Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 191
«2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган «2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 191 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Иманалиев демилге кылган «2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кепилдиктерди жана компенсацияларды камсыз кылууга багытталган. Мыйзам долбоорунда апрель окуяларында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жабыр тарткандардын статусу, алардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тартибин жана өлчөмүн аныктаган социалдык кепилдикке жана акчалай компенсацияларга болгон укуктары аныкталат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган жарандардын категорияларынын (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аскер кызматчыларын, кызматкерлерин жана билим берүү мекемесинин курсанттарын кошо алганда) укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аларга мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү каралган бир катар нормативдик укуктук актылар кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 «Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда Талас жана Бишкек шаарларында каза болгон жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 1,0 (бир) млн сомдон, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын денесинен өтө оор жаракат алып, жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо 100,0 (жүз) миң сомдон, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республикасынын денесинен оор жаракат алып, жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо 50,0 (элүү) миң сомдон, ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген, денесинен жеңил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апрелине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык сактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо 50,0 (элүү) миң сомдон төлөнүп берилген.
Мындан тышкары 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарына мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы № 124 «2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө» Декрети жана аны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 209 токтому кабыл алынган.
Мыйзам долбоорунун 4 жана 5-беренелеринде ушул Мыйзам каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга колдонулат деп көрсөтүлгөн, ошондой эле аларга төлөнүүчү акчалай жана башка материалдык компенсациялардын өлчөмдөрү жана түрлөрү каралган.
Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретинде курман болгондордун балдарына - алар он сегиз жашка толгонго чейин; пенсия курагына жеткен ата-энелерине (атасына, энесине), курман болгон адам жалгыз бала болгон учурда, - өмүр бою; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп табылган жабыркагандарга - майыптык белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын корутундуларынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин кепилдик кылынган минималдуу кирешенин он эсе өлчөмүндө (3100 сом) кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпул чектелген. 2011-жылдын 1-июлунан баштап кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпулдун өлчөмү айына 3700 сомду түзгөн.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунда апрель окуяларынын катышуучусуна тиешелүү күбөлүк берүү каралган.
2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялардын катышуучуларынын өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-апрелиндеги № 149 «Апрель элдик революциясынын баатыры» атайын төш белгисин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы менен «Апрель элдик революциясынын баатыры» атайын төш белгиси жана белгиленген үлгүдөгү күбөлүк түзүлгөн.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде медициналык текшерүү жана жардам көрсөтүү, протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу; турак-жай аянты, кошумча турак-жай аянты менен камсыз болуу укугун, алар ээлеген мамлекеттик жана коммуналдык турак-жай фондусунун турак-жай аянттарын кайтарымсыз негизде жеке менчикке өткөрүп берүү, турак-жай куруу үчүн жер участогун биринчи кезекте алуу укугун белгилөө сунуш кылынат.
2010-жылдын 24-августундагы № 124 Декретинде Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык тейлөө жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу; соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгон учурда, врачтардын корутундусу менен Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражатынын эсебинен эки жыл бою жеңилдетилген санаториялык-курорттук жолдомолор каралган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар санаториялык-курорттук дарылоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздалышат.
Ошондой эле жабыркаган жарандар иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыздоодо ушул Декретке ылайык артыкчылыктуу укуктарга ээ болушкан.
Курман болгондордун балдары мамлекеттик билим берүү уюмдарында мамлекеттик заказдын жана билим берүү стандарттарынын чегинде орто жана жогорку кесиптик билим алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ; мектепке чейинки балдар мекемелеринде ж.б. орун менен кезексиз камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана майып болгондордун турак-жай шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө; көп кабаттуу турак-жай үйлөрү курулду, квартиралар бөлүштүрүлдү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга атайын типтеги бир нече үйдү куруу пландалууда.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жабыр тарткандарга жана каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардамды толугу менен төлөп берди, ошондой эле мыйзамдарда каралган бардык социалдык төлөмдөр туруктуу негизде төлөнүүдө жана мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнү бардык түрлөрү көрсөтүлүүдө.
Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган «2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка туура келбейт деп эсептейт.