Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-августу №477
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун укугун мурастоочу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №829 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 477 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Борбордун максаты жана милдеттери
III. Борбордун функциялары
IV. Борбордун укуктары
V. Борбордун ишин уюштуруу
VI. Борборду каржылоо
VII. Борборду өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор өзүнө бекитип берилген мүлк жагынан оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
4. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында эсептешүү (анын ичинде валюталык) эсеби болот жана мыйзамдарга ылайык банк мекемелеринде жаңы эсептерди ачууга укуктуу.
Борбордун расмий толук аталышы:
мамлекеттик тилде - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экпертизалоо борбору;
расмий тилде - Центр медико-социальной экспертизы лиц с ограниченными возможностями здоровья при Министерстве социального развития Кыргызской Республики.
Борбордун кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "МСЭ Борбору"
расмий тилде "Центр МСЭ".
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Борбордун юридикалык дареги: Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 144 А.
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды экпертизалоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча Борбордун корутундуларын менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, уюмдар аткарууга милдеттүү.
7. Борбордун максаты болуп жарандарды өз учурунда жана сапаттуу күбөлөндүрүүнү камсыз кылуу саналат.
8. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- медициналык-социалдык экспертизалоонун сапатын арттыруу;
- Борбордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасында майыптуулуктун структурасын өз учурунда жана сапаттуу эсепке алууну жана талдоону камсыз кылуу.
9. Борбор төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- медициналык-социалдык экспертизалоо кызматтарынын ишин координациялайт;
- аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга (мындан ары - МСЭК) усулдук жана уюштуруу жетекчилигин камсыз кылат;
- экспертизанын сапатын, негиздүүлүгүн арттырат, МСЭКтин иш практикасына экспертизанын илимий принциптерин жана ыкмаларын киргизет жана экспертизаны андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- майыптуулуктун көрсөткүчтөрүн талдоону жүргүзөт;
- аймактык МСЭКтердин жолдомолору боюнча жарандарды күбөлөндүрөт, зарылчылык болгон учурда саламаттык сактоо уюмдарында кошумча текшерүүнү жүргүзүү жана экспертизаны жүзөгө ашыруу үчүн кошумча зарыл маалыматты алуу менен күбөлөндүрөт;
- аймактык МСЭКтерде күбөлөндүрүүдөн өткөн жана алардын чечимине макул болбогон жарандардын кайрылууларын жана арыздарын карайт;
- өзгөчө татаал эксперттик учурларда жарандарды (Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкандар, эмгектик мертинүүгө, кесиптик ооруга дуушарланган адамдар, кызматтан бошотулган аскер кызматчылары жана башка жарандар) күбөлөндүрөт жана кайра күбөлөндүрөт;
- медициналык-социалдык экспертиза маселелери боюнча жарандарды кабыл алат жана жарандардын, иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик эмгек инспекциясынын жана башка арыз ээлеринин оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын өз учурунда жана толук карап чыгууну камсыз кылат;
- аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн жолдомосу боюнча:
а) жөлөкпул алууга көрсөтүлгөн мезгилде майыптуулук белгилери бар экендиги жөнүндө медициналык документтер боюнча көзү өткөндөн кийинки экспертизаны жүзөгө ашырат;
б) көрсөтүлгөн мезгилде майыптуулук белгилери бар экендиги жөнүндө медициналык документтер боюнча өткөн мезгил үчүн майыптуулукту белгилейт;
- медициналык документтер жана жабыркаган адамдын турмуш-тиричилигинде болгон чектөөлөрдүн эмгектик мертинүү же эмгектик милдеттерди аткарууга байланышкан ден соолугунун башкача бузулушу менен байланышын ырастаган документтер болгон учурда иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча өткөн мезгил үчүн:
а) көрсөтүлгөн мезгилде майыптуулук белгиси болгону жөнүндө маселелерди карайт;
б) майыптуулуктун себебин, майыптуулук келип чыккан мөөнөттү жана убакытты белгилейт;
в) кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасын, жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын белгилейт;
г) реабилитациялоонун техникалык каражаттарына, атайын транспорт каражаттарына муктаждыкты аныктайт, ден соолук абалына жеткиликтүү эмгектин жана кесиптердин шарттары менен түрлөрүн аныктайт;
- медициналык-социалдык экспертиза маселелери боюнча аймактык МСЭКтерге жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын врачтарына консультациялык жардам көрсөтөт, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана оорулууларды консультациялык күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;
- аймактык МСЭКтердин ишине жана экспертизасынын сапатына контролдук кылат, эксперттик чечимдердин тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерет (ден соолугунун мумкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды көзмө-көз, тыштан күбөлөндүрүү аркылуу), иш кагаздарын жүргүзүүнү иликтейт;
- эксперттик каталардын табылган учурлары боюнча каталардын алдын алуу жана аларды жоюу жагынан чараларды иштеп чыгат;
- ден соолугунун мумкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгууга катышат (медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын түрлөрүн, формаларын, мөөнөттөрүн, көлөмүн аныктайт, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат), ошондой эле аларды турмушка ашырууга контролдук кылат;
- майыптуулукка алып келүүчү факторлорду иликтөөгө жана майыптуулуктун алдын алуу жагынан комплекстүү программаларды иштеп чыгууга катышат;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маалымат базасын түзөт;
- жылдык статистикалык отчетторду түзөт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо жагынан иш жүргүзгөн аймактык социалдык коргоо органдары, саламаттык сактоо уюмдары, иш менен камсыз кылуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окуу жайлары, уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды экспертизалоо маселелерин коллегиясынын кароосуна коет;
- Борбордун жана аймактык МСЭКтердин кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Борбордун ишинин маселелери боюнча ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар менен келишим түзүүгө;
- медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү үчүн акы төлөтүүнүн негизинде консультанттарды (медициналык, юридикалык жана башка адистерди) тартууга;
- комиссиянын иши үчүн зарыл маалыматтарды саламаттык сактоо уюмдарынан, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардан алууга;
- МСЭКке жөнөтүлүүчү медициналык документтерди ойдогудай толтурууну саламаттык сактоо уюмдарынан талап кылууга, алардын тууралыгын жана объективдүүлүгүн контролдоого;
- саламаттык сактоо уюмдарынын, кесиптик бирликтердин, менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн МСЭКтин жыйындарына чакырууга;
- күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан жарандарды диагнозду тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүүгө;
- жарандарды (Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкандарды, эмгектик мертинүү алган, кесиптик ооруга дуушарланган жарандарды, кызматтан бошогон аскер кызматчыларын жана башка жарандарды) күбөлөндүрүүгө жана кайра күбөлөндүрүүгө сырттан, ал эми зарылчылык болгон учурда көзмө-көз контролдук кылууга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды контролдук күбөлөндүрүүнү, кайра күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө, аймактык МСЭКтердин чечимдери негизсиз болгондо бул чечимдерди өзгөртүүгө же жокко чыгарууга;
- аймактык МСЭКтердин жыйналыштарына катышууга;
- саламаттык сактоонун дарылоочу уюмдары үчүн Борбордун ишинин багыттары боюнча, анын ичинде Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда (КМКжКЖИ) конференцияларды, семинарларды, лекцияларды өткөрүүгө;
- акы албастан КМКжКЖИде ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн негизинде эксперт врачтардын, МСЭКтердин медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, кесиптик даярдоого, кайра даярдоого көмөк көрсөтүүгө;
- адистик боюнча квалификациялык категорияны берүү үчүн аттестициялоого документтерди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берүүгө;
- Борбордун жана аймактык МСЭКтердин врачтарын, медициналык персоналын аттестациялоодон өткөрүүгө.
11. Борбордун жогору турган органы болуп Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Борборго жогорку медициналык билими бар, Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу директор жетекчилик кылат.
13. Борбордун директору:
- Борбордун бардык бөлүмдөрүнө жалпы жетекчилик кылат, алардын ишин өз учурунда жана сапаттуу аткарууну уюштурат жана камсыз кылат;
- Борбордун кызматкерлерин, аймактык МСЭКтердин кызматкерлерин жана төрагаларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- эмгек мыйзамдарына ылайык жазалоо жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Борбордун жана аймактык МСЭКтердин ишинин маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
- иштеги жетишкендиктери жана көрсөткөн демилгеси үчүн МСЭ системасындагы кызматкерлерди мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Борбордун каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Борбордун кызматкерлери ички тартип эрежелерин сакташын камсыз кылат;
- бардык уюмдарда, соттук жана башка инстанцияларда Борбордун атынан иш алып барат;
- Борбордун жана аймактык МСЭКтердин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- экспертиза маселелерин жана Борбордун ишин карай турган Борбордун эксперттик кеңешин бекитет;
- аймактык МСЭКтердин ишинин пландарын жана графиктерин бекитет;
- Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жооп берет.
14. Борбордун курамына төмөнкүлөр кирет:
- эксперттик комиссия, борборлоштурулган каржылоо бөлүмү, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү (методисттер, кадр маселелери боюнча башкы адис);
- аймактык МСЭКтер.
15. Борбор аймактык МСЭКтерди Борбордун директору беките турган тизмеге ылайык дары-дармектер (алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечка) менен камсыз кылат.
16. Борбор ижара акысын төлөбөстөн, оорулууларды ар тараптан текшерүү үчүн зарыл шарттары (диагностикалык кабинеттери, лабораториялары) бар саламаттык сактоонун дарылоочу жана окутуучу уюмдарында жайгашат.
17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Борборго берүүчү жайлар аларга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эркин киришин камсыз кылууга, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы талаптарга жана коопсуздук техникасынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
18. Саламаттык сактоо уюмдары Борборго бере турган жайлардын аянты төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ылайык келүүгө тийиш:
- күтүү үчүн бөлмө - 24 чарчы метрден кем эмес;
- каттоо бөлүмү - 24 чарчы метрден кем эмес;
- эксперт врачтардын кабинети - 30 чарчы метрден кем эмес;
- архив үчүн жай - 24 чарчы метрден кем эмес.
19. Борбор катуу оорулууларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды үйүндө күбөлөндүрүү жана көчмө жыйналыштарды өткөрүү үчүн атайын транспорт менен камсыз кылынат.
20. Борбордун эксперттик чечимди кабыл алуучу комиссиясынын курамына ар кандай адистиктердеги кеминде 3-4 врач, ар кандай профилдеги адистер (эксперттик-реабилитациялоо диагностикасына муктаждыкка жараша), социалдык иш боюнча адистер жана психологдор кирет.
21. Борбордун эксперт врачтарына квалификациялык талаптар - жогорку медициналык билим, адистик боюнча кеминде 3 жыл иш стажы.
22. Кызматкерлердин кесипке ылайык келиши үч жылда бир жолу өткөрүлүүчү аттестациялоо менен аныкталат.
23. Борбордун комиссиясынын штаттык ченемине эксперттик чечимди кабыл алган адистердин бир нече курамы, функциялык диагностика, майыптардын кесиптик багыты жана эмгегин уюштуруу, аларды социалдык чөйрөдө багыттоо боюнча адистердин тобу, ошондой эле юридикалык консультация берүү жана маалыматтык-статистикалык камсыз кылуу кызматтарынын адистери кириши мүмкүн.
Борбордун алдында стационардык (диагностикалык, реабилитациялоочу) бөлүм түзүлүшү мүмкүн.
24. Комиссияларда улук медициналык айымдын, медициналык каттоочунун, санитарканын кызмат орундары каралат. Транспорт бар болгон учурда айдоочунун кызмат орду болот.
25. Борбор усулдук иштерди аткаруу үчүн Борбордун эксперттик комиссиясына жумасына бир жумушчу күнүн белгилөөгө укуктуу.
26. Эксперттик комиссиянын чечими экспертизаны жүргүзгөн комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен коллегиялуу түрдө кабыл алынат. Добуштардын саны жуп болуп калган учурда Борбордун директору жактап добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
27. Борбор өз ишиңде белгиленген тартипте бекитилген так отчеттогу баштапкы эсептик-отчеттук документтердин жана бланктардын формаларын пайдаланат.
28. Борборду каржылоо республикалык бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын (демөөрчүлөрдүн жардамынын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын) эсебинен жүзөгө ашырылат.
29. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
30. Борбордун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
31. Борбордун иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
32. Жоюлган учурда документтер "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.