Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 648 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтому менен бекитилген
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 400, 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473, 2015-жылдын 11-сентябры № 628, 2015-жылдын 16-октябры № 711, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 648, 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 190, 2018-жылдын 15-майындагы № 234 , 2019-жылдын 2-майындагы № 204 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөдө колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Нускамада көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби бардык мамлекеттик билим берүү уюмдарына колдонулат.
3. Жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептер жана мектеп-интернаттар) мугалимдеринин жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн тарбиячыларынын эмгек акысынын саат боюнча өлчөмү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын педагог жана башка кызматкерлеринин ставкаларынын жана кызматтык маяналарынын өлчөмү билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери жыл сайын, 1-сентябрдагы абал боюнча ушул Нускаманын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилген формалар боюнча педагог кызматкерлердин тарифтик тизмелерин түзүшөт.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик тизмеде көрсөтүлгөн билими, педагогикалык ишинин стажы, илимий даражасы, ардактуу наамы боюнча маалыматтардын тууралыгы үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
5. Окуу жылынын ичинде билим берүү уюмунун кызматкеринин педагогикалык иш стажы, илимий даражасы жөнүндө маалыматтар өзгөргөн же илимий даража ыйгарылган, "эл" жана "эмгек сиңирген" деген ардактуу наам берилген учурда - аларга тийиштүү кошумча акы белгиленет, ал эми "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмалоочу даража берилген учурда - эмгек акысынын өлчөмү көбөйтүлөт.
Мындай учурларда эмгек акынын өлчөмү төмөнкүдөй өзгөртүлөт:
1) педагогикалык иш стажы көбөйгөндө - эгерде документтери билим берүү уюмунда болсо, тийиштүү стажга жеткен күндөн баштап, же педагогикалык иш стажы үчүн кошумча акынын өлчөмүн жогорулатууга укук берген стаж жөнүндө документ тапшырылган күндөн баштап;
2) билим алганда же билими жөнүндө документтери калыбына келтирилген учурда - тийиштүү документ тапшырылган күндөн баштап;
3) "Эл" жана "эмгек сиңирген" деген ардактуу наам, жана "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку айырмалоо даражасы берилген учурда - берилген күндөн баштап;
4) илимий даража ыйгарылганда - Улуттук аттестациялык комиссиянын илимий даражаны ыйгаруу жөнүндө чечими чыгарылган күндөн баштап.
Кызматкерде ал кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн, ошондой эле ал убактылуу эмгекке жараксыз мезгилде эмгек акысынын өлчөмүн өзгөртүү укугу пайда болсо, өлчөмү өзгөртүлгөн эмгек акысы өргүү же убактылуу эмгекке жараксыздык аяктаган күндөн баштап төлөнөт.
2. Билимин жана педагогикалык иш стажын аныктоо тартиби
1. Педагогикалык кызматкерлердин билими окуу жайын бүтүргөнү жөнүндө документтин (диплом, күбөлүк, аттестат же күбөлүк кат) негизинде аныкталат.
Билими жөнүндө документтерин жоготуп алган билим берүү кызматкерлери аларды колдонуудагы мыйзамда белгиленген тартипте калыбына келтиришсе болот.
Билим берүү уюмдары аякташы менен педагогикалык кызматкерлерге саат боюнча акынын өлчөмүн, эмгек акынын жана кызматтык маянанын өлчөмүн билиминин деңгээлине жараша белгилөөгө укук берет:
2. Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык иш стажы билим берүү уюмуна ишке кабыл алган күндөн баштап жана андан бошогон күнгө чейин жалпы календарлык күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.
Педагогикалык иш стажга мыйзамсыз иштен бошотууга жана кийин кызмат ордун калыбына келтирүүгө байланыштуу аргасыз бош жүргөн убактысы кошуп эсептелет.
Кандай себептер боюнча болсо да (мыйзамсыз иштен бошотуу учурунан тышкары) бир иштен бошоп (окуусун аяктап) башка жумушка киргенге чейинки учурдун ортосундагы иштеги үзгүлтүк мезгил иш стажына кошулбайт.
3. Педагогикалык иш стажын аныктоо үчүн негизги документ эмгек китепчеси болот.
Эмгек китепчесиндеги жазуулар менен ырасталбаган адистик боюнча иш стажы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-июлундагы № 310 токтому менен бекитилген Пенсия чектөө үчүн эмгек стажыны ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
4. Билим берүү уюмдарында үстөк акыларды төлөө үчүн педагогикалык иш стажы жыл сайын курамына уюмдун жетекчиси, профсоюз уюмунун, билим берүү башкаруучу жогору турган органдын, кадрлар бөлүмүнүн жана педагогикалык жамааттын өкүлдөрү кирген педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат.
Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
5. Педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны төлөөгө негиз болуп педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссиянын чечиминен алынган көчүрмө эсептелет. Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк акы ошол үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу пайда болгон учурдан тартып төлөнөт.
Үстөк акынын өлчөмүнө таасир тийгизе турган педагогикалык иш стажы календарлык айдын ичинде өзгөргөндө үстөк акынын жаңы өлчөмү андай өзгөрүү болгон учурдан тартып белгиленет.
Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге сакталуучу орточо эмгек акы эсептелген бардык учурларда, анын ичинде өргүүдөгү же убактылуу эмгекке жараксыз учурда да эсепке алынат.
Эгерде кызматкерде педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу ал кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн мезгилде, ошондой эле убактылуу эмгекке жараксыз мезгилде пайда болсо, үстөк акыны дайындоо аны дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып жүргүзүлөт.
Эгерде кызматкерде педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акыны дайындоо же анын өлчөмүн өзгөртүү укугу орточо эмгек акы сакталган кызматтык милдеттерди аткаруу мезгилинде пайда болсо, үстөк акы андай укук пайда болгон учурдан тартып белгиленет жана орточо эмгек акы тийиштүү түрдө кайра эсептелет.
Кызматкер иштен бошотулганда педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы иштеген мезгилине пропорциялуу эсептелет.
Билим берүү уюмунда педагогикалык ишке тартылган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын (эки ишти айкалыштырган) кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы саат боюнча эмгек акыга карата белгиленген пайыздарда төлөнөт.
(Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 400 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акынын өлчөмүн өз убагында кайра кароо үчүн жоопкерчилик билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Педагогикалык иш стажына төмөнкүлөр кошулат:
- ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык билим берүү уюмдарындагы педагогикалык, жетекчи жана усулдук иш;
- педагог кызматкерлердин ишинин төмөнкүдөй учурларында ал учурларды өзүнчө алганда да, чогуу алганда да алардан мурда же кийин да негизги жери боюнча педагогдук иште иштеген болсо:
а) билим берүүнү башкаруу органдарында жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитеттеринде, жогорку мектепте жана илимий мекемелерде; жашы жете электердин иштери боюнча комиссияларда же жашы жете электерди социалдык-укуктук жактан коргоо бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИБ) жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында, милициянын балдар бөлмөсүндө жетекчи, инспектордук, инструктордук кызмат орундарда иштеген убактысы;
б) ИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында (милициянын балдар бөлмөсүндө) иш (кызмат) мезгилин да, эгерде бул мезгилге чейин педагогикалык окуу жайда окуса, ошондой эле андан кийин түздөн-түз педагогикалык иш уланса педагогикалык иш стажына кошулат;
в) өндүрүштөн ажыратуу менен педагогикалык окуу жайда окуу мезгили;
- билим берүү мекемелеринин педагог кызматкерлеринин айрым категориялары:
а) Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик окуу жайларынын окутуучуларына, баштапкы аскердик даярдык мугалимдерине (окутуучуларына) - армияда (анын ичинде ИИБ аскеринде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскерлери менен органдарында) офицердик, сержанттык, старшиналык курамда, прапорщиктердин жана мичмандардын курамындагы кызмат орунда кызмат өтөө мезгили;
б) дене тарбия мугалимдерине жана окутуучуларына - спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу катары иштеген мезгил;
в) спорттук профилдеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттардын хореография жана ритмика мугалимдерине, көркөм өнөр мектептеринин, музыкалык жана сүрөт мектептеринин окутуучуларына - балеттин, эстрадалык-спорттук жанрдын же оркестрдин артисти, балетмейстер, хормейстер, концертмейстер, хореограф, режиссер, дирижер, сүрөтчү, маданий-агартуу мекемелеринде хореографиялык, акробаттык, музыкалык, сүрөт ийриминин жетекчиси катары иштеген мезгил;
г) билим берүү уюмдарынын атайын сабактарынын окутуучуларына жана өндүрүштүк окутуу устаттарына - ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда окуткан сабактарынын профилиндеги адистиктер боюнча иштеген мезгил;
д) ийримдердин, секциялардын жетекчилерине - ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда ийримдин профилине тийиштүү адистикте иштеген мезгил;
ж) дефектолог-мугалимдерге, логопеддерге, сурдопедагогдорго, тарбиячыларга, мугалимдерге - клиникаларда, поликлиникаларда, ооруканаларда, ошондой эле чоңдор үчүн мекемелердеги балдар бөлүмдөрүндө, палаталарда педагогикалык иште иштеген мезгил.
Мында педагогикалык стажга педагогикалык иш аткарылган айлар гана кошулат.
Ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, билим берүү уюмдарында сабак берген кызматкерлерге педагогикалык стаж, эгерде алардын окутуу ишинин көлөмү жылына кеминде 240 сааттан кем болбосо, кошуп эсептелет.
Мында алардын педагогикалык ишинин стажына алар педагогикалык иш жүргүзгөн айлар кошулат.
Директорлорго (ректорлорго) жана директордун орун басарларына (проректорлорго), директордун финансылык-чарбалык иш боюнча орун басарынан (проректорунан) башкаларына педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы негизги кызмат орду боюнча төлөнөт.
Эки ишти айкалыштыруу менен педагогикалык иш жүргүзгөн педагог кызматкерлерге үстөк акы айкалыштырган кызмат орду боюнча да төлөнөт.
Мында педагогикалык жүк үчүн үстөк акы белгилене турган негизги жана айкалыштырган кызмат орду боюнча педагогикалык жүктүн жалпы көлөмү эмгек акынын ставкасынан жана жалпы билим берүү уюмдарында жана баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдарда сабактык, даярдануу жана сабактан тышкаркы иштин 32 саатынан, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына - 30 сааттан, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына - 36 сааттан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 190 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Билим берүү уюмдарынын педагог кызматкерлерине кызматтык (тарифтик) маянасына жана ставкасына (жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына 32 саат сабактык (окутуучулук), даярдык жана сабактан тышкары иш, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына - 30 саат, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына - 36 саат үчүн) - 5 жылдык педагогикалык иш стажы үчүн он пайыз, 10 жыл үчүн - жыйырма пайыз, 15 жана ашык жыл үчүн отуз пайыз өлчөмдө үстөк акы белгиленет.
3. Билим берүү уюмдарынын жетекчи кызматкерлеринин кызматтык маяналарын аныктоо тартиби
1. Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо бюджеттик каражаттын эсебинен окуган окуучулардын (тарбиялануучулардын, балдардын, студенттердин) контингенти эске алынат.
2. Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо (тарбиялануучулардын, балдардын, студенттердин) контингенти жыл сайын төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
а) бардык типтеги жана аталыштагы мектептер, мектеп-интернаттар, баштапкы кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары боюнча - окуу жылынын башында окугандардын (тарбиялануучулардын, студенттердин) тизмедеги курамы боюнча.
