Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 25-сентябры № 634
Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
"Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркемеге ылайык, Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өз компетенцияларынын чегинде товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, географиялык көрсөтмөлөрдө, юридикалык жактардын аталыштарында "Манас" терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкалыштарын пайдалануу жөнүндө маселелерди чечүүгө укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |