Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 136
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493, 2025-жылдын 30-майындагы № 299 токтодормунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 28 "Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-пунктундагы "камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция" деген сөздөр "өнүктүрүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жободо:
- 10-пунктундагы ", Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан," деген сөздөр "жана" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун биринчи абзацындагы ", Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин" деген сөздөр алып салынсын;
- 38-пунктунда:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензиянын болушу;";
2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 50-пунктундагы "үйүнүн дареги же" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 205 "Калкты дары-дармек менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баштапкы деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуунун жеңилдетилген программалары боюнча дарыкана мекемелери тарабынан фармацевтикалык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимде:
- 14-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензиянын жарактуу мөөнөтү аяктаганда;";
- 18-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга лицензия (Төлөөчүнүн жооптуу кызматкери тарабынан түп нуска менен салыштырылып текшерилген көчүрмө);".
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |