу жөнүндөгү өзүңүздүн көз карашыңызга таянышыңыз керек.
Проспект төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1. Проспект түзүлгөн дата.
2. Эмитент жөнүндөгү жалпы маалыматтар
Эмитенттин фирмалык толук аталышы.
Кыскартылган аталышы.
Эмитенттин аталышындагы жана уюштуруучулук-укуктук түрүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар.
Эгерде эмитенттин түзүлүп жашап келаткан мезгилдин ичинде анын фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук түрү алмаштырылса, анда анын мурдагы баардык толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары, уюштуруучулук-укуктук түрлөрү, ошондой эле өзгөртүү киргизилген дата көрсөтүлөт.
Эмитенттин мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү маалыматтар.
Катталган номери, мамлекеттик каттоодон өткөн күн (эмитенттин мамлекеттик каттоого алынгандыгын ырастоочу башка документ), ошондой эле аны мамлекеттик каттоого алган органдын аталышы көрсөтүлөт.
Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору.
Эмитенттин эсептешүү жана башка эсептери ачылган кредиттик уюмдардын аталышы.
Эмитенттин өзүнүн капиталы жана катышуучулар (уюштуруучулар) жөнүндө маалыматтар.
Эмитенттин түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн тарыхы.
(Эмитенттин түзүлүшүнүн жана ишинин кыскача тарыхы баяндалат. Эмитентти түзүүнүн максаты көрсөтүлөт).
Эмитенттин чарбалык ишинин негизги түрү.
(Эмитент иш тармагындагы жалпы тенденциялар, анын ичинде эмитент үчүн маанилүү жагдайлар кыскача баяндалат. Эмитенттин тармактагы ишин чагылдырып көрсөткөн салыштырма маалыматтар берилет. Тармактагы окуялардын келечектеги өнүгүшүнө карата жоромолдор берилет).
Эмитенттин өнөр жайлык, банктык жана каржылык топторго, башка бирикмелерге катышуусу, ошондой эле эмитенттин туунду жана көз каранды чарбалык коомдор жөнүндө.
3. Эмитенттин кызмат адамдары жөнүндөгү маалыматтар
Эмитенттин башкаруу органдарынын түзүлүшү жана компетенциясы жөнүндө маалыматтар.
Эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруучу уюмдар жөнүндөгү маалыматтар, эмитенттин башкаруу органына кирген аламдардын, акциялардын ири пакетинин ээлеринин жана акционерлердин, акциялардын көзөмөлдүк пакетинин ээлеринин ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү.
Эмитенттин кызмат адамдарына жана анын туунду жана көз каранды коомдоруна таандык акциялардын саны (үлүштөр).
Эмитенттин башкаруу органдарынын түзүлүштөрүнүн жана алардын эмитенттин уставына (уюштуруучулук документтерине) ылайык аткаруучу компетенцияларынын толук баяндамасы келтирилет.
4. Эмитенттин акционерлери (катышуучулары) жөнүндө маалыматтар
Акциялардын ири пакеттеринин ээлери жана акциялардын көзөмөлдүк пакеттерине ээлик кылган акционерлер жөнүндө маалыматтар.
Эмитенттин кызмат адамдарынын, акциялардын ири пакетинин ээлеринин, алардын аффилирленген адамынын кызыкчылыктары бар акыркы 3 каржылык жылдагы же бүткөн ар бир каржылык жылдагы, ошондой эле баалуу кагаздардын проспектисин түзгөн күнгө чейинки мезгилдерде эмитент жасаган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар.
5. Эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар
Ушул мезгилге карата эмитент чыгарган баардык баалуу кагаздар.
Коомдук сунуш кылынган баалуу кагаздардын түрлөрү.
Баалуу кагаздардын номиналдуу наркы.
Коомдук сунуш кылынуучу баалуу кагаздардын саны.
Бул коомдук сунуш кылуунун алкагында сатыла турган баалуу кагаздардын жана коомдук сунуш кылуу ишке ашты деп таануу үчүн эмитентке керектүү баалуу кагаздардын эң аз саны.
Коомдук сунуш кылуудагы баалуу кагаздардын баасы (бааларды аныктоонун тартиптери).
Баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуунун шарттары жана мөөнөттөрү.
Баалуу кагаздарды чыгарууга же болбосо жайгаштырууга карата берилген көрсөтмөлөр.
Коомдук сунуш кылынган баалуу кагаздар жөнүндөгү маалыматтарды ачып берүүнүн тартиби.
Баалуу кагаздарды төлөөнүн жана баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алуунун ыкмалары, баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн мөөнөтү жана жабуунун тартиби.
Баалуу кагаздарды алмаштыруунун тартиби (алмаштырылышы мүмкүн болгон баалуу кагаздар чыгарылган учурда).
Ачык жайгаштырылып жаткан баалуу кагаздарды сатып алууга карата болгон артыкчылыктуу укуктар, жайгаштырылып жаткан баалуу кагаздарды сатып алууга жана жайгаштырууга карата коюлган чектөөлөр.
Баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылууну уюштурууга жардам берген адамдар жөнүндөгү маалыматтар.
Баалуу кагаздар сатыла турган фондулук биржа жөнүндөгү маалыматтар.
Фондулук биржанын листингине киргизүү жөнүндөгү көрсөтмөлөр.
Эмитенттин баалуу кагаздарды сатып алышына байланышкан кооптуулуктар (эмитенттин облигацияларынын ээлери кириптер боло турган экономикалык, экологиялык, техникалык кооптуулуктарга кеңири талдоолор берилиши керек).
Эмитент кошумча экспертти (эксперттик уюмду), аудитордон башкасын тарткан учурда, проспектиде камтылууга тийиш болгон жана/же проспектиде шилтемдер бериле турган эксперттин (эксперттик уюмдун) бүтүмү.
Баалуу кагаздарды коомдук сунуш кылуу жарабай калды деп таанылган учурда баалуу кагаздарды төлөп берүүгө алынган каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиби.
Чыгарылган облигацияларды камсыз кылуу жөнүндөгү маалыматтар.
(Камсыз кылуунун жолу, фирманын толук жана кыскартылган аталышы, камсыздоону берген салык төлөөчү жактын жекече номери, камсыз кылуунун шарттары көрсөтүлөт).
6. Финансылык отчет жана башка маалыматтар
Эгерде эмитент өз ишин үч жылдан азыраак жүргүзсө, акыркы бүткөн үч финансылык жылдагы же ар бир жылдагы иши үчүн эмитенттин бухгалтердик жылдык отчетторунун көчүрмөлөрү, ошол бухгалтердик отчетко карата аудитордун корутундусу.
Проспектти түзгөн учурга карата акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчету.
Эмитенттин учурдагы карыздары жана кредиттери жөнүндө маалыматтар (милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүнө жараша эмитенттин кредитордук, дебитордук карыздарынын структурасы ачылат. Мөөнөтү кечиктирилген кредитордук карызы бар болсо анын негизги шарттары (проценттик ставка, айыптык санкциялар, үстөктөр) жана болжолдонгон төлөө мөөнөттөрү көрсөтүлөт).
Эгер эмитент өз ишин үч жылдан азыраак жүргүзсө, акыркы бүткөн үч финансылык жылдагы же ар бир бүткөн финансылык жылдагы болгон орчундуу фактылар жөнүндө маалыматтар.
Баалуу кагаздарды пландалып жаткан жайгаштыруунун натыйжасында алынуучу каражаттарды пайдалануунун тартиби жана багыты.
Көз каранды эмес аудитор жөнүндө маалымат.
Эмитент өндүрүүчү же керектөөчү товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы наркынын 5 жана андан ашуун пайызын керектөөчүлөр жана аларды (жумуштарды, кызматтарды) аткаруучулар жөнүндө.
Активдердин жалпы көлөмүнүн 10 пайызынан аз эмести түзгөн эмитенттин активдеринин көлөмү жана баяндамасы, анын ичинде: эмитенттин ишенимдүү башкарууга берилген активдери жөнүндө, ошондой эле эмитенттин милдеттенмелерин камсыздандыруучу болуп саналган активдери жөнүндө, бааланган суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир активди баалаган күндү жана тиешелүү келишимдердин колдонулушу бүткөн датаны көрсөтүү менен; эмитенттин активдеринин баланстык наркынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн дебитордук карызы, аларды жоюу мөөнөтү жөнүндө, дебиторлордун тизмесин көрсөтүү менен.
Эмитенттин милдеттенмелеринин баланстык наркынын 5 жана андан ашуун пайызын түзгөн кредитордук карыздары, аларды жабуунун мөөнөттөрү жөнүндө, кредиторлордун тизмесин, анын ичинде эмитент чыгарган баалуу кагаздар боюнча кирешелерди төлөөдөгү карыздардын суммасын көрсөтүү менен.
Эмитенттин аффилирленген жактары жөнүндө, кызмат адамдарынан жана акционерлерден башкасын.
Облигациялык зайымдын максаты жөнүндө. Мында проспектиде жүгүртүлүүчү каражаттарды толтурууну арналган максаты катары көрсөтүүгө жол берилбейт.
Камсыздандырылган облигациялар чыгарылган учурда ушул чыгарылыштагы облигациялардын камсыз кылынышы жөнүндө.
Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө.
Салык төлөөчүнүн толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, почталык дареги, идентификациялык номери, телефону/факсы, лицензиясы жөнүндө маалыматтар (лицензиянын номери, берилген күнү, берген орган, жарактуулук мөөнөтү) көрсөтүлөт. Акыркы аудитордук текшерүү болгон дата.
Облигацияларды жүгүртүүдөгү чектөөлөр.
Жайгаштырылуучу облигацияларды жүгүртүүдөгү баардык чектөөлөр көрсөтүлөт.
Облигацияларды чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары.
Облигациялар сатылуучу негизги орун (орундар).
Жетекчи: | _______________________________________ | ___________________ |
| (кызматы, аты-жөнү) | (колу) |
Дата: 201__-жылдын "__" _______________
М.О.
Башкы бухгалтер: | _______________________________________ | ___________________ |
| (кызматы, аты-жөнү) | (колу) |
3-тиркеме
Каттоочу органдын аталышы _____________________
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү АРЫЗЫ
_________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алууну өтүнүп сурайт ________
(облигациянын номиналдуу наркы, саны, түрү, эмиссиянын көлөмү,
____________
төлөп берүүнүн мөөнөтү жана облигацияларды жайгаштыруунун
____________
ыкмалары көрсөтүлөт)
____________ (чыгарылган облигацияларды транш менен жайгаштырган учурда ушул жагдай көрсөтүлөт)
ылайык жайгаштырылды ________________ (облигацияларды чыгаруу жөнүндөгү
____________
тиешелүү чечим, эмитенттин аны бекиткен ыйгарым укуктуу органы,
____________
дата жана номери көрсөтүлөт)
Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги, байланышуу телефондору ____________
Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы _______________________ (Аты-жөнү, койгон колу)
Датасы "__"_______ 201_-ж.
М.О.
4-тиркеме
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн берилүүчү ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ
___________ (каттоочу органдын аталышы)
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун шарттарын жана проспекти мамлекеттик каттоо үчүн
___________ (Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо)
___________
(эмитенттин фирмалык толук аталышы)
___________
(эмитент жайгашкан жер)
___________
(байланышуу телефондору)
Берилүүчү документтердин тизмеси:
Жыйынтыгы: ___________
Жетекчинин кызматынын аталышы _____________________ (Аты-жөнү, койгон колу)
Эмитенттин жооптуу кызматкери (ишеним кат боюнча) ________________ (Аты-жөнү, койгон колу)
Датасы "__"______ 201_-ж.
М.О.
Документтерди кабыл алган баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкери __________________ (Аты-жөнү)
Датасы "__"______ 201_-ж.
5-тиркеме
Облигацияларды чыгарууну каттоочу КАРТА
Эмитенттин аталышы: _________________________ (толук аталышы, кыскартылган аталышы)
Эмитенттин уюштуруучулук-укуктук түрү: ___________
Дареги: ____________________________
Ишинин негизги түрү: ________________
Телефону ________________________ Телетайпы _______________________
Телефаксы _______________________ Телекси _________________________
Юридикалык жактын катталган номери ________________________________
Катталган (кайра катталган) датасы ________________________________
Юридикалык жакты каттоого алган орган _____________________________
Эмитентти уюштуруучулар _____________________________
Толук аталышы | Индекси, дареги | Акциялардын саны | Уставдык капиталдагы үлүшү % м-н |
Уставдык капитал, сом ____________________________________________
Өздүк капитал, сом _______________________________________________
Чыгарылган облигациялардын өздүк наркы, сом ______________________
Облигациялардын нускасы, х сом ___________________________________
Облигациялар боюнча пайыздык киреше: _____________________________
Мезгилдүүлүгү: ___________________________________________________
Жазылууга дайындалган облигациялардын баасы, сом _________________
Облигацияларды жайгаштыруу башталган күн _________________________
Облигацияларды жайгаштыруу башталган күн _________________________
Облигацияларды жүгүртүүнүн мөөнөтү _______________________________
Чыгарылган облигацияларды мамлекеттик каттоого алуу ______________ (каттаган органдын аталышы)
Мамлекеттик катталуу номери КG ________________ "__"_____ 201_-ж.
Ушул чыгарылыштагы облигацияларды каттаган кызмат адамынын койгон колу.
Каттаган органдын мөөрү.
6-тиркеме
Каттоочу органдын аталышы
Облигацияларды коомдук сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту каттоо АРЫЗЫ
_______________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
коомдук сунушталган облигациялардын жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту каттоого алууну өтүнөт: _______________ (облигациянын түрү, саны, өздүк наркы,
__________________
эмиссиянын көлөмү жана облигацияларды
__________________
жайгаштыруунун ыкмалары көрсөтүлөт;
__________________
облигацияларды транш менен жайгаштырган учурда
__________________
ушул жагдай көрсөтүлөт)
Катталды __________________ (чыгарылган облигацияларды мамлекеттик каттоого алган
__________________
дата жана мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт)
Жайгаштырылды __________________ (эмиссиянын иш жүзүндө төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт)
Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору __________________
Жетекчинин кызматынын аталышы __________________ (Аты-жөнү, койгон колу)
Датасы "__"_______ 201_-ж.
М.О.
7-тиркеме
Чыгарылган облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун титулдук барагынын формасы
"__"_______ 201_-ж. катталган
_____________ (каттоочу органдын аталышы)
_____________
(ыйгарым укуктуу адамдын койгон колу) М.О.
Облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү ОТЧЕТ
______________________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
Чыгарылыштын катталган мамлекеттик номери ________________________
Чыгарылышты мамлекеттик каттоого алган дата "__"______201_-ж.
Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору ________________
Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы __________ Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги
Коомдун башкы бухгалтери __________________ Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги
Каттоочу __________________________________ Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги
Күнү "__"_______201_-ж.
М.О
Облигацияларды коомдук сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун мазмуну
1. Облигациянын түрү жана аларды жүгүртүүнүн мөөнөттөрү.
2. Жыйынтык (чыгарылыш, транш) боюнча отчет берилет.
3. Берилүүчү отчеттук чыгарылыштагы транштын саны жана транштын номери.
4. Чыгарылган облигациянын реестр кармоочусу жөнүндөгү маалымат.
5. Басма сөз органынын аталышы жана облигациянын чыгарылышы жөнүндөгү маалыматтык билдирүү жарыяланган дата.
6. Облигацияларды жайгаштыруу башталган дата.
7. Облигацияларды жайгаштыруу бүткөн дата.
8. Облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу:
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Облигациялардын саны (даана) | Номиналдуу наркы (сом) | Иш жүзүндөгү баасы (сом) |
1. Чыгарылган облигациялар (чыгарылыш, транш) (*) |
|
|
|
2. Бир облигациянын номиналдуу наркы |
|
|
|
3. Жайгаштырылган облигациялар |
|
|
|
3.1. Жазылууну жүргүзүү учурунда |
|
|
|
3.2. Юридикалык жактардын арасында |
|
|
|
3.3. Жеке жактардын арасында |
|
|
|
4. Бир облигацияны жайгаштыруунун орточо баасы |
|
|
|
5. Чет элдик инвесторлордун арасында жайгаштырылган баардык облигациялар: Анын ичинен: |
|
|
|
5.1. КМШ өлкөлөрүнө |
|
|
|
5.2. Алыскы чет өлкөлөргө |
|
|
|
6. Жайгаштырылбай калган облигациялар (чыгарылганы, транштагысы) |
|
|
|
Эскертүү:
(*) 1- жана 6-саптарда транштын же баардык чыгарылган облигациялардын жыйынтыгына жараша отчет берилет, "чыгарылыш" же "транш" деген сөздөрдүн биринин астын сызып коюу керек.
9. Облигацияларды сатып өткөрүүдөн алынган каражаттар:
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Суммасы (миң сом) |
Сатыктан келип түшкөндөрдүн жалпы көлөмү |
|
Облигациялар - баардыгы |
|
анын ичинде: |
|
акча каражаттары |
|
Чет элдик валютанын көлөмү, төгүп берүү учурундагы КРУБнын курсу боюнча сом менен |
|
10. Ошол чыгарылыштагы, транштагы облигациялардын ээлеринин жалпы саны (жалпы саны жана юридикалык жана жеке жактардын сандары бөлүнүп көрсөтүлөт).
11. Резидент эместердин арасына жайгаштырылган облигациялардын баасы, сатып алган өлкөлөрдү көрсөтүү менен.
12. Документтештирилген түрдө чыгарылган облигациялар толук жайгаштырылбай калган учурда, жайгаштырылбай калган облигациялардын бланкаларынын жок кылынышы жөнүндөгү акт кошумча түрдө түзүлөт.
8-тиркеме
Чыгарылган облигацияларды төлөп берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун титулдук баракчасынын формасы
"__"______ 201_ж. катталган
___________ (каттоочу органдын аталышы)
Коомдук сунушталган облигацияларды төлөп берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү ОТЧЕТ
____________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
Чыгарылыштын катталган мамлекеттик номери ________________________
Чыгарылышты мамлекеттик каттоого алган дата "__"______ 201_-ж.
Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору _____________
Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы _______________________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги)
Башкы бухгалтер ______________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги)
Күнү "__"________ 201_-ж.
М.О.
Коомдук сунушталган облигацияларды төлөп берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун мазмуну:
1. Облигациянын түрү жана аларды жүгүртүүнүн мөөнөттөрү.
2. Жыйынтык (чыгарылыш, транш) боюнча отчет берилет.
3. Берилүүчү отчеттук чыгарылыштагы транштын саны жана транштын номери (облигациялар транш менен жайгаштырылган учурда).
4. Чыгарылган облигациянын реестр кармоочусу жөнүндөгү маалымат.
5. Чыгарылган облигацияларды жайгаштырылышы жөнүндөгү отчет катталган дата.
6. Облигацияларды төлөп берүү башталган дата.
7. Облигацияларды төлөп берүү бүткөн дата.
8. Облигацияларды төлөп берүүнүн түрү.
9. Облигацияларды кармоочулардын эмитентке койгон доолору.
10. Облигацияларды чыгаруу учурунда бекитилген мөөнөттө облигациялар төлөнүп берилбей калган учурда төлөнүп берилбей калуунун себептери жана ошол баалуу кагаздар төлөнүп берилүүчү болжолдуу күн көрсөтүлөт.
11. Облигациялардын ээлеринин саны (жалпы саны жана юридикалык жана жеке жактардын сандары өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлөт).
9-тиркеме
А) Облигациялар боюнча кирешелерди төлөп берүү жөнүндөгү отчеттун титулдук баракчасынын формасы
"__"_______ 201_-ж. катталган
_________ (каттоочу органдын аталышы)
Коомдук сунушталган облигациялар боюнча кирешелерди төлөп берүү жөнүндөгү ОТЧЕТ
____________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
Чыгарылыштын катталган мамлекеттик номери ________________________
Чыгарылышты мамлекеттик каттоого алган дата "__"______ 201_-ж.
Эмитенттин жайгашкан жери, почтолук дареги жана байланышуу телефондору ______________
Эмитенттин жетекчисинин кызматынын аталышы _______________________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги)
Башкы бухгалтер _____________ (Койгон колу, Фамилиясы, аты, теги)
Күнү "__"________ 201_-ж.
М.О.
Облигациялар боюнча кирешелерди төлөп берүү жөнүндөгү отчеттун мазмуну:
1. Облигациялардын кирешелүүлүгү:
- пайыздык ставка;
- бир облигацияга чегерилген кирешенин суммасы (сом).
2. Пайыздардын төлөнүшү жөнүндөгү маалыматтар:
Инвесторлор | Саны (даана) | Төлөнүп берилген дата | Төлөнүп берилүүчү пайыз | Төлөндү | Төлөп берүүнүн түрү |
Юридикалык жактар |
|
|
|
|
|
Жеке жак |
|
|
|
|
|
3. Облигациялар боюнча төлөнүп бериле элек ___________ пайыздар. (саны)
4. Чегерилген, бирок төлөнүп бериле элек пайыздардын жалпы суммасы.
5. Төлөп бербөөнүн себептери жана төлөнүп берилүүчү болжолдуу дата.
10-тиркеме
______________ (каттоочу органдын аталышы)
Жекече эмиссия кылынган учурда чыгарылган облигацияларды мамлекеттик каттоого алуу АРЫЗЫ
_________ (коомдун толук фирмалык аталышы)
чыгарылган облигацияларды мамлекеттик каттоого алууну өтүнөт: _________________ (облигациялардын түрү)
Саны _____________________ даана.
Номиналдуу наркы ____________________ сом.
Эмиссиянын көлөмү _____________________ сом.
Юридикалык жактын жайгашкан жери, юридикалык жана почтолук дареги жана байланышуу телефондору ____________
Жетекчинин кызматынын аталышы __________________ (Аты-жөнү, койгон колу)