Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 428
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 «Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 «Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
52-пункттагы «медициналык-социалдык экспертизанын мамлекеттик кызматы мекемелери (мындан ары - МСЭК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин комиссиялары» деген сөздөр «медициналык-социалдык экспертиза» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
60.2-пунктчанын үчүнчү абзацындагы «1000 (бир миң)» деген цифралар менен сөздөр «1500 (бир миң беш жүз)» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
68-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр «социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |