Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-марты № 205
Калкты дары-дармек менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана калктын аялуу топторун социалдык коргоонун натыйжалуулугун жакшыртуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баштапкы деңгээлде жеңилдиктүү дары-дармек менен камсыз кылуу программалары боюнча дарыкана мекемелеринин фармацевтикалык кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишим тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тийиштүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча калкты дары-дармек менен камсыздоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн 50 пайызга көбөйтүүнү;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча калкты дары-дармек менен камсыздоону өз убагында каржылоону.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандык коом, коммерциялык эмес уюмдар, фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөр жана саламаттык сактоо уюмдары менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын ишке ашыруу боюнча өз ара байланышты күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) калкты дары-дармек каражаттары менен камсыздоочу фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү камсыздашсын, ошондой эле айыл жерлеринде дарыкана мекемелер тармагын ачуунун мүмкүнчүлүктөрүн караштырышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте дары-дармек каражаттарына жана фармацевтикалык уюмдар саткан медициналык багыттагы буюмдарга бааны мамлекеттик жөнгө салуу механизмин менчигинин түрүнө карабастан фармацевтикалык кызмат көрсөтүү рыногундагы бааларды стабилдештирүү үчүн иштеп чыксын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
№ _____ | «____»____________20_-ж. |
Мындан ары «Төлөөчү» деп аталуучу, Жобонун негизинде аракеттенген
________________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
________________________________________________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык тармагындагы ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органынын аймактык башкармалыгынын аталышы)
бир тараптан жана мындан ары «Жабдуучу» деп аталуучу Жобонун (Уставдын) жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө 20 __- жылдын «_____» ___________ күбөлүктүн негизинде аракеттенүүчү
________________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
экинчи жактан биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
________________________________________________________________________________________________________________,
1. Төлөөчү тапшырма берип ал эми Жабдуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 28 «Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобого ылайык амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуунун жеңилдетилген программалары боюнча калкты дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.
2. Жабдуучу милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (мындан ары - ММК) жана Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын рецепттери боюнча (мындан ары - МКП) калкка дары-дармек каражаттарын сатат, ал эми Төлөөчү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу кошумча программасы жана Амбулатордук деңгээлде мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча ордун толтуруучу дары-дармек каражаттарынын маалыматнаамасына (мындан ары - Маалыматнаама) ылайык сатылган дары-дармек каражаттарынын наркынын бир бөлүгүнүн ордун толтурат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3. Жабдуучунун укуктары жана милдеттери.
1) Жабдуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- Төлөөчүдөн төлөөгө кабыл алынган ММК жана МКП рецепттери жөнүндө отчетторго ылайык сатылган дары-дармек каражаттары үчүн өз убагында эсептешүүнү талап кылууга;
- рецепттерди кайра карап чыгуу жана анализдөө арызы менен Төлөөчүгө кайрылууга;
- рецепттер боюнча дары-дармек каражаттарын бейтапка же туугандыгын тактаган документи болсо алардын туугандарына гана сатууга;
- Маалыматнаамадагы өзгөрүүлөр жөнүндө Төлөөчүдөн өз убагында маалымат алууга.
2) Жабдуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аймактык таандыктыгы боюнча облустун баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлери тарабынан жазылып берилген ММК жана МКП рецепттери боюнча дары-дармек каражаттарын сатууга;
- дарыкана мекемелери тарабынан дары-дармек каражаттарын сатуу эрежелерин тартипке салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын так сактоого;
- Маалыматнаамада көрсөтүлгөн жана жакын жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкерлери менен макулдаштыкта өзү тейлеген аймактагы бейтаптар үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын түрүнүн болушуна;
- дарыкана мекемесинин соода залында калк үчүн дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылуу боюнча программанын негизинде дарыкана мекемесинин иш жүргүзүүсү жөнүндө Мааламатнаамадан алынган дары-дармек каражаттарынын тизмеси жана дары-дармек менен камсыз кылуу программалары жөнүндө башка маалыматтарды илип коюуга;
- баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлерине дары-дармек каражаттарынын бар же жок экендиги тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип турууга;
- дары-дармек каражаттарын бейтапты буйтап өтүп, медициналык кызматкерлердин колуна берилишине жол бербөөгө;
- мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектердин жана туура эмес таризделген рецепттер боюнча дары-дармектердин сатылышына жол бербөөгө;
- мөөнөтү өткөн, оңдолуп түзөтүлгөн, милдеттүү түрдө толтурулуучу маалымат даректери жазылбаган, ошондой эле дарыгердин жеке мөөрү жана "Рецепттер үчүн" мөөрү басылбаган рецепттерди кабыл албоого;
- сатылуучу дары-дармек каражаттарын айнек үкөккө бааларын көрсөтүү менен коюуга жана баалары өзгөргөн учурда аларды өз убагында жаңыртып турууга;
- рецептте жана баалыкта (ценник) көрсөтүлгөн дары-дармек каражаттарынын ортосунда айырма болушуна жол бербөөгө;
- квартал сайын Төлөөчүгө Маалыматнаамадан алынган дары-дармек каражаттарынын тизмесин чекене баасын көрсөтүү менен берүүгө, ал эми баасы өзгөргөн учурда кошумча тизмени көрсөтүүгө;
- эгерде Жабдуучу Кыргыз Республикасынын аймагында дүңүнөн сатуу ишин жүргүзсө, "Дары-дармек каражаттарына баалардын автоматташтырылган мониторинги" программалык камсыз кылуучу менен жөнгө салынуучу дүң баалардын тизмеси электрондук форматта Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына айына 1 жолудан кем эмес берилүүгө тийиш;
- дары каражаттарынын сатылышына жараша отчеттук айдын аягына чейин рецепттердеги маалыматтар дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылууну программалык жактан теңөөчү маалымат базасына киргизилиши керек жана отчеттор жана рецепттер бекитилген мөөнөттө Төлөөчүгө берилиши керек;
- бекитилген талаптарды бузуу менен толтурулган рецепттер табылган учурда дайыма саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлерине айкын болгон тартип бузуулар жөнүндө маалымат берилиши керек.
4. Төлөөчүнүн укуктары жана милдеттери.
1) Төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- дары-дармек каражаттарынын түрлөрүнүн болушу, Жабдуучу тарабынан дары-дармек каражаттарын сактоо шарттарын жана сатуу эрежелеринин сакталышын текшерүүгө;
- ММК жана МКП рецепттери боюнча берилген отчеттордун аныктыгын текшерүүдө зарыл болсо, маалыматтар так эмес болгон учурда дары-дармек каражаттарын кириштөө-чыгыштоо документтерин суратып алууга;
- оңдолгон, мөөнөтү өткөн ММК жана МКП рецепттерин, сатылган дары-дармек каражаттарын жазып берилген генерикалык аталышына туура келбеген учурда, ошондой эле отчеттук жыл аяктагандан кийин программалык камсыз кылуунун маалыматтык базасына киргизилген рецепттерди төлөмгө кабыл албоого;
- ай сайын төлөмгө берилген рецепттерге, анын ичинде рецепттердеги маалыматтар боюнча дары-дармек каражаттарынын сатылышынын аныктыгына анализ жүргүзүүгө;
- Жабдуучу тарабынан сатылган дары-дармек каражаттарынын ордун толтуруу максатында, кайтарылган жана берилбеген рецепттер боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгерлери менен иш жүргүзүүгө;
- Жабдуучу тарабынан берилген дары-дармек каражаттарынын тизмесиндеги жана рецепттерине көрсөтүлгөн бааларды салыштырууга.
2) Төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- рецепттердеги маалыматтарды автоматташтырылган түрдө кайра иштеп чыгуу жана отчетторду чыгаруу үчүн программалык жактан камсыз кылуу Маалыматтар базасын орнотууга жана колдоого;
- Жабдуучуга Маалыматнаамадагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу маалымат берүүгө сатылган дары-дармек каражаттары үчүн Жабдуучу менен эсептешүү жүргүзүүгө;
- Жабдуучунун жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча ченемдик-усулдук документтер менен камсыз кылууга;
- кабыл алынган рецепттердин санын эсепке алууга жана аларды отчет менен салыштырууга;
- Жабдуучунун арызын өз убагында кароого.
3. Дары-дармек каражаттары үчүн финансылык каражаттарды төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
5. Жабдуучу отчеттук айдын ______ ________ күнүнө чейин төлөөчүгө отчет тапшырат, анда дарыкананын жетекчисинин жана башкы эсепчисинин колу коюлган жеңилдетилген дары-дармек мене камсыз кылуу программалары боюнча дарыкана тарабынан сатылган дары-дармек каражаттарына рецепттердин реестрине киргизилет. Отчет менен бирге өткөн айдын 26сынан отчеттук айдын 25не чейинки мезгилдеги ММК жана МКП рецепттеринин биринчи нускалары отчеттун электрондук версиясы берилет.
6. Төлөөчү рецепттерди жана берилген отчеттук формаларды текшергенден кийин, "Төлөөгө кабыл алынган рецепттер жөнүндө отчетун" жана жүргүзүлгөн өз ара эсептешүү актыларынын негизинде сатылган дары-дармек каражаттары үчүн финансы каражаттарын төлөөнү жүргүзөт.
"Төлөөгө кабыл алынган рецепттер жөнүндө кеңири отчет" Жабдуучуга электрондук форматта, кагаз түрүндө ушул отчеттун жыйынтыктоочу формасы берилет.
