Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры №822
Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы N 428, 2013-жылдын 8-майындагы № 261, 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №508 "Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык ѳнγгγγ министрлиги:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын - айыл өкмөттөрдүн адистерин балалуу аз камсыз үй-бүлөлөрдүн ай сайынкы жөлөкпулга муктаждыгынын даражасын аныктоо маселеси боюнча дайыма окутууну такай уюштурсун, ошондой эле аларды керектүү нормативдик материалдар менен камсыздасын;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 261 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы N 428, 2013-жылдын 8-майындагы № 261, 2015-жылдын 2-октябры № 675токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарына - айыл өкмөттөргө жыл сайын айыл өкмөттүн бюджетинде социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адистерди квалификациясын жогорулатуучу семинарларда жана курстарда окутуунун командировкалык чыгымдарына, алар кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда райондун, шаардын чегинде жүргөндө жол кирелерин төлөөгө каражаттарды кароо сунушталсын.
4. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык ѳнγктγрγγ бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №428, 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | Д.Үсөнов |