Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги N 180 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-августу № 504
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин күжүрмөн кызматтык ишин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 504 токтому менен бекитилген |
I бап. Күжүрмөн-кызматтык иштин негиздери
1. Жалпы жоболор
2. Өзгөчө маанилүү жана режимдик объектилерди кайтаруунун негиздери
3. Улук ыкчам башчылардын укуктары жана милдеттери
II бап. Аскерлерди башкаруу
1. Жалпы жоболор
2. Чечимдерди кабыл алуу, пландаштыруу жана тапшырмаларды коюу
3. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууга күч жана каражаттарды даярдоо
4. Өз ара аракетти уюштуруу
5. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууну контролдоо
жана бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) жардам көрсөтүү
6. Күжүрмөн кызматты күчөтүү
7. Тартиптик жосундарды, кылмыштарды, кырсыктарды жана күжүрмөн кызмат өтөөнүн эрежесин бузууларды кызматтык
териштирүү
8. Башкаруу пункттары жана байланышты уюштуруу
III бап. Тарбиялык жана социалдык-укуктук иштер
1. Жалпы жоболор
2. Тарбиялык жана социалдык-укуктук иштердин милдеттери
3. Тарбиялык иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат адамдарынын милдеттери
4. Кароолдун жана аскердик кезметтин өздүк курамы менен тарбиялык иштер
5. Өзгөчө жагдайлардагы тапшырмаларды аткаруу шартында тарбиялык иштер
IV бап. Өткөрүү режими
1. Жалпы жоболор
2. Өткөрүүнүн түрлөрү жана топтору
V бап. Кароол жана аскердик кезмет
1. Жалпы жоболор
2. Кароолдун жана аскердик кезметтин милдеттери
3. Орду-ордуна коюуга тизилүү жана кароолдордун, аскердик кезметтердин алмаштыруусу
4. Кароолдун ички тартиби
5. Кароолду (аскердик кезметти) текшерүү
6. Пароль, шарттуу сөз жана жооп сөз
VI бап. Атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча уюштуруунун жана күжүрмөн кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Жалпы жоболор
2. Кароолдорду даярдоо
3. Кароолдун күжүрмөн кызматы
VII бап. Коомдук тартипти кайтаруу
1. Жалпы жоболор
2. Кайгуул-күзөттүк кызмат
3. Жалпы иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо үчүн кызматты уюштуруунун жана жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
VIII бап. Окуялар жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттер
1. Жалпы жоболор
2. Кароолдун (аскердик кезметтин) окуялар учурундагы аракеттери
3. Окуялар учурундагы бөлүнүштүн аракеттери
4. Аскерлердин атайын операциядагы иш-аракеттери
5. Эпидемия жана эпизоотия чыкканда карантиндик иш-чараларды камсыздоо
IX бап. Ооруктук жана техникалык камсыздоо
1. Жалпы жоболор
2. Өздүк курамды курал-жарак, атайын каражаттар жана
коргонуу каражаттары менен камсыздоо
3. Машиналарды пайдалануу
4. Тамактандырууну уюштуруу
5. Кийим-кече менен камсыздоо
6. Кароолдорду жана аскердик кезметтерди жайгаштыруу
7. Медициналык камсыздоо
8. Ветеринардык камсыздоо
9. Өзгөчө кырдаалдар учурунда ооруктук жана техникалык камсыздоо
1-тиркеме. Объектилердеги кароол жайларын жабдуу үчүн мүлктөрдүн тизмеси
2-тиркеме. Бөлүктөрдүн нөөмөт бөлүнүштөрүнүн жана курама отряддарынын курал-жарак, техника жана башка материалдык каражаттарынын тизмеси
I бап
Күжүрмөн-кызматтык иштин негиздери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматчылары күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды моралдык жана кара күчтү толугу менен колдонуп, туруктуулукту, кайраттуулукту, эр жүрөктүүлүктү, көтөрүмдүүлүктү, чынчылдыкты жана сатылбастыкты, пайдалуу демилгени жана тапкычтыкты көрсөтүү жана мыйзамдуулукту бекем сактоо менен аткарууга милдеттүү.
Аскер жамааттарынын Аскердик антка бек туруусу, жогорку моралдык духу, баамдуулугу, кыраакылыгы, эң мыкты күжүрмөн дасыккандыктары, психологиялык жактан даярдыгы, жогорку аскердик тартиптүүлүгү, кара күчтүк чыңдыгы жана күжүрмөн биримдиги - күжүрмөн кызматтагы ийгиликтерге жетишүүнүн маанилүү шарттары.
2. Ички аскерлерге Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жетекчилик кылат, ал эми түздөн-түз башкарууну - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин колбашчысы жүргүзөт.
3. "Кыргыз Республикасынын Коргонуу жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери (мындан ары - ички аскерлер) Куралдуу Күчтөр менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы иштеп чыккан планга ылайык Кыргыз Республикасын коргоону уюштурууга жана куралдуу коргоого катышат.
4. Аскерлердин, бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн күжүрмөн-кызматтык иши төмөнкүлөрдү камтыйт: коюлган тапшырмаларды аткарууну уюштуруу, күжүрмөн кызматты өтөө, күтүлбөгөн жерден тапшырмалар пайда болгондо, өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттер жана ички аскерлерди ар тараптуу камсыздоо.
Күжүрмөн кызмат кароолдук жана кайгуул-күзөттүк болуп бөлүнөт.
Күжүрмөн кызмат өтөө күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу болуп эсептелет. Күжүрмөн кызматтын эрежелерин бузган күнөөлүүлөр тартиптик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
5. Ички аскерлердин бөлүктөрүнөн жана бөлүнүштөрүнөн дайындалган кароолдорго жана аскердик кезметтерге күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруу учурунда төмөнкү укуктар берилет:
- Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарында каралган кайтарууга алынган объектилердин текшерип-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүлүп жаткан транспорттук каражаттарга жана жүктөргө кароо жүргүзүү;
- кайтарууга алынган объектилерге кирүүгө (чыгууга) аракет кылгандардын же аталган объектилерге, кароолдук жайларга, күзөтчүгө жана башка кароолдорго кол салгандардын изине түшүү, издөө, кармоо, зарыл учурда тинтүү жүргүзүү жана ички иштер же улуттук коопсуздук органына өткөрүп берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча кайтарууга алынган объектилерге кирүүгө (чыгууга) аракет кылгандарды же аталган объектилерге, кароолдук жайларга, күзөтчүгө жана кароолдун башка адамдарына кол салгандарды издөө жана кармоо боюнча ички аскерлердин аракет көрүү учурунда жергиликтүү аймактарга, кээ бир курулма жана башка объектилерге тосуп-чектөөнү жүргүзүү;
- ички аскерлер аракет көрүүчү аймактарда ички иштер органдарынын жол-кайгуул кызматынын кызматчылары менен бирдикте издөөдөгүлөрдү кармоо максатында автоунааларды токтотуу жана текшерип кароо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте куралды, күжүрмөн жана атайын техникаларды, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонуу.
Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда аскердик бөлүктөр жана бөлүнүштөр күжүрмөн кызмат өтөгөн жерге жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн аймакка кароолдорду жана аскердик кезметтерди жайгаштыра алат.
Ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоого тартылган Ички аскерлердин аскердик кезметтеринин укуктары ушул Уставга ылайык аныкталат.
6. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмалардын көлөмү кароолдор, аскердик кезметтер тартылган өзгөчө маанилүү жана башка кайтарууга алынган объектилердин саны, кайгуул-күзөт кызматынын каттамдарынын саны, ошондой эле орточо суткалык күзөттүн саны менен (суткалык эсептөөдө) белгиленет. Аны убактысынын эсеби кароолдордун жана аскердик кезметтердин башчыларынын, алардын жардамчыларынын, транспорттук каражаттардын айдоочулардын жана башка кароолдун, аскердик кезметтин кызматчыларынын күзөттөгү суткалык эсебин чыгаруу менен жүргүзүлөт.
7. Ички аскерлер тарабынан күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруу үчүн өздүк курам, курал, күжүрмөн жана атайын техникалар, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары, байланыш каражаттары жана башкарууну автоматташтыруу, транспорттук каражаттар, кызматтык иттер, атайын каражаттар колдонулат.
Күч жана каражаттар комплекстүү жана белгиленген ченем боюнча колдонулат. Буга кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын жигердүү колдонуу; өздүк курамды белгиленген ченемдерди сактоо менен колдонуу; кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын өркүндөтүү жана аларды такай бузулбаган абалда кармоо; объектилерди кайтарууда кызматтык иттерди жигердүү пайдалануу менен өздүк курамды пайдаланууну билгичтикте айкалыштыруунун негизинде кайтаруу тутумун туура түзүү аркылуу жетишилет.
8. Аскер кызматчылар күжүрмөн тапшырманы кароолдун курамында кароолдордун разводу бүткөндөн тартып (күжүрмөн кызматка буйрук алгандан) кароол алмашканга (бөлүккө, бөлүнүшкө келгенде тапшырманы аткаргандыгы жөнүндө баяндаганга) чейин аткарышат.
Аскер кызматчыларынын кызматтык жүгү тикеден-тике күзөттөрдөгү сутка ичинде 8 сааттан ашпашы керек.
9. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда өздүк курам штаттык куралды пайдаланат. Кароолдор жана бөлүнүштөр химиялык коргонуу каражаттары менен камсыздалат.
Күжүрмөн жана атайын техникалар объектилерди кайтарууда жана кароодо, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, террористтик топторду жана уюмдарды жоюу, алардын базаларын (кампаларын), коммуникацияларын жок кылуу боюнча аракеттерди көрүү учурунда, куралдуу кылмышкерлерди колго түшүрүүдө, ошондой эле кырдаал курчуган учурда өзгөчө маанилүү объектилерди кайтарууну күчөтүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте колдонулат.
10. Кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарына кирүүгө тыюу салынган тилкеге, текшерип-өткөрүү пунктуна жана кайтарылуучу объекттердин режимдик жайларына орнотулган ар кандай инженердик курулмалар жана тосмолор, белги берүүчү каражаттар, байланыш, автоматика, телемеханика жана механизациялар, жарык берүүчү жана байкоо жүргүзүүчү каражаттар кирет.
Кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары объектилерди кайтаруунун ишенимдүүлүгүн, күжүрмөн кызмат өтөө үчүн блокпосттордо кароолдорго зарыл шарттарды түзүүнү камсыздоо үчүн колдонулат.
11. Байланыш каражаттары карамагындагы аскердик бөлүктөргө, бөлүнүштөргө, кароолдорго үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу, ошондой эле бирге кызматташуучу органдар менен байланышты сактоо үчүн арналган.
12. Транспорттук каражаттар (автоунаалар, мотоциклдер, катерлер жана башкалар) күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда өздүк курамды, аскердик жүктөрдү ташуу үчүн, кароолдордо кызмат өтөө, укук бузуучуларды жана кылмыш жасаган адамдарды кармоо жана ички иштер органдарына жеткирүү үчүн пайдаланылат.
13. Кызматтык иттер объектилерди кайтарууну күчөтүү, укук бузуучуларды издөө жана кармоо үчүн, ошондой эле башка күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда колдонулат. Издөө салуучу иттер дайыма пайдаланууга даяр кармалып турат. Кароолдук иттер кирүүгө тыюу салынган тилкелердин солгунураак жерлерин кайтарууну күчөтүү үчүн блокпостторго коюлат.
14. Аскердик бирикмелер жана бөлүктөрдү өтө жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин буйругуна ылайык жүргүзүлөт.
15. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда ички аскерлердин бөлүнүштөрү ички аскерлердин кошуна бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук, коргоо жана өзгөчө кырдаалдар органдары менен өз ара бирге аракеттенишет. Ички аскерлердин бөлүктөрү менен биргелешкен аракеттерде пайдаланылуучу өз ара аракеттенүүчү бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн жана органдардын күчтөрү жана каражаттары макулдашылган пландарда көрсөтүлөт.
2. Өзгөчө маанилүү жана режимдик объектилерди кайтаруунун негиздери
16. Объектилерди кайтаруу объектинин сакталышын камсыздоо жана объектилерге тартип бузуучулардын киришине (чыгышына) жол бербөө максатында ишке ашырылуучу объектилердин администрациялары жана өз ара бирге аракеттешүүчү органдардын ыкчам, режимдик, инженердик-техникалык жана башка иш-чаралар менен бирге жүргүзүлүүчү аскердик аракеттердин топтому.
Объектилерди кайтаруу текшерип-өткөрүү пункту жана режимдик жайлардын периметри боюнча уюштурулат.
Объектилерди кайтарууга коюлуучу башкы талап болуп анын ишенимдүүлүгү эсептелет, ага кайтаруунун тутумун билгичтикте түзүү менен, кайтаруунун кыйла максаттуу ыкмаларын колдонуу менен, күжүрмөн кызматты туура уюштуруу жана так өтөө менен жетишилет.
17. Объектилерди кайтаруу тутуму - бул жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу боюнча аракет көрүү үчүн күчтү жана каражаттары комплекстүү колдонуу. Ал объектинин мүнөзүнө жана өзгөчөлүктөрүнө жооп бериши керек, түпкүлүктүүлүккө ээ болушу жана күчтөр менен каражаттарды кыйла натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууну камсыздашы керек.
Кайтаруу тутумун уюштурууда төмөнкүлөр белгиленет:
- объектилерди кайтаруу ыкмалары;
- кароолдордун саны, алардын курамы, кайтаруу аймактары жана аракет көрүүнүн тартиби, кароолдук жайлардын жайгашкан жерлери;
- текшерип-өткөрүү пункттарынын саны жана түрү;
- күзөттөрдүн саны, түрү жана арналышы, алардын жайгашуу орду жана аймагынын узундугу;
- кирүүгө тыюу салынган тилкенин, текшерип-өткөрүү пунктунун жана режимдик жайлардын кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары менен жабдыланыш мүнөзү, алардын тыгыздыгы жана жайгаштыруу тартиби.
Объектини кайтаруу чеги кирүүгө тыюу салынган тилкеде жана кайтарылуучу режимдик жайларда күч жана каражаттардын чектер боюнча жайгашуусунун, өзгөчө кырдаалдар учурунда объектинин чегинен тышкары райондук кароолдордун дайындалышынын эсебинен түзүлөт.
18. Объектини кайтаруу кароолдору төмөнкү ыкмалар менен: күзөттөргө күзөтчүлөрдү коюу, ыкчам нөөмөт ыкмасы, аралаш ыкма жана видеобайкоо каражаттары менен жүргүзүлөт.
19. Күзөтчүлөр тарабынан объектини кайтаруу үчүн текшерип-өткөрүү пункттарында жана режимдик жайларда периметри боюнча күзөттөр орноштурулат.
Күзөтчүлөр объектинин периметри боюнча кирүүгө тыюу салынган тилкеде күзөттөрдүн аймактарын айланып өтүү менен жана байкоо жүргүзүү менен кызмат өтөшөт. Күзөттөрдүн аймактары кирүүгө тыюу салынган тилкенин жабдыланышына жараша жана жергиликтүү шарттарга жараша 500 метрге чейинки аралыкта дайындалышат.
Режимдик жайлардын текшерип-өткөрүү пунктунда жана текшерип-өткөрүү күзөтүндө, ал эми зарыл учурда татаал шарттары болгон аймактарда объектинин периметри боюнча жылбай турган күзөтчүлөр коюлат.
20. Ыкчам нөөмөттүк ыкмасы объектини кайтарууда периметри жана кайтаруунун толук инженердик-техникалык каражаттары менен жабдылган режимдик жайларда колдонулат жана кайтаруунун техникалык каражаттарын башкаруу пультунда оператордун үзгүлтүксүз нөөмөттө болуу жана кароолдун резервдеги тобунун тревога белгиси боюнча аракеттерге такай даярдыкта турушу менен мүнөздөлөт.
Көзөмөлдүк-издик тилкелердин абалдарын, объектинин аймагын жана ага караштуу жерлердин тосмолорун кароону жана байкоону мезгил-мезгили менен текшерүү үчүн резервдеги топторду курамынан график боюнча тыюу салынган зонада кызмат өтөөчү күзөтчүлөрдү кароолдун бардык аймагы же канаттарынын бири боюнча кайгуулдоо ыкмасы менен жиберилет.
Күзөтчүлөр жөө же транспорттук каражаттар менен кезметтердин катарына байланыш каражаттар боюнча кыска аялдама жасоо менен байланыш каражаттары аркылуу кароолдун башчысына кызмат өтөө тууралуу баяндама берүү үчүн жайгаштырылат. Кыш мезгилинде алар лыжа менен жүрүшү мүмкүн.
Резервдик топторду тартип бузулган жерге жеткирүү жана күзөтчүлөрдүн жүрүшү үчүн транспорт каражаттары (автоунаалар, мотоциклдер) бөлүнүшү мүмкүн.
21. Объектини периметри боюнча кайтаруучу кароолго участок дайындалат, анын узундугу объектинин өзгөчөлүгүнө, тыюу салынган зонанын инженердик-техникалык жабдуунун абалына, аймактын мүнөзүнө жана тактикалык бөтөнчөлүгүнө, транспорт каражаттарынын болушуна жараша болот. Объекти кайтаруу кароолдун курамынан 4 км ге чейин күзөтчүлөрдү коюу же 6 км ге чейин ыкчам нөөмөттүк ыкма менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Кароолдук жайлар адатта участоктун көбүнчө борборунда жайгаштырылат.
22. Кароолдун эсеби жана курамы объектини кайтарууда күзөтчүлөр тарабынан белгиленген посттордун саны боюнча аныкталат. Мында бир кароолго 20дан ашпаган пост кирет, ал эми кароолдордун алмашуусу 1,5 сааттан ашпашы керек.
Ар бир суткалык күзөткө үч смендик күзөтчүлөр, жарым суткалык күзөткө - эки смендик күзөтчү дайындалат.
23. Объектини периметри боюнча кайтарууда кароолдун саны ыкчам нөөмөттүк ыкма менен тартип бузуучуларды кармоо боюнча жана кайтарылуучу объектилердеги кырсыктуу окуялар учурунда аракеттерди көрүү үчүн зарыл болгон резервдик топторду түзүүнү эске алуу менен, ошондой эле резервдик топтордун эсебинен кырдаалдын татаал шарттарында күзөтчүлөрдү коюу жолу менен объектини кайтаруу мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын Уставынын 96-пунктунун талаптарына ылайык аныкталат.
Режимдик жайларды кайтарууда ыкчам нөөмөт ыкмасы менен 25 режимдик жайдын ар бирине 5 бирдик эсебинде бөлүнөт.
Мындан тышкары күжүрмөн кызмат өтөө үчүн текшерип-өткөрүү постунда, техникалык каражаттарды башкаруу пультунда кароолдор, ал эми зарыл учурларда транспорттук каражаттардын айдоочулары каралат.
24. Текшерип-өткөрүү пункттары арналышы боюнча автотранспорттук, темир жолдук жана адамдарды өткөрүү үчүн болуп бөлүнөт.
25. Текшерип-өткөрүү пунктунун саны жана жайгашуусу объектке (объекттен) режимдик талаптарды сактоо менен кызматчыларды жана транспорттук каражаттарды уюшкандыкта жана өз учурунда өткөрүүнү камсыздагыдай эсеп менен аныкталат.
Текшерип-өткөрүү пунктунун өтүүчү жерлеринин саны кызматчылардын бир сменасын белгилүү бир убакытта өткөрүүнү камсыздоонун эсебине карата белгиленет. Өтүүчү жерлердин ар бирине өткөрмөнү текшерүү үчүн бирден күзөтчү коюлат. Мында текшерип-өткөрүү пунктунун өтүүчү жерлери аркылуу 1 саат ичинде күзөтчү тарабынан өтүүнүн максималдуу мүмкүнчүлүгү эске алынат: механикалык (жарым автоматташтырылган) кабина менен жабдылган - 600 адамга чейин, кол менен тейлөө кабинасы - 600 адамга чейин.
Автотранспорттук же темир жол текшерип-өткөрүү пункттарынын ар бирин кайтаруу үчүн күзөтчүлөр коюлат.
Транспортту текшерүү жана өткөрүү үчүн ар бир текшерүүчү аянтчадагы кыймылдын тездигине жараша бир же эки күзөтчү коюлат. Текшерип-өткөрүү пунктунун автоунаалардын текшерүүчү аянтчаларынын (өтмөлөрдүн) саны бир саатта 20 автоунааны өткөрүү эсебинде белгиленет.
Темир жолдук текшерип-өткөрүү пунктунда күзөтчүдөн тышкары, аларды кайтаруу үчүн текшерүүчү топтор да дайындалат.
26. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрү тарабынан кайтарууга алынган объектилер периметри боюнча текшерип-өткөрүү пункту, режимдик жайлар кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары менен жабдылат.
Объектини кайтаруу үчүн периметри боюнча ыкчам нөөмөт ыкмасы менен тыюу салынган зона байкагыч аймакчанын ар түрдүү формасында экиден кем эмес сигнализация менен жабдылат.
Калган бардык учурда тыюу салынган зона өнөр жайлык өндүрүүнүн бирден кем эмес сигнализациясы менен жабдылат.
Ар бир режимдик жай ыкчам нөөмөт ыкмасы менен кайтаруу үчүн бир-эки электрондук сигнализатор менен жабдылат. Режимдик жайлардын эшиктери, мындан тышкары электр-механикалык билдиргичтер менен жабдылат.
Күзөтчүлөр тарабынан кайтарылган режимдик жай сигнализациянын бир түрү менен жабдылат.
27. Объектини кайтаруунун тутуму жана ыкмасы аны кайтарууга кабыл алуу учурунда аныкталат.
Объектини кайтаруунун тутумун жана ыкмасын өзгөртүү объект карамагына кирген режимдик-жашыруун органдын жана ички аскерлердин колбашчылыгынын биргелешкен чечиминин негизинде ишке ашырылат. Объектин кайтарууга кабыл алуу жөнүндө кабыл алынган чечимге ылайык объектинин режимдик-жашыруун органынын жана аскердик бөлүктүн өкүлдөрүнөн комиссия түзүлөт, ал кайтаруунун жаңы тутумун, объектини кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары менен жабдуу (толуктап жабдуу) боюнча иш-чараларды, аларды аткаруу мөөнөттөрүн аныктайт.
Кайтаруунун жаңы тутумуна жана ыкмасына өтүү жогоруда аталган комиссиянын актысында каралган иш-чаралар толук аткарылгандан кийин жүргүзүлөт.
28. Ички аскерлердин колбашчысы, бирикменин (бөлүктүн) командири объектинин администрациясы менен бирдикте бөлүнгөн сандын чегинде кайтаруу тутумуна айрым өзгөртүүлөрдү киргизе алышат.
Ар бир учурда кайтаруу тутумуна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү комиссиянын актысы менен таризделет. Акт Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик улуттук коопсуздук органы менен макулдашылат жана объекттин жетекчиси же режим боюнча анын орунбасары жана аскердик бөлүктүн командири тарабынан бекитилет. Актынын негизинде кароолдордун кызматтык иш-кагаздарына зарыл өзгөртүүлөр киргизилет.
29. Айрым учурларда объекттин администрациясынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча ички аскерлердин колбашчысынын, бирикменин (бөлүктүн) командири тарабынан даяр продукцияны, режимдик жайларды жана убактылуу текшерип-өткөрүү пунктун кайтаруу үчүн 3 суткадан ашпаган 1-2 убактылуу посттор белгиленет. Ар бир убактылуу постко посттук табель таризделет.
Кырдаалга жараша ички аскерлердин колбашчысы, бирикменин (бөлүктүн) командири кошумча постторду белгилейт же тыюу салынган зонада жана объектти кайтаруунун ишенимдүүлүгүн бошоңдотпостон текшерип-өткөрүү пунктунда посттордун санын кыскартат, периметрдин айрым участокторунда посттордун жайгашуусун, күзөтчүлөр тарабынан кызмат өтөөнүн тартибин жана ыкмаларын өзгөртөт.
Бул өзгөртүүлөр кайтаруу тутумунда командирлердин чечиминде, посттордун табелдеринде жана кароолдордун күжүрмөн кызматтык пландарында көрсөтүлөт, ал эми посттордун санын кыскартуу объекттин администрациясы менен макулдашылат.
30. Өзгөчө маанилүү жана режимдик объектилер бирикме (бөлүк) тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун (буйруктарын) аткаруу үчүн ички аскерлердин колбашчысынын буйругу боюнча кайтарууга кабыл алынат.
Ички аскерлер менен объекттин администрациясынын ортосундагы келишим объектини кайтаруу тутумун жана ыкмасын, аскердик кайтаруунун санын жана ички аскерлер менен кайтарылуучу объекттин администрациясынын кызматкеринин өз ара мамилесин аныктайт.
3. Улук ыкчам башчылардын укуктары жана милдеттери
31. Улук ыкчам башчылар болуп: областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын башчылары - ички аскерлердин аймактар боюнча аскердик бирикме жана бөлүктөрүнүн командирлерине карата эсептелет.
32. Улук ыкчам башчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аскердик бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командирлери менен бирге коюлган күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) толуктугун, өз учурундалыгын жана аткаруу сапатын баалоого;
- ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командирлери менен бирге ушул Уставдын 72-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда кылмыштарга жана кырсыктарга кызматтык териштирүү жүргүзүүгө;
- пайдаланылуудагы кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарынын абалын жана пайдаланылышын, ошондой эле бөлүккө (бөлүнүшкө) берилген жайларды жана жабдууларды текшерүүгө;
- бирикменин (бөлүктүн) командири менен бирге объекттин администрациясынын, ички иштер органдарынын, аскердик бөлүктөрдүн жана бөлүнүштөрдүн күчтөрүн жана каражаттарын объектилерди, коомдук тартипти кайтарууда комплекстүү колдонууну, кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу үчүн аскер күчтөрүн жана каражаттарын туура жана үнөмдүү пайдаланууну камсыздоого;
- ыкчам кырдаалды системалуу иликтөөгө, алардын өзгөрүшү боюнча ага тийиштүү аскердик бөлүктүн командирлерине билдирүүгө, биргелешкен конкреттүү чараларды көрүүгө; ар дайым жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу боюнча администрация менен аскердик бөлүктөрдүн ортосундагы өз ара бирге аракеттердин сакталышын көзөмөлдөөгө;
- биргелешкен машыгууларды, окуу-машыгууларды дайыма жүргүзүү жолу менен күчтөрдү жана каражаттарды ар тараптуу даярдоого, өзгөчө кырдаалдар учурунда аскердик бөлүктөр (бөлүнүштөр) менен жолго салынган аракеттерге алардын жогорку даярдыгын колдоого;
- аскердик бөлүктөрдүн күжүрмөндүк жана мобилизациялык даярдыктарын жогорулатууга, окуу-машыгууларды жакшыртууга, аскердик тартипти жана өздүк курамдын моралдык абалын бекемдөөгө ар тараптуу көмөктөшүүгө;
- аскердик бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн, кароолдордун, аскердик кезметтердин өздүк курамына күжүрмөн кызмат өтөө үчүн жакшы шарттарды, күжүрмөн жана мамлекеттик даярдыкты уюштурууну, тарбия иштерин жана эс алууну камсыздоого дайыма камкордук көрүүгө; объектинин балансындагы аскердик шаарчалардын имараттарын, жайларын жана башка курулмаларын кайтаруу боюнча инженердик-техникалык каражаттарга капиталдык жана учурдагы оңдоону объектинин күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсебинен уюштурууга.
II бап
Аскерлерди башкаруу
1. Жалпы жоболор
33. Ички аскерлерди башкаруу - бул аскердик бөлүктөрдү, бөлүнүштөрдү дайыма күжүрмөн даярдыкта кармоо, аларды иш-аракеттерге даярдоо жана коюлган тапшырмаларды аткаруу учурунда аларга жетекчилик кылуу боюнча командирлердин, штабдардын жана кызматтардын максаттуу иши.
Ички аскерлерди башкаруу төмөнкүлөрдү камтыйт: кырдаал тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз, аракет кылуу менен топтоо, талдоо жана жалпылоо; чечим кабыл алуу; карамагындагыларга тапшырма берүү; тапшырмаларды аткарууну пландаштыруу; биргелешкен аракеттерди уюштуруу жана сактоо; аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу жана ар тараптуу камсыздоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу; башкаруу тутумун уюштуруу; аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүнүштөрүнүн күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууга даярдыгына түздөн-түз жетекчилик кылуу; аскердик бөлүктөрдүн жана бөлүнүштөрдүн жүктөлгөн тапшырмаларды аткарышын контролдоо жана аларга жардам көрсөтүү.
Аскерлерди башкаруу туруктуу, ыкчам, жашыруун болуп, төмөнкүлөрдү камтышы керек: аскердик бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана бөлүнүштөрдүн күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды өз учурунда, толук жана сапаттуу аткарышын; күч жана каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну, аскердик бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана бөлүнүштөрдүн ишинин чечүүчү багыттарына күч-аракеттерди топтоону; кырдаалдын кескин өзгөрүшүндө жана өзгөчө кырдаалдарда иш-чараларды так уюштурууну жана өткөрүүнү, күтүлбөгөн тапшырмаларды аткарууга даяр болууну.
34. Ички аскерлерди (бирикмелер, бөлүктөр) башкарууну колбашчы жеке өзү жана штаб аркылуу, ошондой эле өзүнүн орун басарлары жана кызмат башчылары аркылуу жүргүзөт. Ал ар дайым кырдаалды, күжүрмөн даярдыктын абалын жана карамагындагы аскердик бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) камсыздалышын, алардын тапшырмаларды аткарышын, жеке өзү аскердик бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) ишинин жыйынтыгы айрыкча татаал кырдаалдарда тапшырмаларды аткаргандар менен жеринен таанышып, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүнө өз учурунда таасир берүүгө милдеттүү.
Ички аскерлердин колбашчысы, аскердик бирикменин (бөлүктүн) командири кырдаалды баалоого, милдетти аныктоого жана өз учурунда чечим кабыл алууга, карамагындагыларга тапшырмаларды берүүгө жана аскердик бирикмелердин, бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) ишин контролдоого милдеттүү.
35. Ички аскерлердин колбашчылыгы ички аскерлерди башкаруунун негизги органы болуп эсептелет. Өзүнүн бүткүл ишин аскерлердин командачылыгы ички аскерлердин колбашчысынын чечиминин жана аскерлердин штаб башчысынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде уюштурат.
Ички аскерлердин колбашчылыгы аскердик бөлүктөрдө жана бөлүнүштөрүндө кызмат өтөгөн, башкаруунун функционалдык милдеттерин толук көлөмдө аткара алуучу тажрыйбалуу офицерлерден толукталат.
Штабдын ишинде негизги болуп кырдаалды такай билип туруу, аскерлердин күжүрмөн даярдыгын сактоо, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууну уюштуруу жана ар кандай шарттарда башкарууну камсыздоо эсептелет.
36. Ички аскерлердин (бирикмелердин, бөлүктөрдүн) штаб башчысы аскерлерди (бөлүктөрдү жана бөлүнүштөрдү) үзгүлтүксүз башкарууну сактоого, алардын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгына, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууга, аскерлерди (бирикмелерди, бөлүктөрдү жана бөлүнүштөрдү) башкарууну камсыздоочу штабды жана бөлүнүштөрдү даярдоого; күжүрмөн камсыздоону уюштурууга жооп берет. Ал штабдын ишинин жана аскерлерди (бирикмелерди, бөлүктөрдү) бардык башкаруунун негизги уюштуруучусу болуп эсептелет, ички аскерлердин колбашчысынын орун басарларынын (бирикмелердин, бөлүктөрдүн командиринин), аскер колбашчылыгынын башкармалыктарынын башчыларынын жана өз алдынча кызматтардын башчыларынын (бирикмелердин, бөлүктөрдүн кызмат башчыларынын) иштерин жеке өзү макулдашат, аларга алынган тапшырмалар жана кырдаал тууралуу маалымат берет, колбашчынын (командирдин) чечимдерин кабыл алуу үчүн маалыматтарды даярдоону уюштурат.
Штаб башчысы ар дайым кырдаалды билүүгө, алардын мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдүн алдын ала көрө билүүгө жана ички аскерлердин колбашчысына баяндоого даяр болууга, кырдаалдардан бүтүм чыгарууга жана чечүү боюнча өзүнүн сунушун даярдоого, күжүрмөн-кызматтык иштерге карата командирдин пикирин билүүгө, ошондой эле өзү берген бардык буйруктарды билүүгө жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурууга милдеттүү.
Аскерлердин (бирикмелердин, бөлүктөрдүн) штаб башчысы ички аскерлердин колбашчысынын (бирикмелердин, бөлүктөрдүн командиринин) биринчи орун басары болуп эсептелет. Колбашчынын (командирдин) чечимдерин жүзөгө ашырууда ал карамагындагы командирге өзүнүн атынан буйрук берүүгө укуктуу. Штаб башчы берилген бардык маанилүү буйруктар боюнча колбашчыга (командирге) баяндайт.
37. Ички аскерлердин колбашчысынын орун басарлары аскердик бирикменин (бөлүктүн), аскер колбашчылыгынын, аскердик бирикменин (бөлүктүн) кызмат башчылары түздөн-түз карамагындагы бөлүнүштөрдүн ийгиликтүү аткарышына, тийиштүү камсыздоолордун түрлөрүн уюштурууга жана башкарууну сактоого жооп берет. Алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин, аскерлердин, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) жана карамагындагы бөлүнүштөрдүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө кырдаалды билүүгө; ички аскерлердин колбашчысына, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командирине жана штаб башчысына карамагындагы бөлүнүштөрдүн абалы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндоого, ошондой эле аларды ички аскерлердин колбашчысынын, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командиринин чечимине ылайык күжүрмөн-кызматтык жактан колдонуу боюнча сунуштарды жана аларга жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга жардам көрсөтүүгө; карамагындагы бөлүнүштөрдөгү мамлекеттик-укуктук жана тарбиялык иштердин жүргүзүлүшүнө жигердүү катышууга милдеттүү.
2. Чечимдерди кабыл алуу, пландаштыруу жана тапшырмаларды коюу
38. Кырдаалдын шарттарына жана убакыттын болушуна жараша ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири жана штабдар күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууну уюштурууда ырааттуу же жарыш аткарылуучу иштерди, ошондой эле аларды айкалыштыруу усулун колдоно алышат.
Ырааттуу иштердин усулу убакыт жетиштүү болгон учурда пайдаланылат. Бул усул менен иштөөдө колбашчы (командир) дароо толук өлчөмдө чечим кабыл алат, андан кийин баш ийген аскерлерге тапшырмалар коюлат (берилет). Андан кийин баш ийген бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) күжүрмөн кызматы уюштурулат.
Жарыш аткарылуучу иштер усулу өзгөчө кырдаалдар учурунда пайдаланылат, тагыраак айтканда:
- калктуу конуштардагы коомдук тартипти массалык жана коомдук бузууларга бөгөт коюуга катышуу;
- кайтарылуучу объектилерге кол салууларды болтурбоо;
- кайтарылуучу объектилердеги өрттү өчүрүүгө, жарылуулардын жана авариялардын кесепеттерин жоюга катышуу;
- табигый кырсыктар учурунда коомдук тартипти, мамлекеттик жана коомдук мүлктү кайтаруу;
- эпидемия жана эпизоотия, уулуу жана радиоактивдүү заттар менен жергиликтүү аймак булганган учурда карантиндик иш-чараларды камсыздоого катышуу;
- согуш абалын киргизүү.
Бул усулда колбашчы (командир) алгач аракеттерди гана аныктайт, анын негизинде аскерлерге алдын ала буйрук берилет, ал эми төмөн турган башкармалык звеносу жогору тургандар менен аскерлердин аракетин уюштурат. Калган чечимдердин элементтерин колбашчы (командир) алдын ала буйрук бергенден кийин аныктайт, анын негизинде аскерлерге (бөлүнүштөргө) тапшырмалар толук түрдө коюлат.
39. Алынган тапшырмалардын, кырдаалга берилген баанын, штаб тарабынан даярдалган сунуштардын жана эсептердин негизинде колбашчы (командир) жеке чечим кабыл алат. Кырдаал тууралуу маалыматтардын толук эместиги командирди өз учурунда чечим кабыл алуудан бошотпойт.
Колбашчы (командир) алган тапшырмаларды түшүндүрүүдө улук командирдин (башчынын) талаптарын, тапшырмалардын мүнөзүн жана көлөмүн, аларды аткаруу мөөнөтүн, кандай жыйынтыкка жетишээрин түшүнүшү керек.
Тапшырманы түшүнгөндөн кийин колбашчы (командир) жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү) даярдоо үчүн дароо жүргүзүлүүгө тийиш болгон иш-чараларды аныктайт, убакыттын эсебин жүргүзөт, чечим кабыл алуу үчүн сунуштарды даярдоо жөнүндө, ошондой эле алдын ала бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) зарыл түрдө берилүүчү буйруктар тууралуу штаб башчыга жана өзүнүн орун басарларына көрсөтмө берет.
Кырдаалды баалоодо колбашчы (командир): кайтарылуучу объектилердин (күжүрмөн кызмат өтөө жайын) абалын жана өзгөчөлүгүн; кылмышкерлерди, тартип бузуучуларды жана алардын аракетинин мүнөзүн; баш ийген бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) абалын, камсыздалышын жана мүмкүнчүлүгүн; өз ара кызматташ органдардын тапшырмаларын жана аракеттерин; жерлерди, тапшырма аткарылуучу аймактын жергиликтүү калкын, жыл мезгилин жана метеорологиялык шартты билүү керек.
Кырдаалды билүүдө жана баалоодо колбашчы (командир) баш ийгендердин баяндамасын, улук башчылардын, кошуналардын жана өз ара кызматташ органдардын маалыматтарын пайдаланат, зарыл учурда штаб башчынын, өзүнүн орун басарларынын жана башка баш ийген офицерлердин сунуштарын угат.
40. Күжүрмөн-кызматтык иштерге чечимди төмөнкүлөр кабыл алат: ички аскерлердин колбашчысы - бир жылга, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири - жарым жылга (ыкчам багыттагы бөлүктөрдүн командири, андан тышкары - суткага), батальондун командири - кварталга, рота командири - бир айга жана ар бир суткага, взводдун командири - күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууга.
Кырдаалдын чукул өзгөрүшү жана кабыл алынган чечим жөнүндө командир түздөн түз башчысына, баш ийгендерге билдирүүгө, улук ыкчам башчыга жана кызыкдар өз ара кызматташ органдарга маалымдоого милдеттүү.
Ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн, батальондун) командири чечиминде төмөнкүлөрдү аныктайт:
- күжүрмөн-кызматтык иштин багытын: тапшырманын көлөмүн; алдыдагы мезгилде кандай жыйынтыктарга жетишүүнү; негизги күчтү топтоонун багытын (тапшырмалар, объектилер, бөлүктөр, бөлүнүштөр); күч жана каражатты пайдалануу тартибин; бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) күжүрмөн дайындыгын жогорулатуу боюнча чаралар жана объекти кайтаруунун ишенимдүүлүгүн;
- бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) тапшырмаларды: тапшырмалардын көлөмүн, аларды аткаруунун мөөнөтүн жана кандай жыйынтыктарга жетишүүнү; күжүрмөн кызматтын көлөмүн жана өздүк курамдын кызматтык оорчулугун; объектилерди кайтаруу тутумун өркүндөтүү жана башка күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруу, кайтаруунун инженердик-техникалык атайын каражаттарын ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү боюнча чараларды; күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдарда аракетке даярдык боюнча тапшырмаларды; негизги күчтү топтоонун багытын;
- бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү) даярдоо, тарбиялык иштер, аскердик тартипти жана уставдык тартипти сактоо боюнча тапшырмаларды ар тараптуу камсыздоону;
- өз ара кызматташтыктын негизги маселелери: бөлүктөр өз ара, кайтарылуучу объектилердин администрациялары, ички иштер жана коопсуздук органдары жана башка күч түзүмдөрү менен өз ара кызматташуучу маселелер; бирге аракеттенүү жана өз ара жардам көрсөтүү үчүн күч жана каражаттын эсебин жүргүзүүнү; ким менен кайсы маселе боюнча жана кайсы мөөнөткө штаб жана кызматтар менен өз ара кызматташуу белгиленгенин; кырдаал тууралуу өз ара маалымдоо тартибин;
- башкарууну уюштуруу: башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүү, байланыш тутумун тактоо, башкаруунун автоматтык тутумун (АСУ) пайдалануу боюнча чаралар.
41. Бир айга чечимде рота командири төмөнкүлөрдү аныктайт:
- багытты: негизги күч-аракеттерди топтоо багытын (милдеттер, объектилер, кароолдор, аскердик кезметтер); күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу тартибин; бөлүнүштөрдүн (кароол, аскердик кезмет) күжүрмөндүк даярдыгын жогорулатуу боюнча чараларды, объекттерди кайтаруу ишенимдүүлүгүн;
- взводдор, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары, байланыш жана кызматтык иттер адистери үчүн тапшырмалар: өздүк курамды күжүрмөн кызматка пайдалануу, окутууну уюштуруу жана аскер кызматчыларын тарбиялоо, чарбалык иштерди аткаруу, тиричилик шарттарын түзүү, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын оң абалда кармоо, кызматтык иттерди дайындоо боюнча;
- күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруу боюнча иш-чаралар: күжүрмөн кызмат, офицерлердин (прапорщиктердин) нөөмөтү үчүн контролду уюштуруу; тарбиялык иштердин планын тактоо; тылдык камсыздоону уюштуруу; аскердик тартипти жана бекем уставдык тартипти сактоо боюнча чаралар;
- кайтарылуучу объектилердин администрациялары менен бирге көрүлүүчү чаралар жана аларды ишке ашыруу тартиби: ар бир объектти ишенимдүү кайтаруу, аймакка, имараттарга жана курулмаларга кароолорду жүргүзүү боюнча.
42. Суткага чечимде рота командири төмөнкүлөрдү аныктайт:
- багытты: кайтарылуучу объектилерди; кызмат өтөө жерин; кароолдун, аскердик кезметтин санын жана түрүн, алардын санын; күжүрмөн кызматты күчөтүү боюнча чараларды; өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттер үчүн күжүрмөн эсепти; өздүк курамдын кызматтык жүктөмүн;
- взводдорго тапшырмаларды: взводдордун кароолун (аскердик кезмет, суткалык кезмет), күчтөндүрүү каражатын; күжүрмөн кызмат өтөө жерин жана убактысын;
- күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууга күч жана каражатты даярдоо тартибин;
- тарбиялык иштер, аскердик тартипти жана бекем уставдык тартипти сактоо боюнча чараларды;
- кароол жана аскердик кезметтин өз ара аракет тартибин, кайтарылуучу объектилердин администрациялары жана башка өз ара кызматташ органдар менен биргеликте өткөрүлүүчү иш-чараларды;
- күжүрмөн кызматты, окутууну, суткалык кезмет кызматын, өздүк курамдын жүрүм-туруму, кайтаруу каражатынын абалы, транспорттук каражаттарды пайдалануу үчүн контролду уюштурууну.
43. Взводдун командири тапшырма алгандан кийин аны тактайт, кырдаалга баа берет, чечим кабыл алат, өздүк курамды күжүрмөн кызматка даярдоону, курал-жарак, ок-дары, байланыш каражатын, кайтаруу жана башка мүлктү алуусун уюштурат, өздүк курамды текшерет жана взводдун күжүрмөн-кызматтык тапшырманы аткарууга даярдыгы тууралуу ротанын командирине белгиленген убакытта баяндайт.
Взвод командири алынган тапшырманы түшүнүүдө рота жана взвод үчүн тапшырманы, кайсы объектини кайтара тургандыгын, кызмат өтөө жерин, кошуна аскер бөлүктөрүнүн тапшырмасын жана алар менен өз ара аракеттин тартибин, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууга даяр болуу убакытын түшүнүшү керек.
Кырдаалды баалоо менен взвод командири кайтарылуучу объектилерди, кызмат өтөө жерин, кылмышкерлерди (тартип бузуучуларды) жана алардын аракеттенүү мүнөзүн; взводдун абалын, камсыздалышын жана мүмкүнчүлүгүн; курамын, абалын, аракеттенүү мүнөзүн жана өз ара аракеттенүү шартын; аймакты, сутканын убагын, аба ырайынын абалын жана алардын тапшырмаларды аткарууга таасирин иликтейт.
Чечиминде взвод командири төмөнкүлөрдү аныктайт: алынган тапшырмаларды аткаруу тартибин; бөлүмдөрдүн тапшырмаларын; өздүк курамды кароолго, аскердик кезметтерге, посттор боюнча жана суткалык кезметтерге бөлүштүрүүнү; өздүк курам менен тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгын чыгарууну уюштурууну; взводдордон жана башка өз ара кызматташкан күчтөрдөн дайындалган кароолдор, аскердик кезметтердин ортосундагы жагдай тууралуу өз ара маалымдоонун тартибин; өздүк курамдын тапшырмаларды аткарууга даярдыгынын убакытын.
44. Колбашчы (командир) чечимин өзүнүн орун басарларына жана кызмат башчыларына, ал эми зарыл учурда башка офицерлерге (прапорщиктерге) жарыялайт, андан кийин чечимдеринин таризделиш тартибин жана мөөнөтүн, пландаштырууну, тапшырмаларды аткаруучуларга жеткирүүнү, өз ара аракетти уюштурууну, бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) контролдоо жүргүзөт жана жардам көрсөтөт.
Колбашчынын (командирдин) бир жылга (жарым жылга) чечими буйрук менен таризделет. Ал бардык күжүрмөн-кызматтык тапшырмалардын ийгиликтүү аткарылышын камсыздоого тийиш. Жаңы (кошумча) тапшырмаларды аткарууга же кырдаал чукул өзгөргөндө чечимдер буйруктар менен таризделет, пландоочу иш-кагаздарга зарыл оңдоолор киргизилет.
Батальон командиринин кварталга болгон чечими күжүрмөн кызмат китебине жазылат.
Рота командиринин бир айга чечими календарлык планда, сабактардын жүгүртмөсүндө жана мамлекеттик-укуктук жана тарбиялык иштердин пландарында чагылдырылат. Мындан тышкары рота командири тарабынан кароолдун жана аскердик кезметтин күжүрмөн кызматы үчүн контролдун бирдиктүү графиги бир жумага иштелип чыгат.
Рота командиринин бир суткага чечиминин негизги мазмуну күжүрмөн кызмат китебине жазылат. Взвод командири өзүнүн чечимин рота командирине баяндайт жана ал бекиткенден кийин кароолдун күзөттүк ведомостун (суткалык ведомость, кайгуул-күзөт ведомостун) толтурат.
45. Колбашчынын (командирдин) чечиминин негизинде күжүрмөн-кызматтык ишти пландаштыруу ишке ашырылат, мында төмөнкүлөр иштелип чыгат:
- аскер колбашчылыгында: бир жылга негизги иш-чаралардын планы; штабдын, тарбиялык иштердин, өз алдынча бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн жана кызматтардын жарым жылга пландары; бир айга календарлык план; бир айга кароолдун жана аскердик кезметтин күжүрмөн кызматы үчүн контролдоого офицерлердин катышуу планы;
- бирикмелерде (бөлүктөрдө); жарым жылга негизги иш-чаралардын планы; штабдын, тарбиялык иштердин, кызматтардын кварталга планы; бир айга календарлык план; коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызматка өздүк курамды пайдалануунун бир айга планы, кароолдорду, аскердик кезметтерди текшерүүнүн графиги жана бир айга күжүрмөн кызматка офицерлердин түздөн-түз катышуусу;
- батальондордо; бир айга календарлык план; кароолдорду, аскердик кезметтерди текшерүүнүн графиги жана бир айга күжүрмөн кызматка офицерлердин түздөн-түз катышуусу; бир айга тарбиялык иштердин планы.
Негизги иш-чаралардын иш-планы ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири тарабынан бекитилет.
46. Ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири бирикмелерге, бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) тапшырмаларды жеке өздөрү беришет же аларды келерки жылдын (жарым жылдын) биринчи айы башталганга чейин 10 күндөн кеч эмес өзүнүн орун басарлары жана кыйла даярдыктагы офицерлер аркылуу жеткизет.
Тапшырмаларды аткарууну уюштурууда практикалык жардам көрсөтүү үчүн ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири өздөрү барышат же өзүнүн орун басарларын жана башкармалыктын кыйла даярдыктагы офицерлерин жөнөтөт.
Рота (взвод) командирине, старшиналарга, байланыш адистерине жана ит кармоо кызматына батальон (рота) командири ооз эки тапшырма берет. Тапшырмаларды жүктөөр алдында өткөн ай (сутка) үчүн күжүрмөн-кызматтык иштин жыйынтыгы жарыяланат, батальон (рота) тарабынан алынган кырдаалга жана тапшырмаларга өзгөрүүлөр түшүндүрүлөт.
47. Ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн) командири күн сайын төмөнкүлөргө милдеттүү: келип түшкөн маалымат боюнча кырдаалга баа берүүгө, өзгөчө ал татаалдашканда, аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын абалы, объектилерди кайтаруунун ишенимдүүлүгү, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруунун сапаты, өздүк курамдын аскердик тартиби тууралуу; пайда болгон маселелер боюнча чечим кабыл алат, тапшырмаларды жүктөйт жана аларды аткарууну уюштурат.
3. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууга күч жана каражаттарды даярдоо
48. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууга күч жана каражаттарды даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- офицерлерди, прапорщиктерди, контракттык кызматтын аскер кызматчыларын окутууну, штабдарды жана бөлүнүштөрдү даярдоону;
- жөнөкөй шарттарда жана өзгөчө жагдайлардагы аракеттерге башка өз ара байланыштагы органдар менен биргеликте машыгууларды (окууну) (кайтарылуучу объектилерде биргелешкен машыгууларды, окууларды, көрсөтмө сабактарды өтүүгө тыюу салынат);
- кароол, аскердик кезмет башчылары, алардын жардамчылары, контролдоп өткөрүү пунктунун часовойлору тарабынан күжүрмөн кызмат өтөө үчүн аскер кызматчыларын тандоо жана даярдоону;
- бөлүнүштөрдү, кароолдорду, аскердик кезметтерди күжүрмөн кызмат өтөөгө даярдоону;
- куралдарды, күжүрмөн техниканы, байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү, ошондой эле кызматтык иттерди даярдоону;
- кышкы жана жайкы шарттарда күжүрмөн кызматты уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү.
49. Кароол, аскердик кезмет башчылары жана алардын жардамчылары, контролдоп өткөрүү пунктунун часовойлору күжүрмөн кызмат өтөө үчүн аскер кызматчыларын тандоо бөлүнүштөрдүн командирлери жана бөлүктөрдүн штабдары тарабынан ишке ашырылат, ал эми күжүрмөн кызматты өтөө үчүн аскер кызматчыларын кароол жана аскердик кезмет башчылары тандайт.
50. Күжүрмөн кызмат өтөө үчүн аскер кызматчыларын даярдоо кароол, аскердик кезмет башчылары жана алардын жардамчылары, ошондой эле контролдоп өткөрүү пунктунун часовойлору тарабынан ички аскерлердин колбашчылыгынын штабы тарабынан иштелип чыккан программа боюнча окуу жыйындарында жүргүзүлөт.
Күжүрмөн кызмат аткаруу үчүн тандалып алынган жана даярдалган аскер кызматчылары кароол, аскердик кызмат башчылары жана алардын жардамчылары тарабынан бөлүк боюнча буйрук менен жарыяланат.
Кароол башчылары, алардын орун басарлары, жардамчылары тарабынан күжүрмөн кызмат өтөө үчүн тандалып алынган офицерлер бирикменин (бөлүктүн) командиринин буйругу менен бекитилет.
51. Кароолду, аскердик кезметти күжүрмөн кызмат өтөө үчүн даярдоо күн тартибинде каралган тапшырмаларды аткарууга буйруктарды алууга чейинки убакытта өткөрүлөт. Объектилерди кайтаруу боюнча кароолду даярдоо сутка ичинде - 3 сааттан кем эмес; башка кароол жана аскердик кезмет 1 саат.
Кароолду жана аскердик кезметти даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кароол, аскердик кезмет башчыларынын жана алардын жардамчыларынын нускамасы;
- кароол, аскердик кезметтин бардык өздүк курамы менен нускама сабактар;
- кароол, аскердик кезметтеги план боюнча тарбия ишин аткаруучулардын нускамасы;
- материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо;
- кызматка чыгар алдында 2 саат өздүк курамдын эс алуусу (уктоосу) (объектилерди кайтарган кароол үчүн сутка ичинде).
Бөлүк жайгашкан аймактын чегинен тышкары тапшырмаларды аткаруу үчүн тартылган кароол, аскердик кезметти даярдоо көрсөтүлгөн иш-чаралардан башка төмөнкүлөрдү камтыйт: өздүк курамды медициналык кароодон өткөрүү, командирдин чечими боюнча зарыл болгон иш-кагаздарды жана башка иш-чараларды алуу.
52. Кароол, аскердик кезмет башчыларынын жана алардын жардамчыларынын нускамалары төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт: аскердик жүктөрдү ташуу учурунда кайтаруу үчүн кароолдор, бөлүктүн аймагынан тышкары жиберилүүчү издөө кезмети үчүн, ошондой эле кароолдор, жагдайдын татаал шарттарында башка тапшырмаларды аткаруу үчүн тартылган аскердик кезметтер - бөлүктүн (батальондун) командири, анын орун басарлары жана кыйла даярдыктагы штаб офицерлери тарабынан; башка кароол жана аскердик кезметтер үчүн - рота (батальон) командири тарабынан.
Кароол башчыларына, издөө кезметтери жана алардын жардамчыларына нускама өткөрүүдө кырдаал тууралуу түшүндүрүлөт, кароолдун (аскердик кезметтин) курамы жарыяланат; ар бир кароолго, аскердик кезметке тапшырмалар жүктөлөт, аларды аткаруунун өзгөчөлүгү, транспорттук жана башка каражаттарды пайдалануу тартиби көрсөтүлөт; кырсык учурунда милдеттерди жана аракеттердин тартибин билүү текшерилет, мыйзамдуулукту, аскердик тартипти сактоо боюнча, курал колдонуунун тартиби жана күжүрмөн кызмат өтөөдөгү коопсуздук чараларынын талаптары эскертилет; кароолдо, аскердик кезметте тарбиялык иштерди уюштуруу боюнча көрсөтмөлөр берилет; кошуна кароол, аскердик кезмет жана башка күчтөр менен өз ара аракеттин тартиби көрсөтүлөт; өздүк курам менен качан, кайда жана ким тарабынан нускамалар өткөрүлө тургандыгы жарыяланат.
53. Кароолдун, аскердик кезметтин бардык өздүк курамы менен нускама сабактарын бөлүнүштөрдүн офицерлери жана прапорщиктер - взвод командирлери - рота командиринин чечими боюнча окуу шаарчаларында, класстарда, жайларда, транспорттук каражаттарда аткара турган тапшырмалардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, кызматтык иш-кагаздарды пайдалануу менен өткөрөт, ошондой эле схема, макет жана башка окуу куралдары пайдаланылат.
Нускама сабактарында кароолдун (аскердик кезметтин) курамы жарыяланат, ага кандай транспорттук каражаттар, байланыш каражаттары жана башка техника бөлүнүп берилери көрсөтүлөт; кырдаал, жүктөлгөн тапшырмалар билдирилет жана күжүрмөн кызмат өтөөнүн тартиби, байланыш каражаттарын жана бөлүнгөн транспорттук каражаттарды пайдалануу көрсөтүлөт; кароол, аскердик кезметтердин ичиндеги кошуна кароол, аскердик кезмет менен өз ара аракеттердин тартиби, байланышты сактоо аныкталат. Өздүк курам менен посттордун табелдери боюнча часовойлордун өзгөчө милдеттери, курал жана атайын каражаттарды пайдалануунун тартиби жана өзгөчөлүгү, мыйзамдуулукту сактоо боюнча талаптар, курал колдонуунун тартиби жана кызмат өтөөдөгү коопсуздук чараларын сактоо үйрөтүлөт, күжүрмөн эсеп боюнча аракеттер иштелип чыгат, ченемдер жана тапшырмалар боюнча машыгуулар өткөрүлөт.
54. Объектилерди кайтаруу боюнча кароолго жана аскердик кезметке буйрукту рота командири же анын ордун алмаштыруучу адам аларды даярдоодо разводго чейин берет, атайын жана аскердик жүктөрдү кайтаруу боюнча кароолго, бөлүк жайгашкан жеринен тышкары аймакка жөнөтүлгөн издөө топторго, ошондой эле күжүрмөн кызмат, коомдук тартипти сактоо боюнча кызматка тартылган аскердик кезметке бөлүктүн командири же анын орун басары буйрук берет.
Буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: кароолдун (аскердик кезметтин) түрү жана анын башчысы; тапшырмалар жана күжүрмөн кызмат өтөөдө эмнеге өзгөчө көңүл буруш керек экендиги; курал, атайын жана башка каражаттарды колдонуунун өзгөчөлүгү; курал пайдалануунун тариби жана коопсуздук чаралары, кызмат өтөө мөөнөтү жана тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгы тууралуу баяндамалар.
55. Аныкталган күн тартибинде рота командири же анын тапшырмасы боюнча бөлүнүштөрдүн офицерлеринин бири (старшина) күжүрмөн эсеп жүргүзөт, анда төмөнкүлөр жарыяланат: өткөн сутка үчүн күжүрмөн кызматтын жыйынтыгы; кырдаалдын маалыматтары; келерки суткага кароолдор жана аскердик кезметтер; кайсы взвод (бөлүм) менен жана кайсы убакта күжүрмөн жана мамлекеттик-укуктук даярдык боюнча сабак өткөрүлөрү; бөлүнүштөрдүн өздүк курамынын эсеби жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттердин тартиби.
Зарыл учурда күжүрмөн эсеп бир сутканын ичинде такталат.
56. Бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири курал-жарактын, күжүрмөн техникалардын, байланыш каражаттарынын, транспорттук каражаттардын оңдугуна, арналышы боюнча колдонулушуна, өз учурунда техникалык тейленишине, курал-жаракты оңдоо жана туура пайдаланылышына туруктуу контролдоо уюштурууга милдеттүү. Командирдин орун басарлары, кызмат башчылары жана бөлүнүштөрдүн командирлери жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн бул каражаттарды даярдашы керек жана алардын оң абалда болушу жана туура пайдалануу үчүн толук жоопкерчилик тартышат.
Рота командири кайтарылуучу объектин администрациясынын өкүлү же анын орунбасары менен бирге объектин аймагын, кайтарууда пайдаланылган курулмаларды, коммуникацияларды, инженердик-техникалык каражаттарды жумасына бир жолу кылдат карап чыгууга, кайтаруудагы солгунураак жерлерди аныктоого жана табылган кемчиликтерди жоюуга чараларды кабыл алууга милдеттүү.
57. Кышкы жана жайкы шарттарда күжүрмөн кызмат өтөөгө даярдык көрүүдө төмөнкүлөр алдын ала өткөрүлөт: кароолдун жана аскердик кезметтин башчыларынын милдетин аткаруучу аскер кызматчылары, байланыш адистери жана ит күтүү кызматы менен окуу-усулдук жыйындар; объектилерге кирүүдөгү (чыгуудагы) кылмышкерлердин амал-айлаларын билүү боюнча бөлүнүштөрдүн өздүк курамы менен сабактар, күжүрмөн кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү, кырдаал татаалдашкан мезгилде кароолдун жана аскердик кезметтердин аракеттери, транспорттук каражаттарды пайдалануу тартиби, ошондой эле коопсуздук эрежелери; объекти кайтаруу тутумун тактоо, кайтаруу пландары жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) аракеттеринин планы; курал-жаракты, күжүрмөн жана атайын техникаларды, байланыш каражаттарын, транспорттук каражаттардын оңдугун, техникалык жактан тейленишин жана оңдолгондугун текшерүү; кызматтык бөлмөлөрдү, посттук кийимдерди жана бут кийимдерди пайдаланууга даярдоо, бөлүктөрдү жана бөлүнүштөрдү ар тараптуу камсыздоого чара көрүү.
58. Анык аскердик кызматтын мөөнөтүн аяктаган жоокер жана сержанттарды запаска бошотуу алдында бөлүктө төмөнкүлөр каралат: күч жана каражатты бөлүштүрүү, күжүрмөн кызмат өтөөгө өздүк курамды болушунча тартуу; объектилердеги күжүрмөн кызматтык-тапшырмаларды кыскартуу; улук ыкчам башчылар, кайтарылуучу объектилердин администрациясы менен макулдашуу жана бөлүнүштөрдүн күжүрмөн кызматынын көлөмүн тактоо; жоокерлерди жана сержанттарды кароол, аскердик кезмет башчысы, алардын жардамчысы, часовой, часовой-оператор болуп кызмат өтөөгө, ошондой эле запаска кетип жаткандардын ордуна адистерди даярдоо; дайыма күжүрмөн даярдыкта турууну жана объекти кайтаруунун ишенимдүүлүгү жана кызматтын сапаттуулугу үчүн жүктөлгөн тапшырмаларды зыянсыз аткарууну камсыздоону эске алуу менен ар бир бөлүнүш үчүн жоокер жана сержанттарды запаска бошотуунун кезектүүлүгү жана мөөнөтү.
4. Өз ара аракетти уюштуруу
59. Күч жана каражатты натыйжалуу пайдалануу, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) күжүрмөн кызматта жогорку натыйжаларга жетишүүсү кызыкчылыгында өз ара аракет тапшырма, жери жана убактысы боюнча уюштурулат жана тапшырмаларды аткаруу мезгилинин аралыгында бардык командирлер жана штабдар тарабынан колдоо көрсөтүлөт.
Өз ара аракеттин негизги маселелерин командир өзүнүн чечиминде белгилейт. Баш ийген бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) ортосундагы түздөн-түз өз ара аракетти уюштуруу боюнча ишти ал иштин жүрүшүндө, ошондой эле тапшырмалар коюлгандан кийин пландалган аракеттерди көрсөтүү жолу менен өткөрөт. Өз ара аракеттеги органдар жана кошуналар менен күчтөрдү макулдашууну улук ыкчам башчылар жана командирлер, ошондой эле алардын тапшыруусу боюнча жооптуу адамдар биргелешкен окууларда, сабактарда, кеңешмелерде, бирдиктүү кызматтык иш-кагаздарды иштеп чыгууда техникалык байланыш каражаттары аркылуу сүйлөшүүдө жүргүзүшөт.
Өз ара аракеттенүү маселелери негизги иш-чаралардын планында, ошондой эле штабдын, кызматтардын иш пландарында жана башка пландоочу иш-кагаздарда чагылдырылат.
60. Бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири өз ара аракеттенүүнү уюштурууда төмөнкүлөрдү макулдашышууга милдеттүү:
- баш ийген жана ички аскерлердин кошуна бөлүктөрүнүн ортосунда күнүмдүк жана өзгөчө кырдаалдар учурунда тапшырмаларды аткарууда, өз ара аракеттеги бөлүктөр жайгашкан аймактардагы күжүрмөн тапшырмаларды аткарып жаткан кароолдорду, аскердик кезметтерди текшерүүдө өз ара жардам көрсөтүү тартибин; качып кеткен кылмышкерлерди издөөдөгү жана бөлүктөр жайгашкан аймактарда кайтарылуучу объектилердеги башка окуяларда биргелешкен аракеттер;
- кайтарылуучу объектилердин администрациялары менен - объекти кайтаруу тутумун жана анын ишенимдүүлүгүн камсыздоо, өткөрмө жана объект ичиндеги режимди ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди; кароолдорду, аскердик кезметтерди күжүрмөн кызмат өтөгөн жерлерге, кырдаалдын курчушунда резервди, өзгөчө кырдаалдар учурунда объектилердин администрацияларынын күч жана каражатын тартуу үчүн транспорттук каражаттарды бөлүү тартибин; объектилерди жана транспорттук каражаттары жабдуу, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары боюнча иш-чараларды өткөрүү көлөмүн жана мөөнөтүн; бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү), кароолду, аскердик кезметтерди материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча иш-чараларды; күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда өздүк курамдын жеке коопсуздук чараларын;
- жергиликтүү ички иштер органдары менен - объектилерди кайтарууда, коомдук тартипти сактоодо, ошондой эле кырдаалдын чукул өзгөргөндө, издөө иш-чараларын өткөрүүдө жана өзгөчө кырдаалдарда бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) биргелешкен аракеттери;
- жергиликтүү улуттук коопсуздук органдары менен - мамлекеттик жана куралчан өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди издөө жана кармоо, массалык коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо жана улуттук коопсуздук боюнча биргелешкен аракеттердин тартиби: объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтарууда часовойлор тарабынан күжүрмөн кызмат өтөө ыкмасын; объектилерди жабдуу боюнча иштерди жүргүзүүнүн көлөмүн жана мөөнөтүн; тартылган күч жана каражаттын эсебин, террористтик, экстремисттик акциялардын, топтошкон коомго каршы аракеттерди алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, ошондой эле бирикмелер (бөлүктөр) жайгашкан аймактагы мыйзамсыз бандалык түзүлүштөрдү жоюу боюнча улуттук коопсуздук органы менен бирге аскердик операцияларды өткөрүүдөгү аракеттердин тартибин; өзгөчө кырдаалдарда жана жаратылыш кырсыктары учурунда кыйла маанилүү объектилерди кайтаруу тартибин; аскердик бөлүктөр жайгашкан аймактан тышкары жерлерде өнөр жай объектилеринде, транспорт жана байланышта, күжүрмөн техника кыйроого жана аварияга учураганда чукул кырдаал болгон жерлерди кайтарууну камсыздоо боюнча чараларды; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан массалык өтүп кетүү учурунда чектеш мамлекеттердин жарандарын кабыл алуу, текшерүү жана жайгаштыруу боюнча биргелешкен иш-чараларды;
- жарандык авиациянын аэропортторунун администрациялары жана аба транспортундагы ички иштер органдары менен - жарандык авиациянын аба кемесин басып алууну жана айдай качууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча биргелешкен чараларды; аба транспортундагы учактардын экипаждары, ички иштер органдарынын кезметчилери менен биргелешкен аракеттерди;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин штабы менен өзгөчө кырдаалдарды, улуттук коопсуздук органдары жана аскердик бөлүктөр менен - аймакты коргоо тапшырмаларын аткаруу боюнча иш-чаралар жана биргелешкен аракеттерди; бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) топтолгон аймагын, алга жылуу маршруттарын жана мөөнөттөрүн, башкаруу пункттарын жайылтуу орундарын; жайгашкан жерлердеги массалык кыйраткыч курал колдонуу коркунучу жөнүндө кабарлоо тартибин жана кесепеттерин жоюу боюнча аракеттерди; жагдай жөнүндө байланышуу жана өз ара маалымат алуу тартиби жана качып жүргөн кылмышкерлерди кармоо боюнча жардам көрсөтүүнү, ошондой эле бул адамдар тарабынан чек араны бузууну болтурбоо боюнча чараларды.
Бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири зарыл учурда башка органдар жана мекемелер менен биргелешкен өз ара аракеттерди өз учурунда уюштурууга милдеттүү.
61. Бөлүнүштөр ортосундагы өз ара аракеттерди командир милдеттерди коюу менен бир учурда уюштурат. Кайтарылуучу объектилердин администрациялары, ички иштер органдары жана башка өз ара аракеттеги күч түзүмдөрү менен ал объектилерди кайтаруунун ишенимдүүлүгүн, өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттер жана башка тапшырмаларды аткаруу боюнча биргелешкен иш-чараларды; бөлүнүштөрдүн күч жана каражаттарын үнөмдүү пайдалануу, күжүрмөн кызмат өтөө үчүн өздүк курамга нормалдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды макулдашууга милдеттүү.
5. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууну контролдоо жана бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) жардам көрсөтүү
62. Контролдоо үзгүлтүксүз ишке ашырылууга, жүктөлгөн тапшырмаларды өз учурунда жана так аткарууга багытталууга, бардык учурларда бөлүктөргө жана бөлүнүштөргө практикалык жардам менен айкалыштырууга, алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө жана жалпылоого, табылган кемчиликтерди жана алардын себептерин ошол жерден жоюуга тийиш.
Биринчи кезекте буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик Уставын, ушул күжүрмөн кызмат уставды бөлүктөр (бөлүнүштөр) өз учурунда алгандыгы жана пунктуалдуу аткарууну уюштургандыгы, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруунун сапаты, кырдаал кыйындаган учурларда жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге курама отряддардын, кароолдордун, аскердик кезметтердин күжүрмөн даярдыгы, өз ара аркеттерди, тарбиялык иштерди жана күжүрмөн кызматты ар тараптуу камсыздоону уюштуруу, бөлүктөр (бөлүнүштөр) тарабынан башкаруу тутумунун иштеши текшерилет.
Контролдоонун ыкмалары болуп төмөнкүлөр эсептелет: жеке кыдыруу; бөлүктөрдө (бөлүнүштөрдө) бирикменин командиринин жана анын орун басарларынын иши; иштин абалын иликтөө жана жүктөлгөн тапшырмаларды жеринде аткаруунун жыйынтыгын талдоо; карамагындагылар менен кеңири сүйлөшүү.
Командирлер, штабдар, бөлүмдөр жана кызматтар баш ийген бөлүктөрдөгү (бөлүнүштөрдөгү) иштин иш жүзүндөгү абалын дайыма билүүгө, күжүрмөн кызматтын жыйынтыгын, күжүрмөн жана мамлекеттик-укуктук даярдыктын программасын аткаруунун толуктугун жана сапатын, өздүк курамды тарбиялоо, аскердик тартипти бекемдөө, бекем уставдык тартипти сактоо, ооруктук камсыздоонун абалын ар тараптан талдоого; табылган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды өз учурунда иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тийиш.
63. Ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири контролдоону уюштурууда инспектордук, жыйынтык текшерүүнү, улук башчылардын (командирлердин) планы боюнча офицерлердин тобу жүргүзүп жаткан иштерди эске алуу менен төмөнкүлөрдү камсыздашы керек:
- комплекстүү топтордун иштерин: ички аскерлердин колбашчылыгы ар бир бирикмеде (бөлүктө) - жарым жылда бир жолудан кем эмес; бирикмелер - ар бир бөлүктө жана ар бир бөлүнүштө - жарым жылда бир жолудан кем эмес;
- аскер колбашчылыгынын офицерлеринин иштерин 20%дан кем эмес, ал эми бөлүктөрдүн башкармалыктары - түздөн түз бөлүктөрдө жана бөлүнүштөрдө кызматтык убакыттын 30%дан кем эмес.
Аскер колбашчылыгынын, бирикмелердин, бөлүктөрдүн комплекстүү тобун колбашчылыктын адамдары жетектейт.
Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен контролдоо жана бирикмелердин (бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн) ишинин айрым багыттары боюнча жардам көрсөтүү үчүн штабдын жана кызматтардын офицерлеринин өз алдынча тобу жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул учурда жогору турган командирлер (башчылар) төмөн турган офицерлерге ашык камкор көрсөтүүгө жол бербөөгө милдеттүү, жүктөлгөн күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды өз алдынча чечүү, чыгармачылык жана демилге көрсөтүүсү үчүн болушунча мүмкүнчүлүк берүү керек.
Аскер колбашчылыгынын, бирикмелердин жана бөлүктөрдүн офицерлеринин ишинин негизги максаты аскердеги кырдаалды терең иликтөө, контролдоо жана күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууну уюштурууда жеринде практикалык жардам көрсөтүү, өздүк курамды окутуу жана тарбиялоо, бирикмелерди, бөлүктөрдү жана бөлүнүштөрдү бардык тараптан камсыздоо, жакшы тажрыйбаны практикага киргизүү, күжүрмөн кызматтын, күжүрмөн жана мамлекеттик-укуктук даярдыктын жыйынтыгын жогорулатуу, аскердик тартипти бекемдөө, ар бир бөлүнүштө бекем уставдык тартипти киргизүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу.
Ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири карамагындагы командирлерге аскерлерде иштөө үчүн офицерлердин тобун командировкага жиберүү убактысы тууралуу негизги иш-чаралардын планынан көчүрмөнү өз учурунда жөнөтүүгө милдеттүү.
64. Бөлүктөрдө (бөлүнүштөрдө) иштөөдө командирлер, штабдардын, кызматтардын офицерлери күжүрмөн кызматты, күжүрмөн жана мамлекеттик-укуктук даярдыкты, материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоону уюштурууда конкреттүү жардам көрсөтүүгө, өздүк курамды окутууда жана тарбиялоодо, аскердик тартипти бекемдөөгө жеке катышууга, аскер кызматчылары менен жекече иш жүргүзүүгө милдеттүү.
Комплекстүү топту (офицерлердин тобун) жетектеген офицер зарыл учурда текшерилүүчү бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири жана ыкчам башчы менен биргеликте жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруунун сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууда түздөн-түз катышууга милдеттүү. Бул учурда негизги күч-аракет табылган кемчиликтерди жана алардын себептерин жоюуга топтолот. Кайтып келгенден кийин ал өзүнүн түздөн-түз башчысына иштин жыйынтыгы тууралуу баяндоого жана башкармалыктын офицерлерине аларга тиешелүү маселелер боюнча маалымат берүүгө тийиш. Бөлүктөгү (бөлүнүштөгү) иштин жыйынтыгы боюнча командирдин чечими менен буйрук чыгарылат. Андан ары бөлүктө (бөлүнүштө) иштелип чыккан же бирикменин (бөлүктүн) командиринин буйругунда аныкталган иш-чаралардын аткарылышы үчүн контролдоо белгиленет.
Ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командири түздөн түз бөлүктөрдө (бөлүнүштөрдө) баш ийген командирлердин ишин дайыма контролдоп турууга, ай сайын анын жыйынтыгын талдоого милдеттүү. Баш ийген бирикмелерде (бөлүктөрдө, бөлүнүштөрдө) офицерлер тобунун ишинин мөөнөттөрү жана негизги иш-чаралар жөнүндө кезектеги айга улук башчыга баяндалат.
65. Кароолдун жана аскердик кезметтин күжүрмөн кызматына кызмат адамы тарабынан контролдоо суткага бөлүнүштүн командиринин чечиминин жана күжүрмөн кызматты контролдоонун графигинин негизинде уюштурулат.
Жүктөлгөн тапшырмаларды кароолдор, аскердик кезметтер тарабынан аткаруунун ар кандай этабында текшерүү жүргүзүлөт. Зарыл учурда кароол жана аскердик кезмет кайталап түнкүсүн жана курамында тажрыйбасы аз аскер кызматчылары болгон учурда жаан-чачындуу аба ырайында да текшерилиши керек.
66. Командир жана штаб бөлүнүштөрдө иштөөдө күжүрмөн кызматтын абалына жана алардан алган кызматтык иш-кагаздар боюнча контролдоонун абалына талдоо жүргүзөт. Рота командири күжүрмөн кызматты контролдоонун натыйжасын күн сайын талдоого жана кароолдун жана аскердик кезметтин кызматтык иш-кагаздарына кемчиликтерди жоюу боюнча чара көрүлгөнү тууралуу тиешелүү жазууларды жазууга милдеттүү. Кароол, аскердик кезмет кызматына, анын башчысына бааны ("эң жакшы", "жакшы", "канааттандыраарлык", "канааттандыраарлык эмес") рота командири аныктайт, күжүрмөн кызматтын жыйынтыгын чыгарууда жарыяланат жана кароолдун посттук (кайгуул-посттук, жол) ведомостунда жазылат.
Кароолдун, аскердик кезметтин башчысы ар бир аскер кызматчыларынын күжүрмөн кызматына баа берет.
67. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгы офицерлер, прапорщиктер, адис аскер кызматчылары менен болгон кеңешмеде, бирикмедеги өздүк курамдын жалпы чогулушунда - жарым жыл үчүн, бөлүктөрдө - квартал үчүн, батальон жана ротада - бир ай үчүн, взводдо - бир айда эки жолу, бөлүмдөрдө - бир жумага чыгарылат. Жыйынтык чыгаруу жогору турган башчылардын, кайтарылуучу объектилердин администрацияларынын, ички иштер органдарынын жана башка өз ара кызматташкан органдардын катышуусунда жүргүзүлөт.
Жыйынтык чыгарууда төмөнкүлөр жарыяланат: мыкты жыйынтыктарга жетишкен бирикмелер, бөлүктөр, бөлүнүштөр; кароолдордо, аскердик кезметтердеги күжүрмөн кызматтарда айырмаланган аскер кызматчылары. Күжүрмөн кызматтагы кемчиликтер жана алардын себептерине талдоо жүргүзүлөт, ушул кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлөт.
Салтанаттуу жагдайда бирикмелерге өтмө байгелер, вымпелдер тапшырылат, алардын урматына туу көтөрүлөт, сыйлыктар жарыяланат, офицерлерге, прапорщиктерге, сержанттарга, жоокерлерге сыйлыктар тапшырылат.
Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгы өз учурунда көрсөтмөлүү үгүттөрдө чагылдырылат жана өздүк курам менен болгон тарбиялык иштердин бардык түрүндө кеңири жайылтылат.
Командирлер, штабдар, бөлүмдөр жана кызматтар күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды уюштуруунун жана аткаруунун, аскер кызматчыларын даярдоонун жана тарбиялоонун оң тажрыйбаларын иликтөөгө, жалпылоого жана практикага киргизүүгө милдеттүү.
Рота (батальон) командири бир ай үчүн күжүрмөн кызматтын жыйынтыгын чыгаруудан кийин кароолдун посттук ведомостун батальондун (бөлүктүн) штабына берет.
Кайгуул-күзөт бөлүнүштөрүнүн командирлери кайгуул-күзөт ведомостун кызмат өтөгөндөн кийин келерки суткага бөлүктүн штабына тапшырат.
6. Күжүрмөн кызматты күчөтүү
68. Күжүрмөн кызматты күчөтүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- кароолго, аскердик кезметке кол салууда;
- объекттерде жана аларга жакын жерлерде өрт чыкканда, жардырууларда, авария, табигый кырсыктар болгондо, коомдук тартипти тобу менен бузууларда жана кырдаал кескин татаалдашканда;
- майрам алдында жана майрам күндөрү;
- улук командирдин (башчынын) буйругу боюнча.
Бардык бөлүктөргө, бөлүнүштөргө, кароолдорго, аскердик кезметтерге же алардын айрымдарына күжүрмөн кызматты күчөтүү киргизилиши мүмкүн. Кайтаруу тутуму жана часовойлор, аскердик кезметтер тарабынан күжүрмөн кызматты күчөтүлгөн вариантта өтөө ыкмасы кайтаруунун пландарында каралат.
Күжүрмөн кызматты күчөтүү төмөнкү мөөнөттөргө киргизилет: ички аскерлер колбашчысы тарабынан - 10 суткага чейин, бирикме (бөлүк) командири тарабынан - 5 суткага чейин, батальон командири тарабынан - 3 суткага чейин, рота командири тарабынан - 2 суткага чейин.
Ички аскерлер колбашчысынын, бирикмелер (бөлүктөр) командиринин күжүрмөн кызматты күчөтүүгө өткөрүү тууралуу чечими буйрук менен таризделет, бөлүнүш командиринин чечими күжүрмөн кызматтык китепке жазылат. Күжүрмөн кызматты күчөтүүгө өткөрүү тууралуу команда боюнча баяндалат.
69. Күжүрмөн кызматты күчөтүү маалында кошумча төмөнкүлөр каралат:
- күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдардагы аракеттердин планын тактоо, резервдегилердин даярдыгын текшерүү, кошумча байланыш каражатын жайылтуу жана аларды күн-түн иштөөгө өткөрүү боюнча иш-чаралар;
- абал кыйындаганда жана өзгөчө кырдаалдарда жерине чыгуу үчүн штабдарда ыкчам топторду дайындоо;
- кароолдордун жана аскердик кезметтердин санын көбөйтүү, аларга офицер жана прапорщиктерден башчы дайындоо, күжүрмөн кызмат үчүн контролдукту күчөтүү;
- өздүк курамдын кыраакылыгын жогорулатуу боюнча иштерди жигердештирүү;
- бирикмелердеги нөөмөттү, бөлүктөрдөгү жана бөлүнүштөрдөгү суткалык кезметтерди күчөтүү; бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн жайгашкан пункттарында жана кайтарылуучу объектилер жайгашкан жерлерде кайгулдоону уюштуруу; бөлүктүн (өзүнчө жайгашкан бөлүнүштүн) командиринин буйругу боюнча гана транспорттук каражатты линияга чыгаруу;
- курал-жарак, ок-дары, атайын каражат, жарылуучу, таасири күчтүү жана уулуу заттардын, күйүүчү жана майлоочу материалдардын болушун, эсебин жана сакталышын текшерүү жана аларды берүү үчүн күчөтүлгөн контролдоону белгилөө;
- өрткө каршы каражаттардын абалын текшерүү жана штаттан тышкары өрт өчүргүч командалардын даярдыгы.
Күжүрмөн кызматты күчөтүү маалында майрам күндөрү бирикмелердеги (бөлүктөрдөгү, бөлүнүштөрдөгү) окуу-усулдук жана спорттук жыйындарда жүргөн, полигонду (бута атма), кампаларды, базаларды тейлеген өздүк курам, өз бөлүнүштөрүнө кайтып барышат, мөөнөттүү кызматтагы жоокерлерди жана сержанттарды бөлүктүн карамагынан запаска бошотуу минимумга чейин кыскартылат.
Зарыл учурда ички аскерлердин колбашчысынын, бирикменин (бөлүктөрдүн) командиринин чечими менен күжүрмөн кызматтын күчөтүлгөн маалында тапшырмаларды аткарууга практикалык жардам көрсөтүү үчүн аскер колбашчылыгынын (бирикмелердин, бөлүктөрдүн башкармалыктарынын) офицерлери жер жерлерге иш сапарга жиберилет, ал эми айрым учурларда конкреттүү абалга жараша офицерлердин жана прапорщиктердин бир бөлүгү казармалык абалга өткөрүлөт.
Күжүрмөн кызматты күчөтүү үчүн бардык иш-чаралар кайтарылуучу объектилердин администрациялары, аймактык ички иштер органдарынын жетекчилиги менен жана зарыл учурда улуттук коопсуздук органдары менен тыгыз өз ара аракеттикте жүргүзүлөт.
7. Тартиптик жосундарды, кылмыштарды, кырсыктарды жана күжүрмөн кызмат өтөөнүн эрежесин бузууларды кызматтык териштирүү
70. Кылмыштар, кырсыктар тууралуу бөлүнүштүн командири бирикменин (бөлүктүн) командирине же анын орун басарларына, алар жок учурда бирикменин (бөлүктүн) нөөмөтчүсүнө дароо билдирет.
Бөлүктүн командири белгиленген тартипте улук командирге (башчыга) билдирет жана улук ыкчам башчы менен бирге дароо ушул Уставдын талаптарына ылайык жана конкреттүү түзүлгөн кырдаалга жараша аракет кылуу менен зарыл чараларды көрөт.
Өздүк курам жасаган бардык кылмыштар тууралуу бөлүктүн командири аскердик прокуратурага маалымдайт жана алар боюнча алгачкы текшерүүнү, ал эми ар бир кырсык жана тартиптик жосун боюнча кызматтык териштирүүлөрдү дайындайт. Улуттук коопсуздук органдарынын компетенциясына тиешелүү кылмыштар тууралуу улуттук коопсуздуктун тиешелүү органына маалымдалат.
71. Кароолдун, аскердик кезметтин өздүк курамына куралдуу жана топтук кол салууларга; оор кесепеттерди алып келүүчү кайтарылуудагы объектилердеги өрттөргө жана аварияларга; ички аскерлердин аскер кызматчылары тарабынан жарандарга карата кылмыштардын абалына жана себебине кызматтык териштирүүлөрдү улук ыкчам башчылар же алардын орун басарлары ички аскерлердин колбашчысы же алардын орун басарлары менен бирге жүргүзөт. Кызматтык териштирүүлөрдүн материалы боюнча корутундуну улук командирлер (башчылар) бекитет.
72. Аскерден качуу, куралы менен аскердик бөлүктү (постту, кароолду, аскердик кезметти) өз алдынча таштап кетүү; башчыга карата баш ийбөө, буйрукту аткарбоо, каршылык көрсөтүү жана башка зомбулук аракет жасоо; киши өлтүрүү, киши өлгөн учур, баш ийгендерге карата башчынын курал колдонушу, жергиликтүү калкка ээн баштык, ошондой эле жашыруун, өтө жашыруун жана өзгөчө маанилүү иш-кагаздарды, курал-жарак, ок-дарыларды уурдоого, жоготууга байланышкан кылмыштар, кишилер курман болгон же олуттуу материалдык зыян тийгизген өрттүн кесепеттери, аба учактарынын, автобронетехникалык техникалардын адамдардын курман болушу менен кыйроолору жана авария болгондо - кызматтык териштирүүнү козголгон кылмыш-жаза ишинин алкагында териштирүү бүткөндөн кийин ички аскерлердин колбашчысы жеке өзү, бирикмелердин командирлери же алардын орун басарлары жүргүзөт.
73. Күжүрмөн кызматтагы (постто уктап калуулар; посттон, кароолдон, кызмат өтөө жеринен кетип калгандар; кароолдогу же аскердик кезметтеги арак ичүүлөр, кокус ок атуулар) тартиптик жосундар боюнча кызматтык териштирүүлөрдү бөлүктүн командирлери же алардын орун басарлары жүргүзөт.
Кордоо, шылдыңдоо, тартиптик практиканы бурмалоо жана бийликти кыянаттык менен пайдалангандар боюнча фактыларды бирикмелердин жана бөлүктөрдүн командирлери же алардын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басарлары жүргүзөт.
Күжүрмөн кызматтагы башка тартиптик жосундар (өткөрүү режимин бузуу; постторго, кароолдук жайга, атайын транспортторго бөтөн адамдарды киргизип жиберүү, куралын башкаларга берүү жана таштап коюу) боюнча кызматтык териштирүүлөрдү бөлүктүн башкармалыгындагы офицерлер, батальон (рота) командирлери же алардын орун басарлары жүргүзөт. Өздөрүнүн чечимдерин жана көргөн чаралары тууралуу алар команда боюнча баяндашат.
74. Кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүдө төмөнкүлөр белгиленет:
- окуялардын, жасалган кылмыштардын, кылмыштардын жана тартиптик жосундардын жери жана убактысы;
- кылмыш болгон учурдагы кырдаал;
- кырсыктын кесепети, келтирилген зыяндын мүнөзү жана өлчөмү, ишканалар жана мекемелер тарткан зыяндын ведомстволук таандыгы;
- кырсыктагы түздөн түз күнөөлүү адамдар, алар жана жабыр тарткандар тууралуу толук маалыматтар;
- кырсыктын себеби жана аларды алдын алууга түздөн түз чара көрбөгөн кызмат адамдары;
- кырсык болгон бөлүнүштөрдөгү күжүрмөн кызматтын, окутуунун, тарбиялоонун жана аскердик тартиптин абалы;
- ушул жана башка бөлүктөрдөгү (бөлүнүштөрдөгү) мындай учурларды мындан ары болтурбоо боюнча көрүлгөн чаралар;
- териштирүү жүргүзүү үчүн мааниси бар башка жагдайлар.
75. Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча командир кылмыш, кырсыкты жаратуучу себептерди ошол жерден жоюуга, ошондой эле башка бөлүктөрдө (бөлүнүштөрдө) ушундай көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча зарыл болгон чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга милдеттүү.
Күжүрмөн кызмат өтөөнүн эрежесин жеке одоно бузууда же кароол, аскердик кезмет, алардын жардамчылары, күзөтчү жана кайгуул күзөтчүлөр тарабынан жүктөлгөн тапшырмаларды аткарылышын камсыздабаган учурларда бул аскер кызматчылары мындан ары көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууга бөлүктүн командиринин чечими боюнча гана жол берилет.
Күжүрмөн кызматтагы кылмыштарды, кырсыктарды, тартиптик жосундарды жашыруу, ошондой эле кырдаал алардын жасалышы тууралуу тастыкталбаган маалыматка чечкиндүү бөгөт коюулууга, ал эми күнөөлүүлөр катуу отчеттуулукка тартылышы керек.
8. Башкаруу пункттары жана байланышты уюштуруу
76. Аскерлерди башкаруу тынчтык учурларда такай жайгашкан жеринен ишке ашырылат.
Бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү) өзгөчө кырдаалдар учурунда жана башка күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда башкаруу үчүн жылып жүрүүчү каражаттарды пайдалануу менен башкаруунун көмөкчү пункту түзүлүшү мүмкүн.
Аскер колбашчылыгында (бирикмелерде, бөлүктөрдө) такай жайгашкан жеринде же топтоо аймагында аскерлерди күжүрмөн даярдыктын эң жогорку даражасына өткөрүү менен командалык пункт түзүлөт. Бул учурда бирикмелердин (бөлүктөр) биринин командалык пункту запастагы командалык пункт катары пайдаланылат, ал үчүн күн мурунтан даярдалат жана байланыш каражаттары менен чыңдалат. Бөлүктүн запастагы командалык пункту бөлүнүштүн биринин базасында түзүлөт.
Бирикмелерди (бөлүктөрдү, бөлүнүштөрдү) башкарууну өзүнө алган бирикменин (бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн) командири бул тууралуу улук командирге (башчыга) баяндайт, баш ийгендерге, кошуналарга жана өз ара аракеттеги органдарга маалымат берет.
Жогору турган командир жана штаб баш ийген бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командалык пункттары менен бекем байланышты сактоого өз учурунда чара көрөт.
77. Аскерлерди башкарууну камсыздоодогу каражат катары байланыш ички аскерлердин колбашчысынын (командиринин) чечимине, штаб башчынын көрсөтмөсүнө, жогору турган штабдын буйругуна ылайык уюштурулат.
Бирикмелердин (бөлүктөрдүн) штаб башчысы байланышты уюштурууга жана абалына жооп берет. Байланыш башчысы байланышты түздөн-түз уюштурат жана аны өз учурунда уюштурууга жана туруктуу иштеши үчүн жооптуу болот.
Ички аскерлердин колбашчысы (командири) жана аскерлердин (бирикмелердин, бөлүктөрдүн) штаб башчысы кырдаалдын ар кандай шарттарында өз штабдары, баш ийген бирикмелер, бөлүктөр (бөлүнүштөр) жана жогору турган командир (штаб) менен дайыма жана туруктуу байланышта болуусу үчүн байланыш каражаттарын өздөрү менен алып жүрүүгө, байланыш каражаттары жеке өзү сүйлөшө билиши керек. Командирди, штаб башчысын байланыш каражатынан бөлүүгө жол берилбейт.
78. Бирикмелерде (бөлүктөрдө) байланыш тутуму түзүлөт, анын негизин туруктуу жана көчмө байланыш түйүнү түзөт. Ал дайыма бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү) башкарууну камсыздоого ар дайым даярдыкта, жогорку туруктуулукка, мобилдүүлүккө, зарыл өткөрүү жөндөмүнө жана коопсуздук талаптарын канааттандырууга тийиш.
Бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү) башкаруу үчүн колдонулуучу радио-, радиорелейдик, зымдуу, көчмө жана сигнал берүүчү байланыш каражаты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын байланыш каналы жана башка мобилдик байланыштын башка компаниялары комплекстүү пайдаланылууга тийиш жана кырдаалдын ар кандай шарттарында буйруктарды, тескемелерди жана башка маалыматтарды берүүдө ишенимдүүлүктү, өз учурундалыкты, так жана жашырындуулукту камсыздашы керек.
Радио татаал жагдайларда аскерлерди башкарууну камсыздоого жөндөмдүү байланыштын маанилүү каражаты.
79. Улук жана баш ийген командирлердин ортосундагы байланыш түз байланыш принциби же байланыштын таяныч (көмөкчү) түйүнү боюнча, ошондой эле башка ведомстволордун обход багыты жана байланыш каналы боюнча камсыздалат. Бул учурда байланышты бир-эки тепкичке төмөн орнотуу мүмкүнчүлүгү камсыздалууга тийиш.
Өз ара аракеттеги бирикмелердин (бөлүктөр, бөлүнүштөр) өз ара аракеттеги органдар менен байланышы өз ара аракетти уюштуруучу командирдин (штабдын) көрсөтмөсү боюнча түз байланышты орнотуу, мамлекеттик байланыштын башка ведомстволордун тармагын пайдалануу жолу менен, жогору турган штабдын байланыш түйүнү аркылуу, ал эми зарыл учурда өз ара аракеттеги аскерлерге жана органдарга байланыш каражаты боюнча жиберилүүчү өкүлдөр аркылуу камсыздалат. Байланыш үзүлгөн учурда өз ара аракеттеги бирикмелердин (бөлүктөрдүн) штабдары аны калыбына келтирүү боюнча шашылыш чара көрүүгө милдеттүү.
Ыкчам багыттагы бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринде жана объектилерди кайтаруу боюнча алардын ортосундагы байланышты уюштуруу жана камсыздоо жоопкерчилиги жогору турган штабга жүктөлөт.
Байланышты пайдалануу тартиби жана радио- жана радиорейлейлик каражаттардын иштөө режими командир же штаб башчысы тарабынан кырдаалдын шартына жана жогору турган штабдын көрсөтмөсүнө жараша белгиленет.
80. Бирикмелерди, бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү) жашырын башкаруу күжүрмөн даярдыкты, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды уюштуруу жана аткарылуу менен байланышкан бардык иш-чаралардын бекем сыр катары сакталышын камсыздоого тийиш. Ага байланыштын техникалык каражаты, сүйлөшүүлөрдү жана берүүлөрдү жашыруун кылуу аппаратын пайдалануу, иш-кагаздарды шифрлөө, чакыруучу жана сигналдарды пайдалануу, сүйлөшүү таблицалары жана карталарды кодировкалоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн эрежесин жана тартибин сактоо менен жетишилет.
Аскер колбашчылыгына, бирикмелерге жана бөлүктөргө байланыштын техникалык каражаты боюнча берүүлөрдү ачууга кырсыктар жөнүндө, ошондой эле өзгөчө иш-аракеттин маанисин ачпастан командаларды берүү жана иш-аракеттерди башкаруу боюнча өзгөчө кырдаалдарда аскерлерге билдирүүдө, кароолдун, аскердик кезметтердин башчыларына маалыматтарды берүүдө гана жол берилет.
Бирикмелердин, бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) номерин жана аталыштарын бардык учурларда ачык берүү чакырык боюнча берилет, ал эми аймактагы пункттар сөзсүз коддолот.
Бардык даражадагы командирлер (башчылар) байланыш тартибин жана жашыруун башкаруу эрежесин бузууга бөгөт коюу чараларын дароо көрүүгө милдеттүү.
81. Башкаруунун автоматташтырылган каражаты ыкчамдыкты, аскерлерди башкаруу ишенимдүүлүгүн жогорулатууга арналган жана кырдаал тууралуу маалыматты иштеп чыгуу, берүү, чагылдыруу, аны документтештирүү жана ыкчам-тактикалык эсептерди жүргүзүү убактысын кыскартууну камсыздашы керек.
Башкаруунун автоматташтыруу каражаты командирдин көрсөтмөсүнүн жана жогору турган штабдын буйругунун негизинде пайдаланылат. Бул каражаттарды жайылтууга, өздөштүрүүгө, пайдаланууга жана ишенимдүү иштешине, ошондой эле алардагы болгон жана андагы циркуляциялык маалыматты коргоо үчүн жоопкерчилик штаб башчысына жүктөлөт.
82. Колбашчылыкта, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) башкармалыктарында туруктуу нөөмөт ишке ашырылат. Кырдаал тууралуу маалымат чогултуу, күжүрмөн кызматты контролдоо, аскердик тартипти жана уставдык тартипти сактоо, сутканын иш эмес убактысында, дем алыш жана майрам күндөрү болгон кырсыктарда алгачкы аракеттерди уюштуруу үчүн ички аскерлердин жетекчилигинен, аскер колбашчылыгынан жана бирикмелердин (бөлүктөрдүн) жетекчилигинен нөөмөтчү жооптуулар уюштурулат.
Жооптуу улук башчы тарабынан белгиленген убакытта иш ордунда болот. Ал бирикмелердеги (бөлүктөрдөгү, бөлүнүштөрдөгү) кырдаалды билүүгө, келип түшкөн билдирүүлөрдү карап чыгууга, зарыл учурда алар боюнча чечим кабыл алууга жана буйрук берүүгө, андан кийин бул тууралуу ички аскерлердин колбашчысына, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командирлерине баяндоого милдеттүү.
Бирикмелердин (бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн) жетекчилигинен жооптуу иш эмес убакта бирикменин (бөлүктүн) командирине аскерлерди күжүрмөн даярдыктын кыйла жогору даражасына келтирүү, аларды улук башчынын чечимин жана ички иштер министринин жана ички аскерлер колбашчысынын бардык башка буйруктарын талап кылуучу күжүрмөн-кызматта шашылыш түрдө колдонуу тууралуу буйрук алгандыгы жөнүндө баяндайт.
83. Ички аскерлер, бирикмелер (бөлүк боюнча нөөмөтчү) боюнча ыкчам нөөмөтчү кырдаал, өзгөчө кырдаалдагы белгиленген сигнал (команда) боюнча аракеттердин тартибин дайыма билүүгө жана ички аскерлердин колбашчысына (бирикмелердин, бөлүктөрдүн командирине) жана жогору турган органдын ыкчам нөөмөтчүсүнө кырдаал жана ал боюнча жыйынтыктар жөнүндө, бөлүктөр (бөлүнүштөр, кароолдор, аскердик кезметтер) кайда жана кандай тапшырмаларды аткарып жаткандыгы жана алардын аракеттеринин жыйынтыктары кандай экендиги, ал эми өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо - алардын мүнөзү жана кесепети, өткөрүлгөн иш-чаралар, аракеттеги күчтөр, аскердин жана өз ара аракеттеги органдардын каражаты тууралуу баяндама берүүгө даяр турууга милдеттүү. Маалыматтар толук, так жана болуп жаткан окуялардын мүнөзүн бурмалабашы керек.
Абалдын курчушунда ички аскерлердин колбашчысынын, бирикмелердин (бөлүктөрдүн) командирлеринин чечими менен ыкчам нөөмөтчүнүн буйругу аркылуу ар бир суткага ыкчам топ дайындалат.
Ыкчам нөөмөтчүнүн (бөлүк боюнча нөөмөтчүнүн), улук ыкчам топтун милдеттери ички аскерлердин колбашчысы, бирикменин (бөлүктүн) командири тарабынан бекитилген нсукамада аныкталат.
III бап
Тарбиялык жана социалдык-укуктук иштер
1. Жалпы жоболор
84. Ички аскерлердин алдындагы милдеттерди ийгиликтүү аткаруу чечүүчү деңгээлде өздүк курамдын аскердик тартибине, жогорку аң-сезимине, психологиялык туруктуулугуна, моралдык рухуна жана күжүрмөн-кызматтык чеберчилигине жараша болот. Бул моралдык-психологиялык жана күжүрмөн сапаттарды түзүүдөгү маанилүү роль тарбиялык жана социалдык-укуктук иштерге таандык, анын мааниси азыркы шарттарда өлчөмсүз өсүүдө.
Тарбия берүүчү органдар өзүнүн бардык ишинде бирикмелердин жана бөлүктөрдүн согуштук жөндөмдүүлүгүн жана күжүрмөн даярдыгын бекемдөөгө, ички аскерлердин күжүрмөн-кызматтык ишине жана бүткүл жашоого тарбиянын туруктуу жана ажыратылгыс таасирин камсыздоого чакырат.
85. Тарбиялык жана социалдык-укуктук иштер Кыргыз Республикасынын Конституциянын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана актыларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин, жоболордун жана нускамалардын, ошондой эле ички иштер министринин, ички аскерлердин колбашчысынын буйруктарынын жана директиваларынын негизинде уюштурулат жана жүргүзүлөт.
Тарбиялык жана социалдык-укуктук иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясатын ички аскерлердин жашоосуна бекем жана ырааттуу киргизүүгө; идеялык такшалгандыкты, кыраакылыкты жана күжүрмөн даярдыкты жогорулатууга; моралдык-психологиялык абалды, аң-сезимдүү аскердик тартипти, куралды, күжүрмөн жана атайын техниканы билгичтик менен пайдаланууга; өздүк курамдын кызматтык чеберчилигин өркүндөтүүгө; күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууга багытталат. Анын мазмуну күжүрмөн-кызматтык иштин ар кандай шарттарында командир (башчы) кабыл алган чечимге, аткарган тапшырмалардын мүнөзүнө, кырдаалдын өзгөчөлүгүнө, өздүк курамдын күжүрмөн билгичтигинин деңгээлине, анын моралдык абалына жараша аныкталат.
86. Тарбиялык жана социалдык-укуктук иштер үзгүлтүксүз жана кырдаал канчалык кыйындаса жана чыңалса да, ошончолук жигердүү, максаттуу, конкреттүү, ыкчам жана ийкемдүү жүргүзүлүүгө тийиш. Аны уюштурууда болгон каражаттарды, түрдүү формаларды жана ыкмаларды кеңири пайдалануу керек.
Баш ийгендерди тарбиялоонун маанилүү ыкмасы болуп жекече иш эсептелет, аны бардык жооптуу адамдар пландуу жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Тарбиялык жана социалдык-укуктук
иштердин милдеттери
87. Бөлүктөрдөгү, бөлүнүштөрдөгү, кароол жана аскердик кезметтердеги тарбиялык жана социалдык-укуктук иштердин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өздүк курамды мекенчилдик, интернационалдык рухта, Аскердик антка жана аскердик милдетке бек турууга тарбиялоо;
- ички аскерлерге Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүктөлгөн мамлекеттик маанидеги милдеттерди аскер кызматчыларына терең түшүндүрүү, бул милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн бийик жеке жоопкерчиликке, аскерде кызмат кылгандыгы үчүн сыймыктануусуна тарбиялоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин өздүк курамга өз учурунда жеткирүү, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин, ички аскерлер колбашчысынын, командирлердин (башчылардын) буйруктарын түшүндүрүү жана аны коюлган күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарууга мобилизациялоо;
- күжүрмөн-кызматты уюштуруу жана өтөө үчүн жогорку жоопкерчилик рухунда офицерлерди тарбиялоо, кырдаалдын ар кандай шарттарында бөлүктөрдү, бөлүнүштөрдү, кароолду жана аскердик кезметти бекем жана үзгүлтүксүз башкаруу; алардагы зарыл болгон командалык, усулдук сапаттарды жана көндүмдөрдү, өз алдынчалыкты, демилгени, чыгармачылыкты, ыкчамдыкты жана иштеги тактыкты түзүү, кырдаалды ар тараптан баалоону билүү, окуялардын өнүгүшүн көрө билүү, күжүрмөн-кызматтык тапшырмалардын ийгиликтүү аткарылышы үчүн күч жана каражатты натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу;
- бөлүктөрдө, бөлүнүштөрдө аң-сезимдүү аскердик тартипти бекемдөө, аскер кызматчылары тарабынан анын ролун жана күжүрмөн кызматтын маанисин терең түшүнүүнү камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Аскердик анттын, аскердик уставдын, командирлердин (башчылардын) буйруктарынын жана тескемелеринин талаптарын сөзсүз түрдө жана так аткаруу зарылчылыгы;
- командирлердин (башчылардын) бир башчылыгын жана беделин бардык тараптан бекемдөө, аларды сыйлоого тарбиялоо жана күжүрмөн-кызматтык кырдаалдын ар кандай шартында аларды коргоого даяр болуу;
- аскердик жамаатта уставга ылайык келбеген мамилелерди жана башка терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу;
- өздүк курамды күжүрмөн салтта тарбиялоо, баатырларча курман болгон жоокерлерди - кыргызстандыктарды, кызматтык милдеттерди үлгүлүү аткарышкан аскер кызматчыларын даңазалоо;
- өздүк курамда жогорку моралдык-психологиялык жана күжүрмөн сапаттарды, идеялык жана психологиялык туруктуулукту, жогорку кызматтык активдүүлүктү, эрдикти, кайраттуулукту, чечкиндүүлүктү, токтоолукту жана өзүн алып жүрүүнү, чынчылдыкты жана сатылбастыкты, демилгени жана тапкычтыкты, достукту жана аскердик жолдошчулукту, өз ара колдоону жана көтөрмөлөөнү, кароолдун, посттун ыйыктыгын жана сакчыга кол тийбестикти сезүүнү, аскердик кызматтын оорчулугун көтөрө билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу;
- аскер кызматчыларына ченемдүү кызматтык жүктөмдү, анын күжүрмөн кызматты ийгиликтүү өтөшү үчүн зарыл шарттарды камсыздоо;
- аскер кызматчыларын жогорку кызматтык кыраакылыкка жана жашырындык режимди сактоо, мамлекеттик, аскердик жана кызматтык жашырын сырды сактоо үчүн жеке жоопкерчиликке, ар кандай кылмыштуу ойлорду, аракеттерди жана укук бузуучулардын арам ойлорун өз учурунда аңдап-билүүгө жана болтурбоого тарбиялоо;
- кайдыгерликке жана камкордуксуздукка каршы күрөшүү, аскер кызматчыларынын мыйзамдуулукту бек сактоосун камсыздоо, эл менен туура өз ара мамилени кармоо, жүрүм-турумдун жогорку маданияты, адамдарга сылык жана көңүл буруу менен мамиле жасоо;
- кызматты өркүндөтүүдө, техникалык билимге, аралаш адистикке ээ болууда, класстуулукту жогорулатууда жана өз ара алмашуучулукка жетишүүдө өздүк курамдын чыгармачыл демилгесин, рационализаторлугун жана ойлоп табуучулугун колдоо, күжүрмөн кызматты уюштурууда жана практика жүзүндө өтөөдө үстүрт жана алсыз болууларды чечкиндүү жоюу;
- аскер кызматчыларында курал-жарактын, күжүрмөн жана атайын техниканын ишенимдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна терең ишенимди, аларды дайыма күжүрмөн даярдыкта кармоого жоопкерчилик сезимин тарбиялоо; күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарууда, курал-жарак жана техника менен иштөөдө коопсуздук чараларын так сактоону камсыздоо;
- келген толуктоону иликтөө жана аны бөлүктөр боюнча максаттуу бөлүштүрүүгө таасири, ар тараптуу даярдоо жана акырындык менен күжүрмөн кызматка киргизүү; аскер кызматчыларынын бөлүнүштөрү, кароолдору жана аскердик кезметтери боюнча жайгаштыруу, алар менен кызматтык-күжүрмөн иштин чечүүчү участокторун чыңдоо;
- жаштар уюмдарынын жигердүүлүгүн, алардын ролун жана аскердик жамаатты бириктирүүдөгү жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө такай камкордук көрүү;
- түзүлгөн кырдаал жөнүндө өздүк курамга үзгүлтүксүз ыкчам жана күжүрмөн-кызматтык маалымдоону камсыз кылуу, аскердик мөөр, үгүттөөнүн агартуучулук мүлкү жана техникалык каражаттары менен жабдуу; почта кат-кабарларын жана кино-видеофильмдерди өз учурунда жеткирүү жөнүндө камкордук көрүү;
- күжүрмөн кызматтын алдыңкы тажрыйбаларын үгүттөө жана ишке киргизүү, өздүк курамды окутуу жана тарбиялоо, айырмаланган аскер кызматчыларын даңазалоо;
- аскер кызматчыларынын материалдык-тиричиликтик жана маданий суроо-талаптарын өз учурунда жана толук канааттандыруу жөнүндө күн сайын камкордук көрүү;
- өздүк курамды аскердик жана элдик мүлккө аяр мамиле жасоого тарбиялоо;
- жогору турган жетекчиликке моралдык-психологиялык абал, аскердик тартип, жүргүзүлгөн жекече-тарбиялык иштер жана анын натыйжалары жөнүндө өз учурунда жана туура маалымат берүү.
