Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 токтому менен бекитилген |
|
Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 134, 2011-жылдын 29-июлундагы № 428, 2012-жылдын 18-октябрындагы № 723, 2014-жылдын 4-июнундагы № 308, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, 2015-жылдын 24-июнундагы № 408, 2015-жылдын 2-октябры № 675, 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана өлчөмдөрүн эсептөөнүн тартибин, жарандардын мамлекеттик жөлөкпул чектөө үчүн кайрылуу эрежелерин аныктайт.
3. Бул Жобо төмөндөгүлөргө колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө;
- тарыхый мекенине кайтып келип, "кайрылман" статусун алышкан аз камсыз болгон же эмгекке жарамсыз этникалык кыргыздарга.
2. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө жана эсептөө үчүн кайрылуунун тартиби
2.1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн кайрылуунун тартиби
4. Ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуу үчүн аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөр, жашы жеткен эмгекке жарамдуу жарандар жашаган (катталган) жерлери боюнча кайрылышса болот:
- айыл жеринде жашагандар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына - айыл өкмөттөрүнө (мындан ары - айыл өкмөтү);
- шаарда жашагандар - социалдык өнүгүү органдарына.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жөлөкпул чектелүүгө тийиш адам жашы жете элек болсо, же эмгекке жарамсыз болгон учурларда мамлекеттик жөлөкпул чектөөгө арыз анын ата-энелери (багып алгандар, кароого алгандар) тарабынан берилет. Эгерде жашы жете элек, же эмгекке жарамсыз адамдын ата-энелери (багып алгандар, кароого алгандар) ар башка жашашса, анда арыз жашы жете элек, же эмгекке жарамсыз адам менен бирге жашаган атасы, же энеси (багып алгандар, кароого алгандар) тарабынан берилет.
6. Эгерде жөлөкпул чектөө үчүн топтолгон керектүү документтер толук болбой калса (айыл өкмөтү - айыл жерлеринде), социалдык өнүгүү органдары (шаарларда) арыз берүүчүгө кошумча дагы кандай документтерди топтоо керектигин жана аны өткөрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кайрылмандардын балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектөө катталган жерлери боюнча жалпы негизде, иштеп жаткан мыйзамдарда каралган, кайрылмандын күбөлүгүндө белгиленген мөөнөттөн ашпаган мезгилде гана жүргүзүлөт.
8. Адамды күбөлөндүргөн документ катары кайрылман миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген "кайрылмандын күбөлүгүн" көрсөтөт. Бул күбөлүктүн таасири кайрылмандын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле анын багуусундагы адамдарга да таркатылат.
9. Айыл өкмөтү (айыл жерлеринде) жана социалдык өнүгүү органдары (шаарларда) балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектөө үчүн керектүү документтерди алууда жана толтурууда түшүндүрүү иштерин, ал эми зарыл учурларда көмөк көрсөтүү иштерин жүргүзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөгө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду чектөө үчүн төмөнкүдөй арыз берилет:
- шаарларда - жарандардын жашаган (катталган) жерлери боюнча социалдык өнүгүү органдарына;
- айыл-жергесинде - жарандардын жашаган (катталган) жерлери боюнча айыл өкмөтүнө.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Айыл жергесинде жаран балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн кайрылган учурда айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси (мындан ары - жетектөөчү адис) арыз берүүчү менен жөлөкпулду чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Мындай учурда, арыз берүүчү ушул Жобонун тиркемесине ылайык, жарандардын кайрылууларын эсепке алуу жана балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектөө жөнүндө комиссиянын чечимдерин эсепке алуу журналына катталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча райондук социалдык коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси, же социалдык кызматкер турак-жай шарттарын карап чыгуунун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурууну жүргүзөт.
13. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту толтурулган, же тиешелүү документтери толук болсо жетектөөчү адис материалдарды он күндө бир жолудан көп өткөрүлбөөчү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясынын (мындан ары - комиссия) отурумуна даярдайт.
14. Комиссия бул учурда ушул Жобону, аз камсыз болгон үй-бүлөгө ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектөө үчүн үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларын жетекчиликке алуу менен үй-бүлөнүн жөлөкпулга алгачкы муктаждык деңгээлинин аныктоо маселесин карайт.
Комиссия социалдык өнүгүү органдарына жөлөкпул чектөө үчүн арыз берүүчүгө сунуш берүү (бербөө) чечимин кабыл алат. Чечим комиссиянын отурумунда милдеттүү протокол түзүү менен добуш берүү жолу аркылуу кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Комиссия тарабынан үй-бүлө жөлөкпулга муктаж экендиги аныкталып, бирок комиссия чечим кабыл алган учурда балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү жок болсо комиссия социалдык органдарына үй-бүлөгө үч айлык чектелген мөөнөткө жөлөкпул чектөөнү сунуш кыла алат. Бул учурда арыз берүүчү айыл өкмөтүнө кайрылган учурдан тартып үч ай аралыгында социалдык өнүгүү органдарына берилүүгө тийиш болгон балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн айыл өкмөтүнө берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү берилбей калса жөлөкпул төлөө токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Жөлөкпул чектөөдөн баш тарткан учурда жетектөөчү адис комиссиянын чечими кабыл алынган күндөн кийинки беш күн аралыгында кабыл алынган чечим тууралуу, ага жөлөкпул чектөөдөн кайсыл себептер менен баш тартылгандыгы жөнүндө арыз берүүчүгө түшүндүрмө берет.
17. Жөлөкпулду чектөө сунушу жөнүндө оң чечим кабыл алынганда социалдык кепилдиктерди чектөө боюнча адис чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбей арыз ээсинин катышуусунда жөлөкпул чектөө анкета-арызын толтурат.
Жетектөөчү адис менен арыз берүүчү анда көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгын тастыктоо иретинде арызга өз колдорун коюшат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Комиссиянын отурумдарында ар бир үй-бүлө (арыз берүүчү) боюнча каралган маселелер жөнүндө маалымат балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн жарандардын кайрылууларын эсепке алуу жана комиссиянын чечимдерин каттоо журналына ушул Жобонун тиркемесине ылайык катталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Жетектөөчү адис арыз толтурулган күндөн тартып үч жумушчу күн аралыгында "Көктөмө" папкасына тиркелген бардык керектүү документтер жана комиссиянын отурумунун протоколунун көчүрмөсү менен кошо райондук социалдык коргоо башкармалыгына жөнөтөт. Көктөмөлөр жолдомо каттарын тиркөө жана комиссиянын отурумунун протоколунун көчүрмөсү менен жөнөтүлөт. Бул учурда аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту жана комиссиянын отурумунун протоколунун түп нускасы айыл өкмөтүндө калат. Комиссиянын отурумунун протоколдору өзүнчө "Комиссиянын чечимдеринин протоколдору" папкасына тиркелет.
20. Райондук социалдык коргоо башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адиси айыл өкмөтүнүн балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн документтер келип түшкөн учурда, бир күн аралыгында аларды толтуруунун тууралыгын жана бардык керектүү документтердин бар экендигин текшерет.
Айыл өкмөтүнөн түшкөн иштер бир күндүн ичинде социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасындагы (мындан ары - СЖКМТ) тиешелүү эсепке алуу журналында катталат жана коштоочу документтер жана комиссиянын отурумдарынын протоколу менен бирге СЖКМТга (электрондук делого) социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте киргизилет.
Комиссиянын отурумунун протоколдорунун көчүрмөлөрү өзүнчө "Комиссиянын чечимдеринин протоколдору" папкасына ар бир айыл өкмөтү боюнча бөлүнүп тиркелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтому менен 20-пунктун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
21. Райондук социалдык коргоо башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адиси документтерди кабыл алгандан кийинки беш күн аралыгында ылгоо менен жөлөкпул чектөөгө сунуш кылынган үй-бүлөлөргө барат. Социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адистин баруучу үйлөрүнүн саны ар бир айыл өкмөтү боюнча кабыл алынган бардык көктөмөлөрүнүн 30 процентинен кем болбоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Райондук социалдык коргоо башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адиси каралган көктөмөлөрдүн жыйынтыктары боюнча үй-бүлөгө жөлөкпул чектөө жөнүндө акыркы чечим чыгарат жана чечимди кабыл алган күнү жөлөкпулду дайындоо же жөлөкпулду дайындоодон баш тартуу себебин көрсөтүү тууралуу маалыматты СЖКМТ киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Шаарларда аз камсыз болгон үй-бүлөдөн ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуу үчүн жарандар кайрылган учурда социалдык коргоо башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адиси арыз берүүчү менен жөлөкпулду чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөрдү берүү менен маектешүүнү өткөрөт. Мында социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык СЖКМТнын тиешелүү эсепке алуу журналына арыз ээсин каттоо жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтому менен 23-пунктун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
24. Маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортун толтуруу иши жүктөлгөн социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси арыз берүүчүнүн турак-жай - тиричилик шарттарын текшерүүнүн негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурат.
Аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурулган жана тиешелүү документтери бар болгон учурда социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адис жөлөкпулдарды чектөө үчүн документтерди толуктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Шаарларда социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адис арыз ээси берген документтерди карап чыгуунун жана үй-бүлөгө барган учурда толтурулган аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортунун негизинде жөлөкпулду дайындоо тууралуу чечимди кабыл алат. Жөлөкпулду дайындоо жөнүндө же баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жөлөкпулду дайындоодон баш тартуу тууралуу чечим аны кабыл алган күнү СЖКМТга киргизилет. Арыз ээси чечим кабыл алынган датадан тартып 5 күндөн кечиктирилбей кабыл алынган чечим тууралуу кабардар болушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Дайындалган иштер тууралуу маалымат социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген формага ылайык СЖКМТнын тиешелүү эсепке алуу журналына киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөөнүн тартиби
27. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө эгерде үй-бүлөнүн жан башына алган жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө кепилдик кылынган минималдуу кирешенин өлчөмүнөн ашпаган шарттарда чектелет.
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөлөрдүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган үй-бүлөлөргө ошол райондук коэффициенттерди колдонуу менен чектелет.
Үй-бүлөнүн жан башына алган жыйынды кирешеси балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө үчүн үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408, 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
28. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул:
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда, Комиссиянын сунушу боюнча - 3 айга;
- берилген документтердин биринин колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда (анын ичинде паспорттун колдонуу мөөнөтү) жөлөкпул дайындалган учурдан тартып 12 ай өткөндөн мурда аяктаганда, - арыз берүүчү керектүү документтерди жаңырта турган айдын акыркы күнүнө чейин;
- калган учурларда - 12 айлык мөөнөткө дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алууга 16 жашка чейинки курактагы балдар укуктуу (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, бирок 18 жашка чейинки куракка жеткенге чейин гана, баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери, бюджеттик же келишимдик негизде күндүзгү бөлүмдө окугандар, эгерде келишимдин суммасы кайрымдуулук ишинин алкагында жарандар жана юридикалык жактар тарабынан каржыланса - алар 18 жашка чыкканга чейин).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү эмгекке жарамдуу ата-энелер (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы караган ата-энеден башкалар) иштебесе, белгиленген тартипте иш менен камсыз кылуу кызмат органдарында катталбаса балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун чектөө укугуна ээ болбойт.
31. Эгерде бир нече үй-бүлө бирге жашап, бирок бюджеттери башка болсо жөлөкпул ар бир үй-бүлөгө өзүнчө чектелет.
32. Социалдык өнүгүү органдары (айыл жергесинде жетектөөчү адис) жөлөкпул чектөөдө арыз берүүчүнү жөлөкпул төлөөнү токтотуп туруу, төлөмдөрдү токтотуу, же жөлөкпулдун суммасын өзгөртүүгө алып келүүчү кырдаалдар менен сөзсүз тааныштыруулары тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Бир ай аралыгында бардык тиешелүү документтер толукталган болсо жөлөкпул арыз берүүчүнүн жөлөкпул чектөөгө кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып чектелет.
Акыркы документти жөлөкпул алуу үчүн кайрылгандан бир ай өткөн соң тапшырса, анда жөлөкпул акыркы документти тапшырган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып чектелет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Документтер толук көлөмдө түшкөн учурдан кийин, жөлөкпул чектөө маселеси үйгө барууну, тапшырылган документтердин аныктыгын тастыктоону, СЖКМТга маалыматтарды кийирүүнү, протоколду жана төлөө үчүн документтерди толтурууну эске алганда бир айдан ашык эмес мөөнөттө каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул райондук коэффициентти эсепке алуу менен төлөнөт.
36. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.3. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулунун өлчөмүн эсептөөнүн тартиби
37. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулу төмөнкү өлчөмдөрдө чектелет:
- он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) - 810 сом өлчөмүндө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эгиздерге жөлөкпул - алардын ар бири үч жаш куракка жеткичекти кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө;
- үч жана андан көп эм төрөлгөндөгү жөлөкпул - алардын ар бири он алты жаш куракка жеткичекти кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 150 пайыз өлчөмүндө;
- (Алтынчы абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
- (Жетинчи абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308, 2015-жылдын 2-октябры № 675, 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомдорунун редакциясына ылайык)
37-1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган үй-бүлөлөргө төмөнкү өлчөмдөрдө чектелет:
- он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн 810 сом өлчөмүндө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эгиздерге жөлөкпул - алардын ар бири үч жашка жеткичекти райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 100 пайыз өлчөмүндө;
- үч жана андан көп эм төрөлгөндөгү жөлөкпул - алардын ар бири он алты жашка жеткичекти райондук коэффициентке көбөйтүлгөн кепилдик кылынган минималдуу кирешенин 150 пайыз өлчөмүндө;
- (Алтынчы абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
- (Жетинчи абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408, 2015-жылдын 2-октябры № 675, 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 498, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун кайра эсептөө тартиби
38. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулу төмөнкү учурларда кайрадан эсептелет:
- үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөндө;
- үй-бүлөнүн курамы өзгөргөндө;
- майыптуулугунун тобу өзгөргөндө (үй-бүлөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, майыптуулугу боюнча пенсия алган адам бар учурунда);
- райондук коэффициентти белгилөөдө (алып салууда), же анын өлчөмү өзгөргөндө;
- кепилдик кылынган минималдуу киреше өскөндө;
- жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын окуусун аяктаганда;
- окуунун күндүзгү бөлүмүндөгү баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери он сегиз жаш куракка толгондо.
- ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленгенде.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308, 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомдорунун редакциясына ылайык)
39. Үй-бүлөнүн курамындагы эгиздер үч жашка толгондо жөлөкпул кайрадан эсептелет. Мында ар бир балага жөлөкпулдун өлчөмү кайра эсептөө учуруна белгиленген он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпулдун белгиленген өлчөмүндө эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Үй-бүлөнүн курамындагы үч жана андан көп эм балдар он алты жашка толгондо жөлөкпул кайрадан эсептелет. Мында ар бир балага жөлөкпулдун өлчөмү кайра эсептөө учуруна белгиленген он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпулдун белгиленген өлчөмүндө эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябры № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Балдардын бирөө каза болгон учурда чектелген жөлөкпул жөлөкпул алуучу болгон ата-энеге (багуучуга) каза болгон айды кошуу менен төлөнөт. Жөлөкпулдун өлчөмүн кайрадан эсептөө каза болгон айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып жүргүзүлөт.
42. Жөлөкпул алуучу үй-бүлөдө бала төрөлсө жөлөкпулдун өлчөмүн кайрадан эсептөө арыз берүүчү болуп өткөн өзгөрүүлөр жөнүндө билдирген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып эсептелет.
3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөөгө жана эсептөөгө кайрылуунун тартиби
3.1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө үчүн кайрылуунун тартиби
43. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга жашы жеткен, эмгекке жарамдуу жарандар жашаган (катталган) жерлери боюнча социалдык өнүгүү органдарына ушул Жобого ылайык кайрыла алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтому менен 43-пунктун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
44. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алууга биринчи жолу кайрылган учурда социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген формага ылайык СЖКМТнын тиешелүү эсепке алуу журналында арыз ээсин каттоо жүргүзүлөт
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Эгерде ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектелүүгө тийиш болгон адамдын жашы жете элек, же эмгекке жарамсыз болсо, бул учурда жөлөкпул чектөө жөнүндө арыз анын ата-энеси (багып алгандар, камкордук көргөндөр) тарабынан берилет. Жашы жете элек, же эмгекке жарамсыз адамдын ата-энеси (багып алгандар, камкордук көргөндөр) башка жашашса, арыз жашы жете элек, же эмгекке жарамсыз адам бирге жашаган атасы, же энеси (багып алгандар, камкордук көргөндөр) тарабынан берилет.
46. Жашы жете элек, же эмгекке жарамсыз адам такай жашаган тиешелүү мекеме жашы жете элек, же эмгекке жарамсыз адамдын мыйзамдуу өкүлү болсо, анда ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө жөнүндө арыз социалдык өнүгүү органдарына ошол мекеменин дареги боюнча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө үчүн берилген документтерде тиешелүү документтер жок болгон учурда социалдык өнүгүү органдары арыз берүүчүгө кошумча алып келүүчү документтер, ошондой эле анын мөөнөттөрү жөнүндө түшүнүк берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Кайрылмандарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө катталган жери боюнча, иштеп жаткан мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок кайрылмандын күбөлүгүнүн мөөнөтүнөн ашпаган мезгилге жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
49. Адамды күбөлөндүргөн документ катары кайрылман миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген "кайрылмандын күбөлүгүн" көрсөтөт.
50. Социалдык өнүгүү органдары ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө үчүн арыз берүүчүлөргө тиешелүү документтерди алууда жана толтурууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт жана зарыл учурда көмөк көрсөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Арыз берүүчү өз алдынча социалдык өнүгүү органдарына арыз берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда (оорусуна, майыптыгына, ж.б. байланыштуу) айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү боюнча жетектөөчү адиси, же социалдык кызматкер арыз берүүчүгө тиешелүү документтерди топтоого, аларды социалдык коргоо органдарына жеткирүүгө жана тапшырууга жардам берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Кайрылманга майыптыгы боюнча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө үчүн медициналык-социалдык экспертиза тарабынан берилген маалымкат негиз боло алат.
Кайрылмандарды медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү кайрылман күбөлүгүн көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөөнүн тартиби
53. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, үй-бүлөнүн жан башына алган жыйынды кирешесин эсепке албастан эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет.
54. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга төмөнкүлөр укуктуу:
- он сегиз жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдар;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу адамдар;
- эркектер - 65 жаш куракка жеткенден кийин, аялдар - 60 жаш куракка жеткенден кийин - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо;
- баатыр энелер - 55 жаш курагына жеткенге чейин - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон багуучусунан ажыраган жетим балдар;
- ВИЧ/СПИД менен оорулуу энелерден төрөлгөн балдар, алар он сегиз айга толгон куракка чейин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул боюнча дайындалган иштер тууралуу маалыматты социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык СЖКМТнын тиешелүү эсепке алуу журналында социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адиси киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Эгерде ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын бир нече түрүн алууга укугу бар болгон учурда ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын бир нече түрүн алууга укугу бар арыз берүүчү адамга анын каалоосу боюнча бирөө гана чектелет.
Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун эки түрүн алууга (майыптыгы боюнча жөлөкпул жана багуучусунан ажыраган учурдагы, анын ичинде томолой жетимдерге жөлөкпул алууга) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (курагы) жыйырма үч жаш куракка толгонго чейин.
57. Эгерде ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөөгө берилген документтерге кошумча документтер керек болгон учурда алар ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга укугу пайда болгон күндөн тартып алты айдан көп эмес мезгилде (жетим балдарга жана багуучусунан ажыраган балдарга - он эки айдан көп эмес мезгилде) берилиши керек.
Акыркы документ көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилип берилген учурда арыз берүүчү акыркы керектүү документти көрсөткөн айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектелет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө үчүн ага укугу пайда болгон күндөн кийин 6 ай өткөн соң кайрылган учурда (жетим балдардын жана багуучусунан ажыраган балдардын жөлөкпулдары үчүн 12 ай өткөндөн кийин кайрылганда) ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул аны алууга кайрылган күндөн тартып 2 ай аралыгында бардык тиешелүү документтери топтолуп берилген болсо кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып чектелет.
Эгерде тиешелүү документтер эки ай өткөн мөөнөттөн кийин берилсе ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө акыркы документ берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып чектелет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар!
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 408 менен 58-п расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди
59. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөө жөнүндө документтер алар толук көлөмдө келип түшкөндөн кийинки 10 жумушчу күн аралыгында каралат.
3.3. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн эсептөөнүн тартиби
60. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар төмөнкү өлчөмдөрдө чектелет:
60.1. Балдарга:
- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ВИЧ-инфекция жана СПИД менен оорулуу энелерден төрөлгөн балдарга - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон томолой жетим балдарга, анын ичинде "жалгыз бой эне" статусу бар, каза болгон жалгыз бой энелердин балдарына - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон багуучусунан ажыраган балдарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 134, 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
60.2. Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга:
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген I топтогу адамдарга - 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген II топтогу адамдарга - 2500 (эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген III топтогу адамдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 428, 2012-жылдын 18-октябрындагы № 723 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
60.3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга:
- жалпы оорунун I тобундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, пенсиялык камсыздандырууга укугу жок адамдарга - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- жалпы оорунун II тобундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, пенсиялык камсыздандырууга укугу жок адамдарга - 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө;
- жалпы оорунун III тобундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, пенсиялык камсыздандырууга укугу жок адамдарга - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө.
60.4. Кары жарандарга:
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон баатыр энелерге - 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон улгайган жарандарга - 1000 (миң) сом өлчөмүндө;
- бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон шарттагы алыскы аймактарда жашаган улгайган жарандарга - 1000 (миң) сом өлчөмүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектелет:
- мамлекеттик толук камсыздандыруудагы балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун жалпы белгиленген өлчөмүнөн 25 пайыз өлчөмүндө;
- жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун жалпы белгиленген өлчөмүнөн 25 пайыз өлчөмүндө;
- мамлекеттик толук камсыздандырууда жүргөн мезгилинде ата-энесинен ажыраган (томолой жетим) балдарга - ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун толук өлчөмүндө;
- мамлекеттик толук эмес камсыздандырууда жүргөн балдарга - ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун толук өлчөмүндө;
- жашы жеткен, эркинен ажыратылган адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун жалпы белгиленген өлчөмүнөн 25 пайыз өлчөмүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга райондук коэффициентти эсепке алуу менен чектелет.
3.4. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду кайра эсептөөнүн тартиби
63. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду кайрадан эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү өзгөргөндө;
- майыптыгынын тобу өзгөргөндө;
- райондук коэффициентти белгилөөдө (алып салууда), же анын өлчөмү өзгөргөндө;
- ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучу адамдын ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун башка түрүн алууга өткөн учурунда.
64. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн кайрадан жаңы өлчөмдөрдө эсептеп чыгуу ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өзгөрүүсүн караган тиешелүү нормативдик актыда көрсөтүлгөн күн өзгөрүлсө ошол айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
4. Мамлекеттик жөлөкпул чектөөгө документтерди бекитүүнүн тартиби
65. Мамлекеттик жөлөкпулду (балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулу жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул) чектөө бардык тиешелүү документтер тиркелүүгө тийиш болгон белгиленген үлгүдөгү арыздын негизинде жүргүзүлөт.
66. Мамлекеттик жөлөкпул чектөө жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди дайындоо боюнча адиси мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо үчүн СЖКМТнын электрондук протоколун түзөт.
Социалдык өнүгүү башкармалыгынын начальниги бекиткен СЖКМТнын мамлекеттик жөлөкпулду дайындоонун электрондук протоколунун негизинде (электрондук протокол жок болгон учурда, кагаз жүзүндөгү протоколдун негизинде) мамлекеттик жөлөкпулду төлөөгө документтер таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
68. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулу жана ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул чектөөгө арыздын, мамлекеттик жөлөкпул чектөөгө протоколдун үлгүлөрү, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпул чектөө үчүн тиешелүү документтердин толук аталыштары социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
СЖКМТ техникалык себептер менен иштебегендиктен электрондук документтерди киргизүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген формаларга ылайык кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМТга киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 428, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
|
| Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө Жобого тиркеме |
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду чектөө үчүн жарандардын кайрылуусун жана комиссиянын чечимдерин каттоочу журнал (айыл жергесинде)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кайрылуу күнү | Арыз берүүчүнүн аты-жөнү | Арыз берүүчүнүн статусу (пенсионер, ишсиз, иши бар ж.б.) | Арыз берүүчүнүн жаш курагы | Дареги (шаардын/айылдык аймактын/кыштактын аталышы, көчөсү, үйдүн/батирдин номери) | Үй-бүлөнүн сандык курамы | Алардын ичинде: | Баш тартуу жана баш тартуунун себептери жөнүндө белгилер (кийин жөлөкпул алуудан баш тартканда толтурулат) | АҮСП(*) номери | Комиссиянын жыйынынын протоколунун номери | Үй-бүлөнүн жан башына бөлүнгөн орточо кирешеси | Комиссиянын чечими | СӨБгө(****) документтерди жиберген күн | Тиркелген маалым-каттардын саны | ||
балдар | эмгекке жарамсыз адамдар | Жалпы (**) | АҮСЖ(***) | |||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) АҮСП - аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту;
(**) жалпы жан башына бөлүнгөн орточо киреше - алынган кирешелердин бардык түрүн эске алуу менен үй-бүлөдө бир адамга эсептелген бир айлык киреше;
(***) АҮСЖ дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жан башына бөлүнгөн орточо кирешеси - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 токтому менен бекитилген "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык АҮСЖны дайындоодо эсепке алынган кирешелердин түрлөрүн эске алуу менен үй-бүлөдөгү бир адамга бир айлык киреше;
(****) СӨБ - Социалдык өнүгүү башкармалыгы.