7. Сатылган дары-дармек каражаттарынын ордун толтуруу Төлөөчү тарабынан дары-дармек каражаттарынын бирдигинин саны үчүн, Маалыматнаама боюнча ордун толтуруу бааларынын көлөмүндө, курстук дозага туура келгендей, бирок бейтап тарабынан төлөнгөн сумма менен дары-дармек каражаттарынын чекене баасынын ортосундагы айырмадан көп эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.
8. Төмөнкүдөй учурларда:
- оңдоолор жана сүртүүлөр болсо;
- мөөнөтү өтүп кетсе;
- сатылган дары каражаттары дарыгер тарабынан жазып берилген дары каражатына туура келбесе;
- программалык камсыз кылуунун маалыматтык базасына отчеттук жыл аяктагандан кийин киргизилсе;
- камсыздандырылбаган категориядагы бейтаптар үчүн жазып берилген рецепттер төлөөгө кабыл алынбайт жана ордун толтурууга жатпайт.
9. Төлөөчү рецепттер жана отчеттор берилгенден кийин 30 күндөн кечиктирбестен ушул Келишимде бекитилген талаптарды сактоо менен төлөм жүргүзөт.
10. Жабдуучу тарабынан бекитилген отчеттук формалар жана рецепттер өз убагында берилбеген учурда, рецепттер боюнча дары-дармек каражаттары үчүн акы төлөө кийинки отчеттук мезгилде, бирок финансылык отчеттук жылдан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
11. Жабдуучу төмөнкүлөр үчүн жооптуу:
- дары-дармек каражаттарын сатуу эрежелерин айкындалган финансылык укук бузуулардын суммасы үчүн;
- дарыгердин дайындоосу жана рецепти бар болсо да, бейтапты дары-дармек каражаттары менен камсыз кылбагандыгы үчүн;
- дарыгер менен көмүскө бүтүмгө келгендиги жана бейтапка билдирбестен рецепттер боюнча дары-дармек каражаттарын саткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сапатсыз жана мөөнөтү өткөн дары-дармек каражаттарын саткандыгы үчүн.
12. Төлөөчү төлөөгө кабыл алынган рецепттер боюнча өз убагында ордун толтурбагандык үчүн жооп берет.
5. Келишимди өзгөртүү жана токтотуу
13. Бул Келишимдин шарттары тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча өзгөрүшү мүмкүн.
14. Келишим төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
- тараптардын макулдашуусу менен;
- тараптардын биринин жоюлушу менен;
- фармацевтикалык ишкердүүлүк жүргүзүүгө укугу бар лицензиянын мөөнөтү аякташы менен;
- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензиянын жарактуу мөөнөтү аяктаганда;
- жазылып берилген жана сатылган ММК жана МКП рецепттерин көзөмөлдөөнүн жана экспертизанын жүрүшүндө айкындалган, дары-дармек каражаттарын сатуу эрежелери бузулган учурларда.
15. Ушул Келишим бузулган учурда Тараптар Келишим бузула турган күнгө 30 күн калганга чейин билдириши керек.
16. Ушул Келишим мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу же мөөнөтүнөн мурда бузулса Төлөөчүгө отчеттор берилгенден кийин 30 күндөн кечиктирбестен Тараптар бири-бири менен өз ара акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзөт.
6. Башка шарттар
17. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү.
18. Келишимге төмөнкүлөр тиркелет:
1) Жабдуучу үчүн:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Амбулатордук деңгээлде мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын Маалыматнаамасы;
- жеңилдетилген шартта дары-дармек каражаттарын сатуу жана төлөө тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары;
- аймактык таандыктыгын аныктоочу рецепттердин серияларынын тизмеси.
2) Төлөөчү үчүн:
- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензия (Төлөөчүнүн жооптуу кызматкери тарабынан түп нуска менен салыштырылып текшерилген көчүрмө);
- бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү салык төлөмдөрү боюнча карызы жок экендигин тастыктоочу маалымкат;
- Маалыматнаамадан алынган дары-дармек каражаттарынын тизмеси, бааларын көрсөтүү менен.
19. Ушул Келишим боюнча келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер тараптар тарабынан биргелешип сүйлөшүү жолу менен чечилет. Талаш маселелерди жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбосо, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте чечилет.
20. Жабдуучу аймакка таандык белгиси боюнча рецепттерди жана отчетторду төлөөгө берет.
7. Келишимдин иштөө мөөнөтү
21. Бул Келишим Тараптар кол койгон учурдан баштап күчүнө кирет жана 20__-жылдын "__" __________________ чейин күчүндө болот.
22. Тараптардын билдирүүсү болбосо бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна салык төлөө боюнча карызы жок экендиги тууралуу жаңыртылган маалыматты тиркөө менен Келишим узартылышы мүмкүн.
8. Тараптардын реквизиты
Төлөөчү |
| Жабдуучу: |
_________________ |
| _________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |
Эскертүү: зарыл болгон учурда Тараптар бейтаптардын укугун коргоого багытталган толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.