Бөлүктөрдө жана бөлүнүштөрдө тарбиялык жана социалдык-укуктук иштерди уюштурууда, жалпы талаптардан тышкары бөлүктөрдүн жана бөлүнүштөрдүн кызматтык-күжүрмөн ишин арналышынан, уюштуруу түзүмүнөн, техникалык жабдылышынан жана мүнөзүнөн келип чыгуучу өзгөчө милдеттер дагы эске алынууга тийиш.
88. Тарбиялык жана социалдык-укуктук иштердин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Бөлүктөрдө (бөлүнүштөрдө):
- ыкчам аскердик резерв катары бул бөлүктөрдүн эмнеге багытталганын, жайгашкан ордунан алыскы аралыктагы кырдаалдын татаал шарттарындагы аракеттерге дайыма күжүрмөн даярдыкта туруу зарылдыгын түшүндүрүү;
- аскер кызматчыларын өзгөчө маанилүү объектилерди, атайын жүктөрдү кайтаруу жана коргоо үчүн бийик жеке жоопкерчилик, коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруу рух сезиминде тарбиялоо;
- аскер кызматчыларын кесипкөй тапкычтыгына, сабырдуулукка, күжүрмөн кызматта маданияттуулукту жана жүрүм-турум эрежелерин сактоого тарбиялоо;
- мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти бекемдөө, жеке менчикти коргоо, жарандардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, өлкөдөгү кылмыштуулукту жок кылуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин талаптарын өздүк курамга түшүндүрүү;
- коомдук тартипти сактоо тапшырмаларын үлгүлүү аткарууга аскер кызматчыларын мобилизациялоо; укук бузууларга бөгөт коюудагы жогорку жигердүүлүккө жана чечкиндүүлүккө тарбиялоо;
- кыргыз милициясынын салттарын даңазалоо; ички иштердин аймактык органдары, тартипти сактоонун коомдук пункттары, ыктыярдуу элдик кошуун, коомчулуктун активи менен тыгыз байланышты бекем сактоо.
Коммуникациялардагы (мамлекеттик маанилүү объектилер жана атайын жүктөр) объектилерди кайтаруу жана коргоо боюнча милдеттерди аткаруучу бөлүктөрдө:
- объектилерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча мамлекеттик маанидеги милдеттерди дайыма аскер кызматчыларына түшүндүрүү;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн аракеттеринин ыкмаларын жана усулдарын, тактикасын жана аларга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасын ачуу;
- объектилерди коргоодо жана кайтарууда, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жоюуда, ошондой эле объектилерде кырсыктарды, жардырууларды, өрттөрдү болтурбоодо жана кесепетин жок кылууда аскер кызматчыларын туруктуулукка, эрдикке, баатырдыкка, чечкиндүүлүккө жана кайраттуулукка тарбиялоо;
- транспорттук жана техникалык каражаттардын, байланыш каражаттарынын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешине, материалдык жана отун ресурстарын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдаланууга аскер кызматчысы адистерди жоопкерчиликке тарбиялоо;
- бөлүнүштөрдүн маданий борборлордон алыстыгын эске алуу менен аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тиричилигин, бош убактысын уюштуруу.
Камсыздоо бөлүнүштөрүндө төмөнкүлөр боюнча иштер жүргүзүлөт:
- бул бөлүнүштөргө жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн бийик жоопкерчиликке аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды тарбиялоо;
- техникалык тейлөөнүн, пайдалануунун, оңдоонун, сактоонун, курал-жаракты, күжүрмөн жана атайын техниканы, транспорт жана байланыш каражаттарын жана башка мүлктөрдү оң абалда кармоого бийик сапаттарга жетишүүгө, регламенттик жана оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө аскер кызматчыларын мобилизациялоо;
- бардык аскер кызматчыларынын кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаруусун, материалдык баалуулуктарды сактоону жана үнөмдүү чыгымдоону камсыздоо;
- өндүрүштүк тапшырмаларды жана чарбалык иштерди аткаруу үчүн зарыл шарттарды өздүк курамга түзүү, мертинүүнү, ден соолукка зыян келтирүүнү болтурбоочу коопсуздук чараларын сактоону камсыздоо жөнүндө дайыма камкордук көрүү;
- офицерлерди мыйзамдарды, буйруктарды жана директиваларды сөзсүз аткаруу рухунда тарбиялоо; иштин жеке стилин, аскерлерди башкаруунун илимий усулдарын үйрөнүүдө, кырдаалдын маалыматтарын топтоодо, талдоого алууда, жалпылоодо жана өз ишинин багыты боюнча сунуштарды киргизүүдө ар бир офицердин чыгармачылыгын жана демилгелүүлүгүн өнүктүрүү;
- офицерлерде иштеринин сапаты, алар тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын натыйжалуулугу, алдыңкы тажрыйбаны терең үйрөнүү жана практикага киргизүү үчүн жоопкерчилик жана бийик аткаруучулук сезимин арттыруу;
- бөлүнүштүн өзүдүк курамына туура кызматтык жүктөмдү жана окуусу, тарбиялануусу, эс алуусу, ага тиешелүү керектөөлөрдүн бардык түрү менен толук камсыз болуу шарттарын түзүү үчүн офицерлерге дайыма камкордук көрүүнү камсыздоо;
- офицерлерди бийик принциптүүлүккө жана кемчиликтер менен келишпестикке, иштин абалын калыс баалоого, кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүү зарылдыгын түшүнүүгө тарбиялоо.
89. Тарбиялык иштердин милдеттерин ийгиликтүү чечүүгө жана күжүрмөн кызматтын ар кандай шарттарында анын үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсүнө төмөнкү жолдор менен жетишилет:
- бөлүнүштөрдөгү тарбиялык иштер боюнча анын мазмуну, түрлөрү жана усулу тууралуу тапшырмаларды командирлерге өз убагында коюу;
- коюлган күжүрмөн-кызматтык милдеттерди, командирлердин (башчылардын) буйруктарын тереңден билүү, кырдаалдын өзгөрүшүнө өз убагында көңүл буруу;
- командирлердин (башчылардын) түздөн түз бөлүнүштөрдөгү, кароолдогу, аскердик жана суткалык кезметтердеги аскер кызматчылары менен максаттуу уюштуруучулук жана идеологиялык иштери;
- өздүк курам менен тыгыз байланышта болуу;
- ар бир аскер кызматчысына жигердүү таасир этүү;
- алар менен бирге күч жана каражаттарды ар тараптуу даярдоого, күжүрмөн-кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу; жергиликтүү башкаруу органдары жана укук коргоо органдары менен тыгыз өз ара кызматташуу;
- командирлердин (башчылардын) иштин өзгөчөлүгүн, түрлөрүн жана ыкмаларын, аларды күжүрмөн кызматтардын ар кандай түрлөрүндө колдоно билүүсү;
- жаштар уюмдарынын жигердүүлүгүн жана күжүрмөндүүлүгүн ар тараптуу бекемдөө жана жогорулатуу, күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууда командирлер жана башчылардын билгичтик менен аларга таянуусу;
- кыйла даярдыктары бар аскер кызматчысына чечүүчү жерлерге коюу, күжүрмөн кызматта жана аскердик тартипте алардын үлгүлүү жактарын камсыз кылуу, тарбия иштерине активдүү катыштыруу;
- кароолдордогу, аскердик жана суткалык кезметтердеги тарбиялык иштерди демилгелүү жүргүзүүгө жөндөмдүү, ишти билген, күжүрмөн кызматты үлгүлүү өтөөгө сөзү жана өзүнүн иши менен аскер кызматчыларын ээрчитип кете алган активди ар бир бөлүнүштө тандоо жана даярдоо; активдин ишине күн сайын жетекчилик кылуу жана ага практикалык жардам көрсөтүү;
- төмөндөн жогору жана жогорудан төмөн карай түзүлгөн кырдаал тууралуу үзгүлтүксүз жана так малымат берүү;
- күжүрмөн кызматтагы кемчиликтерге ыкчам жана сын көз караш менен көңүл буруу;
- бөлүнүштөрдү, кароолдорду, аскердик жана суткалык кезметтерди гезиттер, журналдар, адабий басылмалар, үгүттөөнүн техникалык каражаттары, көрсөтмө агитациялар, агартуучу мүлктөр менен өз убагында жана толук камсыз кылуу;
- командирлердин (башчылардын), тарбиячылардын ар биринин күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруудагы жеке үлгүлөрү, кынтыксыз аткаруучулук жана бийик жоопкерчилиги, идеялык туруктуулугу, эрдиги жана кайраттуулугу; алардын карамагындагыларга күн сайын тийгизген таасири, бөлүнүштөрдөгү, кароолдордогу, аскердик кезметтердеги тарбиялык иштерди уюштурууну жана өткөрүүнү контролдоо;
- күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруу боюнча тарбиялык иштердин алдыңкы үлгүлөрүн жалпылоо, таратуу жана ишке киргизүү, аскер кызматчыларын жөндүү демилгелери, иш-чараларды өткөрүүдөгү активдүүлүгү жана тырышчаактыгы үчүн сыйлоо.
90. Тарбиялык иштерге ыкчам жетекчилик кылуу, бөлүктөргө (бөлүнүштөр) жүктөгөн тапшырмалар менен анын ажырагыс байланышын жана алардын аткарылуусуна тийгизген натыйжалуу таасирин камсыздоо максатында тарбиялык түзүмдөрдүн офицерлери башкаруу пунктунун бардык курамына киргизилет.
3. Тарбиялык иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат адамдарынын милдеттери
91. Тарбиялык иштерди тынчтык жана согуш мезгилдеринде уюштуруу жана өткөрүү - тарбиялык түзүмдөгү бардык командирлердин (башчылардын) жана аскер кызматчыларынын негизги милдеттери. Алар жүктөлгөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн жаштар уюмдарынын жана аскердик коомчулуктун күчүн жана таасирин толук пайдаланып, ар кандай кырдаалда моралдык-психологиялык абалды түзүү менен иш жүргүзүшү керек.
92. Ички аскерлердин колбашчысы, бирикмелердин (бөлүктүн, бөлүнүштөрдүн) командири өздүк курамдын тарбиясына, моралдык-психологиялык абалын уюштурууга жооп берет. Ал күжүрмөн кызматтын белгилүү мезгилине, ошондой эле ар бир жүктөлгөн милдеттин аткарылуу убактысына моралдык-психологиялык абалды уюштуруу жана тарбиялык иштер боюнча айкын милдеттерди коет.
93. Командирдин (бирикмелердин, бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн) өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары моралдык-психологиялык камсыздоого жооп берет, тарбиялык иштерди уюштурат жана өткөрөт, күжүрмөн-кызматтык милдеттерди чечүүдө анын абалына жана иштиктүүлүгүнө толук жоопкерчилик тартат.
Командирдин орун басары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кырдаалды, жүктөлгөн тапшырмаларды жана аларды аткаруунун жыйынтыктарын дайыма билүүгө; карамагындагы бөлүктөр менен бөлүнүштөрдөгү иштин чыныгы абалын дайыма билүүгө жана анын негизинде тарбиялык иштер боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аларды турмушка ашырууга;
- аткаруучуларга өз убагында тапшырмаларды коюуга;
- жаштар уюмдарынын жана башка коомдук түзүлүштөрдүн демилгелерин, активдүүлүгүн күчөтүүгө;
- командирлерди жана алардын өздүк курам менен иштөө боюнча орун басарларын аскердик жамаатты бириктирүү, өздүк курамга тарбия иштерин практикалоо боюнча иштердин түрүн жана усулун окутуу, ага бардык офицерлер менен активдерди күн сайын катыштырып турууга жетишүү, алардын алдыңкы тажрыйбаларын жалпылоого жана жайылтууга;
- кырдаалдагы өзгөрүүлөргө ыкчам көңүл буруу; күжүрмөн-кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткаруу кызыкчылыгында өздүк курамга таасир этүүчү кыйла натыйжалуу каражаттарды издөөдө жана колдонууда, терс көрүнүштөрдү болтурбоодо демилге жана чыгармалык көрсөтүүгө.
Жүргүзүлгөн тарбиялык иштер, моралдык-психологиялык абал жана өздүк курамдын аскердик тартиби тууралуу өздүк курам менен иштөө боюнча орун басар өзүнүн командирине (башчысына) жана жогору турган колбашчылыкка баяндайт.
94. Бөлүнүштүн командири жана өздүк курам менен иштөө боюнча анын орунбасары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өздүк курамга кырдаалды өз убагында жеткирүүгө жана аларга жүктөлгөн тапшырмаларды жана буйруктарды түшүндүрүүгө;
- аскер кызматчыларынын ишкердик, моралдык-ишкердик сапаттарын, кызматтык тажрыйбасын, жеке өзгөчөлүктөрүн жана психологиялык жактан абалын эске алуу менен кароолго, аскердик кезметке, сменге жана күзөткө өздүк курамды кылдат тандоого жана коюуга;
- кароолго жана аскердик кезметке дайындалган аскер кызматчыларын тапшырылган иш үчүн бийик жоопкерчиликке жана кыраакылыкка тарбиялоого, алардын үлгүлүү тажрыйбаларын күжүрмөн кызматты ишке ашырууда практикага киргизүүгө;
- аскер кызматчыларын күжүрмөн кызматты өтөөнүн уставдык эрежелерин билүүсүн жана терең өздөштүрүүсүн, кайтаруунун жана байланыштын техникалык каражаттарын туура пайдалануусун камсыздоого;
- кароолго жана аскердик кезметке тарбиялык иштерди жеке өзү жүргүзүүгө, ага бөлүнүштүн офицерлеринин, прапорщиктеринин жана активдеринин дайыма катышуусун камсыздоого, өздүк курамдын маанайын, аскер кызматчыларынын моралдык-психологиялык даярдыгын, аларды кыйынчылыктарды жеңе билүүгө жана күжүрмөн кызматты өтөөдөгү билгичтикке жана чечкиндүү аракеттерге шыктандыра билүү түрлөрүнө жана усулдарына окутууга;
- кароолдун жана аскердик кезметтин өздүк курамынын экипировкасы, тамактануусу жана эс алуусу (уктоосу), ден соолугун сактоосу тууралуу дайыма кам көрүүгө.
Бөлүнүштүн өздүк курам менен иштөө боюнча командиринин орун басары ошондой эле кароолго жана аскердик кезметке үгүттөөчүлөрдү, күжүрмөн баракчалардын редакторлорун жана башка активисттерди тандоого, аларга тапшырма берүүгө жана кызматтын мааниси боюнча нускама берүүгө, өз милдеттерин аткарууда аларга жардам берүүгө, алардын тажрыйбаларын жалпылоого жана жайылтууга.
Взводдун (бөлүктүн, экипаждын) командири тарбиялык иштерди өткөрүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- карамагындагыларды Аскердик антка жана милдетине бекем турууга, кандай гана шарт болбосун тапшырылган күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарууга даяр турууга дайыма тарбиялоого;
- кырдаалдын өзгөчөлүгүн, улук командирлер (башчылар) тарабынан коюлган милдеттерди, аларды ийгиликтүү аткаруунун ыкмаларын өздүк курамга дайыма түшүндүрүп турууга; аскер кызматчыларынын күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарууда жасаган эрдиктерин даңазалоого;
- жеке жана күнүмдүк иштөөдө уставдын талаптарын жайылтуу жолу менен карамагындагыларга бийик моралдык-күжүрмөн жана психологиялык сапаттарды түзүүгө, аң-сезимдүү аскердик тартипке тарбиялоого;
- аскер кызматчыларын аскердик достук жана жолдошчулук рухуна, өз ара колдоо көрсөтө билүүчүлүккө тарбиялоого, өзүнүн жеке үлгүлөрү менен аларды аскердик милдетти үлгүлүү аткарууга чакырууга.
Карамагындагыларга укуктук жана аскердик тарбия берүү боюнча өзүнүн ишинде взводдун (бөлүмдүн, экипаждын) командири жаштар активине таянат.
95. Тарбиялык иштердин борбору болуп рота эсептелет. Улук командирлер (башчылар) жана өздүк курам менен иштөө боюнча командирдин орун басарлары бөлүнүштөрдөгү тарбиялык иштерди дайыма өркүндөтүүгө жана иштиктүүлүгүн жогорулатууга тийиш; бир дагы аскер кызматчысы дайыма жүргүзүлүүчү тарбиялык таасирден четте калбоого жетишүү; ишти терең билүү менен ар бир аскердик жамааттын жашоосуна жана ишине терең жана активдүү таасир берүү; тарбиялык иштер жана тапшырылган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу боюнча командирлерге жана алардын орун басарларына жардам берүү.
4. Кароолдун жана аскердик кезметтин өздүк курамы менен тарбиялык иштер
96. Тарбиялык иштер ар бир кароолдун, аскердик жана суткалык кезметтин өздүк курамы менен алар күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткаруу мөөнөтүнүн бардык учурларында уюштурулат. Алардын максаты - бардык аскер кызматчыларынын бийик күжүрмөн даярдыгын, кыраакылыгын, аскердик тартибин, мыйзамды сактоосун, күжүрмөн кызматты үлгүлүү өтөөсүн камсыздоо.
Бир же бир нече суткага дайындалган ар бир кароол үчүн бөлүнүштүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары тарбия иштеринин планын алдын-ала иштеп чыгат, анда активдин курамы жана жайгашуусу, кандай иш-чаралар, ким менен качан жана ким өткөрүүгө милдеттүү экендиги көрсөтүлөт. Суткадан аз убакыттагы күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарган кароолдун, ошондой эле аскердик жана суткалык кезметтин курамындагы активисттерге жана башка аскер кызматчыларына ал нускама өткөрүү маалында тарбия иштери боюнча конкреттүү жеке тапшырмаларды берет.
Тарбия иштери күжүрмөн кызматка даярдык көрүүдө, аны өтөөнүн жүрүшүндө жана милдеттерди аткаруунун жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт.
97. Кароолго, аскердик кезметке даярдануу маалында күжүрмөн-кызматтык милдеттин кырдаалы, мүнөзү, өзгөчөлүктөрү жана аны өтөөнүн тартиби өздүк курамга түшүндүрүлөт.
Бөлүнүштүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары бул учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолдун, аскердик кезметтин башчыларына жана активди өздүк курам менен тарбия иштерин өткөрүүнүн убактысы, мазмуну, формасы жана усулу, жеке тарбия иштерди ким менен, кандай маселелер боюнча өткөрүш керектиги тууралуу нускама өткөрүүгө;
- кароолду, аскердик кезметтерди керектүү адабий басмалар, гезит-журналдар, стол оюндары, көрсөтмөлүү үгүттөө материалдары менен камсыздоого;
- кароолдун, аскердик кезметтин өздүк курамы менен күжүрмөн кызматты өтөөдөгү жеке үлгү көрсөтүү тууралуу маектерди курууга;
- күжүрмөн кызматка контролдоо жүргүзүү үчүн арналган офицерлердин жана прапорщиктердин кароолго жана аскердик кезметке тарбия иштерин өткөрүүгө даярдыгын текшерүү.
98. Бөлүнүштүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, башка кызмат адамдары, кароолдун (аскердик кезметтин) башчысы күжүрмөн кызмат өтөө маалында тарбиялык иштерди жүктөлгөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууга багытташат. Өздүк курамга учурдагы кырдаал, аткарылып жаткан күжүрмөн-кызматтык милдеттин мамлекеттик мааниси, Күжүрмөн кызмат уставынын айрым жоболору, күзөттөрдүн табели боюнча милдеттер, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти так сактоо тууралуу талаптар түшүндүрүлөт, кырдаалдын өзгөрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар жеткирилип турат.
Кароолдун (аскердик кезметтин) башчысы тапшырмаларды аткарууда активге таянат, өзү же жардамчысы аркылуу белгиленген иш-чараларды өткөрүүдө активисттерге жардам берет, алар менен бирге жамаатка жагымдуу маанай түзөт, жаш жоокерлердин кызматтык чеберчиликке ээ болуусуна жардам берет. Ал аскер кызматчыларынын билгиликтүү иш-аракеттерин белгилеп, кемчиликтерди сылык түрдө көрсөтүү менен ар бир смендеги кызматтын жыйынтыгын чыгарат, өздүк курамдын өз убагында жана толук эс алуусу (уктоосу), тамактануусу жана алардын ден соолугун сактоо жөнүндө кам көрөт.
Кароол башчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- адилет жана камкор болууга, карамагындагыларга үлгү көрсөтүүгө жана алардан дайыма күжүрмөн даярдыкты, кыраакылыкты, күжүрмөн-кызматтык милдеттерди үлгүлүү аткарууну, күжүрмөн кызматтын коопсуздук чараларын сактоону талап кылууга;
- уставга ылайык келбеген өз ара мамилелерди болтурбоо чараларын көрүүгө, жүрүм-турумдагы кемчиликтер, аскер кызматчыларынын туура эмес сөздөрү жана маанайы тууралуу бөлүккө баяндама берүүгө, кызматты текшерген адамдарга бул жөнүндө маалымат берүүгө.
99. Бөлүнүштүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары кароолдогу, аскердик жана суткалык кезметтеги тарбия иштеринин (жеке тапшырмалардын) планын күн сайын текшерүүгө; өздүк курамдын өз милдеттерин жана күжүрмөн кызматтагы аскердик тартиптин талаптарынын аткарылуу сапатын билүүгө; өзгөчө айырмаланган аскер кызматчылары, белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча көрүлгөн чаралар, тарбия иштерин жакшыртуу боюнча жыйынтыктарды жана сунуштарды бөлүнүштүн командирине баяндоого милдеттүү.
Бөлүнүштүн командири өздүк курам ротага келгенден кийин бөлүктүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары менен бирге кароолдун, аскердик кезметтин күжүрмөн кызматынын, андагы тарбия иштеринин жыйынтыгын чыгарат.
Күжүрмөн кызматтын жыйынтыктары дубал гезиттерде, көрсөтмөлүү үгүттөрдө чагылдырылат жана оозеки үгүттөөлөрдө колдонулат.
5. Өзгөчө жагдайлардагы тапшырмаларды аткаруу шартында тарбиялык иштер
100. Түрдүү бөлүктөрдүн бөлүнүштөрү тартылган шарттарда өзгөчө жагдайлар учурундагы тарбиялык иштерге жетекчилик кылуу үчүн жогору турган командир өздүк курам менен иштөө боюнча орун басарын дайындайт.
Аскерлердин өзгөчө жагдайлардагы аракеттерди аткаруу маалында жетекчинин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, тартылган бөлүктөрдүн жана бөлүнүштүн өздүк курам менен иштөө боюнча командирлеринин орунбасарлары өзгөчө жагдайлар учурундагы тарбиялык иштердин планын өздүк курам менен иштеп чыгышат жана белгиленген иш-чаралардын аткарылуусун камсыз кылышат.
Планда төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- тарбиялык түзүмдүн аскер кызматчыларын бөлүнүштөр же күжүрмөн катардагы элементтер боюнча жайгаштыруу;
- активди тандоо жана нускама берүү;
- кырдаалдын, жүктөлгөн тапшырмалардын, окшош шарттарда аскерлерде топтолгон тажрыйбадан улам алдыдагы иш-аракеттердин максатынын, мүнөзүнүн жана ыкмаларынын өзгөчөлүктөрүн, жергиликтүү калк менен өз ара мамиле түзүүнүн жана жүрүм-турумдун ченемдерин, мыйзамдуулукту, кыраакылыкты, аскердик жана кызматтык сырларды бекем сактоо зарылчылыгын өздүк курамга түшүндүрүү боюнча иштер;
- аскердик бөлүнүштөрдүн коомдук уюмдарынын иш-чаралары;
- маалыматтын жогорудан төмөн жана төмөндөн жогору карай болуусун уюштуруу;
- иш-аракеттер аймагындагы мүмкүн болгон бузуку ушактардын жана дүрбөлөң түшүрүүчү маанайдын алдын-алуу боюнча иш-чаралар;
- тарбиялык иштерде автоклубдук унааларды жана үгүттөөнүн башка техникалык каражаттарын кеңири пайдалануу;
- иш-аракеттер аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ички иштер органдары, Куралдуу Күчтөрдүн бөлүктөрү жана бөлүнүштөр жана башка аскердик түзүлүштөр менен байланышты жана өз ара аракетти орнотуу;
- жергиликтүү калктын арасындагы түшүндүрүү иштери.
101. Өзгөчө жагдайлардагы аскердик аракеттердин шартында тарбиялык жана социалдык-укуктук иштер аскер кызматчыларынын бийик моралдык маанайын, кыраакылыгын, кыйынчылыктарды жеңүүгө туруктуулугун колдоого, алардагы туура демилгени, эрдикти, тапкычтыкты жана чечкиндүүлүктү өнүктүрүүгө багытталат.
Тарбиялык жана социалдык-укуктук иштерде өзгөчө көңүл төмөнкүлөргө бурулат:
а) өзгөчө абалдар режимин, контртеррористтик операциянын укуктук режимин камсыздоого аскерлердин катышуусунда:
- өзгөчө абалдардын укуктук режиминин мазмунун аныктаган мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин жана ички аскерлер колбашчысынын буйруктарынын талаптарын аскер кызматчыларына жарыялоо жана түшүндүрүү;
- жүктөлгөн күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткарууга өздүк курамды мобилизациялоо;
- өздүк курам арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иштерди аскердик прокуратура органдары менен уюштуруу;
- аскердик жамааттарды бириктирүү, аларда достук жана аскердик жолдоштукту, өз ара колдоо жана күжүрмөн бир туугандык маанайды калыптандыруу;
- кырдаалдын ар кандай шарттарындагы чечкиндүү аракеттерге психологиялык туруктуулукту жана даярдыкты колдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка укуктук-ченемдик актыларында белгиленген социалдык кепилдик, компенсация жана социалдык колдоо көрсөтүүлөр тууралуу маалыматты өздүк курамга жарыялоо;
- маалыматтык-психологиялык терс таасирлерден аскер кызматчыларын коргоо;
- өзгөчө абалдар режимин колдоого катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана органдардын тарбия берүүчү түзүмдүк бирикмелери жана аскердик бөлүктөрү менен өз ара аракетти уюштуруу;
б) кылмышкерлерди издөө боюнча аскерлердин аракеттеринде:
- качып кеткен кылмышкерлер, алардын ниети, митаамдыктарынын мүмкүн болгон ыкмалары тууралуу өздүк курамга ыкчам маалымат берүү;
- атайын операциялардын жүрүшүндө жагдайга өзгөрүүлөр тууралуу өздүк курамга өз убагында маалымдоо;
- радиобайланыш адистери, айдоочулар, көзгө атаар жана кинологдор тарабынан тапшырманы ийгиликтүү аткарууга багытталган мобилизация;
- түнкү шарттарда иштеген өздүк курам менен иштөө;
в) калктуу конуштарда жапырт баш-аламандыктарды болтурбоо боюнча аракеттерде:
- коомдук тартиптин жапырт бузулуусунун социалдык коркунучун, аларды болтурбоо боюнча чечкиндүү иш-аракеттердин, ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары, ыктыярдуу элдик дружиналар, коомчулуктун активдери менен тыгыз байланышта болуунун зарылдыгын өздүк курамга түшүндүрүү;
- аскер кызматчыларын жергиликтүү калктын үрп-адаттары жана салттары менен тааныштыруу, аларды мыйзамдуулукту бекем сактоонун зарылдыгына жана айрым азгырыктарга алдырбоого ынандыруу;
- аскер кызматчыларын тапшырылган объектилерди, мамлекеттик жана коомдук мүлктү ишенимдүү кайтарууну жана коргоону камсыздоого мобилизациялоо;
г) аскерлерди өрт өчүрүүгө жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга тартууда:
- элди жана материалдык баалуулуктарды сактап калуунун ыкмаларын жана жолдорун, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнү өздүк курамга түшүндүрүү;
- жигердүү, жан аябастан сактап калуу иштерине, мамлекеттик жана коомдук мүлктү ишенимдүү кайтарууга, иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткан аймактагы коомдук тартипти сактоого аскер кызматчыларын мобилизациялоо;
- аскер кызматчыларын эрдик жана каармандык үлгүлөрүнө үгүттөө;
д) аскерлердин карантиндик иш-чараларды камсыздоосунда:
- эпидемияга каршы жана санитардык-гигиеналык бардык талаптардын бекем сакталышынын зарылдыгын өздүк курамга терең түшүндүрүү;
- аскер кызматчыларына жугуштуу оорулардан коргоого (сактоого) кепилдик берүүчү шарттарды түзүү тууралуу камкордук көрүү;
- контролдоп-өткөрүүчү пункттарда кызмат өтөө үчүн, өзгөчө автоунааларды текшерип өткөрүү боюнча активди кылдат тандоо жана жайгаштыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз кызматташтыкты сактоо.
102. Өзгөчө жагдайлардагы иш-аракеттерге даярдануу маалындагы тарбиялык иштер мүмкүн болушунча ыкчам болууга тийиш. Аны жүргүзүү үчүн бөлүктөн чыгып кеткенге чейин, жүрүш токтотулган учурда, жыйын пункттарында, күжүрмөн катардагы белгиленген орундарда бөлүнүштөрдүн жана аскердик кезметтердин окуусунда өздүк курамга тарбиялык таасир берүүнүн чаралары толук колдонулат.
103. Өзгөчө жагдайларда аскерлердин иш-аракеттеринин жүрүшүндө тарбиялык иштердин негизги түрү болуп командирлердин жана алардын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын карамагындагылар менен тарбиялык иштер боюнча жеке маек жүргүзүүсү, алардын жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууда жеке үлгү болуулары, калган аскер кызматчыларына тийгизген активдүү таасири болууга тийиш.
Кырдаалдын өзгөрүүсүндө жана жаңы тапшырмалардын келип чыкканда командирлер жана алардын орунбасарлары аны өздүк курамга ыкчам жеткирүүгө, бул өзгөрүүлөрдү жана командирлердин (башчылардын) кабыл алган чечимдерин эске алуу менен тарбия иштерин уюштурууга милдеттүү.
Эгер аскерлердин иши бир нече суткага созулса аскердик кезметтердеги жана бөлүнүштөрдөгү күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруунун жана өткөрүлгөн тарбиялык иштердин жыйынтыгын чыгаруу ар бир сутка үчүн жүргүзүлөт.
104. Аскерлердин өзгөчө жагдайлардагы иш-аракеттери аяктагандан кийин командирдин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары аны дайындаган улук башчыга өткөрүлгөн тарбиялык иш-чаралар, өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалы жана аскердик тартиби, аскер кызматчысы көргөзгөн баатырдыктын, эрдиктин жана тайманбастыктын үлгүлөрү тууралуу баяндама берүүгө, өзүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтууга милдеттүү. Бул тууралуу ал бөлүктүн (бөлүнүштүн) иштеген орду боюнча жетекчиликке маалымдашы керек.
Бирикменин (бөлүктүн) командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары башкармалыктын башка офицерлери менен бирге өткөрүлгөн тарбиялык иштерге, бөлүнүштөрдүн, аскердик кезметтердин оң иш-аракеттерин талкуулоону, кемчиликтерди белгилөөнү жана аларды жоюу боюнча чараларды аныктоону уюштурууга; өзгөчөлөнгөн аскер кызматчысын сыйлоого материалдарды штаб менен бирге тариздөөгө милдеттүү.
IV бап
Өткөрүү режими
1. Жалпы жоболор
105. Өткөрүү режими объектинин контролдоп-өткөрүү пункту (посту) аркылуу кызматчыларды, жумушчуларды жана башка адамдарды, транспорттук жана материалдык каражаттарды өткөрүү тартибин белгилейт. Өткөрүү режиминин тартиби жана шарттары объектинин администрациясы тарабынан белгиленет, ал объектинин администрациясы менен ички аскерлердин ортосунда түзүлүүчү, объектти кайтарууга кабыл алуу келишиминде көрсөтүлөт.
106. Объектинин аймагына жана анын режимдик жайларына кызматчыларды жана жумушчуларды киргизүү белгиленген контролдоп-өткөрүү пункту жана посттор аркылуу белгиленген үлгүдөгү өткөрмө боюнча жүргүзүлөт.
Объект карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчысы, ошондой эле башка адамдар анын аймагына жана режимдик жайларга жалпы негизде объекттке кирүүгө жарактуу өткөрмө боюнча киргизилет.
107. Келүүчүлөрдү киргизүү бир жолку өткөрмө менен анда белгиленген жана көрсөтүлгөн сааттарда жүргүзүлөт. Түнкү мезгилде келүүчүлөрдү киргизүү объекттин жетекчисинин уруксаты жана объекттин кызматчысынын коштоосунда гана ишке ашырылат.
108. Колунда портфели (орому, чемоданы) бар жумушчулар, кызматчылар жана келүүчүлөр объектиге кирүүдө аларды объектинин аймагынан тышкарыда жабдылган жана объектинин администрациясы тарабынан дайындалган кызматкер тейлеген кол жүктү сактоочу камерага тапшырышат.
Объектинин жанында кызматчыларды жана жумушчуларды текшерүү орнотулган.
Ар бир конкреттүү учурда текшерип кароо тартиби колдонулуудагы мыйзамдардын негизинде объекттин администрациясы тарабынан аныкталат.
109. Объектиге жана анын бөлүнүштөрүнө мас абалындагы адамдар киргизилбейт, контролдоп-өткөрүү пунктунда кармалат жана объектинин администрациясынын өкүлүнө тапшырылат. Бул учурда мындай адамдардын өткөрмөсүн контролдоп-өткөрүү пунктунун башчысы алып коет.
110. Объектинин аймагына тревога боюнча кароолду жана нөөмөт бөлүнүштөрдү алмаштыруу үчүн кирүү аты-жөнү жазылбаган өткөрмө менен жүргүзүлөт. Кезектеги сменаны кызмат өтөөгө контролдоп-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүү бирикменин (бөлүктүн) командири тарабынан белгиленген жана объекттин администрациясы менен макулдашылган учурда жана тартипте тескөөчүнүн (башчынын же кароолдун башчысынын жардамчысы) командасы менен өткөрмөсүз ишке ашырылат. Бөлүнүш же бөлүктүн аскер кызматчыларынын айрым топтору кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү үчүн объектке аты-жөнү жазылбаган өткөрмө же бөлүктүн штабы тарабынан берилген маалымкат болгондо киргизилет.
Аскердик бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) офицерлерине, прапорщиктерине жана мөөнөттүү кызматы уланган катардагы жана сержанттык курамдарынын кызматтарында контракт боюнча кызмат өтөөчү аскер кызматчысы бөлүктүн (бөлүнүштүн) командиринин билдирмеси боюнча туруктуу өткөрмө таризделет. Ички аскердин колбашчылыгынын офицерлери объектинин аймагына убактылуу жана бир жолку өткөрмө боюнча киргизилет.
111. Объектинин өрт өчүрүү бөлүмүнүн күжүрмөн эсеби өрт өчүрүүчү жана ыкчам автомобиль менен өрт өчүрүү үчүн бардык автотранспорттук контролдоп-өткөрүү пункттары аркылуу текшерүүсүз, автомобилдин алдыңкы айнегинде атайын өткөрмө болгон учурда киргизилет, ал тууралуу контролдоп-өткөрүүчү пункттун күзөтчүсү кароол башчысына дароо баяндайт.
Өрттү өчүргөндөн кийин объекттин аймагынан өрт өчүрүүчү машиналардын күжүрмөн эсептерин чыгаруу, машыгуу өткөрүү үчүн алардын аймагына кирүү тартиби, ошондой эле объектте кырсык болгон учурда авариялык бригаданы жана медициналык тез жардам машинасын объектке киргизүү тартиби объекттин администрациясы тарабынан өткөрүү режими жөнүндөгү нускамада аныкталат.
112. Объектинин аймагына (аймагынан) объектиге таандык транспорттук каражаттарды (автомобилдерди, тепловоздорду, тракторлорду ж.б.) киргизүү айдоочулардын (бригаданын) жеке өткөрмөлөрүн көрсөтүүсү боюнча жүргүзүлөт.
Бардык транспорт каражаттары контролдоп өткөрүү пункту аркылуу өтүүдө текшерилет.
Өндүрүштүк объекттин (аянтчанын) аймагына жеке транспорту менен жумушчулардын жана кызматчылардын өтүүсүнө тыюу салынат.
113. Ички аскерлерден кароолдун кайтаруусунда объектке келген жүктөр контролдоп-өткөрүү пунктунда ички текшерүүгө жатпайт.
Мөөр басып чапталган вагондор жана контейнерлер эгерде пломбаларынын тамгасы коштоочу иш кагаздарындагы же накладнойлордогу тамгаларга туура келсе аларды сыртынан текшерип кароодон кийин контролдоп-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүлөт. Тамгалар шайкеш келбеген, вагондор (контейнерлер) сынып-тешилген же пломбасы үзүлгөн учурлар болгондо вагон (контейнер) ачылат жана объекттин жана темир жолдун өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерилет. Цистерналар пломбаланган түрдө өткөрүлөт. Чубурма жүктөрдү текшерүү щупту (бургудай аспап) колдонуу менен жүргүзүлөт.
114. Ар бир объектиде өткөрүү режиминин өзгөчөлүктөрү ал өткөрүү режими жана өткөрүү бюросунун иши жөнүндө нускамада катылат, режимдик же жашыруун орган тарабынан бөлүктүн штабы бирге келишимдин негизинде иштелип чыгат. Нускама ички аскерлердин Күжүрмөн кызмат уставынын талаптарын жана кайтарылуучу объектинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат, аны объекттин администрациясы жана бирикменин (бөлүктүн) командири бекитет.
Нускамада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- объектиде белгиленген өткөрүү режиминин мүнөздөмөсү;
- объектиге жана режимдик жайларга кызматчыларды, жумушчуларды жана келүүчүлөрдү, өрткө өчүрүүчүлөрдү жана авариялык командаларды киргизүү тартиби;
- транспорттук жана материалдык каражаттарды өткөрүү тартиби;
- объектиде колдонулуучу өткөрмөлөрдүн түрлөрү жана тобу, аларды тариздөө, сактоо жана эсепке алуу тартиби;
- өткөрүү режимин камсыздоо боюнча объекттин администрациясынын жана бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин милдеттери;
- өткөрүү режимин ишке ашыруу боюнча өткөрмө бюросунун милдеттери.
2. Өткөрүүнүн түрлөрү жана топтору
115. Объектиге жана анын бөлүнүштөрүнө киргизүү үчүн өткөрмөнүн: туруктуу, убактылуу, бир жолку, материалдык жана атайын түрлөрү белгиленет.
116. Туруктуу өткөрмө ушул объектиде такай иштеген же аны тейлөө үчүн такай бекитилген адамдарга гана берилет.
Туруктуу өткөрмө топторго бөлүнөт, алардын саны жана арналышы өткөрмө режими жөнүндө нускамада аныкталат.
Туруктуу өткөрмө фотосүрөт менен гана жазылат жана биринчи топтогу өткөрмөлөрдү кошпогондо, контролдоп-өткөрүү пунктунун кабиналарында сакталат.
Объектиден узак убакытка (өргүү, оруу, иш сапар ж.б.) кетип жаткан адамдардын туруктуу өткөрмөсү өткөрүү бюросуна сактоого тапшырылат, ал эми мындай өткөрмөлөр уячадагы кабинада калтырылган учурда тийиштүү белгилер коюлат.
Иштен бошогондордун өткөрмөсү белгиленген тартипте жок кылынат.
Бардык топтогу өткөрмөлөр эки жылда бир жолудан кем эмес кайра катталат.
117. Убактылуу өткөрмө убактылуу иштеп жаткандарга, ошондой эле объектиге иш сапар менен келгендерге үч айга чейинки мөөнөткө, андан кийинки ушундай мөөнөткө узартуу менен берилет жана фотосүрөтү чапталып жазылат.
Айрым учурларда убактылуу өткөрмө 10 күндөн ашпаган мөөнөткө фотосүрөтсүз жазылышы мүмкүн. Мындай өткөрмөлөр ким экендигин ырастоочу документин (паспортун, өздүк күбөлүгүн) көрсөткөндө гана жарактуу болот жана узартылбайт.
118. Бир жолку өткөрмө бир адамга жана бир жолу гана объектиге жана анын бөлүнүштөрүнө кирүү үчүн берилет. Өткөрмө ким экендигин ырастоочу документи болгондо гана жазылат жана жарактуу болот.
Бир жолку өткөрмө мезгил-мезгили менен бланктын өңү же башка айырмалоочу белгилери боюнча алмаштырылат.
119. Материалдык өткөрмө объектинин администрациясы тарабынан материалдык каражаттарды өткөрүү (чыгаруу) үчүн берилет.
Материалдык өткөрмө контролдоп-өткөрүү пункттарында алынат жана иш күнү аяктаганда өткөрмөлөр бюросуна тапшырылат, ал өткөрмөлөрдү объектинин администрациясына кайтарып берет.
120. Атайын өткөрмөлөргө төмөнкүлөр кирет:
- өрт өчүрүүчү автомобилдер, авариялык бригадалар жана медициналык тез жардам автомобилдеринин күжүрмөн эсеби үчүн өткөрмө;
- объектини кайтарган бөлүктүн (бөлүнүштүн) өздүк курамы үчүн аты-жөнү жазылбаган өткөрмө.
121. Жазуу жүзүндөгү билдирмесиз бардык түрдөгү өткөрмөлөрдү жазууга жана берүүгө тыюу салынат.
Өткөрмөнү жоготуунун ар бир учуру тийиштүү чараларды көрүү үчүн объекттин администрациясы тарабынан териштирилет. Жоготулган өткөрмөлөр жөнүндө дароо бардык контролдоп-өткөрүү пункттарына билдирилет. Жараксыз абалга келген өткөрмөлөр алмаштырылат.
122. Колдонулуудагы өткөрмөнүн үлгүлөрү контролдоп-өткөрүүчү постто (өткөрүү постторунда) жана кароол жайларында болушу керек. Өздүк курамды окутуу үчүн өткөрмөнүн аскердик бөлүктүн штабында (өткөрүү бюросунда) сакталган керектүү сандагы үлгүлөрү бөлүнүштөргө окуу убактысында берилет.
V бап
Кароол жана аскердик кезмет
1. Жалпы жоболор
123. Күжүрмөн кызматтын тапшырмаларын аткаруу үчүн ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнөн жана бөлүнүштөрүнөн кароолдор жана аскердик кезметтер дайындалат.
Объектилерди жана атайын жүктөрдү коргоо жана кайтаруу боюнча күжүрмөн кызматтын тапшырмаларын аткаруу үчүн дайындалган куралданган бөлүнүш (же анын бир бөлүгү) кароол деп аталат.
Кароолдор күжүрмөн кызматтык тапшырмалардын аткарылышынын мүнөзүнө жараша төмөнкүчө бөлүнөт:
- объектилерди коргоо жана кайтаруу боюнча;
- атайын жана аскердик жүктөрдү коргоо жана кайтаруу боюнча;
- аскердик бөлүктү коргоо жана кайтаруу боюнча (ички кароол).
Өрт, жол кырсыгы, табият кырсыгы болгон учурларда мамлекеттик мүлктү коргоо боюнча тапшырмаларды аткаруу жана башка кароолдорду күчөтүү үчүн убактылуу кароолдор дайындалат.
124. Зарыл учурларда: кароолдун башчысынын жардамчысы - контролдоо-өткөрүү пунктунун башчысы, патрулдук-издөөчү иттердин үйрөтүүчүсү, радиотелефонист жана ашпозчу кароолдун курамына дайындалат.
Посттордун жайгашуу эсебине жараша кароол койгучтардын саны аныкталат, ар бир кароол койгуч постторго бештен кем эмес күзөтчүнү, ал эми постторго карай жүрүүчү күзөтчүнүн алмаштырылышы жана анын кароол жайына келиши бир сааттан кем эмес убакытта аткарылышы керек.
Кароолго бир нече кароол койгучтарды койгондо алар төмөнкүчө аталат: биринчи кароол койгуч, экинчи кароол койгуч ж.б.
125. Кароолдун сандык составы үч аскер кызматкеринен кем болбошу керек, ушул кароол постунун белгиленген санына жараша аныкталат. Тартипке жараша постторду кайтаруу үчүн бир сутканын ичинде күзөтчүнүн үч жолу алмашуусу дайындалат, постту кайтарууда күндүн (түндүн) ичинде күзөтчү эки жолу алмашылат. Өндүрүш объектилерин кайтаруу кароолу бир жолу алмашып иштеген, өзгөчө болуп постто бир күзөтчү дайындалат, бул учурда ар бир эки-үч постто бир күзөтчү алмаштыруу үчүн бөлүнөт.
Кароолчулар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынан дайындалышат. Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылар жетишсиз болсо контракт боюнча катардагы жана сержанттык курамда кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларды кароолго койсо болот.
Посттор суткалык, жарым суткалык (күндүзгү, түнкү) жана убактылуу болушу мүмкүн.
126. Күтүүсүздөн пайда болгон тапшырмаларды аткаруу үчүн жана ар бир кароол жайларында күзөтчүлөргө жардам көрсөтүү үчүн сергүү жана эс алуучулардын санынан резервдик топ түзүлөт, алар күзөт башчысынын, күзөттүн башчысынын жардамчысынын, кароол койгучтун буйурмасы менен белги боюнча тартип бузулган жерге барып абалга жараша аракет кылышат. Бул топторду тез арада тартипти бузган жерге жеткирүү үчүн зарыл учурларда күзөттөр транспорт каражаттары менен камсыз кылынат.
127. Объектилерди сутка бою кайтаруу үчүн кароолго дайындалган күзөттөр сутка сайын алмашуусу керек. Атайын жана аскердик жүктөрдү ташууда кайтаруу боюнча күзөттөр, жана ошондой эле убактылуулар, тапшырманы аткарып бүткүчө алмашылбайт. Объектилерди 6дан 12 саатка чейинки мөөнөткө кайтаруу үчүн кароолго дайындалган күзөттөрдө ошол эле аскер кызматкерлер эки суткадан көбүрөөк эмес удаа дайындалса болот.
128. Аскердик кезмет деп объектилерди кайтаруу жана коргоо күчөтүлгөндө, өзгөчө кырдаалдагы аракетте, коомдук тартипти кайтарууда дайындалуучу аскер кызматчылардын же бөлүнүштөрдүн тобу аталат.
Аскердик кезметке: байкоочу пост, карап-текшерүү, заслон, буктурма, издөө топтору, издөө посту, издөө топтору, кайгуулчу, тартипти кайтаруу посту, өткөрүү-контролдоо постундагы кезмет, аскердик чубамалар кирет.
129. Аскердик кезметтин курамына: аскердик кезметтин башчысы, аскердик кезметтин башчысынын жардамчысы (үч адамдан көбүрөөк сан болгон учурда) жана аскер кызматчылардын тийиштүү саны дайындалат.
Офицерлер же прапорщиктер кароол башчысы болуп дайындалчу тийиштүү кароол жана аскердик кезметтин тизмеги аскердик бөлүктүн буйругу боюнча объектинин өзгөчө белгилерине, кызмат өтөөнүн шарттарына жана посттордун санына жараша аныкталат.
130. Кароолго жана аскердик кезметке өздүк курамды тандоону рота командири өзүнүн орун басарларынын, взвод командирлеринин сунуштарын, тапшырмалардын өзгөчө белгилерин эске алуу менен аскер кызматчылардын кызматтык тажрыйбаларына, моралдык-күжүрмөн жана психологиялык сапаттарына жараша жүргүзөт. Кароолдун, аскердик наряддын курамына бир отделениенин өздүк курамы, ал эми кароолдун саны отделениеден ашык болсо бир взводдун курамы дайындалат.
Жаш аскер кызматкерлер кароолго жана аскердик кезметке алардын күжүрмөн кызмат өтөөнүн тартиби жана эрежелери өздөштүрүү боюнча атайын программанын бөлүмдөрү үйрөтүлгөндөн кийин гана дайындалышат. Алар биринчи айда кароолдордо жана аскердик кезметтерде азыраак кызматтык милдеттер менен кароолдук жайларга жакын посттордо жана күчөтүлгөн көзөмөл кылуу менен кызмат өтөшөт.
Кароолго жана аскердик кезметке аскердик ант бере элек, атайын даярдыктын программасын өздөштүрбөгөн, жазык жасагандар, ал боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жаткандар, оорулуулар, ошондой эле тартиптик жазалоодо болгон аскер кызматкерлерди дайындоого тыюу салынат.
131. Бөлүнүштөр жайгашкан чөлкөмдө тапшырмаларды аткарып жатышкан кароол жана аскердик кезмет дайындалышына карай рота командирине, анын орун басарына жана кароол боюнча нөөмөтчүгө баш ийишет.
Кайгуул-күзөт кызматынын аскердик кезмети кайгуул топтун башчысына жана аскердик кезмет боюнча нөөмөтчүгө баш ийишет.
Ички аскердин бөлүк (подразделение) жайгашкан жердин чегинен тышкарыда тапшырма аткарып жаткан кароолдору жана издөөчү топтору өз бөлүгүнүн командирине, ошондой эле өздөрү ошол тапшырманы аткарып жаткан райондогу ички аскердин бирикмесинин (бөлүгүнүн) командирине баш ийишет.
Кароолдор (аскердик кезметтер) орду-ордуна коюуга тизилүү учурунда (развод) орду-ордуна коюуга тизилүүнү жүргүзүүчүнү (күжүрмөн кызматка буйрук берүүчүнү) тосуп алуу үчүн "Түз тур" буйрумасы берилген учурдан тартып, бөлүнүшкө кайтып келгенче жана тапшырмалардын аткарылышы тууралуу кароол башчысынын баяндамасы берилгенче көрсөтүлгөндөрдүн карамагында болот.
132. Кароолдун жана аскердик кезметтин курамына киргендерге кызмат өтөө учурунда алар тарабынан жасалган жазык жоосундары үчүн тартиптик жазалар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынын 92-п. талаптарына ылайык берилет.
Эгер аскер кызматчы жасаган жоругунун мүнөзү боюнча кызматты андан ары өтөшү мүмкүн эмес болсо, анда ал бөлүктүн командиринин (бөлүк, кезмет, аскердик наряддар боюнча нөөмөтчүнүн) буйругу боюнча куралы жана ок-дарысы алынып, башка аскер кызматчыга алмаштыруу үчүн подразделениеге жөнөтүлөт. Аны кароолдун начальнигинин жардамчысы (бөлүштүрүүчү) же бөлүктөн атайын чакырылган адам коштоп барат.
Аскердик кызмат бөлүнүш жайгашкан райондун чегинен сыртта өтөлүп жаткан болсо, четтетилген адам эгер зарыл болсо ички аскердин жакын арадагы бөлүгүнө куралсыз жана ок-дарысыз жиберилет, ал үчүн ошол бөлүктүн өкүлү чакыртылат.
Жолдо жүрүү учурунда кароолдун өздүк курамынын бир бөлүгүн же бүткүл кароолду тезинен алмаштырууну талап кылган кырдаалдар түзүлгөн кезде чечим ички аскердин жакын жайгашкан аскердик бөлүгүнүн командири кабыл алат. Кароолду алмаштырылганы тууралуу аны дайындаган аскердик бөлүккө кабарланат жана ички аскердин колбашчысына баяндама баяндалат.
133. Аскердик бөлүктүн жайгашкан жеринде кароолго же ири же көптөгөн чакан объектилерди кайтарган кароолго тикеден-тике жетекчилик кылуу үчүн аскердик бөлүктүн командиринин чечими менен кароол боюнча нөөмөтчү дайындалат.
134. Кароол боюнча нөөмөтчү аскердик бөлүктүн жайгашкан жеринде рота командиринин кызматынан төмөн эмес кызмат орундагы офицерлердин биринен суткага дайындалат, кароолдордун кызмат туура өтөөсүнө жооп берет жана аскердик бөлүктүн командирине баш ийет.
Ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бөлүк жайгашкан пункттагы жана андан алыс эместеги кайтарууга алынган объектилердин жайгашуусун, аларга баруучу жолду жана кайтаруунун иш-пландарына ылайык күжүрмөн кызматты уюштуруунун тартибин жана кароолдор менен байланыштын тартибин билүүгө;
- нөөмөткө киришүүнүн алдында аскердик бөлүктүн штабынан тапшырмалардын көлөмү тууралуу, объектини кайтаруу жана кароолдордун жөнөр убактысы тууралуу жана аларга бөлүнгөн транспорт каражаттары боюнча келерки суткага маалыматтарды, ошондой эле анын кароол боюнча нөөмөткө дайындалгандыгы тууралуу жазма буйрукту алууга;
- объектини кайтаруу үчүн дайындалган карамагындагы кароолдорду орду-ордуна коюуга;
- кароолдордун күжүрмөн кызмат өтөө жерлерине өз убагында кетүүсүн камсыздоого, өздүк курамды ташуу үчүн бөлүнгөн транспорттук каражаттын атайын жабдылышынын оңдугун, автоунаа башчысынын жана айдоочулардын өз милдеттерин жана баруучу жолду билишин текшерүүгө;
- кызматтык иштер боюнча кетээрде штаб башчысына (бөлүк боюнча кезметчиге) кызмат боюнча милдеттерди аткаруу үчүн кайда жана канча убакытка кетээрин билдирүүгө;
- аскердик бөлүктүн командири тарабынан көрсөтүлгөн убакытта кароолдордун, анын ичинде башка бөлүктөрдөн келгендердин кызмат өтөшүн текшерүүгө;
- аскердик бөлүктүн командирине кароолдордогу бардык кырсыктуу окуялар жана көрүлгөн чаралар тууралуу тезинен баяндама берүүгө жана кароол дайындалган бөлүнүштөрдүн командирине билдирүүгө, окуя болгон жерге өзү барууга; керек учурунда аскердик бөлүктүн командиринин уруксаты менен нөөмөттүк бөлүнүштөрдү же анын бир бөлүгүн чакырууга, ал эми өрт чыккан учурда андан тышкары - өрт өчүрүүчү топту чакырууга;
- кароолдордун кызмат өтөгөн жерге аскердик бөлүктүн командири жана анын тикеден-тике башчылары келген учурда тосууга жана аларга мисалы: "Жолдош, полковник. Кароолдо менин нөөмөт өтөө учурумда эч кандай окуя болгон жок (же тигил-бул болду). Кароолдор боюнча нөөмөтчү капитан Ибраимов." деп билдирүү жасоого милдеттүү.
Эгерде кароол боюнча нөөмөтчү капыстан ооруп калса, ал аскердик бөлүктүн командирине билдирет жана андан ары анын көрсөтмөсү боюнча болот.
Орду-ордуна коюуга тизилүү бүткөндөн кийин кароол боюнча нөөмөтчү эски кароол боюнча нөөмөтчүдөн тизмекте көрсөтүлгөн документтерди кабыл алат. Кароол башчыларынын жүргүзүлгөн алмаштыруу тууралуу баяндамасынан кийин кароол боюнча нөөмөтчүлөр аскердик бөлүктүн командирине нөөмөттү кабыл алганы жана тапшырганы тууралуу баяндашат, мисалы: "Жолдош, полковник. Капитан Ибраимов кароолдор боюнча нөөмөттү тапшырдым"; "Жолдош, полковник. Капитан Арапов кароолдор боюнча нөөмөттү кабыл алдым." деп баяндашат.
Андан кийин жаңы нөөмөтчү нөөмөттү кабыл алуу учурунда аныкталган бардык жетишпестиктер тууралуу, ал эми эски нөөмөтчү кароолдордун кызмат өтөшү, аныкталган кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу баяндашат. Баяндагандан кийин жаңы кезметчи нөөмөттү кабыл алуу жана өткөрүүлөр жазылган китебин бөлүктүн командирине кароого берет.
Зарыл болсо кароол боюнча нөөмөтчү бөлүктүн командиринин көрсөтмөсү боюнча тизилиштен кийин кароолдун командирине аскердик кызматты уюштурууга жардамдашуу үчүн кыйла татаал шартта тапшырма аткарып жаткан кароолдордун бири менен дароо кете берсе болот.
135. Өзүнчө жайгашкан бөлүнүштөрдө кароол боюнча нөөмөтчү бөлүнүштүн офицерлери жана прапорщиктеринин ичинен дайындалышы мүмкүн. Ал бөлүнүштүн командирине баш ийет жана нускамага ылайык милдеттерди аткарат.
2. Кароолдун жана аскердик кезметтин милдеттери
Кароол башчы
136. Кароол башчы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 132-п. көрсөтүлгөн милдеттерден тышкары өткөрүү мерчемине, коюлган тапшырманын так жана убагында аткарылышына, кароолдун өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгынын жана тартибинин абалына, аскердик кызмат өтөөдө мыйзамдын жана коопсуздуктун сакталышына, ошондой эле куралдын, ок-дарылардын, кайтаруунун техникалык каражаттарынын туура пайдаланылышына жооп берет.
137. Кароол башчы кароолдун куралдануусунда турган курал-жаракты, атайын каражаттарды өзү же кароолдун курамы менен колдонууга, абал татаалдаса, объектини кайтарууну күчөтүүгө укуктуу жана бул тууралуу тезинен бөлүнүштүн командирине баяндама берет.
138. Кароол башчы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 134-п. көрсөтүлгөн милдеттерден тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- контролдоо-өткөрүү пункттарында өткөрүү режими сакталышын катуу көзөмөлдөөгө, таран жасоо жана жол казуу үчүн айрыкча опурталдуу жерлерди билүүгө, ал жерлерди жаап турган инженердик-техникалык каражаттардын абалын текшерүүгө, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
- кырдаал жана кызмат өтөөнүн жыйынтыктары тууралуу бөлүнүштүн командирине (кароол боюнча нөөмөтчүгө), ал эми ал жокто нөөмөтчү офицерге (прапорщикке) же рота боюнча нөөмөтчүгө ар бир 2 сааттан кем эмес убакытта, ал эми окуя болгон учурда - ошол замат баяндама берүүгө;
- өз ара кызматташ кароолдор жана аскердик кезметтер менен байланышты сактоого, зарыл учурларда кайтаруунун иш-планына ылайык аларга жардам көрсөтүүгө;
- өздүк курам менен тарбия иштерин тапшырылган милдеттерди ийгиликтүү аткарууга багыттоого;
- кайтарылуучу жайда окуя болуп кеткен учурда (кырдаал тез курчуп кеткенде) анын конкреттүү абалына жараша жана нускамага ылайык иш жүргүзүүгө;
- кароолдун өздүк курамынын курал колдонуусунун тартибин жана коопсуздук чараларын бекем сактоосуна, алардын ден-соолугунун абалына, өз убагында тамактануусун жана иче турган суу менен камсыз болууларын көзөмөлгө алууга;
- кароолдун смени аяктагандан кийин куралдын, ок-дарылардын толуктугун текшерүү жана бөлүнүшкө келээри менен командирге баяндама берүүгө;
- суткасына (тапшырманы аткаруу аяктагандан кийин) жыйынтык чыгаруу жана кароолдун ар бир адамынын күжүрмөн кызматын баалоого милдеттүү.
139. Кароолдун курамындагы кимдир бирөө өзүнүн кызматтык милдетин аткарбаган же башка жосундарды жасаган учурда кароол башчысы тийиштүү чараларды көрөт, ал эми аны калтырып коюуга мүмкүн болбогон учурларда тезинен бул тууралуу бөлүкчөнүн командирине (аскердик бөлүктүн командирине, кароол боюнча нөөмөтчүгө) билдирүү менен аны андан аркы кызмат өтөөдөн четтетет. Териштирүү бөлүнүштө жүргүзүлөт.
140. Кароол башчы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 138-п. каралган учурларда кароолду "куралга" чакырат.
Кароолду "куралга" чакыруу үчүн кароол башчы "Кароол - куралга" деп буйрук берет. Кароолдун өздүк курамы бул буйрук боюнча Кароол башчы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 233-п. көрсөтүлгөндөй аракет кылат.
141. Кароол башчысы кароолдук жайга өзү баш ийген (ушул Уставдын 159-п.) жана алар коштоп жүргөн адамдарды, кароол дайындалган взводдордун командирлерин жана ротанын кароолду түзгөн старшинасын, рота командиринин бардык түздөн-түз башчыларын, эгер аларды өңүнөн тааныса гана кароолдук жайга киргизет. Бул адамдардын кароолдук жайга келгендиги тууралуу кароол башчысы бөлүкчөнүн командирине же анын орун басарына (кароол боюнча нөөмөтчүгө) баяндама берет. Калган адамдарды кароол башчысы алардын келгендигинин максатын билип, ким экенин документ боюнча аныктагандан кийин жана кароолду текшерүүгө укук берген күбөлүгүн текшергенден кийин гана кароолдук жайга киргизет.
Кароол башчы кароолго келгендерди кароолдук жайга киргенге чейин тосуп алат. Туура эмес таризделген документ менен келгендерди кармап жана бул тууралуу бөлүнүштүн (бөлүктүн) командирине же аймактык ички иштер органдарына тезинен баяндайт жана андан ары алардын көрсөтмөсү боюнча иш жүргүзөт.
Кароолду текшерүүчүлөрдөн башка адамдарды кароолдук жайга ар бир киргени тууралуу кароол башчысы күзөт (жол) ведомостуна жазып турат.
142. Кароол башчысы баш ийген башчылар, алардын түздөн-түз башчылары, улук ыкчам башчылар, ошондой эле кароолду текшерүүчүлөр кароолго келгенде ал мындай деп баяндайт, мисалы: "Жолдош полковник. Кызмат өтөө маалында кароолдо эч кандай окуя болгон жок (же төмөнкүдөй окуя болду). Кароол башчысы лейтенант Ибраимов". Кароол башчы кароолдук жайдын ичинде баяндама берип жатканда кароолдун уктабай сергек турган смени куралын албастан жана катарга тизилбестен, ал үчүн өзгөчө буйрукту күтпөстөн "түз тур" абалында турат.
Кароол башчысы менен бирдей даражадагы же аскердик наамы боюнча андан улуу аскер кызматкер кароолдук жайга келген учурда кароол башчы ага басып келет да өзүн тааныштырат, мисалы: "Жолдош лейтенант. Кароол башчы улук прапорщик Ибраимов".
143. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 146-п. көрсөтүлгөндөн тышкары кароол башчысына бөлүнүштүн командиринин буйругусуз байланыштын техникалык каражаттарын өчүрүүгө же "контроль" абалына коюуга тыюу салынат.
Кароол башчынын жардамчысы
144. Кароол башчынын жардамчысы кароол башчысына гана баш ийет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 166-п. каралгандан тышкары ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароол башчысы жокто аны алмаштырууга жана күзөтчүлөрдү күзөткө коюуга;
- кароол үчүн азык-түлүктү, күзөттүк кийимди жана башка мүлктөрдү өткөрүп алууга, анын эсебин жүргүзүүгө жана кароол башчысынын көрсөтмөсү менен өздүк курамга берүүгө;
- кароол башчы катуу оор ооруп калган (оор жараланган) же өлүп калган учурда анын милдеттерин аткаруу жана бул тууралуу бөлүнүштүн командирине (бөлүктүн командирине, кароол боюнча нөөмөтчүгө) билдирүүгө.
Кароол башчынын кызматтык иттер боюнча жардамчысы
145. Кароол башчынын кызматтык иттер боюнча жардамчысы кызматтык иттердин (кайгуул-издөө иттерин машыктыруучулар) нускоочуларынан дайындалат, кароол башчыга баш ийет жана бузуучулардын издерин өз учурунда кармоо үчүн, качып кеткен бузуучулардын издери боюнча иттерди пайдалануунун натыйжалуулугу, ошондой эле кароолдун курамына кирген кызматтык иттер адистеринин милдеттерин толук жана так аткаруулары үчүн жооп берет.
Кароол башчынын кызматтык иттер боюнча жардамчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолдун тапшырмасын, кароолдун курамына кирген кызматтык иттер боюнча бардык адистерин милдеттерин, кайтарууга алынган объектинин жана анын жанындагы аймактын опурталдуу жерлерин билүү;
- издерди жашыруу үчүн пайдаланылчу амалдарды, аларды таануу ыкмаларын, кароолдогу кызматтык иттерди пайдалануу боюнча тактикалык ыкмаларды жана аракеттерди билүүгө;
- кызматтык иттер менен график боюнча суткасына 4 жолудан кем эмес (анын ичинен 2 жолу түн ичинде) тышкы тыюу салынган зонадагы контролдоочу-из түшүүчү тилкени, жана объектиге жакын жердин 10-15 метр тилкесинин абалын текшерүү. Текшерүүнү бекитилген багыт боюнча кайгуулдоо жолу менен ишке ашыруу;
- кайгуул-издөө иттерди машыктыруучулар менен көзөмөлдөп өткөрүү пунктундагы кызмат өтөөнү текшерүү, бекитип берилген иттерди пайдалануу менен транспорттук каражаттарды текшерүүдө аларга жардам көрсөтүү, ал эми кароолдун курамындагы машыктыруучулар жок учурларда алардын милдеттерин аткаруу;
- кароолдук иттердин посттогу жайгашуусун, алардагы кызмат өтөөнүн шартын, ар бир иттин жүрүм-турумунун өзгөчөлүгүн билүү жана аларды постторго жайгаштырууга жетекчилик кылуу;
- график боюнча жана кароол башчысынын буйругу боюнча кароолдук иттердин жүрүм-турумун жана посттордун абалын текшерүү; кызматтагы иттердин активдүүлүгүн жогорулатууга чараларды көрүү жана посттордогу табылган бузулгандарды жоюу (каргы жана чынжырдын үзүлүп кетүүсү, иттин чалынып калышы ж.б.у.с.);
- постко туруучу күзөтчүгө, анын постунун чек арасында коюлган кароолдук иттин жүрүм-турумунун өзгөчөлүгү тууралуу эскертүү (постко жакындаган бузуучуларга иттердин таасирленүү ыкмасы, үндүү кыжырландырууга, башка адамдар тарабынан тамактандырууга мамилеси, ж.б.у.с.);
- бузуучунун изи табылганда кароол башчынын буйругу боюнча издөө үчүн кароолдун резервдеги тобуна жетекчилик кылуу, кылмышкерлерди изи боюнча издөө жана аны кармоо үчүн издөөчү иттерди пайдаланууга;
- кызматтык иттерди багуунун жана кароонун бардык эрежелерин аткарууга.
Кароол башчынын жардамчысы – көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун башчысы
146. Кароол башчысынын жардамчысы - көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун башчысы прапорщиктердин жана сержанттардын ичинен дайындалат, кароол башчысына баш ийет жана адамдардын, транспорт жана жүктөрдүн көзөмөлдөп өткөрүү пункту аркылуу өткөрүү тартиби бекем сакталышы үчүн, ошондой эле кароолдун жана көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун курамынан бөлүнгөн текшерүү тобунун өздүк курамы милдеттерин толук жана так аткаруулары үчүн жооп берет.
Кароол башчысынын жардамчысы - көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолдун, көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун күзөтчүлөрүнүн жана текшерүү тобунун өздүк курамынын тапшырмаларын, адамдарды, транспорт жана жүктөрдү көзөмөлдөп өткөрүү пункту аркылуу өткөрүүнүн тартибин билүү;
- кароолду алмаштырууда кызматтык документтерди, эмеректерди, инвентарьларды жана көзөмөлдөө аянтчаларды кабыл алууга жана ал жөнүндө посттук ведомостто жазууга;
- кароол башчынын буйругу боюнча көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун күзөтчүлөрүн алмаштырууга;
- көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун күзөтчүлөрү кызмат өтөөсүн жеке уюштурууга жана текшерүү тобун жетектөөгө;
- документсиз кирүүгө (чыгууга) аракет кылган адамдарды кармоого, көзөмөлдөө аянтынан тыюу салынган буюмдарды чыгарып кетүүгө (алып кирүүгө) аракет кылган транспортту, мыйзамсыз алынган материалдык баалуулуктарды кайта кайтарууга;
- көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун күзөтчүлөрүн кызматын текшергендерди кароол башчынын буйругу боюнча коштоп жүрүүгө.
Кароол койгуч
147. Кароол койгуч Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 171-п. каралган иштер үчүн жооптуу болот.
148. Кароол койгуч "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде айтылган учурларда жана тартипте жеке өзү жана кароолдун сменасы менен курал колдонууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 173-п. каралгандан тышкары, ал постторго күзөтчүлөрдү коюуда кайтарууда турган объекттерди табелге ылайык постко кабыл алууга жана ал жөнүндө кароолдун башчысына билдирүүгө милдеттүү.
149. Күзөтчүлөрдү постторго коюуда жана аларды алмаштырууда кароол койгуч Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 174-п. айтылган милдеттерден тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эски кароолдун кароол койгучу менен бирге кайтарууга алынган объекттин абалын, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарынын оңдугун, жарыктандыруунун жана окоптордун абалын текшерип кароого;
- алмаштырылып жаткан күзөтчүнү постто турган убакта байкагандарынын баары тууралуу суроого.
Посту кабыл алууда (өткөрүүдө) кандайдыр жетишсиздикти болсо кароол койгуч Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 175-п. көрсөтмөлөргө ылайык чара көрөт.
150. Кароол башчы жана анын орун басары катуу ооруп калган (оор жараланган) же өлүп калган учурда кароол койгуч Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 178-п. жараша аракеттенет.
Күзөтчүнүн жалпы милдеттери
151. Күзөтчүнүн жалпы милдеттери Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 118 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук Уставынын 179-192-пп. көрсөтүлгөн.
152. Күзөтчү куралды "Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинин Ички аскери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин талаптарына ылайык колдонууга милдеттүү.
Күзөтчү-оператордун өзгөчө милдеттери
153. Күзөтчү-оператор кайтаруунун техникалык керектүү каражаттарынын иштөө режими камсыздалышы, тыюу салынган зонанын чегиндеги тапшырылган участокто объекттин ишенимдүү кирүүгө кайтарылышы үчүн жооп берет.
Күзөтчү-оператор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кайтаруунун техникалык каражаттарынын керектүү иштөө режимин камсыздоого;
- приборлордун жана индикаторлордун көрсөткүчү боюнча кайтаруунун техникалык каражаттарынын ишин көзөмөлдөөгө;
- байкагыч каражаттардан түшкөн сигналдар, кайтаруунун техникалык каражаттарынын жана электр менен жабдуунун бузулганы тууралуу кароол башчысына тезинен кабарлоого;
- кароол башчысынын жана анын жардамчысынын буйругу боюнча белгиленген тартипте күзөттүк жарык берүүнү күйгүзүүгө жана өчүрүүгө;
- байкагыч каражаттардын кээ бир участокторун кароол башчысынын буйругу боюнча гана "контроль" режимине которууга;
- тыюу салынган зонаны жана объекттин аймагын посттордун табелинде көрсөтүлгөн сектордон көзөмөлдөөгө; кароол башчысына бардык билинген эреже бузуулар тууралуу тезинен баяндоого;
- электр коопсуздугунун чараларын сактоого;
- аппараттык журнал жүргүзүүгө.
Контролдоо-өткөрүү пунктунун күзөтчүсүнүн өзгөчө милдеттери.
154. Контролдоо-өткөрүү пунктунун күзөтчүсү белгиленген өткөрүү режиминин сакталышы үчүн жооптуу. Ал кароол башчысына, анын жардамчысына жана кароол башчынын жардамчысына контролдоо-өткөрүү пунктунун башчысына баш ийет.
Контролдоо-өткөрүү пунктунун күзөтчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу адамдарды жана транспорттук каражаттарды өткөрүү тартибин жакшы билүүгө жана так сактоого;
- адамдар объектиге контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу кирүү жана (чыгуу) жана ар кандай буюмдарды объектиге мыйзамсыз алып келүү (алып чыгуу) үчүн колдонушчу айла-амалдарды билгичтик менен байкоого;
- кайтарууга алынган объектиге белгиленген үлгүдөгү өткөрмө баракчасы жана ким экенин билдирүүчү документи бар адамдардын жана транспорттук каражаттардын, өрт өчүрүүчү жана авариялык командалардын киришине (чыгышына) уруксат берүүгө;
- кайтарууга алынган объектиге тийиштүү документи жок же туура эмес таризделген документ менен кирүүгө жана чыгууга, ошондой эле ар кандай буюмдарды мыйзамсыз алып кирүүгө (алып чыгууга) аракет кылган адамдардын баарын кармоого;
- контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү кылдат карап текшерүүгө, анда тийиштүү документи жок буюмдарды алып коюуга, ал эми качкан эреже бузуучуларды кармоого, бул тууралуу кароол башчысынын жардамчысына - контролдоо-өткөрүү пунктунун башчысына, ал жокто кароол башчысына тезинен билдирүүгө;
- коридордун эшигин, өтүүчү дарбазаны адамдарды (транспорттук каражаттарды) өткөрүү учурунда гана ачууга;
- кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда жарандарга жогорку маданияттуулук менен жана сылык мамиле жасоого милдеттүү.
155. Башка посттордун күзөтчүлөрүнүн ар бир объектини кайтаруу жана коргоосунун шарттары посттордун табелинде көрсөтүлөт.
Кайгуулдук-издегич иттерди машыктыруучу
156. Кайгуулдук-издегич иттерди машыктыруучу кызматтык иттерди колдонуу менен текшерилчү транспорттук каражаттарда жана алып чыгуучу жүктөрдө контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу эреже бузуучу өтпөшү үчүн жооптуу.
Кайгуулдук-издегич иттердин үйрөтүүчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эреже бузуучулардын транспорттук каражаттарды пайдаланып контролдоо-өткөрүү пункту аркылуу өтүү үчүн колдонуучу амалдарды билүүгө, адамдын жеке жытын жашыруучу ыкмаларды жана ал жыттарды аныктоонун ыкмаларын билүүгө;
- транспорттук каражаттарды жеке карап чыгууга, аларды текшерүү жана жүктөрдү тинтүү үчүн кызматтык иттерди колдонууга;
- тыюу салынган зонадагы контролдоочу-из түшүүчү тилкенин абалын кайгуулдук-издегич ит менен график боюнча текшерүүгө; эреже бузуучунун изи табылганда тезинен кароол башчысына билдирүүгө; тыюу салынган зонага жакын жерлерде байкоо жүргүзүүнү күчөтүүгө жана табылган издерди сактоого чара көрүүгө;
- кызматтык иттерди кармоонун жана багуунун бардык эрежелерин аткарууга милдеттүү.
Транспорттук каражаттын айдоочусу
157. Транспорттук каражаттардын айдоочусу транспорттук каражаттын кароолго (аскердик топко) жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн пайдаланууга дайым даяр болушу үчүн жооптуу жана кызматты кайтаруунун планына ылайык өтөйт. Ал кароол башчысына (аскердик топтун башчысына) жана анын жардамчысына баш ийет.
Транспорттук каражаттын айдоочусу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 199-п. айтылган милдеттерден тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- каттамдардын багытын, алардын өзгөчөлүктөрүн билүүгө, жол кыймылынын эрежелерин бекем сактоого;
- кароол (аскердик кезмет) башчысынын, улук жетекчинин буйругу боюнча транспорттук каражатты дароо токтотууга;
- кароол (посттордун табелине ылайык) башчысынын буйруусу боюнча күзөтчүнүн милдетин аткарууга;
- транспорттук каражаттарды кароосуз калтырбоого, кабинадан чыгаарда аны өчүрүп, ачкычты өзү менен кошо алып жүрүүгө;
- өздүк куралдын жана ок-дарылардын сакталышын камсыздоого, аларды транспорттук каражатка калтырбоого милдеттүү.
Радиотелефонист
158. Радиотелефонист кароолдун ички бөлүнүш, өз ара бирге аракеттешүүчү кароолдор менен үзгүлтүксүз туруктуу радиобайланышын сактоого жооптуу жана кайтаруунун иш-планына ылайык кызмат өтөйт. Ал кароол башчысына (аскердик топтун башчысына) жана анын жардамчысына баш ийет.
Радиотелефонист төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолго (аскердик кезмет) кетээрдин алдында радиостанцияларды кабыл алууга жана текшерүүгө, бөлүнүштүн командиринен (байланыштын начальнигинен) радиомаалыматтарды алууга;
- өзүнүн тармагындагы (багытындагы) радиостанциялардын позывнойлорун жана командирдин радиостанциясынын позывнойун билүүгө;
- аскерди жашыруун башкаруунун эрежелерин, радиостанцияда иштөөнүн тартибин бекем сактоого, билдирүүлөрдү жана сигналдарды тез берүүгө жана кабыл алууга; алынган буйруктар (сигналдар) тууралуу тезинен кароол (аскердик топтун) башчысына билдирүүгө;
- радиостанцияны аяр колдонууга жана анын бузулуп калбашын көзөмөлдөөгө; радиостанция бузулганда дароо кароолдун (аскердик топтун) башчысына билдирүүгө жана бузукту оңдоо үчүн чара көрүүгө;
- бөлүнүшкө келгенде радиостанцияны жана радио-маалыматтарды белгиленген тартипте тийиштүү кызмат адамдарына өткөрүүгө.
Радиотелефонистке төмөнкүлөргө тыюу салынат: кароолдун (аскердик топтун) башчысынын уруксатысыз радостанциядан чыгып кетүүгө, белгиленбеген позывнойлорду жана коддук белгилерди пайдаланууга, передатчикти же приемникти радиомаалыматтарда каралбаган жыштыктарга которууга.
3. Орду-ордуна коюуга тизилүү жана кароолдордун, аскердик кезметтердин алмаштыруусу
Кароолдордун жана аскердик кезметтердин орду-ордуна коюуга тизилүүсү
159. Кароолдордун жана аскердик кезметтердин жана аларга бөлүнгөн транспорт каражаттарынын күжүрмөн кызматты өтөөгө даярдыгы орду-ордуна коюуп тизилүүдө текшерилет.
Аскердик бөлүктө кароолдордун жана аскердик кезметтердин орду-ордуна коюуга тизилүүсү 40 мүнөттөн, бөлүнүштөрдө 20 мүнөттөн ашпашы керек. Кезметтердин орду-ордуна коюуга тизилүүсү төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- өзүнчө жайгашкан бөлүнүштө объектилерди кайтаруу боюнча кароолдордун, убактылуу кароолдордун жана аскердик наряддардын орду-ордуна коюуга тизилүүсү - ротанын командири же анын жардамчысы менен, эгер бөлүнүштөр аскердик бөлүктүн (батальондо) штабынын алдында болсо, кароол кайсыл жерде дайындалса - ошол кароолдун нөөмөтчүсү;
- коомдук тартипти сактоо боюнча аскердик кезметтердики - аскердик бөлүктүн командири же анын жардамчысы менен.
Эгерде кароолдор, аскердик кезметтер күтүлбөгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн же түнкү убакта жиберилсе, анда алардын орду-ордуна коюуп тизилүүсү жүргүзүлбөйт, даярдыгы текшерилет да буйрук берилет.
Кароолдун жана аскердик кезметтин башчыларына тизилүүгө чейин кызматтык документтер, кароолдун башчыларына - "Кароолдун башчысы" деген төш белгилери берилет.
160. Орду-ордуна коюуп тизилүүгө кароолдордун, аскердик кезметтердин, оркестрдин (добулбасчылар) бардык өздүк курамы чыгарылат, алар орду-ордуна коюуп тизилүүчү жерге башталышына 10 мүнөт калганга чейин келишет. Өзүнчө жайгашкан бөлүнүштөрдө орду-ордуна коюуп тизилүүгө суткалык кезмет дагы чыгарылат. Орду-ордуна коюуга тизилүү тийиштүү үндүк коштоо менен да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кароолдор жана аскердик кезметтер орду-ордуна коюуп тизилүү үчүн кароолдордун нөөмөтчүсү же аскердик наамы (кызматы) боюнча кароолдун башчысы тарабынан төмөнкү иретте тизилет: объектилерди кайтаруу боюнча кароолдор, аскердик суткалык кезмет жана башка аскердик кезметтер.
Транспорт каражаттар жана кызматтык иттер атайын алар үчүн бөлүнгөн жерлерде жайлаштырылат.
161. Кароолдордун, аскердик кезметтердин орду-ордуна коюуп тизилүүсү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 202-216-п. талаптарына ылайык төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
Орду-ордуна коюуп тизилүүнү текшерүү аяктап калганда тизүүчү офицер буйрук берет: "Кароол, түздөл", "Түз тур", "Кароолдордун башчылары, мага - кел". Кароолдордун башчылары саптык кадам менен орду-ордуна коюуп тизилүүнү өткөрүп жаткан офицерге келишет, андан эки-үч кадам алыстыкта бир шеренгага (бир кадам аралыкта) турушуп, келгени тууралуу билдиришет, мисалы: "объектилерди кайтаруу боюнча кароолдун башчысы сержант Кадыров".
Орду-ордуна коюуп тизилүүнү өткөрүп жаткан офицер ар бир кароолдун башчысына алардын кызматынын өзгөчөлүгү тууралуу эскертип, жазылган паролдорду тапшырып буйрук берет: "Кароолдун башчысы, сапка - тур".
Орду-ордуна коюуп тизилүү бүткөндөн кийин ротанын командири же офицерлери анын тапшырмасы боюнча кароолдун, аскердик кезметтердин күжүрмөн кызмат ордуна өз убагында барышын камсыз кылууга, кароолдун (аскердик кезметтин) туура алмашуусун, байланыш жана транспорт каражаттардын абалын текшерүүгө, коопсуздук чаралары сакталышын текшерүүгө жана кароолдордун (аскердик кезметтердин) башчыларына коюлган тапшырманы аткарууну уюштурууда жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Эгер орду-ордуна коюуп тизилүүчү жерден кароол жайга чейин барууга 30 мүнөттөн көп эмес убакыт керектелсе, аскердик бөлүктүн (бөлүнүштүн) командиринин буйруусу менен кароолго транспорт каражат берилет.
Кароолдорду алмаштыруу
162. Объектилери күнү-түнү кайтарылуучу өзүнчө жайгашкан бөлүнүштө кароол алмаштыруу бөлүнүштүн командиринин же бир офицеринин көзөмөлү алдында жүргүзүлөт.
163. Жаңы кароолдун башчысы орду-ордуна коюуп тизилүүдөн кийин алмаштыруучу кароол жайлаштырылган орунга келип, кароол жайынын тосулган аянтчасынын кире беришине кароол башчысынын нускамасында көрсөтүлгөн аралыкта токтотуп, алмаштыруучу кароол башчысына келгендиги тууралуу билдирип, эски паролду айтат; андан кийин өзүнүн кароолун аянтчага кароол жайын каратып бет маңдай тизет.
164. Кароол алмаштыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 218-231-пп. талаптарына ылайык ишке ашырылат.
Күзөтчүлөрдүн алмашуусу
165. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставынын 232-241-пп. талаптарына ылайык ишке ашырылат.
4. Кароолдун ички тартиби
166. Кароолдук жай Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын Уставына ылайык, ушул Ички аскердин күжүрмөн кызматынын Уставында белгиленген ички аскердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жабдылат.
Кароолдук жайдын алдында жылчыксыз коргон менен курчалган аянтча жасалып, анда табуу каражаттары орнотулат. Аянтчада кароолду тизүүгө, куралды октоо жана огунан ажыратуу, тамеки чегүү, бут кийим тазалоо үчүн орундар жасалат, спорттук шаймандар орнотулат, ошондой эл өрт постунун буюмдары жайгаштырылат.
Аянтчага жана кароолдук жайга кирүүчү эшиктер кароочу терезелери менен жабдылат, кулпулуу өзү жабылма каражаттар, чакыруучу кнопкалар менен жабдылат жана дайыма жабык болууга тийиш. Терезелер темир тор менен тосулат жана түнкүсүн ичинен илгич менен бекитилет.
167. Ар бир кароол үчүн штаб күн тартибин иштеп чыгып жана аны бөлүктүн командири бекитет, анда негизги иш-чараларды өткөрүү убактысы жана анын узактыгы: объекттеги иштин башталышы жана аякташы, кароолдун алмашышы, тамактануулары ж.б.у.с. көрсөтүлөт.
Кароол курамынын ичинен эч ким кароолдук жайды жана аянтчаны кароол башчынын уруксатысыз таштап кетүүгө укугу жок. Кароолду тамак ичүү үчүн бөлүнүшкө жиберүүгө же тамакты кароолго алып келүүгө тыюу салынат. Аймакта чегинен чыкса кароолдон кетүү деп эсептелген чек арасы кайтаруу схемасында көрсөтүлөт.
168. Кароолдук жайда тынчтык жана тартип сакталышы керек. Ырдоого жана музыкалык аспапта ойноого тыюу салынат. Белгиленген убакта радио угууга, окууга, жазууга, шахмат жана шашки ойноого уруксат берилет. Тамеки чегүүгө жана бут кийим тазалоого бул үчүн бөлүнгөн жайда гана уруксат берилет.
169. Автоматтар жана пулеметтор дайыма огунан ажыратылып, магазинсиз, машаасы түшүрүлүп, котормосу сактагычка келтирилип, пирамида болуп коюлат. Пирамидалар кароолдук жайларда кулпу менен бекитилбеши керек. Алар кароол башчынын бөлмөсүнө коюлат, ал эми кароол башчынын бөлмөсү жок жерлерде - кароолдун жалпы курамы үчүн бөлмөгө коюлат да, үн жана жарык сигнал менен тосулат. Пулеметтордун магазиндери кулпу менен бекитилген атайын жашиктерде сакталат, анын ачкычы кароол башчыда болот.
Автоматтын октолгон магазиндери жана кынындагы канжар бычактар салынган баштыктар бел курдан чечилбейт.
Тапанча менен куралданган кароол башчылар жана кароолдор кароол жайда тапанчаларын чечишпейт.
Пирамидадагы курал кароол башчынын же анын жардамчысынын уруксаты менен гана берилет. Куралды тазалоо алардын жетекчилиги алдында жана түздөн-түз кароосу менен жүргүзүлөт. Тазалоо үчүн куралды ажыратууга уруксат берилбейт.
170. Кароолдун өздүк курамынын тапанчалары жана октору кызмат өтөө пунктундагы кароол башчыга тапшырылат. Кабыл алынган тапанчалар жана октор атайын жабдылган темир ящиктерде сакталат.
Самолетто күжүрмөн кызматты аткарып жаткан кароолдун өздүк курамынын тапанчалары кароол башчысынын башкаларыныкы учуу маалында экипаждын командирине учуу ведомостуна кол койдуруу менен тапшырылат. Конгондон кийин экипаждын командиринен тапанчаларды алганы тууралуу кароол башчысы да учуу ведомостуна кол коет.
171. Кароолдун өздүк курамына кароолдук жайда баш кийимсиз жана шинелсиз (күрмөсүз, кыска күрмөсүз), бирок куралчан жүрүүгө уруксат берилет. Чечилген шинель жана баш кийимдер кийим илгичте болушу керек.
172. Кароол башчыдан жана анын жардамчысынан башка кароолдун өздүк курамына кароолдук жайга келгендер менен сүйлөшүүгө тыюу салынат; кароолду текшерип келгендердин суроолоруна гана жооп берүүгө уруксат.
173. Суткага дайындалган кароолдогуларга куралдарын чечпестен жатып эс алууга (уктоого) уруксат берилет:
- кароол башчыга, анын жардамчысына жана кароол койгучка - 6 сааттан көп эмес, нускамада аныкталган убакытта;
- кароолго - 6 сааттан кем эмес: бир сменанын курамына (үч смен болсо) постко турар алдында, посттон чыккан башка смена кароолдук жайга келип жана кароолго күжүрмөн эсеп жүргүзүлгөндөн кийин; эки смена болгондо, кароолдор алмашканда - кароолдук жайга келген соң, постко кайрадан жиберилгенге чейин;
- транспорттук каражаттын айдоочусуна - кароол башчынын уруксаты менен.
Эс алып жаткан өздүк курамга уктаган кезде кителин жана бут кийимин чечүүгө уруксат.
174. Кароолду "куралды ал" деген чакыруу болгондо, кароолдук жайда болгон өздүк курам баш кийимин киет (эс алып жаткан смена кителин (мундирин), бут кийимин, баш кийимин), кийет, куралды алышат жана кароолдук жайдын ичинде посттун номерине жараша ирээтте, күжүрмөн топ боюнча дароо аракеттенүүгө даяр болуп тизилет.
Шинель (күрмө, кыска тон) кароол башчынын өзгөчө көрсөтмөсү боюнча кийилет.
Кароолду кароолдук жайдан чыгарган бардык учурларда (өрт же табигый кырсыктан башка учурларда) анда кароол башчынын жардамчысы (кароол койгуч) же кароолдун бирөөсү калат.
175. Кароолдук жайды, кароол тизилүүчү аянтты жана даараткананын тазалыгын жана тартипти сактоо, ошондой эле мешти жагуу жана лампаларды тейлөө кароолдун курамына жүктөлөт. Кароолдун бул милдеттерди аткарышын, ошондой эле жабдуулардын, мүлктүн жана буюмдардын сакталышын көзөмөлдөө кароол башчынын жардамчысына, ал дайындалбаган жерлерде кароол башчыга жүктөлөт.
176. Күн сайын жыйнаштыруудан тышкары, айына бир жолудан кем эмес, бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири белгилеген күнү медициналык кызматтын башчысынын жетекчилиги менен кароолдук жайга дезинфекция жасалат.
177. Жылдын суук мезгилинде кароолдук жай суткасына төрт жолудан кем эмес желдетилет. Жылуу мезгилде кароолдук жайдын бир жагындагы форточкалары же терезелери ачык болушу керек. Кышкысын кароол жайда абанын темпертурасы + 18 град. Цельсиядан төмөн болбошу керек. Меш бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири белгилеген убакта жагылат. Кароолдун курамы тамак жылытуу үчүн жана кийимди кургатуучу жайдагы мешти жагуусуна кароол башчы зарылдыгына жараша уруксат берет. Ысык кайнатылган суу күнү-түнү даяр болууга тийиш.
Караңгы киргенде кароолдук жайда, коридордо жана дааратканада толук жарык, эс алып жаткан смена үчүн бөлмөдө - нөөмөттүү жарык болушу керек.
178. Контролдоо-өткөрүү пунктундагы күзөтчүнүн жайында төмөнкүлөр болушу керек:
- күзөтчүлөр алмашканда кабыл алынчу (өткөрүп берилчү) жабдыктардын, мүлктүн жана иш документтердин тизмеси;
- өткөрмө баракчанын, контролдук талондун, койгон колдордун жана мөөрлөрдүн үлгүлөрү, шифрлардын маанилеринин үлгүлөрү коюлган рамка (көшөгөнүн артында, айнектин астында);
- өткөрмө баракчаларын сактоо үчүн ящик;
- атайын нускамада белгиленген кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары;
- транспорт каражаттарга жүктөөнү (түшүрүүнү) көзөмөлдөөчү жана аларды контролдоо-өткөрүү пунктуна чейин коштоп жүрүүчү адамдардын тизмеси;
- кирген жана чыккан транспортту эсепке алуу журналы;
- суурмалары жабылуучу стол, стулдар жана жазуучу шаймандар;
- убактылуу сактоого алынган документтер жана курал үчүн темир ящик;
- сааттар;
- кайтарууга алынган объекттин (чарбалык органдын) күн тартибинин көчүрмөсү, объектте иштегендердин жумушка келүү (кетүү), түшкү тамактанууга чыгуу (келүү) убактысын көрсөтүү менен.
179. Кароолдук жайды жана контролдоо-өткөрүү пунктун түнкүсүн кайтаруу үчүн үч смендик кароолдун иштеги сменасынан күзөтчү же адамдарды өткөрүү боюнча контролдоо-өткөрүү пунктунун өз милдетин аткаруудан бошогон күзөтчүлөрү коюлат.
Бөлүктүн командиринин чечими боюнча кароолдун жайгашкан жерине, анын курамына жана кароолдук жайды кайтаруу үчүн кырдаалга жараша өзүнчө пост уюштурулушу мүмкүн.
5. Кароолду (аскердик кезметти) текшерүү
180. Күжүрмөн кызматтын аткарылышын контролдоо төмөнкүлөрдү текшерүү үчүн уюштурулат:
- объекттерди кайтаруучу, суткага дайындалган бардык кароолду жана аскердик кезметти, эки жолудан кем эмес, анын ичинен бир жолу түнкү убакта;
- коомдук тартипти күзөтүү боюнча бардык аскердик кезметтерди, кызматты өтөө убактысында бир жолудан кем эмес;
- бардык дайыма издөө постторун жумасына бир жолудан кем эмес, калган издөөчү кезметтерди - аскердик бөлүктүн командиринин чечими боюнча;
- башка кароолдорду жана аскердик кезметтерди тапшырмаларды аткаруунун өзгөчөлүгүнө жана кырдаалга жараша бөлүктөрдүн командирлеринин чечими боюнча.
Кароолду жана аскердик кезметти текшерүү күтүүсүз мүнөздө болушу керек.
181. Кароолдорду, аскердик кезметтерди төмөнкүлөр текшерүүгө милдеттүү:
- кароолдор (аскердик кезметтер) баш ийгендер, түздөн-түз башчылары жана буларга баш ийген бөлүктөрдөн, (бөлүнүштөрдөн) кароолго (аскердик кезметке) дайындалгандардын улук оперативдик башчылары;
- взводдун командирлери жана ротанын старшинасы - кароолдорду, (аскердик кезметтерди), өз ротасынан кароолго дайындалгандарды (офицерлер жетектеген кароолдон башкаларын).
182. Кароолдорду, аскердик кезметтерди төмөнкүлөрдү да текшеришет:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин, анын орун басарларынын, ички аскердин колбашчысынын жана анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча жооптуулар;
- текшерүүнү жүргүзүүгө үчүн келгендер жана алардын тапшыруусу боюнча текшерүүчү топтун офицерлери - алар текшерүүчү аскердик бөлүктөрдүн кароолдорун (аскердик кезметтерин).
Кароолду жана аскердик кезметти текшерүү улук башчылар тарабынан бул кызматты жакшы билгендерге гана тапшырылат.
Кароолдорду (аскердик кезметтерди) текшерүү үчүн бекитилгендер нускаланууга тийиш.
183. Кароолдордо, аскердик кезметтерде алардын кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен төмөнкүлөр текшерилет:
- аскердик кызмат өтөөнүн ушул Уставдын талабына ылайыктыгын жана кайтаруунун планын;
- күжүрмөн даярдыкты;
- өздүк курамдын толуктугун жана анын посттук (жолдук) ведомостко жана посттордун табелине ылайыктыгын;
- курал-жарак жана ок-дарылардын толуктугун жана анын туура сакталышын;
- кызмат өтөөнүн сапатын;
- кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарынын, байланыш каражаттарынын абалын, ошондой эле бул каражаттарды пайдалана билүүнү;
- өздүк курамдын посттук табель боюнча милдеттерди жана күжүрмөн эсеп боюнча аракеттин тартибин билүүсүн;
- ички тартипти;
- тарбиялык иштердин планы (жеке тапшырмалардын) аткарылышын, көрсөтмөлүү үгүттүн абалын, жаңы гезит-журналдардын болушун;
- өздүк курамдын экипировкасын, тышкы көрүнүшүн, жеке гигиенанын сакталышын, посттук кийимдердин бар жана оң экендигин, эс алуунун жана тамактануунун уюштурулушун;
- өздүк курамдын куралды пайдалануу тартибин жана күжүрмөн кызматтагы коопсуздук чараларын билишин.
184. Кароолдун (аскердик кезметтин) күжүрмөн кызматын текшерген офицер кайтарууга алынган объекттин абалын, өздүк курам тарабынан тапшырманы аткаруунун шартын, буйруктардын жана көрсөтмөлөрдүн толук аткарылышын изилдөөсү керек.
Кароолдун (аскердик кезметтин) башчысынан, бөлүнүштүн командиринен табылган кемчиликтерди жоюуну талап кылууга, зарыл болсо жардам берүүгө, ал эми объекттин администрациясынын жана улук башчылардын чечимин талап кылган маселелер боюнча буйрук боюнча баяндама берүүгө тийиш.
185. Ушул Уставдын 179-180-пп. көрсөтүлгөн адамдар кароолдун (аскердик кезметтин) башчысына кароолдорду (аскердик кезметтерди) текшерүү укугу жөнүндө текшерүүнү дайындаган башчынын колу коюлган, гербдүү мөөр менен ырасталган күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
186. Кароолду (аскердик кезметти) текшерген адамдарды постторго кароол башчысы же анын жардамчысы бир-эки куралданган кароол менен коштоп барат.
Күзөтчүлөрдүн кызмат өтөөсүн текшергендер (күзөтчүлөр баш ийгенден башкалар) аларга эскертүү бербейт; бардык аныкталган кемчиликтер тууралуу аларды коштоп жүргөндөргө көрсөтмө берет. Текшерүүнүн жыйынтыгын жана өзүнүн көрсөтмөлөрүн текшерүүчүлөр посттук ведомостко жазышат.
Күзөтчүнүн кызмат өтөөсүн текшерүү учурунда кайтарылчу объектиге көзөмөлдү күчөтүү үчүн кароол башчы (башчынын жардамчысы) аны коштоп жүргөн кароолду ишке тартат.
187. Күзөтчүнүн кызмат өтөөсүн постко жашыруун келүү, күзөтчүнүн куралын тартып алууга аракет жасоо жана кырсыкка алып келүүчү башка ыкмаларды жолу менен текшерүүгө тыюу салынат.
188. Күзөтчүнүн кызмат өтөөсүн текшерүү үчүн, ошондой эле постко чакыруу болгондо кароол башчы же анын жардамчысын (кароол койгуч) постко октолгон куралы менен жана куралдуу кароолдун коштоосунда келет.
6. Пароль, шарттуу сөз жана жооп сөз
189. Пароль - кароол башчысына алмашууга келген кароолдун чын эле максатка дайындалганына ынануу үчүн карата кызмат кылган жашыруун сөз.
Мындан тышкары, пароль аскердик бөлүктүн (бөлүнүш) командиринин буйругу менен келген адамдын, чындап эле ошол башчы тарабынан дайындалгандыгын билдирүүчү каражат катары кызмат кылат.
190. Пароль кайсы-бир шаардын (калктуу конуштун) аты менен аталат жана күн сайын (алмашылып) турат: бөлүктүн (батальондун башкаруусунда жайгашкан) бөлүнүштөрдөн дайындалчу кароол үчүн - бөлүктүн (батальондун) штаб башчысы; өзүнчө жайгашкан бөлүнүштөн дайындалуучулар үчүн бөлүнүштүн командири тарабынан белгиленет. Ар бир кароол үчүн өзүнчө пароль белгиленет.
191. Парольдор 10 күндүк мөөнөттөн көп эмес убакытка коюлуп, парольдор жазылуучу китепке киргизилет, ал китеп бөлүктүн (батальондун) штаб башчысында, өзүнчө жайгашкан бөлүнүштүн командиринде мөөр басылган папканын ичинде сейфке салып сакталат.
192. Эски жана жаңы парольдор жазылган документтер кароолду коюу үчүн дайындалган офицерге бөлүктүн (батальондун) штаб башчысы, өзүнчө жайгашкан бөлүнүштүн командири тарабынан, разводдун алдында, парольдор жазылчу китепке кол койдуруу менен тапшырылат.
Бөлүктүн (батальондун, өзүнчө жайгашкан бөлүкчөнүн) командири тарабынан кароол башчысына буйруу менен жөнөтүлүүчү адамга да пароль ушундай эле тартипте тапшырылат.
193. Парольду билген баардык адамдар аны бекем сактоого милдеттүү. Парольду сураганда ал аны үн чыгарып айтпастан, жазып берүү аркылуу билдирет жана андан кийин дароо өрттөлөт.
Жазуу жоголуп кеткенде же пароль башкаларга белгилүү болуп калган учурларда аны колдонуу кароол башчы же бөлүктүн (батальондун), штаб башчысы, өзүнчө жайгашкан бөлүнүштүн командири тарабынан тезинен токтотулат. Жаңы парольду бөлүктүн (батальондун) штаб башчысы, өзүнчө жайгашкан бөлүнүштүн командири кароол башчысына жеке өзү кароолдук жайдын ичинен тапшырат.
194. Шарттуу сөз жана жооп сөз издөө иштерин жүргүзүүдө жана операциялардын жүрүшүндө башка күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарууда өздөрүнүн аскер кызматчыларын таануу үчүн ар бир суткага өзүнчө белгиленет.
Шарттуу сөз катары курал-жарактын же аскердик техниканын аталышы кызмат кылат, мисалы: "Автомат", ал эми жооп сөз - шарттуу сөздүн биринчи тамгасынан башталуучу калктуу конуштун атынан коюлат, мисалы: "Араван". Шарттуу сөз жана жооп сөз аскердик кезметтин курамына гана билдирилет.
Шарттуу сөз аскердик кезмет ээлеген чектен (курчоонун, тозоттун чегинен) өтүп бара жаткандардан суралат. Аскердик кезметтин курамындагы аскер кызматчы (байкоочу) чоочун адам 3-5 метр жакын келгенде: "Токто, шарттуу сөз" деп кыйкырып токтотот. Токтотулган адам буга жооп катары шарттуу сөздү айтышы керек, мисалы: "Автомат", ал эми аскер кызматчы буга жооп сөзүн айтат, мисалы: "Араван".
Шарттуу сөз жана жооп сөз акырын айтылат. Шарттуу сөздү жана жооп сөздү билбеген баардык адамдар кармалат. Кармалгандарды аскердик кезметтин башчысы (бөлүнүштүн командири) жеке өзү суракка алат жана кырдаалга жараша ага андан ары кетүүгө уруксат берет же аны кайтарууга алуу менен аскердик кезметти жиберген командирге жөнөтөт.
VI бап
Атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча уюштуруунун жана күжүрмөн кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү
1. Жалпы жоболор
195. Тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу атайын (жашыруун, өтө жашыруун жана өтө маанилүү) жүктөр аскердик кайтарууга алынууга тийиш. Атайын жүктөр литердик поезддер, транспорттор же эшелондор менен жүк ташыган поезддин же өзүнчө локомотивдин курамында, атайын вагондордо, үстү жабылган вагондордо (жарым вагондордо, цистерналарда жана платформаларда) жүк ташыган поезддердин курамында аларга серия жана транспорттун номерин ыйгаруу менен, жүргүнчү ташыган поезддердин курамындагы атайын вагондордо, самолеттор (вертолеттор), автомобилдер жана жүргүнчү ташыган вагондордун өзүнчө купелеринде ташылат. Жүгү жок атайын вагондор кайтарууга алынбайт.
196. Атайын жүктөрү менен транспортторду кайтаруу жана коргоо үчүн атайын бул максатта бекитилген бөлүнүштөрдөн (бөлүктөрдөн) кароолдор дайындалат. Жүргүнчү ташыган вагондун купесинде, самолетто жана автомобилде атайын жүктөрдү кайтаруу үчүн ушул эле бөлүнүштөн эки-үч аскер кызматчыдан турган куралдуу аскердик кезмет дайындалат.
197. Кароолдор бирикменин (бөлүктүн) командиринин буйругу менен режимдик-жашыруун органдардын жана объекттердин арыздары боюнча түзүлөт, ал ташылчу атайын жүктүн көлөмүнө жараша, ар бир аскер кызматчыга айына 17 суткадан көп эмес кызматтык жүктөмдү эске алуу менен аныкталат. Кызматтык оорчулукту аныктоодо кароолдун эки тарапка баруу-келүү убактысы эске алынат.
198. Кароолдор төмөнкүдөй дайындалат:
- атайын жүктөрдү объектин жана шаардын чегинен ташууда кайтаруучу, жергиликтүүлөр;
- атайын жүктөрдү шаардын чегинен сыртка ташууда кайтаруучу, алыскылар.
Алыска баруучу кароол башчылары болуп офицерлер жана прапорщиктер дайындалат.
Атайын жүктөрдү кайтарган кароолдор атайын жүктү кабыл алган пункттар белгиленген пунктка же алмашуучу пунктка чейин, же алуучуга тапшырганга, же кароолдун алмашуусуна чейин аскердик тапшырманы аткарууда болот.
199. Кароолдор аскердик бөлүктүн (өзүнчө жайгашкан бөлүнүштүн) командирине жана штаб башчысына баш ийет.
Жүктү сактоонун техникалык шарттарын камсыздоо жана жолдо жүрүү учурунда коопсуздук чараларын сактоо маселеси боюнча кароол башчы объектин жүктү коштоп бараткан өкүлүнүн көрсөтмөсүн аткарат.
200. Кароол атайын жүгү бар вагондорду жана контейнерлерди, атайын упаковкаланган орундарды кайтарууга жана алардагы мөөрлөрдүн, пломбалардын, кулпулардын бүтүндүгү үчүн жооп берет.
Пломбаланган вагондун (упаковканын ичиндеги) атайын жүктүн абалы үчүн кароол жооптуу эмес.
201. Кароолдун курамын жана санын бөлүктүн командири транспорттун түрүнө, жүктүн мүнөзүнө жана тапшырмаларды аткаруу узактыгына жараша аныктайт.
Кароолдун курамына кароол башчы, кароол башчынын жардамчысы жана посттордун саны боюнча кароолдор, постко үч сменанын эсеби боюнча бекитилет. Мындан тышкары, 14 жана андан ашык вагон болсо, транспортту кайтаруу боюнча кароолго кароол койгуч дайындалат.
Күзөтчүлөрү үч сменалуу посттордун саны төмөнкүдөй белгиленет:
- 1ден 7 вагонго чейин кайтарууда - 1 пост;
- 8ден 14 вагонго чейин кайтарууда - 2 пост;
- 14 вагондон ашыкты кайтарууда - 3 жана андан ашык пост.
Кароол жайгашкан вагон жана жашыруучу вагондор кайтарылчу вагондордун эсебине кирет.
Өзүнчө локомотиви менен транспортту кайтаруу үчүн эки посттон кем эмес, атайын вагондогу жүктү кайтарууда - 1 пост дайындалат.
Самолетто жана жүргүнчү ташыган вагондо атайын жүктү кайтаруу үчүн 2-3 аскер кызматчыдан турган аскердик топ бөлүнөт.
Атайын жүк бар автомобилди кайтаруу үчүн бир суткага чейинки жол жүрүүдө 2-3 адамдан турган аскердик топ бөлүнүп берилет. Атайын жүктү бир суткадан ашык ташууда 4 аскер кызматчыдан турган кароол бөлүнөт.
Атайын жүктү автомобилдердин колоннасы менен ташыганда кароолдун саны бир автомобилге бир күзөтчү эсебинде аныкталат жана жүксүз автомобилде 2-3 резервдик кароол болот.
Мындай учурда объекттин режимдик-жашыруун иштер боюнча органы бөлүктүн штабы менен бирдикте транспорттун жүрүү графигин көрсөтүү менен каттамдын схемасын иштеп чыгат.
202. Кароол (аскердик топ) төмөнкүдөй жайгаштырылат:
- темир жол транспортун кайтарганда - жүргүнчү ташуучу же атайын жабдылган үстү жабык вагондо;
- самолетто - жүк салуучу бөлүмдө же эл үчүн салондо;
- автомобилде - автомобилдин коопсуздуктун талаптарына жооп берүүчү кузовунда (эгерде автомобиль бул талаптарга жооп бербесе, анда кароол үчүн өзүнчө унаа бөлүп берилет);
- жүктү жүргүнчү ташуучу вагондун купесинде ташыганда - объектин өкүлү менен кошо купеде. Бул купеде чоочун адамдардын жол жүрүшүнө уруксат эмес.
Төрт октуу үстү жабык вагонго кароолду жайгаштырууда вагондун үчтөн бир бөлүгүндө атайын жүк коюлушу мүмкүн. Вагонго жайгаштырылган жүк кароолдук жайдан тосмо менен тосулат, пломбаланат жана кайтаруу үчүн кароолго тапшырылат.
203. Кароол башчы бул Уставда каралган жалпы милдеттерди аткаруудан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жүк жиберүүчүдөн же алмашкан кароолдун башчысынан кайтарылчу вагондорду (контейнерлерди, аскердик техниканы) алууга, мында кыймылдоочу курамдын абалын, люктардын, эшиктердин бекем жабылышын, пломбалардын бар экенин жана алардын контролдук белгилерге шайкештигин, упаковканын жана жүктөрдүн бекитилишинин бекемдигин тышынан карап чыгуу менен текшерүүгө;
- кароолдун өздүк курамына жүктү кайтаруунун тартиби жана өзгөчөлүгү тууралуу, ошондой эле жолдо жүрүү учурунда коопсуздук чараларын сактоо тууралуу нускама берүүгө;
- жүктөрдү ташуудагы белгиленген эрежелер сакталышын көзөмөлдөөгө;
- мамлекеттик мүлктөрдү уурдалышын болтурбоого;
- кайтарылуучу вагондордо, купелерде (кайтаралчу жүк салынган купеде) чоочун адамдардын жол жүрүшүн болтурбоого;
- кароол башчынын жардамчысынын (кароол койгучтун) же күэөтчүнүн байкоосу менен транспорттун кызматкерлерин кайтаруудагы вагондун жүрүүчү бөлүктөрүн кароо, майлоо жана оңдоо үчүн келишине уруксат берүүгө;
- поездди өзгөртүп кураштырууда кайтарыктагы бардык вагондор поездге аларды жайгаштыруунун белгиленген схемасына ылайык чиркелишин көзөмөлдөөгө. Транспортту башка вагондордун курамына чиркөө үчүн ажыратууга жол бербөөгө;
- кароол үчүн вагондо тазалыкты жана тартипти кармоого, өрт коопсуздугун камсыздоого;
- жүктү алуучуга жана алмаштырчу кароолго вагондорду тизмеси боюнча жана өзүнчө платформада же вагондордо ташылып жаткан жүктөрдү ордунун саны боюнча өткөрүп берүүгө.
204. Күзөтчүлөр постун табелине ылайык жайгаштырылат: поезд жүрүп бара жаткан убакта - кайтаруучу вагондордун тормоздук аянтында (тамбурда), ал эми тормоздук аянтчалар жок болсо - тосмолонгон кайтарылчу платформаларда же кароол жайгашкан вагондо; поезд токтоп турган учурда кайтарылчу вагондордун жандарында, эки жагында, мында ар бир күзөтчүгө вагондун бир тарабын кайтаруу тапшырылат. Үстү жабык вагондо кароол менен чогуу жайгаштырылган атайын жүктү кайтарууда жүрүп баратканда күзөтчү тормоз аянтчасына, ал эми тормоздук аянт жок болсо - вагондогу пломбаланган тосмонун жанында жайгаштырылат.
Жүргүнчүлүк поезддин курамындагы атайын вагондо экенде күзөтчү жүрүп бара жатканда жана поезд токтогондо кайтарылчу вагондун тамбуруна жайгаштырылат. Атайын вагон кайтарылчу объекттин аймагындагы паркта токтоп турганда күзөтчү кызматын вагондун жанында өтөйт.
Автомобилде аскердик топтун башчысы кузовдо, сол борттун алдында, күзөтчү оң бортто кузовдун артында отурат. Узакка токтоп турганда аскердик топтун башчысы автомобилден түшөт жана кызматын унаанын жанында өтөйт.
Самолеттогу атайын жүктү кайтарганда аэропортто токтоп турган убакта күзөтчү кызматын жүк бар отсекке жакын эшиктин (люктун) жанында өтөйт. Жүргүнчүлөр самолеттун салонуна киргенден кийин күзөтчү аскердик кезметтин башчысынын кароосунда куралын огунан ажыратат жана самолеттон орун алат. Самолет конгондон кийин күзөтчү биринчи чыгат, аскердик кезметтин башчысынын кароосунда куралын октойт жана кызматын жүк бар отсектин, эшиктин (люктун) жанында өтөйт.
Жүк жүргүнчүлөр үчүн салондо жайгаштырылса күзөтчү атайын жүктүн жанынан орун алат, самолет конгондон кийин жүктү коштоп жүргөн өкүл менен бирге эң акырында чыгат.
Жүргүнчүлүк вагондун купесинде күзөтчү купенин эшигинин жанындагы ылдыйкы текчеде отуруп кызмат өтөйт. Купенин эшиги дайыма илгич менен бекитилип турушу керек.
205. Күзөтчү кароол башчыга, кароол башчынын жардамчысына жана бөлүштүргүчкө (эгер ал дайындалган болсо) баш ийет. Мындан тышкары ал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- постту өткөрүп алууда сыртынан кароо менен вагондордун кузовдорунун (полу, чатыры жана дубалы) оң абалда экенин, люктардын, каалгалардын, каалганын каптамаларынын бекемдигин жана тыгыз жабылышын, пломбалардын туура илинишин жана андагы тамгалардын даана түшүрүлүшүн, техниканын, платформалардагы жана жарым вагондордогу контейнерлердин жана башка материалдык каражаттардын туура бекитилгенин, орундардын санын, упаковканын бүтүндүгүн, брезенттин жарактуулугун жана анын туура бекитилгенин, пломбалоонун тууралыгын текшерүүгө;
- жүрүп бараткан жана токтоп турган учурда кайтарылчу вагондорду кылдат байкоого, кайтарылчу транспортто жана ага жакын вагондордун тормоздук аянтчаларында чоочун адамдардын жол жүрүшүн болтурбоого;
- өрт, жүрүүнүн коопсуздугуна жана атайын жүктү сакталышына коркунуч келтирүүчү нерселер аныкталган учурда стоп-кран менен поездди дароо токтотууга чара көрүүгө, ал эми стоп-кран жок болсо сунган колуна кызыл желекти кармап булгалап тегеретип, ал эми түнкүсүн кызыл фонарь менен колун тегеретип белги берүүгө;
- поезд толук токтогондо тормоздук аянтчадан жолго түшүп кайтаруудагы вагондордун, платформалардагы (жарым вагондордогу) жүктүн абалын, пломбалардын бар экенин жана оңдугун кылдат текшерүү керек. Бардык табылган бузуктар тууралуу кароол башчыга билдирүүгө;
- кайтарылчу вагондордун кароол башчынын уруксатысыз ажыратылышына жол бербөөгө;
- темир жол транспортунун кызматкерлерине кайтаруудагы вагондорду техникалык жактан карап чыгуу, жүрүүчү бөлүктөрүн майлоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн кароол башчынын уруксаты менен гана жол берүү, аларга жумушту аткаруу учурунда постту көзөмөлдөөнү начарлатпастан туруп байкоо жүргүзүү;
- кайтарылчу транспортко кирүүгө аракет кылгандардын баарын жана күзөтчүнүн талаптарын аткарбагандарды кармап жана кароол башчыга берүү керек.
206. Автомат менен куралданган күзөтчү кызматын канжарсыз өтөйт, поезд жүрүп бара жаткан убакта автоматты - "асынган" абалында, токтоп турганда: түнкүсүн туруп атуу үчүн даяр абалда, күндүзгү убакта "асынган" абалында алып жүрөт.
207. Атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча кароолдун өздүк курамына "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык форма кийимдин комплектиси белгиленет.
Жүргүнчүлүк вагондун курамындагы атайын вагондордогу кароолдор кызматты аскердик кийим менен өтөйт. Ал кароолдорду текшерүүчү адамдар жарандык кийим кийүүгө тийиш.
208. Кароолдун өздүк курамы төмөнкүдөй куралданат:
- транспорттогу, жүргүнчүлүк вагондогу купеде, самолетто, автомобилде атайын жүктөрдү кайтарууда - автоматтар менен, офицердик курам жана прапорщиктер - тапанчалар менен;
- жүргүнчүлүк поезддин курамындагы атайын вагондордогу атайын жүктөрдү кайтарууда - пистолеттер менен.
Ар бир автоматка магазиндеги 20 ок берилет, тапанчага - эки октолгон магазин (16 ок), тапанчаны атайын кобурага салып жүрсө - бир октолгон магазин (8 ок) берилет.
Кырдаал татаалдаган мезгилде бирикменин (бөлүктүн) командиринин чечими боюнча бирикмелер (бөлүктөр) көбүрөөк ок менен камсыздалышы мүмкүн.
Кароол жайгашкан вагондогу автоматтарды сактоо үчүн ачык пирамида жасалат. Тапанчалар, автоматтардын жана тапанчалардын октолгон магазиндери кулпу менен бекитилген, алып жүрмө темир ящиктерде сакталат. Тапанчалар жана октор салынган ящиктердин ачкычтары кароол башчыда болот.
Жүргүнчүлүк вагондун купесиндеги, самолеттогу жана автомобилдеги атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик кезметтин куралы ар бир аскер кызматчынын өзүндө болот.
Кароолдор бекеттерде (аэропорттордо) болгондо, ошондой эле жүргүнчүлүк поездде резервде турушканда курал жана октор (автоматтар кабына, тапанчалар жана октор металл ящиктерге салынып) бир жерге топтолот жана аларды такай кайтаруу уюштурулат.
209. Кароолдогу (аскердик кезметтеги) адамдар күжүрмөн тапшырманы аткарууда "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26, 27-беренелерине ылайык курал пайдаланууга укуктуу.
210. Кароолдун өздүк курамына чоочун адамдар менен сүйлөшүүгө, оюн-зоок иш-чараларга барууга, фотоаппарат алып жүрүүгө жана сүрөткө түшүүгө тыюу салынат.
211. Жүк жөнөтүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- атайын жүктөрдү кайтаруу үчүн кароол берүүгө өз учурунда өтүнмө берүүгө;
- жүргүнчүлүк вагондун купесинде, самолетто, автомобилде, атайын вагондордо жүктөрдү коштоп жүрүү үчүн өкүлдү дайындоого, ал эми зарыл шарттарда жана жүк ташыган поезддин курамында атайын жүктөрдү кайтарганда жүктү коштоо үчүн өкүлүн дайындоого;
- жүктөрдү кайтарууну камсыздоо үчүн зарыл болгон жана кызмат өтөөдө коопсуздук чараларын сактоону камсыздоо үчүн жүктөрдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу маалыматтарды кароол башчыга маалымдоого;
- посттордун саны боюнча тормоздук аянтчалары бар болгон вагондордун керектүү санын берүүгө, алардын транспортто кайтаруунун схемасына ылайык жайгаштырылышын камсыздоого. Тормоздук аянтчасы бар вагондор жок болсо кароол жайгашкан вагондо күзөтчү үчүн кызмат өтөөчү орунду жабдууга. Мындай учурда транспортто калкалоочу вагонду кошкондо 6дан ашык эмес вагон болууга тийиш;
- кароолдун жайгашышы үчүн атайын жабдылган вагон же жабык вагон, же жүргүнчүлүк поездде керектүү сандагы купе берүүгө;
- атайын вагондорду сигнализация жана өрткө каршы шаймандар менен жабдууга, аларда баруучу кароолду жууркан-төшөк менен камсыздоого;
- вагондорду (контейнерлерди, упаковкаларды) жакшылап бекитүүгө жана пломбалоого;
- жолдо жүрүү учурунда кароолду отун, фонарь жана шам менен жабдууга;
- атайын жүктү автомобиль менен ташууда кароолдун (аскердик кезметтин) жүктүү автомобилде орун алышы үчүн нормалдуу шарт түзүүгө. Жүктөрдү бир суткадан ашык ташыган учурда эс алуудагы кароолдун жана айдоочулардын жайгашуусу үчүн кошумча автомобиль берилүүгө тийиш.
Кароол бөлүп берүү үчүн арыз, кароолдун жүктү кабыл алуучу пунктка келүүчү жолго кетүүчү убактысын эске албастан, ал аскердик бөлүктө транспорт жөнөтүлөөрдөн эки суткадан кем эмес мурда жеткирилгидей эсеп менен берилет. Өзгөчө учурларда (жүктү самолет менен же жүргүнчүлүк вагондун купесинде тез жөнөтүү үчүн) арызды аскердик кезметти бөлүктөн жөнөткөнгө чейин 4 саат мурдатан берүүгө болот.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- пункттардын аталыштары, почтолук ящиктердин же жүктү жөнөткөн жана жүктү кабыл алуучу аскердик бөлүктөрдүн номерлери;
- жүктүн жөнөтүлүшү үчүн жооптуу кызматкердин аты, фамилиясы, атасынын аты;
- транспорт менен жүргөн өкүлдүн аты, фамилиясы, атасынын аты;
- транспорттун түрү (темир жол, аба, автомобиль), унаанын курамынын саны жана түрү; жөнөтүү кандай ишке ашат; өзүнчө локомотив менен, жүк ташуучу поезддин курамында же жүргүнчүлүк поезддин курамындагы атайын вагондо;
- кароолдун жайгашуусу үчүн эмне бөлүнүп берилет (жабдылган жабык вагон, жүргүнчүлүк вагондун купеси, атайын вагон);
- кароолдун жүктү кабыл алуучу пунктка келген күнү жана убактысы.
Арызды берүүдө объекттерден атайын жүктөр расмий мамлекеттик майрам күндөрү жөнөтүлбөшү эске алынат.
212. Атайын жүктү жөнөтүүчү убакыт жылдырылганы тууралуу жүк жөнөтүүчү кароол берүү жөнүндө арыз жиберилген аскердик бөлүккө алдын ала, бирок бир суткадан кем эмес мурдатан кабарлайт.
Ишканага келген кароол транспорттун кайтарууга алуу үчүн даярдалышын өзү жайгашкан жерде 6 сааттан ашык эмес, башка шаарларда эки суткадан ашык эмес күтсө болот. Бул мөөнөт бүткөндө кароол аскердик бөлүккө кайтып келип, бул тууралуу объекттин жетекчисине билдирилет.
Кайтарууга алуучу транспорттун дайындыгын күтүп калган шартта кароолдун өздүк курамы алмашуучу пунктта же ички аскердин аскердик бөлүгүндө, алар жок жерлерде болсо - объект тарабынан берилген мейманкананын же жатакананын эс алуу жана тамак жасоо үчүн нормалдуу шарттары бар бөлмөсүнө жайгаштырылат. Куралдарын жана окторун кароол башчы алмашуучу пунктун комендантына же аскердик бөлүктүн нөөмөтчүсүнө, ал эми алар жок жерлерде - объекти аскерлештирилген кайтаруучу кароолдун башчысына тапшырат. Мындай учурда куралды жана ок-дарыларды кайтаруу үчүн кароолго өзүнчө темир шкаф берилиш керек.
Аскердик бөлүк жок жердеги объекттин режимдик-жашырындык органынын жетекчиси кароолдогу адамдардын жүрүм турумун, куралдын жана ок-дарылардын сакталышына контролду уюштурат.
213. Жүк алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жүктү алуу үчүн кароолдун башчысына бир жолку ишеним катты жана ким экенин билдирүүчү документти көрсөтүүгө;
- кароолдон атайын жүктүү транспортту (вагон, автомобиль, контейнер), ошондой эле кароол жайгашкан вагонду жабдуусу менен өткөрүп алууга;
- кабыл алып-өткөрүү документтерин тариздеп жана жүктү тапшыруучу жерге транспорт (вагон) келгенден тартып 8 сааттан ашпаган убакыттын ичинде кароолду жүк кайтаруудан бошотууга;
- эгер ортодогу аралык 1 километрден алыс болсо кароолду автотранспорт менен темир жол станцияга, аэропортко же кезек алмашуу пунктуна жеткирүүгө, жолго белет алуусуна жардамдашууга.
2. Кароолдорду даярдоо
214. Кароолго бир штаттык бөлүмчөнүн (взводдун) өздүк курамы башында өзүнүн командири менен дайындалат. Кароол башчы болуп офицер дайындалганда анын жардамчысы болуп өздүк курамы кароолго дайындалган бөлүмчөнүн командири (взвод командиринин орун басары) болууга тийиш.
215. Кароол өздүк курамы иш сапарга жөнөөр алдында кызматка даярданууга убакыт берилиши керек, ал убакыттын узактыгын бөлүнүштүн командири кароолдун даярдануу мөөнөтүнө жараша аныктайт.
216. Кароолдун өздүк курамы менен аткарылчу тапшырманын өзгөчөлүгүн эске алуу менен сабактар жана нускоолор өткөрүлөт.
Кароол башчыга жана анын жардамчысына нускоолорду өткөрүү учурунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- иш сапардын мөөнөтү;
- жүктү кабыл алуучу жана өткөрүүчү объект (пункт);
- кайтарылчу транспорттун түрү, вагондордун саны, транспортту кайтаруунун өзгөчөлүктөрү;
- жүктү коштоп жүрүүчү өкүлдүн аты-жөнү;
- жүктү жөнөтүүчүнүн, жүктү алуучунун даректери, алар менен байланышуу үчүн телефондору;
- атайын жүктү кабыл алуунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү;
- кароолдун каттамынын өзгөчөлүктөрү;
- транспортту кайтаруунун, күзөтчүлөрдү алмаштыруунун жана кароолдун күжүрмөн эсебинин тартиби;
- кырдаалдын кескин өзгөргөн, ошондой эле жүктүн упаковкасы жана жүрүүчү состав бузулган учурда кароолдун аракеттенүүсүнүн тартиби;
- темир жол станцияларын аскердик коменданттары, темир жолдун администрациясы, улуттук коопсуздук жана транспорттогу ички иштер органдары менен өз ара мамилелердин тартиби;
- кароолго текшерүүчүлөрдү киргизүү тартиби;
- куралды сактоонун, октоонун жана огунан ажыратуунун жана жолдо жүрүү учурунда өздүк курам тарабынан коопсуздук чараларын сактоонун тартиби;
- жолдо жүрүү учурунда кароолдун өздүк курамын азык-түлүк, күйүүчү май, жарык берүү жана байланыш каражаттары менен камсыздоо тартиби;
- сабактардын темалары жана аларды кароолдо өткөрүүнүн тартиби;
- кароолдо кызматтык документтерди тариздөөнүн жана сактоонун тартиби;
- кароолдун жүктү жөнөтүүчүгө бара жаткандагы жана жүктү тапшырып аскердик бөлүккө келе жаткандагы жолдо жүрүү тартиби;
- кароол башчынын комендатуранын комендаттары жана аскердик бөлүктүн командири менен байланышта болуусунун тартиби.
Кароолдун калган аскер кызматчыларына нускоо учурунда алардын кызматына тийиштүү маселелер түшүндүрүлөт, мында өздүк курамга аткарылып жаткан тапшырманын маанисин, кароолдо такай күжүрмөн даярдыкта болуунун, жогорку байкагычтыктын, уюшкандыктын, аскердик тартиптин жана аскердик жана мамлекеттик сырларды сактоонун зарылдыгын түшүндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
217. Кароол башчысы аскердик бөлүктөн төмөнкүлөрдү алышы керек:
- иш сапардык күбөлүктү;
- анын кароол башчы болуп дайындалганы тууралуу белгиленген формадагы күбөлүктү;
- гербдүү мөөр басып ырасталган жана аскердик бөлүктүн жооптуу кызматкеринин кол коюлган күжүрмөн кызматтын иш-планын;
- тизмелердин, актылардын, тил каттардын, маалымкаттардын бланктарын;
- эки тарапка жол жүрүүгө азык-түлүк жана тамакка-жолго акчаны, азык-түлүк үчүн аттестатты;
- мончодо жуунууга жана жолдо гезит сатып алууга акчаны;
- аскердик ташуучу документтерди.
Иш сапарга күбөлүктүн жана кароол башчынын күбөлүгүнүн арткы бетине кароолдун курамындагы адамдардын тизмеси куралдын түрүн, номерлерин жана октордун санын көрсөтүү менен жазылат.
218. Кароол төмөнкүлөр менен камсыздалат:
- байланыш каражаттары, сигналдык кызыл желекчелер, электр фонарлар, ышкырык, сактоочу көз айнектер;
- посттук кийимдер;
- автоматтарга чехолдор жана тапанчаларды жана ок-дарыларды сактоо үчүн ящик;
- кошумча ички жылуу кийимдин комплектилери;
- атайын вагондордон тышкаркы кароолдорго матрацтар, аларга чехолдор жана жууркан-төшөктөр (жолдо бир суткадан ашык жүргөндө);
- аптечка, жугуштуу жана башка ооруулардан сактануу боюнча эскерткичтер;
- тамак жасоо жана тамактануу үчүн идиштер, ошондой эле ичүүчү сууну сактоо үчүн идиштер.
Алыскы кароолдорго зарыл болгон санда уставдар, нускамалар, окуу куралдар, көркөм китептер, транзитордук радиолор жана стол үстүндө ойнолуучу оюндар берилет.
219. Кароолдогу байланышты камсыздоо үчүн байланыштын радио, зым жана сигналдык каражаттары колдонулат. Атайын жүктүү транспортту кайтарууда кароол башчынын күзөтчү менен байланышынын негизги түрү зымдык байланыш болот. Телефондук байланыш коммутаторлорду жана талаалык телефон аппараттарды же кароолдук телефондук түзүлүштөрдү пайдалануу менен уюштурулат, мында ар бир постко линия тартылат.
Радиобайланыш үчүн көчмө ультра-кыска толкундуу радиостанциялар колдонулат. Радиобайланыш радиобагыттык же радиотармак боюнча уюштурулат жана радиосигналдардын таблицаларын колдонуу менен ишке ашырылат. Кароол радиомаалыматтар менен камсыздалат (радиотармактын номери, радиотармактын курамы, чакыруучу жана иш үчүн жыштыктар).
Сигналдык каражаттар менен байланышуу желекчелерди, сигналдык фонарларды, ошондой эле кол, ышкырык жана башка жөнөкөй каражаттарды колдонуп ишке ашырылат. Кароолдор үчүн сигналдар жөнөкөй, эстеп калууга оңой болууга жана темир жол сигналдарынан айырмаланууга тийиш. Сигналдардын таблицасын аскердик бөлүктүн штабы иштеп чыгат.
Кароол башчыга аскердик бөлүктүн командири менен байланышуу үчүн зарыл учурда байланыш каражаттарды (телефон, телеграф) пайдаланууга уруксат берилет; бул каражаттар сүйлөшүү жүргүзгөндө жүк тууралуу маалыматтарды жана мамлекеттик жана аскердик сырды түзүүчү башка маалыматтарды айтууга тыюу салынат.
220. Кароолдун даярдыгын текшерүү жана ага тапшырмаларды берүү аскердик бөлүктүн командири же штаб башчысы тарабынан ишке ашырылат.
Аскердик бөлүктүн командири (штаб башчысы) кароолдун даярдыгын текшергенден кийин кароолго буйрук берет. Мисалы: "Буйрук беремин: кароол ____ объектиге жөнөсүн (объектинин же аскердик бөлүктүн номери айтылат), атайын жүк салынган транспортту өткөрүп алсын (вагондордун саны айтылат) жана аны (станция, аскердик бөлүк же объект көрсөтүлөт) чейин кайтарууну жана коргоону камсыздасын. Атайын жүгү бар транспортту кайтаруу жана коргоо боюнча аскердик тапшырма Күжүрмөн кызматтын уставынын жана посттордун табелинин талаптарына ылайык так аткарылсын!".
Аскердик бөлүктүн командири зарыл болсо кароол башчыдан аткарууга берилген тапшырманы кайталоону сурайт.
3. Кароолдун күжүрмөн кызматы
221. Кароол жүктү жөнөтүүчүгө атайын жүктү кабыл алаардан бир сааттан кем эмес мурдатан келет. Кароол башчы жүктү жөнөтүү үчүн жооптуу адамга кароол башчынын күбөлүгүн көрсөтөт жана объекттин өкүлүнүн документтерин текшерет (эгер ал жүктү коштоо үчүн дайындалса); кароолдун тийиштүү коопсуздугунун керектүү чараларын камсыздоо үчүн жүктү тапшыруучу адамдан пломбалардын издерин (мөөрлөрдүн издерин) жана жүк тууралуу (жарылуу коркунучу, от алуу коркунучу, учуп кетме, нымдын ж.б. таасиринен бузулуу коркунучу ж.у.с.) маалыматтарды алат.
Кароол башчынын жардамчысы өздүк курамды кароол үчүн бөлүнгөн транспортко жайгаштырат жана ага байкоо жүргүзүүнү уюштурат.
222. Жүктү кайтарууга кабыл алууда кароол башчы биринчи смендин кароолчулары менен бирге вагондордун (автомобилдердин жана башка транспорттун) санын жана бүтүндүгүн (чатырынын, астанасынын), айрым жерлеринин бар экендигин жана жакшы бекитилгенин, упаковканын абалын, эшиктердин (люктардын, борттордун) жакшы жабылышын, пломбалардын (мөөрлөрдүн) контролдук белгилерге ылайыктыгын текшерет.
Жүктөрдү кабыл алгандан соң кароол башчы күзөтчүлөрдү коет, күжүрмөн кызматтын планына транспорт каражаттардын (автомобилдердин, вагондордун, платформалардын жана башка транспорт каражаттардын) номерлерин жазат жана жүк жөнөтүүчү менен бирге үч нускада тизмени толтурат. Бөлүктүн гербдүү мөөрү менен бекитилген тизменин биринчи нускасы жүк жөнөтүүчүгө берилет, экинчи жана үчүнчү нускаларын кароол башчы өзүнө алып калат. Эгерде жүктү объекттин өкүлү коштосо, анда тизме эки нускада түзүлөт, бир нуска объекттин өкүлүнө берилет, экинчиси кароол башчыда калтырылат.
Жүк бир транспорт менен бир нече дарекке жиберилгенде бир дарекке баруучу жүктөрдүн ар бир тобуна өзүнчө тизме түзүлөт.
223. Атайын вагондо (жүргүнчүлүк вагондун купесинде, самолетто, автомобилде) ташылчу атайын жүктү кайтарууга кабыл алуу акт менен таризделет.
Актынын бир нускасы объекттин өкүлүнө берилет, экинчиси кароол башчыда калат.
Жергиликтүү кароол атайын жүктү кайтарууга акты (белгиленген формадагы тил кат) боюнча кабыл алат жана тапшырат.
224. Куралды октоо (огун чыгаруу) ушул Уставда айтылган эреже боюнча ишке ашырылат. Куралды жабык вагондо октоодо (огун чыгарууда) автоматтын (тапанчанын) оозу кайтарылчу жүктөн карама-каршы жакка, атайын вагондо (жүргүнчүлүк вагондун купесинде) - терезе жакка, автомобилде кайтарылчу жүктөн тескери жакка, самолетто - самолеттон жана аэропорттун имараттарынан тескери жакка багытталат.
225. Күзөтчүлөр ар бир 2-4 саат сайын, кароолчуларга кайтарууга алынчу постторду карап чыгууга мүмкүндүк бергидей убакытка токтогон жерде алмаштырылат.
Кароол башчы же анын көрсөтмөсү боюнча кароол башчынын жардамчысы поезд станцияларда (разъезддерде) токтогон учурда күзөтчүлөрдүн кызмат өтөөсүн текшерет жана кайтарылып жаткан транспорттогу составдын абалын карап чыгуу менен текшерет.
Ар бир текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кароолдун күжүрмөн кызматынын планына жазылат.
Кароол башчы аялдамаларда кызмат өтөөдөн бош кароолчулардын эсебинен кошумча күзөтчүлөрдү коюу менен кайтарууну күчөтөт.
226. Темир жол менен баратканда кайтарылчу атайын жүк салынган вагондорду (платформаларды) оңдоо үчүн транспорттон ажыратууга жол берилбейт. Вагонду ДЕПОдо оңдоо керек болгон өзгөчө учурларда вагон объекттин өкүлүнүн, ал жок болсо кароол башчынын уруксаты менен чиркешүүдөн чыгарылат жана чиркөөдөн чыгарылган вагонду кайтаруу үчүн кароол башчынын жардамчысы жана бир-эки кароолчуну дайындалат. Кайтаруудагы транспорт оңдолуп бүткөнгө чейин кармалып турат.
Вагонду оңдоо убагында ачканга болбойт. Вагондун (платформа) чиркешүүдөн чыгарылганы жана оңдолгону тууралуу кароол башчы күжүрмөн кызматтын иш-планына жазат.
227. Кароол башчы пломбуну алууга жана транспорт каражаттын жүк салынган бөлүгүн (вагонду, контейнерлерди, упаковкаларды) ачканга уруксатты объектинин өкүлүнө гана, атайын жүктү текшерүү зарыл болгондо ошондой эле ташуу режимин бузган авария (табигый кырсык) болгондо гана берет.
Транспорт каражаттардын жүк салынган бөлүгүн ачкан ар бир учур жөнүндө, ошондой эле пломба үзүлгөнү, мөөр бузулганы, жүк салынган бөлүктөрдүн капталдары бузулганы жөнүндө кароол башчы жана объектинин өкүлү эки нуска акт түзүшөт.
228. Транспорт каражатты алмаштыруу зарыл болгондо атайын жүк объекттин өкүлүнүн уруксаты менен, эгерде ал жок болсо, кароол башчы аскердик бөлүктүн башчысынан сурагандан кийин жүк жөнөтүүчүнүн уруксаты менен башкасына которуп жүктөлөт.
Атайын жүктү кароолдун өздүк курамы же бул максатта атайын келген объекттин кызматкерлери которуп жүктөшөт. Жүктү түшүрүү-жүктөө жумуштарын механикалаштыруу каражаттарын, зарыл учурда жүкчү жумушчуларды темир жолдун администрациясы берет. Жүктөп бүткөндөн кийин атайын жүк салынган вагондорго объекттин өкүлү же станциянын начальниги пломба басат.
Транспорт каражат алмаштырылганы жана атайын жүк кайрадан жүктөлгөнү тууралуу кароол башчы, объекттин өкүлү жана темир жолдун администрациясынын өкүлү эки нускада акт түзүшөт.
Биринчи нуска жүктү кабыл алуучуга же жаңы кароол башчыга (алмашса), экинчи нуска - аскердик бөлүктүн штабына кароолдун документтери менен кошо берилет.
229. Өрт чыккан, же жүк кулаган кеткенде же жүрүүгө коркунуч туулган башка учурларда күзөтчү поездди стоп-кран менен токтотуу үчүн дароо чара көрөт, стоп-кран жок болсо радио (телефон) аркылуу же белгиленген сигнал менен кароол башчыга билдирүү жасайт жана поезд бараткан тараптын оң жагынан токтотуу жөнүндө сигнал берет.
Посттон өрт же авария (жарылуу) тууралуу сигнал алаары менен кароол башчы кароолду "куралданууга" чакырат жана өрт (жарылуу) жүрүп баратканда болсо поездди токтотуу үчүн чара көрөт; транспорттун кайтарылышын күчөтөт, кароолду коркунучсуз орунга которот, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү уюштурат; объекттин өкүлү жана поезддин бригадасы менен биргелешип өрттү өчүрүүгө, эгерде авариянын (жарылуунун) натыйжасында чачылып кеткен болсо атайын жүктү чогултууга жана жабууга чара көрөт; кырсык болгон жерде тартиптин сакталышын камсыздайт. Зарыл болсо составды ажыратууга жана күйүп жаткан вагондорду транспорттон коопсуз аралыкка алыстатууга чаралар көрүлөт.
Автомобиль авария болгон учурда жүк чачылган болсо кароол башчы объекттин өкүлү менен бирге жүктү чогултууга, авария болгон жерде аны кайтарууга чара көрүшөт. Болгон кырсык жөнүндө объекттин өкүлү же Ички иштер министрлигинин жол-кайгуул кызматынын кызматкери аркылуу кароол башчы аскердик бөлүккө кабар берет. Эгерде авариянын кесепетинен кырсык болсо, кароол башчы объекттин өкүлүнүн уруксаты менен ички иштер органдарынын жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине жана медициналык кызматкерлерге автомобилге келүүгө уруксат берет.
230. Кайтаруудагы транспортко же күзөтчүлөргө кол салынган учурда кароол башчы кароолду "куралданууга" чакырат, кайтарууну күчөтөт, резервдик топтогу кароолчулар менен кол салуу болгон жерге барат, кырдаалды тактайт, транспортту коргоону уюштурат жана кол салуунун мизин кайтаруу же кол салгандарды кармоо боюнча аракеттерди жетектейт.
Кароол башчынын жардамчысы кароолдук жайда кароолчунун бири менен калып, документтердин сакталышын камсыздайт жана кол салуунун мизин кайтарууга жардам көрсөтөт, кароол башчы жана күзөтчү менен байланышта болуп турат.
Кароол башчы тополоң жоюлгандан кийин кайтарууну улантып, кайтаруудагы жүктү өзү текшерет, жарадар болгондорду жакынкы дарылоочу мекемеге жөнөтөт жана аскердик бөлүктүн командирине баяндайт.
231. Болгон бардык окуялар тууралуу кароол башчы күжүрмөн кызматтын иш-планына болгон жерди, убактысын, анын мүнөзүн, кайтаруудагы жүктүн абалын, ал эми кол салуу болсо - кароолдун жана кол салгандардын арасындагы жоготуулар тууралуу жазат; кылмыштар тууралуу прокурорго билдирет.
Жолдо жүрүү учурунда кармалгандардын бардыгын кароол башчы Кыргыз Республикасынын транспорттогу улуттук коопсуздук жана ички иштер жагындагы мамлекеттик органдарга тил кат алуу менен өткөрөт жана аларга кармоонун себептери тууралуу оозеки билдирет.
232. Кароолдун курамындагы ооруп калган аскер кызматчыларды кароол башчы жакынкы дарылоочу мекемеге өткөрүп берет.
Кызматты же аскердик тартипти одоно бузган аскер кызматчы күжүрмөн кызматты өтөшү мүмкүн болбогон учурда, кароол башчы аны алмашуу пунктунун комендатына өткөрүп берет (станциянын, аэропорттун аскердик комендатына). Курал жана ок-дарылар кароолдо калтырылат.
Күжүрмөн кызматтан бошотулган оорулуулар дарылоочу мекемеге жана күжүрмөн кызматтан четтетилген аскер кызматчылар алмашуу пунктунун комендатына өткөрүлгөнү тууралуу кароол башчы бөлүктүн командирине (штабдын башчысына) баяндайт жана күжүрмөн кызматтын планына жазат.
233. Кароол башчы кароолдук жайга өзүнүн аскердик бөлүгүнүн командирин жана штаб башчысын тоскоолсуз киргизет.
Кароол башчы башкаларды кароолдук жайга келүү максатын, ким экенин документи боюнча тактагандан жана кароолду текшерүү укугуна күбөлүгүн текшергенден кийин киргизет. Кароол башчы текшерүүчүлөр келгени тууралуу жүктү коштоп жүргөн өкүлгө билдирет.
Кароол башчы объектинин өкүлү менен бирге кароолду текшерүүчүлөрдүн, улуттук коопсуздук жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ташуу режиминин сакталышын камсыздоо боюнча иштерди аткарып жаткан операциялык кызматкерлеринин кароолго кирүүгө уруксат берген документтери бар болсо кайтаруудагы транспортто жана атайын вагондо жүрүшүнө уруксат беришет.
Кайтарылчу транспорттун вагондорун текшерип кароочу жана оңдоочу бригадаларды вагондорду техникалык кароочу пункттун башчысы (вагондордун улук кароочусу) кароол башчысына ким экенин билдирүүчү документтерин көрсөтүп тааныштыргандан кийин алар ишке кое берилет.
234. Эреже катары, кароол башчы поезд жүрүп баратканда өзүнүн жардамчысы менен алмак-салмак эс алат.
235. Эгер жүктү коштоочу өкүл жок болсо кароол башчысы жеткенден кийин жүктү алуучуга станциянын нөөмөтчүсү аркылуу жүктүн келгени жөнүндө билдирет.
Атайын жүктү алуучу келгенде кароол башчы анын ишеним катын жана ким экенин билдирүүчү документин текшерет, ага жүктөрдүн тизмесин (актыны), ошондой эле жолдо вагондордун (контейнерлердин, упаковкалардын) ачылганы же вагондордун (платформалардын) которуп жүктөлгөнү жөнүндө түзүлгөн актылардын биринчи нускаларын берет. Жүктү алуучу кароол башчынын катышуусу менен өткөрүп алынчу вагондорду (контейнерлерди, упаковкаларды) карайт, андан соң кароол башчы жана жүктү алуучу жүктүн өткөрүлгөнү жана кабыл алынганы жөнүндө тил кат (акты) түзүшөт. Жүктү алуучу кароол башчыга бир жолку ишеним катты берет же тил каттагы (актыдагы) койгон колун объекттин гербдүү мөөрүн басып ырастайт. Ошондон кийин кароол башчы күзөтчүлөрдү посттон алат.
Объекттин өкүлү коштогон атайын жүктү кароол башчы баруучу пунктуна жеткенде ошол өкүлгө өткөрөт.
Кароол башчы күзөтчүлөрдү посттон атайын жүк өткөрүлгөнү жөнүндө тилкат (акты) таризделгенден кийин алат.
236. Алмашуу пункту бар темир жол станцияда кароолдун алмашуусу коменданттын (коменданттын нөөмөттөгү жардамчысынын) катышуусунда, жаңы кароол кароол башчынын күбөлүгүн жана ким экенин билдирүүчү күбөлүгүн (аскердик белетин) көрсөтүшү менен ишке ашырылат.
Мурдагы кароолдун башчысы ага көрсөтүлгөн документтердин тууралыгына ишенгенден кийин алмаштыруу үчүн келген кароолду кароол жайгашуучу транспорт каражатка киргизет жана жаңы кароолдун башчысына жүктүн касиеттери жөнүндө айтат, тизмени (актыны) жана транспорт каражаттардын жүк салынган бөлүктөрүнүн ачылганы жана жүктүн которуп жүктөлгөнү жөнүндө жолдо түзүлгөн актылардын биринчи нускаларын берет.
Кароол башчылардын жардамчылары пломбалардын (мөөрлөрдүн) издерин, аскердик чыгарылма жабдууларды тизме боюнча жана кол коюу менен тапшырышат (өткөрүп алышат).
Жаңы кароолдун башчысы мурдагы кароолдун башчысы менен бирге күзөтчүлөрдү алмаштырышат. Күзөтчүлөрдү алмаштырууда жаңы кароолдун башчысы вагондордун (контейнерлердин, упаковкалардын) бар экенин жана абалын, посттордун жабдылышын тизме боюнча текшерет.
Кароол башчылар кароолдун алмашканы жөнүндө комендатуранын (алмашуучу пункттун) комендантына баяндайт жана жүктү өткөрүп алуу (тапшыруу) жөнүндө тил катты тариздейт. Жаңы кароолдун башчысынын кол кароолду жиберген бөлүктүн гербдүү мөөрү менен ырасталууга тийиш.
Эгер кароолдорду алмаштырууда жүктүн кем чыкканы, вагондордун (контейнерлердин, пломбалардын (мөөрлөрдүн) бузулганы же башка кемчиликтер аныкталса жаңы кароолдун башчысы ал жөнүндө комендатуранын (алмаштыруу пунктунун) комендантына баяндайт. Комендатуранын коменданты, жаңы жана мурдагы кароолдордун башчылары аныкталган кемчиликтер жөнүндө эки нускада акты түзүшөт. Актынын бир нускасы мурдагы кароолдун башчысына, экинчиси - жаңы кароолдун башчысына берилет. Актыларды кароолдордун башчылары башка документтер менен кошо кароолдор түзүлгөн бөлүктөрдүн штабдарына өткөрүшөт.
237. Кароол башчы атайын жүктү тапшыргандан кийин кароолдун куралы, ок-дарылары, мүлкү толук экенин текшерип, өздүк курам менен алмашуучу пунктка (кароолду жайгаштыруу үчүн объект бөлүп берген жайга) же ички аскердин жакын жердеги аскердик бөлүгүнө, ал эми мындайлар жок жерде болсо - бөлүккө кайра кетүү үчүн темир жол станциясынын жүргүнчүлүк вокзалына барат.
Кароол башчы алмашуучу пунктка (аскердик бөлүккө) келгенде тапшырма аткарылганы жөнүндө комендантка (бөлүктүн штаб башчысына) баяндайт, анын көрсөтмөсү боюнча куралын жана ок-дарыларын өткөрөт, өздүк курамды жайгаштырат, эс алуусун жана сабактарды уюштурат.
Кароолго белет алууга жана бөлүккө жиберүүгө байланыштуу бардык маселелер алмашуучу пункттун комендаты (аскердик бөлүктүн штаб башчысы же темир жол станциянын, порттун аскердик коменданты) аркылуу чечилет.
238. Аскердик бөлүккө кайтып келгенде өздүк курам мүмкүн болушунча бир купеге жайгаштырылат. Аялдамаларда вагондон чыгууга же башка вагонго өтүүгө болбойт.
Курал, ок-дарылар бир жерге топтолот жана аларды кайтаруу уюштурулат. Өздүк курам менен расписание боюнча сабактар өткөрүлөт.
239. Вокзалга жеткенден кийин кароол башчы телефон менен өзүнүн аскердик бөлүгүнүн нөөмөтчүсүнө жеткени тууралуу баяндайт жана кароолду жеткирүү үчүн автомобиль чакыртат.
Кароол башчы тапшырманын аткарылганы тууралуу бөлүк боюнча нөөмөтчүгө жана бөлүнүштүн командирине баяндайт, андан кийин документтерди, куралды, ок-дарыларды, кароолдун мүлкүн өткөрүп берет, жумшалган акча каражаты тууралуу билдирүү отчет берет. Кароолдун өздүк курамы медициналык кароодон өткөрүлөт жана мончодо жуунат.
240. Кызмат өтөөнүн жыйынтыгын бөлүктүн башкаруучу адамдары же бөлүктүн командиринин (штабдын башчысынын) чечими боюнча - бөлүктүн штабынын офицери (бөлүнүштүн командири) кароол кайтып келгенден кийин эки суткадан кечиктирбей талкуулашы керек.
Талкуунун жыйынтыгы күжүрмөн кызматтын планына жазылат жана бөлүктүн командирине билдирилет.
241. Кароолдорго текшерүү атайын жүктү кабыл алуу (өткөрүү) пункттарында жана баруунун маршруттарында жүргүзүлөт.
Кароол баш ийгендерден тышкары, кароолду төмөнкүлөр текшерет: ички аскердин колбашчысынын тапшырмасы боюнча офицерлер, бирикменин (бөлүктүн) командиринин тапшырмасы боюнча карамагындагы бөлүктөрдөн (бөлүнүштөрдөн) жөнөтүлгөн офицерлер. Жүктүн сакталышын жана аны кайтаруунун ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн атайын бөлүктөрдүн офицерлеринин коштоосу менен жүгү кароолдун кайтаруусунда ташылуучу мекеменин режимдик-жашыруун органдарынын кызматкерлери жана улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери кароолго киргизилет.
Текшерүүгө келген адамдар кароол башчыга кароолду текшерүүгө укугун билдирүүчү тийиштүү үлгүдөгү күбөлүгүн жана ким экенин билдирүүчү документин, ал эми темир жол участокторунун жана станциялардын (аэропорттордун) аскердик коменданттары (алардын орун басарлары, жардамчылары) - ким экенин билдирүүчү күбөлүгүн гана көрсөтүшөт.
Режимдик-жашыруун органдын кызматкерлерин же улуттук коопсуздук органынын офицерлерин коштоп жүрүү үчүн аскердик бөлүктүн командиринен дайындалган офицер алардын тапшырмасын жана ким экенин билдирүүчү аныктаган документин текшерүүгө милдеттүү.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр кароол башчыга берилет. Текшерүүнүн жыйынтыгы жана берилген көрсөтмөлөр кароолдун күжүрмөн кызматынын иш-планына жазылат, мында текшерүү жүргүзүлгөн станция же жер көрсөтүлбөйт.
Күзөтчү бардык адамдарды, анын ичинде атайын жүктү коштоп баруучуларды транспортко жана кароол жайгашуучу транспортко кароол башчынын (кароол башчынын жардамчысынын) буйругу боюнча жана анын катышуусу менен гана киргизет.
VII бап
Коомдук тартипти кайтаруу
1. Жалпы жоболор
242. Коомдук тартипти кайтаруу боюнча тапшырмаларды аткарууга төмөнкүлөр тартылат:
- ички аскерлердин операциялык арналыштагы аскердик бөлүктөрү, "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: жайгашкан жери боюнча шаарларда - ички аскердин командачысына милдеттүү түрдө билдирүү менен улук операциялык башчылардын чечимдери менен бир айга чейинки мөөнөткө; жайгашкан жериндеги пункттан сыртта - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечими менен;
- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык ички аскердин стратегиялык, маанилүү мамлекеттик объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскерлерине коомдук тартипти сактоо тапшырылбайт;
- ички аскердин аскердик бөлүктөрү (атайын арналыштагы ШЕР отряддары) өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин чечими менен;
- аскердик-окуу жайлары, ички аскердин окуу бөлүктөрү өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечими менен.
243. Коомдук тартипти кайтаруу боюнча күч жана каражаттарды бөлүүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын ички иштер министри белгилейт.
Бөлүктөрдүн кайгуул-күзөттүк кызматты өтөө үчүн бөлүнгөн күчтөрү жана каражаттары топтоштурулуп жана татаал оперативдүү шарттагы аймактарда (жерлерде) колдонулат.
Ички аскерлердин өздүк курамы коомдук тартипти кайтаруу боюнча кызматын өтөөгө кайгуулдук бөлүнүш ички иштер органына (массалык иш-чара өткөрүлгөн объектиге) келгенден баштап жана аскердик бөлүккө кеткенге чейин 6 саат болуу менен бир аптада беш жолу тартылат. Абал татаалдаганда облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын башчыларынын чечими боюнча жана ички аскердин командачысына макулдашуу боюнча аскердик наряддын кызмат өтөөсү эки саатка узартылса болот.
Аскердик бөлүктүн штабы облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын коомдук коопсуздук башкармалары (бөлүмдөрү) менен бирдикте өздүк курамды коомдук тартипти кайтаруу боюнча ишке пайдалануунун планын ар бир айга карата иштеп чыгат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: кайгуулдук бөлүнүштөр карамагына жиберилчү ички иштер органдары; бөлүнчү өздүк курамдын жана кайгуулдук транспорттун, жөө жана автокайгуулдардын саны; кызмат өтөөнүн күндөрү жана убактылары; окуу, чарбалык жана эс алуу күндөрү; ички иштер органдары менен биргелешип өткөрүлчү машыгуулардын жана окуулардын убактысы жана орду. Планга аскердик бөлүктүн командири, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын башчыларынын орун басары менен кол коюшат жана ички аскерлердин командачысы, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын башчылары бекитилет.
Өзгөчө кырдаалдарда ички аскердин бөлүктөрүнүн кызмат өтөө убактысы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин өзгөчө буйругу менен узартылышы мүмкүн.
244. Аскердик бөлүктүн штабы облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын коомдук коопсуздук башкармасы (бөлүмү) менен күч жана каражаттарды кайгуул-күзөт кызматында комплекстүү пайдалануунун принциптик схемасын иштеп чыгууга катышат.
Аймактык ички иштер органдары менен тыгыз байланышта иштешүү жана аскердик бөлүктөрдүн өздүк курамы оперативдүү абалды терең билиши максатында бөлүнүштөр (рота, бөлүмчө) калктуу конуштун конкреттүү секторуна, районуна жана участогуна туруктуу кызмат өтөө үчүн белгилүү мөөнөткө кайгуул-күзөттүк кызмат өтөөгө бекитилиши мүмкүн. Бул бөлүнүштөрдүн командирлери тийиштүү органдардын башчылары менен тыгыз байланышта иштеп, бекитип берилген аймактагы оперативдик абалды жакшы билүүгө, аскердик кезметтердин жайлаштырылышын кызмат өтөөсүнүн тартибин макулдашууга тийиш.
Бирок, бөлүнүштөрдүн мындай бекитилиши оперативдүү абалдын өзгөрүшүнө жараша алардын маневрларды кеңири жасашына тоскоол болбошу керек.
Ички аскердин бөлүктөрүнүн жана бөлүнүштөрүнүн күчтөрү менен маневр жасоо кайгуул-күзөттүк кызматты күчөтүү үчүн аларды керектүү жерлерге топтоштуруу максатында ишке ашырылат.
Маневр бардык учурларда облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын башчысы бекиткен бөлүктүн командиринин планына жараша жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- маневрдын максаты жана милдеттери;
- өздүк курамдын жана аскердик кезметтин саны;
- көрсөтүлгөн убакта алар канча мөөнөт бою кызмат өтөшү керек;
- кайгуулдук кызматтын маршрутунун башталыш жана бүткөн убактысы;
- аскердик кезметтерди башкаруунун жана кызмат өтөөнү контролдоонун тартиби;
- маневрдын материалдык-техникалык камсыздалышы.
Аскердик кезметти бир райондо бир нече саатка топтоо зарыл болсо алар инструктаждан кийин же белгиленген башка убакта көрсөтүлгөн жерге барып, ал жерде белгиленген убакытка кызмат өтөгөндөн кийин аларга бекитилген маршрутка кайтышат.
Улук операциялык башчы күч жана каражаттарды калктуу конуштун аймагында кайгуул-күзөт кызматына комплекстүү пайдалануунун принциптик схемасынын бир нускасын, кайгуулдун (посттордун) каттамдарынын карточкаларын жана милициянын катардагы жана жетекчи курамы үчүн белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөрдүн бланкаларын аскердик бөлүккө жиберет.
245. Аскердик кезметтердин форма кийиминин комплектиси, куралы жана экипировкасы бөлүктүн командири тарабынан ар бир суткага карата белгиленет. Коомдук тартипти сактоо боюнча аскердик кезметтерди дүрмөттүү курал менен жабдуу жөнүндө чечимди улук операциялык башчы ички аскердин командачысына макулдашуу боюнча кабыл алат.
Кол кишендер жана байлоочу каражаттар (1 м капрон жип) аскердик кезметке аскердик бөлүктүн командиринин чечими менен берилет.
Бөлүштүрүүнүн алдында кайгуул-күзөт кызматын аткаруу үчүн дайындалган ар бир аскер кызматчыга: ышкырык, медициналык таңуучу пакет, чөнтөк электр фонарь, табелдик курал октор берилет.
Андан тышкары, аскердик кезметтин башчысына: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүгү, кызматтык сумка, каттамдын карточкасы, кайгуулдун контролдук барагы, кызматтык блокнот, калем (карандаш), издөөдөгү кылмышкерлердин сүрөттөрү, уурдалган автотранспорт каражаттар тууралуу маалыматтар, радиостанция берилет.
Аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү бөлүктүн штабынан (ротанын командиринен) кайгуулдук-посттук ведомость алат.
246. Бөлүштүрүү үчүн аскердик кезметтин өздүк курамы жайылма сапта же кайгуулдук бөлүнүштөрдүн колоннасына тизилишет. Кайгуулдук транспорт ага бөлүнгөн орунда жайгашат.
Бөлүктүн командири же анын ордун алмаштыруучу адам өздүк курамдын кызматка даярдыгын текшергенден кийин буйрук берет, мисалы: "Шаарда коомдук тартипти кайтаруу боюнча кызматка киришүүнү буюрам. Милдет: кылмыштарды, коомдук тартиптин бузулушун өз убагында алдын алуу жана токтотуу. Кызмат өтөө убагында мыйзам катуу сакталсын, абдан кыраакы, адилет жана жарандарга кайрылганда сылык болуп, кызмат өтөө эрежеси жана аскердик тартип бузулбашы керек. Кызмат өтөө саат 18ден саат 24кө чейин болот".
247. Автомобилдер өздүк курам менен иштер органдарына баратканда жана кайра келгенде колонна менен жүрүшөт.
Аскердик бөлүктүн командири белгилеген пункттарда автомобилдер бөлүнүштөрдүн өздүк курамы менен автоунаалар колоннадан чыгып, аларга көрсөтүлгөн ички иштер органдарына барышат.
Кайгуулдук автомобилдерди койуучу жай ички иштер органынын тосмолонгон аймагында же аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү дайындаган айдоочунун байкоосунда уюштурулат.
248. Коомдук тартипти кайтаруу боюнча кызмат өтөөдө бөлүнүштөрдү аскердик бөлүктүн командиринен же анын жардамчыларынан болуучу оперативдик нөөмөтчү жетектейт. Ал аскердик кезметтердин кызматка даярдыгына, бөлүнүштөрдүн ички иштер органдарына өз убагында келишине, коюлган тапшырмалардын сапаттуу жана толук аткарылышына, кызматтагы аскердик тартиптин абалына, өздүк курамдын мыйзамды катуу сакташына жооптуу болот.
Операциялык нөөмөтчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- шаардагы оперативдик абалды, улук операциялык башчы берген тапшырманы жана аскердик бөлүктүн командиринин аны аткаруу боюнча чечимин билүүгө;
- өздүк курам тапшырманы аткаруучу жерге баратканда коопсуздук чараларын камсыздоого;
- аскердик кезмет боюнча нөөмөтчүлөрдүн, кайгуулдук топтордун башчыларынын жана кайгуулдун (тартипти сактоочу посттордун) кызмат өтөөсүн текшерүүгө жана ал жөнүндө кызматтык документтерге жазууга;
- шаардык ички иштер органынын нөөмөтчүсү менен такай байланышта болууга, кайгуул-күзөт кызматын өтөөчү райондогу абал жөнүндө аны менен маалымат алмашып турууга, зарыл болсо шаардык ички иштер органынын башчысынын чечими боюнча күч-каражаттар менен маневр жүргүзүүгө;
- аскердик кезметтердин нөөмөтчүлөрүнөн баяндама алууга, кызмат бүткөндөн кийин өздүк курамдын, куралдын, ок-дарылардын, мүлктүн толуктугун текшерүүгө жана кызматтын жыйынтыгын чыгарууга;
- аскердик бөлүктүн командирине кызматтын жыйынтыгын баяндоого.
249. Коомдук тартипти кайтарууга аскердик кезметтердин жана аларды дайындоонун түрлөрү:
- кайгуул - каттамды кыдыруу (айланып чыгуу) жана кароо менен тапшырманы аткарган үч же андан ашык аскер кызматчыдан турган аскердик кезмет. Кайгуулдун каттамы деп көз көргүдөй жана кулак уккудай аралыктагы жакын аймакта басууга белгиленген жол аталат. Каттамдын узундугу: жөө кайгуулчулар үчүн - 1,5 км чейин, автомобилдер үчүн - 8 км чейин болушу мүмкүн. Кызмат өтөөнүн шартына жана каттамдын узундугунун шарттарына жараша ал узартылышы же кыскартылышы мүмкүн;
- тартип сактоочу пост - курамы үч же андан ашык аскер кызматчыдан туруп, 300 метрден ашпаган радиустагы аймактагы участокту үзгүлтүксүз байкоо жолу менен тапшырма аткарат;
- контролдоо-өткөрүү пунктундагы топ - үч же андан ашык аскер кызматчыдан турат, транспорт каражаттардын жана жөө адамдардын өтүү режимин, камсыздоо же чектөө боюнча тапшырманы аткарат;
- аскердик курчоо - белгиленген районго (участокко) жарандардын уюшулбаган өтүшүн болтурбоо максатында, ошондой эле жарандардын өтүшүнө багыт берүү үчүн массалык иш-чаралар жана көрүүчүлөр жайгашкан жерлерди курчап туруу үчүн бөлүмчөдөн ротага чейинки сандагы аскердик курчоо тапшырмасын аткаруу. Аскердик курчоо төмөнкүдөй аралыктарда болушу мүмкүн: күчөтүлгөн түрдө - аскер кызматчылардын аралыгы - 1 метрге чейин; нормалдуу - аскер кызматчыларын аралыгы - 1-2 метр; сейрек - аскер кызматчылардын аралыгы - 2 метрден ашык. Курчоонун курамына ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздуктун кызматкерлери жана коомчулуктун күчтөрү тартылышы мүмкүн. Көчөлөрдү тоскондо аларды күчөтүү үчүн автомобилдер, көчмө тосмолор, аркандар жана башка каражаттар колдонулушу мүмкүн.
250. Ички аскердин аскер кызматчылары коомдук тартипти кайтаруу боюнча тапшырманы аткаруу учурунда төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- жарандардан белгиленген коомдук тартипти сактоону талап кылууга, тартип бузууларды токтотуу боюнча чара көрүүгө;
- кайгуулдук-посттук кызмат өтөлүп жаткан аймакта райондун (облустун) ички иштер органынын башчысы койгон тапшырмага ылайык, адам кылмыш жасады деп шектелген учурда жана паспорттук режим текшерилгенде жарандардан ким экенин билдирүүчү документин зарыл болсо мыйзам бузулганы тууралуу протокол (акты, рапорт) түзүү менен текшерүүгө;
- администрациялык укук бузган жарандарды кармап ички иштер органына жеткирүүгө;
- эгерде жарандан кылмыш жасады деп шектенүү үчүн төмөнкү негиздердин бири болсо: адам кылмыш жасап жатканда же кылмыш жасалгандан кийин дароо үстүнөн чыкса, көргөндөр, ошондой эле жабыркагандар ал адамды кылмыш жасаган ушул болчу деп көрсөтүшсө, шектүүнүн өзүндө же кийиминде, жанында же жашаган жеринде кылмыштын издери болсо шектүү болгон жарандарды кармап ички иштер органына жеткирүүгө.
Башка учурларда, кылмыш жасады деп шек туулган адам ички иштер органына эгер ал кармаганда качууга аракеттенсе, туруктуу жашаган жери болбосо же ким экени белгисиз болсо ички иштер органына жеткирилиши мүмкүн;
- коомдук тартипке жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирген кылмыштарды токтотуу үчүн кылмыш жасаганга шектүү адамдарды куугунтукка алуу учурунда турак-жайларга, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин имараттарына күбөлөр менен кирүүгө (чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин жана миссияларынын имараттарынан, улуттук коопсуздук жана коргонуу жагындагы мамлекеттик органдардын кызматтык жайларынан башкаларга);
- коомдук тартипти одоно бузган аскер кызматчыларды кармап жана аскердик комендантка же аскердик бөлүктүн командирлерине тапшырууга (аскердик, патрулдар жок учурда);
- кечиктирүүгө болбоочу жагдайларда ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге таандык унаа каражаттарды аны башкарган адамдын макулдугу менен, акысын төлөбөстөн медициналык тез жардамга муктаж жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү үчүн пайдаланууга. Мындай учурларда автомобилди пайдалангандык тууралуу жол барагына пайдаланган убакытты, аралыгын, аскер кызматчыны фамилиясын, кызматтык күбөлүгүнүн номерин жана ички иштер органынын телефонунун номерин көрсөтүү менен белги коюлат.
251. Ички аскердин аскер кызматчылары коомдук тартипти кайтаруу боюнча тапшырманы аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жарандардын мыйзамда белгиленген коомдук тартипти сактоосун камсыздоого;
- кайгуулдук каттамдарда жана ага жакын жерлерде (посттордо, кызмат өтөлүүчү жерлерде) коомдук тартип бузууларды жана кылмыштарды чечкиндүү алдына алууга жана токтотууга;
- мыйзамды катуу сактоого, коомдук тартипти бузгандарды ошол жерде кылдаттык териштирүүгө, жарандар менен сүйлөшкөндө сылык болууга;
- кылмыш жасаган жана коомдук тартипти одоно бузган жарандарды ички иштер органына жеткирүүгө;
- транспорт каражаттардын айдоочуларынын жана жөө жүргөндөрдүн жолдо жүрүү эрежесин бузушун токтотууга;
- кылмыштан же кырсыктан жабыркаган адамдарга, ошондой эле коомдук жайларда кудуретсиз абалда калган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн чара көрүүгө.
252. Коомдук тартипти сактоо боюнча тапшырма аткаруу учурунда ички аскердин аскер кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- дипломаттык иммунитети бар чет өлкөлүк жарандарды кармоого жана ички иштер бөлүмдөрүнө алып келүүгө;
- дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн, чет өлкөлүк жарандардын жана кол менен башкарылчу автомобилдерин, ошондой эле колоннада бараткан, жарылуучу жана опурталдуу жүктөрдү ташып бараткан автомобилдерди пайдаланууга;
- кармалгандардан коомдук жайда тартип бузгандардан (кылмышкерлерден) улук башчынын уруксатысыз бир нерсесин алууга, же берүүгө болбойт;
- өзү баш ийген адамдардан башкаларга куралын берүүгө;
- телефон, радио аркылуу кызматка тиешеси жок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- тапшырма аткарылып жаткан аймакты (жерди) өз алдынча таштап кетүүгө;
- ашканаларга, дүкөндөргө, клубдарга, ресторандарга жана башка жайларга кызматтык зарылдыксыз кирүүгө;
- кызматка тиешеси жок иштер боюнча жарандар менен сүйлөшүүгө;
- кайгуулдук автотранспортко бөтөн адамдарды салып жүрүүгө.
253. Кайгуулдук-посттук кызматты өтөө үчүн ички иштер органына аскердик бөлүктөн кезмет боюнча нөөмөтчү жетектеген, саны взводдон кем эмес бөлүнүш бөлүнөт.
Аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү жана анын жардамчысы офицерлерден же прапорщиктерден дайындалат.
Бир бөлүмдөн жиберилген коомдук тартипти сактоочу кайгуулдар жана посттор бар кайгуулдук топко биригишет, алардын негизгиси автомобилде радиостанция менен жүргөн кайгуул болот. Кайгуулдук топко бир нече маршрутту камтыган участок (кызмат өтөөчү орун) бөлүнөт.
254. Аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү коюлган тапшырманын так аткарылышы; кызмат өтөп жаткан аймактагы коомдук тартиптин жакшы сакталышы, күжүрмөн даярдык, аскердик тартиптин абалы, кызматтын туура аткарылышына жана аскердик кезметтин өздүк курамы мыйзамды сакташы; куралдын, кайгуулдук транспорттун, байланыш каражаттарынын жана карамагындагы башка мүлктүн сакталышы жана туура пайдаланылышы; милициянын топтору, тартипти сактоонун коомдук пункттары жана милициянын участоктук инспекторлору менен байланыштын болушу үчүн жооп берет.
Аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү бөлүктүн командирине, анын орун басарларына баш ийет, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызмат өтөөдө ички иштер бөлүмүнүн башчысынын жана нөөмөтчүсүнүн операциялык башкаруусунда болот.
Аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ички иштер органына кайгуулдук топ менен өз убагында келүүгө, абалды жана аскердик кезметтердин милдеттерин, кызмат бүткөндөн кийин чогулуучу убакытты жана жерди тактоого;
- кайгуулдук топторго (аскердик кезметке) тапшырмаларды берүүгө жана аларды кызмат өтөөчү участокторго (маршруттарга) жиберүүгө;
- аскердик кезметтерди башкарганды билүүгө, алардан мыйзамды катуу сактоону жана өз милдетин так аткарууну талап кылууга;
- аскердик кезметтердин кызмат өтөөсүн, транспорт жана байланыш каражаттарын туура колдонушуна контролдоого;
- коомдук тартипти сактоочу пункттар, милициянын участоктук инспекторлору жайгашкан жерлерди, милициянын кезметтери кызмат өтөөчү жерлерди жана алардын милдеттерин билүүгө, алар менен тыгыз байланышта иштешүүгө;
- бөлүмдүн командирине же анын орун басарына аскердик кезметтин кызмат өтөөсүнүн жыйынтыгы жөнүндө ар бир эки саатта баяндама берип турууга, кокустуктар болсо же жарандардан кылмыш тууралуу билдирүүлөр түшсө, тезинен ички иштер органынын нөөмөтчүсүнө билдирүүгө;
- аскердик кезметтин кызматын текшерүүгө укугу бар кызмат адамы келген учурда, аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү (кайгуулдук топтун башчысы, аскердик кезметтин башчысы) ага төмөнкүдөй баяндама берет, мисалы: "Жолдош майор. Каттамда (посттордо) кызмат өтөө учурунда кырсыктар жана тартип бузуулар болгон жок (же төмөнкүлөр болду). Аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү Адылов";
- ички иштер органынын нөөмөтчүсү менен бирге ар бир кезметтин кызмат өтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарып жана ага баа берүүгө.
Бөлүккө кайтып келгенде аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү аскердик бөлүктүн командирине же анын орун басарына тапшырманын аткарылышы жөнүндө баяндама берет, бөлүктүн нөөмөтчүсүнө кызматтык документтерди өткөрөт, өздүк курамдын куралды, ок-дарыларды, байланыш каражаттарын жана буюмдарын тапшыруусун контролдойт. Аскердик кезмет боюнча нөөмөтчүгө жолдомо баракта көрсөтүлбөгөн адамдарга автомобилди айдатууга, ошондой эле аскердик бөлүктүн командири же анын орун басары уруксат бермейинче аскердик кезметтин курамын жана кызмат өтөй турган каттамдарды (жерлерди) өзгөртүүгө болбойт.
255. Кайгуулдук топтун башчысы төмөнкүлөргө жооп берет: коюлган тапшырманын так аткарылышына, кызмат өтөгөн аймакта коомдук тартиптин сакталышына, күжүрмөн даярдыктын, аскердик тартиптин абалына, өздүк курам кызматты туура өтөөсүнө жана мыйзамды сакташына; куралдын, кайгуулдук транспорттун, байланыш каражаттарынын жана карамагындагы башка мүлктүн ордунда жана туура пайдаланылышына; милициянын жана ыктыярдуу элдик кошуундун кезметтери менен, тартипти сактоочу коомдук пункттар менен, милициянын участоктук инспекторлору менен байланыштын болушуна.
Кайгуулдук топтун башчысы кезмет боюнча нөөмөтчүгө баш ийет жана ушул Уставдын 311-беренеде айтылгандардан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- оперативдик абалды, кызмат өтөөчү жерди жана кайгуулдун (тартипти сактоочу посттордун) милдеттерин билүүгө, аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү менен үзгүлтүксүз байланышта болууга, жакынкы аскердик кезметтер менен, милициянын кезметтери менен, милициянын участоктук инспекторлору менен, тартипти сактоочу коомдук пункттар менен өз ара байланышта иштешүүгө;
- аскердик кезметтерге тапшырмаларды берүүгө, аларды кайгуулдук каттамдарга (кызмат өтөөчү жерлерге) бөлүштүрүүгө;
- патрулдардын (тартип сактоочу посттордун) кызмат өтөөсүн текшерүүгө, ал эми маршрут менен баратканда автопатрулдун башчысынын милдетин аткарууга;
- кайгуулдардын (посттогулардын) аскердик тартипти сакташын, кийимдин белгиленген формасын кийүүсүн, сыпайылыктын жана аскердик учурашуунун эрежелерин сактоосун көзөмөлдөөгө;
- кайгуулдук топтун курамы жеке коопсуздуктун ыкмаларын сакташы боюнча чара көрүүгө;
- кызмат өтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө аскердик кезмет боюнча нөөмөтчүгө ар бир саат сайын, ал эми кызмат өтөгөн жерде болгон тартип бузуучулук же кылмыштар жөнүндө ошол замат билдирип турууга;
- кызмат өтөө бүткөндөн кийин кайгуулдук топтун өздүк курамын чогултуп, аскердик кезмет боюнча нөөмөтчүгө тапшырманы аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө баяндоого.
Кайгуулдук топтун башчысына жолдомо баракта көрсөтүлбөгөн адамдарга автомобилди айдатууга, ошондой эле аскердик кезметтер боюнча нөөмөтчү уруксат бермейинче аскердик кезметтин курамын жана кызмат өтөй турган каттамдарды (жерлерди) өзгөртүүгө болбойт.
256. Коомдук тартипти сактоо боюнча кезметтин башчысы төмөнкүлөргө жооп берет: берилген тапшырманын так аткарылышына; кызмат өтөгөн каттамдагы (жердеги) коомдук тартиптин ишенимдүү сакталышына; аскердик кезметтин күжүрмөн даярдыгынын абалына, кызматты туура өтөшүнө жана мыйзамды сакташына, куралды, байланыш каражаттары жана карамагындагы башка мүлктөрдү туура пайдаланышына; жакынкы аскердик кезметтер, милициянын кезметтери жана милициянын участоктук инспекторлору менен байланышта иштешүүгө.
Аскердик кезметтин башчысы кайгуулдук топтун башчысына баш ийет жана төмөнкүлөргө милдеттүү: кызмат өтөгөн каттамдагы (жердеги) абалды, кезметтин милдетин жана аны аткаруунун тартибин билүүгө; кезметтеги адамдарды такай жетектөөгө жана алардан аскердик тартипти сактоону, мыйзамды сактоону, жарандарга сылык жана көңүл коюп мамиле кылууну, өзүнүн милдетин жакшы билүүнү жана так аткарууну талап кылууга, башка аскердик кезметтер жана милициянын участоктук инспектору менен байланышта иш жүргүзүүгө. Аскердик кезметтин башчысына кайгуулдук топтун башчысынын уруксатысыз кызмат өтөөчү каттамды (жерди) өзгөртүүгө болбойт.
2. Кайгуул-күзөттүк кызмат
257. Ички иштер органына келгенде аскердик кезметтин нөөмөтчүсү анын башчысына төмөндөгүдөй баяндама берет: "Жолдош подполковник. 50 адам алты кайгуулдук автоунаадан турган кайгуулдук бөлүнүш коомдук тартипти сактоо үчүн кызмат өтөөгө келди. Аскердик кезмет боюнча нөөмөтчү лейтенант Кадыркулов" жана ага кайгуулдук-күзөттүк ведомостту көрсөтөт.
258. Ички иштер органынын башчысы же анын ордундагы адам, өздүк курамга абал жөнүндө билдирет, аскердик кезметтердин милдеттерин тактайт, кайсы каттамда жана эмнелерге өзгөчө көңүл буруу керек экендигине көрсөтмө берет, милициянын кезметтери кызмат өтөгөн жерлерди жана алардын милдеттери, ошондой эле милициянын аймактык тескөөчүсү менен кызматташуунун тартиби менен тааныштырат.
259. Кайгуулдук топтун жетекчиси өздүк курамы менен ага бөлүнгөн аймакка келип, кайгуулдарды каттамдарга бөлүштүрүп, алардын ар бирине кызмат өтөөнүн тартиби жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрөт. Андан кийин, автокайгуулдун милдетин аткаруу менен, абалдын өзгөрүүсүн текшерип турат, милициянын кезметтери, аймактык тескөөчүлөр менен тыгыз байланышта болуп, аскердик кезметтин нөөмөтчүсүнө кызмат өтөөнүн жүрүшү боюнча маалымдап турат.
260. Кызмат өтөөгө келгенде кайгуул төмөнкүлөрдү билиши керек: каттамдын (посттун) өзгөчөлүгүн, ыкчам абалды, жакынкы кайгуулдук кызматтын кызмат өтөө аймагын, милициянын кезметтерин, көчөлөрдүн, кесик көчөлөрдүн жайгашышын, скверлердин, бакчалардын, өзгөчө адам көп болгон жерлердин, объектилердин иш-планын, ички иштер органдарынын жана шаардык байланыштын тармагынын атайын телефондорун, ишкана-мекемелердин, оюн-зоок, соода түйүндөрүнүн, коомдук уюмдардын жана унаалардын иштөө убактысын, кылмышкерлердин (укук бузуучулардын) пайда болуучу жашырынуучу) жерлерин, алардын качууга мүмкүн болгон жолдорун жана аларга бөгөт коюнун ыкмаларын билиши керек.
261. Кызмат өтөө учурунда кайгуул каттамды кыдырып жүргөндө өз убагында мыйзам бузуучулуктун алдын алуу үчүн жарандардын жүрүш-турушуна көңүл бурат, кылмышкерлерди же анын шеригин таап, кылмыштын изин, мүлктүк далил заттарын таап, андан кийин аймакты жана анда жайгашкан объектилерди текшерип чыгышы керек.
Кайгуул өзгөчө көңүлдү банкка, сактык банктын, дүкөн, кампа, базарлардын жанына келип, алардын иштөө тартибине, күзөт кызматынын иштешине, эшик-терезелеринин абалына, дарбаза-курчалган дубалдарына кызыккан, кооптонууну туудурган адамдарга бурат; сквер, үй алдында, подъезддерде топтолгон адамдардын топторуна дүкөн, имараттардын жана баалуулуктар сакталган башка мекемелердин эшик-терезелеринин бүтүндүгүнө, өрт коопсуздугуна көңүл бурушу керек.
Кызмат өтөөнүн жүрүшү боюнча улук кайгуул, кайгуулдук топтун башчысына ар бир саат сайын маалымдап турат, керектүү учурда тезинен билдирет.
262. Автомобилдик кайгуул (автокайгуул) каттамдарды кыдырып кызмат өтөйт, график боюнча тийиштүү жерлерге 20-30 мүнөт токтойт.
Автокайгуулдун жетекчиси ар бир кайгуулга көзөмөлдүн секторун, айдоочуга жол жүрүүнүн маршрутун көрсөтөт.
Автокайгуул 30 км/с ашпаган ылдамдыкта жүрөт, ылдамдыкты кылмышкерди кууган учурда же кылмыш бузуу болгон жерге баратканда жогорулатса болот. Кызмат өтөөнү кайгуул автоунаада жүрүп көзөмөлдөйт. Мыйзам бузууларды токтотуу үчүн кайгуул жетекчиси кыска мөөнөттөгү тактоолорду жүргүзөт. Ошондой эле 200-300 метр автоунаадан алыстыкта токтогон жерлерден каттам карточкасында аталган жерде жөө кайгуулдук кызмат өтөйт. Айдоочу унаада калып, аскердик кезметти нөөмөтчүсү менен радиобайланышта болуп, тийиштүү аймакка жөө кайгуул менен көзөмөлдөө жүргүзүп турат.
263. Кызмат өтөө учурунда кайгуул төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматты так аткаруу, коомдук тартип бузуулар болсо кайгуулдун жетекчисине маалымдашы керек;
- кайгуулдун жетекчисинин буйругун так, туура аткарып, анын уруксатысыз эч кайда кетпеши керек;
- каттамда болгон байланыш каражаттары (сигнализация) менен иштей алышы керек;
- курал менен чыкканда ар дайым даярдыкта болушу керек.
264. Аскердик кезметке төмөнкү учурларда каттамды таштоого уруксат берилет:
- каттамдан сырткары жерден абалды тынчтандыруу же кылмыштуулукту болтурбоо үчүн;
- жашырынган кылмышкерди аңдуу үчүн;
- коомдук тартипти бузуучуну же кылмышкерди ички иштер бөлүмүнө жеткирүү үчүн;
- жакынкы милициянын кезметине, аскердик кезметке, ыкчам кызматчыга жардам көрсөтүш үчүн;
- жакынкы медициналык жайга кылмыштуулуктан, жаратылыш кырсыктарынан, күтүүсүздөн жаракат алган адамдарды, ошондой эле көчөдө коомдук жайда жардамга муктаж болгон адамдарды жеткирүү үчүн;
- өрт же табигый кырсыктарды токтотуу үчүн кам көрүү үчүн;
- окуя болгон жерди күзөтүү үчүн;
- адашып кеткен баланы өспүрүмдөр боюнча инспекция бөлүмүнө жеткирүү үчүн.
Каттамды таштап кеткендиги же кайтып келгендиги тууралуу кайгуул башчысына, кайгуулдук топтун башчысына же аскердик кезметтин нөөмөтчүсүнө баяндайт.
265. Аскердик кезмет адамдар менен баарлашканда сыпайы, так болуп, өзүнүн талабын так түшүндүрүп, ошол эле учурда жарандарды басынткан, ар-намысына шек келтирген иш-чараларды колдонбошу керек. Жарандарга кайрылуу учурунда кайгуулдун жетекчиси (кайгуул) колун баш кийимине коюп, өзүнүн аты жөнүн, аскердик наамын айтып учурашуусу керек: "Саламатсызбы! Аскердик кезметтин жетекчиси сержант Абдылдаев", андан кийин кайрылуунун себебин, максатын түшүндүрүп, абал боюнча иш жүргүзөт.
Жаранга кайрылган учурда кайгуул жетекчиси (кайгуул) колун баш кийимине коюп, өзүнүн аты-жөнүн, наамын айтып колун түшүрүп жарандын айткан суроолоруна көңүл буруп угуп, керектүү чараларды көрүп, кеңешин берип же тийиштүү жерлерге кайрылуу керектигин түшүндүрөт.
266. Жарандардан кылмыштуулук боюнча маалымат түшкөндө кайгуулдун жетекчиси кызмат китепчесине абалды тактап жазып алат: качан, кайда, кандай учурда кылмыштуулук болду, кылмышкер (шектелген адам) ким, шектүүнүн өң-келбети; көргөн билгендер барбы, алар жөнүндө, маалымат барбы, жабырлануучу кандай абалда, жардам көрсөтүлдүбү; кылмышты кабар берген адамдын аты-жөнүн, дарегин жазып алат. Алынган маалыматты кайгуул жетекчиси кайгуулдук топтун жетекчисине айтып, анын көрсөтмөсү боюнча иш алып барат.
267. Кылмыш тууралуу маалыматты алгандан кийин улук кайгуул кайгуулдук топтун жетекчисине баяндама берип, өзү кылмыш болгон жерге тез барып, кылмыштуулукту болтурбоо үчүн чечүүчү кадамдарды көрөт; иликтөөнү жүргүзөт, жабырлануучуга жардам көрсөтүп кылмышкерди кармоого, күбөлөрдү (күбөнү) тактап, алар жөнүндө маалыматты жазып алат; кылмыш болгон жердин коопсуздугун камсыз кылып, аткарылган иш-чаралар боюнча кайгуулдук топтун башчысына баяндама берет.
268. Кылмышкерди кармоо чечкиндүү, бардык күчтү топтоо менен аны кармоого чейин улантылышы керек.
Куугун учурунда кайгуул өз алдынча же демилгечилик менен иш алып барса болот, бирок бул учурда коопсуздукту сактап, байкагычтык менен иш алып барып, керек болсо жардамга кошундарды же бар болгон жарандарды чакырса болот. Кылмыш болгон жерди кайтаруу кылмышкерди кууган учурда жакынкы кайгуул же жарандар менен уюштурулат.
Эгер абал кылмышкерди кууганга мүмкүнчүлүк бербесе, же ал ишке ашпай калса, кайгуул кылмыш болгон жерден ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иликтөө тобу келгиче же кайгуулдук топтун жетекчисинин буйругусуз эч кайда кетпеши керек.
269. Кылмыш болгон жерде жарандарды тапса, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, аны медициналык жайга жөнөтүү керек.
Жарадар табылган учурдагы абалы (колу-бутунун, башынын абалы) бор менен, көмүр же башка нерселер менен белгиленет.
Ыкчам кызматчынын же тергөөчүнүн келишине чейин өлүк ордунан жылдырылбайт.
270. Кайгуул кылмыш болгон жердеги бардык нерселерге көңүл буруп, аларды жазып алыш керек, болбосо убакыттын өтүшү менен кээ бир жагдайлар өзгөрүп же жок болуп кетиши мүмкүн.
Өзгөчө көңүлдү кылмыш куралдарынын ордунда сакталышына жана башка так, издин, буюм далил затынын жоголбошуна буруусу керек.
Кылмыштын кандай мүнөздө болгонун аныктоо үчүн жабырлануучу, күбөлөр же башка эле адамдар кылмыш болгон жерден кылмыштуулуктун изин, буюм далил затты жок кылып жибербегидей алыстыкта болушу керек. Кылмыш болгон жердин чектери көрүнүктүү көрсөтмөлөр менен көрсөтүлөт. Кээ бир учурда кылмыш болгон жерлерди курчоо үчүн көчө шыпыргычтар, кароолчулар же башка жарандар чакырылат.
Жаан, шамал, кар ж.б. факторлордун таасиринен кылмыштуулуктун изин жоготпой, ички иштер органынын ыкчам топтор келгенче сактап туруу үчүн кайгуул мүмкүн болгон чараны колдонушу керек.
271. Кылмыш болгон жерден кокусунан болуп калган жарандарды сурамжылоо аркылуу башкы кайгуул кылмыштын күбөсүн, кылмышкердин санын, алардын сырткы келбетин, өзгөчө белгилерин, алар качып кеткен тарапты, кандай транспорт каражаттарын колдонушту; ким, кандай максатта (эгер бул тастыкталса) кылмыш болгон жерде абалды өзгөрткөндүгүн такташы керек.
Керек болгон учурда кайгуулдун башчысы күбөлөрдү жана жарандарды ички иштер бөлүмүнө чакырат, аты-жөнүн, телефон номерин (үй, жумуш) жүйөлүү себептери менен участокко бара албагандардын үй даректерин толук алып келиши керек.
272. Кылмыш болгон жерге оперативдик кызматчынын же изилдөөчүнүн келиши менен башкы кайгуул ага кылмышка тийиштүү болгон маалыматтарды, аткарылган иш-чараларды, абалга жараша аларга жардам көрсөтөт же өзүнүн каттамында (участогунда) кызмат өтөөсүн улантат.
273. Кызмат өтөө аймагында куралчан кызматчылары пайда болсо же издөөдөгү кылмышкерге өң келбети окшош адам пайда болсо, кайгуул анын артынан көзөмөл жүргүзүп, кайгуулдук топтун башчысына маалымдап, анын көрсөтмөсү боюнча иш алып барат.
274. Кылмышка шектүү делген адамдарды кармоо эл аз жерде, коомдук транспорт токтоочу аялдамадан алыс, адам көп өтүүчү өткөөл жерлерден алыс жерде жүргүзүлүшү керек. Кайгуул күтүүсүздүктү болтурбоо үчүн шектүү адамга байкоосуз, билинбей жакындашы керек. Шектүү каршылык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү аз болгон учурду тандап, кайгуулдун жетекчиси аны: "Токто! Колуңду көтөр!" деген катуу үн менен токтотуп, ага кармалгандыгын кабарлайт. Шектүү адам бул айткандарын аткарбаса, аны кайгуул кармайт.
Кармалган адамдын кийимин, буюмдарын текшерүүнү кайгуул тезинен же милициянын кезметтери же башка жарандын жардамы келген ыңгайлуу учурда жүргүзсө болот.
Табылган курал-жарактарды же башка каршылык көрсөтүүгө, кол салууга, качууга ылайыктуу болгон буюмдарды тезинен алып коюу керек.
Кармалган адамдын документин текшерүү, сурамжылоону улук кайгуул жүргүзөт, кайгуулдар анын коопсуздугун сактайт.
275. Кармалган адамды ички иштер органдарына жеткирүү кайгуулдук, милициянын же жарандардын автоунааларында жүргүзүлөт. Бул үчүн коомдук транспортту пайдаланууга болбойт. Кармалган адамды жеткирүүдө аскердик кезметтин мүчөлөрү анын артынан качып кетүү аракетин болтурбоо үчүн, же айдоочуга тоскоолдук келтирбеши үчүн көзөмөлдөп барышы керек.
Кармалган адамды жөө барган учурда кайгуулдарды бири аны кармап жанында басышы керек, а башка бири артында, кармалган адамдын иш-аракетине, жана жолдон жолуккан адамдардын иш-аракетин да байкашы керек. Эгерде кармалган адамды бир аскер кызматчысы коштоп баратса, ал анын артында же оң тарабында жүрүшү керек. Бул учурда астыга өтүүгө, бурулууга болбойт. Ошондой эле эл көп кармалган жерлерден парк, токой массивдеринен, өтмө короолордон өтпөөгө, кармалган адамдын достору тарабынан качууга шарт түзүлүшүнө, же күч менен бошотууга аракеттердин болушуна, же шектүү адам буюм далилди ыргытып же бирөөгө берип салышына жол бербеши керек. Эгерде кармалган адам ички иштер органына баргысы келбесе, ага кишен салынат.
276. Кайгуулдун жетекчиси, кармалган адамды ички иштер органына жеткиргенден кийин, органдын башчысына рапорт берет. Рапортто: кармалган адамдын аты-жөнү, дареги, кандай шартта, качан, кайда, эмне үчүн кармалгандыгы, күбөлөрдүн аты-жөнү, даректери, ошондой эле аскер кезметине кармоого жардам көрсөткөн жарандар тууралуу да маалымат жазылат.
277. Кылмышкерлердин тобун аныктоодо улук кайгуул аларга билгизбей байкоо жүргүзүп, ал жөнүндө кайгуулдук топтун башчысына баяндама берип, анын көрсөтмөсү боюнча кылмышкерди кармоо үчүн жакынкы аскер кезметин, милициянын кезметин, дружинниктерди, короочуларды, кароолчуну жана башка жарандарды чакырат.
Өз убагында жакынкы кезмет же ички иштер органынан жардам келбесе, улук кайгуул өз күчү менен кылмышкерлерди кармайт.
278. Жол-транспорт окуясы тууралуу маалымат алгандан кийин кайгуулдун башчысы бул тууралуу кайгуулдук топтун жетекчисине кабарлайт, анын көрсөтмөсү боюнча окуя болгон жерге тезинен барып, жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүп, алардын ким экендигин аныктап, тактап, дарылоочу мекемелердин даректерин тактап жеткирет, жол-кайгуул кызматчысы келгенче эреже бузган транспорт айдоочусун кармап турат, күбөлөрдү тактап, алардын аты-жөнүн, дарегин жазып алат, транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын токтотууга жол бербейт, керек болсо окуя болгон жерди өзгөртпөй сактап турууга, буюмдук далилдерди, изди, тагын сактоого, жана багытын көрсөтөт (айланып өтүү) мындай кылууга мүмкүнчүлүк болбосо, кыймылды калыбына келтирүү үчүн окуя болгон жерди тазалап, бирок транспорт каражаттарынын, жабырлануучунун окуя болгон учурдагы абалын, токтоо издерин, алардын узундугун ченеп жол-кайгуул кызматынын кызматчысы келген маалда ага баяндама берет.
Жол-кайгуул кызматынын же ички иштер органынын кызматчысы келген учурда кайгуулдун жетекчиси болгон окуя тууралуу: кандай шартта, кантип болду, көрүлгөн чаралар тууралуу айтып, керек болсо күнөөлүү адамдарды издөөгө, кармоого жардамдашат.
279. Коомдук тартипти чет элдик же жарандыгы жок адамдар бузуп жатса, кайгуул андан тартип бузууну токтотуусун талап кылат. Такыр болбой койгон учурда гана аларды кармап, ички иштер органына алып келет. Дипломаттык же консулдук карточкасы бар чет элдик жарандарды кармоого жана ички иштер органына алып барууга болбойт.
Чет элдик өкүлчүлүктүн, чет элдик жарандардын атайын сериялык номердеги автоунаасын айдоочусу тарабынан жолдо жүрүү эрежелерин бузган учурда, эгерде өмүргө коркунуч келтирген болбосо аны токтотпойт, кайгуул номерин жазып алат да, кайгуул жетекчиси ички иштер органынын башчысына баяндайт. Дипломаттык автоунаанын катышуусу менен болгон жол транспорт окуясы тууралуу кайгуул тезинен ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнө кабарлайт.
280. Майрам күндөрү элдик жалпы эс алууларында кайгуулдар адамдарга өзгөчө көңүл буруп, түшүнүктүүлүк менен мамиле кылып, өздөрүнө айтылган сын-пикирди туура кабыл алып, олуттуу эмес коомдук тартипти бузгандыгы үчүн аларды кармоодон, ички иштер органдарына алып баруудан жана башка иш-чараларды көрсөтпөшү керек.
281. Топтошуп тартип бузуунун алдын алуу боюнча кайгуул төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жарандар топтолгон жерлердин абалын толук, так билүү;
- коомдук тартиптин топтошкон бузууга мүмкүн болгон жагдайларды байкаса, тезинен өз убагында кайгуулдук топтун жетекчисине баяндоо;
- жарандардан топтошкон тартип бузуулар жөнүндө сигналдар түшсө, же хулигандык тартип бузуулардын фактылары болгон учурда тезинен чара көрүшү керек; тартип бузуучуларды тезинен кармоо керек, болбосо көпчүлүккө тарап кетиши мүмкүн, аларга туура эмес иш-аракеттерди кылгандыгын түшүндүрүп, токтотуу керектигин талап кылуу.
282. Жарандар арасында кагылышуу учурлары болуп кеткенде, кайгуул жетекчиси окуянын кооптуулугун жана анын даражасын ар тараптан баалап, ошол эле учурда токтоолук көрсөтүп, коомдук тартиптин топтошуп бузууга алып келбеши үчүн чара көрүшү керек, ошону менен бирге кайгуулдук топтун жетекчисине баяндап, окуя болгон жерге баруучу жолду тосуу керек.
Коомдук тартиптин топтошкон түрдө бузулушун баяндоодо кайгуул жетекчиси тартип бузуунун мүнөзүн, убактысын, кайда болгонун, эмне себептен келип чыкканын, уланып жатканын, катышуучулардын саны жана катышкан жарандардын санын алардын окуяга болгон мамилесин билдирет.
283. Коомдук тартипти топтошуп бузуулар жаңы башталганда милициянын жана аскердик кезметтин бирдиктүү күчү менен токтотулат. Ички иштер органынын башчысынын чечими менен коомдук тартип бузулган жерге бул тапшырманы чечүү үчүн каралган иш-пландын негизинде ички иштер органдарынын күчү, каражаттары жөнөтүлөт.
284. Өрт же жаратылыш кырсыктары (суу ташкын, жер титирөө, шамал ж.б.) болгон учурда кайгуул жетекчиси кайгуулдук топтун жетекчисине тезинен баяндайт, кошумча негизги жардам келгиче, калкты кабардар кылып, жабырлануучуга жардам көрсөтүп, коомдук тартипти сактоо чараларын көрөт. Негизги күч келгенде топтун жетекчисинин көрсөтмөсү менен иш алып барат.
285. Кайгуулдар дайыма бири-бири менен, жакынкы милициянын кезметтери, ыктыярдуу элдик кошуундар менен тыгыз байланышта болушу керек. Эриш-аркак иштөө, өз ара сүйлөшүү, туруктуу байланыш, абал тууралуу өз ара кабарлашуу, тартип бузуучулукту болтурбоо үчүн бирге аракеттерди көрүү менен камсыз кылынат.
Эриш-аркак иштөөнүн кызыкчылыгы үчүн кайгуул ышкырыктын бирдей сигналын колдонот, милициянын кезметтери үчүн такталган "Карма!." - бир узак сигнал "Жардамга!", "Мага!" - эки кыска сигнал.
"Карма!" сигналын укканда, бардык кайгуулдар куугунтуктоодон качууга аракет кылган адамдарды табуу жана кармоого көңүлдөрүн бурушат. "Жардамга!", "Мага!" сигналында кайгуулдар кыска ышкырыктын сигналы менен жооп берип, чакырык болгон жерге жардам берүүгө тезинен жөнөйт.
3. Жалпы иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо үчүн кызматты уюштуруунун жана жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү
286. Жалпы иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо үчүн күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруу үчүн бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири төмөнкүдөй чечим кабыл алат, ал шаардын планында график түрүндө жазылат, (жалпы иш-чаранын өткөрүлүшүнүн райондук схемасы) кыскача түшүндүрмө жазылган барагы менен кошо, улук ыкчамдык жетекчи тарабынан бекитилет.
287. Коомдук тартипти жалпы иш-чаралар учурунда сактоочу каражаттардын жана күчтөрдүн топторуна өзүнө курчоо тобу, кайгуулдар, кайтаруучулар, атайын резервдер, кезметтер кирет. Өздүк курамдын иш-аракетин камсыздоо үчүн медициналык пункттар (посттор) ачылат.
Курчоо топтору контролдоп-өткөрмө пункттарында кайгуулдардан, күзөт постторунан, аскердик кезметтерден түзүлөт. Аскердик чынжыр белгилүү аймакка (участокко) кирүүгө уруксаты жок жарандардын киришине тыюу салуу үчүн колдонулат.
Контролдоп-өткөрмө пункттарында кезметтер жалпы иш-чаралар өтүүчү аймакка транспортту, жөө адамдарды өткөрүүнү текшерүү үчүн коюлат. Контролдоп-өткөрмө пунктун айланып өткөн жерлерге тартипти сактоочу күзөт посттору жана кайгуулдар коюлат.
Контролдоп-өткөрмө пункттардын жетекчилигине ички иштер органдарынын же (улуттук коопсуздук кызматынын) жетекчилеринен дайындалат.
Кайгуул жүргүзүүчү топ кайгуулдардан жана тартип сактоочу посттордон турат. Каттамда кайгуул жүргүзүүнүн максаты хулигандык тартип бузууларды, уурдоо жана башка кылмыштардын, ошондой эле жалпы иш-чара өтүүчү жерлерде элдердин топтошуусун болтурбоо үчүн жүргүзүлөт.
Объекти кайтаруу, же ар кандай мыйзам бузууга аракет кылган адамдарды кармоодо, абалдын курчуп кеткен учурунда коргоо топтору түзүлөт. Алдын ар бири беш аскер кызматчысынан кем эмес кароолдордон турат.
Медициналык пункттар (посттор) бөлүнүштөрдүн (аскердик кезметтердин), аскер кызматчыларына, керек болгондо жалпы иш-чаралардын катышуучуларына биринчи жардам көрсөтүү үчүн арналат.
Кызмат өтөп жаткан жердеги абалдын өзгөрүшүнө байланыштуу бөлүктүн командири жана улук ыкчам башчынын чечими менен башка кезметтер да түзүлүшү мүмкүн.
Аскердик кезметтин резервдик тобу куралчан жана куралсыз да болушу мүмкүн. Куралчан резервдин өздүк курамы табелдик курал менен камсыз болушат. Окчонтойдо даяр турган ок-дарылар мөөр басылган, кулпуланган ящиктерде сакталат. Резервдин курамы, жайгашуусу, пайдалануу тартиби бөлүктүн командири менен улук ыкчам башчынын биргелешкен чечими менен аныкталат.
288. Күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларды аткаруу үчүн бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири төмөнкүдөй буйрук берет:
- 1-пунктта - жалпы иш чаранын мүнөзү жана ал өтүүчү аймактын коомдук тартибинин абалы;
- 2-пунктта - бөлүккө (бөлүнүшкө) тапшырмалар;
- 3-пунктта - өз ара жардам кылуучу күчтөрдүн иш аракеттери;
- 4-пунктта - иш-аракеттердин мааниси;
- 5-пунктта - "буйрук кыламын" деген сөздөн кийин ар бир бөлүккө (өз алдынча иш-аракет кылуучу аскердик кезметтерге) өзүнчө пункттар менен тапшырмалар берилет; бөлүнгөн күчтөрдүн, каражаттардын саны, топтор жана топтордун тапшырмаларынын элементтерин, көңүл буруу райондорун, ички иштер органдары (улуттук коопсуздук комитети) менен бирге иш алып баруунун тартиби, өздүк курамдын кийим формасын, кийим-кечелерин, кызмат өтөө мөөнөтүн, резервдин курамын жана жайгашкан ордун;
- 6-пунктта - курамдын куралды, автотранспорт, инженердик техникалык атайын шаймандарды колдонуу эрежеси, өздүк курамдын коопсуздугунун чаралары, режимдик иш чаралар, кармалган тартип бузуучуларды (кылмышкерлерди) ички иштер органдарына жеткирүүнү өткөрүүнүн тартиби;
- 7-пунктта - иш-аракетке даярдануунун убактысы;
- 8-пунктта - кошумча башкаруучу пункту түзүүнүн ордун, убактысын, маалыматтарды (баяндамаларды) жеткирүүнүн, байланышуунун тартибин, мөөнөтүн тактоо.
289. Бөлүнүштөрдүн (аскер кезметтеринин) ички иштер (улуттук коопсуздук) органдары жана ыктыярдуу элдик кошуун менен эриш-аркак иштөөсү, тапшырмалар, смета жана убактысы боюнча уюштурулат. Бул учурда бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири ыкчам башчы менен биргеликте төмөнкүлөрдү аныктайт:
- кызмат өтөө аймактагы жана алгачкы орун алууда күч жана каражатты топтоонун убактысы жана ырааттуулугу;
- жалпы иш-чараларды өткөрүү аймагында курчоонун тартиби жана аларга чоочун адамдарды киргизбөө;
- жарандар чогулгандагы, жаруу коркунучу жана курчоонун линиясын жарып өтүүдөгү аракеттердин тартиби, зөөкүр ээн баштык элементтерди жоюу, чагымчылдарды, дүрбөлөң түшүү пайда болгондо, жалпы иш-чараларга катышуучуларга же аскердик кезметтерге кол салуу боюнча аракеттердин тартиби;
- бөлүнүштөрдү жана топтордун элементтеринин бөлүктүн штабы, башкаруунун кошумча пункту менен өз ара байланышуусу жана башкаруу тартиби;
- бөлүнүштөрдүн (аскердик кезметтердин) тапшырмаларды аткаруу жана бөлүккө келүү тартиби боюнча чогулуу жери.
290. Коомдук тартипти кайтаруу боюнча кызмат өтөөгө бөлүнүштөрдүн дайындыгы төмөнкүлөрдү камтыйт: ыкчам кырдаал жана алган тапшырмаларды аскер кызматчыларга түшүндүрүү; аскердик кезметтин улук жана өздүк курамын нускалоо; коомдук-укуктук дайындык боюнча иш-чараларды өткөрүү, куралды, атайын техникаларды, байланыш каражаттарын, автотранспортун, кийим-кечени жана жарак-жабдыкты дайындоо, окууларды, саптык кароону, машыгууну жана окууларды өткөрүү.
291. Бөлүк (бөлүнүш) кызмат өтөө аймакка жалпы иш-чара башталганга чейин 1,5-2 саат мурда келишет. Бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири автотранспортту кайтаруу уюштурат, ыкчам башчы (аймактын, сектордун башчысы) менен байланышты түзөт, жеке жана штабдын офицерлери менен бөлүнүштөрдүн (аскердик кезметтер) алгачкы абалдан (аймак, сектор) өз учурунда жана туура орун алгандыгы текшерет, бөлүнүштөрдүн (аскердик кезметтин) тапшырмаларын тактайт, өздүк курамдын кызмат өтөөгө дайындыгын текшерет.
292. Демонстрация (митинг) өткөн аймактарда аны курчоого алгандан кийин чоочун адамдардан тазаланат. Бул үчүн бөлүнгөн бөлүнүш жана милициянын кызматчылары аянтын туурасына эки катарга тизилишет жана ыкчам башчынын көрсөтмөсү боюнча курчоого алынган аймактын борборунан карама каршы багытты карай ал жердеги жарандарды кысым көрсөтүү менен аракетти башташат.
Аскердик кезметтер ички иштер органдарынын (улуттук коопсуздук) кызматчылары менен бир эле учурда майрамдык жасалгаларды, трибуналарды чоочун адамдар жашынып алчу жана башка жайларды карап чыгышат.
Курчалган аймакка (аймактан) жарандарды өткөрүү контролдоп-өткөрмө пункту аркылуу ишке ашырылат.
293. Жарандардын демонстрацияга чыгууларынын учурунда коридорду багыттоочу тизим үчүн аскердик чынжырга бөлүнгөн бөлүнүштөр ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматчылары менен биргеликте күн мурунтан же колоннанын кыймылынын башталышы менен аларга көрсөтүлгөн орундарды ээлешет. Аскер кызматчылары чынжырга бирден, карама-каршы жактарды карап турушат.
Кызмат өтөөдө аскердик кезметтин өздүк курамы жарандардын жүрүм турумуна байкоо салат, алардын бир коридордон экинчи коридорго өтүшүнө, токтоп калуусуна же артка карай багытта жүрүүсүнө уруксат бербейт, коомдук тартипти бузгандарды кармап жана ички иштер органдарынын (улуттук коопсуздук) кезметине өткөрүп беришет, дүрбөлөң түшүрүүгө аракет жасагандарды, курал-жарагы жана эпсиз буюмдары барларды, мас болуунун эң жогорку даражасында болгондорду, демонстрация колонналарынын жетекчилеринин суранычы боюнча же ыкчам башчылардын көрсөтмөсү боюнча колоннадан чоочун жарандарды алып чыгып кетишет жана аларды ыкчам кызматчыларга тапшырышат.
294. Жарандардын митинг өткөрүү учурунда курчоо тобунун бөлүнүштөрү ички иштер (улуттук коопсуздук) органдары менен биргеликте түз бурчтуу чектөөнү пайда кылышат.
Чектөөчү тик бурчтуктарга митингдин катышуучуларынын колонналары жакындаганда ыкчам башчынын буйругу боюнча аскердик кезметтин башчылары өткөөлдөрдү түзүп, андан колонналарды өткөрөт, андан кийин өткөөлдөрдү кайра жабат.
Аскердик чынжырдын өздүк курамы жарандардын бир түз бурчтуу чектөөдөн башкага өтүүсүнө жол бербейт. Өзгөчө көңүл биринчи чынжырдын бузулушуна жол бербөөгө жана трибуна тарапка жарандардын чыгып кетбөөсүнө бурулат. Өзгөчө шарттарда гана ыкчам башчылардын көрсөтмөсү боюнча кай бир митингдин катышуучуларын түз бурчтуу чектөөдөн чыгарууга уруксат берилет.
295. Аскердик чынжырларды жарып өтүү коркунучунда бөлүнүштүн командири (улук аскердик кезмет) ыкчам башчыга баяндама берет, анын көрсөтмөсү боюнча коркунуч келген аймактагы чынжырдын жыштыгы көбөйтүлөт жана чынжыр линиясы калыбына келтирилет. Зарыл болгон шарттарда бул максат үчүн резерв пайдаланылат.
296. Коомдук тартипти топтуу бузуучулар кызмат өтөө аймагында зөөкүрлүк жасаган шарттарда, чагымчылык, жалпы иш-чаралардын катышуучуларына жана аскердик кезметтерге кол салууларда, дүрбөлөң түшүү пайда болгондо, башка окуяларда аскердик кезметтер резервдер менен күчөтүлүп, ички иштер органдарынын (улуттук коопсуздук) кызматчылары менен биргеликте ыкчам башчынын чечими боюнча окуяны жоюуга жана эреже бузуучуларды (кылмышкерлерди) кармоо боюнча бардык чараларды кабыл алышат. Жарандардын иш-чара өтүп жаткан аймакка кирүүсү жана андан чыгуусу убактылуу токтотулат.
297. Жолугушуулар жана өкмөттүк делегацияларды тоскондо коомдук тартипти кайтарууда ички иштер органдарынын (улуттук коопсуздук) кызматчылары жана кошуундар менен биргеликте делегация өтүүчү трассаны бойлой, көчөлөрдүн өтүүчү бөлүгүнүн чет жакасы боюнча аскердик чынжырларды коюу менен кызмат өтөшөт же ыкчам башчылардын резервинде турушат. Аскер кызматчылары чынжырга делегациянын жүрүшүнүн каттамына карай ар бир өтмө жана короо аркылуу турушат, кошумча кезметтерди да тургузушу мүмкүн.
Делегация өтүп бара жатканда аскердик чынжырдын өздүк курамы жарандардын жүрүм турумун кылдат байкоо салышат жана көчөнүн өтүүчү бөлүгүнө чыгууларына жол бербейт. Жарып өтүп кеткен шарттарда эреже бузуучулар тезинен кармалат жана ички иштер органдарынын (улуттук коопсуздук) кызматчыларына тапшырылат.
298. Спорттук иш-чараларды өткөрүү учурунда бөлүнүштөр (аскердик кезметтер) милициянын кезметтери менен биргеликте көзөмөл пункттардагы, кассалардагы, трибуналардагы тартипти камсыз кылышат, стадионду айланта жана анын биринчи катарын курчоо кызматын өтөшөт, ал эми зарыл болгон шарттарда стадионго (стадиондордон) жарандардын жана коомдук транспорт токтоочу орундарга өтүүсү үчүн багытоочу коридорлорду түзүшөт.
299. Бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири кызматтын жүрүшүндө жалпы иш-чара өткөрүү аймагындагы кырдаал тууралуу дайыма маалыматты чогултууну уюштурат жана анын өзгөрүшүн эске алуу менен жеке чараларды кабыл алат же ыкчам башчыга күчтү үнөмдүү пайдалануу жана алардын өз учурунда маневр жасоосу боюнча сунуштарды киргизет.
300. Бөлүнүш ыкчам башчынын уруксаты менен гана кызмат өтөөсүн токтотот. Бөлүнүштөрдүн командирлери (улук аскердик кезметтер) өздүк курамдын, курал-жарактын, ок-дарылардын, жарак-жабдыктардын жана мүлктөрдүн толуктугун текшерет, бул боюнча буйрук боюнча билдирет, андан кийин аскер кызматчыларын автотранспортко отургузуу үчүн белгиленген жерлерге жана такай жайгашкан пункттарга алып барышат.
VIII бап
Окуялар жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттер
1. Жалпы жоболор
301. Өзгөчө кырдаалдар убагындагы тапшырмаларды аткаруу үчүн ички иштер (улуттук коопсуздук) органдары менен биргеликте ички аскерлердин бөлүнүштөрү, өздүк курамдан түзүлгөн бөлүктөрдүн курама отряддары, күжүрмөн кызматты өтөөдөн бошотулгандар жана күнүмдүк кызматтын көлөмүн убактылуу кыскартуунун эсебинен түзүлгөн өздүк курамдын курама отряддары тартылат. Ушуну менен бирге:
- ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөр - такай жайгашкан пункттардагы тапшырмаларды аткарууга Ички аскерлердин бирикмелеринин (бөлүктөрдүн) командирлери жана ыкчам башчылардын чечими боюнча кийин ички аскерлердин командачысына билдирүү менен, ал эми такай жайгашкан пункттан тышкары - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечими боюнча билдирилет;
- курама отряддар - ички иштер органдарына топтошкон баш ийбөөчүлүктөргө жардам көрсөтүүгө жана калктуу пункттарда коомдук тартипти жалпы бузууларда Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин чечими боюнча карантиндик иш-чараларды камсыздоого тартылат.
302. Өзгөчө кырдаалдар (окуялар) убагында курама отряддар, нөөмөт бөлүнүштөр иш-аракеттер үчүн № 2 жана № 1 даярдыкка келтирилет.
№ 2 даярдыкта - офицерлер, прапорщиктер жана бөлүктүн жана бөлүнүштүн, катардагы жана сержанттык курамынын кызмат орундарында контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчылары казармалык абалга өтүшөт; өздүк курам жыйналган жана толук экипировкаланган; күжүрмөн техника жана унаа каражаттары көрсөтүлгөн орунга тизилген, байланыш каражаттары даярдыкка келтирилген; ок-дарылар, запастагы жылып туруучу материалдык каражаттар, атайын жана техникалык каражаттар автоунааларга жүктөлгөн, ок-дарылар колго берилген эмес, күжүрмөн тапшырма коюлбаган болот.
№ 1 даярдыкта - өздүк курам толук экипировкаланган, унааларга отургузулган; ок-дарылар (керек болгон шарттарда) колго берилген; күжүрмөн тапшырма коюлган болот. Аракетке киришүү убактысы - буйрук (сигнал) алынаар замат.
Ички аскерлердин өздүк курамын № 2 жана № 1 даярдыкка өткөрүүгө ички иштер министри жана ички аскерлердин командачысы, мындан башка жана улук ыкчам башчылар укуктуу; курам отряддарды - ички аскерлердин командачысы, бирикмелердин командирлери, ал эми ишти кийинкиге калтырууга болбогон учурларда - бөлүктүн командири тезинен буйрук боюнча билдирме менен, нөөмөт бөлүнүштөргө бөлүктүн командири жана бөлүк боюнча нөөмөтчү укуктуу.
303. Аскердик бөлүктүн (бирикменин) командири улук ыкчам башчынын ой-пикирин айкындап, жагдайды баалап, алдын ала өзгөчө кырдаалдар убагында болушу ыктымал болгон ар кандай иш-аракетке чечим кабыл алат, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- иш-аракет болушу ыктымал болгон аймактар (пункттар);
- тартыла турган күч жана каражаттар, алардын тапшырмалары, аракеттин ыкмалары, жүрүүнүн тартиби жана каттамы, белгиленген аймакка (пунктка) келүү мөөнөтү;
- күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо жана ар тараптан камсыздоо боюнча тапшырмалар;
- бирге аракеттенүүнүн тартиби;
- башкарууну уюштуруу.
Ички аскерлердин командачысынын чечиминин негизинде өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттердин планы иштелип чыгат.
304. Өзгөчө кырдаал учурунда жүргүзүлө турган иш-аракеттердин аймактары бир болуп аныкталат:
- бирикмелер жана бөлүктөр (өзүнчө бирикме) үчүн - облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниктери жана бирикмелердин жана бөлүктөрдүн (өзүнчө бөлүнүштөрдүн) командирлери менен биргеликте ички аскерлердин бөлүнүштөрү жайгашкан аймактарында райондун административдик чегинде;
- ички аскерлердин командачылыгы үчүн - борбордук штаб, ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздукту камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте республиканын аймагында.
Курама отрядды түзгөн аскердик бөлүк үчүн өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттердин аймагы такай жайгашкан аймактын чегинде аныкталат. Мындан тышкары курама отряд такай жайгашуу ордунан алыста тапшырмаларды аткарууга даяр болушу керек. Мында ички аскерлердин курама отряды түзүлөт.
305. Өзгөчө кырдаалдар учурундагы иш-аракеттердин планы ички аскерлердин командачылыгынын штабы, улук ыкчам башчынын ой-пикиринин жана бирикменин (бөлүктүн) командиринин чечиминин негизинде бирикмелер өз ара аракеттенишкен органдар менен биргелешип иштелип чыгат.
Ички аскерлердин командачылыгынын иш-аракеттеринин планы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан бекитилет.
Өзгөчө кырдаалдар учурунда бирикменин (бөлүктүн, бөлүнүштүн) иш-аракеттеринин планы ички иштер органдары менен бирдикте штаб тарабынан иштелип чыгат, бул план эриш-аркак иштеген органдар менен макулдашылат, ага бөлүктүн штабынын начальнигинин орун басары, ички иштер органдарынын начальнигинин орун басары кол коет, бирикменин командири жана ички иштер органдарынын начальниги бекитет.
План эсептөө жана негиздөө үчүн зарыл болгон түшүндүрмө кат менен кошо картада таризделет.
306. Өзгөчө кырдаал учурундагы иш-аракеттерге бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү) күжүрмөн жана мамлекеттик-укуктук даярдоо системасында даярдалат.
Бирикменин (бөлүктүн) командири жана улук ыкчам башчы биргелешкен машыгууларды жана окууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бекиткен ченемдерге ылайык өткөрөт.
2. Кароолдун (аскердик кезметтин) окуялар учурундагы аракеттери
307. Окуялар (кол салуу, качуу, тыюу салынган зонаны бузуу, топтошкон баш ийбөөчүлүк, өрт чыгуу, табигый кырсык, кыйроолор, талкалануулар, ж.б.у.с.) болгондо кароол башчысы (аскердик кезмет) ошол замат болгон окуя тууралуу буйрук боюнча баяндайт жана күжүрмөн эсеп боюнча аракет кылат. Кароол "Куралга" чакырылат, объектинин кайтарылуусу күчөтүлөт.
308. Жарандардын кароолдун өздүк курамына (аскердик кезметке), ички иштер органдарынын кызматчыларына, улуттук коопсуздуктун жумушчуларына, ошондой эле кайтаруудагы объектиге же кароол жайына кол салган убакта кароол (аскер кезмет) башчысы кароолдун өздүк курамынын (аскердик кезметтин) күчү менен кол салгандардын мизин кайтарууну уюштурат.
Күзөтчү (кароолчу, аскердик кезметтин аскер кызматчылары) өзүнө же кайтарган объектиге түздөн түз кол салган убакта "Кол салды" деген белгил берет жана кол салгандын мизин кайтарууга чара көрөт. Өзүн, кайтарган объектисин, же башка кишилерди коргоо үчүн тайманбастык менен кармашканга чейин барып, зарыл болсо курал, атайын каражат жана кармашуунун ыктарын колдонушу керек.
309. Кароол жайында, унаа каражатында же кайтарган объектиде өрт чыкса өрттү биринчи байкаган күзөтчү (кароолчу, аскердик кезметтин аскер кызматчылары), "Өрт" деген белги берет. Өрт кароолдун, (аскердик нөөмөттүн) өздүк курамынын күчү менен бардык болгон каражаттар колдонулуп өчүрүлөт, өрт өчүргүч команда чакырылат жана элдерди, курал-жарактарды, техникалык каражаттарды, мүлктөрдү, иш-кагаздарды сактоо чаралары көрүлөт. Өмүрүнө коркунуч келген күзөтчүлөр (аскердик кезметчи) коркунучсуз жерге коюлат, алар ал жерден өз милдеттерин аткарууну уланта берет. Өрт чыкканда автоунаа ошол замат токтотулат. Вагондо чыккан өрттү кароолдун күчү менен өчүргөнгө мүмкүн болбосо стоп-кран менен поезд токтотулат. Вагондогу өрт өчүрүүгө өрт өчүрүүчү команданы жана поезддин бригадасын киргизсе болот.
310. Табигый (сел, жер титирөө, бороон ж.б.) кырсык болгондо, кароол башчы (аскердик кезмет) жапа чеккендерге жардам берүү, курал-жарактарды жана буюмдарды сактоо иштерин уюштурат; Улук башчылардын көрсөтмөсүнө жараша жарандарды эвакуациялайт, мамлекеттик мүлктү кайтарууга жана объекттеги белгиленген режимди сактоого чара көрөт.
311. Атайын (жүк ташуучу) автоунаа талкаланып жол жүрүүгө болбой турган болсо, кароол башчы аскер бөлүктөн башка автоунааны чакыртат, талкалануу болгон белгисин (сигналын) коет.
3. Окуялар учурундагы бөлүнүштүн аракеттери
312. Бөлүнүштүн командири окуя туурасында кабар алаар замат бул туурасында буйругу боюнча кабарлайт, абалды тактап, чечим кабыл алып, карамагындагыларга тапшырма коюп, алардын аракетин өзү жетектейт.
313. Кайтарылуучу объектиге, кароолго (аскердик кезметке), ички иштер органынын, улуттук коопсуздук кызматчыларына кол салган убакта бөлүнүштүн командири төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өздүк курамды айгай боюнча көтөрөт;
- кол салгандык туурасында бөлүктүн командирине (бөлүк боюнча нөөмөтчүгө) кабар берет;
- нөөмөт (резерв) бөлүнүшү менен окуя болгон жерге келип кол салгандарга каршы сокку берүү чарасын көрөт.
314. Кайтарылуучу объектиде өрт чыкканда, табигый кырсык, кыйроо болгондо өздүк курамды айгай боюнча көтөрөт, окуя болгон жерге келишип, ыкчам башчынын көрсөтмөсүн аткарышат, ал жок учурларда өз алдынча иш-аракет жасашат.
Өрт өчүргөнгө, табигый кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган бөлүнүштүн төмөндөгүдөй иш-аракеттерди жасайт:
- ички иштер органдарына өрт, табигый кырсык болгон жерди курчоого жардам көрсөтөт;
- иш-аракет жүргүзгөн жерде мамлекеттик органдардын, улуттук банктардын, сактык кассалардын имараттарын жана башка маанилүү объектилерин кайтарууну күчөтөт;
- элдерди, улуттук жана коомдук мүлктү сактоого, өрт өчүрүүгө жардам берет;
- ички иштер органдары (ички аскерлер) менен биргелешип окуя болгон райондо кайгуул-күзөт кызматын аткарышат.
Улуттук, коомдук мүлктү кайтаруу үчүн аскер бөлүктүн (бөлүнүштүн) командиринин көрсөтмөсү менен өрткө каршы, табигый кырсыкты жоюуга бөлүнгөн убактылуу кароолдор түзүлөт. Ал кароолдор кайсы бөлүктөн кароолго дайындалышса ошол бөлүктүн командирине баш ийишет жана кызматын Куралдуу Күчтөрдүн Гарнизондук жана кароолдук Уставынын талаптарына ылайык аткарышат.
4. Аскерлердин атайын операциядагы иш-аракеттери
Жалпы жоболор
315. Калктуу пункттарда топтошкон жана жалпы коомдук тартипти бузгандарга бөгөт коюу, самолетту ээлеп алган кылмышкерлерди кармоо (жок кылуу), эгерде кылмышкерлер жайгашкан райондун болжолдуу жери белгиленсе, өзгөчө кооптуу жана куралчан кылмышкерлерди кармоо үчүн аскердик атайын операция өткөрүлөт.
316. Атайын операция - бул ички иштер органдары ички аскерлер жана башка өз ара бирге аракеттешүүчү күчтөр менен биргелешкен, чектелген мөөнөттө, жалпы ой-максат менен жана бир жетекчиликте өткөрүлө турган ыкчам, режимдик, аскердик жана башка комплекстүү иш-чаралар жана иш-аракеттер.
Атайын операцияны өткөрүүгө улук ыкчам башчы чечим кабыл алат.
317. Атайын операцияны улук ыкчам башчы жетектейт. Операцияны улуттук коопсуздук органы жетектесе, операциянын жетекчиси ошол органдан дайындалат. Аскердик бөлүктүн (бирикменин) командири аскерлер боюнча операциянын жетекчисинин орун басары болуп саналат.
Атайын операциянын башкы башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер органдарынын алдында түзүлгөн ыкчам штаб саналат. Бөлүктөрдү, бөлүнүштөрдү (аскер кезметтерин) башкаруу үчүн ыкчам штабда аскердик ыкчам топ түзүлөт. Муктаждык болгон учурда атайын операция өткөрүлө турган райондо кошумча башкаруу пункту түзүлөт.
318. Операцияда аскерлердин иш-аракеттеринин негизги ыкмалары болуп жаап, тосуу, куугунтуктоо, издөө, курчоо, тегеректеп алуу, бөлүп өзүнчө жайгаштыруу саналат. Аскердик бөлүктөр жана бөлүнүштөр атайын операцияда маанилүү объектилериндеги кайтарууну күчөтүү, кайгуул кызматтарына жана кармалгандарды күзөтүүгө тартылышы мүмкүн.
319. Жаап тосуу - бул бөлүнүштөрдүн (бөлүктөр) кылмышкерлерди байкалган жайдан чыгарбаш үчүн издөө жана кармоо иштерин жүргүзүүгө шарт түзүп берүү максатында районду (объекти) бөлүп коюу. Ал бүтүндөй же кылмышкерлердин жүрүшү ыктымал болгон багыттар (объектилер) боюнча коюлушу мүмкүн.
Бүтүндөй жаап тосуу болгондо коңшу нөөмөттөрдүн (бөлүнүштөр) аралыгы көз жүгүртүп байкагандай жана курал колдонуп жардам бергендей аралыкта болушу керек.
Качкан кылмышкерлердин санына, иш-аракеттеринин мүнөзүнө, кандай деңгээлде коркунучтуу экендигине жараша жаап тосо турган жайдын (объекттин) маанилүүлүгүнө, жердин өзгөчөлүктөрүнө, жыл мезгилине, өздүк курамдын, каражаттардын болушуна жараша чектер: далдаа жерде - 250 метрге чейин, ачык жерде бөлүнүш - 500 метрге чейин; взводго - 750 метрге чейин, ачык жерде - 1500 метрге чейин дайындалат.
Токойлуу мейкиндиктерге, калктуу жерлерге, жолдорго жана жерлердин адыр-будур бөлүктөрүнө алып баруучу багыттар издөө нөөмөттөрү менен өзгөчө тыгыз тосулат. Жаап тосуу чегинин тыгыздыгы түнкү мезгилде резервдин эсебинен жана ал жерлерге техникалык табуу каражаттарын орнотуу менен күчөтүлөт.
Кылмышкерлер кетүүгө ыктымал болгон жерлерди толук жаап тосууга күчтөр жана каражаттар жетишсиз же толук курчоого кылмышкерлер жүргөн аймактын шарты максатка ылайыксыз болсо, жаап тосуу багыттар боюнча (объектилер боюнча) жүргүзүлөт. Жаап тосуу бир же бир нече чектерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
320. Куугунтуктоо - бул качкан кылмышкерлердин артынан үзүлбөй, аларды кармоого дайындалган аскердик кезмет.
Куугунтуктоонун түрлөрү төмөнкүдөй:
- тике куугунтуктоо, качан качып бараткан кылмышкерлер аскердик кезмет көздүн кыйыры жеткендей аралыкта болгондо;
- из менен куу;
- кылмышкерлердин качкандыгы ыктымал болгон багыттар менен. Куугунтуктоо качкандар кармалганга (жок кылынганга) чейин жүргүзүлүшү керек жана ал улук ыкчам башчынын буйругу менен гана токтотулушу мүмкүн.
321. Издөө - бул аскердик кезметтердин (бөлүнүштөр) кылмышкерлердин болушу мүмкүн болгон жайлардан аларды табуу жана кармоо аракеттери.
Издөө текши же тандамалуу болушу мүмкүн.
Текши издөөдө белгиленген аймактын бардыгы кароого алынат. Тандамалуу издөөдө айрым тилкелер, объектилер каралат.
Жолдору боюнча издөө бир жактуу, эки жактуу, багыттар (участоктор), объектилер боюнча жана айкалыштырылган болуп бөлүнөт.
Бир жактуу издөөдө аскердик кезметтердин (бөлүнүштөр) аракети бир убакта, аларга тапшырылган тилкелердин чегинде бир багытта жүргүзүлөт.
Эки жактуу издөө белгиленген тилкелердин чегинде аскердик кезметтердин (бөлүнүштөрдүн) карама-каршы багыттагы жүрүүсү менен аткарылат.
Багыт (участок) боюнча жүргүзүлгөн издөө - аскер нөөмөттөрү менен кылмышкерлердин болуп калышы мүмкүн болгон багыттарда (жерлерде) жүргүзүлөт.
Объектилер боюнча издөө - демейде калктуу жерлерди, өзүнчө турган курулуштарды жана чарбаларды карап чыгыш үчүн жүргүзүлөт.
Айкалыштырылган издөө - жогоруда айтылган ыкмалардын бир канчасын өзүнө камтыйт.
Издөө үчүн бөлүнүштөргө (издөө тобуна) тапшырылган тилкенин эндиги жана издөөнүн ылдамдыгы жердин шартына, жылдын мезгилине жана кылмышкерлердин жашырынып калуу мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат. Издөөнү катарга туруп жүргүзүүдө жердин шарты жабык жана орто өңгүл-дөңгүл болсо (токойдо), аскер кызматчылардын ортосундагы интервал 10 метрден ашык болбошу керек. Мында издөөнүн (издеп жүрүүнүн) орточо ылдамдыгы саатына 1-1,5 км түзүшү мүмкүн.
Ачык жерде издөөдө тилкенин эни жана издөөнүн ылдамдыгы көбөйтүлөт.
Издөөнү жүргүзгөн аскердик нөөмөттөргө (бөлүнүштөр) баштапкы, теңдөөчү, кезигишүүчү (издөө эки жактан жөнөтүлгөндө) жана акыркы чектер дайындалат.
322. Курчоо - байкалган кылмышкерди колго түшүрүү (жок кылуу) максатында аскердик нөөмөттөрдүн (бөлүнүштөр) аларды обочолонтуунун иш-аракеттери.
Тегеректеп алуу - бул бөлүнүштөрдүн (бөлүктөрдүн) калктуу пункттарда топтошуп (жалпы) коомдук тартипти бузууда, өрт, жарылуу, талкалануу, табигый кырсык болгондо жана ошондо эле карантиндик чараларды камсыздоо үчүн ал жерлерге киргизбөө (чыгарбоо) максатында ошол аймактарды (объектилерди) обочолонтуп кармоо.
Бөлүп өзүнчө жайгаштыруу - бул бөлүнүштөрдүн чогулган баш-аламандыктын катышуучуларын өзүнчө топко бөлүп-жарып, уюштуруучуларды кармоого жана тартипти сактоого шарт түзүп берүү иш-аракеттери.
Атайын операцияны уюштуруу
323. Аскерлер боюнча атайын операциянын жетекчисинин орун басары операцияларды ушул Уставдын 65-66-беренесинин негизинде жүргүзөт.
Жетекчинин ой-пикиринин негизинде ал аскер бөлүктөрдүн (бөлүнүштөр) аткара турган тапшырмаларына чечим кабыл алат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- иш-аракетке ой-пикир (аракет жүргүзүлө турган аймак, тапшырмалар жана аларды аткаруунун ирети, иш-аракеттердин ыкмалары, тартыла турган күчтөр жана каражаттар, күжүрмөн катардын тизилиши, кайсыл жерге негизги күчтөрдү топтош керек, операцияга даяр болуучу убакыт);
- бөлүктөр (бөлүнүштөр) милдеттер, куралды, күжүрмөн техниканы, инженердик-техникалык каражаттарды, кызматтык иттерди, унааларды колдонуунун тартиби;
- күчтөрдү жана каражаттарды, гуманитардык-укуктук иштерди жүргүзүүнү даярдоо жана боло турган операцияны ар тараптан камсыздоо боюнча тапшырмалар;
- операцияга катыша турган бөлүнүштөрдүн (аскердик нөөмөттөрдүн) ортосундагы, коңшулаш бөлүктөр, ички иштер (улуттук коопсуздук) органдары жана башка күчтөр менен өз ара иш алып баруунун тартиби; өз ара аракеттенүүнүн жана бири-бирин таанып билүүнүн сигналдары;
- башкарууну уюштуруу.
Операциянын жетекчисинин аскерлер боюнча орун басары өзүнүн чечимин операциянын жетекчисине жана улук аскердик башчыга билдирет. Чечим буйрук менен таризделет жана кыскача түшүндүрмө каты менен картада графикалык (схема) даярдалат.
324. Күжүрмөн буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- биринчи пунктта - жагдай боюнча кыскача тыянак (аймак, кылмышкерлердин турган жери жана баш аламандыкка катышкандардын аракеттеринин мүнөзү);
- экинчи пунктта - операциядагы аскерлердин күжүрмөн милдеттери;
- үчүнчү пунктта - өз-ара иш алып баруучу органдардын милдеттери; улук ыкчам башчынын жүргүзө турган чаралары;
- төртүнчү пунктта - аскердик күчтөрдүн операциядагы иш-аракеттеринин максаты;
- бешинчи пунктта - "буйрук кылам" деген сөздөн кийин, өзүнчө пунктча менен ар-бир бөлүккө (бөлүнүштөргө, өзүнчө иш алып баруучу аскердик нөөмөткө) күжүрмөн тапшырмалар;
- алтынчы пунктта - куралдарды, күжүрмөн техникаларды, инженердик-техникалык, атайын жана жекече коргонуу каражаттарды, кызматтык иттерди колдонуу тартиби, сактык чаралары;
- жетинчи пунктта - өз-ара таануу белгилери;
- сегизинчи пунктта - убактылуу башкаруу пункттун ачып жайгаштырылуучу орду жана убактысы, маалыматтарды билдирүү мөөнөтү, орун басарлары.
Айрым учурларда буйруктун ордуна күжүрмөн көрсөтмө берилиши мүмкүн, мында демейде төмөндөгүлөр айтылат:
- жагдайды баалоо боюнча кыскача тыянак;
- бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) күжүрмөн милдети;
- кошуналардын милдеттери жана алар менен иш алып баруу тартиби;
- даяр болуучу убактысы;
- иш-аракетти баштоо убактысы;
- куралдарды, күжүрмөн техникаларды, инженердик-техникалык жана атайын каражаттарды колдонуу тартиби;
- өз ара бирге аракеттенүү сигналдары.
Керек учурда күжүрмөн көрсөтмөдө дагы башка маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн.
325. Аскерлердин өз-ара кызматташуусун уюштурууда, атайын операциянын жетекчисинин аскерлер боюнча орун басары төмөндөгүлөрдү макулдашуу керек:
- күчтөрдүн, каражаттардын топтоо жолун жана мөөнөтүн, бөлүнүштөрдүн (аскердик нөөмөттөрдүн) баштапкы аймактарга (белгиленген чектерге) чыгуусун, жайгашуусун жана иш-аракетте киришүүсүн;
- бөлүнүштөрдүн (аскердик нөөмөттүн) жана операцияга тартыла турган башка күчтөрдүн иш-аракеттерин;
- операция жүргүзүлүп жаткан аймакта жергиликтүү бийликтин органдарынан жана жашаган элдерден маалымат алуу жолун;
- бөлүктөрдүн, бөлүнүштөрдүн жана милдеттерин өз алдынча аткарып жаткан нөөмөттөрдүн штаб менен жана өз-ара байланыш жолун;
- өз-ара иш алып барууну, таанып билүүнүн, кабарлашуунун жалпы белгилеринин системасын.
326. Атайын операцияда бөлүктөр (бөлүнүштөр, аскердик нөөмөттөрдүн) иш-аракеттерин камсыздоо - күжүрмөн (чалгындоо, кайтаруу, билдирбөө), техникалык жана ооруктук камсыздоолорду камтыйт.
327. Күчтөрдү жана каражаттарды атайын операцияга даярдоого төмөндөгүлөр кирет:
- өздүк курамды тандап алуу, орду-ордуна коюу;
- өздүк курамга боло турган операциядагы иш-аракеттери, коопсуздук чаралары тууралуу көрсөтмөлөрдү берүү;
- өздүк курам менен гуманитардык-укуктук иштерди өткөрүү;
- куралдарды, күжүрмөн техникаларды, атайын каражаттарды, жабдыктарды, кийим-кечелерди, жеке коргонуу каражаттарын, азык-түлүктөрдү, унааларды, байланыш каражаттарын, кызматтык иттерди тапшырмалардын өзгөчөлүктөрүнө, жыл мезгилине, аба ырайына жана операция боло турган аймактын өзгөчөлүктөрүнө жараша даярдоо;
- көрсөтмөлөр берилет жана машыктыруу уюштурулат (убакытка жараша).
328. Атайын операция жүргүзүлө турган аймакка жүрүү үчүн милдеттерди коюуда буйрукта (көрсөтмөдө) төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- жүрүштүн максаты;
- жүрүүнүн жолдору;
- жүрүштөгү орундары;
- топтоло (чогула) турган аймак (пункт) жана ага жетиш убактысы;
- кылмышкерлер менен жолугуудагы иш-аракет;
- баштапкы жана жөнгө салуу пункттарынан өтүү убактысы.
Өзгөчө кооптуу жана куралчан кылмышкерлерди
кармоо боюнча атайын операция
329. Өзгөчө кооптуу жана куралчан кылмышкерлерди кармоо үчүн атайын операцияга өзгөчө кырдаалда иштөөнүн негизинде, улук ыкчам башчынын карамагындагы болгон күчтөр жана каражаттар, курама отряддар жана бөлүктөрдүн башка күчтөрү жана каражаттары тартылат.
330. Атайын операция төмөндөгү ыкмалар менен жүргүзүлөт: жаап тосулган же тосулбаган аймакта (калктуу пунктта) издөө; курчоо.
Жаап тосулган аймакта атайын операцияны издөө ыкмасы менен өткөрүүдө анын күжүрмөн катары жаап тосуу тобунан, издөө тобунан жана резервден турат.
Жаап тосулбаган аймакта атайын операцияны издөө ыкмасы менен өткөрүүдө анын күжүрмөн катары издөө тобунан, бөгөттөрдөн (убактылуу издөө күзөттөрүнөн, буктурмалардан) жана резервден турат.
331. Жаап тосуу аракети кылмышкерлердин качып баруусу ыктымал болгон бардык багыттарда, тилкелерде, жүрүү токтолбостон жана бир убакта башталат, демейде, автоунаалар (бронетранспортерлер) вертолеттор менен же жөө өткөзүлөт.
Жаап тосуу тобунун командири көрсөтүлгөн жерде ар бир издөө нөөмөттөрүнө (бөгөткө, буктурмага) тапшырма коет, кошуна нөөмөттөр менен (жаап тосулган райондогу кезмет) өз-ара иш алып барыш жолун тактайт, байкатпастыкка, эс ала турган жайды жана техникалык табуу каражаттарын жайгаштырууга (зарыл болсо) көрсөтмө берет.
332. Жаап тосуу топтору белгиленген убакта көрсөтүлгөн чекти жашыруун ээлейт. Бөгөттөрдүн (убактылуу издөө нөөмөттөрүнүн, буктурмалардын) башчылары байкоочуларды коюшат, чалгынчыларды жөнөтүшөт, ок атуу, көзөмөлдөө, флангдарды камсыздоо системасын уюштурушат жана тилкенин жаап тосулган схемасын түзүшөт.
Кылмышкерлер табылганда жаап тосуу (убактылуу издөө күзөтү, бөгөт, буктурма) тобу аларды өз күчү менен же кошуна нөөмөттөр менен өз ара аракеттенишип кармоону уюштурат.
Кылмышкерлер тосулган чекти жарып өтүп кетсе, жаап тосуу тобунун командири (убактылуу издөө күзөттүн, бөгөттүн, буктурманын башчысы) аларды куугунтуктоону жана кармоону уюштурат, күчтүн бир бөлүгүн зарыл болсо ээлеген чекте калтырат.
333. Тосулган райондо издөө, белгиленген убакта же шарттуу белги менен башталат.
Издөө тобу акыркы чекке (жолугушуу чегине) жеткенде, башка нөөмөттөр менен шарттуу белгиси аркылуу ким экендигин билдиришет. Эгерде издөө тобу акыркы чекке (жолугушуу чегине) кылмышкерлерди таппастан чыкса, издөө артка карай кайталанат жана бөлүктүн (бирикменин) издөө командиринин буйругу (сигналы) менен гана токтотулат.
334. Курал менен каршылык көрсөткөн кылмышкерлерди кармоону колго түшүрүү тобу курчоо тобу менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат. Колго түшүрүү тобу бронетранспортердо же жөө иретинде жеке коргоо каражаттары менен снайперлердин жана бронетраспортердун огунан далдаланып кылмышкерлерге жакындап, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонушуп, аларды колго түшүрүшөт же жок кылышат.
Эгерде кылмышкерлерди колго түшүрүү жүзөгө ашпай калса жана алар качып жөнөшсө, аларды тынымсыз куугунтуктоо уюштурулат.
Калк жайгашкан пункттагы коомдук тартипти топтошкон жана жалпы бузууларга бөгөт коюу боюнча атайын операциясы
335. Калк жайгашкан пунктта топтошкон жана жалпы коомдук бузууларга тыюу салуу үчүн, эгерде жергиликтүү ички иштер органдарынын жүргүзгөн чаралары күткөн жыйынтыктарга алып келбесе, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарына жардамга ички аскерлердин бөлүнүштөрдүн жана бөлүктөрүнүн күчтөрү жана каражаттары тартылат.
Операцияга тартыла турган күчтөрдүн, каражаттардын саны, алардын тапшырмалары, өздүк курамдын курал-жарактары жана жабдыгы, күчөтүү каражаттары тиешелүү ички иштер органдарынын жетекчилери менен макулдашылып, улук ыкчам башчысынын чечими менен аныкталат.
336. Ички аскерлердин бөлүктөрү (бөлүнүштөр) атайын операцияда төмөнкү тапшырмаларды аткара алышат:
- милицияга операция жүргүзүлгөн аймакты, элдердин келүүсүнө тыюу салуу максатында, тегеректеп алганга жардам берет;
- операция жүргүзүлүп жаткан райондо мамлекеттик органдардын, банктардын жана сактык банктардын, радио жана телефон-телеграф станцияларынын жана башка маанилүү объектилеринин имараттарын сырткы кайтарууну күчөтөт;
- тастыктоо пунктту кайтарат;
- ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматчылары менен биргелешип контролдоп-өткөрмө пунктунда кызмат аткарат, операция өткөрүлүүчү аймакта коомдук тартипти сактоо максатында кайгуул-күзөт жүргүзөт;
- кармалгандарды кайтарат жана конвой менен жеткирет.
337. Атайын операцияга катыша турган күчтөрдүн жана каражаттардын тобу тегеректеп алуу, бөлүп өзүнчө жайгаштыруу, сууруп чыгуу, кайгуул, кайтаруу, конвой менен жеткирүү, атайын каражаттарды колдонуу жана резерв топторунан турат.
Операцияда иш-аракеттерди камсыздоо үчүн тастыктоо жана медициналык пункттар түзүлөт.
Бөлүктөрдүн жана бөлүнүштөрдүн иш-аракеттерине улук ыкчам башчынын бардык буйруктары жана көрсөтмөлөрү атайын операциянын жетекчисинин аскерлер боюнча орун басарына берилет.
338. Тегеректеп алуу тобу элдерди операция жүргүзүлүп жаткан жерге өткөзбөө максатында көчөлөрдү аскердик чынжыр менен жабат.
Жабылган тилкелердин олуттуулугуна жана шартка жараша аскердик чынжыр биринин артынан бири коюлушу мүмкүн жана жоон аркандарды, көчүрмө тосмолорду ошондой эле коштолуп берилген автоунааларды колдонушат.
Тегеректелген жерден жарандарга ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматчылары жетектеген контролдоп-өткөрмө пункту аркылуу чыгууга уруксат берилет.
339. Бөлүп өзүнчө жайгаштыруу тобу тегеректеп алынган сызыктын артында жайгашат. Атайын операциянын жетекчисинин буйругу менен алар, колонналарда аракеттенишип, ички иштер органдарынын кызматчылары менен бирге топтошкондорду бир же бир канча багыттарда бөлүп жарышат.
340. Алып чыгуу тобу ички иштер органдарынын кызматчыларынын башчылыгы астында, бөлүп өзүнчө жайгаштыруу тобу менен биргеликте аракеттенишип, коомдук тартипти бузуунун уюштуруучуларын жана үндөөчүлөрүн кармашып, аларды тастыктоо пунктуна жеткизүү үчүн конвой менен жеткирүү тобуна өткөрүп берет.
341. Кайтаруу тобу улук ыкчам башчынын чечими менен бир кыйла олуттуу объектилерди, ошондой эле тастыктоо пункттарын сыртынан кайтарууга алышкан кароолдордон турат. Бул объектилерде өткөрмө милдеттерин ички иштер (улуттук коопсуздук) органдарынын кызматчылары аткарышат.
Кароолдордун өздүк курамы ок-дарылары бар табелдик куралдар менен куралданышат жана күжүрмөн кызматты Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Гарнизондук жана кароолдук Уставынын талаптарына ылайык аткарышат. Кайтарууну күчөтүү үчүн күжүрмөн техника колдонулушу мүмкүн.
342. Конвой менен жеткирүү тобу кармалган баш аламандыктын уюштуруучуларын жана үндөөчүлөрүн тастыктоо пункттарына атайын кароол менен айдап узатып жеткизет.
343. Кайгуул тобу ички иштер органдарына көчөлөрдө, аянттарда, скверлерде коомдук тартипти сактоого кайгуулдарды жөнөтүү, тартип сактоо күзөтүн коюу жолу менен көмөк беришет. Кызмат өтөө убагында элдердин кайтарылган объектилерге жана операция өткөзүлүп жаткан аймакка жакын жерлерге чогулушуна жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулат.
344. Атайын каражаттарды колдонуу тобу офицерлер башында турган бир канча эсептен турат.
"Черемуха" атайын каражаттары өтө зарыл учурларда коомдук тартип бузгандардын иш-аракеттери жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудурганда гана колдонулат.
345. Топтолгондорду бөлүп-жарып жана аларды атайын операция жүргүзүлгөн аймактан чыгаргандан кийин, аскерлердин өздүк курамы улук ыкчам башчысынын өзгөчө буйругуна чейин милдеттерин аткара беришет. Күчтөрдүн бир бөлүгү кайгуул-күзөт кызматын күчөтүүгө колдонулат же резервге чыгарылат.
Аба кемесин тартып алууга жана айдап качууга бөгөт коюу боюнча операция
346. Аба кемесин тартып алууга жана айдап качууга бөгөт коюу боюнча операция ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн аскердик бөлүнүштөрүнүн, бөлүктөрүнүн, чек ара жана ички аскерлердин аба ишканасынын күчтөрү жана каражаттары менен төмөнкүлөр бекитилген иш-планга ылайык жүргүзүлөт:
- операциянын негизги тапшырмалары;
- ыкчам штабдын тапшырмалары;
- өз ара бирге аракеттешкен ведомстволор бөлгөн жана алардын күжүрмөн тартиптин элементи боюнча бөлүштүрүлгөн күчтөрү жана каражаттары;
- өздүк курамдын күжүрмөн тартибинин элементиндеги тапшырмалары, саны, аталышы, техникалык жабдылышы;
- ыкчам штабдын жана өздүк курамдын жыйымынын жайгашуу орду;
- операция жүргүзүүнүн жалпы тартиби;
- операцияга катышуучуларды кабарлоонун схемасы.
347. Операция төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- кылмышкерлер учууга даяр болгон аба кемесине кирип, зомбулук аракеттерди көрсөтүп, экипаждан аларды чет өлкөгө жеткиришин талап кылганда;
- экипаж борттогу кылмышкерлердин талап кылуусу боюнча, кошумча май куюп же болбосо техниканын жана экипаждын чет өлкөгө андан аркы учуусун даярдоо максатында аба кемесин аэропортко кондурганда;
- экипаж чет өлкөлүк аэропортко конумуш болуп, Кыргыз Республикасынын аймагында аба кемесин кондурганда;
- кылмышкерлер курал-жарактарды, жардыргыч заттарды жана башка каражаттарды жана башка зомбулуктун каражаттарын колдонгондугунун айынан аба кемеси айласыздан конуп же болбосо, аэродромдо, аба ишканасынын жооптуу аймагында кырсыкка учураганда;
- аба кемеси жардыруу коркунучуна байланыштуу аргасыздан конгондо.
348. Операцияга жетекчилик кылуу үчүн күчтөрдүн жана каражаттардын жогорку күжүрмөн даярдыгын сактоо менен ыкчам штабдар түзүлөт. Операцияга жетекчилик кылуу ыкчам штабдын жетекчисинин башка ведомстволордун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсү аркылуу жүргүзүлөт.
Ички аскерлердин бирикме (бөлүк) командири (штаб башчысы) ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары болуп дайындалат (ички аскерлердин өздүк курамы тартылганда).
349. Операцияны жүргүзүү үчүн төмөнкү топтор түзүлөт: жардыруу коркунучун алдын алуу боюнча тосмолоо, курчоо, басып алуу, снайперлер, калкалоо, кылмыштык аракеттерди белгилөө, фильтрациялоо, резерв.
Операцияга катышууга аэропорттун авариялык-сактоочу командасы тартылат.
Тосмолоонун калкалоо, курчоо топтору жана снайперлердин негизги топторунун курамына ички аскерлердин өздүк курамы кошулат. Калган топтор операцияга катышкан башка органдардын күч жана каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Басып алуу тобу, Кыргыз Республикасынын бир министрлигинин же күч түзүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүнүшүнөн түзүлөт.
350. Тосмолоонун негизги топтору төмөнкү тапшырмаларды аткарат:
- кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол бербөө максатында операциянын районун тосмолойт;
- эгер операция жетекчисинин уруксаты жок болсо, тартып алынган аба кемесин башкарып учушуна каршылык көрсөтөт;
- кошо катышкан кылмышкерлердин жана бөтөн адамдардын операция болуп жаткан зонага кирип кетүүсүн болтурбайт.
Тосмолоо мүмкүнчүлүккө жараша жашыруун жүргүзүлөт. Өздүк курам коопсуздукту:түзгөн аралыкта, кылмышкерлердин качууга аракет жасаган учурунда: ок атуу үчүн көрүнгөн жана мүмкүнчүлүктү камсыздаган жерде жайгашат. Посттор кырдаалга жараша тартып алынган самолеттон 500-1000 метр аралыкта жайгашат.
351. Курчоо топтору бөтөн адамдардын киришине тыюу салуу максатында операция районун обочолоо боюнча тапшырмаларды аткарышат; курчоо зонасына кирүүгө же андан чыгып кетүүгө аракет кылгандардын бардыгын фильтрациалоо пунктуна жөнөтөт, тосмолоо посттору аркылуу өткөн кылмышкерлерди кармашат, зарыл учурда аларга карата ок атат, операция өткөрүү районуна жолдорду тосуу жана контролдоп өткөрмө постторун уюштуруу менен бөтөн автоунаалардын киришин токтотот.
352. Калкалоо тобу аба кемесин тартып алган кылмышкерлерди басып алуу тобунан алаксытат; анын ок атуу, түтүн, атайын каражаттар боюнча аракеттерин колдойт. Калкалоо тобу басып алуу тобунун аркасынан аларга жардам көрсөтүүгө даяр болушуп бронетранспортерлор менен жүрүшөт.
Снайперлердин тобу зарыл учурда операция жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча кылмышкерлерди жок кылуу боюнча тапшырмаларды аткарышат.
353. Өздүк курамдын айгай боюнча жыйымы операция жетекчисинин буйругу боюнча аба кемесин басып алуу тууралуу кабарды алгандан кийин жүргүзүлөт. Операция аймагына келген күчтөр тапшырмаларын тактагандан кийин операциянын планында каралган позицияларды (чектерди) ээлешет.
Аба кемесин тартып алууга жана айдап качууга бөгөт коюу боюнча атайын операцияда өздүк курамдын аракеттери бардык учурда кокустан, ылдам, күчтүү жана чечкиндүү болушу керек, жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактап жана кылмышкерлерди психологиялык жактан таасир этүүчү алаксытуучу (жалган) ыкмаларды кеңири колдонуу менен өзгөчөлөнүшү керек.
5. Эпидемия жана эпизоотия чыкканда карантиндик иш-чараларды камсыздоо
354. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан киргизилген эпидемия жана эпизоотия жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган шарттарда ички аскерлердин бөлүктөрү жана бөлүнүштөрү ички иштер органдары менен биргеликте карантиндик чараларды камсыздоодо төмөнкү милдеттерди аткарышат:
- карантин аймагынын чегинде обочолонтуп-чектөө чараларын жүргүзүшөт;
- атайын дарылоочу мекемелерди (обсерваторлорду), госпиталдарды, ооруканаларды, бактериялык лабораторияларды уюштурууну камсыздашат, суу сактагыч дубалдарды жана башка объектилерди кайтарышат;
- башка шаардыктарды эвакуациялоону камсыздашат;
- карантин аймагында коомдук тартипти сакташат;
Карантиндик чараларды камсыздоо үчүн тартыла турган аскердик күчтөрдүн жана каражаттардын саны, курал-жарактары жана экипировкасы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги менен аныкталат.
355. Карантин аймагында милдеттерди аткарып жатышкан бөлүктөр, бөлүнүштөр аскердик ыкчам топтун башчысы менен жетектелет. Ыкчам топко: штаб башчысы, топ башчысынын тарбия иштери жана оорук боюнча орун басарлары, врач-эпидемиолог, байланыш башчысы жана башка штаб, өздүк курам менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жана оорук кызматынын офицерлери дайындалышат. Аскердик ыкчам топтун башчысы өзгөчө эпидемияга каршы комиссиянын төрагасына жана улук ыкчам башчыга баш ийет.
356. Аскердик ыкчам топ эпидемиялык жана ыкчам абалдар тууралу маалымат чогултушат, бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) иш-аракеттерин уюштурат жана аларды тынымсыз башкарууну камсыздайт, ыкчам штаб менен биргелешип кароолдор, аскердик нөөмөттөр үчүн кызматтык документтерди, кызмат өтөөнүн көзөмөлдөө графигин, ошондой эле аскер кызматчылары үчүн өздүк тазалыкты сактоо жана ооруларга каршы алдын ала чаралар жөнүндө эскертүүнү даярдайт.
357. Аскердик ыкчам топтун башчысынын бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) берген буйругунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- эпидемиялык жана ыкчам шарт жөнүндө кыска маалыматтар;
- алынган тапшырма жана аны аткаруу боюнча ой-пикир;
- режимдик чаралар;
- бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) тапшырмалар;
- өздүк курам менен өткөрүлүүчү тарбиялык иштер;
- материалдык, техникалык жана медициналык (эпидемияга каршы) камсыздоонун тартиби;
- секторлорду, участокторду жана чектерди ээлөөнүн мөөнөтү жана тапшырмаларды аткарууга даяр болуу убагы.
358. Карантин аймагында кызмат өтөп жатышкан бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) секторлор, участоктор, чектер жана объектилер тапшырылат.
Топтошкон аскер күчтөрү жана каражаттары тегеректеп алуу, кайтаруу, текшерүү, унаа, коштоо, кайгуул жана резерв топторунан турат.
359. Тегеректеп алуу тобу карантин аймагынын чегинде обочолонтуп-чектөө чараларын камсыздоого дайындалат. Алар контролдоп-өткөрмө пункттарындагы аскер нөөмөттөрүнөн, чалгынчылардан жана байкоочулардан (байкоочу күзөттөрдөн) турат.
Контролдоп-өткөрмө пунктунан элдерди жана унааларды өткөзүш үчүн шаардын (калктуу пункттардын) чыга беришиндеги жана карантин аймагынын четки чектериндеги жолдордо жайгаштырылат. Контролдоп-өткөрмө пунктунун нөөмөттөрү ички иштер органдарынын кызматчылары менен жетектелет. Контролдоп-өткөрмө пункттарынын ортосундагы аралыктарды тосуу үчүн чалгынчылар жөнөтүлөт жана байкоочу пункттар коюлат.
360. Кайтаруу тобу атайын дарылоо мекемелерин (обсерваторлорду), госпиталдарды, ооруканаларды, бактериологиялык лабораторияларды обочолонтуу үчүн, суу сактагыч дубалдарды жана башка объектилерди кайтаруу үчүн дайындалат. Бул милдеттерди аткарыш үчүн кайтаруу тобунан кароолдор дайындалат.
361. Объектилерди аскер күзөтүнө кабыл алууну (обочолонтууну камсыздоо үчүн) аскердик ыкчам топтун, ички иштер органдарынын, жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарынын жана объектин администрациясынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
Кабыл алуу актысында: объектинин аталышы, эпидемияга каршы режим, кароолдун курамы, күзөттөрдүн саны жана жайгаштырылган орду; кароол жайынын жабдылышынын тартиби, байланыш жана сигнализация каражаттары көрсөтүлөт.
Кайтаруу тобунун өздүк курамы кызмат өтөөнүн бардык мезгилине дайындалат жана алмаштырууга болбойт; кароолдор сутка сайын алмаштырылат жана өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароолдук кызмат Уставына ылайык аткарышат.
362. Кароолдор кайтарууга (бөлүп обочолонтууга) алынган объектилердин сыртында жайгаштырылат. Күзөтчүлөр тосмолордун сыртына коюлат. Кайтарылган имараттын кире бериштерине контролдоп-өткөрмө пункттарына орнотулат.
Кайтаруу сызыгы "Тыюу салынган зона, өтүүгө болбойт (өтүүгө, жүрүүгө жол жабык)" деген жазуусу бар такталар менен белгиленет.
Аскер кызматчыларына оорукчандар (обсервациядан өтүп жаткандар) жана аларды тейлөөчү кызматкерлер менен жолугушканга тыюу салынат.
Элдерди жана унааларды кайтарылган объекттин контролдоп-өткөрмө пунктунан администрациянын өкүлүнүн көзүнчө же анын жеке көрсөтмөсү боюнча өткөзүүгө уруксат берилет. Кароол башчысы контролдоп-өткөрмө пунктунан өткөн адамдардын эсебин алат.
363. Жарандарды атайын дарылоо мекемеден (обсерваторлордон) эвакуациялоонун алдында, бул мекемелерди обочолонтуу күзөтчүлөрдү кошумча күзөттөргө коюу менен күчөтүлөт.
Жарандарды унаа каражаттарына отургуза турган жерлер обсервациядан өтүп жаткандарды жана тейлөөчү персоналдарды башкалар менен жолугуштурбоо максатында тегеректелип курчалат.
364. Унааларды текшерүүчү топ карантин аймагында жана анын чегинде жайгашкан станциялардагы темир жол унааларын текшерүү үчүн дайындалат. Поезддердин өтүшүнө жана курамына жараша текшерүү тобунун саны эки взводго чейин болушу мүмкүн.
Текшерүү тобунун өздүк курамынын бир бөлүгү, поезддин эки жагына турушуп, ага элдерди жакындатышпайт жана жүргүнчүлөрдүн контролдоп-өткөрмө пункту аркылуу чыгышын камсыздайт, ошол эле убакта орнотулбаган тартип менен карантин аймагынан чыгып (кирип) кетүүгө жашырылып катылгандарды табыш максатында вагондордун чатырларын, чиркегич аспаптарын жана башка жерлерин текшеришет.
365. Коштоо тобу (эки бөлүнүшкө чейин) ички иштер органдарынын кызматчыларына ар бир поездди карантин аймагынын чегине чейин узатып барууга жардам берүү үчүн дайындалат. Топтун өздүк курамы тапшырма аткарылгандан кийин санитардык тазалоодон өткөрүлөт.
366. Кайгуул тобу милиция кызматчылары менен биргелешип карантин аймагында коомдук тартипти сактоо үчүн дайындалат. Белгиленген маршрутка топтон кайгуул жөнөтүлөт.
367. Карантин аймагында кызмат өтөө убагында, аскер кызматчыларынын ден-соолугу үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп турат, алардын тамактануусу жана суу менен камсыздануусу, эпидемиялык абалы байкоого алынат.
368. Өзгөчө кырдаалдарда тапшырмасын аткарып бүткөндөн кийин бөлүктүн (бирикменин) командири:
- аскердик улук башчыга (командири) аткарылган тапшырмалардын жыйынтыгын билдирүүгө;
- карамагындагы бөлүктөр (бөлүнүштөр) иш-аракетти токтотуу жөнүндө көрсөтмө берүүгө жана коңшулаш бөлүктөргө (бөлүнүштөр), ошондой эле өз-ара иш алып барышкан органдарга (мекемелерге) кабар жөнөтүүгө;
- өздүк курамды, курал-жарактарды, техникаларды, байланыш жана башка материалдык каражаттарды текшерүүгө, бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) атайын операция өткөзүлгөн аймактан чыгарууга, аларды такай жайгашкан пункттарында кайтарууга;
- эпидемия жана эпизоотия болгон аймакта милдетти аткарган өздүк курамды, медициналык текшерүүдөн өткөзүүгө, аларды обсервациядан жана такай жайгашкан жерге кайтканда карантинден өткөрүүнү уюштурууга;
- кылмышкердин качуусунун (топтошкон баш ийбөөчүлүктүн, жалпы баш-аламандыктын) себептерин талдоого, мекемелердин, ички иштер органдарынын жетекчилери менен биргелешип, окуялардын кайталанбастыгына чара көрүүгө;
- өздүк курам менен өзгөчө кырдаалдагы иш-аракеттерди талдоого.
IX бап
Ооруктук жана техникалык камсыздоо
1. Жалпы жоболор
369. Ооруктук камсыздоо бөлүктөрдү жана бөлүнүштөрдү материалдык каражаттар, күжүрмөн жана башка техникаларды күйүүчү майлар, өздүк курамды тамак-аш, мончого кирлердин жуу, ооруларга жана жарат алгандарга медициналык жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо, ошондой эле бөлүнүштөрдү суу, зарыл учурда отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
Кызматтык-күжүрмөн иш аракети техникалык камсыздоонун жана уюштуруунун максаты курал-жарактарды, күжүрмөн жана башка техникаларды, ок-дарыларды, жана аскердик-техникалык буюмдарды күжүрмөн даярдыкта кармоо, техникалык туура пайдалануу, чыгымдарды жана жоготууларды өз убагында калыбына келтирүү жана толуктоо болуп эсептелет.
370. Материалдык каражаттар бөлүнүштөргө эреже боюнча бөлүктүн унааларында жеткирилет. Зарыл болгондо бөлүктүн командиринин орун басарынын чечими менен материалдык каражаттарды жеткирүү үчүн бөлүнүштөрдүн унаалары пайдаланылышы мүмкүн.
2. Өздүк курамды курал-жарак, атайын каражаттар жана коргонуу каражаттары менен камсыздоо
371. Кароолдордун, аскердик нөөмөттөрдүн өздүк курамы оң жана колдонууга даяр болгон, өзүнө бекитилген куралдар менен куралданышат:
Күжүрмөн кызмат аткарышкан аскер кызматчылары бөлүктүн командиринин чечими менен милдетти аткаруунун шарттарына жараша автоматтар же пистолеттер менен куралданышат.
Кароол, аскердик нөөмөттөр атайын операция жүргүзүү убагында пулеметтор, автоматтар (пистолеттердин ордуна), снайпердик мылтыктар жана кол гранаталар менен куралданышы мүмкүн. Зарыл болгондо өздүк курам атайын каражаттар жана коргонуу каражаттары менен камсыз кылынат.
Бөлүктөрдү жана бөлүнүштөрдү курал-жарактар, ок-дарылар, коргонуу жана атайын каражаттары менен камсыздоо, аларды сактоону жана пайдаланууну уюштуруу үчүн тийиштүү кызматтын башчылары жоопкерчилик тартат.
372. Өзүнчө жайгашкан бөлүнүштөрдө рота командиринин кагаз жүзүндө уруксаты менен өздүк курамга курал-жарак, ок-дарылар жана атайын каражаттар курал-жаракты жана ок-дарыны берүү жана кабыл алуу журналы боюнча берилет. Пистолеттерди, ок-дарыларды жана атайын каражаттарды ротанын старшинасы же ал жок болсо нөөмөт офицер (прапорщик) калган куралдарды ротанын нөөмөтчүсү берет (кабыл алат).
Алынган куралдар, ок-дарылар жана атайын каражаттар үчүн кароол (аскер нөөмөт) башчы курал-жаракты жана ок-дарыны берүү жана кабыл алуу журналга кол коет. Кароол үч кишиден туруп, ошондой эле кызматы бир күндөн ашса, алынган куралдарга кароол (аскердик нөөмөт) башчы жана ар бир аскер кызматчылары кол коюшат.
Бөлүнүштөр айгай боюнча көтөрүлгөндө же жалпы жыйым болгондо өздүк курамга куралдар, ок-дарылар, коргонуу жана атайын каражаттары айгай жарыялаган адамдын көрсөтмөсү менен берилет.
Бөлүктүн башкармалыгында жайгашкан бөлүнүштөрдө; пистолеттен тышкары куралдар, ротанын командиринин кагаз жүзүндө уруксаты менен курал-жарак жана ок-дары берүү жана кабыл алуу журналы боюнча берилет. Бул бөлүнүштөрдүн пистолеттери, ок-дарылары, атайын каражаттары бөлүк боюнча нөөмөтүнүн курал-жарак сактоо бөлмөсүндө сакталат. Штаб башчысынын кагаз жүзүндө уруксаты менен курал-жаракты жана ок-дарыны берүү жана кабыл алуу китеби боюнча куралдарды, ок-дарыларды, атайын каражаттарды кароолдордун, аскердик кезметтердин курамына берүүнү жана алууну ыкчам нөөмөттүн, анын жардамчысынын (кенже офицерлерден же прапорщиктерден), зарыл болгондо бөлүктүн башчысынын чечими менен даярдыгы жакшы прапорщиктерден, взвод командирлеринен, ротанын старшиналарынан, бөлүктөрдүн жана бөлүнүштөрдүн башкармалыгынын адистеринен дайындалган экинчи жардамчы жүргүзөт.
Бөлүктүн штабына жана кызматтарынын офицерлерине, прапорщиктерине куралдар, жана ок-дарылар бөлүктүн командири белгилеген тартипте бөлүк боюнча нөөмөтчү берет.
373. Кароолдордун жана аскердик кезметтердин курамы эсеп боюнча ок-дарылар менен төмөнкүдөй камсыздалат: ар бир автоматка - эки окчонтойго 30дан салынган 60 ок, пистолеттерге - экиден, пулеметторго үчтөн октолгон окчонтойлор, кароолдун курамына кол гранаталар (ар бирине экиден кол гранаталар), ошондой эле жарык бере турган жана белги бергич патрондор берилет.
Шартка жараша, ички аскерлердин командачысынын көрсөтмөсү менен кароолдорго (аскердик кезметтерге) бериле турган октордун саны өзгөрүлүшү мүмкүн.
Шартка жараша өзгөчө кырдаалдарда, кароолдордун күч аракетин камсыздоо үчүн бөлүк командиринин көрсөтмөсү менен кароол жайларында октордун төмөнкүдөй запасы түзүлүш керек: ар бир автоматка - 180 патрон, пистолетке - 16 патрон. Запас октор тыгыз жабылган (цинк) кутуда кароол башчынын бөлмөсүндө темир ящикте (шкафта) сакталат. Кароолдорду кол гранаттар менен куралдандырганда, гранаттардын тутанткычтары бөлөк ящикте (шкафта) сакталат. Гранаттар менен тутанткычтар өзүнчө атайын ящикте (шкафта) сакталат, мында тутанткычтар суу өтпөгөн таңгакта гранаталар менен кошо ящикте сакталат.
Патрондордун жана кол гранаттардын эсеби жазылган китептер, ошондой эле цинктерди ача турган ачкычтар ошол эле ящиктерде (шкафтарда) сакталат.
Октор, гранаттар салынган ящиктер (шкафтар) кулпуланып, ага аскердик бөлүктүн башчысынын мөөрү, өзүнчө жайгашкан бөлүнүштө - бөлүнүштүн командиринин мөөрү басылат. Ящиктердин (шкафтардын) ачкычтары мөөр басылган пеналга салынып мөөрлөрдүн көчүрмөлөрү менен бирге кароол башчыда сакталат. Ачкычтарды башка бирөөгө бергенге тыюу салынат. Бардык убакта куралдарды жана ок-дарыларды кайтаруу уюштурулат.
374. Курама отряддар жана нөөмөт бөлүнүштөр үчүн ок-дарылар, атайын каражаттар бөлүк боюнча нөөмөттүн үн жана жарык сигнализациясы орнотулган өзүнчө бөлмөсүндө сакталат. Ящиктер жана бөлмө кулпуланып, бөлүктүн мөөрү басылат. Ар бир ящиктин капталына анын номери жана бөлүктүн курал-жарак кызматынын башчысы кол койгон каттоосу болушу керек. Ок-дарыларды жана атайын каражаттарды берүү тартиби бөлүк боюнча нөөмөттүн нускамасында көрсөтүлөт.
375. Ок-дарылар кароолдор (аскердик нөөмөттөр) кызматтан бөлүнүшкө келээр замат куралдарды тазалап, майлангандан кийин тапшырылат.
Бөлүнүш боюнча ок-дарылар же куралдар толук эмес тапшырылса, бул туурасында нөөмөт (аскердик кезмет), бөлүм боюнча нөөмөтчү (старшина) курал-жаракты жана ок-дарыларды берүү жана кабыл алуу китебине жазууну жүргүзөт. Жүргүзүлгөн жазуу бөлүк боюнча нөөмөттүн жана кароол (аскер кезметинин) башчынын койгон колдору менен ырасталат. Куралдын же ок-дарынын толук эмес тапшырылгандыгы тууралуу бөлүнүштүн (бөлүктүн) командирине билдирилет, командир жетпеген куралды же ок-дарыларды издөө чараларын көрөт.
3. Машиналарды пайдалануу
376. Күжүрмөн кызматтык иштерди камсыздоого дайындалган машиналар (автобронетехника) техникалык жактан оң, тейлөөдөн өткөзүлгөн жана атайын даярдалган болуш керек. Бөлүк боюнча буйрук менен машиналар айдоочуларга бекитилет. Машиналар бөлүктүн командири бекиткен кезмети боюнча берилет. Эгерде бөлүкчөдө машиналар бешке жетпесе - командирдин күжүрмөн кызмат китебине жазган чечими боюнча берилет. Машиналарды парктан (гараждан) кезметсиз (командирдин уруксатысыз) чыгаруу, бөлүктүн (өзүнчө жайгашкан бөлүктүн) командиринин жазуу түрүндө берилген уруксаты боюнча гана чыгарылат. Мындай учурда жолдук баракка "кезметтен тышкары чыкканга уруксат" деген жазуу жазылат.
Айдоочуларда: өзүн күбөлөндүргөн документ, айдоочунун күбөлүгү, машинанын паспортторунун талону, ошондой эле таризделген жолдук барак болуш керек. Айдоочунун өзүнө бекитип берилген машинанын башка бирөөгө берүүсүнө катуу тыюу салынат.
377. Өздүк курамды, камакка алынган адамдарды жана жарылгыч заттарды колонна болуп ташыганда анын жетекчиси болуп офицерлер, ал эми жүктөрдү ташыганда - офицерлер же прапорщиктер дайындалат. Мындай учурларда машинанын жетекчиси болуп офицерлер, прапорщиктер, мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, сержанттар дайындалат. Жүктөрдү бир колонна менен ташыганда машиналарга жетекчилер дайындалбашы мүмкүн.
Өздүк курамды, жүктөрдү жалгыз машинада ташыганда, машинанын жетекчиси болуп офицерлер, прапорщиктер же мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, ал эми эрежеден тышкары катары - сержанттар дайындалат, аларды кароол (аскердик кезмет) башчысы дайындайт.
Колоннанын (машинанын) жетекчиси башкы машинанын кабинасында болуп, машиналардын туура пайдаланышына, айдоочулардын жол эрежесин туура аткаруусуна жана белгиленген маршрутту сактоосуна, ошондой эле машиналардагы өздүк курамдын тартипти жана сактык чараларынын сакталышына жооп берет.
Колонна менен баратканда колоннанын артында техникалык тейлөө машинасы кетет. Колоннаны жол-кайгуул кызматынын кызматчылары узатышат же аскердик жөнгө салуучулар жол маршруттарына коюлат. Колонна радио байланыш каражаттары менен башкарылат.
378. Машиналар белгиленген (көрсөтүлгөн) каттамдар менен жүргүзүлөт. Алардын ар бирине, маршруттун узундугу, жолдордун коркунучтуу участоктору, ички аскерлердин жана ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн (бөлүнүштөрүнүн), май куюу станцияларынын, эс алуу жерлеринин жайгашуусу, ошондой эле акыркы пункттагы машиналардын тизилиш ирээтин көрсөткөн схема түзүлөт. Маршруттун схемасы штаб жана автомобиль кызматы менен түзүлөт жана бөлүктүн командири тарабынан бекитилет. Схема колонна (машина) жетекчисине колонна жылаар астында берилет.
Машиналарга май коюу, техникалык тейлөө, бузук жерлерин оңдоо эс алган жерлерде уюштурулат, зарыл болгондо ички аскерлердин бөлүктөрүндө же жергиликтүү ички иштер органдарында өткөрүлөт.
4. Тамактандырууну уюштуруу
379. Кароолдордун жана аскердик нөөмөттөрдүн өздүк курамы күнүнө үч маал ысык тамак-аш менен камсыздалат. Тамактандыруунун аралык убактысы жети сааттан ашпоого тийиш. Кароолдорду, аскердик нөөмөттөрдү тамак-аш менен камсыздоо тартибин бөлүнүштүн командири күжүрмөн кызматка чечим кабыл алганда аныктайт. Ал эми бөлүк жайгашкан жерден тышкары жакка бараткандарды тамак аш менен камсыздануусун бөлүктүн командири аныктайт.
Бөлүнүштөргө жакын жайгашкан кароолдорго, аскердик нөөмөттөргө тамак-аш бөлүнүштүн ашканасынан, мөөр басылган термостордо медициналык кароодон өткөн, бөлүнүштүн командири дайындаган аскер кызматчылары тарабынан жеткирилет. Термостор бөлүк нөөмөтүнүн (өзүнчө жайгашкан бөлүнүш нөөмөтүнүн) мөөрү коюлуп жабылат. Термостордогу тамакты сактоо эки сааттан (жеткирилген убакыт менен бирге) ашпоого тийиш. Эки сааттан кийин тамак сөзсүз ысытылыш керек. Идиш-аяктар, нандар атайын санитардык-гигиеналык талаптарына жооп берген идиште жеткирилет.
Бир суткага жөнөтүлгөн кароолдорго жана аскердик нөөмөттөргө, күнүмдүк норманын же болсо бөлүктүн көмөкчү чарбасынын эсебинен түнкү убакта ысык тамак берилет.
Кароолго дайындалган офицерлер, прапорщиктер жана катардагы, сержанттык курамда контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчылары азык-түлүк паегунун наркын жана тамак-ашты даярдоо боюнча чыгымдарды белгиленген тартипте алуу менен тамактанууга киргизилет.
380. Кайтарылган объектилер бөлүнүштөрдөн алыс жайгашса, штаттык эмес ашпозчу аскер кызматчысы даярдайт. Мындай учурда кароолдорго азык-түлүк, казан-аяк, суу жана атайын кийим берилет.
381. Бөлүнүштүн жайгашкан пункттарынан абдан алыста кызмат өтөгөн, үч-беш сандагы адамдан турган кароолдор жана аскер кезметтери кургак азык-түлүк паегу, тамак-ашты даярдоо жана сууну жеткирүү каражаттары менен камсыз кылынат. Алар үчүн тамак-ашты даярдоо кызмат өтөөнүн жеринде, медициналык текшерүүдөн өткөн кароолдун (аскердик кезметтин) аскер кызматчысы тарабынан даярдалат.
382. Кароолдордун, аскердик нөөмөттөрдүн курамы жергиликтүү сууну ичкенге же тамак-аш даярдаганга, аны бөлүктөрдүн медициналык кызматкерлери жагынан текшерилип, зыянсыз кылынгандан кийин пайдаланса болот. Күжүрмөн кызмат өтөгөн жерде таза суу жок болсо, кызматка бараткан аскер кызматчыларына кайнак суу куюлган фляга берилет, ал эми тамак даярдаганга керектеле турган суу бөлүнүштөн (бөлүктөн) жеткирилет.
5. Кийим-кече менен камсыздоо
383. Кароолдордун өздүк курамы кароолдук кийимде болуш керек, кароолдук кийим шинелден (күрмөдөн, чолок тондон), таза формалуу кийимден, бут кийимден, башка кийимден, курдан жана окчонтойлордун сумкасынан турат. Аскердик нөөмөттүн формасы бөлүктүн командири аныктайт.
384. Кароолдордо, аскердик нөөмөттөрдө күзөт жана атайын кийим катары тон, кийиз өтүк, жылуу шым, жүн мээлей, капюшондуу брезент плащтар, резинка өтүктөр, халаттар колдонулат.
385. Жайкысын суук шамалда же жаан-чачында кезектеги смен күзөткө шинелдери, кол кабы кийгизилип жөнөтүлөт. Абанын температурасы 15 градустан жогору болсо шинелдерин кароолдук жайдагы илгичке калтырууга уруксат берилет.
Күн бүркөк болсо сменалар күзөттө турганда зарыл болгондо чечүүгө (кийүүгө) боло турган плаш (плащ-чатырлар) менен жөнөтүлөт. Жылытуучу жайлардын ичинде күзөтчүлөр дайыма шинелсиз (бешмантсыз) болот.
386. Чолок тондор, тулуптар жана чокойлорду -5 градустан төмөнкү температурада жана суук шамалда кийүүгө уруксат берилет. Чолок тондорду, резинка өтүктөрдү, жылуу шымдарды, тери кол каптарды кызматка чыгаар алдында бөлүнүштөн кийишет, ал эми чокойлорду кызмат өтөөнүн шартына жараша кароолдук жайдан же бөлүнүштөн кийишет.
Күзөттүк тулуптар шинелдин (бешманттын), ал эми плащтар (плащ-чатырлар) шинелдин же кителдин сыртынан кийилет. Чечилген тулуптар же плащтар (плащ-чатырлар) күзөттүк үстү жабык ачык жайлардын алдына же байкоочу мунарага илинет. Күзөттүк тулуп күзөттү алмаштырып жаткан учурда гана кийилет же чечилет. Күзөттөн кайтып келгенден кийин плащтар (плащ-чатырлар) жана чокойлор чечилип кургатылат.
6. Кароолдорду жана аскердик кезметтерди жайгаштыруу
387. Объекттерди кайтаруу боюнча кароолдор үчүн кароолдук жайлар объекттердин администрациялары тарабынан бөлүнүп берилет. Мында жайлары оңдоо, коммуналдык тейлөөнүн бардык түрлөрү, отун, өрт өчүрүүчү каражаттар, эмерек, буюм-тайым жана жууркан төшөктөр бекер берилет, ал эми иштер аскер бөлүгүнүн күчү менен жүргүзүлөт.
Ички аскерлердин башка бөлүктөрү (бөлүнүштөрү) жайгашкан жерлерде күжүрмөн кызмат өтөп жаткан кароолдор жана аскердик кезметтер бул бөлүктөргө (бөлүнүштөргө), ал эми алар жок жерлерде жергиликтүү ички иштер органдарына жайгаштырылат.
Ички иштер органдары жок калктуу пункттарда кароолдор жана аскердик кезметтер жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашылып, атайын каралган өзүнчө жайларга жайгаштырылат.
388. Кароолдордун жана аскердик кезметтердин жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жол (суу) унаалары менен бөлүктөргө (бөлүнүштөргө) кайтуусунда бардык аскер кызматчылары мүмкүн болушунча бир транспортко жайгаштырылат.
7. Медициналык камсыздоо
389. Кароолдор жана аскердик кезметтер медициналык баштыкчалар жана жекече таңуу баштыкчалары менен камсыз кылынат. Жарадар болууларда жана башка күтүүсүз кырсыктарда өзүнө же бири-бирине жардам көрсөтүү боюнча аларды колдонуунун тартиби жөнүндө нускоолор өздүк курамды кызматка дайындоо боюнча нускоочу сабактардын учурунда фельдшерлер (санитардык инструкторлор) тарабынан жүргүзүлөт.
Кароолдордо күзөткө чыгаардын алдында ар бир күзөтчүгө жекече таңуу баштыкчалары таратылат. Күзөтчүлөр алмашылгандан кийин баштыкчалар тапшырылып, кароол башчынын бөлмөсүндө сакталат.
Аптечка фельдшер (санитардык инструкторлор) тарабынан күн сайын текшерилип жана өз убагында толукталып турат. Бөлүктөр жайгашкан аймактын чегинен тышкары кызмат өтөө үчүн дайындалган кароолдун өздүк курамы кызматка чыгаардын алдында жана кайтып келгенден кийин медициналык кароодон, ал эми зарыл болсо санитардык тазалоодон өткөрүлөт.
390. Өздүк курамдын арасында жугуштуу ооруга кабылганда пайда болгон учурда бөлүктүн (бөлүнүштүн) командири аларды обочолонтуу жана кароолдук жайды инфекциядан арылтуу боюнча чараларды колдонот.
391. Кароолдук жайлардын, атайын автоунаалардын санитардык абалы, ошондой эле жайгаштыруунун абалы, өздүк курамдын тамак-ашынын сапаты, кароолдордогу суунун ичүүгө жарамдуулугу дарыгер (фельдшер) тарабынан айына бир жолудан кем эмес, ал эми өзүнчө жайгашкан бөлүнүштөрдө санитардык нускоочу тарабынан эки жумада бир жолу текшерилип турат.
8. Ветеринардык камсыздоо
392. Күжүрмөн-кызматтык милдеттерди аткарууда колдонулуучу үйрөтүлгөн иттер системалык түрдө ветеринардык кароодон өткөрүлүп турат, алар бөлүк жайгашкан аймактан сырткары узак убакыт жүрүп келгенден кийин кылдат клиникалык текшерүүдөн өткөрүлөт.
Үйрөтүлгөн иттерден кандайдыр бир оорунун белгилери табылган учурларда кароол башчынын иттердин кызматы боюнча жардамчысы, иттердин кызматынын инспектору (таптоочу) ооруган иттерди обочолонтууга, ветеринардык жардам көрсөтүүгө жана бөлүктүн (бөлүнүштүн) командирине баяндама берүүгө милдеттүү болгон кароол (аскердик кезметтин) башчысына тезинен билдирет.
393. Үйрөтүлгөн иттерди кароолдук жайдын тегерегине багуу үчүн сейилдетүү аянтчалары бар атайын кабиналар (убактылуу жайларда - будкалар) орнотулат.
Ит кызматы боюнча нускоочу (таптоочулар) үйрөтүлгөн иттерди багуунун гигиенасын бекем сактоого, аларды суткасына эки жолу тамактандырып турууга, үч-төрт жолу суу ичирүүгө милдеттүү.
394. Транспорттун бардык ар кандай түрлөрүндө үйрөтүлгөн иттерди ташуу кокустуктардын алдын-алуу, ал эми кабанаак иттердин тумшуктарына тумшук кап кийгизүү менен ишке ашырылат. Ит кызматы боюнча нускоочулар (таптоочулар) ошол эле транспортто болуп, иттин абалын мезгил-мезгили менен текшерип турат.
Бөлүк жайгашкан аймактын чегинен тышкары жерлерге үйрөтүлгөн иттерди ташуунун, бардык учурларында бөлүктүн дарыгеринин (фельдшеринин) же мамлекеттик ветеринария уюмунун (мекемесинин) ветеринардык күбөлүгү болуш керек.
9. Өзгөчө кырдаалдар учурунда ооруктук
жана техникалык камсыздоо
395. Өзгөчө кырдаал жана атайын операцияларды жүргүзүү учурларында бөлүктөрдүн (бөлүнүштөрдүн) иш-аракеттерин өз убагында жана толук камсыз кылуу үчүн аскердик оорук командиринин чечимине ылайык уюштурулат. Ооруктук жана техникалык жактан камсыздоону уюштуруу: оорукту даярдоо, анын бардык күч жана каражаттарын жайгаштыруунун, жана кайра жайгаштыруунун тартибин аныктоо, ташып чыгуу жана эвакуациялоонун жолдорун тандоо жана жабдуулоо, ташуунун бардык түрлөрүн камсыздоо үчүн транспорт каражаттарын даярдоо жана пайдалануу, ооруктун өз ара иш жүргүзүүсүн уюштуруу, оорукту коргоо, сактоо жана кайтарууну даярдоо жана ишке ашыруу, жергиликтүү аскердик экономикалык базаны пайдаланууну уюштуруу, оорукту башкаруу системасын жайылтуунун иш-чаралардын топтомун өткөрүү менен аткарылат.
396. Бөлүктүн (бирикменин) командиринин оорук боюнча орун басарынын өзгөчө кырдаалдарда иш-аракет жүргүзүүгө тартылган күч жана каражаттардын курамына жараша карата чечиминин негизинде ооруктук жана техникалык камсыздоонун планы түшүндүрмө кат менен бирге иштелип чыгат.
397. Бөлүк же бөлүнүш өздөрү жайгашкан пункттан сырткары жерлерде тапшырмаларды аткарып жатканда материалдык камсыздоо бөлүнүштөрү тарабынан сакталып жана жеткирилип туруучу материалдык каражаттардын запасын камдап алуулары керек. Запастар чыгымдалуучу жана кол тийгис (күйүүчү-азайтылгыс) бөлүктөргө бөлүнөт. Кол тийгис (азайтылгыс) запастар бөлүктүн командиринин уруксаты менен гана чыгымдалат, ал эми создуктурууга мүмкүн эмес учурда батальондун командиринин уруксаты менен чыгымдалып, бул тууралуу улук командирге (башчыга) баяндама берилет.
Бул запас өздүк курамда (күжүрмөн машинада) бар болгон азык-түлүктүн бир суткалык өлчөмүнөн, солдаттарда, сержанттарда, прапорщиктерде, офицерлерде, пулеметтордо, минометтордо, куралдарда жана күжүрмөн машиналарда бар болгон ок-дарылардын бөлүгүнөн турат.
Аскердик ыкчам резервдердин, курама отряддардын, нөөмөттөгү бөлүнүштөрдүн тийиштүү милдеттерди аткаруусунда аларды камсыздоо үчүн аскердик запастын эсебинен материалдык каражаттардын запасы түзүлөт. Ички аскерлердин командачысынын кырдаалга жараша чыгарган чечими менен бул запастар азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
Ооруктук жана техникалык бөлүнүштөр автоунаалар менен узак жол жүрүүгө, темир жол же аба транспорттору менен ташууларга, талаа шарттарында иштөөгө дайым даяр болуулары керек. Транспорт каражаттары, тамак-аш азыктары, сууну жеткирүү, курал-жаракты оңдоо боюнча көчмө устаканалар, унаалар жана буюм-мүлктөрү кыска мөөнөттүн ичинде пайдаланууга даярдалат. Аскердик бөлүктөр (курама отряддар) зарыл учурларда жетишсиз материалдык каражаттар менен кошумча камсыз кылынат.
398. Материалдык каражаттардын запасын ташыган ооруктук жана техникалык бөлүнүштөр бөлүктүн (курама отряддын) командири тарабынан дайындалган аскердин иш-аракети жүрүп жаткан аймактагы пунктта (жерде) жайгаштырылат.
Эгер кырдаалдын шарты мүмкүнчүлүк берсе, анда ооруктук жана техникалык бөлүнүштөрдү жайгаштыруу, өздүк курамдын жайгашуусу жана тамактануусу. Ички аскерлердин атайын операциялар жүргүзүлүп жаткан аймактагы бөлүктөрүндө (бөлүнүштөрүндө) уюштурулат. Мындай мүмкүнчүлүк болбогон учурда өздүк курамды жайгаштыруу ички иштер органдары жана жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашылып, өзүнчө жайларга же чатырларга жайгаштырылат.
Техникалык камсыздоону уюштурууда машиналарды такай даярдыкта кармоо жана күчтөрдүн жана каражаттардын маневрлери үчүн алардын резервин түзүү боюнча чаралар көрүлөт.
399. Бөлүктөрдө жана бирикмелерде материалдык каражаттарды жеткирүүнү жана эвакуациянын бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында ташуу жана эвакуациялоо жолдору төмөнкүдөй дайындалат жана жабдылат: баш ийген бөлүктөр жайгашкан бардык райондорго материалдык каражаттарды жеткирүүнү, маневр жасоону жана кайра бөлүштүрүүнү камсыз кылуучу, жеткирүүчүнүн бөлүктөрүнүн жана базаларынын кампаларынан баштап бөлүнүштөргө чейинки жол тармагы боюнча.
Материалдык каражаттарды бөлүктөргө (курама отряддарга) өз убагында ташып жеткирүү, ташып жеткирүүнүн жана эвакуациялоонун жолдорун пайдалануу, ошондой эле унаа каражаттарын пайдалануу (анын ичинде төмөн турган звенолордун) бөлүктүн командиринин оорук боюнча орун басарына жүктөлөт. Атайын операцияларды жүргүзүүгө бир нече бөлүктөр (курама отряддар) тартылган учурда мындай жоопкерчилик ички аскерлердин командачылыгынын тиешелүү кызмат адамына жүктөлөт.
Атайын операциянын жүрүшүндө ташып жеткирүү материалдык каражаттардын суткалык чыгымдарын өз убагында толтурууну, белгиленген запасты кармап турууну эсепке алуу менен ишке ашырылат жана уюштурулат.
Запастарды ташып жеткиргенден кийин кайтып келген транспорттук каражаттар биринчи кезекте жарадар болгондорду жана оорулууларды, ал эми алар жок учурда бузук техниканы, курал-жаракты жана мүлктү, ошондой эле идиштерди, таңгактарды эвакуациялоо үчүн пайдаланылат.
Бөлүктөргө (курама отряддарга) материалдык каражаттарды жеткирүүнүн, жарадарларды эвакуациялоонун учурларында зарыл болсо аба транспорттору колдонулушу мүмкүн. Мындай максаттарда конуу аянтчаларын өз убагында даярдоо камсыз кылынат жана ташуу-түшүрүү иштери үчүн тийиштүү күч жана каражаттар бөлүнөт.
400. Бөлүктөрдүн (курама отряддардын) өздөрү жайгашкан пунктка жакын жерде тапшырмаларды аткаруусунда материалдык каражаттар менен камсыздоо түздөн-түз бул бөлүктөрдү кампалары аркылуу, ал эки өздүк курамды тамактандыруу стационардык ашканалар аркылуу ишке ашырылат.
Бөлүк (курама отряд) өздөрү жайгашкан жерден кыйла алыс аралыкта атайын тапшырмаларды аткаруусунда ал жерде ички аскерлердин, ички иштер органдарынын, Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрүнүн кампалары жайгашса курал-жарак, тамак-аш, отун жана башка мүлк менен камсыздоо аталган кампалар аркылуу жүргүзүлөт. Мындай учурда материалдык каражаттарды алуу ички аскерлердин командачысынын (бирикменин командиринин) материалдык-техникалык жана аскердик тейлөө органдарына жөнөткөн сунушу менен тийиштүү керектөө органдарынын кезметинин негизинде жүргүзүлөт.
Зарылчылыктарга байланыштуу тамак-аш, күйүүчү май, отун жергиликтүү бийлик органдарынын чечими менен соода базаларынан жана кампалардан алынат.
401. Өздүк курамдын тамактануусу эч бир кырдаалга карабастан уюштурулат. Суткасына үч жолу ысык тамак даярдалып, бөлүктүн (курама отряддын) командири белгиленген убакта кабыл алынат. Атайын операциянын жүрүшүндө үч маал тамактандырууну уюштурууга мүмкүн болбогон учурларда эки жолу ысык тамак даярдалып, суткасына эки жолу, андан тышкары сутканын нормасынын бир бөлүгү болгон бир жолу кургак тамак берилет.
Чарбалык жана санитардык-тиричилик керектөөлөр үчүн жана таза суу менен бөлүктөрдү (бөлүнүштөрдү) камсыздоо оорук бөлүнүштөрүнүн күч жана каражаттары тарабынан жүргүзүлөт, ошондой эле жабдууланган жана текшерилген суу менен тейлөө пункттары аркылуу ишке ашырылат. Мындай керектөөлөр үчүн башка жактардан суу алууга тыюу салынат. Ичүү үчүн суу кайнатылып берилет. Аскер кызматчылары жекече аскердик фляжкалар менен камсыз болушу керек.
402. Өздүк курамды жуундуруу ички аскерлердин жакын аралыкта жайгашкан бөлүктөрүндө же жергиликтүү мончолордо ич кийимдерин, сүлгүлөрүн жана чылгоолорун сөзсүз түрдө алмаштыруу менен жума сайын ишке ашырылып турат.
Кийимдерди жуу жергиликтүү кир жуучу жайларда уюштурулат, ал эми өздүк курамдын кийимдерин жуу атайын жабдууланган жайларда жүргүзүлөт. Буюм мүлктөрүн жана бут кийимди майда оңдоолорду аскер кызматчылары өздөрү, ал эми орточо оңдоолор аскердик бөлүктөр дайыма жайгашкан жерлердеги оңдоочу устаканаларда жүргүзүлөт.
403. Техниканы тейлөө аскердик курам тарабынан көчмө устакананын адистеринин катышуусу менен командир тарабынан белгиленген убакытта, ал эми күнүмдүк оңдоолор аскердик бөлүктөрдүн стационардык устаканаларында ишке ашырылат.
404. Жарадарларга жана оорулууларга медициналык жардам төмөнкүдөй көрсөтүлөт: биринчи - кагылыш учурунда же жакынкы далдаа жерлерде аскер кызматчыларынын өзүнө-өзү же бири-бирине жардам көрсөтүүсү, аткыч-санитарлар, айдоочу санитарлар, бөлүнүштөрдүн санитарлары же санитардык нускоочулардын бири-бирине жардам көрсөтүүсү; дарыгер келгенге чейинки жардам - батальондордун (курама отряддардын) фельдшерлеринин жардам көрсөтүүсү, дарыгерлик жардам - аскер бөлүктөрүнүн медициналык пункттарындагы стационардык жардам; квалификациялык жардам - ички аскерлердин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, госпиталдарындагы, шаардык, жергиликтүү дарылоо мекемелеринде көрсөтүлөт. Ар бир аскер кызматчысы жекече таңуу пакети менен камсыз кылынат.
405. Аскердик бөлүктөрүнүн (курама отряддардын) эпидемия же эпизоотия жүрүп жаткан аймактарда тапшырмаларды аткаруусу үчүн жаңы аймактагы алгачкы 3-5 сутканын ичинде аскерлерди камсыздоо максатында материалдык каражаттар түзүлөт. Аскер бөлүктөрүндө (курама отряддарда) кетип жаткан аймакта белгиленген запастардан тышкары газдан арылтылган душ орнотмолору, бөлүнүштөрдү, штабдарды жана медицина пункттарын жайгаштыруу үчүн чатырлар, күнүмдүк кийим-кеченин эки комплекти, алмаштырып кийүү үчүн бут кийим, ич кийим жана шейшептер, (кармоо нормасы боюнча), оңдоо каражаттары жана оңдоочу материалдар, жарык берүүчү тетиктер, жуучу жана дат кетирүүчү материалдар бар болушу керек.
Тамактандырууну уюштуруу үчүн бригадалык, батальондук жана роталык азык-түлүк пункттарынан тышкары взвод жана бөлүнүш үчүн тамак-ашты даярдоо жана жеткирүү, суу ташуу жана сактоо пункттары түзүлөт.
Санитардык режимди бекем сактоо боюнча чаралар колдонулат. Тамак-аш даярдоочу орундар бастырмалар менен жабдууланып, курчалып, тамак-ашты тазалоо жана идиш-аяктарды жууш үчүн механикалык эмес жабдуулар менен жабдууланып, камсыз кылынат. Идиш-аяк, ашканалык жабдуулар жана мүлктөр хлораминдин эритмеси колдонуу менен жуулат, андан кийин милдеттүү түрдө 15 мүнөттүк убакыт кайнатуу керек.
Өздүк курамдын мончого түшүшү жума сайын жана ички аскерлердин мончолорунда же орнотулган дезинфекциялык-душтарды пайдалануу менен гана жүргүзүлөт.
Күжүрмөн кызмат өтөө учурунда өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ооруулардын районунда, өздүк курамдын жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрүн максималдуу түрдө чектөө, аскер кызматчыга медициналык байкоолор күчөтүлөт. Оорулуулар жана ооруп баштагандар өз учурунда башкалардан обочолонтулат жана ооруканага жаткырылат. Санитардык-гигиеникалык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын өткөрүлүшүнүн сапатына үзгүлтүксүз контролдоо жүргүзүлөт. Көрсөтүүлөр боюнча кечиктирилгис түрдө антибиотиктер жана дарылык заттар, ошондой эле сактагыч эмдөөлөр менен алдын алуучу иштер өткөрүлөт. Өздүк курам аскердик бөлүктүн такай жайгашкан жерине кайтып келгенден кийин аталган жугуштуу ооруунун инкубациялык мезгилинде тийиштүү диагностикалык жана дарылоо иш-чаралары өткөрүлүп, максималдуу түрдө обочо жайгаштырылат.
1-тиркеме
Объектилердеги кароол жайларын жабдуу үчүн мүлктөрдүн
ТИЗМЕСИ
┌──┬─────────────────────────┬─────┬───────────────────────┬──────────┐
│№ │ Мүлктөрдүн аталышы │Өлчөө│ Кароол жайлары │Пайдалануу│
│ │ │бирд.├───────────┬───────────┤ мөөнөтү │
│ │ │ │ Туруктуу │ Убактылуу │ (жыл) │
│ │ │ │объекттерде│ жана кыска│ │
│ │ │ │ │ мөөнөттүү │ │
│ │ │ │ │ объекттер │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│1 │Аскердик керебеттери │Даана│Кароолдун │ - │ 7 │
│ │ │ │50%не │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│2 │Төрт орундуу, түштөнүүчү │Даана│ 2 │ 1 │ 5 │
│ │гигиеналык жабуусу менен │ │ │ │ │
│ │столдор │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│3 │Бир тумбалуу столдор │Даана│ 1-2 │ 1-2 │ 10 │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│4 │Класстык столдор │Даана│ 1-2 │ - │ 10 │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┴───────────┼──────────┤
│5 │Отургучтар (табуреттер) │Даана│ Кароолдун курамынын │ 4 │
│ │ │ │ үчтөн экисине │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┬───────────┼──────────┤
│6 │Кароолдун курамына │Даана│(отургуч- │(табурет- │ 7 │
│ │тиешелүү өздүк буюмдар │ │тар) шкаф-1│тер) │ │
│ │жана тазалык буюмдары │ │ │тумбочка-1 │ │
│ │үчүн шкафтар │ │ │ │ │
│ │(тумбочкалар) │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│7 │Идиш-аяктар жана │Даана│ 1 │ 1 │ 5 │
│ │тамак-аштар үчүн шкаф │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│8 │Азыктарды иштетүү үчүн │Даана│ 1 │ 1 │ 5 │
│ │өндүрүштүк стол │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│9 │Ичүүчү суу үчүн краны │Даана│ 1 │ 1 │ 5 │
│ │менен бактар │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│10│Тамакты жылытуу (даярдоо)│Даана│ 1 │ 1 │ 5 │
│ │үчүн электрдик (газ) же │ │ │ │ │
│ │от жагылуучу стационардык│ │ │ │ │
│ │плита │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│11│Кийим илгич (кароолдун │Даана│ 1 │ 1 │ 7 │
│ │бардык курамы үчүн) │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│12│Курал үчүн жыгачтан │Даана│ 1 │ 1 │Пирамида- │
│ │пирамидалар (шкафтар, │ │ │ │лар - │
│ │металл ящиктер) │ │ │ │талкалан- │
│ │ │ │ │ │ганга │
│ │ │ │ │ │чейин, │
│ │ │ │ │ │шкафтар │
│ │ │ │ │ │(металл │
│ │ │ │ │ │ящиктер) -│
│ │ │ │ │ │мөөнөтсүз │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│13│Электр кайнаткыч же суу │Даана│ 1 │ 1 │ 2 │
│ │кайнатуу үчүн чайнек │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│14│Дубал сааты │Даана│ 1 │ - │ 10 │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│15│Бөлмө үчүн радио динамик │Даана│ 1 │ - │ 2 │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│16│Суу үчүн графин жана 2 │К-т │ 1 │ - │Мөөнөтсүз │
│ │стакан │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│17│Аптечка │К-т │ 1 │ 1 │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│18│Ички жана сырткы │Даана│ 2 │ - │Талкалан- │
│ │термометрлер │ │ │ │ганга │
│ │ │ │ │ │чейин │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│19│Жуунгуч │Даана│ 1 │ 1 │ 10 │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│20│Түкүрүк үчүн урналар │Даана│ 2 │ 1 │Талкалан- │
│ │ │ │ │ │ганга │
│ │ │ │ │ │чейин │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│21│Кебезден матрастар │Даана│Кароолдун │ - │ 6 │
│ │ │ │курамынын │ │ │
│ │ │ │50%ине │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│22│Шейшептер │Даана│Ар бир │ - │ 1 │
│ │ │ │аскер │ │ │
│ │ │ │кызматчыга │ │ │
│ │ │ │2ден │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│23│Жаздыктын сырткы каптары │Даана│ 2 │ - │ 1 │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│24│Кебез жаздыктар │Даана│ 1 │ - │ 10 │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│25│Жарым жүндүү одеяло, │Даана│ 1 │ - │ 4 │
│ │сүлгү │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│26│Сүлгү │Даана│ 2 │ - │ 1 │
├──┼─────────────────────────┼─────┼───────────┼───────────┼──────────┤
│27│Кондиционер (ысык │Даана│ 2 │ 1 │Талкалан- │
│ │климаттагы райондор үчүн)│ │ │ │ганга │
│ │ │ │ │ │чейин │
└──┴─────────────────────────┴─────┴───────────┴───────────┴──────────┘
Мындан тышкары туруктуу жана убактылуу объекттерде кайтарылуучу объекттердин администрациясы тарабынан кароол жайлары өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыз кылынат, аларга өрт өчүргүч, кум толтурулган ящиктер, суу толтурулган челек, чака, инвентарлар (күрөк, лом, багор); отундун запасы, лампа, керосин, ошондой эле щетка, шыпыргы, балта күрөк, чүпүрөк кирет.
Эскертүү:
1. Кароол жайын армиялык керебеттер жана аптечкалар менен аскердик бөлүк камсыз кылат. Аптечканы комплекттөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин буйругунда каралган нормалар боюнча жүргүзүлөт.
2. Шейшептер, сырткы жаздык каптар, кебез жаздыктар, жарым жүмдүү жууркандар, матрацтар жана сүлгүлөр кайтаруучу объектинин администрациясынан, аскердик бөлүктүн кампасына тикеден-тике бөлүнүш (бөлүк) аркылуу кароолду камсыздоо үчүн берилет.
3. Убактылуу объектилерди күнү-түнү кайтарууда кароол жайлар туруктуу объектидегидей жабдылат.
4. Кароол жайда суу өткөрүүчү түтүк жок болсо жуунгучтар орнотулат.
5. Жарым жүндүү жууркандын ордуна 3 жылдык мөөнөткө түктүү жууркан берилет.
2-тиркеме
Бөлүктөрдүн нөөмөт бөлүнүштөрүнүн жана курама отряддарынын
курал-жарак, техника жана башка материалдык каражаттарынын
ТИЗМЕСИ
┌──┬───────────────────────┬────────────┬──────────┬──────────────────┐
│№ │ Аталышы │ Нөөмөтчү │ Курама │ Эскертүү │
│ │ │ бөлүнүш │ отряд │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│1 │Курал-жарактар: │ │ │ │
│ │тапанчалар, автоматтар,│табель │табель │ │
│ │снайпердик мылтыктар, │боюнча │боюнча │ │
│ │пулеметтор: │ 1 │ 1-2 │ │
│ │РПК, │ 1 │ 3 │ │
│ │ПКТ, КПВТ │ │ 1-2 │Штатта БТР бар │
│ │ │ │ │болсо │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│2 │Ок-дарылар: │ │ │ │
│ │9 мм патрондор │ 16 │ 16 │Ар бир тапанчага │
│ │5.45 (7.62) мм │ 120 │ 120 │ар бир автоматка │
│ │патрондор │ │ │ар бир пулеметко │
│ │7.62 мм мылтыктын │ 240 │ 240 │ар бир снайпердик │
│ │патрондору │ 40 │ 40 │мылтыкка │
│ │ │ - │ 500 │ар бир ПКТга │
│ │ │ - │ 50 │ │
│ │14.5 мм патрондор БЗТ, │ │ │ │
│ │Б-32 │ │ │ │
│ │30 мм реактивдүү │ │ │ │
│ │патрондор: │ │ │ │
│ │ 10 │ │ │ │
│ │ 35 │ │ │ │
│ │ КПВТга │ │ │ │
│ │- кызыл оттуу │ 10 │ 35 │ │
│ │- жашыл оттуу │ 10 │ 35 │ │
│ │- жарык берүүчү │ 10 │ 35 │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│3 │Бронетранспортерлор │ 1 │ 1-2 │Эгер штатта │
│ │ │ │ │каралса. │
│ │ │ │ │Күйүүчү майлоочу │
│ │ │ │ │материалдар менен │
│ │ │ │ │толтурулуп, │
│ │ │ │ │тикелей │
│ │ │ │ │колдонулушу керек │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│4 │Транспорттук │ │ │ │
│ │каражаттар: │ │ │ │
│ │- өздүк курамды ташуу │ 100% │эсептөө │Эгер штат боюнча │
│ │үчүн │ - │боюнча │каралса │
│ │- материалдык │ 1 │100% │ │
│ │каражаттарды ташуу үчүн│ │ 2-3 │ │
│ │- автомайды куюучу │ - │ 1 │ │
│ │техниканы тейлөө үчүн │ │ │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│5 │Күйүүчү (май куюучу │ 1 │ 1 │Май жана │
│ │жайларда): │ │ │майлоочулар- │
│ │ар бир машинанын │ │ │күйүүчүлөр │
│ │багында │ │ │белгиленген │
│ │ │ │ │өлчөмдө │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│6 │Байланыш каражаттары: │ │ │ │
│ │КШМ Р-142Н │ - │ 1 │ │
│ │Р-148 (Р-392) │ 4 │ 12 │ │
│ │коммутатор П-193М │ - │ 1 │ │
│ │талаа кабели П-274М (км│ - │ 2 │ │
│ │менен) │ │ │ │
│ │телефон аппараты ТА-57 │ - │ 5 │ │
│ │телефон катушкалары │ - │ 4 │ │
│ │ТК-2 │ │ │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│7 │Атайын жана өздүк │ │ │ │
│ │сактануу каражаттары: │ │ │ │
│ │- армиялык болот │100% ө/к │100% ө/к │ │
│ │шлемдери │ │ │ │
│ │- коргоо жилеттери │ - │ 15-20 │ │
│ │- резина таяктары │ - │50% ө/к │ │
│ │(ПР-73 буюму) │ │ │ │
│ │- "Черемуха-1" │ - │ 10 │ │
│ │- 10 же 7 │ - │ 20 │ │
│ │- 5 (6 ) │ - │ 20 │ │
│ │- 10 │ - │100% ө/к │ │
│ │- түтүн кол гранаталары│ - │ 20 │ │
│ │- түтүн шашкалар ДМ-11 │ - │ 10 │ │
│ │- кол кишендер │ │25-30 │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│8 │Кызматтык иттер │ - │ 8-10 │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│9 │Иш-аракетти жөнгө │ │ │ │
│ │салуучу каражаттар: │ │ │ │
│ │жөнгө салуучу жезлдер │ - │ 25 │ │
│ │чөнтөк чырактары (жарык│ - │ 50 │ │
│ │(фильтрлүү) │ │ │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│10│Азык-түлүк жана тамак │ - │Курама │ │
│ │даярдоочу каражаттар: │ │отряддын │ │
│ │сүйрөмө ашканасы, │ │санынын │ │
│ │жабдуулар жана │ │эсепке │ │
│ │инвентарлар │ │алуусу │ │
│ │ │ │боюнча │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│11│Биринчи догдурдун │ - │ 1 │ │
│ │жардамын көрсөтүү үчүн │ │ │ │
│ │санитардык автомобили │ │ │ │
│ │УАЗ-452 (УАЗ-469) │ │ │ │
│ │медициналык каражаттар │ │ │ │
│ │жана медициналык │ │ │ │
│ │мүлктүн жыйыны менен │ │ │ │
├──┼───────────────────────┼────────────┼──────────┼──────────────────┤
│12│Медицина мүлк: │ │ │ │
│ │- айылдык участкалык │ - │Врачтын │ │
│ │врач-терапевтин │ │саны │ │
│ │буюмдары │ │боюнча │ │
│ │- медициналык баштык │ 1 │санинст- │ │
│ │(санитардык │ │руктордун │ │
│ │инструктордуку) │ │саны │ │
│ │ │ │боюнча │ │
│ │- фельдшердин баштыгы │ 1 │фельдшер- │ │
│ │ │ │лердин │ │
│ │ │ │саны │ │
│ │ │ │боюнча │ │
│ │- Дитерихстин │ - │ 1 │ │
│ │транспорттук шинасы: │ │ │ │
│ │кол жана буттар │ 2 │ 2 │ │
│ │шиналар; │ │ │ │
│ │- эки илгичтүү металл │ 1 │ 1 │ │
│ │брустары бар │ │ │ │
│ │санитардык носилка; │ │ │ │
│ │- жеке жара таңуучу │ 100% ө/к │100% ө/к │ │
│ │пакеттер (ИПП) │ │ │ │
└──┴───────────────────────┴────────────┴──────────┴──────────────────┘
Эскертүү: Барымтага алган адамдарды бошотуу үчүн кылмышкерлерди кармоо (жок кылуу) тапшырмасын аткарууда эл аралык террордук бандиттик түзүмдөрдүн чабуулун кайтарууда, чыгууну тездетүү максатында курама отрядды камсыз кылууга тамак-аш даярдоо, май куюп берүү жана техникалык жактан кароо боюнча машиналар киргизилбей калышы мүмкүн.