Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 570
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2017-жылдын 14-декабрындагы № 675, 2022-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза кызматын өркүндөтүү, кызматты социалдык факторлорго багыттоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. «Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 477 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |