Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 360
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 553, 10 декабря 2015 года № 851 , 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Көмүр казуу тармагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, көмүр казуучу ишканалардын өндүрүштүк-чарбалык иштерин координациялоо, ички рынокту ата мекендик көмүр менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Көмүр» жана «Кара-Кече» мамлекеттик ишканаларын бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - «Кыргызкөмүр» МИ) «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын жана «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп эсептелээри аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөрдү аткараары белгиленсин:
- калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетика комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо бөлүгүндө көмүр казуучу тармактын мамлекеттик саясатын алга жылдырууну жана аткарууну ишке ашыраары;
- калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетика комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо бөлүгүндө тиешелүү келишимдерди түзгөн көмүр тармагынын ишканаларына көмөк көрсөтөөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" МИснин тиркелген уставы бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Кыргызкөмүр» МИсинин пайдалануусуна Ош шаары, Алишер Навои көчөсү, 54 дареги боюнча жайгашкан Ош шаарындагы имаратты өткөрүп берсин.
6. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 89 ««Кара-Кече» көмүр кенинин Борбордук участогун иштетүүнү мамлекеттик колдоо жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 137 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Кече» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 215 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Көмүр» мамлекеттик ишканасы жөнүндө» токтому.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 553 , 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) көмүр казып алуу тармагында мамлекеттик саясатты алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу, ички рынокту ата мекендик көмүр менен камсыздоо бөлүгүндө көмүр казып алуучу ишканалардын өндүрүштүк-чарбалык ишин координациялоо максатында түзүлдү.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюштуруусу болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине (мындан ары - Министрлик) түздөн-түз баш ийет.
Министрлик Ишкананын ишин жалпы жетекчиликке алат жана координациялайт.
4. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизденген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген, өз алдынча балансы болгон юридикалык жак болуп эсептелет, обочолонгон мүлкү бар жана өз ишин өзүн-өзү актоо негизинде жүргүзөт.
Ишкана чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбайт.
5. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде штампы жана мөөрү, ошондой эле бланктары жана башка атрибуттары болот.
Ишкана өз ишин мыйзамдын талаптарына жана ушул Уставга так шайкештикте ишке ашырат.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие «Кыргызкомур» при Министерстве энергетики и промышленности Кыргызской Республики.
Ишкананын турган орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көч., 119.
7. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Ишкананын ишинин максаты көмүр казып алуу тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык демилгелерин алга жылдыруу жана аткаруу болуп саналат.
9. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетика комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо бөлүгүндө көмүр казуучу тармактын мамлекеттик саясатын алга жылдыруу жана аткарууну ишке ашыруу;
- калкты, бюджеттик уюмдарды, ошондой эле отун-энергетика комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыздоо бөлүгүндө тиешелүү келишимдерди түзгөн көмүр тармагынын ишканаларына көмөк көрсөтүү.
10. Коюлган милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:
- көмүр казып алуучу ишканалар тарабынан көмүр казып алуунун көлөмүн көбөйтүүгө багытталган ишти жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы кен чыккан жерлерден казылып алынган көмүрдү керектөөгө отун-энергетикалык комплекстин өтүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-аракеттерди ишке ашырат;
- «Кара-Кече» көмүр кенинен Борбордук бөлүгүн иштетүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
- белгиленген тартипте көмүр казып алат, кайра иштетет, ылгоо жүргүзөт, концентрат жана көмүрдүн кайра иштетилген продуктуларын чыгарат;
- көмүр казып алуучу ишканаларга бекитилген кен казуу иштеринин жылдык планына ылайык кен өткөөлүн жана кен ачуу иштерин жүргүзүүнүн илимий-негизделген ыкмасы боюнча методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуучу ишканаларына көмүрдү чалгындоо, казып алуу, сактоо, ташуу жана сатуу, ошондой эле брикеттер, катанкалар жана көмүрдөн башка продукцияларды иштеп чыгаруу боюнча илимий-негизделген, техникалык саясатты аныктоодо методикалык жана техникалык-экономикалык жардам көрсөтөт;
- илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгат жана көмүр казып алуучу ишканаларга көмүрдү коопсуз казып алуу боюнча практикалык кызмат көрсөтөт;
- көмүр казып алуучу ишканаларга көмүр кени чыккан жерлерди изилдөө жана иштетүү боюнча илимий негизделген долбоорлорду даярдоодо жардам көрсөтөт;
- көмүр казып алууну көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуучу ишканаларынын арасында капиталдык салымдарды, кайтарма бюджеттик каражаттарды жана кредиттерди бөлүштүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликке киргизет, ошондой эле алардын пайдаланылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуу тармагында келечектүү ишканаларды модернизациялоого жана андан ары өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттардын түзүлүшүн камсыз кылат;
- белгиленген тартипте көмүр казып алууну жана Кыргыз Республикасынын ички рыногунда да, ошондой эле анын чегинен сырткары да менчигинин түрү ар кандай болгон жеке жана юридикалык жактарга сатууну ишке ашырат.
11. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттүү болууга, бардык юрисдикцияда сотто доогер жана жоопкер болууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды, башка мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга, мыйзамда белгиленген тартипте Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык жана мүлктүн менчик ээси менен макулдашуу боюнча юридикалык жактардын уюштуруучусу болууга, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин окутуу, консультация берүү жана . башка максаттар үчүн макулдашуу боюнча акы төлөө менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
- Ишкананын тапшырмасын аткарган адамдарды, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга ж.б.у.с. катышуу үчүн командировкага жиберүүгө;
- Ишкананын каражаттарынын эсебинен кызматкерлерди кошумча адистиктерге окутууга, алардын билим деңгээлин жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыйгарым укуктарынын чегинде тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүгө;
- эмгек макулдашуулары, мөөнөттүү эмгек келишимдери, подряддык келишимдерди, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди жалдоо жана жумуштан бошотуу тартибин аныктоого, жумуш убактысын жыйынтыктап эсепке алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Ишкананын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарында каралгандан төмөн эмес эмгек акы тутумун аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык дем алуу күндөрдү жана эмгек өргүүлөрүн берүү тартибин белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө.
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык кызматкерлерди социалдык камсыздоого, социалдык камсыздандырууга кепилдик берет.
13. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
Ишкананын кызматкерлерине коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана жумуш берүүчүнүн күнөөсү боюнча алардын ден соолугуна жана эмгек жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын чарбасындагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин милдеттүү социалдык камсыздандырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликке жана башка мамлекеттик органдарга өз убагында отчет берүүгө.
14. Ишкананы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (мындан ары - Фонд) сунушу боюнча Министрлик сунуштаган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор жетектейт.
Башкы директор кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте укуктарга жана милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат, ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Башкы директордун орун басары Министрликтин сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 553 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Башкы директор:
- Ишкананын ишин жетектейт;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын көрсөтөт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банк жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана анын ишинин жыйынтыгына жоопкерчилик тартат;
- директордун орун басарынын, башкы бухгалтердин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Ишкананын штаттык расписаниесин жана жалпы санын министрдин бекитүүсүнө берет;
- Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызмат орундар номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Ишкананын иши жөнүндө Министрликке отчет берет;
- Уставга ылайык Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн тиешелүү башка иш-аракеттерди аткарат.
16. Ишкана Министрлик тарабынан бекитилген өз алдынча иштелип чыккан иш пландардын (келечектүү, жылдык жана учурдагы) негизинде өз ишин жүргүзөт.
17. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарбакер субъекттер менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
18. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык чарба жүргүзүү укугунда ага таандык мүлккө ээ жана пайдаланат.
Мүлктү пайдалануунун негизи болуп уюштуруучунун жеке менчиги болуп эсептелген жана ал тарабынан мыйзамдарда каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объектилерине, негизги каражаттарга жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
19. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртмө каражаттар, ошондой эле Ишкананын балансында чагылдырылган, ага кирген түзүмдөрдүн өндүрүштүк ишине зарыл материалдык баалуулуктар түзөт.
Ишкананын негизги фонддорун, жүгүртмө каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлктү уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана алууга жол берилет.
20. Ишкананын мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Ишкананын ишмердүүлүгүнөн алынган кирешелердин;
- чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн;
- мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын.
21. Жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза кирешесинин 50дөн кем эмес пайызы отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулууга жатат.
22. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна ага таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарба коомдорунун жана шериктиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары коюуга же башка жол менен менчик ээсинин макулдугусуз ушул мүлктү тескөөгө укугу жок. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген учурлардан тышкары Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык калган мүлктү ал өз алдынча тескейт.
23. Чарба ишинин жыйынтыгында Ишкана тарабынан алынган жана 21-пунктта каралган тиешелүү төлөмдөрдөн кийин Ишканада калган кирешелер, ошондой эле жеке каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк Ишканага таандык жана анын балансында эсептелет.
24. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин жыйынтыктарына ыкчам чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт.
25. Ишкана белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө зарыл маалыматтарды берет.
Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жүрүшүн контролдоо Министрлик тарабынан ишке ашырылат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Министрликтин чечими боюнча Ишкананын каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
26. Ишканада бухгалтердик отчеттуулуктун маалыматтарынын тууралыгына жооптуу адамдар мамлекеттик менчикти уурдоону жашыруу максатында отчетту бурмалоого жол бергенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
27. Ишкананы өзгөртүп уюштуруу (бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү, кайра өзгөртүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
28. Ишкананын ишинин токтотулушу уюштуруучунун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.
29. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.