Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 62 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-июну № 438
2012-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Орто мөөнөттүү келечекте өлкөнү туруктуу экономикалык өнүктүрүү жана 2012-жылга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин келечектүү багыттарын аныктоо үчүн базалык шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2012-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат көңүлгө алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- 2012-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүн төмөндөөсүн толтуруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн, кендерди пайдаланууга берүү, токтоп турган жана толук эмес камсыздалган ишканаларды ишке киргизүү, айыл чарбасында талаа иштерин өз учурунда жүргүзүү, курулуш көлөмдөрүн жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүн көбөйтүү боюнча чараларды керүү жолу менен экономикалык өсүш үчүн тармактардын кошумча резервдерин издеп табышсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине бир жумалык мөөнөттө мониторинг жүргүзүү үчүн мөөнөттөрүн жана эсептик маалыматтарын (чараларды көрүүнүн эсебинен күтүлүүчү көлөмдөрдү) так көрсөтүү менен, экономикалык өсүштүн төмөндөөсүнө байланыштуу компенсациялык чаралардын оперативдүү планын беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоо үчүн мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте инфляция деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган макулдашылган, бирдиктүү акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
1. Негизги макроэкономикалык параметрлери
1.1. Ички дүң продуктунун (ИДПнын) көлөмү
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын I кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы өлкөнүн экономикасы бир ири ишкананын ишине көз каранды экендигин көрсөттү, ага болгон жогорку көз карандылык анын өндүрүш көлөмү азайган учурда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбай калуу тобокелдигин туудурат, ал өз кезегинде мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз каржылоого терс таасирин тийгизет.
2012-жылдын I кварталында «Кум-Төр» кенин иштетүүчү ишканалардын өндүрүш көлөмүнүн кескин түшүп кеткендигинин эсебинен, өсүштүн болжолдогу маанисинин ордуна экономикалык өсүш басаңдады, казып алуу олуттуу кыскарып, 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 45,4 % га төмөндөдү. 2012-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП) УСКнын алдын ала баасы боюнча 50,8 млрд. сом суммасын түздү, 2011-жылдын январь-март айларында 0,6 % га реалдуу өсүштүн ордуна, мында ИДПнын көлөмүнүн азайышы 6,8 % ды (93,2 %) түздү. «Кум-Төр» кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшү 104,5 % ды түздү, ошол эле учурда 2011-жылдын тийиштүү мезгилинде ушул көрсөткүч 102,1 % ды түзгөн. ИДПнын дефлятору 14,3 % тин деңгээлинде түзүлдү.
ИДПнын көлөмү калктын жан башына эсептегенде 9,6 миң сомду түздү жана 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 8,1 % га кыскарды.
ИДПнын көлөмүнүн азайышынын негизги себеби «Кум-Төр» кенинин карьеринин түштүк-чыгыш бөлүгүндө муздун жана бош тектеринин жылышынын күчөгөндүгү болду, бул курамында алтыны көп SB зонасынын участогуна пландаштырылган кирүүнүн токтоп турушуна алып келди. Ошондуктан, мурункудай эле «Кум-Төрдүн» өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүдө таасири чоң, анын өнөр жайындагы салыштырма салмагы 37,5 % ды түзүп жогору бойдон калууда.
Үч айдын жыйынтыгы көрсөткөндөй, экономиканын «Кум-Төрдөн» ашыкча көз каранды экендиги өлкөнүн экономикалык коопсуздугунан шек туудурат. Мындай жагдайда экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, өлкөнүн жана айрым региондордун туруктуу экономикалык өсүшүн камсыздоо жана жарандардын бакубат жашоосун жогорулатуу максатында экономиканы диверсификациялоонун жана модернизациялоонун максаттуу мамлекеттик саясаты өтө зарыл болуп турат. Түзүлгөн мындай кырдаалда экономиканы диверсификациялоонун аркасынан ИДПнын түзүмүндө «Кум-Төрдүн» үстөмдүк кылуучу үлүшүн азайтуу эң маанилүү.
Продукция өндүрүүнүн натуралай көлөмүнүн өсүшүнө, иштетүүчү өнөр жайынан башка экономиканын бардык секторлору жетишти, андагы экономикалык өсүштүн темпинин басаңдашы металлургия секторундагы өндүрүүнүн олуттуу кыскарышы менен шартталган.
ИДПга өнөр жайынын терс салымы (-) 8,6 пайыздык пунктта бааланат. ИДПнын көлөмүндө 50 % дан көбүн ээлеген кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн он салымы 2,1 пайыздык пунктта бааланат. Айыл чарбасынын жана курулуштун ИДПга суммардык он салымы 0,45 пайыздык пунктта бааланат, мындагы бул секторлордун салымынын абдан төмөнкү көрсөткүчү мезгилдүүлүктү түзгөндүгү менен мүнөздөлөт (1-таб. караңыз)
1-таблица
ИДПны түзүүчү секторлор боюнча өсүштүн түзүмү жана темпи
Көрсөткүчтөр | январь-март 2011 ж. | январь-март 2012-ж. | |||||
Факт. | ИДПга карата %менен | Факт. | ИДПга карата % менен | Болжол | Четтөө (+/-) | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү | |
ИДП млн. сом менен | 47660,0 | 100 | 50751,6 | 100 | 48799,5 | 1952,1 | -6,8 |
өсүш темпи, % | 100,6 |
| 93,2 |
| 93,3 | -0,1 |
|
Айыл чарбасы, млн. сом менен | 4041,0 | 8,5 | 5800,4 | 11,4 | 4927,7 | -872,7 | 0,09 |
өсүш темпи, % | 100,4 |
| 101,0 |
| 101,1 | 0,1 |
|
Өнөр жайы, млн. сом менен | 13898,2 | 29,2 | 9983,4 | 19,7 | 10943,4 | -960 | -8,59 |
өсүш темпи, % | 102,4 |
| 70,6 |
| 68,8 | 1,8 |
|
Курулуш, млн. сом менен | 1461,1 | 3,1 | 1741,1 | 3,4 | 1869,0 | -127,9 | 0,37 |
өсүш темпи, % | 79,3 |
| 112,0 |
| 120,2 | -8,2 |
|
Кызмат көрсөтүүлөр млн. сом менен | 22631,5 | 47,5 | 25632,5 | 50,5 | 26634,9 | -1002,4 | 2,14 |
өсүш темпи, % | 101,2 |
| 104,5 |
| 105,3 | -0,8 |
|
Продуктыларга таза салыктар, млн. сом менен | 5628,2 | 11,8 | 7594,2 | 15,0 | 6030,5 | 1563,7 | -0,80 |
ИДПнын номиналдуу түзүмүндө товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 6,2 % азайган жана 34,5 % ды түздү. Ошол эле учурда айыл чарбасынын үлүшү 2,9 % га көбөйгөн жана 11,4 % ды түзгөн, курулуш тиешелүүлүгүнө жараша 0,3 % га көбөйгөн жана 3,4 %ды түзгөн, ал эми өнөр жайдын үлүшү тескерисинче 9,5 %га азайган жана 19,7 % ды түзгөн.
Кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 3 % га өскөн жана 50,5 %ды түзгөн. Ошол эле учурда сооданын, авто унааларды, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуудагы предметтерди оңдоонун үлүшү 0,4 % га өскөн жана 16,7 % ды түзгөн, транспорт жана байланыш - 0,7 % га өскөн жана 10,7 % ды түзгөн.
2012-жылдын январь-март айларындагы ИДПнын иш жүзүндө түзүлгөн реалдуу өсүшү 0,1 п.п. болжолдонгон деңгээлине жетпегендигин белгилеп кетүү керек.
Отчеттук мезгилде негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү түзгөн негизги факторлордун катарына төмөнкүлөрдү киргизсе болот:
Тышкы:
Жагымдуу факторлор
• Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдөгү туруктуу экономикалык өсүш (Россия-4,1 %; Казакстан-4,6 %; Өзбекстан-7,5 %, Кытай-8,1 %);
• 1598 ден 1662,5 АКШ долларына чейин бир троя унциясы үчүн алтындын баасы өсүп (2012-ж. январь-март.), 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 22 % га көбөйгөн;
• Евросоюз өлкөлөрүнүн карыздар рыногунун турукташуусу, ата мекендик продукцияга болгон суроо-талаптын өсүшүнө алып келди, (алтынды эске албаганда алыскы чет өлкөлөргө болгон экспорт алдын ала эсептөөлөр боюнча 14 % га өскөн, атап айтканда Германияга - 2,5 эсе, Болгарияга - 1,3 эсе, Францияга - 5 эсе);
• импорттолуучу кантка, өсүмдүк майына, күрүчкө унга бажы алымдарынын алынып салышы жана соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдөн май алынуучу өсүмдүктөр өндүрүшүнүн жогорулашы;
• негизги соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдө инфляциянын көрсөткүчтөрүнүн басаңдашы (Казахстан - 1,1 %, Россия - 1,5 %, Кытай -3,6 %о, Европалык зона - 2,7 %).
Жагымсыз факторлор:
• Ички рыноктун азык-түлүк товарларын импорттоого көз карандылыгы (ун, өсүмдүк майы, кант, акшак ж.б.);
• Нефтиге болгон баанын бир баррель үчүн 107,1 АКШ долларынан 122,8 АКШ долларына чейин өсүшү (2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 12,2 % га жакынды түзөт).
Ички:
Жагымдуу факторлор:
• инфляциянын төмөнкү деңгээли, ал калктын кирешелеринин реалдуу өсүшүн шарттады (керектөө бааларынын индекси (мындан ары- КБИ) өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда - 100,6 %);
• товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүшү (орточо эмгек акынын 35,0 % га өсүшү; керектөө кредиттеринин 47 % га өсүшү);
• экономикага кредиттердин 5 % га өсүшү, «Фермерлерге арзан кредиттер-2» программасын ишке ашырылышы;
• энергия булактарынын, газдын баасынан башка баалардын стабилдүү деңгээли;
• ишкердик субъекттери үчүн салыктык жеңилдиктер (мисалы КНС төлөөчүлөр үчүн сатык салыгын акырындап азайтуу жана дотациядагы жана өзгөчө жеңилдиктер берилген региондордо иш жүргүзгөн өнөр жай ишканалары үчүн жеңилдиктерди берүү, ошондой эле ишкерлер тарабынан мектепке чейинки жеке мекемелерге, билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жумшаган каражаттарга салыктык жеңилдиктерди берүү; түздөн-түз өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары ж.б. үчүн текстиль, тигүү, эмерек жасоо тармагында колдонулуучу жабдууларды ташып келүүдө бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу
• коррупцияны жана көмүскө экономиканы азайтуу максатында текшерүүлөрдү, лицензиялардын санын жана мамлекеттик жөнгө салуунун башка чараларын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүүнүн шарттарын жөнөкөйлөштүрүү;
• лизингге айыл чарба техникаларын берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүштүрүү.
Жагымсыз факторлор:
• агро өнөр-жай комплексин (жазгы-талаа жумуштарынын 15-20 күнгө кечигиши, жем-чөптүн жетишсиздигинен малдын кырылышы), өнөр жай өндүрүшүн (металлургиялык өнөр жайда «Кум-Төр» кенинин карьеринин түштүк-чыгыш бөлүгүндө муздун жана бош тектердин жылышынын күчөгөндүгүнөн улам дээрлик 2,6 эсе) өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген жаратылыштык-климаттык шарттар;
• бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкалар (19,7 % - орточо белгиленген пайыздык ставка);
• 2012-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен обьекттерди куруунун Программаларын каржылоонун кармалып туруусу.
1.2. Керектөө бааларынын индекси
2012-жылдын январь-март айларында инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси, (2011-жылдын декабрына Караганда 2012-жылдын мартында % менен) 100,9 % ды түздү, ал 2011-жылдын ушул мезгилинде 106,4 % ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2011-жылдын январь-мартына карата 2012-ж. январь-мартында) 102,1 % ды түздү, 2011-жылы ушундай көрсөткүч 120,3 % ды түзгөн.
2-таблица
Көрсөткүчтүн аталышы | Ченөө бирдиги | январь-март 2012-ж. | январь-март 2011-ж. | Фактыдан четтөө (+,-) | Кварталга болжолдуу көрсөткүчтөр | Фактыдан четтөө (+,-) |
Керектөө бааларынын индекси(өткөн жылдагы декабрына % менен) | % | 100,9 | 106,4 | 5,5 | 103,6 | -2,7 |
Жалпысынан баалардын түзүлгөн деңгээли төмөнкүлөр сыяктуу негизги факторлордун таасири алдында түзүлдү:
- ички рынокто негизги азык-түлүк товарларына (нан азыктарына жана акшактарга, өсүмдүк майына жана тоң майга, кантка) баалардын төмөндөшү;
- ички рынокто азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын бир аз өсүшү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жакшы түшүмдүүлүгүнүн эсебинен Кыргыз Республикасы үчүн импортко көз каранды дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы (Россия, Казахстан) туруктуу баалар;
- азык-түлүк товарларынын дүйнөлүк рынокторундагы баалардын бир аз өсүшү (ФАОнун маалыматтары боюнча азык-түлүктүн дүйнөлүк баалары 2012-жылдын март айында февраль айынан бери өзгөрүүсүз калган. Марттагы индекс 216 пунктту түзгөн, бул февралдагы көрсөткүчтөн 1 пунктка жогору);
- газдын болгон баасынан башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын туруктуу деңгээли;
- ички рынокто бензинге баалардын төмөндөшү жана дизелдик майдын баасынын жогорулашы (КРнын рынокторунда дизелдик күйүүчү майдын дүң жана чекене бааларынын жогорулашынын себеби өндүрүүчү заводдор тарабынан өткөрүү бааларынын жогорулашы болуп саналат);
- чийки нефтиге (Urals) дүйнөлүк баалардын өсүшү март айынын жыйынтыгы боюнча бир баррель үчүн 117,2 АКШ долларына чейин, Brent маркасынын марттын жыйынтыгы боюнча бир баррель үчүн 122,8 АКШ долларына чейин өсүшү, бул Ливиядагы окуяларга жана Ирандан нефти ташып чыгууга эмбарго менен байланыштуу;
- азык-түлүк товарларына (жемиштерге, жашылчаларга, эт жана сүт продукцияларына) баалардын мезгилдүү өзгөрмөлүүлүгү;
- негизги соода өнөктөшү болгон-өлкөлөрдө - инфляциянын орточо өсүшү.
Маалымат үчүн: негизги соода өнөктөшү болгон-өлкөлөрдөгү инфляция төмөнкүдөй мүнөздө түзүлдү (2011-ж. декабрына Караганда 2012-ж. мартында): Казахстан - 1.1 %, Россия - 1,5 %. Кытай - 3.6 %, Европалык зона - 2,7 %.
2012-жылдын январь-мартында азык-түлүк товарларына (нан азыктарына жана акшактарга, өсүмдүк майына жана тон майга, кантка) баалардын басаңдагандыгы байкалган. Монетардык эмес факторлор жалпы керектөө себетте 46,2 % негизги үлүштү ээлеген тамак-ашка жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын динамикасын-баалардын азайышын аныктоочу маанилүү факторлор болуп саналат.
Тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын индекси (2011-ж. декабрына Караганда 2012-ж. мартында) 0,6 % га төмөндөгөн, 2011-жылы бул көрсөткүч 12,2 % га жогорулаган. Товарлардын бул топтордогу баалардын түзүлүшүнө буудайга жана аны кайра иштетүүнүн продуктыларына баалардын төмөндөшү таасир берди. Ошентип, «нан азыктары жана акшактар» топторундагы баалар 3,8 %га төмөндөдү бул өндүрүүчү -өлкөлөрдө (Россияда, 2011-жылы дан эгиндеринин жана буурчак дандарынын дүң жыйымы 93,8 млн. тоннадан ашык болгон; Казакстанда 2011-жылы рекорддук түшүм алынган-таза салмакта дээрлик 27 млн. тонна) бай түшүм алынышына байланыштуу биринчи сорттогу-унга 9,2 % га, жогорку сорттогу-унга 3,5 % га, нанга-1,9 % га баанын төмөндөшүнүн эсебинен болгон. Соода өнөктөштүгүнүн өлкөлөрүнөн импорттолуучу кантка, өсүмдүк майына, күрүчкө, унга жана жогорку өндүрүштөгү өсүмдүк майларына бажы алымдарын алып салуунун эсебинен өсүмдүк майына жана тоң майга 1,0 % га, кантка - 0,2 % га баа төмөндөдү.
Ошол эле учурда мезгилдүү өзгөрүүлөрдүн таасири менен болуп өткөн жашылча-жемиш продукцияларына баалардын 3,2 % (мөмө-жемиштер - 1,6 % га, жашылчалар - 3,9 %га), мал чарбасынын тоютуна баалардын көбөйүшүнүн жана мезгилдүү фактордун эсебинен этке - 0,3 %га жана сүт продукциялары 1,1 %га жогорулагандыгы байкалат.
Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын индекси (керектөө себетинде салыштырма салмагы 9,6 %ды түзөт) 1,2 % га жогорулады, анын ичинен алкоголдук ичимдиктерге 1,2 % га, жана тамеки буюмдарына 1,2 % га жогорулады.
Азык-түлүк эмес товарларга 2,6 % га жогорулаган баалардын орточо өсүшү байкалды (керектөө себетинде салыштырма салмагы 29,7 %ды түзөт), (2011-жылы 1,5 % га жогорулаган). Жалпысынан азык-түлүк эмес товарларга баалардын өсүшү негизинен «кийим жана бут кийим» тобунун - 4,2 % га, күндөлүк турмуштун предметтери-2,7 % га кымбатташынан улам түзүлгөн.
2012-жылдын январь-мартында күйүүчү-майлоочу материалдарга баалар (2011-жылдын декабрына Караганда) 2,4 % га төмөндөдү, анын ичинде бензинге 2,7 % га, ошол эле учурда дизелдик күйүүчү отунга-1,4 % га кымбаттады, бул Россия Федерациясынын фермерлери жана дыйкан чарбалары үчүн дизелдик күйүүчү отун (30 % га жакын) олуттуу арзандатуу менен сатыла турган, жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу Россиянын рынокторундагы жайкы дизелдик күйүүчү отундун тартыштыгынан улам, өндүрүүчү заводдордо түзүлгөн өткөрүү баасынын жогорулашы менен шартталган, андыктан бул жоготуулар тышкы рынокторго, анын ичинде Кыргыз Республикасына экспорттоонун эсебинен компенсацияланат.
Каралып жаткан мезгилде кызмат көрсөтүүлөргө баалар (керектөө себетинде салыштырма салмагы 14,5 % ды түзөт) жалпысынан 1,6 % га өскөн, 2011-жылы бул көрсөткүч 2,5 %ды түзгөн. Бул топтун бааларынын жалпы өсүшүнө айрыкча чоң салым ресторандардын жана мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн-5,5 % га, эс алуу жана маданий иш-чараларды уюштуруу-2,6 % га кымбатташынан улам киргизилген. Саламаттыкты сактоонун амбулатордук кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасынын 6,4 % га өскөндүгү белгиленди.
1.3. Акча-кредиттик саясат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук Банкынын аракеттери акча-кредиттик шаймандарды колдонуу аркылуу инфляциянын монетардык факторун кармап турууга багытталган, мында биринчи кезектеги милдет адекваттуу инфляциялык күтүүлөрдү түзүү жана банктык системаларга ишенимдерди калыбына келтирүү болуп саналат.
КРнын УБнын аналитикалык маалыматтары боюнча 2012-жылдын январь-март айы үчүн акча базасы 1,9 % га азайып, 2012-жылдын март айынын акырында 53,8 млрд. сомду түзгөн (2011-жылдын ушул мезгилинде акча базасынын азайышы 7,2 %ды түзгөн). Жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 2012-жылдын 1 кварталынын акырында, үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 3,1 % га кыскарып 48,3 млрд. сомду түзгөн, (2011-жылдын ушул мезгилинде жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 5,6 % кыскарган.).
Банк системасынын аналитикалык балансынын алдын ала маалыматтары боюнча банктан тышкаркы накталай акчаны жана улуттук валютадагы депозиттерди өзүнө камтыган М2 акча агрегаты 2012-жылдын март айынын аягында каралып жаткан мезгилде 0,7 %га көбөйүп, 62,6 млрд. сомду түзгөн (2011-жылдын январь-мартында М2 акча агрегаты 4,8 % га кыскарган).
2012-жылдын башынан тартып М2Х (М2 + чет өлкөлүк валютадагы депозити) кеңири акча массасынын көлөмү 1,8 % га көбөйүп, марттын. аягында 81,0 млрд. сомду түздү (2011-жылдын салыштырмалуу мезгилинде М2Х 3,7 % га кыскарган). Ошол эле учурда депозиттердин көлөмү 8,1 % га, 34,9 млрд. сомго чейин өскөн1 ал эми банктардан тышкаркы акчанын көлөмү 2,5 % га, 46,0 млрд. сомго чейин кыскарган (2011-жылдын январь-мартында банктан тышкаркы акчанын көлөмү 5,9 % га, ал эми депозиттердин көлөмү - 0,4 %га кыскарган).
________________________________________
1 Банк системасынын аналитикалык балансынын маалыматтары боюнча ал өзүнө жеке жана юридикалык жактардын депозиттерин гана камтыйт, ал эми башка финансы-кредиттик мекемелердин депозиттери, ошол эле учурда Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттери кирбейт.
Экономикага кредит 2012-жылдын I кварталынын акырында, каралып жаткан мезгилде 5,0 % га көбөйүп 35,0 млрд. сомду түзгөн (2011-жылдын январь-мартында экономикага кредит 2,8 %га өскөн).
2012-жылдын 31-мартына карата абал боюнча кредит боюнча орточо белгиленген пайыздык ставкалар мезгилдин акырында 19,7 % ды (анын ичинде улуттук-валютада-22,2 %, чет өлкөлүк валютада - 17,7 %) түздү. 2012-жылдын январь-мартында кайрадан берилген кредиттер боюнча орточо белгиленген пайыздык ставкалар - 20,3 % ды (анын ичинде улуттук- валютада-20,3 %, чет өлкөлүк валютада-20,3 %) түздү
3-таблица
Акча-кредиттик саясаттын негизги көрсөткүчтөрү
мезгилдин акырында
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Ченөө бирдиги | Иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр март 2012-ж. | Өткөн мезгилдин көрсөткүчтөрү 2011-ж. декабрь | Абсолюттук өзгөрүүлөр | Фактыдан четтөө (+,-) % |
Акча базасы | млн. сом | 53781,6 | 54803,2 | -1021,6 | -1,9 |
Жүгүртүүдөгү акча | млн сом | 48339,4 | 49866,9 | -1527,6 | -3,1 |
Банктардан тышкаркы акчалар (МО) | млн. сом | 46029,9 | 47219,6 | -1189,7 | -2,5 |
Акча массасы (М2)* | млн. сом | 62557,5 | 62125,3 | 432,2 | 0,7 |
Акча массасы (М2Х)* | млн. сом | 80950,0 | 79527,8 | 1422,2 | 1,8 |
М2Х* кирген депозиттер | млн. сом | 34920,2 | 32308,2 | 2612,0 | 8,1 |
Экономикага кредит* | млн. сом | 34998,8 | 33321,9 | 1676,9 | 5,0 |
Алмашуу курсу | сом/долл. АКШ | 46,8275 | 46,4847 | 0,3428 | 0,7 |
* алдын ала маалыматтар
Эл аралык резервдердин көлөмү 2012-жылдын 31-мартына карата, 2012-жылдын башынан тартып 27,6 млн. АКШ долл. же 1,5 % га көбөйүп 1862.1 млрд. АКШ долларын түздү. 2012-жылдын башынан берки мезгилде тартып эл аралык резервдердин көлөмүнө төмөнкүлөр таасир этти: өлкөнүн ички рынокторунда жүргүзүлгөн КРнын УБнын валютанын операциялары; эл аралык резервдерди башкаруудан алынган кирешелер; эл аралык резервдердин курамына кирген валюталардын курстарынын алмашуусу; баалуу металлдарга баалардын өзгөрүүсү; Кыргызстандын ички рыногунда алтын сатып алуу боюнча операциялар; донор-өлкөлөрдөн КРнын Өкмөтүнүн пайдасына валюталык каражаттардын келип түшүүсү; Кыргыз Республикасынын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөөлөр.
Алмашуу курсу. 2012-жылдын январь-мартында КР Улуттук банкынын сатып алуу көлөмү - 4,8 млн. АКШ долларын, ал эми сатуунун көлөмү-35.1 млн. АКШ долларын түзгөн. Банктар аралык валюталык рынокто таза сатуу 30,3 млн. АКШ долларын түзгөн (2011-жылдын I кварталында чет өлкөлүк валютанын таза сатылышынын көлөмү 62,5 млн. АКШ долларын түзгөн).
2012-жылдын башынан бери кыргыз сомуна карата АКШ долларынын расмий курсу 0,7 % га, 2012-жылдын январынын башындагы АКШнын 1 доллары үчүн 46,4847 сомдон март айынын аягында 46,8275 сомго чейин көбөйдү.
КРнын УБ сомдун АКШ долларына карата алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жоюунун тажрыйбасын карманууга жана зарыл болгон учурда ички валюталык рынокко катышууга ниеттенүүдө.
Банк системасын1 өнүктүрүү
2012-жылдын 29-февралына2 Кыргыз Республикасынын аймагында 22 коммерциялык банк3 (Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошо) жана коммерциялык банктардын 254 филиалы иштеген.
2011-жылдын ушул мезгилинде ошондой эле 22 коммерциялык банк ишин жүзөгө ашырышкан.
2012-жылдын 29-февралына карата банк системасы 308,1 млн. сом өлчөмүндө жалпы таза пайда (2011-жылы пайда-191,0 млн. сом) алган.
Банк системасынын суммардык активдери жыл башынан тартып 3,4 % га көбөйгөн жана 69,0 млрд. сомду түзгөн.
Банк системасынын жалпы депозиттик базасы 1 жыл башынан тартып 3,3 % га көбөйүп жалпысынан 41,63 млрд. сомду түзгөн, анын ичинде:
- ишканалардын жана калктын депозиттери жыл башынан бери 4,0 % га өсүп, 33,44 млрд. сомду түздү;
- банктардын жана башка финансылык кредиттик мекемелердин депозиттери жыл башынан бери 4,0 % га өсүп, 3,51 млрд. сомду түздү;
- бийлик органдарынын депозиттери жыл башынан бери 1,7 % га төмөндөп, 4,68 млрд. сомду түздү.
Кредиттик союздардагы депозиттик базанын жалпы көлөмү2-2010-жылдын жыйынтыгы3 менен салыштырганда 486,2 миң сомго же 1,4 % га көбөйгөн жана мезгилдин аягында 35461,5 миң сомду түзгөн (2010-жыл үчүн депозиттердин көлөмү 34975,30 миң сомду түздү.).
Жыл башынан бери банк системасы боюнча юридикалык жактардын депозиттери боюнча өсүш - 3,2 % га; жеке жактардын депозиттери боюнча өсүш - 4,7 % болгондугу байкалды, бул өлкөнүн калкынын / үй-чарбалары тараптар жалпы банк системасына ишенимдин сакталышын чагылдырат.
Жеке жана юридикалык жактардын депозиттерин «долларлаштыруунун» деңгээли жалпысынан 2012-жылдын 29-февралына карата 53,6 % ды түзгөн (жыл башынан бери 06 пайыздык пунктка төмөндөгөн).
Банк системасынын клиенттерине берилген кредиттин көлөмү (кредит боюнча карыздардын калдыгы) жыл башынан бери 0,9 % га көбөйүп жалпысынан 2012-жылдын 29-февралына карата 31,42 млрд. сомду (2011-ж. акырында-31,14 млрд. сом) түзгөн.
Банк системасынын кредиттик портфелинде жалпысынан 2012-жылдын 29-февралына карата классификациялаган кредиттердин үлүшү 10,4 % ды же 3,27 млрд. сомду (2011-жылдын аягында - 10,2 % же 3,17 млрд. сом) түзгөн. Мындан тышкары 2012-жылдын февралында мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин жыл башындагы 2,42 млрд. сомдон 3,15 млрд. сомго же 30,1 %га өсүшү уланып жаткандыгы белгиленди.
Банк системасынын клиенттеринин кредиттери «долларлаштыруунун» деңгээли жыл башынан бери 0,7 пайыздык пунктка көбөйүп, жалпысынан 2012-жылдын 29-февралына карата 55,9 % ды түздү.
Банктык эмес финансылык кредиттик мекемелердин (БЭФКМ) кредиттик портфели 2010-жылдын1 жыйынтыгы менен салыштырганда 4,6 млрд. сомго же 42 % га көбөйүп 15,7 млрд. сомду (2010-ж. 31.12. карата кредиттик портфель-11,1 млрд. сом) түздү.
2011-жылга БЭФКМдин кредиттери боюнча орточо түзүлгөн пайыздык ставкалар: Кредиттик союздарды колдоо боюнча Финансылык компаниянын кредиттери боюнча (КСКФК) - 15,8 %, чакан финансылык уюмдардын кредиттери боюнча (ЧФУ) - 38,3 % жана кредиттик союздардын (КС) кредиттери боюнча - 29,0 %. 2010-жылдын орточо түзүлгөн проценттик ставкасы тиешелүүлүгүнө жараша: КСКФК - 15,5 %, ЧФУ - 38,8 % КС - 30,7 % ды түздү.
КРнын Улуттук банкы тарабынан белгиленген эсептөөлөр үчүн колдонулуучу экономикалык ченемдер банк системасынын Таза суммардык капиталынын (TCK) көрсөткүчү жалпысынан жыл башынан бери 0,4 млрд. сомго же 2,8 % га көбөйүп (2011-ж. акырында TCK 13,43 млрд. сомду түзгөн) 2012-жылдын 29-февралына карата 13,80 млрд. сомду түздү.
2012-жылдын 29-февралына карата банк системасы боюнча таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү, норматив боюнча 12 % болсо, 30,8 % ды түздү (2011-жылдын акырында - 30,3 % түзгөн).
Банк системасынын таза пайдасын түзүү төмөнкүлөр менен коштолду: 2012-жылдын 29-февралына карата коммерциялык банктардын суммардык кирешеси 3,56 млрд. сомду, суммардык чыгымы-1,38 млрд. сомду түздү. Ошол эле учурда суммардык кирешелерде2 пайыздык кирешелер 31,6 % ды түздү, пайыздык эместери - 68,4 % ды түздү (2011-жылдын ушул мезгилинде бул катыш тиешелүүлүгүнө жараша 72,1 % жана 27,9 % ды түзгөн). Суммардык кирешелердин түзүмүндөгү мындай маанилүү өзгөрүү чет өлкөлүк валюта менен болгон операциялардан кирешелер (19 эседен көбүрөөк) олуттуу өскөндүгүнө байланыштуу (банк системасындагы «Казкоммерцбанк-Кыргызстан» ААКсынын бардык өсүшү - 58,4 % жана «Демир КИБ» ЖАКнын өсүшү - 18,0 %) болуп өттү. Суммардык чыгымда айрыкча көп үлүштү администрациялык жана операциялык чыгымдар (62,9 %), ошондой эле пайыздык чыгымдар (26,7 %) түздү. Банк Системасынын суммардык чыгымдарындагы пайыздык эмес чыгымдар 2,9 % ды түздү. Потенциалдуу зыяндарды резервдик тындырууга кеткен чыгымдардын жана суммардык чыгымдардын түзүмүндөгү пайдага салыктын салыштырма салмагы тиешелүүлүгүнө ^ жараша 4,7 % жана 2,8 % ды түзүштү.
2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда кирешелер 26,8 % га жана чыгашалар 20,7 % га көбөйгөндүгү белгиленди. Чыгашалардын көбөйүшү жалпысынан администрациялык жана операциялык чыгымдардын 12,5 %га көбөйгөндүгүнө байланыштуу.
2012-жылдын 29-февралына карата банк системасынын активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 2,7 % ды, ал эми салынган капиталга кирешелүүлүк (ROE) - 14,0 % ды түздү.
2012-жылдын 29-февралына карата финансылык ортомчулуктун (активдер / ИДП) жалпы деңгээли 25,0 % ды (2012-жылдын башында-24,4 %) түздү.
______________________________
1 2012-ж. 29-февралына карата алдын ала маалыматтар
2 Маалыматтар коммерциялык банктардын регулятивдик отчеттуулуктарына ылайык келтирилген
3 2010-жылдын 1-ноябрынан тартып «Азия Универсал Банк» ААКсы Банк системасынан банкротчулук жол-жоболоруна жана консервациялоо режимин токтотууга иш козгоо тууралуу соттун чечимине байланыштуу (КРнын УБнын башкармалыгынын 2010-ж. 01.11. № 83/1 токтомуна ылайык) чыгарылган. КРнын УБнын башкармалыгынын 2010-ж. 16.12. № 91/1 токтомуна ылайык лицензия алган «Залкар Банк» 2010-ж. 24.12.тартып банк системасына киргизилген.
1 Бул категорияга ишканалардын жана калктын депозиттери, банктардын жана ФКМдердин депозиттери, ошондой эле бийлик органдарынын депозиттери кирген.
2 2011 - ж. 31.12. карата депозиттер 12 кредиттик союзду тартат (КРнын УБнын лицензияларынын негизинде).
3 Кредиттик союздар квартал сайын 12-күнгө чейин депозиттик базанын көлөмү боюнча маалымат бергендиктен 2011-ж.31.12. карата маалымат берилди.
1 ЧФУ жарым жылдык негизде Мезгилдүү регулятивдик отчеттуулукту (МРО) бере тургандыгын жана кредиттик портфелдин үлүшү банктык эмес мекемелердин бардык кредиттик портфелинин 92,0 % ээлей тургандыгын эске алып БЭФКМдин кредиттик портфели боюнча маалымат 2011-ж. жыйынтыгы боюнча берилди.
2 Суммардык кирешелердин жана суммардык чыгашалардын түзүмүн эсептөөдө «чет өлкөлүк валюталар менен операциялардан кирешелер / чыгашалар» нетто-негизде «таза» түрдө колдонулду.
2.Реалдуу сектордун өнүгүшү
2.1. Өнөр жайы1
2012-жылдын январь-мартында өнөр жай ишканалары тарабынан 28,2 млрд. сом суммада продукция өндүрүлгөн, мында өндүрүштүн көлөмү
2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда төмөндөгөн жана 72,3 % ды түздү. «Кум-Төр» кенин иштетүүчү ишканаларды эске албаганда-17,6 млрд. сом, же реалдуу өсүш 117,2 % ды түздү.
ИДПны түзүүдө өнөр жай өндүрүшүнүн терс салымы, «Кум-Төр» кенин иштетүүчү ишканаларды кошо алганда, (терс салым (-)10,5п.п.), салмактуу болуп саналат жана (-) 8,6 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат. ИДПны өндүрүү түзүмүндө өнөр жайынын салыштырма салмагы 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9,5п.п. азайып 19,7 % ды түздү.
Өнөр жай продукциясынын заттык көлөмүнүн өсүшү Ысык-Көл облусунан башка республиканын бардык региондору тарабынан жетишилди. 2012-жылдын январь-мартында өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн реалдуу өсүшү Жалал-Абад (113,7 %), Нарын (115,2 %), Талас (132,5 %) облустарынын Бишкек (117,8 %) жана Ош (136,4 %) шаарларынын чарба субъекттери тарабынан камсыздалды. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнө негизги салымды адаттагыдай эле Ысык-Көл (19,8 %), Чүй (35,1 %), Жалал-Абад (12,1 %) облустары жана Бишкек шаары (23,8 %) кошкон, алардын 2012-жылдын январь-мартынын жыйынтыгы боюнча кошкон үлүшү 90,8 % ды түздү. Ысык-Көл облусунда «Кум-Төр» кенин иштетүүчү ишканаларда өндүрүүнүн төмөндөшүнүн эсебинен мамлекеттеги өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү төмөндөгөн жана 38,8 % ды түзгөн, өнөр жайында анын салыштырма салмагы 37,5 % ды түзүп, жогору бойдон калууда.
Андыктан өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүдө «Кум-Төрдүн» таасири мурдагыдай эле зор.
2012-жылдын январь-мартында өнөр жайынын негизги секторлорунда жагдай төмөнкүдөй мүнөздө болду:
4-таблица
(пайыз менен)
Аталышы | 2012-ж. январь мартында өнөр жай-н жалпы көлөмүндө салышт. салмак | 2012-ж январь-мартында, алдын-ала Факт | 2012-ж. январь-мартында, факт. | Факт-н четтөө <+,-) | 2012-ж. январь-мартына, болжолдуу көрсөт-р. | Болжолдон четтөө (+,-) |
Өнөр жайы, бардыгы | 100,0 | 72,3 | 101,4 | -29,1 | 72,4 | -0,1 |
Анын ичинде: «Кум-Төр» кенин иштетүүчү ишканаларды эске албаганда | 62,5 | 117,2 | 111,9 | 5,3 | 118,2 | -1,0 |
«Кум-Төр» кенин иштетүү боюнча ишканалар | 37,5 | 34,2 | 92,6 | -58,4 | 40,3 | -6,1 |
Иштетүү өнөр жайы | 66,9 | 57,3 | 95,7 | -38,4 | 62,7 | -5,4 |
Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү | 30,4 | 124,0 | 127,7 | -3,7 | 119,7 | 4,3 |
Кен казуу өнөр жайы | 2,7 | 96,3 | 126,6 | -30,3 | 103,2 | -6,9 |
2012-жылдын январь-мартында өнөр жай өндүрүшүнүн иш жүзүндөгү көлөмү болжолдогу деңгээлге жеткен жок 0,1 % (4-табл. караңыз).
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда олуттуу төмөндөшү иштетүү өнөр жайында өндүрүүнүн көлөмүнүн кыскарышы менен шартталган.
__________________
1 Иштетип алма чийки затты эсепке албастан.
(1) Иштетүү өнөр жайында, өнөр жай продукцияларын өндүрүүдө эң жогорку салыштырма салмак (66,9 %) менен өндүрүштүн көлөмүн кыскартууга терс таасир көрсөткөн негизги тармактар төмөнкүлөр болду:
• металлургиялык өндүрүш (61,4 % га кыскарган);
• башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү (13,3 % га кыскарган).
Өнөр жайынын жалпы көлөмүндө айрыкча кеп (38,9 %) салыштырма салмакты ээлеген металлургиялык өндүрүштүн көлөмүн кыскартууга таасир эткен негизги себептер төмөнкүлөр болуп калды:
- «Кум-Төр» кенинин карьеринин түштүк-чыгыш бөлүгүндө муздун жана бош тектердин жылышынын күчөгөндүгү, бул SB зонасында-курамында алтыны көп участокко пландаштырылган кирүүнү токтотууга алып келген, мында казып алуу 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 45,4 % ды түзүп, олуттуу кыскарган;
- өткөн жылдардын кенди-даярдоо жумуштарынын артта калуусу жана «Макмал» кенинде кайра иштетилүүчү кенде металлдын аз болушу;
- «Терек» кенинин жер алдындагы участогунда кен-геологиялык шарттардын татаалдыгы, иштетилген жерлердин үстүнөн, иштетилген кендин кыйроосу жана кулашы;
- жабдуулардын заттык эскириши, кен техникаларын жана «Солтон-Сары» кенинде КрАЗ өз төгүүчү авто унааларды капиталдык оңдоолор жана жаңыртуунун зарылдыгы.
Курулуш материалдары тармагында (салыштырма салмагы - 2,8 %) өндүрүштүн 13,3 % га кыскарышы курулуш комплекстери жана калк тарабынан алардын реалдуу керектөөлөрүнүн сезондуулугу менен мүнөздөлгөн курулуш материалдарына болгон тапшырыктын азайышынын эсебинен болуп өткөн. Цемент өндүрүү 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 73,2 % ды түзүп, 31,3 миң тоннага, асбест цемент буюмдары 303,4 миң тактага (35,9 %) азайган.
Иштетүү ишканаларынын ишинин натыйжаларына оң таасир эткен факторлордун катарына текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн (өнөр жайынын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы - 4,1 %) ишканаларынын туруктуу иштөөсүн киргизүү зарыл, мында чыгарылган продукция 37,6 %ге реалдуу өстү. Текстиль-тигүү өндүрүшүндө айрыкча чоң салыштырма салмакты тигүү өндүрүшү-76,2 %, ээлейт, мында ич кийим, трикотаж, машина жана кол менен токулган кийимдерди өндүрүүнү 15,7 эсе, свитер, жемпер, пуловер, кардиган, жилеттерди жана трикотаж, машина менен жана кол менен токулган ушундай кийимдерди 1,6 эсе көбөйүүнүн эсебинен үстүбүздөгү жылдын январь-март айында 1,4 эсе көбөйгөн.
Тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини өндүрүүдө (салыштырма салмагы - 12,5 %) мында кантты өндүрүү - 4,4 эсе, этил спиртин - 2,8 эсе, бардык түрдөгү сырды - 1,6 эсе, нанды-2,6 эсе көбөйүшүнүн эсебинен 3 % га көбөйгөн продукция чыгаруунун реалдуу өсүшү байкалууда,
Химия өндүрүшүндө полимерлердин негизинде боёк жана лактарды 12.2 % га жана көмүртек диоксидин - 1,6 эсе өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен өндүрүш көлөмү 27,7 % га көбөйдү. Бул тармакта өндүрүш көлөмүнүн өсүшү 2009-жылдын январь айынан бери токтоп турган «Кыргыз химия металлургиялык заводу» ААКсына жаңы инвесторлордун келиши менен монокристалл кремнийди өндүрүүнү жандандырууга байланыштуу.
Ошондой эле чакан кубаттуулуктагы трансформаторлордун өндүрүшүн - 1,5 эсе жана чыңалуу лампаларын чыгарууну - 6,0 %, машиналарды жана жабдууларды өндүрүү - 1,7 эсе, резина жана желим буюмдарын 26,2 %, тери, тери буюмдарын жана бут кийим чыгаруу - 27,3 % га өсүшүнүн эсебинен электр, электрон жана оптикалык жабдууларды өндүрүүнүн көлөмүнүн 4,5 % өсүшү белгиленди.
(2). 2012-жылдын январь-мартынын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө (салыштырма салмагы 30,4 %) электр энергиясын иштеп чыгууну - 19,5 % га, электр энергиясын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү - 47,8 % га жогорулатуунун эсебинен продукциянын көлөмү 24,0 % га реалдуу өсүш темпи менен 8,6 млрд. сомду түздү.
2012-жылдын январь-мартында электр энергиясын иштеп чыгуу 5643.2 млн. кВт/с түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 919,3 млн. кВт/с көп.
2012-жылдын январь-мартында иштелип чыккан жылуулук энергиясынын көлөмү 1539,6 миң Гкал түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 93,2 мин Гкал кеп, 6,4 %га өсүш.
2012-жылдын январь-мартында электр энергиясын экспорттоо 237 млн. кВт/с түзгөн жана бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13 % га өстү, анын ичинде Казакстан Республикасына-0,07 млн. кВт/с, в КЭР - 0,2 млн. кВт/с, Өзбекстан Республикасына - 236,8 млн. кВт/с.
2012-жылдын январь-мартында «Электр станциялары» ААКсынан электр энергиясынын пайдалуу чыгарылышы 5,05 млрд. кВт/с түздү, бул 2011-жылдын I кварталындагы көрсөткүчтөрдөн 0,84 млрд. кВт/с көп, анын ичинде:
- экспорт - 0,23 млрд. кВт/с;
- өз керектөөчүлөргө - 4,8 млрд. кВт/с.
2012-жылдын январь-мартында «Электр станциялары» ААКсынан жылуулук энергиясынын пайдалуу чыгарылышы 1,064 млн. Гкал, бул 2011-жылдын I кварталындагы көрсөткүчтөрдөн 0,05 млрд. кВт/с көп.
2012-жылдын I кварталында Бөлүштүрүүчү электр компанияларынын (БЭК) тармактарында электр энергиясын жоготуулар 1 144 млн. кВ/с же келип түшүүнүн 25,2 %ды түздү, бул 2011-жылга Караганда 1,5 % га аз.
Электр энергиясын жалпы жоготууларын кыскартуунун эсебинен товардык продукция 462 млн. сомго көбөйдү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2943 млн. сомду түздү.
Электр энергиясына төлөмдөрдү жыйноо 2537 млн. сомду түздү, бул 2011-жылдын I кварталына салыштырганда 575 млн. сомго кап. Товардык продукцияга карата көрсөтүлгөн мезгил үчүн төлөмдөрдү жыйноо 86 %ды түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 7 % га көп.
2012-жылдын 1-апрелине карата бөлүштүрүүчү электр компанияларынын алдындагы керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 1624 млн. сомду түздү жана жыл башынан бери 359 млн. сомго же 28,4 %га өстү.
2012-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасына бардыгы 120,3 млн. м3 жаратылыш газы келген, бул 201:1-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 14,8 млн. м3 (14,0 %) коп. Негизги газ берүүчүлөр - 33,3 млн. м3 берген - «Узтрансгаз» Акционердик компаниясы жана 86,0 млн. м3 газ берген - «КазТрансГаз» Акционердик коому.
Жаратылыш газын жоготуулар 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,54 млн. м3 азайган жана келип түшкөн газдын көлөмүнүн 10,0 млн. м3 (8,3 %) түздү.
Берилген жаратылыш газ үчүн төлөмдөрдү жыйноо 1337,4 млн. сомду түздү жана 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 137,2 млн. сомго (11,4%) же товардык продукциядан 85,3 % көбөйдү.
«Кыргызгаз» ААКсынын алдындагы жаратылыш газын керектөөчүлөрүнүн дебитордук карызы 635,4 млн. сомду түзүп, жыл башына салыштырганда жергиликтүү жана республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам 2012-жылдын 1-апрелине карата 57,4 % га же 231,8 млн. сомго көбөйдү.
Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү үчүн төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлдү:
- газ берүү боюнча альтернативдик булак табылды. Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында «Кыргызгаз» ААКсы 2012-жылы андан ары 300 млн. куб. м жеткирүү менен 240 млн. куб. м. көлөмдө жаратылыш газын берүүгө Казакстан менен келишим түздү (2011-жылы- бир мин кубуна 195 АКШ доллары баасы боюнча 105 млн. м 3 газ алынган, калганы бир мин кубуна 224 АКШ доллары баасы боюнча-135 млн. куб. м газ калды). Ошондой эле 2011-жылдын декабрынын аягында «Узтрансгаз» АКсы менен 290 АКШ доллары баасы боюнча 100 млн. куб. м көлөмдө жаратылыш газын берүүгө контракт түзүлдү.
- 2012-жылдын январь-февраль айында Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу «Өзгөчө жардам» долбоору боюнча бөлүштүрүүчү электр компанияларында төмөнкүлөр орнотулду:
- күч трансформаторлору 10/0,4 кВ - 198 даана,
- комплекстүү трансформатордук көмөкчү чордондор 10/0,4 кВ - 91 даана.
Маалымат үчүн: жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашырган күндөн тартып 600 трансформатордук жабдуулардан 553 орнотулду.
- 2012-жылдын январында Кыргызстандын демилгеси боюнча «Энергия системаларынын жарыша иштөөсүн камсыз кылуу жөнүндө» протоколго кол коюу менен казак жана өзбек тараптары менен үч тараптуу сүйлөшүүлөр эки жолу жүргүзүлдү. Келишимдин жана протоколдун бардык шарттары аткарылууда, энергия системалары жарыша иштөө режиминде иштеп жатышат.
- «ТВЕА» компаниясы менен Ведомстволор аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында 342 млн. АКШ доллары суммасында «500 кВ «Датка-Кемин» электр берүү линиясын жана 500 кВ «Кемин» көмөкчү чордонун куруу» долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле 500 кВ «Датка-Кемин» жана 500 кВ «Кемин» көмөкчү чордондорун. экинчи кезегин ишке киргизүү боюнча кошумча иштердин көлөмүн аткаруу жана 47,795 млн. АКШ доллары суммасындагы «Ала-Арча» 220 кВ көмөкчү чордону үчүн кубаттуулугу 200 MBA боюнча эки авто трансформаторду берүү тууралуу макулдашууларга жетишилди.
(3). Кен казуу өнөр жайында (өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө салыштырма салмагы 2,7 %) 2012-жылдын январь-мартында 749,6 млн. сомго продукция өндүрүлдү жана 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 96,3 % пайызды түзүп, анын ичинде отун-энергетикалык пайдалуу кендерди - 99,9 %, башка пайдалуу кендерди - 62,6 % казып алуу боюнча өндүрүштүн көлөмү төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн азайышы акиташ менен гипсти - 85,8 % га, жаратылыш кумун-31,1%, ошондой эле чийки нефтини казып алууну-13,8 % га азайтуунун эсебинен болгондугу белгиленди. Башка пайдалуу кендерди казып алуунун өсүш темпинин төмөндөшү өндүрүштүн мезгилдүүлүк мүнөздө экендигинен улам темир бетон продукциясын, бетонду, курулуш аралашмасын, кум блокторун, полимер кумдуу черепицаны чыгарууга адистешкен ишканалар тарабынан майда кумга, шагылга, кумга суроо- талаптын азайышы менен байланыштуу.
Ошол эле учурда көмүрдү, лигнитти жана чым көңдү казып алуу 41,5 % га өскөндүгү белгиленди, мында көмүр казып алуунун көбөйүшү аны электр энергиясына альтернативдүү отун катары колдонууга керектөө суроо-талабынын жана Бишкек ЖЭБна беримдердин өсүшү менен шартталган.
2.2. Агрардык сектор
2012-жылдын январь-мартында айыл чарбасынын, аңчылыктын жана токой чарбасынын продукцияларын дүң өндүрүү 101,0 % реалдуу өсүш менен 17,5 млрд. сомду, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүдө - 100,0 % (0,3 млрд. сом), мал чарбасында- 101,0 % (16,9 млрд. сом) түздү. 1,0 % га өсүш чарбалардын бардык түрлөрүндө малды жана канаттууларды тирүү салмакта өндүрүүгө (0,9 %), жумуртканы (3,5 %), сүттү (1,1 %).өндүрүүнүн эсебинен камсыздалды.
Өндүрүүнүн жалпы көлөмүнөн мал чарба продукциясынын үлүшүнө 96,9 %, өсүмдүк өстүрүүгө-1,9 %, кызмат көрсөтүүгө - 1,1 %, аңчылык жана токой чарбасы - 0,1 % туура келет.
Айыл чарба продукциясын дүң өндүрүүнүн түзүмүндө продукциянын 1 жалпы көлөмүнөн мамлекеттик жана жамааттык чарбалардын үлүшүнө 1,4 % туура келет. Продукциянын негизги бөлүгү дыйкан (фермер) чарбалары жана жарандардын, жеке көмөкчү чарбалары тарабынан өндүрүлөт, алардын үлүшүнө жалпы көлөмдүн 97,4 % туура келет.
5-таблица
2012-жылдын январь-мартында айыл чарба продукцияларын өндүрүү
Көрсөткүчтүн аталышы | Ченөө бирдиги | 2012-жылдын январь-марты | 2011-жылдын январь-марты | Фактыдан четтөө (+, -) 2011-ж. | 2012-жылдын январь-марты прогноз | Болжолдуу көрсөткүчтөрдөн четтөө (+,-) |
Айыл чарбасы | млн. сом | 17 465,4 | 12 167,6 | 5 297,8 | 14 837,5 | 2 627,9 |
Өсүш темпи | % | 101,0 | 100,4 | 0,6 | 101,1 | -0,1 |
Баалардын индекси | % | 117,9 | 103,6 | 14,3 | 120,6 | -2,7 |
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк | млн. сом | 334,1 | 334,4 | -0,3 | 335,3 | -1,2 |
Өсүш темпи | % | 100,0 | 100,0 | 0,0 | 100,0 | 0,0 |
Баалардын индекси | % | 99,9 | 99,8 | 0,1 | 100,3 | -0,4 |
Мал чарбачылыгы | млн. сом | 16 915,8 | 11 617,6 | 5 298,2 | 14 330,9 | 2 584,9 |
Өсүш темпи | % | 101,0 | 100,4 | 0,6 | 101,2 | -0,2 |
Баалардын индекси | % | 118,6 | 103,8 | 14,8 | 121,9 | -3,3 |
Кызмат көрсөтүү | млн. сом | 188,6 | 188,6 | 0,0 | 188,6 | 0.0 |
Аңчылык жана токой чарбачылыгы | млн. сом | 19,5 | 19,5 | 0,0 | 19,5 | 0,0 |
Балык өстүрүү, балык улоо | млн. сом | 7,5 | 7,5 | 0,0 | 7,5 | 0,0 |
ИДПны түзүүдө айыл чарбасынын оң салым 0,09 пайыздык пунктун деңгээлинде бааланат, анын ИДПнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2,9 п.п. көбөйүп 11,4 % ды түздү. Ошол эле учурда айыл чарба өндүрүшүнүн иш жүзүндөгү көлөмү 2012-жылдын январь-мартына (101,1 %) болжолдонгон деңгээлине 0,1 % жеткен жок.
I кварталда айыл чарбасын өнүктүрүүгө таасир эткен негизги факторлор төмөнкүлөр болуп калды:
- жазгы-талаа жумуштарын 15-20 күнгө кечиктирген жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттар;
- узакка созулган кыштан улам малдын жуттан кырылышы;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн минералдык жер семирткичтер менен камсыз болбогондугу;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоп жеңилдетилген кредиттердин берүү;
- айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүштүрүү.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк. 2012-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо аянтынын түзүмү 1167,3 миң гектарды түзөт, бул 2011-жылга Караганда 8,1 мин гектарга кеп. Ошол эл учурда сунушталып жаткан түзүмдө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн аянттар төмөнкүдөй бөлүнгөн1:
- дан эгиндери - 614,6 миң га, же өткөн жылдагыдан 16,9 миң гектарга аз анын ичинде: буудай-348,6 миң га, же өткөн жылдагыдан 29,0 миң гектарга аз;
- кант кызылчасы - 11,7 миң га, же 3,7 миң гектарга көп;
- пахта - 37,4 миң га, өткөн жылдын деңгээлинде;
- тамеки - 5,5 миң га, 1,4 миң гектарга көп;
- май алынуучу өсүмдүктөр - 56,4 миң га, 1,7 мин гектарга көп;
- картошка - 84,2 миң га, 0,7 миң гектарга аз;
- жашылчалар - 46,1 миң га, 3,8 миң гектарга көп;
- бакча өсүмдүктөрү - 7,9 миң га, 0,9 миң гектарга көп;
- тоют өсүмдүктөрү-303,5 миң га, 15,5 миң гектарга көп.
Азыркы учурда республиканын айыл чарбасында жазгы-талаа жумуштары жүргүзүлүүдө.
Аномалдуу өзгөчө катуу сууктан улам, иш жүзүндө март айы бою кардын жаашы менен үстүбүздөгү жылы жазгы-талаа жумуштары мурдагы жылдардан 15-20 күнгө кечикти.
Республиканын бардык облустарында күздүк кылкандуу дан эгиндеринин аянттарын азоттуу минералдык жер семирткичтер менен эрте жазда азыктандыруу жүргүзүлдү. 2012-жылдын 3-апрелине карата 37,7 мин гектар аянт иш жүзүндө азыктандырылды же өткөн жылдагыдан 55,0 миң гектарга аз: анын ичинде Баткен облусунда 4,1 мин га, же 4,8 мин гектарга аз, тиешелүүлүгүнө жараша Ош - 12,2 мин га жана 25,5 миң га, Жалал-Абад - 4,0 миң га жана 18,4 мин га, Чүй - 16,2 миң га жана 6,2 мин га жана Талас облусунда 1,2 миң га жана 0,1 мин га.
Оперативдүү маалыматтар боюнча (3-апрелге)1, республиканын түштүк облустарында, ошондой эле Чүй жана Талас облустарында жазгы айдоо 79,9 миң гектарга эле жүргүзүлдү же өткөн жылдагыдан 24,9 мин гектарга аз, анын ичинде Баткен облусунда - 3,7 мин га, Жалал-Абад - 15,2 миң га жана Ош - 9,1 мин га, Талас - 2,0 мин га жана Чүй - 49,9 миң га. Чарба субъекттери жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүүгө жана картошка отургузууга кечигүү менен киришишти. Ушул эле күнгө жалпы республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрү 42,6 миң гектар аянтка себилди, анын ичинде жазгы буудай-12,9 мин га жана күздүк арпа 29,7 мин гектарга себилди, ал эми картошка 800 гектар аянтка отургузулду.
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрү жүгөрү, жаздык буудай, кант кызылчасы, жаздык арпа, ошондой эле картошканын отургузуучу үрөнү ж.б. сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздалган.
КММ менен камсыздуулук. Үстүбүздөгү жылдын жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүнүн белгиленген көлөмүн аткаруу үчүн 41,3 мин тонна дизелдик күйүүчү отун, 10,4 миң тонна - авто бензин, 2,0 мин тонна
- дизелдик май жана 0,6 миң тонна - автол керектелет. 2012-жылдын 30- мартына карата республикага 44 миң тонна дизелдик күйүүчү отун ташылып келди жана нефтетрейдерлерде ушул күнгө 13,4 миң тонна дизелдик күйүүчү отун бар. Башка жана жеке нефтебазаларда 1 литри үчүн 40 сомдон 50 сомго чейин өзгөрүп (Лейлек районунда 1 литри 50 сомдон да жогору) жатканда республиканын бардык региондорундагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын нефтебазаларында дизелдик күйүүчү отундун 1 литринин баасы орточо 40,4 сомду түзөт.
Мындан тышкары мамлекеттик материалдык резервдеги жеңилдиктеги 2965,4 кубометр сандагы дизелдик күйүүчү отундун калдыгы айыл округдары жана айрым дыйкан жана фермер чарбалары боюнча бөлүштүрүлдү. Азыркы учурда айылдык округдарда бардык жерде акча каражаттарын жыйноо, аларды республиканын мамматрезервдер фондунун атайын эсебине которуу уюштурулган жана куюп берүү ыкмасы менен дизелдик күйүүчү отунду берүү жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелине карата республиканын чарба субъекттери тарабынан 74,9 % же 2223,7 кубометр дизелдик күйүүчү май тандалып алынган.
Айыл чарба техникасы менен камсыздуулук. 2012-жылдын 3-апрелине карата 16177 тракторлор бирдиги же колдо болгондун 77 %, 5892 трактордук соколордун комплекти же 82 %, 15347 трактордук маланын комплекти же 83 %, дан эгиндерин 2044 сепкич же 79 %, 446 пландоочу комплект же 89 % жана жер семирткичтерди чачкычтан 247 же 78 % оңдолуп бүттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 токтомунун негизинде айылдык товар өндүрүүчүлөргө машина-трактордук паркты толуктоого жардам көрсөтүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 26-мартына карата 264 бирдик санында лизингге берилген кытай тракторлорун алгачкы взносторунун жана кайтарымдуу каражаттарынын, ошондой эле У ТО тракторлорунун маркасына запастык тетиктерди сатуунун эсебинен «Айыл Банк» ААКсы айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн билдирүүлөрү боюнча кошумча лизингге МТЗ-82.1 тракторунан 72ни сатып алды жана берди, анын ичинде Чүй облусуна - 18, Ысык-Көл облусуна - 5, Ош облусуна - 14, Жалал-Абад облусуна - 15, Талас облусуна - 9, Нарын облусуна - 7, Баткен облусуна - 4.
Мындан тышкары лизинг алуучулардын билдирүүлөрү боюнча КЭРдин өндүрүшүнөн чыккан УТО маркасындагы 20 трактор сатылып алынды, алар жакынкы күндөрдө айылдык субъекттерге берилет.
Минералдык жер семирткичтер менен камсыздуулук. 2012-жылда жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн 200,0 миң тоннадай азоттук минералдык жер семирткичтер талап кылынат. Азыркы учурда чарба субъекттеринин колунда 26,3 миң тонна бар. Азыркы күндө Өзбекстандан алып келүүчү аммиак селитрасынын баасы 1 килограммына 20,0-21,0 сомду түзөт, ал эми түштүк облустарында-25,0 сом/кг. Россиядан жана Казакстандан жеткирилүүчү минералдык жер семирткичтер 1 кг үчүн 22,0-23,0 сомдон айланат.
Мындан тышкары республиканын дыйкандарына жана фермерлерине «Акварин» тибиндеги альтернативдүү органикалык минералдык жер семирткичтер сунушталууда, анын колдогусу - 40 тонна, «Лифдрип» - 44 тонна жана «Нутривант» - 16 тонна.
Пестициддерге болгон эсептелген керектөө 410,9 тонна болсо, 2012-жылдын 3-апрелине карата алар 368,8 тонна же 89,7 % ташылып келген, анын ичинде үрөн дарылоочулар 57,9 тонна керектелсе 36,0 тонна же 62,2 %, гербициддер 196,1 тонна керектелсе 172,7 тонна же 88,1 % ташылып келген.
___________________
1 Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча
Мал чарбачылыгы. 2012-жылдын январь-март айында чарбалардын бардык түрлөрүндө малды жана канаттууларды тирүү салмакта өндүрүү 80,4 миң тоннаны түзгөн же 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 100,9 % ды түздү. Эт өндүрүүнү көбөйтүү негизинен ири мүйүздүү малдын башын 39,7 мин башка, кой-эчкилерди 250,4 мин башка жылкыны - 10,5 башка жана үй канаттууларын 65,4 мин башка көбөйтүүнүн эсебинен болду. Республикада сүт өндүрүү 226,2 миң тоннаны түздү, бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,4 миң тоннага же 1,1 % га көп. Үстүбүздөгү жылдын отчеттук мезгилинде республика боюнча 76,4 млн. даана жумуртка өндүрүлгөн, бул 2011-жылдын тиешелүү мезгилинин деңгээлине салыштырганда 2,6 млн. даанага көп же 103,5 % ды түздү.
Ысык-Көл облусунан башка республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү көбөйгөн. Ысык-Көл облусунда 15,2 млн. даана жумуртка өндүрүлгөн же өткөн жылдагыга Караганда 0,6 млн. даанага аз. Ысык-Көл облусундагы жумуртка өндүрүүнүн азайышынын негизги себеби үй канаттууларынын башынын 11,9 мин башка азайгандыгы болуп саналат.
2012-жылдын январь-март айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукцияларын дүң өндүрүүгө негизги салымды Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустары кошту, алардын суммалык салыштырма салмагы 86,1 % ды түздү.
Ошол эле учурда эт өндүрүү боюнча.2012-жылдын I кварталына карата болжолдуу көрсөткүчтөргө жетишилген жок, республика боюнча азаюу 1371 тонна же 1,7 %, сүт 3076 тонна же 1,4 % ды түздү. Республика боюнча эт жана сүт өндүрүүнүн темпинин төмөндөшүнүн негизги себеби катаал, узакка созулган кыш болуп саналат. Жалал-Абаддын (Чаткал, Аксы жана Ала-Бука райондору), Оштун (Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору) жана Нарындын (Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондору) бийик тоолуу райондорунда катуу жааган кардан улам кризистик кырдаал түзүлдү, бул катуу сууктун жана тоюттун кескин жетишсиздигинин кесепетинен малдын массалык өлүмүнө алып келди. Республика боюнча бардыгы 27884 баш мал: анын ичинен ири мүйүздүү мал - 3270 баш, топоздор - 700 баш, кой-эчки - 21774 баш жана 2140 баш жылкы өлгөн.
6-таблица
2012-жылдын 10-апрелине карата региондор боюнча мал өлүмү тууралуу маалыматтар
Облустар | Өлгөн малдардын саны (Башы) | ||||
ИММ | Топоздор | Кой-эчкилер | Жылкы | Бардыгы | |
Нарын облусу | 631 | 104 | 3224 | 492 | 4451 |
Баткен облусу | 336 | 0 | 1633 | 215 | 2184 |
Жалал-Абад облусу | 1080 | 43 | 8055 | 800 | 9978 |
Ош облусу | 1223 | 553 | 8844 | 633 | 11253 |
Чүй облусу | 0 | 0 | 18 | 0 | 18 |
Республика боюнча бардыгы | 3270 | 700 | 21774 | 2140 | 27884 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б буйругуна ылайык катуу жааган кардын натыйжасында жайыттагы чөпсүз калган, ошондой эле малдын жүт алуу коркунучунан байланыштуу, зыян тарткан облустардын малчыларына мамлекеттик колдоо көрсөтүлдү:
- «Өзгөчө кырдаалдарды» алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 токтомуна ылайык ачылган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине катуу жааган кардан жапа чеккен райондорго чөп жана аралаш тоютту ташып жеткирүү боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар көлөмүндөгү бюджеттик бөлүнгөн акча каражаттары берилди;
- үстүбүздөгү жылдын март айында мал жаныбарларынын кырылып калуу коркунучуна байланыштуу тоют сатып алууга жардам көрсөтүү максатында 2012-жылдын апрель, май айлары үчүн калктуу конуштардын жашоочуларына төлөмдөрдү каржылоо ишке ашырылды;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 1 миң тонна арпа сатып алууга керектүү каражаттар бөлүнүп берилди.
Катуу жааган кардан жапа чеккен райондорго 36 миң таңгак чөп жана 606 тонна аралаш тоют түрүндө мамлекеттик жардам көрсөтүлдү.
Ветеринария. Жаныбарлардын жугуштуу дарттарынын пайда болуусун жана таркалып кетүүсүн жоюуга, малдан алынуучу коопсуз продуктыларды ветеринардык-санитардык абалына карата өндүрүү жана сатууга багытталган ветеринардык иш-чаралар өз убагында жүргүзүлүүдө.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Январь, февраль, март айлары үчүн негизги тамак аш продуктылары менен республиканын ички рынокторун камсыз кылууга баа берүү, өсүмдүк продукцияларын өндүрүү мезгилдүү болгондугуна байланыштуу көрсөтмөлүү болуп саналбайт.
2012-жылдын 1-январына карата тамак аш продуктыларынын кийинкиге өтүүчү калдыктары: нан азыктары 814,2 миң тонна, картошка-727,0 миң тонна, сүт-44,0 мин, тонна, эт-7,7 миң тонна, жашылча - 164,7 миң тонна, өсүмдүк майы - 23,7 миң тонна, канаттуулар жумурткасы - 40,2 млн. даана, мөмөлөр жана жемиштер - 7,0 миң тоннаны түздү.
Ошол эле учурда 2012-жылдын январь-мартында калган продуктыларды эске алуу менен ички рыноктун камсыздалышы:
- нан азыктары боюнча - 424,8 %, картошка - 353,8 %, сүт - 97,0 %, эт - 77,1 %, жашылчалар - 95,0 %, өсүмдүк майы - 296,2 %, кант - 75,1 %, канаттуулар жумурткасы -46,2 %, мөмөлөр жана жемиштер боюнча-3,6 % ды түздү.
Өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыздоо:
- нан азыктары - 360,2 %, картошка - 353,8 %, сүт- 97,0 %, эт - 61,6 %, жашылчалар -94,4 %, өсүмдүк майы - 254,6 %, канаттуулардын жумурткасы боюнча - 46,2 %.
Тамак аштын негизги продуктыларына баалардын ай сайын өсүшү республиканын калкынын негизги бөлүгүнүн тамак аш продуктыларына кол жеткиликтүүлүгүн төмөндөтүүгө көмөк көрсөтө тургандыгын белгилеп кетүү керек.
2012-жылда жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү жана республиканын азык-түлүк коопсуздугу боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоону камсыз кылуу максатында:
- кант кызылчасын, май алынуучу өсүмдүктөрдү, жашылчаларды өндүрүү үчүн аянттардын көбөйтүлүшүн эске алган 2012-жылдын айдоо аянттарынын түзүмү иштелип чыкты;
- донорлор менен жетишсиз үрөндөрдү толуктоо үчүн үрөн сатып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
- Өзбекстан Республикасы тарабынан 100 миң тонна минералдык жер семирткичтерди берүүгө квота бөлүнгөн;
- ата мекендик фермерлерге дем берүү үчүн рыноктук баасынын 1 литри 37,5 сом болсо, 1 литри орточо 34 сом болгон жеңилдетилген баада 3 миң тонна дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилген;
- айыл чарбасын өндүрүүчүлөрдү колдоого жеңилдетилген кредиттерди берүү. «2012-жылга республикалык бюджет жана 2013 - 2014-жылдарга болжолдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-мартындагы № 1739-V токтому менен кабыл алынган) «Фермерлерге арзан кредиттер-2» программасына 1,0 млрд. сом бөлүп берүү каралган (2012-ж. I кварталында-639,8 млн. сом каржыланды).
Маалымат үчүн: «Фермерлерге арзан кредит-2» долбору боюнча коммерциялык банктардын бириктирилген оперативдүү отчеттору боюнча 2012-жылдын 6-апрелине карата жалпы республика боюнча өсүмдүк өстүрүүчүлүк үчүн 5565 чарбакер субъекттен бардыгы 795,1 млн. сом суммасындагы билдирүүлөр кабыл алынган, анын ичинен 282,2 млн. сом суммада 2630 билдирүү жактырылган жана 245,8 млн. сом суммага 2242 чарбакер субъекттерге акчалай кредиттер берилген.
Мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 11677 чарбакер субъекттен бардыгы 2382,4 млн. сом суммада билдирүү кабыл алынган, анын ичинен 424,3 млн. сом суммада 3718 билдирүү жактырылган жана бардыгы 393,5 млн. сом суммада 3419 чарбакер субъектке акчалай кредиттер берилген.
2.3. Курулуш
Курулуш комплексинде капиталдык салымдын көбөйгөндүгү белгиленди. 2012-жылдын январь-мартында негизги капиталга инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 6,1 млрд. сомду түздү жана 8,7 % га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү кен казуу жана иштетүүчү өнөр жайларынын, соода, авто унааларды, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуудагы предметтерди оңдоонун объекттерин, мейманканаларды жана ресторандарды, байланыш жана билим берүү чөйрөсүндөгү обьекттерди куруунун көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынган.
2012-жылдын январь-мартында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 5,5 млрд. сомду түзгөн жана 12,0 % көбөйгөн. Экономикалык өсүштүн темпине курулуш сектору оң таасири берди жана ИДПны түзүүдөгү салымы 0,37 % ды түздү, анын ИДПнын түзүмүндөгү салыштырма салмагы - 3,4 %.
7-таблица
2012-жылдын январь-мартында курулуш комплексинин негизги көрсөткүчтөрү
Көрсөткүчтөр | 2012-жылдын январь-марты | 2012-жылдын январь-марты. | 2012-жылдын январь-марты. | ||
факт. | Алдын-ала факт | болжол | 2011-ж. фактыдан четтөө | Болжолдон четтөө | |
Курулуштун дүң продукциясы, млн. сом | 4581,6 | 5459,8 | 5860,6 | 878,2 | -400,8 |
Өсүш темпи, % | 79,3 | 112,0 | 120,2 | 32,7 | -8,2 |
Баалардын индекси, % | 123,9 | 106,4 | 106,4 | -17,5 | 0,0 |
Негизги капиталга инвестициялар, млн. сом | 5263,9 | 6104,6 | 6569,3 | 840,7 | -464,7 |
Өсүш темпи, % | 73,5 | 108,7 | 107,1 | 35,2 | 1,6 |
Ички инвестициялар, млн. сом | 4287,2 | 5250,7 | 5452,5 | 963,5 | -201,8 |
Тышкы инвестициялар млн. сом | 976,7 | 853,9 | 1116,8 | -122,8 | -262,9 |
Курулуштун дүң продукцияларын көлөмүн көбөйтүү подряддык курулуш-монтаждоо жана башка капиталдык жумуштардын үлүшүнүн өсүшү менен түшүндүрүлөт. Ошол эле учурда 2010-жылдагы окуялардын учурунда зыян тарткан Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана райондорунун инфраструктураларын калыбына келтирүү боюнча иштердин улантылышына, ошондой эле Кум-Төр кенине, транспортко жана энергетикага олуттуу капиталдык салымдарга байланыштуу айрыкча көп (120,2 %) өсүш болот деп күтүлгөн көрсөткүчтөр 2012-жылдын 1 кварталындагы иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчтөргө жеткен жок.
Курулуштун темптерин басаңдатуучу негизги факторлор болуп:
- 2012-жылга карата республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен обьекттердин капиталдык курулуштун программасы азыркы мезгилге чейин бекитилген эмес жана каржылоонун жоктугунан иштердин көбү башталбагандыгы;
- инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшү (жылдын башына инвестициялык долбоорлор ишке ашырылган эмес жана республикалык жана аймактык деңгээлдерде токтотулуп калган);
- курулуш жумуштарын жүргүзүүнүн сезондуулук мүнөзү болуп калды.
8-таблица
2011 - 2012-ж.ж. январь-март айларында каржылоо булактары боюнча инвестициялар
Көрсөткүчтөр | 2011-ж. январь-марты | 2012-ж. январь-марты | Инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы, %да |
Негизги капиталга инвестициялар: |
|
|
|
- млн. сом | 5263,9 | 6104,6 | 100,0 |
- өсүү темпи, % | 73,5 | 108,7 |
|
- ички инвестициялар | 4287,2 | 5250,7 | 86,0 |
- ишканалардын жана уюмдардын каражаттары | 1055,3 | 2727,9 | 44,7 |
- банк кредиттери | 2,8 | - | - |
- калктын каражаттары | 2753,5 | 2426,3 | 39,7 |
- тышкы инвестициялар | 976,7 | 853,9 | 14,0 |
анын ичинде Камбар-Ата ГЭСне |
|
|
|
- млн. сом | 254,2 | 235,7 | 3,9 |
- өсүү темпи, % | 23,3 | 86,9 |
|
Курулуштун дүң продуктунун көлөмү: |
|
|
|
- млн. сом | 4581,6 | 5459,8 | 89,4 |
- өсүү темпи, % | 79,3 | 112,0 | - |
Ички инвестициялык каражаттардын суммалык үлүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн 86,0 пайызын тышкылардыкы жана 14,0 пайызын түздү (8-таблица)
2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу инвестициялардын негизги капитал көлөмү ички булактардын эсебинен 14,8 пайызга көбөйдү, анын ичинен ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен 2,4 эсеге, мында өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы 44,7 пайызды түзөт.
2012-жылдын январь-март айларында инвестициялардын түзүмүндө 2011-жылдын тиешелүү мезгилиндеги 9 пайызга каршы 1,6 пайызды, чет элдик түз инвестициялар 2011-жылдын окшош мезгилиндеги 11,2 пайызга каршы 7,4 пайызды, калктын каражаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрымдуулук жардамы менен кошо - 2011-жылдын окшош мезгилиндеги 52,3 пайызга каршы 39,7 пайызды түздү. Мында, ишканалардын жана уюмдардын үлүшү 2011-жылдын окшош мезгилиндеги 20,0 пайызга каршы 44,7 пайызга өстү.
2012-жылдын январь-мартында 3467,2 млн. сом суммасындагы негизги фонддор колдонууга берилген. Өздөштүрүлгөн инвестициялардын бир сомуна негизги фонддун 2011-жылдын I кварталындагы 2,17 сомуна каршы 0,57 сом туура келди.
Негизги капиталга инвестициянын негизги суммалары тоо кен өнөр жайына багытталган, андагы үлүш, 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге көбөйүп 29,1 пайызды түздү, транспорт жана байланыш (6,8 пайыз), кайра иштетүүчү өнөр жай (6,6 пайыз), мында өсүшү 1,4 эсени түздү.
«Ош - Эркечтам», «Ош - Исфана», «Бишкек - Торугат» автоунаа жолдорун реконструкциялоо, «Аймактык жол коридорун жакшыртуу» долбоору боюнча жолдорду реабилитациялоо ишке ашырылууда.
2012-жылдын январь-март айларында жалпы аянты 149,4 миң чарчы метр 14411 батир колдонууга өткөрүлүп берилген, же 2011-жылдын тиешелүү мезгилинин деңгээлине карата 71,7 пайыз. Өткөн кварталда турак жайды курууга негизги капиталга 1915,4 млн. сом инвестициялар колдонулду (баалоо боюнча), бул 2011-жылдын I кварталынан 21,7 пайызга аз.
Колдонууга берилген турак жайдын негизги үлүшү (жалпы колдонууга берилгендин 25,8 пайызы) Бишкек шаарына туура келет, анда 38,6 миң чарчы метр жана Ош шаарында 19,7 пайыз же 29,4 миң чарчы метр колдонууга берилди.
Турак жайларды куруу жана пайдаланууга киргизүү негизинен калктын каражаттарынын эсебинен (алардын жалпы пайдаланууга киргизүүсүнөн 84,7 пайызы) жүргүзүлүүдө. Жалпы аянты 126,6 миң чарчы метр жеке турак жайлары курулган, алардын наркы (баалоо боюнча) 1734,0 млн. сомду түздү, бул 2011-жылдын тиешелүү мезгилинен 9,3 пайызга аз.
Үстүбүздөгү жылдын I кварталында жалпы билим берүү мектептерин курууга 60,5 млн. сом негизги капиталга инвестициялар колдонулган. Баткен облусунда 140 окуучу орунуна эсептелген жалпы билим берүү мектеби курулган. Сменасына 35 келүүчүгө арналган амбулатордук-бейтапканалык мекемелер Чүй облусунда пайдаланууга берилди.
2012-жылдын январь-март айларында Ысык-Көл (5,9 эсеге), Чүй (1,7 эсеге), Ош (22,9 пайызга) жана Баткен (14,6 пайызга) облустарында курулуш көлөмдөрү өстү. '
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүндө негизги үлүштү Бишкек шаары (34,2 пайыз) жана Ысык-Көл облусу (29,6 пайыз) ээледи. Бул Бишкек шаарында олуттуу капиталдык салымдар турак жай курулушуна багытталгандыгы, ал эми Ысык-Көл облусунда олуттуу капиталдык салымдар «Кумтөр» кенинде ишке ашырылгандыгы менен шартталган.
Түштүк регионун калыбына келтирүү.
Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктура жана социалдык-маданий объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ал жерде 2012-жылдын январь-март айларында 265 733,2 мин сом каржыланган, 186 011,6 миң сом сарпталган, анын ичинен:
- курулуш жана калыбына келтирүү иштерине- 108513,0 миң сом,
- долбоордук изилдөө иштерине - 4626,5 миң сом,
- жана чеккен 1323 ишкерлерге кайтарымсыз жардамга- 66150,0 миң сом,
- Мамлекеттик дирекциясын кармоого - 6722,1 миң сом.
Азыркы мезгилде курулуп жаткан 1548 үйдөн (Ош облусунда - 638 уй, Ош шаарында - 575 үй, Жалал-Абад облусунда 335 үй) 1402 үйдүн дубалдары тургузулган, 1350 үйдүн чатыры жабылган, 758 үйдүн ички жасалгасы аяктаган.
Жапа чеккен ишкерлердин 2 миң адам санындагы 2 кошумча тизмеси бекитилген. 2012-жылдын башынан тартып 1024 жапа чеккен ишкерлер мамлекет тарабынан жалпы суммасын 51,2 млн. сомду түзгөн, 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардамдарды алышты.
2.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
2012-жылдын январь-март айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгаруусу 104,0 пайыздык реалдуу өсүү темпи менен 47,1 млрд. сом өлчөмүн түздү жана күтүлүүдөгү деңгээлге 1,5 пайыздык пунктка жетишкен жок. 2011-жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүү темптери 0,4 пайыздык пунктка тездетилди. Бул өсүш акчалай кирешелердин, атап айтканда айлык акынын 36,4 пайызга өсүшү менен пайда болгон калк тарабынан кызматтарга суроо-талаптын өсүшү менен шартталган. Экономикалык өсүү темпине кызмат көрсөтүү чөйрөсү оң таасири берди, ички дүң продуктунун өсүшүн түзүүдөгү салым ички дүң продуктуну өндүрүү түзүмүндөгү 50,5 пайыздык салыштырмалуу салмагы менен 2,1 пайыздык пунктту түздү.
9-таблица
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн негизги көрсөткүчтөрү
Көрсөткүчтөр | 2011-ж. январь марты | 2012-январь-марты | Четтөөлөр | 2012 ж. январ марты | Четтөөлөр |
факт | болжол факт | Мурдагы жылга карата | болжол | Болжолго карата | |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 42248,7 | 47086,2 | 4837,5 | 47215,5 | -129,3 |
- өсүү темпи, % | 102,1 | 104,0 | 1,9 | 105,5 | -1,5 |
Автомобилдерди, тиричилик буюмдарын соодалоо, ондоо: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 12680,6 | 13836,9 | 1156,3 | 14067,5 | -230,6 |
- өсүү темпи, % | 95,7 | 106,6 | 10,9 | 105,8 | 0,8 |
Транспорт: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 5666,2 | 6730,8 | 1064,6 | 7081,6 | -350,8 |
- өсүү темпи. % | 107,5 | 110,2 | 2,7 | 114,4 | -4,2 |
Байланыш: |
|
|
|
|
|
- млн. сом | 4457,0 | 4731,8 | 274,8 | 4828,5 | -96,7 |
- өсүү темпи, % | 119,5 | 104,7 | -14,8 | 105,4 | -0,7 |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өстүрүүгө 2,0 пайыздык пункттагы он салым соода, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо, тарабынан камсыздалды, мында 2012-жылдын январь-мартында реалдуу өсүү темпи 106,6 пайызды түздү жана болжолдуу көрсөткүчтөн 0,8 пайыздык пунктуна ашып түштү, ошондой эле өсүү 110,2 пайызды түзгөн транспорт кызматы жана байланыш (104,7 пайыз) тарабынан камсыздалды.
2012-жылдын январь-мартында соода жүгүртүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо 46,8 млрд. сомду түздү, реалдуу өсүү темпи 107,3 пайызды (2011-жылдын январь-мартында өсүү темпи 96,4 пайызды түзгөн) түздү.
10-таблица
Соода жүгүртүүгө автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоого секторлордун кошкон салымы жана өсүү темптери
| 2012-ж. январь-марты (млн. сом) | 2012-ж. январь-марты өсүү темпи, % | үлүшү | салымы |
Чекене соода | 25742,3 | 106,1 | 55,0 | 3,39 |
Дүң соода | 14032,8 | 107,2 | 30,0 | 2,19 |
Мотор отунун соодалоо | 5274,9 | 116,8 | 11,3 | 1,67 |
Башкалар | 1720,1 | 100,9 | 3,7 | 0,04 |
Чекене жана дүң сооданын өсүшүнүн негизги факторлору болуп акча кирешелеринин өсүшүнөн пайда болгон ички суроо-талаптын жана өнөктөш-соода өлкөлөрүнүн: Казакстандын - 4,6 пайызга; Россиянын - 4,1 пайызга ИДПнын өсүшү менен шартталган тышкы суроо-талаптын өсүшү болду. Дүң жана чекене сооданын кумулятивдүү салымы 5,6 пайыздык пунктка бааланат. Жазгы талаа иштерин жүргүзүү нефть продуктыларына суроо-талаптын өсүшүнө алып келди, бул мотор отунун соодалоонун 16,8 пайызга өсүшүнө көмөк түздү.
Транспорт кызматынын дүң чыгарылышы 110,2 пайыздык реалдуу өсүү темпи менен 6,7 млрд. сом суммасын түздү. Реалдуу өсүү темпинин 114,4 пайыздагы болжолдуу деңгээлине 4,2 пайыздык пункт жетишилген жок.
Транспорт кызматтарынын өсүшүнө негизги салымды жүктөрдү ташуу боюнча кызматтар киргизди, алардын салымы 115,1 пайыздык реалдуу өсүү темпи менен 8,1 пайыздык пунктка бааланууда. Мында транспорт кызматтарынын өсүшүнүн негизги булактары болуп түтүк өткөргүч (2 эсе өстү) жана темир жол транспортунун (19,0 пайызга өстү) кызматтары болду. Бул өсүш жаратылыш газын колдонуунун жана аны импорттоонун 2,1 эсе өсүшүнө жана ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн экспорттоонун 36,2 пайызга өсүшүнө байланыштуу пайда болду.
Транспорт кызматтарын өнүктүрүү максатында төмөнкү иш чаралар өткөрүлдү:
- ОПЕК Эл аралык өнүгүү фонду, Өнүгүүнүн Сауд фонду, Араб экономикалык өнүгүүнүн Кувейт фонду жана Абу-Даби фонду менен кредиттик келишимдерди ратификациялоо аркылуу узактыгы 539 км болгон «Бишкек - Нарын - Торугарт» автожолун реконструкциялоо долбоору толук каржыланышы камсыз болду;
- ички авиарейстеринде учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ички авиарейстерде АН-24 аба кемелеринде учууларды ишке ашырууга тыюу салынды;
- заманбап аба кемелеринде Бишкек - Баткен, Бишкек - Жалал-Абад маршруттары боюнча авиакаттамдар жаңыртылды. 2012-жылдын 9-майына карата Бишкек-Исфана маршруту боюнча авиакаттам жаңыртылды. Мындан тышкары, Бишкек-Худжант (Тажикстан Республикасы) маршруту боюнча жаны авиакаттам ачылды.
Отчёттук мезгилде байланыш кызматынын дүң чыгарылышы 4,7 млрд. сом өлчөмүндө 104,7 пайыздык реалдуу өсүү темпи менен түзүлдү, бул күтүлүүчү деңгээлден 0,7 пайыздык пунктка төмөн.
Мейманканалардын жана ресторандардын кызматтарынын дүң чыгарылышы 2,0 млрд. сом өлчөмүндө, 105,8 пайыздык реалдуу өсүү темпи менен түзүлдү, мында мейманканалар - 101,6 пайыз, ресторандар - 106,5 пайыз. Мейманканалардын жана ресторандардын кызматтарын жогорулатуунун негизги факторлору болуп көрсөтүлгөн кызматтардын тармагын көбөйтүү жана өлкөгө туристтердин агымынын көбөйүшү эсептелет.
2012-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Дүйнөлүк Туристтик уюмдун (ЮНВТО) классификациясына туура келген алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандарынын келүүлөрүнүн жалпы саны өткөн жылга салыштырмалуу 289,0 мин адамга өстү жана 581,2 адамды түздү.1
Эл аралык ишкерлер кеңешинин (IBC) чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри ITB-2012 эл аралык конференцияга,катышты, ал Берлин шаарында 7 - 11-мартта болуп өтүп, мында Кыргызстандын - Улуу Жибек жолундагы асман тиреген тоолор жана байыркы салттар өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул туристтик көргөзмөгө Кыргызстандын 10 туроператору катышты
2012-жылдын 1 кварталында туристтик иштен республиканын бюджетине салык төлөмдөрүнүн келип түшүүсү 24 023,0 миң сомду түздү (2011-жылдын окшош мезгилинде 36 152,8 мин сом түшкөн), өсүү темпи 68,3 пайызды түздү2.
_____________________________
1 КР Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча
2 КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маалыматы боюнча
3. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы
3.1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
Борбордук казыначылыктын алдын ала маалыматтары боюнча 2012-жылдын январь-мартында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы өлчөмүн 17 317,4 млн. сом же белгиленген пландуу милдеттен 105,9 пайыз түздү. Отчёттук мезгилде мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин үлүшү ИДПга карата 34,1 пайызды түздү. Ашыкча аткарылган пландын суммасы 962,1 млн. сомду түздү, бул негизинен бажылык жана жыйымдардын келип түшүүлөрүнүн жогорулашына байланыштуу. Мында 2011-жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 14,3 пайызга же 2 161,7 млн. сомго өстү.
11-таблица
Мамлекеттик бюджеттин кирешелери, (млн. сом)
2012 - ж. январь-марты План | 2012 - ж. январь-марты факт | Четтөөлөр (+/-) |
16 355,3 | 17 317,4 | 962,1 |
Мамлекеттик бюджетке салыктык келип түшүүлөрдүн көлөмү 13 777,9 млн. сомду түздү, бул белгиленген пландык милдеттин 107,9 пайызын түзөт. 2011-жылдын окшош мезгилине карата салык кирешелери 2 183,9 сомго же 18,8 пайызга өстү.
Анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 7 818,1 млн. сом өлчөмүндө салыктар жана төлөмдөр жыйналган, пландык көрсөткүч 103,2 пайызга аткарылган. Мында Кумтөрдү эсепке албаганда салык кирешелери 6 870,4 млн. сомду же планга карата 107,0 пайызды түздү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 5959,8 млн. сом суммасында бажы жыйымдарынын жана төлөмдөрүнүн келип түшүүсү же пландан 114,6 пайызы камсыз кылынды. 2011-жылдын окшош мезгилине карата акчалай туюнтууда кирешелердин келип түшүүлөрү 1901,4 млн. сомго өстү, бул импорттун көлөмүнүн жогорулашы менен шартталды.
12-таблица
Мамлекеттик бюджеттин киреше түзүмү (млн. сом)
| 2011-ж. январь-марты факт | 2012-ж. январь-марты факт | Өсүү темпи, (%) | 2012-ж. январь-марты план | Аткаруу пайызы (%) |
Салыктык келип түшүүлөр | 11594,0 | 13777,9 | 118,8 | 12772,1 | 107,9 |
анын ичинде | |||||
КР Мамлекеттик салык кызматы | 7535,5 | 7818,1 | 103,8 | 7572,1 | 103,2 |
КР Мамлекеттик бажы кызматы | 4058,5 | 5959,8 | 146,8 | 5200,0 | 114,6 |
Салыктык эмес келип түшүүлөр | 2234,3 | 2681,5 | 120,0 | 2517,6 | 106,5 |
Алынган расмий трансферттер | 1327,4 | 858,0 | 64,6 | 1065,5 | 80,5 |
Баардыгы | 15155,7 | 17317,4 | 114,3 | 16355,3 | 105,9 |
Каралып жаткан мезгилде мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес келип түшүүлөрү 2 681,5 млн. сомду же пландан 106,5 пайызды түздү. Өсүү темпи 2011-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 120,0 пайызды түздү же келип түшүүлөр 447,2 млн. сомго өстү. Бул өсүш бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын келип түшүүлөрүнүн, транспорт каражаттарын каттоо жана кайрадан каттоо үчүн акынын жана башка салыктык эмес кирешелердин өсүшүнө байланыштуу.
Алынган расмий гранттардын келип түшүүлөрү 858,0 млн. сомду же пландан 80,5 пайызды түздү, бюджетке 207,5 млн. сом келип түшкөн эмес, негизинен МТИ гранттарынын келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу. Өткөн жылга салыштырмалуу алынган гранттардын келип түшүүлөрү 35,4 пайызды түздү же 469,4 млн. сомго төмөндөдү.
3.2. Мамлекеттик бюджеттик чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы
2012-жылдын январь-мартында республикалык бюджетин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарсыз жана мамлекеттик карызды эсепке алуу менен) 17 813,6 млн. сом суммасында, же пландан 98,8 пайызга аткарылды. 2011-жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу жалпы чыгымдар 4 550,6 млн. сомго, же 34,3 пайызга өстү. ИДПнын өлчөмүнө карата республикалык бюджеттин жалпы чыгымдары 2011-жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайыздык пунктка өсүү менен 35,1 пайызды түздү.
13-таблица
Республикалык бюджеттин чыгымдары (млн. сом)
Статьялардын аталышы | 2011-ж. январь-марты факт | 2012-ж. январь-марты факт | Өсүү темпи, (%) | 2012-ж. январь-марты план | Аткаруу пайызы (%) |
Баардыгы: | 13263,0 | 17813,6 | 134,3 | 18036,1 | 98,0 |
Айлык акы | 2699,5 | 3531,8 | 130,8 | 3531,8 | 100 |
Социалдык фондго төгүмдөр | 262,2 | 394,8 | 150,6 | 394,8 | 100 |
Медикаменттерди сатып алуу | 90,3 | 110,0 | 121,8 | 110,0 | 100 |
Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар | 1962,0 | 2790,7 | 142,2 | 2790,7 | 100 |
Калкка социалдык жардам берүү боюнча жөлөк пулдар | 1087,8 | 1357,5 | 124,8 | 1357,5 | 100 |
Эл аралык уюмдардын күндөлүк гранттары | 62,5 | 39,7 | 63,5 | 39,7 | 100 |
Мамлекеттик башкаруунун күндөлүк гранттары | 1492,5 | 2381,0 | 159,5 | 2381,0 | 100 |
Корголгон статьялар боюнча баардыгы | 9235,8 | 13342,6 | 144,5 | 13342,6 | 100 |
Финансылык эмес мамлекеттик ишканалардын субсидиялары | 529,2 | 465,2 | 87,9 | 465,2 | 100 |
Имараттар жана курулуштар | 845,2 | 558,8 | 66,1 | 679,4 | 82,2 |
Кредиттер, ссудалар жана карыздар | 433,3 | 635,8 | 146,7 | 651,6 | 97,6 |
Тышкы карыздар | 250,7 | 300,8 | 120,0 | 300,8 | 100 |
Баалуу кагаздар, акциялардан тышкары | 1070,8 | 986,5 | 92,1 | 986,5 | 100 |
Республикалык бюджеттен эмгек акы боюнча чыгымдарды каржылоо 2011-жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу социалдык чөйрөдөгү кызматчылардын айлык акыларынын өлчөмдөрүн жогорулатууга байланыштуу 832,3 млн. сомго, же 30,8 пайызга өстү (2011-жылдын январь-мартында айлык акы боюнча чыгымдар 2699,5 млн. сомду түздү).
Республикалык бюджеттин чыгымдарын каржылоого таасир тийгизген факторлордун бири Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамы 2012-жылдын I кварталында кабыл алынбагандыгы фактысы болду. Ушуга байланыштуу мыйзамдарга ылайык айына чыгымдарды каржылоо бир жылга пландаштырылган каражаттардын жалпы көлөмүнүн он экиден бир бөлүгүнөн ашык эмес жүргүзүлгөн.
2012-жылдын январь-мартында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө чыгымдардын салыштырмалуу салмагы 46,9 пайызды түздү, 2011-жылдын окшош мезгилинен кеп (2011-жылдын январь-мартында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө чыгымдардын салыштырмалуу салмагын 41,4 пайыз түздү), баардыгы 2 805,3 млн. сом багытталган.
14-таблица
Социалдык чөйрөнүн чыгымдары (млн. сом)
| 2011-жылдын январь-марты | 2012-жылдын январь-марты | өсүү темпи, % |
Баардыгы | 4948,6 | 7753,9 | 156,7 |
Социалдык коргоо | 3097,8 | 4203,3 | 135,7 |
Билим берүү | 495,9 | 920,9 | 185,7 |
Саламаттыкты сактоо | 1126,8 | 2215,8 | 196,6 |
Эс алуу, маданият жана дин | 228,1 | 413,9 | 181,5 |
Алдын ала маалыматтар боюнча 2012-жылдын январь-мартында республикалык бюджеттин жалпы тартыштыгын 946,7 млн. сомду (ИДПга карата 2,0 пайыз) түздү.
3.3. Мамлекеттик карыз: тышкы жана ички карызды тейлөө
2012-жылдын февралынын аягына карата мамлекеттик карыз 144725,4 млн. сомду, анын ичинде ички карыз - 12 994,4 млн. сомду, тышкы карыз - 131 731,0 млн. сомду түздү.
2012-жылдын январь-мартында карыздарды тейлөө 1 989,6 млн. сомду түздү. Тышкы карыздарды тейлөөгө 800,2 млн. сом, анын ичинде негизги сумма боюнча - 300,8 млн. сом жана пайыздар боюнча 499,4 млн. сом багытталган. Ички карыздарды тейлөө 1189,4 млн. сомду, анын ичинде негизги сумма боюнча - 986,5 млн. сомду жана пайыздар боюнча - 202,9 млн. сомду түздү.
4. Тышкы экономикалык иш
4.1. Тышкы экономикалык саясат жапа тышкы экономикалык иш
2012-жыл эл аралык мамилелерде көптөгөн өзгөрүүлөрдү жана дүйнөлүк коомчулукта тарыхый процесстердин кескин тездешине алып келди. Глобалдык деңгээлде күчтөрдү кайрадан бөлүштүрүү жана таасир тийгизүү, эл аралык системада жаңы полюстарды чыңдоо процесси улантылууда. Бул өзгөртүүлөрдүн айрыкча айкын көрүнүштөрү болуп Жакынкы жана Орточо Чыгыштагы өтө маанилүү өзгөрүүлөр, ЕС финансылык жана экономикалык системасында глобалдык кризистин башталуу коркунучтары, БРИКС жана Азия континентинин мамлекеттеринин экономикалык күчтөрүнүн жана саясий таасирин бир убакытта чыңдоо болду.
КМШ багыты. Отчёттук мезгилде Кыргыз Республикасы тышкы саясий жана эл аралык иш аракетинин масштабдары жана динамикасы бир багыттуу жана активдүү мүнөзгө ээ болду.
Бул багытта айрыкча мазмундуу аянтча болуп Кыргызстандын экономика, коргоо, коопсуздук, мекендештердин укуктарын коргоо жаатында негизги улуттук кызыкчылыктары топтолгон КМШ мейкиндиги калууда. Негизги аракеттер негизги өнөк-мамлекеттери менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматта, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын коңшулары менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган.
КМШ мамлекеттери менен, атап айтканда Россия Федерациясы менен экономикалык кызматташуу Өкмөттүн ишинин аракетинде стратегиялык багыттардын бири болуп калды. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 25-27-февралда Москва шаарына барып келүү мезгилинде жетишилген макулдашуулар бир топ натыйжалуу болду. 2008-жылда 2011-жылга чейинки мезгилде Кыргызстанда россия аскер обьекттеринин орун алып жайланышы үчүн россия тарабынын карыз маселеси он чечилди (15 млн. АКШ доллары суммасында төлөм жүргүзүлдү), Камбар-Ата ГЭС-1 бирдиктүү куруу келечеги жана мамлекеттик карыздын калдыктарын эсептен чыгаруу, «ТНК «Дастан» ААКы, КР Россия Федерациясында Соода өкүлчүлүгүнүн имаратынын акцияларын өткөрүп берүү жол-жобосу жаңыланды. Ушул иштеп чыгууларды тажрыйбалык ишке ашыруу жолдору Кыргыз-Россия ӨАК 14-отурумда талкууланат.
Казакстан менен экономикалык өнөктөштүктү чыңдоого Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабановдун 21-22-февралда Астана шаарына болгон иш сапары көмөк түздү. Тараптардын өз ара кызыкчылыктарынын пайдасын кыргыз-казак инвестициялык фондунун аракеттениши, Астана шаарында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйынын өткөрүү жана ошондой эле казак тарабынын Камбар-Ата ГЭС-1, «Кемин - Алмата» ЭБЛ жана ТЭЦ долбоорлоруна катышуу, гуманитардык жардам катары өлкөнүн түштүк регионунда жалпы билим берүү мектебин куруу боюнча чечимдер күбөлөндүрүүдө.
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сүт жана айыл чарба продукцияларын Казакстан Республикасына жеткирүүгө чектөөлөрдү алуу, Кыргыз Республикасынын жарандары менен кыргыз-казак чек арасын тоскоолсуз өтүү жана алардын Казакстандын аймагында каттоосуз болуу мөөнөтүн 30 күндөн 90 күнгө чейин узартуу жөнүндө келишимдер жетишилген, үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында «Кичи-Капка» жана «Каркыра» өтүү пункттарын ишин кайта баштоо белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 19-мартта Москвада болуп өткөн, Евразиялык Экономикалык Союз кылып кайрадан уюштуруу маселеси боюнча ЕврАзЭС мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты.
Батыш багыты. Батыш багытында иш аракет бир топ жемиштүү, атап айтканда эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнүн негизин салган, КР Президенти А.Атамбаевдин 10-14-январында Анкара шаарында болгон иш сапарында жетишилген макулдашуулар. Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында 140 түрк бизнесмендеринин катышуусу менен кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өттү.
Борбордук Азия боюнча ЕС Атайын Өкүлү П.Морелдин Бишкек шаарына 26-январда болгон иш сапары көңүл бурууга татыктуу, аны менен сүйлөшүүлөрдөн натыйжасында Европа Союзу тарабынан 30 млн. евро өлчөмүндө макроэкономикалык жардам берүү келишимине жетишилди. Мындан тышкары, ЕС тарабынан техникалык жардамды көбөйтүү планында Бишкек шаарына 25-28-февралда келген Николас де Педро башчылыгындагы Мадриддик клубдун баа берүү миссиясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары артыкча келечектүү.
АКШ менен экономикалык кызматташуунун келечектери Коргонуу логистикасы боюнча АКШ агенттигинин Сатып алуулар боюнча Бюросунун директору-адмирал Рон МакЛарендун Бишкек шаарында болгон иш сапарынын убактысында талкууланган. Ошентип, Афганистанга жана Транзиттик жүк ташуулар борборуна азык түлүк продуктыларын, курулуш материалдарын жана башка өнөр жай товарларын сатып алууга кызыкдар.
Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркуловдун башчылыгындагы Кыргыз Республикасынын делегациясы 6-февралдан 12-февралга чейин Лондондо болуп келди, ал жерде жалпы суммасы 15 млн. АКШ доллары болгон шаар четиндеги жаңы конуштар менен Бишкек шаарынын тургундарын суу менен камсыздоону жана транспорт чарбасынын жакшыртуу боюнча эки долбоорду каржылоо боюнча ЕБРР менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
27-февралда Женева шаарында Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө Швейцария тарабы 2012 - 2015-жылдарга карата техникалык кызматташуунун жаңы программасынын алкагында Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү улантуусуна ишендирди. 2012-жылдын 25-сентябрында Берн шаарында өтө турган соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-швейцария өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү отурумун өткөрүүнүн мөөнөтү макулдашылды.
Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк Банктын ортосунда Улуу Британия Өкмөтүнүн Эл аралык өнүгүү министрлигин «Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо» долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк Банктын ортосунда «Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо» долбоорун кошо каржылоого Швейцария Өкмөтүн кошумча каржылоо гранты (1,23 млн. АКШ долларына жакын суммада) жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюу маселеси каралган.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин ЕСтин институттарына баруу жана ЕС өлкөлөрү менен саясий диалогдорду орнотуу үчүн Бельгияга иш сапарын 2012-жылы бою уюштуруу маселеси каралууда. Ошондой эле, 2012-жылдын экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабановдун саясий жана соода-экономикалык кызматташууну күчөтүү үчүн Францияга, АКШга, Түркияга иш сапарларын уюштуруу маселеси каралууда.
Кыргыз-британ эки тараптуу мамилелерин күчөтүү максатында Бишкек шаарында Улуу Британия өкүлчүлүгү ачылган.
Чыгыш багыты. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп чыгыш багыты эсептелет, ал бүгүнкү күндө кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири катары мүнөздөлөт. Бишкек шаарында Сауд Аравия өкүлчүлүгүнүн иштешине менен бирге, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабановдун 5-6 мартта Катар шаарына болгон иш сапарынын жана «Катар Холдинг» инвестициялык компаниянын аткаруучу директору А.Аль-Саиддин 2-3-мартта Бишкек шаарына келген иш сапарынын жүрүшүндө тараптар менен белгиленген. Катар менен кызматташуу өзгөчө келечектүү. Атап айтканда, «Катар Холдинг», «Катар Диар», «Катар Эйрвейс», «Хассад Фуд» жана «Силатех» компанияларынын линиялары боюнча.
Тажрыйбалык жыйынтыктардын санына «Флай Дубай» авиакомпаниясы менен «Дубай-Бишкек-Дубай» авиарейсин ачууну жана ошондой эле Бириккен Араб Эмиратынын Тышкы иштер министрлигинин 8-10-февралда Бишкек шаарында болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби Өнүктүрүү Фондунун ортосунда Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун оңдоо боюнча кредиттик макулдашууга кол коюуну киргизсе болот.
Экономикалык дипломатия. Коңшу мамлекеттер менен сууну колдонуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча маселелерди чечүүдөгү жана жалпы суу-энергетикалык чөйрөдөгү иш жемиштүү деп мүнөздөлөт. Кыргыз Республикасынын делегациясынын 7-8-мартта Берлинде өтө турган «Борбордук Азия үчүн суу ресурстарынын дипломатиясы» темасындагы Конференциянын ишине жана 12-17-мартта Марсель шаарында өтө турган Дүйнөлүк Суу Форумуна катышуусу каралган. 23-январда КР Жогорку Кеңешине «Борбордук Азиянын суу ресурстарын натыйжалуу колдонуу» темасына тегерек столду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын чек өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан ата мекендик товарларды жана кызматтарды, ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жана инвестициялык мүмкүндүктөрдү алга жылдыруу максатында эл аралык көргөзмө-жармаңкелердин ишине Кыргыз Республикасынын катышуусуна өзүнчө көңүл бурулган. КР Маданият жана туризм министри И.Жунусов менен ITB-2012 эл аралык туристтик жарманкеге жана Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев менен Берлинде болуп өткөн «Жашыл апта» эл аралык айыл чарба көргөзмөсүндө кыргыз делегациясынын катышуусу уюшулган.
Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук онкология борборунда «Чөп тамырлары жана адамдын коопсуздугу» Япония гранттык программасынын чегинде 111,818 мин АКШ доллары суммасында медицина жабдууларын өткөрүп берүү церемониясы өткөрүлдү.
«ЭСК Банк» ААКсы менен Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда Ош шаарында оорукана комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча банктык келишимге кол коюлган.
Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Бишкек шаарында кытай тилин окутуу менен жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КЭР Өкмөтүнүн ортосунда макулдашууну түзүүчү алмаштыруу каттарына кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Абу-Даби Өнүктүрүү Фондунун (БАЭ) ортосунда Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлган.