Жалпы билим берүүчү мектептердин базасында 480 сааттык программа боюнча балдарды мектепке даярдаганда директордун жана директордун ушул иштерди уюштуруу жүктөлгөн окутуу, окутуу-тарбия берүү иштери боюнча орун басарынын кызматтык маянасын аныктоодо балдардын саны 0,5 коэффициент менен эсептелет.
Жалпы билим берүүчү мектептерде кечки класстардын окуучуларынын контингенти директордун жана ал класстарга жетекчилик кылуу жүктөлгөн анын орун басарынын маянасын аныктоодо 0,5 коэффициент менен, ал эми ошол мектептердеги сырттан окуу бөлүмдөрүнүн контингенти 0,4 коэффициент менен директордун гана маянасын аныктоодо эске алынат.
Окутуу күндүз жана сырттан же жалаң гана сырттан жүргүзүлгөн кечки (нөөмөттүк) жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо окуучулардын контингенти, анын ичинде сырттан окуган окугандардын контингенти адамдын саны менен (б.а. коэффициенттерди эске албастан) эсепке алынат.
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жетекчилеринин кызматтык маяналарын аныктоодо интернаттарда жашаган (анын ичинде башка мектептерде окуган) жана жашабаган тарбиялануучулардын контингенти 1,0 коэффициент менен, ал эми келип-кетүүчү окуучулардын контингенти 0,5 коэффициент менен эсепке алынат;
б) мектепке чейинки билим берүү уюмдары, балдар үйлөрү жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары боюнча тарбиялануучулардын (балдар, окуучулар) 1-январдагы тизмедеги курамы боюнча.
(КР Өкмөтүнүн2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бардык типтеги жана аталыштагы мектептердин, мектеп-интернаттардын, баштапкы кесиптик билим берүүчү, орто кесиптик билим берүүчү жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин кызматтык маяналары окуу жылынын ичинде окуучулардын (тарбиялануучулардын, студенттердин) саны өзгөргөнүнө байланыштуу, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдар үйлөрүнүн жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналары календарлык жыл ичинде тарбиялануучулардын (балдар, окуучулар) саны өзгөргөнүнө байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
Кечки (нөөмөттүк) жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилеринин кызматтык маяналары жылына эки жолу - окуу жылынын биринчи жарымынын башында жана экинчи жарымынын башында иш жүзүндөгү контингентке негизденүү менен белгиленет.
4. Директордун окуу иши боюнча орун басарынын бирден ашык кызмат орду белгиленген мектептерде алардын биринин кызматтык маянасынын өлчөмү мектептеги окуучулардын жалпы санына, ал эми экинчисиники - өзү тескеген класстардагы окуучулардын санына жараша аныкталат.
5. Балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулардын кызматтык маяналары 1 ден 11-класска чейинки окуучулардын контингентин эске алуу менен белгиленет.
Мында иштеп жаткан жаштардын класстарынын жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн окуучуларынын контингенттери эсепке алынбайт.
6. 1-мисал. Исираилова Эркеайым Бишкек шаарындагы N 69 орто мектепте класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу (0,75 ставкада) жана математика мугалими болуп иштейт.
Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 20 саатты түзөт:
- уруксат берилген жүктөм жумасына - 16 саат;
- сабакка даярдангандык үчүн - 16 саат х 2 саат : 20 саат = 1,6 саат = 2 саат;
- дептер текшергендиги үчүн 16 саат х 3 саат : 20 саат = 2,4 саат = 2 саат.
2-мисал. Прокушкин Анатолий Бишкек шаарындагы N 31-орто мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары (0,5 ставкада) жана орус тилинде окутуучу класста орус тил мугалими болуп иштейт.
Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 27 саатты түзөт:
- уруксат берилген жүктөм жумасына - 21 саат;
- сабакка даярдангандык үчүн - 21 саат х 2 саат : 20 саат = 21 саат = 2 саат;
- дептер текшергендиги үчүн - 18 саат х 4 саат : 20 саат = 4,2 саат = 4 саат.
3-мисал. Токтакунова Гүлнара Бишкек шаарындагы N 69 орто мектепте (0,25 ставкада) социалдык педагог жана химия мугалими болуп иштейт.
Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 29 саатты түзөт:
- уруксат берилген жүктөм жумасына - 25 саат;
- сабакка даярдангандык үчүн - 25 саат х 2 саат : 20 саат = 2,5 саат = 3 саат;
- дептер текшергендиги үчүн - 25 саат х 1 саат : 20 саат = 1,25 саат = 1 саат.
Жалпы билим берүүчү уюмдарда жетекчи жана 1 ставкада иштеген социалдык педагогдор үчүн уруксат берилген жүктөмдөр да ушундай эле эсептелет.
4-мисал. Нишарапов Алмаз Ат-Башы районундагы Молдалиев атындагы орто мектепте директордун орун басары жана физика мугалими болуп иштейт.
Төмөндөгүдөй эсептегенде окутуу жана даярдоо иштеринин уруксат берилген көлөмү жумасына 29 саатты түзөт:
- уруксат берилген жүктөм жумасына - 12 саат;
- сабакка даярдангандык үчүн - 12 саат х 2 саат : 20 саат = 1,2 саат = 1 саат;
- дептер текшергендиги үчүн - 12 саат х 1 саат : 20 саат = 0,6 саат =1 саат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана кошумча акысы
1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасы, "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдары бар педагог кызматкерлерге жана билим берүү уюмдарынын илимдин доктору жана кандидаты деген илимий даражасы бар кызматкерлерине үстөк акы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
2. Педагог жана башка кызматкерлерге ардактуу наамдары үчүн эки жана андан ашык негиздер боюнча үстөк акы белгилөө жана эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатуу каралган учурларда эмгек акы ар бир негиз боюнча өзүнчө жогорулатылат.
3. Айыл жана шаар жеринде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин (окутуучуларынын) жана айыл жеринде окутуу орус тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде орус тил жана адабияты мугалимдеринин (окутуучуларынын) окутуу (окутуучулук) иши үчүн саат боюнча эмгек акынын өлчөмү жалпы билим берүүчү мектептердин, кесиптик лицейлердин мугалимдеринин, окутуучуларынын тийиштүү билим деңгээли менен (окутуучулук) иши үчүн саат боюнча белгиленген эмгек акысынын өлчөмүнөн 15%га жогорулатылат.
4. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жумасына 20 сааттык окутуу (окутуучулук) иши үчүн, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына жумасына 30 саат үчүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына жумасына 36 саат жана айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарынын педагог кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкасы үчүн айына 1000 сом өлчөмдө кошумча акы белгиленет.
Эгерде мугалим (окутуучу) же тарбиячы ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө аныкталгандан көбүрөөк же азыраак окутуу (окутуучулук) ишти аткарса, анда айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы тийиштүү түрдө көбөйтүлөт же азайтылат.
1-мисал.
Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы жумасына 36 сааттык көлөмдө окутуу ишин аткарат. Бул тарбиячынын айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:
1000 сом х 36 саат : 36 саат = 1000 сом.
2-мисал.
Москва районунун Төмөн-Суу айылындагы орто мектептин мугалиминин жумасына 18 сааттык көлөмдө окутуу жүгү бар. Бул мугалимдин айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:
1000 сом х 18 саат : 20 саат = 900 сом.
3-мисал.
Военно-Антоновка балдар үйүнүн мугалиминин жумасына 36 сааттык көлөмдө окутуу жүгү бар. Бул мугалимдин айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:
1000 сом х 36 саат : 30 саат = 1200 сом.
4-мисал.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы № 5 бала бакчанын тарбиячысынын жумасына 30 сааттык көлөмдө окутуу жүгү бар. Бул мугалимдин айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:
1000 сом х 30 саат : 36 саат = 833,33 сом.
Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине (жетекчинин финансылык-чарбалык иш боюнча орун басарынан башкаларына) айыл жериндеги иши үчүн үстөк акы (1000 сом өлчөмдө) эгерде алар толук ставкада иштешсе негизги кызмат орду боюнча төлөнөт.
Мындан мурдагы сүйлөмдө көрсөтүлгөн жетекчилер толук эмес ставкада иштеген шартта аларга окутуу (окутуучулук) жумушунун иш жүзүндөгү сааттары үчүн, айыл жериндеги тарбиячынын иши үчүн үстөк акы төлөнөт, мында үстөк акынын жалпы суммасы айына 1000 сомдон ашпоого тийиш.
"Айыл жериндеги жайгашкан билим берүү уюмдары" түшүнүгүн аныктоодо "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине таянуу керек.
5. Бийлик тоолуу шартта жана алыскы жерлердеги иш үчүн, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жана "улуттук" статусу үчүн кошумча жана үстөк акылар Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Эскертүү: Бийлик тоолуу шартта жана алыскы жерлердеги иш үчүн педагогикалык кызматкерлерге үстөк акы ставка үчүн - жалпы билим берүүчү уюмдардын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн - 32 сааттык сабактык, даярдоо жана сабактан тышкаркы иш үчүн, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына - 30 саат үчүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына - 36 саат үчүн кошуп эсептелет.
6. Билим берүү уюмдарында бюджеттик каражаттардын эсебинен дем берүүчү эмгек акы фонду түзүлөт:
2011-жылдын 1-майынан тартып - кызматкерлердин эмгек акысынын жалпы фондунун 10 пайыз өлчөмүндө;
2019-жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик кесиптик лицейлерде бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуучулардын санына жана бир окуучуга каржылоонун ченемине жараша эсептелген эмгек акы төлөө фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акы төлөө фонду түзүлсүн.
- 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып 20 пайыз өлчөмүндө, мында 10 процентке чейинкиси билим берүү уюмдарынын структурасын жана тармагын, окуу пландарын жана программаларын оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулчу каражаттардын эсебинен.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөө иштин натыйжасы жана сапаты үчүн дифференциялуу өлчөмдө төлөнөт жана гарантияланган эмгек акы болуп саналбайт.
Мамлекеттик кесиптик лицейлерде дем берүүчү эмгек акы фондунан төлөөлөрдүн конкреттүү өлчөмүн белгилөө жөнүндө чечимди педагогикалык жамаат ушул Нускаманын 5-тиркемесинде аныкталган тартипте кабыл алат.
Дем берүүчү эмгек акы фондунан төлөмдөрдүн конкреттүү өлчөмүн белгилөө жөнүндө чечимди мектептин педагогикалык жамааты ушул Нускаманын 4-тиркемесинде аныкталган тартипте кабыл алат, мында бир кызматкерге төлөмдүн өлчөмүнө чек коюлбайт.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөмдөр кварталдагы иштин жыйынтыгы боюнча жылына төрт жолу берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасындагы билим берүү кызматкерлерине ишинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн базалык маянанын же сааттык жүктөмдүн нормативинин 25 проценти өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
Үстөк окуу отпускасында, амбулаториялык дарылоодо, ооруканада дарыланууда жүргөн кызматкерлерге төлөнбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 400 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категория алган жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине айына 2000, 1500 жана 1000 сом өлчөмдөгү төлөмдөр каралат.
Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категориясына төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт.
Эгерде мугалимдин (окутуучунун) жумалык сабак өтүү (окутуучулук) иши 20 сааттан көп же аз болсо анда квалификациялык категориялар боюнча төлөмдөр ошого жараша азаят же көбөйөт.
1-мисал.
Кочкор айылындагы орто мектептин мугалиминин жогорку квалификациялык категориясы бар жана жумалык өтүүчү сабактары 18 саатты түзөт. Бул мугалимдин квалификациялык категориясы үчүн кошумчасы:
2000 сом х 18 саат: 20 саат = 1900 сом.
2-мисал.
Каракол шаарындагы орто мектептин мугалиминин биринчи категориядагы квалификациясы бар жана жумалык өтүүчү сабактары 25 саатты түзөт. Бул мугалимдин квалификациялык категориясы үчүн кошумчасы:
1500 сом х 25 саат : 20 саат = 1875 сом.
Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категория үчүн төлөмдөр квалификациялык категория алган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 648 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Эмгек акыны эсептөөнүн тартиби
Билим берүү уюмунун мугалиминин эмгек акысы сабактык, даярдык жана сабактан тышкары иш жана чеберчиликти жогорулатуу боюнча иш үчүн төлөнгөн акыдан куралат.
Жалпы билим берүүчү мектептер боюнча окуу жүгүнүн жалпы көлөмү класстарды чакан топторго бөлүүнү эске алуу менен жыл сайын бекитилген окуу планынын негизинде аныкталат.
5.1. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин даярдык иштерине жумуш убактысын сарпташын ченемге салуу
Жалпы билим берүү уюмдары боюнча даярдык иштерине сааттардын жалпы саны базалык окуу планы (айрым сабактарды окууда чакан топторго бөлүүнү эсепке алуу менен) боюнча окуу жүгүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин саат боюнча эмгек акысынын наркы билим берүүгө жараша төмөнкү өлчөмдөрдө (сом менен) белгиленген:
Орто кесиптик педагогикалык билим | Жогорку педагогикалык билим | |
бакалавр, дипломдуу адис | магистр | |
60 | 67,5 | 75 |
Эскертүү: Орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин саатынын наркын аныктоодо кесиптик орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин сааттык ставкасынан 0,7 коэффициент колдонулат.
Баштапкы класстарга сабак берген мугалимдин ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билимине жараша мугалимдин бир сааттык ставкасынан 1,2 коэффициент колдонулат.
Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-методикалык комплекстер апробацияланган класстарда сабак берген мугалимдин сааттык ишинин наркын аныктоодо мугалимдин тийиштүү билимине жараша бир сааттык ставкасынан 2 коэффициент колдонулат. Бул эреже сабакка даярдануу, лабораториялык жана практикалык иштерге даярдык, жазуу жүзүндөгү жана лабораториялык иштерди текшерүүгө жайылтылат.
Мугалимдин сабакка даярдануусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сабакка даярдануу;
- лабораториялык жана практикалык иштерге даярдык;
- жазуу жүзүндөгү жана лабораториялык иштерди текшерүү;
- которулма жана жыйынтыктоочу сынактарга даярдануу жана өткөрүү;
- сабак боюнча календарлык жана окуу-тематикалык пландарды жазуу;
- кабинетти жасалгалоо жана ага башчылык кылуу.
Ар бир мугалимге жумасына 20 сааттык жүк болгондо сабактарга даярданууга 2 саат бөлүнөт.
Эгерде мугалим жумасына 20 сааттан ашык же кем сабак өтсө сабакка даярдануу убактысы ага пропорциялуу көбөйөт же азаят.
Мында физикалык көрсөткүчүнүн мааниси (сааттын саны) бүтүн бирдиктер менен көрсөтүлөт. Сааттын жарымынын жана андан ашыгынын мааниси бирдикке чейин тегеректелет, сааттын жарымынан төмөнкү мааниси алып салынат.
1-мисал.
Мугалимдин жумасына 22 сааттык окуу жүгү бар, сабактарга даярдануу убактысы мындай болот:
(22 саат / 20 саат) х 2 саат = 2,2 саат = жумасына 2 саат.
2-мисал.
Мугалимдин жумасына 8 сааттык окуу жүгү бар, сабактарга даярдануу убактысы мындай болот:
(8 саат / 20 саат) х 2 саат = 0,8 саат = жумасына 1 саат.
Мугалимдер алмаштыруу иретинде берген сабактардын сааты, даярдануу иштерине кеткен жумушчу убакыттын сааты пропорциялуу эсептелет.
Жазуу иштерди текшерүүгө жумушчу убакыттын сарпталышы мугалимдин жумасына (5-11-класстарда) 20 сааттык окутуу жүгүн эске алуу менен эсептелет. Убакыттын нормасы берилчү сабактын өзгөчөлүгүнө, класстагы окуучулардын санына жана жазуу иштерди текшерүүгө коюлган талаптарга жараша болот, аларды мугалим окуу жылдын ичинде аткарууга тийиш.
Жазуу жүзүндөгү жана лабораториялык иштерди текшерүүгө мугалимге төмөнкүдөй убакыт бөлүнөт:
- башталгыч класстарга - мугалимдин класстагы сабактык жүгүнө карабастан жумасына 4 саат, класста 15 окуучудан кем болсо, 2 саат;
- окутуу кыргыз тилиндеги класстарда кыргыз тили жана адабиятына, окутуу орус тилиндеги класстарда орус тили жана адабиятына, окутуу өзбек тилиндеги класстарда өзбек тили жана адабиятына, окутуу тажик тилиндеги класстарда тажик тили жана адабиятына - жумасына 4 саат, класста 15 окуучудан кем болсо - 2 саат;
- математикага - 3 саат, класста 15 окуучудан кем болсо - 2 саат;
- окутуу орус, өзбек жана тажик тилдериндеги класстарда кыргыз тилине, окутуу кыргыз, өзбек жана тажик тилдериндеги класстарда орус тилине, чет тилдерге - класстагы окуучулардын санына карабастан жумасына 2 саат;
- физика, химия, тарых биология, география, информатика жана технологияга - класстагы окуучулардын санына карабастан жумасына 1 саат.
Эгерде мугалим жумасына 20 сааттан ашык же кем сабак өтүү иштерин жүргүзсө, анда дептер текшергенге короткон убактысы ошого пропорциялуу азайтылат же көбөйтүлөт.
1-мисал.
Мугалим жумасына 22 саат кыргыз тилин окутат, дептер текшерүүгө убакыт: (22 : 20) х 4 саат = 4,4 саат = жумасына 4 саатты түзөт, мында 4,3 - айдагы апталардын орточо саны.
Мугалимдер алмаштыруу иретинде берген сабактардын сааты, даярдануу иштерине кеткен жумушчу убакыттын сааты пропорциялуу эсептелет.
Календарлык жана окуу-тематикалык пландарды жазуу, кабинеттерди жасалгалоо, көчүрүү жана жыйынтыктоочу сынактарга даярдануу жана өткөрүү боюнча иштер каникул учурунда жасалат, ошондуктан кошумча акы төлөнбөйт. Каникул учурунда мугалимдердин эмгек акысы сакталып турат.
Даярдык көрүү иштерине жумуш убактысынын сааттары ар бир мугалимге окуу жылынын башында мектептин директорунун буйругу менен белгиленет. Окуу жылынын ичинде мугалимдин сабактык жүгү өзгөрүлгөндө даярдык көрүү иштерине сааттардын саны кайра каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473, 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.2. Жалпы билим берүү уюмдарында мугалимдердин сабактан тышкаркы иштерге жана чеберчилигин жогорулатууга жумуш убактысын сарптоону ченемге салуу
Жалпы билим берүү уюмдарында сабактан тышкаркы иштер жана чеберчиликти жогорулатуу боюнча сааттардын жалпы саны базалык окуу планы (айрым сабактарды окууда чакан топторго бөлүүнү эсепке алуу менен) боюнча окуу жүгүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш.
Гимназияларда жана лицейлерде ийримдерди, клубдарды, студияларды, илимий коомдорду, спорттук жана башка бирикмелерди уюштуруу үчүн, ошондой эле жогорку квалификациядагы адистер менен келишимдин негизинде айрым лекцияларга, циклдерге, курстарга акы төлөө үчүн мугалимдердин кошумча бөлүнчү ставкалары жалпы билим берүүчү уюмда сабактан тышкаркы ишке жана чеберчиликти жогорулатуу боюнча ишке каралган сааттардын жалпы санынын чегинен сырткары эсепке алынат.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин сабактан тышкаркы иштерге жана чеберчиликти жогорулатууга саат боюнча эмгек акысынын наркы билимине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө (сом менен) белгиленген:
Орто кесиптик педагогикалык билим | Жогорку педагогикалык билим | |
бакалавр, дипломдуу адис | магистр | |
30 | 33,75 | 37,5 |
Эскертүү. Орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин саатынын наркын аныктоодо кесиптик орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин сааттык ставкасынан 0,7 коэффициент колдонулат.
Баштапкы класстарга сабак берген мугалимдин ишинин наркын аныктоодо тийиштүү билимине жараша мугалимдин бир сааттык ставкасынан 1,2 коэффициент колдонулат.
Мугалимдин сабактан тышкаркы иши төмөнкүлөрдү камтыйт:
- класска жетекчилик;
- насаатчылык;
- мектептик (райондук) усулдук бирикмелерге жетекчилик;
- ийримдик иш;
- башка сабактан тышкаркы иш (сабактан жетишпеген жана зээндүү балдар менен иштөө, тарбиялоо иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү).
Мектепте сабактан тышкары иштердин конкреттүү тизмесин мектептин педагогикалык кеңеши бекитет. Сабактан тышкары жүк жалпы билим берүү уюмунун директорунун буйругу менен жана окуу жылынын башында мугалимдин макулдугу менен бөлүштүрүлөт.
Мугалимдин класста окутуу ишинде жумасына 20 саатка чейин жүк берүү мүмкүн болбогондо ал кошумча түрдө сабактан тышкары иш жүргүзө алат.
Мугалимдин сабактан тышкаркы ишине жумуш убактысынын сарпталуу ченеми төмөнкүлөрдү түзөт:
а) класска жетекчилик - жумасына 4 саат;
б) насаатчылык - бир жаш мугалимге жумасына 2 саат;
в) мектептик (райондук) усулдук бирикмеге жетекчилик - жумасына 2 саат;
г) ийримдик иш - жумушка убакыт сарптоонун фактысы боюнча;
д) сабактан тышкаркы башка иш - мектептин педагогикалык кеңешинин чечимине ылайык.
Сабактан тышкаркы ишти биринчи кезекте сабактык жүгү кыйла аз мугалимдердин ортосунда бөлүштүрүү керек.
Чеберчиликти жогорулатуу боюнча иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сабакка дидактикалык жана усулдук материалдарды даярдоо;
- ачык сабакка даярдануу жана өткөрүү;
- конференцияларга, семинарларга жана усулдук кеңештерге докладдарды жана сүйлөөчү сөздөрдү даярдоо.
Жумасына кеминде 6 сааттан кем эмес педагогикалык иш жүргүзгөн ар бир мугалимге, ошондой эле жетекчи жана администрациялык-чарбалык жана окуу-көмөкчү персоналдын ичинен башка кызматкерлерге бул максаттар үчүн сабактык жүгүнө карабастан жумасына 2 саат бөлүнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720, 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 , 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.3. Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдеринин, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячыларынын жана баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын окутуучуларынын эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячыларынын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын эмгек акылары алардын сааттык ставкасынын өлчөмүн айлык иш жүзүндөгү жүгүнө көбөйтүү менен аныкталат.
Жалпы билим берүүчү уюмдун мугалиминин факт жүзүндө иштеген убактысы Жумуш убактысын эсепке алуу табелинде (ушул Нускаманын 5-тиркемеси) чагылдырылат.
1-мисал.
Шаардык мектептин 2-классынын атайын орто билимдүү жана 12 жыл педагогикалык стажы бар мугалиминде жумасына төмөнкүдөй жүк болот:
- 20 саат сабак өтүү (окутуучулук иш);
- 12 сааттык даярдык жана сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши, анын ичинде 6 саат - даярдык иштери жана 6 - саат сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши.
(20 сааттык сабактык иш х 72 сом + 6 саат даярдык иштери х 72 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 36 сом) х 4,2 жума = (1440 сом + 432 сом + 216 сом) х 4,2 жума = 8769,6 сом + 8769,6 х 20% (педагогикалык иш стажы үчүн кошумча акы) = 8769,9 сом + 1753,92 сом + 500 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 11023,52 сом.
2-мисал.
Жогорку билими жана 17 жыл педагогикалык стажы бар айылдык мектептин физика мугалиминде жумасына төмөнкүдөй жүк болот:
- 22 саат сабак өтүү (окутуучулук иш);
- 10 сааттык даярдык жана сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши, анын ичинде 6 саат - даярдык иштери жана 4 саат - сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
(22 сааттык сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 4 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1485 сом + 405 сом + 135 сом) х 4,2 жума = 8505 сом + 8505 сом х 30% + 1000 сом (айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы) х 22 саат : 20 саат = 8505 сом + 2551,5 сом + 1100 сом + 300 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 12456,5 сом
3-мисал.
Жогорку билими жана 1,5 жыл педагогикалык стажы бар шаардык мектептин химия мугалиминде жумасына төмөнкүдөй жүк болот:
- 20 саат сабак өтүү (окутуучулук иш);
- 12 сааттык даярдык жана сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши, анын ичинде 6 саат - даярдык иштери жана 6 саат сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
(20 саат сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1350 сом + 405 сом + 202,5 сом) х 4,2 жума = 8221,5 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы каралган эмес).
4-мисал.
Жогорку билими жана 5 жыл педагогикалык стажы бар айылдык мектептин тарых мугалиминде жумасына төмөнкүдөй жүк болот:
- 20 саат сабак өтүү (окутуучулук иш);
- 12 саат даярдык жана сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши, анын ичинде 6 саат - даярдык иштери жана 6 саат сабактан тышкаркы иш жана мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу иши.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
(20 саат сабактык иш х 67,5 сом + 6 саат даярдык иштери х 67,5 сом + 6 саат сабактан тышкаркы иш х 33,75 сом) х 4,2 жума = (1350 сом + 405 сом + 202,5 сом) х 4,2 жума = 8221,5 сом + 1000 сом (айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы) х 20 саат: 20 саат + 8221,5 сом х 10% (педагогикалык стаж үчүн кошумча акы ) = 8221,5 сом + 1000 сом + 822,15 сом + 2000 сом (дем берүүчү фонддон кошумча акы) = 12043,65 сом.
Реабилитациялык топтору бар башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдарда директордун, башкы бухгалтердин, директордун социалдык жактан корголбогон контингент менен иштөөчү орун басарынын кызматтык маяналары 20 адамга чейинки контингентте тийиштүү кызматкерлердин кызматтык маяналарынан 10 пайызга жогору жана контингент 20 адамдан ашык болсо - 25 пайызга жогору белгиленет.
Жазаны аткаруу мекемелериндеги башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналары жана окутуучулардын саат боюнча акысынын өлчөмдөрү башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынан жана окутуучуларынын саат боюнча эмгек акысынын өлчөмүнөн 25 пайызга жогору белгиленет.
Башталгыч кесиптик билим берүүчү уюмдардын жетекчи, педагог жана башка кызматкерлерине кызматтык маянасын жана саат боюнча эмгек акысынын өлчөмүн эки же андан ашык негиз боюнча жогорулатуу каралган учурда жогорулатуу ар бир негиз боюнча өзүнчө ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
5.4. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө тартиби
1) Педагог кызматкерлерге эмгек акынын ставкасы төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
- мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларына - жумасына 20 сааттык окутуу ишине;
- орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына - жылына 720 сааттык окутуу ишине.
Эгерде окутуучунун жумалык (жылдык) окутуу (педагогикалык) жүгү ушул пункттун жогорудагы көрсөтүлгөн абзацтар менен аныкталгандан көп же аз болсо, анда эмгек акы тийиштүү түрдө көбөйтүлөт же азайтылат.
Мисал.
Бишкек шаардык пионерлер үйүнүн жогорку билимдүү окутуучусунда 22 сааттык көлөмдөгү жумалык жүгү бар.
Педагогикалык иш үчүн бул окутуучунун айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
8250 сом х 22 саат : 20 саат = 9075 сом.
2-мисал.
Бишкек техникалык колледжинин жогорку билимдүү окутуучусунда 648 сааттык көлөмдөгү жылдык жүгү бар.
Окутуучулук иш үчүн бул окутуучунун айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
5500 сом х 648 саат : 720 = 4950 сом.
2) Кызматтык маяна төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
- жумасына 40 сааттык иш үчүн - баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында өндүрүштүк окутуу устаттарына;
- окуу жылдагы 850 сааттык окутуу иши үчүн - улук (илимий даражасы жок) окутуучуларга жана окутуучуларга (ассистенттерге); 800 саат - улук (илимий даражасы бар) окутуучуларга жана доценттерге; 750 саат - профессорлорго.
Педагогикалык кызматкерлердин арасында сабак өтүү (окутуу) жүгү окуу планы боюнча сааттардын санына, ошол окуу жайынын педагогикалык кадрлар менен камсыз болушуна жана башка шарттарга жараша бөлүштүрүлөт.
Айрым сабактар боюнча мугалимдер жетишпегенде, жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин сабак өтүү жүгү жумасына 31 саатка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Мында даярдануу жана башка иштерге жумуш убактысын сарптоону эске алганда, мугалимдин максимумдук иш жүгү жумасына 49 сааттан ашпоого тийиш.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына максимумдук иш жүгү жумасына 62 сааттан, бардык типтеги жана аталыштагы балдар үйлөрүнүн жана интернат мектептеринин тарбиячыларына - жумасына 52 сааттан, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларына - жумасына 41 сааттан, кесиптик орто билим берүү уюмдарынын окутуучуларына - окуу жылында 1240 сааттан ашпоого тийиш.
Алмашуу иретинде мугалим өткөргөн сабактын акысы мугалимдин билимине ылайык саат ставкасы боюнча төлөнөт.
Мисал.
Жогорку билими бар мугалим алмашуу иретинде 36 сааттык сабак өткөрдү. Анын эмгек акысы: 36 х 45 сом = 1620 сомду түзөт.
Сабактарды алмашуу үчүн акы төлөө 2 айдан (мугалим декреттик өргүүдө болгондо 4 айдан) ашпайт.
Жаңы окуу жылына сабактардын жүгүн бөлүштүрүү укугу мектептин кесиптик бирлик уюму менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмунун директорунда болот.
Гимназия класстарда мугалимдердин, тарбиячылардын саат боюнча эмгек акысынын өлчөмү, мектеп-гимназиялардын (интернат-гимназиялардын) жетекчилеринин жана мектеп-лицейлердин (интернат-лицейлердин), кесиптик лицейлердин мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын, өндүрүштүк окутуунун устаттарынын кызматтык маяналары билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын саатына төлөнүүчү эмгек акысынын жана жетекчилеринин, өндүрүштүк окутуу устаттарынын кызматтык маяналарынын өлчөмүнөн тийиштүү түрдө 1,15 жана 1,20 коэффициент менен төлөнөт.
Жалпы билим берүү уюмдарындагы ийримдердин жетекчилеринин жана сабактан тышкаркы дене тарбия мугалимдеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү (жумасына 20 саат сабак өтүү иш ставкасы үчүн) билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленет.
Мында аларга сабакка даярданган, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерген сааттары үчүн окутуу ишине пропорциялуу акы төлөнбөйт.
Мугалимдин окуучуларды үйүнө барып жекече окуткандыгы үчүн эмгек акы билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жумасына I-IV класстарда - 6 саат, V класста - 8 саат, VI класста - 8,5 саат, VII-X класстарда - 9 саат, XI класста - 10 саат окутуу ишин эсептөө менен төлөнөт.
Мында аларга сабакка даярданган, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерген сааттары үчүн окутуу ишине пропорциялуу акы төлөнөт.
Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясынын ийримдеринин окутуучуларынын ставкаларынын, жетекчилеринин жана айрым категориядагы кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ийримдеринин окутуучуларынын ставкаларынын, жетекчилеринин жана айрым категориядагы кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүнүн 1,8 коэффициенти менен белгиленет.
Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-тиркемелеринде аныкталган техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарынын өлчөмүнүн 1,8 коэффициенти менен белгиленет.
