Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-августу № 453

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 729 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 729 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу жөнүндө жободо:

- 18-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

«18. Директордун эки орун басары болот, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат жана директорго тикелей баш ийишет.»;

21-пункттагы - «орун басары» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Аппаратынын агроөнөржай жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев