Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №28
Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388, 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.
3. (Утратил силу в соответствии с постановлением Правительства КР от 28 июня 2013 года № 388)
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында:
- 39-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ДКны жана МББны эсепке алуу, сактоо жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.".
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри |
Ө. Бабанов |