Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-майы № 270
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-октябрындагы № 711, 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомуна билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилгенине байланыштуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу, материалдык шыктандыруу жана шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускама бекитилсин.
2. 2011-жылдын 1-сентябрына чейин жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин окутуучу (педагогикалык) ишинин 2010-2011-окуу жылынын башталышына карата бөлүштүрүлгөн көлөмү сакталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер үчүн иштин салмагынын уруксат берилчү өлчөмү азайтылганына байланыштуу 2011-2012-окуу жылы башталганга чейин жалпы билим берүүчү мектептерди педагог кадрлар менен толук көлөмдө камсыздасын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом 2011-жылдын 1-майынан баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-октябрындагы № 711 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А. Атамбаев |