Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 392
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Инвестициялык фонддордун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюу максатында, "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 249 "Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоону кошпогондо, Фонддун бардык таза активдеринин 15 пайыздан ашыгын бир эмитенттин баалуу кагаздарына инвестициялоого;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 252 "Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жободо:
7-пунктунун бешинчи абзацындагы "милдеттенмеси жок" деген сөздөр "милдеттенмеси бар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |