Загрузка документа…
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 24-июнундагы № 372, 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666, 2017-жылдын 28-октябрындагы № 708 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин ишин уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент) өз ишин социалдык-маданий маанидеги объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо жана инженердик инфраструктура объекттерин, ошондой эле турак жайларды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жаатында ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Презиндентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган гербдүү мөөрү жана штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилген мүлктөргө оперативдүү башкарууну ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди ишке ашыруу жана аларды тескөө укугуна ээ.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаментинин укуктук мураскери болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 28.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти";
расмий тилде: "Департамент жилищно-гражданского строительства при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департаменттин максаты
8. Департаменттин максаты социалдык-маданий багытындагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо жана инженердик инфратүзүм объекттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайларды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди, билим берүү жана саламаттык сактоо объекттерин, өнөр-жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин, ошондой эле турак жай курулуш объекттерин республикалык бюджеттин каражаттарынын жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Департаменттин функциялары
10. Департамент жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча "Бирдиктүү заказ берүүчү" функцияларын аткаруу;
- долбоорлоочу жана подряддык уюмдарды архитектуралык жана инженердик пландоо шарттары (АПТ жана ИПТ), ошондой эле типтүү, жеке жана кайра колдонулуучу долбоорлорду ыңгайлаштыруу үчүн бардык керектүү маалыматтар менен камсыздоо;
- долбоорлоочу уюмдар менен долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдоо жана берүү графигин макулдашуу, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу, газ менен камсыз кылуу, электрэнергия менен камсыз кылуу, жылуулук берүүнү, ысык жана муздак суу менен камсыз кылууну, канализацияны, радио жана телефон каналдарын эксплуатациялоочу уюмдар менен макулдашуу, тийиштүү органдардан курууга уруксат алуу;
- долбоорлоо-сметалык документацияларга ылайык курулуштун, реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун мөөнөтүн жана сапатын техникалык регламенттердин шарттарын жана курулуштагы сейсмикалык нормаларды сактоо менен камсыздоо, долбоорлоо-сметалык документацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жумушчу чиймелери, иштин көлөмү өзгөртүлгөн учурда тийиштүү органдар менен макулдашуу;
- курулуш-монтаждоо, берүү-жөнгө салуу жана башка түрдөгү иштерди башкарууну уюштуруу жана камсыздоо, курулуш объектилерди эксплуатацияга киргизүүгө даярдоо;
- курулуп бүткөн объектилерди кабыл алуу иштерине катышуу жана аларды эксплуатациялоочу уюмдарга тапшырып (өткөрүп) берүүнү жүзөгө ашыруу;
- капиталдык курулуш объекттерин техникалык кайра жабдуу (комплекттөө), ошондой эле бул объектилерди жабдуулар жана курулуш материалдары менен камсыз кылуу;
- курулуп, реконструкцияланып жана капиталдык оңдолуп бүтпөгөн объектилерди консервациялоо учурунда, подрядчы менен бирге объекттин сакталышын камсыздоочу тийиштүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тендерлерди уюштуруу жана өткөрүү;
- КРӨМАнын тапшырмасы боюнча объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо менен байланышкан иштерди аткаруу;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 708 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- долбоорлоочу, куруучу уюмдар жана курулуш жабдууларын жана материалдарын жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
2) мониторинг жүргүзүү жана координациялоо функциялары:
- бюджеттик жана бюджеттик эмес каржылоодо белгиленген чектерде подряддык иштердин капиталдык салымдары боюнча объекттердин тизмесин даярдоо;
- колдонулуучу капиталдык салымдар боюнча отчеттуулукту жүргүзүү;
- турак жай курулушун өнүктүрүү жана турак жай рыногун түзүү, турак жай маселелерин чечүүгө жаңы мамилелерди ишке ашыруу программалары боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү программасынын аткарылышын координациялоо;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы архитектура жана курулуш органдары, долбоорлоо жана подряддык уюмдар, заказ берүүчүлөр-инвесторлор менен бирге өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666, 2017-жылдын 28-октябрындагы № 708, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Департаменттин укуктары
11. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жооп берүүчү катары чыгууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарына, прокуратура органдарына, сот органдарына курулуш подряддык келишимдин шарттарын бузгандыгы, долбоордон четтөө, ченемдик укуктук актылардын, ченемдик-техникалык документтердин талаптарын сактабагандыгы жана курулуш-монтаждоо жана башка иштерди сапатсыз аткаргандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды жана доо арыздарын жиберүүгө жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик баалуу кагаздар менен иштөөнү жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте чет элдик инвестицияларды тартууга жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча заказ берүүчүнүн ролун аткарууга;
- турак жай, социалдык, өнөр-жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин куруу үчүн белгиленген тартипте жер участокторун тескөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча КРӨМАнын директору тарабынан кызматка дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
14. Директор:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Департаменттин финансы-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек маянасына үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- айрым иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашырууга керектүү документтерге кол коет;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык уюмдарында жана мамлекеттик органдарында Департаменттин кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктөрдү жана финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансы-чарбалык иштерге толук жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин алдында аймактык түзүмдөр уюшулушун учурда, алар жөнүндө жобону КРӨМАга бекитүүгө берет.
7. Департаменттин мүлкү
14. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
16. Департаментти өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.