Билим берүү уюмдарын жана программаларды лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча ишке тартылган эксперттин сааттык эмгек акысынын өлчөмү жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүүчү уюмдардын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн деңгээлинде белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 1-тиркеме |
Жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлеринин ТАРИФТИК ТИЗМЕСИ 20___-20___-окуу жылы
Уюмдун аталышы ___________________________________________________
Жайгашкан жери ___________________________________________________
Ф.А.Ж. | Окутулуучу сабак | Билими (окуу жайдын аты) | Педагогикалык иш стажы, жыл | Сааттык ставканын өлчөмү | Жума ичинде өтүлгөн сабактардын сааты | Жума ичиндеги сабакка даярдануу сааттары | Жума ичиндеги сабактан тышкаркы ишти жана чеберчиликти жогорулатуунун сааттык саны | Педагогикалык иш үчүн эмгек акы | Айыл жеринде иштегени үчүн кошумча акы, сом сом. | Бийик тоолуу жана алыскы жерде иштеге- ни үчүн кошумча акы, сом | Башка-лар (наам, ста- тус), сом | Педагогикалык стаж үчүн кошумча акы, сом | Жал- пы бир ай- лык эмгек акы, сом | Райондук коэф- фи- циент, сом | Бир айлык эмгек акы, барды-гы, сом. | |||||||||||||
|
|
|
|
| 1-4-класстар | 5-9-класстар | 10-11-класстар | Бардыгы | Сабакка, лабора- ториялык жана практика- лык ишке даярдануу | Жазуу жана лабора- ториялык иштерди текшерүү | Башка иштер | Бардыгы | Класс жетекчилик | Насаатчылык | Ийримдик иш | Башка сабактан тышкаркы иштер | Бардыгы | Сабак өткөндүгү үчүн эмгек акы | Даярдык иштер үчүн эмгек акы | Сабактан тышкар- кы иш жана чебер-дикти жогору- латуу үчүн эмгек акы | Бардыгы: | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Билим берүү уюмунун жетекчиси
Билим берүү уюмунун жетекчисинин орун басары
|
| Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 2-тиркеме |
Билим берүү уюмунун кызматкерлеринин ТАРИФТИК ТИЗМЕСИ 20__-20__-окуу жылы
Уюмдун аталышы ___________________________________________________
Жайгашкан жери ___________________________________________________
Ф.А.Ж. | Окутулуучу сабак | Билими (окуу жайдын аты) | Педагогикалык иш стажы, жыл | Ставканын, кызматтык 1 маянанын өлчөмү | Педагогикалык сааттын саны жумада, окуу жылында | Педагогикалык иш үчүн эмгек акы, сом | Айыл жеринде иштегендик үчүн кошумча акы, сом | Бийик тоолуу жана алыскы жерде иштегени үчүн кошумча акы, сом | Башкалар (наам, статус), сом | Педагогикалык стаж үчүн кошумча акы, сом | Бардыгы: бир айдагы эмгек акы, сом | Райондук коэффициент, сом | Айлык эмгек акынын жыйынтыгы, сом |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
Билим берүү уюмунун жетекчиси
Билим берүү уюмунун жетекчисинин орун басары
|
| Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 3-тиркеме |
Иш убактысы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин педагогикалык иш стажына кошула турган билим берүүчү жана башка уюмдардын, мекемелердин жана кызмат орундардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмдары | Кызмат орундар |
Жалпы билим берүүчү мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар; мектеп аралык окуу-өндүрүштүк комбинаттар | Мугалим, педагог, мугалим-дефектолог, мугалим-логопед, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, окуу өнөрканаларынын устаты, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу, окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, улук тарбиячы, сурдопедагог, сурдокотормочу, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор, социалдык педагог |
Музыкалык жана көркөм сүрөт мектептери жана мектеп-интернаттар | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, улук тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор |
Логопеддик пункттар | Логопеддик пункттун башчысы, мугалим-логопеддер |
Балдар үйлөрү, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрү, эмгектик-тарбиялоо колониялары, балдарды кабыл алуу пункттары, жашы жете электер үчүн кабыл алып-бөлүштүргүчтөр, мектеп-колониялар (аталышына карабастан), илимий медициналык-педагогика- лык консультациялар | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы (атасы, энеси), улук тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор, окуу өнөрканаларынын устаты, режим боюнча улук нөөмөтчү, режим боюнча нөөмөтчү, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбиялоо) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, мугалим-логопед, сурдопедагог, социалдык педагог |
Бардык типтеги жана аталыштагы балдардын билим берүү уюмдары | Директор, тарбиячы, окутуучу, музыкалык жетекчи, музыкалык кызматкер, мугалим-логопед, сурдопедагог, психолог, директор, сурдокотормочу |
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары | Ийримдин же секциянын жетекчиси, аккомпаниатор, концертмейстер, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), методист, маданий уюштуруучу, бөлүм башчы |
Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары | Окутуучу, педагог, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, методист, өндүрүштүк окутуунун, окуу өнөрканаларынын устаты, сурдопедагог, сурдокотормочу, улук устат, баштапкы аскердик даярдык жана дене тарбия боюнча жетекчи, спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы |
Кесиптик орто билим берүү уюмдары | Окутуучу, тарбиячы, концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор, бөлүм башчы, дене тарбиянын жетекчиси, психолог, методист, директор жана анын орун басары (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, өндүрүштүк окутуу устаты |
Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары | Профессор-окутуучулук курам (ассистент, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор), концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор, ректор, проректор (финансы-чарбалык иштер жана маркетинг боюнча проректордон тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн башчысы, практиканын жетекчиси, методист |
Кадрларды өркүндөтүү, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу институттары, Кыргыз билим берүү академиясы, окуу-методикалык кабинеттери | Профессор-окутуучулук курам, директор (президент) жана анын орун басары (вице-президент) (администрациялык-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары). Педагогдук иш жүргүзгөн методист, окуу-методикалык кабинетинин башчысы, илимий кызматкер, окуу бөлүмүнүн, кабинеттин, лабораториянын башчысы |
Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелери: балдар үйлөрү, балдар санаторийлери | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, улук тарбиячы, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, дарылоочу дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор |
|
| Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 4-тиркеме |
Жалпы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акыны эсептөө боюнча УСУЛДУК СУНУШТАР
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-октябры № 711 токтомдун редакциясына ылайык)
Жалпы билим берүү уюмдарында (мындан ары - мектеп) бюджеттик каражатынын эсебинен эмгек акынын дем берүүчү фонду:
2011-жылдын 1-майынан баштап кызматкерлердин эмгек акысынын жалпы фондунун 10 пайыз өлчөмүндө;
- 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап - кызматкерлердин эмгек акысынын жалпы фондунун 20 пайыз өлчөмүндө түзүлөт, анын ичинде 10 проценти - жалпы билим берүүчү уюмдардын структурасын жана тармагын, окуу пландарды, программаларды оптималдаштыруунун эсебинен;
- 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып - окуучулардын санына жана бюджеттик каржылоонун стандартына жараша аны жабуунун ченемин эске алуу менен эсептелген эмгек акы фондунун чегинде түзүлсүн.
Киши башына каржылоо шартында иштеген мектептерде эмгек акынын дем берүүчү фондуна окуу пландарын, мектептердин тармактарын жана штаттарын оптималдаштыруу процессинде бошогон каражаттар да киргизилет.
Мектептердин кызматкерлерине эмгек акынын дем берүүчү фондунун эсебинен төлөмдөр кепилденген эмгек акы болуп саналбайт жана аткарылган иштин натыйжасы боюнча белгиленет жана иштин сапатына жараша болот.
Мектептердин кызматкерлерине эмгек акынын дем берүүчү фондунун өлчөмү төмөнкүдөй эки жол менен аныкталат:
- педагогикалык персонал боюнча - кепилденген эмгек акыны дем берүүчү эмгек акынын коэффициентине жана эмгектик катышуу коэффициентине көбөйтүү жолу менен;
- администрациялык-башкаруу, чарбалык жана көмөкчү персонал боюнча - дем берүүчү эмгек акынын абсолюттук өлчөмүн белгилөө жолу менен, же кызматкерлердин дем берүүчү эмгек акы фондунун чегиндеги кепилденген эмгек акысынын бирдей коэффициенти боюнча.
Дем берүүчү эмгек акынын коэффициентин эсептөө
Дем берүүчү эмгек акынын коэффициенти (мындан ары - ДЭК) дем берүүчү эмгек акы фондун кепилденген эмгек акы фондуна бөлүү жолу менен эсептелет.
мында:
ДЭК - дем берүүчү эмгек акынын коэффициенти;
ДЭАФ - дем берүүчү эмгек акы фонду;
КЭАФ - кепилденген эмгек акы фонду;
Дем берүүчү эмгек акы фонду төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 75% кем эмеси - педагогикалык персоналды күтүүгө;
- 25% ашык эмеси - администрациялык-башкаруу, чарбалык жана көмөкчү персоналды күтүүгө.
Башталгыч мектептин педагогикалык персоналынын дем берүүчү эмгек акы фонду 70% жана интернат мектептердин педагогикалык персоналынын дем берүүчү эмгек акы фонду 35%, администрациялык-башкаруучу персоналдыкы 30% ашык эмес, көмөкчү персоналдыкы 65% ашык эмес өлчөмдө бөлүштүрүлөт.
Администрациялык-башкаруу, чарбалык жана көмөкчү персоналга дем берүүчү эмгек акы фонду жетиштүү болгондо мугалимдер үчүн дем берүүчү эмгек акынын үлүшү көбөйтүлүшү мүмкүн.
Эмгектик катышуу коэффициентин эсептөө
Эмгектик катышуунун коэффициенти адегенде предметтик-усулдук же предметтик-циклдик бирикмелер (мындан ары - усулдук бирикмелер) боюнча, курамы мектептин директорунун окуу, окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынан, кесиптик бирлик комитетинин өкүлүнөн, экономисттен же бухгалтерден, усулдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн турган Мектептин эксперттик кеңеши тарабынан аныкталат.
Ар бир кызматкердин эмгектик катышуусунун коэффициенти ай сайын, усулдук бирикмелердин мугалимдеринин эмгектик паспортторун толтуруу боюнча комиссия толтурган эмгектик паспорттордогу маалыматтардын негизинде аныкталат.
Эмгектик паспортторду толтуруу боюнча комиссия предметтик-усулдук
же предметтик-циклдик бирикмелердин мүчөлөрүнүн
чогулушунда шайланат.
Предметтик-усулдук же предметтик-циклдик бирикмелердин кызматкерлери боюнча эмгектик катышуунун арифметикалык орточо өлчөмү бүткүл усулдук бирикме үчүн эксперттик кеңеш тарабынан аныкталган эмгектик катышуу коэффициентине барабар.
Эмгектик катышуу коэффициенти мугалимге карата аныкталат жана коэффициенттердин жыйындысынан турат, алардын ар бири окуу процессиндеги, мектептин сабактан тышкаркы ишиндеги жүктүн деңгээлин, окутуунун натыйжалуулугун окуучулардын билиминин сапатын, аткаруучулук тартипти чагылдырат.
ЭККны аныктоо үчүн сунуш кылынган индикаторлор:
- иштин татаалдыгы жана ургаалдуулугу;
- тарбиялык жана класстан тышкаркы иштин сапаты;
- конференцияларды, семинарларды, педагогикалык кеңештерди даярдоо жана өткөрүү;
- окуучуларды олимпиадаларга даярдоо;
- автордук программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- усулдук иш;
- кабинеттердин абалы;
- администрациялык жазалардын жоктугу;
- документтерди сапаттуу жүргүзүү;
- аткаруучулук тартип.
Мектеп мугалимдин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоонун сунушталган индикаторлорун кошумчалоого же кыскартууга укуктуу, аны Кызматкерлерге эмгек акы төлөө боюнча ички жобо менен бекитет.
Биринчи "иштин татаалдыгы жана ургаалдуулугу" индикатору боюнча ЭКК адегенде ар бир педагог боюнча, кийин усулдук бирикме боюнча класстагы окуучулардын ченемдик жана иш жүзүндөгү толушун салыштыруу менен эсептелет (1-таблица).
Предметтер жана педагогдор боюнча базалык окуу планын саат боюнча бөлүштүрүү окуу жылынын башталышына карата жүргүзүлөт жана окуучулардын санынын орчундуу өзгөрүшүнө байланыштуу туураланышы мүмкүн.
Эмгекке акы төлөө боюнча базалык жобого ылайык "иштин татаалдыгы жана ургаалдуулугу" индикатору боюнча ЭКК класстардын толуу ченеми боюнча жүктү ашыкча аткаруунун ар бир 5 пайызы үчүн 0,1 өлчөмүндө эсептелет.
Толуу ченеми биринчи жана экинчи баскыч үчүн шаардык мектептерде - 30 окуучу, айылдык мектептерде - 25 окуучу, үчүнчү баскыч үчүн шаардык мектептер үчүн - 25 окуучу жана айылдык мектептер үчүн - 20 окуучу.
|
| 1-таблица |
Окуу жылында класстарда иштин ургаалдуулук көрсөткүчүн эсептөөнүн мисалы
Усулдук бирикме жана мугалимдердин аты-жөнү | Сабактар | Класстар | Жумасына сааттар | Толуусу | ЭКК | ||
Ченемдик | Иш жүзүндө | % |
| ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 = (гр7 - 100) : 5 x 0,1 |
Орус тили жана адабияты, бардыгы, |
|
| 21 | 23,9 | 22,5 | 93,8 | 0,0 |
Иванова |
|
| 9 | 23,3 | 21,0 | 90,5 | 0,0 |
Орус тили жана адабияты | 7а | 5 | 25,0 | 26,0 | 104,0 | 0,1 | |
Орус тили жана адабияты | 11а | 4 | 20,0 | 15,0 | 75,0 | 0,0 | |
Шаяхметова |
|
| 12 | 25 | 23,1 | 92 | 0 |
Орус тили жана адабияты | 5а | 8 | 25,0 | 24,0 | 96,0 | 0,0 | |
Орус тили жана адабияты | 9б | 4 | 25,0 | 35,0 | 140,0 | 0,8 | |
Табигый-математикалык цикл, бардыгы |
|
| 19 | 22,1 | 21,6 | 97,7 | 0,0 |
Усубалиева |
|
| 10 | 25,0 | 28,0 | 112,0 | 0,2 |
Математика | 6а | 5 | 25,0 | 21,0 | 84,0 | 0,0 | |
Математика | 9б | 5 | 25,0 | 35,0 | 140,0 | 0,8 | |
Мамбеталиева |
|
| 5 | 21,1 | 18,6 | 75,5 | 0,0 |
Физика | 8а | 2 | 25,0 | 19,0 | 76,0 | 0,0 | |
Физика | 11а | 3 | 20,0 | 15,0 | 75,0 | 0,0 | |
Табигый-тарыхый цикл, бардыгы |
|
| 8 | 24,0 | 22,6 | 94,0 | 0,0 |
Ковалев | Биология | 10а | 1 | 20 | 21 | 105 | 0,1 |
Жамгырчиева |
|
| 5 | 24,4 | 27,0 | 110,6 | 0,2 |
Химия | 8а | 3 | 25,0 | 19,0 | 76,0 | 0,0 | |
Биология | 9б | 2 | 25,0 | 35,0 | 140,0 | 0,8 | |
Селезнева | Тарых | 5а | 2 | 25,0 | 24,0 | 96,0 | 0,0 |
Кыргыз тили жана адабияты, бардыгы |
|
| 16 | 24,6 | 21,7 | 108,4 | 0,1 |
анын ичинде: | Кыргыз тили жана адабияты |
| 8 | 25,0 | 27,0 | 108,0 | 0,1 |
Эсенаманова | 6а | 4 | 25,0 | 23,0 | 92,0 | 0,0 | |
6б | 4 | 25,0 | 31,0 | 124,0 | 0,5 | ||
Чет тилдер, бардыгы |
|
| 4 | 15,0 | 21,1 | 140,4 | 0,8 |
Штигель | Англис тили | 5а | 2 | 15,0 | 24,0 | 160,0 | 1,2 |
11а | 2 | 15,0 | 15,0 | 100,0 | 0,0 | ||
Башталгыч мектеп, бардыгы |
|
| 33 | 25,0 | 22,0 | 88,0 | 0,0 |
Сидорова |
| 3а | 17 | 25,0 | 23,0 | 92,0 | 0,0 |
Петрова |
| 1а | 16 | 25,0 | 21,0 | 84,0 | 0,0 |
Колдонмо көркөм өнөр жана дене тарбия, бардыгы |
|
| 5 | 25,0 | 22,7 | 90,8 | 0,0 |
Лисицин |
|
| 3 | 25,0 | 22,3 | 89,1 | 0,0 |
Дене тарбия | 5а | 2 | 25,0 | 24,0 | 96,0 | 0,0 | |
БАД | 11а | 1 | 25,0 | 15,0 | 60,0 | 0,0 | |
Бекбаева | Кол эмгек | 7б | 1 | 25,0 | 19,0 | 76,0 | 0,0 |
Мисалы, кыргыз тили жана адабияты мугалими Тажиева 6-а жана 6-б-класстарга сабак берет, окутуунун экинчи баскычындагы окуучулардын ченемдик толуусу 25 адам, аталган класстарда иш жүзүндө 23 жана 31 адам, орточо алганда эки класста - 27 адам. Ченемдик толуудан иш жүзүндөгү салыштырмалуу ашуу 108%ды түзөт (27:25 х 100%). ЭКК = (108% - 100%) : 5 х 0,1 = 0,1
ЭКК графасы боюнча терс маанилер класстардын ченемдик толуусунун аткарылбаганын билдирет жана "0" деп кабыл алынат.
Класстагы окуучулардын толуусунун негизинде куралуучу иштин татаалдыгы жана ургаалдуулугу үчүн ЭКК окуу жылынын башталышына карата бир жолу аныкталышы жана жыл ичинде пайдаланылышы мүмкүн. Орточо жана аз комплекттүү мектептер бул индикаторду пайдаланбаса деле болот.
ЭККны сунушталган экинчиден онунчу индикаторго чейин бөлүштүрүү мектеп боюнча бардык усулдук бирикмелердин ЭКК орточо суммасында 1ге барабар деген шартта жасалат, бул дем берүүчү айлык акы фондунун 100%ын билдирет.
Эгер мектепте 7 усулдук бирикме бар болсо, анда иштин татаалдыгы жана ургаалдуулугу үчүн ЭККны эске алганда ЭКК 7ге барабар.
ЭККны сунушталган индикаторлор боюнча бөлүштүрүү мектептин эксперттик кеңеши тарабынан бул же тигил көрсөткүчтөр боюнча иштин болгондугун эске алуу менен кабыл алынат. Мисалы, мектепте автордук программалар же окутуунун инновациялык усулдары иштелип чыкпайт жана киргизилбейт, кайсы бир кварталдарда олимпиадаларды, педагогикалык кеңештерди даярдоо жана өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлбөйт, демек бул кварталдарда аталган индикаторлор нөл болот жана негизги баа берүү башка көрсөткүчтөргө туура келет.
Усулдук бирикмелер боюнча ЭКК өткөн квартал үчүн иштин жыйынтыктары боюнча мектептин эксперттик кеңеши тарабынан аныкталат жана директордун буйругу менен бекитилет.
ЭККнын бекитилген өлчөмдөрү ар бир мугалимге иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн ЭККны аныктоо үчүн усулдук бирикмелердин эмгектик паспортторун толтуруу боюнча жетекчилерге жана комиссияларга берилет.
Эмгектик паспорттун милдеттүү шарты: мугалимдердин санына бөлүнгөн ар бир усулдук бирикмелердин мугалимдери боюнча суммалык ЭКК мектептин эксперттик кеңеши белгилеген ЭККга барабар болушу керек.
Мисалы, мектептин эксперттик кеңеши тарабынан мектептин табигый-математикалык циклинин мугалимдеринин усулдук бирикмесине бардык мугалимдерге орточо ЭКК 1,2 өлчөмдө белгиленген. Кызматкерлердин саны - 7 адам болсо, суммалык ЭКК 8,4кө (7 х 1,2) барабар болот.
Ар бир индикатор боюнча ЭКК ушундай эле жол менен өзүнчө аныкталат.
Мектептин эмгектик паспортунун формасы жана усулдук бирикмелердин түзүмүндө усулдук бирикмелер жана мугалимдер боюнча ЭККны аныктоонун мисалдары ушул Усулдук сунуштарга 1 жана 2-тиркемелерде келтирилген.
Эгерде мугалим ар кайсы усулдук бирикмелерге кирген бир нече предметтен сабак берсе, анда ага ЭКК усулдук бирикмелердин ар биринде толтурулат.
Педагогикалык иш боюнча сааттары бар администрациялык кызматкерлерге (директор, директордун орун басары, китепканачы жана башкаларга) да усулдук бирикме боюнча ЭКК коюлат. Усулдук бирикменин комиссиясы тарабынан белгиленген ЭКК өлчөмдөрү мугалимдерге маалымдалат.
Комиссия кызматкерге дем берүүчү эмгек акыны бербей коюуга укуктуу, мында бул чечимдин себеби милдеттүү түрдө эмгектик паспортторду толтуруу боюнча комиссиянын протоколунда да чагылдырылат. Пикир келишпестиктер болгон учурда талаш-тартышты чечүү мектептин эксперттик кеңешине өткөрүп берилет.
Толтурулган жана комиссия тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгектик паспорттор контролдоо жана текшерүү үчүн мектептин эксперттик кеңешине берилет.
Мектептин эксперттик кеңеши эмгек паспортторун толтуруунун тууралыгын текшергенден кийин жана пикир келишпестиктер чечилген соң дем берүүчү эмгек акыны эсептеп чыгуу үчүн аларды бухгалтерияга берет.
|
| 2-таблица |
Педагогдор боюнча дем берүүчү эмгек акыны эсептөөнүн мисалы
| Ф.А.Ж. | Жумадагы сааттар | Кепилденген эмгек акы, буга ооругандыгы жөнүндө баракча, окуу, кайра эсептөөлөр кирбейт | ДЭК | ЭКК | Дем берүүчү эмгектик акы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 = гр3 х гр4 х гр5 | |
Орус тили жана адабияты | 8751,91 |
|
| 10244,99 |
| |
1 | Иванова | 23 | 3157,22 | 1,105 | 1,3 | 5306,20 |
2 | Шаяхметова | 34 | 2554,13 | 1,105 | 1,2 | 3784,89 |
3 | Патишева | 21 | 3040,56 | 1,105 | 0,3 | 1153,90 |
Табигый-математикалык цикл, бардыгы | 12919,16 |
|
| 21277,03 |
| |
1 | Усубалиева | 5 | 767,95 | 1,105 | 1,3 | 1286,53 |
2 | Мамбеталиева | 9 | 1586,85 | 1,105 | 1,3 | 2677,55 |
3 | Скокова | 14 | 1937,35 | 1,105 | 0,5 | 1225,38 |
4 | Сазонова | 8 | 888,53 | 1,105 | 1,5 | 1686,00 |
Табигый-тарых цикл | 12575,03 |
|
| 16941,92 |
| |
1 | Ковалев | 30 | 4352,78 | 1,105 | 1,7 | 9331,67 |
2 | Суванбердиева | 2 | 305,62 | 1,105 | 1,3 | 490,89 |
3 | Жамгырчиева | 6 | 379,35 | 1,105 | 1,1 | 538,53 |
4 | Селезнева | 12 | 1332,79 | 1,105 | 0,6 | 1011,60 |
Кыргыз тили жана адабияты | 11242,14 |
|
| 13054,76 |
| |
1 | Эсенаманова | 30 | 3981,91 | 1,105 | 1,6 | 8135,98 |
2 | Мамбеталиева | 31 | 3226,12 | 1,105 | 0,9 | 3832,49 |
Чет тилдер | 2001,02 | 1,105 | 1,2 | 3037,57 |
| |
1 | Штигель | 30 | 2001,02 | 1,105 | 1,2 | 3037,57 |
Башталгыч мектеп | 15080,59 |
|
| 22725,76 |
| |
1 | Сидорова | 16 | 2457,45 | 1,105 | 1,1 | 3565,88 |
2 | Петрова | 32 | 3360,63 | 1,105 | 1,2 | 5172,72 |
3 | Ермоленко | 31 | 2382,40 | 1,105 | 1,4 | 4307,72 |
Колдонмо жана көркөм өнөр дене тарбия | 6108,58 |
|
| 5986,87 |
| |
1 | Лисицин | 30 | 3367,01 | 1,105 | 1,0 | 4259,30 |
2 | Бекбаева | 18 | 1138,05 | 1,105 | 1,2 | 1727,57 |
| Бардыгы: |
| 68678,43 |
|
| 93268,90 |
Белгилүү-бир мезгил аралыгында мугалим жумуш ордунда жок болгон учурда (ооруп калуу, өргүү, окуу же башка себептер менен) дем берүүчү айлык акыны эсептөөдө тийиштүү төлөмдөрдүн суммасы анын кепилденген эмгек акысынан алып салынат.
Администрациялык-башкаруучу жана чарбалык персоналга дем берүүчү эмгек акыны эсептөө
Администрациялык-башкаруучу, чарбалык жана көмөкчү персонал үчүн дем берүүчү эмгек акыны эсептөө принцибин мектеп өзү аныктайт. Мында төмөнкүлөргө жол берилет:
- дем берүүчү эмгек акы фондунда түзүлгөн бирдиктүү дем берүүчү эмгек акынын коэффициентин штаттык расписание боюнча администрациялык-башкаруучу жана чарбалык-тейлөөчү персоналдын ар бир кызматкеринин маянасына карата пайдалануу;
- администрациялык-башкаруучу жана чарбалык-тейлөөчү персоналдын кошумча эмгек акы фондусунун чектеринде кызматкерлерге аныкталып белгиленген жеке кошумча төлөмдөрдү бекитүү;
- директорго, айрым администрациялык, чарба кызматкерлерине, башка кызматкерлерге бирдиктүү дем берүүчү эмгек акы боюнча аныкталып белгиленген кошумча төлөмдөр менен бирге аралаш форманы колдонуу (3-таблица).
Мектеп администрациялык-башкаруучу, чарбалык жана көмөкчү персоналга дем берүүчү айлык акыны эсептөөнүн кандай принциптерин колдонуу жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алат жана мектептин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө боюнча ички жободо чагылдырат.
|
| 3-таблица |
Администрациялык-башкаруучу, чарбалык-тейлөөчү жана көмөкчү персоналга дем берүүчү эмгек акыны эсептөөнүн мисалы
№ | Ф.А.Ж. | Кызмат орду | Кепилденген эмгек акы | ДЭК | Дем берүүчү эмгек акы |
1 |
| Директор | 1966,30 |
| 3500,00 |
2 |
| Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары | 1966,30 | 0,870 | 1710,95 |
4 |
| Класстан тышкаркы иш боюнча уюштуруучу | 654,55 | 0,870 | 569,55 |
5 |
| Бухгалтер | 982,39 | 0,870 | 854,82 |
6 |
| Бухгалтер-кассир | 851,41 | 0,870 | 740,84 |
7 |
| Кассир | 654,55 | 0,870 | 569,55 |
8 |
| Китепканачы | 1608,90 | 0,870 | 1399,97 |
9 |
| Лаборант-секретарь | 1456,60 | 0,870 | 1267,44 |
10 |
| Тазалагыч | 942,50 | 0,297 | 479,58 |
11 |
| Короо шыпыргыч | 1329,40 | 0,297 | 394,35 |
12 |
| Кароолчу, от жаккыч | 3794,17 | 0,297 | 1125,5 |
| Бардыгы |
| 24295,78 |
| 16459,22 |
Жетекчинин орточо эмгек акысынын өлчөмү жалпы билим берүүчү мектептин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысынын үч эсе өлчөмүнөн ашпашы керек.
Кызматкердин эмгек акысынын толук өлчөмүн эсептөө тартиби
Мектептин кызматкерлеринин эмгек акысынын толук өлчөмү кепилденген эмгек акынын, дем берүүчү эмгек акынын жана кызматкердин пайдасына башка жеке төлөмдөрдүн суммасы катары аныкталат.
ЭА = КЭА + ДЭА + ЖТ, мында:
ЭА - кызматкердин эмгек акысы;
КЭА - кызматкердин кепилденген эмгек акы;
ДЭА - кызматкердин дем берүүчү эмгек акысы;
ЖТ - кызматкердин пайдасына башка жеке төлөмдөр.
Кызматкердин пайдасы үчүн башка жеке төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- өргүүгө чыгууда эсептелген төлөмдөр; убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча төлөмдөр; эмгек акы фондусунун эсебинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча төлөмдөр;
- убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча төлөмдөр; эмгек акы фондусунун эсебинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча төлөмдөр;
- кызматкерди кыскартууда (бошотууда) чыгуу жөлөкпулун (компенсация) төлөө;
- кесиптерди (кызматтарды) айкалыштырганы, тейлөө зонасын кеңейткени же аткарылчу иштин көлөмү көбөйгөнү үчүн төлөмдөр; убактылуу жок кызматкерлердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча төлөмдөр;
- шыктандыруучу төлөмдөр жана сыйлыктар;
- жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы боюнча сыйлыктар;
- мыйзамга ылайык башка төлөмдөр.
|
| 4-таблица |
Мектептин кызматкерлерине бюджеттик эмгек акынын толук өлчөмүн эсептөөнүн мисалы:
Ф.А.Ж. | Мугалимдин кепилденген эмгек акысы | Мугалимдин дем берүүчү эмгек акысы | Оору баракчаларын төлөө | Ордун алмаштыруу жана өткөн мезги үчүн кайра эсептөөлөр | АБП жана АЧПнын кепилденген эмгек акысы | АБП жана АЧП дем берүүчү эмгек акысы | Бардыгы | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | ||
Орус тили жана адабияты | 8751,9 | 6239,7 | 3680 | 295,0 |
|
| 15654,6 | ||
1 | Иванова | 3157,2 | 3231,7 |
|
| 295,0 |
| 6683,9 | |
2 | Шаяхметова | 2554,1 | 2305,2 | 368,0 |
|
|
| 5227,3 | |
3 | Патишева | 3040,5 | 702,8 |
|
|
|
| 3743,3 | |
Табигый-математика цикли | 6457,9 | 3160,7 |
| 478,0 | 3932,6 | 3173,4 | 17202,6 | ||
1 | Усубалиева | 767,9 | 783,6 |
| 478,0 | 1966,3 | 1042,2 | 5038,0 | |
2 | Мамбеталиева | 4103,2 | 1630,8 |
|
|
|
| 5734,0 | |
3 | Скокова | 1586,8 | 746,3 |
|
| 1966,3 | 2131,2 | 6430,6 | |
Бардыгы: | 68678,4 | 56805,9 | 1001,4 | 1435,9 | 24295,7 | 10024,6 | 162242,0 |
| |
|
| Жалпы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акыны эсептөө боюнча усулдук сунуштарга 1-тиркеме |
201_-жылдын ___________ үчүн ________ мектептин предметтик-усулдук (предметтик-циклдик) бирикмелери боюнча ЭКК аныктоо
| Усулдук бирикмелердин аталышы | Иштин татаалдыгы жана интенсивдүүлүгү | Тарбиялык жана класстан тышкаркы иштин сапаты | Конференцияларды, семинарларды, педагогикалык кеңештерди даярдоо жана өткөрүү | Окуучуларды олимпиадаларга даярдоо | Автордук программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү | Усулдук иш | Кабинеттердин абалы | Администрациялык жазалардын жоктугу | Документтерди сапаттуу жүргүзүү | Аткаруучулук тартип | ЭКК суммасы | |||
Ченем | факт | Ченемден алынган % | ЭКК | ||||||||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
1 | Орус тили жана адабияты | 23,9 | 22,5 | 93,8 | 0,0 | 0,2 | 0,2 | 0 | 0 | 0,1 | 0,2 | 0,1 | 0,2 | 0,4 | 1,4 |
2 | Табигый-математика цикли | 22,1 | 21,6 | 97,7 | 0,0 | 0,1 | 0,1 | 0 | 0 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,2 | 0,2 | 0,9 |
3 | Табигый-тарых цикли | 24,0 | 22,6 | 94,0 | 0,0 | 0,1 | 0,1 | 0 | 0 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,2 | 0,2 | 0,9 |
4 | Кыргыз тил жана адабияты | 24,6 | 21,7 | 88,4 | 0,0 | 0,1 | 0 | 0 | 0 | 0,1 | 0,2 | 0,1 | 0,2 | 0,1 | 0,8 |
5 | Чет тилдер | 15,0 | 21,1 | 140,4 | 0,8 | 0,1 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 1,2 |
6 | Башталгыч мектеп | 25,0 | 21,5 | 86,0 | 0,0 | 0,2 | 0 | 0 | 0 | 0,1 | 0,3 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 1,2 |
7 | Колдонмо көркөм өнөр жана дене тарбия | 25,0 | 22,4 | 89,8 | 0,0 | 0,1 | 0 | 0 | 0 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,6 |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
| 0,8 | 0,9 | 0,4 | 0,0 | 0,0 | 0,6 | 1,0 | 0,8 | 1,2 | 1,3 | 7,0 |
Мектептин эксперттик кеңешинин мүчөлөрү:
|
| Жалпы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акыны эсептөө боюнча усулдук сунуштарга 2-тиркеме |
20___-жылдын ________ үчүн ____ мектептин предметтик-усулдук (предметтик-циклдик) бирикмелери боюнча ЭКК
УБнын педагогдорунун аты-жөнү | Иштин татаалдыгы жана ургаалдуулугу | Тарбиялык жана класстан тышкаркы иштин сапаты | Конференцияларды, семинарларды, педагогикалык кеңештерди даярдоо жана өткөрүү | Окуучуларды олимпиадаларга даярдоо | Автордук программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү, долбоорлорду коргоо | Усулдук иш | Кабинеттердин абалы | Документтерди сапаттуу жүргүзүү | Администрациялык жазалардын жоктугу | Аткаруучулук тартип (нөөмөт, кошумча жүк) | ЭКК суммасы | |||
Ченемдик | Факт | Ченемден алынган % | Коэффициент | |||||||||||
1 | 21,1 | 18,6 | 87,9 | 0,0 | 0,2 | 0,2 | 0 | 0 | 0,2 | 0 | 0,1 | 0,2 | 0,2 | 1,1 |
2 | 20,0 | 21,0 | 105,0 | 0,0 | 0,1 | 0,2 | 0 | 0 | 0,2 | 0 | 0,1 | 0,2 | 0,1 | 0,9 |
... |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7 | 25,0 | 21,1 | 84,6 | 0,0 | 0,1 | 0,2 | 0 | 0 | 0 | 0,2 | 0,2 | 0,3 | 0,3 | 1,3 |
Жыйынтыгы: |
|
|
| 0,0 | 0,7 | 0,7 | 0,0 | 0,0 | 0,7 | 0,7 | 0,7 | 1,4 | 1,4 | 6,3 |
УБнын ЭКК |
|
|
| 0,0 | 0,1 | 0,1 | 0 | 0 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,2 | 0,2 | 0,9 |
|
| Жалпы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акыны эсептөө боюнча усулдук сунуштарга 5-тиркеме |
Жалпы билим берүү уюмунун мугалимдеринин иш убактысын ЭСЕПКЕ АЛУУ ТАБЕЛИ 20___-20___-окуу жылы
№ | Аты-жөнү | Кызматы | Табелдик номери | Көрсөткүчтөр | Айдын күндөрү | Баардык сааттар | |||||||||||||||||||
Садыков К.Ж. | СС, СА | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | - | - | 31 | ||||
ДС |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
УС, ТС |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Жумуш убактысынын жумшалышынын түрлөрүн шарттуу түрдө белгилөө
Көрсөткүчтөр | Код | |
тамгалык | санариптик | |
Иш күндөрү | к (я) | 01 |
Сабактык иш сааттар | сс(уч) | 02 |
Сабактарга даярдануу сааттары, дептер текшерүү | дс(пч) | 03 |
Сабактарды алмаштыруу | са(зч) | 04 |
Мугалимдин окуу-усулдук иш сааттары | ус(мч) | 05 |
Мугалимдин сабактан тышкаркы иш сааттары (классты жетектөө, ийримдик иш, насаатчылык, УБ жетектөө жана башка иштер) | тс(вч) | 06 |
Кызматтык иш сапарлар | с(к) | 07 |
Ар жылдагы негизги өргүү | өр(от) | 08 |
Окууга байланыштуу өргүү | ов(у) | 09 |
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү | т(р) | 10 |
Эмгек акысы сакталбастан кошумча өргүү | кө(ож) | 11 |
Администрациянын демилгеси боюнча (акы төлөнбөөчү) өргүү | өт(он) | 12 |
Ишке чыкпай коюу | ж(пр) | 13 |
Дем алуу жана майрам күндөр | д(в) | 14 |
Ооруган күндөр | оо(б) | 15 |
Түнкү сааттар | т(н) | 16 |
Жалпы билим берүүчү
уюмдун жетекчиси: ________________________________________________
Жалпы билим берүүчү уюмдун
жетекчисинин орун басары: ________________________________________
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамага 5-тиркеме |
Ченемдик каржылоонун шарттарында мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы төлөөнү эсептөө ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик кесиптик лицейлерде (мындан ары - лицей) бюджеттик каражаттардын эсебинен 2019-жылдын 1-апрелинен тартып окуучулардын санына жана бир окуучуга каржылоонун ченемине жараша эсептелген эмгек акы төлөө фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акы төлөө фонду түзүлөт.
1-глава. Кесиптик лицейлердин кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы төлөөнүн тартиби
2. Лицейлердин кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөөлөр кепилденген эмгек акы болуп эсептелбейт, аткарылган ишинин натыйжасы боюнча белгиленет жана ишинин сапатына жараша болот.
3. Сметада каралган, бекитилген эмгек акы төлөө фондунан дем берүүчү эмгек акы фондун аныктоо үчүн төмөнкү суммалар алып салынат:
- отчеттук мезгил үчүн эсептелген эмгек акы;
- эмгек акы төлөө фондунун эсебинен убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы боюнча төлөөлөр.
4. Дем берүүчү эмгек акы фонду жатаканасы жана стационардык ашканасы бар лицейлер үчүн төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 60 пайыз - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын эмгегине дем берүүгө;
- 40 пайыз - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгегине дем берүүгө.
5. Дем берүүчү эмгек акы фонду жатаканасы жана стационардык ашканасы жок же алардын ичинен бирөөсү бар кесиптик лицейлер үчүн төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 65 пайыз - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын эмгегине дем берүүгө;
- 35 пайыз - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгегине дем берүүгө.
6. Лицейлер кызматкерлерге дем берүүчү эмгек акы фондунун чегинде, бирок 10 пайыздан ашык эмес материалдык колдоо фондун түзүшү мүмкүн.
7. Материалдык колдоо фонду кызматкерлерди сыйлоого жана материалдык колдоого төмөнкүдөй пайдаланылат:
- кесиптик жана башка майрамдарга карата;
- кесиптик чеберчилик конкурстарындагы ийгиликтери үчүн;
- тематикалык иш-чараларды жана конкурстарды даярдагандыгы жана өткөргөндүгү үчүн;
- бюджеттен тышкары ресурстарды тарткандыгы жана лицейдин материалдык-техникалык базасын жакшырткандыгы үчүн.
8. Лицейдин кызматкерлерин материалдык колдоо фонду жөнүндө жобо профсоюз комитети менен макулдашуу боюнча уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
2-глава. Дем берүүчү эмгек акы фондун эсептөө
9. Дем берүүчү эмгек акынын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
- окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу устаттарына - бир баллдын наркын баа берүү барагы боюнча кызматкердин топтогон баллынын жеке санына көбөйтүү жолу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СЗПөу = С1 балл х Бжеке кызматкердин,
мында:
СЗПөу - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын дем берүүчү эмгек акысы;
С1 балл - бир баллдын наркы;
Бжеке кызматкердин - баа берүү барагы боюнча кызматкердин баллы.
Бир баллдын наркы окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын дем берүүчү эмгек акы фондун лицей боюнча баллдын жалпы санына бөлүү аркылуу төмөнкүдөй формула менен аныкталат:
мында:
С1 балл - баллдын наркы;
ДЭА фонду - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын дем берүүчү эмгек акы фонду;
∑БАЛЛ - лицей боюнча баллдын суммасы;
- административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга - дем берүүчү эмгек акы фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акынын бирдиктүү коэффициентин кызматкердин эсептелген эмгек акысына көбөйтүү аркылуу төмөнкү формула боюнча:
ДЭАачп, ттп, ктп = ЭЭАачп, ттп, ктп х ДЭАКачп, ттп, ктп,
мында:
ДЭАачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын дем берүүчү эмгек акысы;
ЭЭАачп,ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эсептелген эмгек акысы;
ДЭАКачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акынын коэффициенти.
Дем берүүчү эмгек акынын коэффициенти административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын дем берүүчү эмгек акы фондун эсептелген эмгек акы фондуна бөлүү аркылуу төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
ДЭАКачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын дем берүүчү эмгек акысынын коэффициенти;
ДЭА фондуачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акы фонду;
ЭЭА фондуачп, ттп, ктп - административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эсептелген эмгек акы фонду.
10. Адегенде ар бир кызматкерге методикалык комиссия тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген форма боюнча баа берүү барагы толтурулат.
11. Методикалык комиссия белгилүү сабактардын (кесиби) же окшош сабактардын (кесиптер тобу) үч жана андан ашык окутуучулары же өндүрүштүк окутуу устаттары болгондо гана түзүлөт.
12. Даярдоо багыты боюнча методикалык комиссиялардын курамына төмөнкүлөр кирет:
- гуманитардык цикль - орус, кыргыз жана чет тилдер, адабият, коомдук саясий сабактар, экология, этика окутуучулары;
- табигый-илимий цикль - табигый-математикалык сабактардын окутуучулары;
- кесиптик-техникалык цикль - бир же бир нече окшош (чектеш) кесиптер боюнча өндүрүштүк окутуу устаттары.
13. Методикалык комиссиялардын курамы кыйла тажрыйбалуу жана квалификациялуу окутуучулардын же өндүрүштүк окутуу устаттарынын ичинен шайланат жана ал учурдагы окуу жылына директордун буйругу менен бекитилет.
14. Балл негизги, ошондой эле айкалыштырып иштеген кызматы боюнча да ыйгарылат. Окутуучулар же өндүрүштүк окутуу устаттары башка сабакты өткөндүгү үчүн баалоо жыйынтыгы тиешелүү методикалык комиссиясынын баалоо барагына киргизилет.
15. Айкалыштырып иштеген кызматы боюнча кызматкердин баллынын жыйынды суммасы үчүн 0,5 коэффициенти колдонулат.
16. Баа берүү барагы отчеттук мезгилдин ичинде окутуучулардын же өндүрүштүк окутуу устаттарынын ар биринин ишинин натыйжаларын чагылдырат.
17. Баллдын жалпы саны окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу устаттарына белгиленет жана баллдын жыйындысын билдирет, алардын ар бири кесиптик лицейдин окуу процессинде сабактан тышкары иш жүктөмүнүн баскычын, окуунун натыйжалуулугун жана окуучулардын билиминин сапатын, аткаруучулук тартибин чагылдырат.
18. Методикалык комиссия тарабынан толтурулган жана күбөлөндүрүлгөн баалоо баракчасы лицейдин эксперттик кеңешине отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен контролдоо жана текшерүү үчүн берилет.
19. Эксперттик кеңеш жана анын төрагасы лицейдин жамаатынын жалпы чогулушунда шайланат жана учурдагы окуу жылына директордун буйругу менен бекитилет. Эксперттик кеңештин курамына окуу, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, профсоюз комитетинин өкүлү, бухгалтер, методикалык комиссиянын өкүлдөрү кирет.
20. Эксперттик кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматкерлердин баллын эсептөөнүн негиздүүлүгүн текшерүүгө;
- баалоо барагын толтуруу боюнча методикалык комиссияга эмгек тартиби же эмгек милдеттери бузулган учурда айрым кызматкерлердин баллын алып салуу же азайтуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- кесиптик лицейдин кызматкерлерин сыйлоо же материалдык жактан колдоо жөнүндө чечим кабыл алууга катышууга.
3-глава. Окутуучулардын же өндүрүштүк окутуу устаттарынын баллын эсептөө жана дем берүүчү эмгек акысын эсептөө
21. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын баллы алардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоо индикаторлорунун негизинде аныкталат.
22. Бир кызматкердин баллынын өлчөмү 10 баллдан ашпашы керек.
23. Окутуучулардын баллын эсептөө үчүн ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоонун сунушталган индикаторлору:
- тарбиялык жана класстан тышкары ишинин сапаты (тарбиялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү (аңгемелешүү, лекциялар, тегерек столдор, конкурстар); сабакты көп калтырган окуучулар менен жеке иштер;
- конференцияларды, семинарларды, педагогикалык окууларды жана ачык сабактарды даярдоо жана өткөрүү;
- маалыматтык технологияларды иштеп чыгуу жана пайдалануу;
- методикалык иштер;
- документацияны сапаттуу жүргүзүү;
- кесиптик лицейди өнүктүрүүдө кошкон салымы;
- топтогу окуучулардын жалпы санынан 30 пайыздан ашык "4" жана "5" деген баа алган окуучулардын жеке билиминин натыйжаларын жогорулатуу (контролдук иштеринин материалдары боюнча);
- окуучулардын сабакка катышуусу;
- конкурстарга жана класстан тышкаркы иш-чараларга катышуусу;
- тартиптик жазалардын жоктугу.
24. Өндүрүштүк окутуу устаттарынын баллын эсептөө үчүн ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоонун сунушталган индикаторлору:
- тарбиялык иштердин сапаты (класстык сааттарды өткөрүү, ата-энелер жана окуучулар менен аңгемелешүүлөр, ата-энелер чогулуштарын өткөрүү, тарбиялык иштер боюнча отчеттор);
- окуучулардын заманбап техниканын жана өндүрүш технологияларынын алдыңкы методдоруна ээ болуулары;
- маалыматтык технологияларды иштеп чыгуу жана пайдалануу;
- өндүрүштүк окууну сапаттуу жүргүзүү;
- документацияны сапаттуу жүргүзүү;
- окуу-методикалык документацияларды иштеп чыгуу;
- окуучуларды квалификациялык иштерди аткарууга жана экзамендерди тапшырууга даярдоо (экзаменге суроолорду даярдоо; консультациялардын графиги, практикалык иштер үчүн тапшырмаларды иштеп чыгуу);
- өткөн окуу кварталындагы катышуу менен салыштырганда окуучулардын өндүрүштүк окууга жана практикага катышууларын көбөйтүү (катышуу табели; өндүрүштүк практикага катышуу графиги, катышуу акты);
- конкурстарды уюштуруу жана/же окуучулар даярдаган буюмдардын көргөзмөлөрүнө катышуу;
- тартиптик жазалардын жоктугу.
25. Лицей окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устатынын иштеринин натыйжалуулугун жана сапатын баалоо индикаторлорун өзгөртүүгө укуктуу. Сунушталган өзгөртүүлөр лицейдин жамаатынын жалпы чогулушунда алдын-ала талкууланат жана жамаат тарабынан жактырылгандан кийин Лицейдин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо чагылдырат.
26. Педагогикалык иш жүргүзүү боюнча сааты бар административдик-башкаруу кызматкерлерине да методикалык комиссияны даярдоо багыты боюнча балл коюлат.
27. Окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу устаттарына отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен баллдын жыйынды өлчөмдөрү жөнүндө маалымат жеткирилет.
28. Кесиптик лицейдин эксперттик кеңеши баалоо барагынын туура толтурулгандыгын текшерип, кайчы пикирлерди алып салгандан кийин аларды бекитет, окутуучуларга жана өндүрүштүн окутуу устаттарына дем берүүчү эмгек акыны эсептөө үчүн бухгалтерияга берет.
4-глава. Административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акыны эсептөө
29. Административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн дем берүүчү эмгек акыны эсептөөнү лицей өзү аныктайт. Бул учурда төмөнкүлөргө жол берилет:
1) дем берүүчү эмгек акы фонду боюнча түзүлгөн бирдиктүү дем берүүчү эмгек акы коэффициентин штаттык расписание боюнча административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын ар бир кызматкеринин эсептелген эмгек акысына пайдаланууга;
2) административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акы фондунун үлүшүн бөлүштүрүүгө жана тиешелүү түрдө дем берүүчү эмгек акынын коэффициентин пайдаланууга;
3) дем берүүчү эмгек акынын бирдиктүү коэффициенти боюнча директорго, айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине, калган кызматкерлерге белгиленген кошумча төлөөлөр менен аралаш форманы колдонууга.
30. Лицей административдик-башкаруу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга дем берүүчү эмгек акыны эсептөөнүн кайсыл вариантын колдонуу боюнча өз алдынча чечим кабыл алат жана аларды Лицейдин кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо көрсөтөт.
31. Жетекчинин орточо эмгек акысынын өлчөмү лицейдин кызматкерлеринин орточо эмгек акысынын үч эсе өлчөмүнөн ашпашы керек.