Бюджетти колдоо үчүн 15 млн. АКШ доллары суммасында үчүнчү траншты берүү жөнүндө Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, ал 2012-жылдын май айында күтүлүүдө.
ЕС рынокторуна бал сатууга уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесинде орунду сактап калуу максатында балда уруксат берилген ченемдерден ашыкча болгон, тыюу салынган продуктулардын, ветеринардык заттардын, химикаттардын же пестициддердин бар болушун жылдык талдоого негизделген балдын калдыктары боюнча жаңыланган план-мониторинги даярдалган жана дипломаттык каналдар боюнча ЕС комиссиясынын азыктануу продуктылары жана ветеринария боюнча дирекциясына жөнөтүлгөн. Ушул пландын негизинде Дирекция Кыргыз Республикасын балды экспорттоочу өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү жөнүндө чечимин кабыл алат.
4.2. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-мартындагы тышкы соодасы
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-мартында тышкы соода жүгүртүүсү 2011-жылдын окшош мезгилиндеги көрсөткүчүн 20,8 пайызга ашып, 1453,8 млн. АКШ долларын түздү.
Экспорттук берүүлөрдүн көлөмү 388,4 млн. АКШ долларын (12,0 пайызга төмөндөө), импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмү-1065,4 млн. АКШ долларын (39,9 эсе өсүү) түздү. Товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө импорттун үлүшү 73,3 пайызды, экспорттун үлүшү - 26,7 пайызды түздү.
Соода балансынын сальдосу терс бойдон калды жана 677,0 млн. АКШ долларын түздү, бул 2011-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 2,1 эсеге жогору.
2012-жылдын каралып жаткан мезгилинде экспорттук ташып жеткирүүлөр 2011-жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу 12,0 пайызга төмөндөдү жана 388,4 млн. АКШ долларын түздү. Алтынды эсепке албаганда өткөн мезгилде экспорттун көлөмү 1,7 эсеге өстү жана 265,6 млн. АКШ долларын түздү.
Экспорттун негизги көлөмү Швейцарияга (экспорттун жалпы көлөмүнөн 31,8 пайыз), Казакстанга (27,1 пайыз), Россияга (15,6 пайыз), Өзбекстанга (9,3 пайыз) ж.б. багытталган.
Экспортто негизги үлүштү мурдагыдай эле 122,8 млн. АКШ доллар суммасында алтын ээлейт (31,6 пайыз), бул 2011-жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу 56,3 пайызга төмөн. Ошону менен бирге, отчёттук мезгилде органикалык эмес химия заттарынын 34,7 эсеге, чигиттүү пахтанын 3 эсеге, сүт азыктарынын 1,7 эсеге, тирүү жаныбарлардын 22,2 пайызга, электр чыңалуу лампаларынын 8,9 пайызга, тигүү буюмдары 7,2 пайызга экспорттоо көлөмүнүн өсүшү байкалууда.
Мында, чийки заттарды жана инвестициялык товарларды экспорттоо экспортко ири салым кошкон чогуу салымы 17,8 пайыздык пунктка бааланып, алар 7,0 жана 4,2 эсеге өскөн.
Каралып жаткан мезгилде республикага товарлардын импорттук келүүлөрү 39,9 эсеге өстү жана 1065,4 млн. АКШ долларына жетти. Импорттун көлөмүнүн өсүшү минерал продукттарынын (130,1 млн. АКШ долларына), жер үстүндө жүрүүчү, суу жана аба транспорт каражаттарынын, алардын бөлүктөрүнүн жана куралдарынын (70,0 млн. АКШ долларына), машиналардын, жабдуулардын жана механизмдердин (25,3 млн. АКШ долларына), баалуу эмес металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын (20,2 млн. АКШ доллары) жана ошондой эле химиялык продукттарынын жана ага тиешелүү өндүрүштүн продукттарынын (16,5 млн. АКШ долларына) ташып келүүлөрүнүн өсүшү менен камсыз кылынган. Импорттун өсүшүнө Кыргыз Республикасына энергия продуктуларын ташып келүү ири салым кошту, алардын салымы 31,2 пайыздык пунктка бааланды, энергия продуктыларынын импорту 2,6 эсеге өстү. Импорттун жалпы түзүмүндө 36,7 пайыздык үлүштү ээлеген, инвестициялык товарлардын, чийки заттардын жана аралык товарлардын импорту 15,5 пайыздык пункттук жалпы салым салышты. Керектөө товарларынын өсүү темпи 11,2 пайызга өскөнүнө карабастан, ушул товарларды импорттоо 10,6 проценттик пунктка кыскаргандыгы кызыктуу.
Импорт боюнча негизги өнөктөш өлкөлөр болуп ташып келүүлөрдүн жалпы көлөмүндө 33,9 пайызды ээлеген Россия, Кытай (15,5 пайыз), Казакстан (12,8 пайыз), Япония (5,1 пайыз), АКШ (4,2 пайыз), Германия (4,3 пайыз), Турция (3,0 пайыз) эсептелет.
Импорттун көлөмүнүн өсүшү парктык маанинин өсүшү жана заттык көлөмүнүн өсүшү менен шартталды, атап айтканда: жаратылыш газы 1,9 эсеге жана 113,1 пайызга, дизель отуну-2,9 жана 3,2 эсеге, автомобиль бензини-2,2 жана 1,9 эсеге, көмүр-2,1 жана 1,7 эсеге, буудай уну-1,8 эсеге, колдонулган автомобилдер-2,8 жана 2,7 эсеге.
5.Ишкердик чөйрөнү жакшыртуу
5.1. Инвестициялык саясат, Мамлекеттик инвестициялар программасын аткаруу (МИП)
Инвестицияларды тартуунун жана социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуу каражаттарынын бири болуп мамлекеттик-жеке өнөктөштүк эсептелет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-февралындагы «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» № 7 мыйзамы иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Бул мыйзам мамлекеттик органдардын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо, тандоо жана ишке ашыруу боюнча милдеттерди бөлүштүрүүнү караштырат, мыйзамдын аракеттенүү чөйрөсү, ушунун ичинде экономикада МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу секторлору көрсөтүлгөн.
Кыргыз-казак, кыргыз-катар инвестициялык фонддорун түзүү боюнча иш активдүү жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын аймагында артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоону караштыруучу инвестициялык фонддорду түзүү өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын агымын өстүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошону менен социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө таасир тийгизүүгө мүмкүндүк берет.
Коңшу мамлекеттердин ишкердик коомчулуктарынын ортосунда байланышты, өз ара ишенимди чыңдоо жана кызматташуунун жаңы формаларын аныктоо алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:
• 2012-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарында «Инвестициялык кызматташуунун келечеги» аттуу кыргыз-монгол бизнес-форуму өткөрүлдү, катышууга курулуш, айыл чарба, туризм, өнөр жай, байланыш, транспорт, энергетика, тоо-кен казуу чөйрөсүндөгү ата мекендик 100 жана Монголиядан 55 жеке ишкерлер келген. Бул иш чара эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктары үчүн жана ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу үчүн натыйжалуу аянтча болду. Монгол жеке ишкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердикти жүргүзүү шарттары менен таанышышты.
• 2012-жылдын 19-мартында Кыргыз-түрк соода-инвестициялык форуму өткөрүлдү, ага 130 түрк жеке ишкерлери жана ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты. Кыргыз тараптан ишкер коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Презентациянын жүрүшүндө форумдун катышуучулары жеңил өнөр жайы, машина куруу, тамак аш өнөр жайы, тоо-кен казуу сектору сыяктуу тармактарды инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышкан. Ушул иш-чаранын жыйынтыктары боюнча Кыргызстан менен Турциянын негизги бизнес-ассоциацияларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду. Атап айтканда ТУСКОН жана ЖИА, ТУСКОН жана Кытайдын ортосунда.
Кыргыз Республикасынын УСК экспресс-маалыматы боюнча тикелей чет элдик инвестициялардын (мындан ары - ТЧИ) келип түшүүлөрү 2011-жылы 849,2 млн. АКШ долларын түздү жана 2010-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 127,5 пайызды түздү.
ТЧИ келип түшүү түзүмүн караштырууда, акционердик капиталга карата агым 2011-жылы 86,6 млн. АКШ долларын түздү жана 2010-жылга салыштырмалуу 3,9 эсеге өстү; реинвестицияланган пайда 475,2 млн. АКШ долларын түздү жана 2010-жылга салыштырмалуу 2 эсеге өстү; калган капиталдын көлөмү 283,0 млн. АКШ долларын түздү жана 69,9 пайызды түзүп 2010-жылга салыштырмалуу төмөндөдү. Анын ичинен соода кредиттердин эсебинен - 103,1 млн. АКШ доллары, чет элдик кош ээлерден алынган кредиттердин эсебинен 179,8 млн. АКШ доллары.
2011-жылы инвесторлор үчүн айрыкча жагымдуу тармактар болуп кайра иштетүүчү өнөр жайы болду, анын ТЧИнин жалпы көлөмүндөгү салыштырмалуу салмагын 57,7 пайыз; кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызматтарды сунуш кылуу - 20 пайызды; соода; автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо - 11,9 пайызды; финансылык иш аракет - 9,1 пайызды; тоо-кен казуу өнөр жайы - 5,3 пайызды түздү.
КМШдан тышкары өлкөлөрдөн тике чет элдик инвестициялардын агымы 2011-жылы 2010-жылдын деңгээлине салыштырганда 1,5 эсеге өстү (келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнөн 94,9 пайыз). Негизги инвестор-өлкөлөрү болуп: Канада - ТЧИнин жалпы көлөмүнөн 52,5 пайызы (445 млн. АКШ доллары), Кытай-17,6 пайыз (149,6 млн. АКШ доллары), Улуу Британия-6 пайыз (51,4 млн. АКШ доллары), Германия - 5,0 пайыз (42,7 млн. АКШ доллары), Швейцария - 3,1 пайыз (26,4 млн. АКШ доллары) болду.
KMШ өлкөлөрүнөн келген тике чел өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2010-жылга салыштырмалуу төмөндөдү жана 31,1 пайызды түздү (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнөн 5,1 пайызы), ТЧИнин салууларынын негизги үлүшүн, Казакстандын инвесторлору ишке ашырышты 2,8 %, (келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнөн 24,4 млн. АКШ доллары), 2010-жылдын деңгээлинин 58,3 % түздү ошондой эле 2010-жылдын деңгээлине карата 19,2 пайызды түзүп, Россия инвесторлору келип түшкөн ТЧИнин жалпы көлөмүнөн 2,2 % (19,1 млн. АКШ доллары) түздү жана төмөндөдү.
2011-жылы ТЧИнин жалпы көлөмүндө келип түшкөн ТЧИнин айрыкча салыштырмалуу салмагы Ысык-Көл облусуна - 51,5 пайыз, Чүй облусуна - 8,8 %, Жалал-Абад облусуна - 7,8 %, Бишкек шаарына - 21,3 % ту ура келген.
2011-жылы тике чет элдик инвестициялардын тышка кетүүсү 155,7 млн. АКШ долларын түздү (келип түшкөн ТЧИнин 18,3 %), бул 2010-жылдан 72,8 млн. АКШ долларына же 31,9 % аз (2010-жылы 228,5 млн. АКШ доллары).
ТЧИнин тышка чыгуусу ишканалардын чет өлкөлүк кошо ээлеринен алынган кредиттерди жана соода кредиттерин коп жагынан кайтарып берүү менен түшүндүрүлөт, алар чыгып кетүүнүн түзүмүндө 89,7 пайызды түзөт. Инвестициялардын кетүүлөрү экономиканын дээрлик бардык тармактарында байкалып жаткандыгын белгилей кетүү зарыл, бирок мында эн коп үлүштү кайра иштетүү өнөр жайы - 36,8 %, кыймылсыз мүлк менен операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү - 20,4 пайызды, соода; автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу буюмдарын оңдоо - 18,4 % ээлейт.
Мамлекеттик инвестициялар программасы (МИП)
2012-жылдын январь-мартында Мамлекеттик инвестициялар программасынын инвестициялык долбоорлору боюнча чыгымдардын жалпы көлөмү 1 612,6 млн. сом, ушунун ичинде грантсыз инвестициялык долбоорлорду тышкы каржылоо 609,8 млн. сом, же жылдык пландуу көрсөткүчтөн 4,7 пайызды жана ушунун ичинде инвестициялык долбоорлорду ички кошо каржылоону 147,6 млн. сомду же жылдык пландуу көрсөткүчтүн 19,1 пайызын түздү.
5.2. Ишкердик
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча 2011-жылы Кыргыз Республикасында 1 1784 чакан жана орто ишканалар иштеген1 (2010-жылга салыштырмалуу 379 бирдикке кыскаруу). Жеке ишкер ишин 267,8 миң жеке жак жүргүзгөн (өсүү 23 мин жеке жакты түздү). Ошентип, отчёттук мезгилде ишкердик чөйрөсүндө аракеттенгендердин жалпы саны 356 мин адамды түздү (өсүү 22 миң адам) ИДПнын жалпы көлөмүндө чакан жана орто бизнестин салыштырмалуу салмагы (алдын ала баалоо) - 41,4 пайызды же 113 032,4 млн. сом түздү (2010-ж. - 41,2 пайыз же 90 763,2 млн. сом).
Ишкердик ишти аракетти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун жактыруу токтому иштелип чыккан жана кабыл алынган, анда лицензиялардын жана уруксааттардын 72 түрүн кыскартуу каралган.
Кыргыз Республикасынын «Ишкердик ишти аракетин жөнгө салуунун укуктук ченемдик базасын оптималдаштыруу тууралуу» Мыйзамын ишке ашыруу максатында арыздарды кароо жана лицензияларды берүү мөөнөттөрү менен байланыштуу лицензиялоо жол-жоболорун ишке ашырууда лицензиар-мамлекеттик органдардын ишин регламенттөөгө багытталган «унчукпоо-макулдуктун белгиси» ченемин киргизүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому иштелип чыккан жана бекитилген.
2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн мүлктү талап-тоноонун жана өрттөөнүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттери үчүн мамлекеттик колдоонун чаралары таркалган жактардын тизмесин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 90 «2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн мүлктү талап-тоноонун жана өрттөөнүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин кошумча реестрин бекитүү тууралуу» токтому иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан, коммерциялык банктардан жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерден карыз алгандарга жана Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн мүлктү талап-тоноонун жана өрттөөнүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин реестринде тургандарга кошумча колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан карыз алуучуларды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» 2012-жылдын 30-апрелинде № 266 токтому кабыл алынган.
2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан коммерциялык банктардан жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерден карыз алуучулардын-күрөө берүүчүлөрдүн жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосунда маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругу менен карыз алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосунда маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссия түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 121 «Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан негизсиз жана натыйжасыз текшерүүлөргө жол бербөө, ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнү өркүндөтүү максатында ишкердик ишти жакшыртууга жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартууга таасир тийгизүүчү тобокелдик критерийлеринин баалоо даражасына байланыштуу ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн жөнгө салуу жана жүргүзүлгөн текшерүүлөргө талдоо, жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш аракетин ишке ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү тууралуу» токтому; контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүнө эң жагымдуу шарт түзүүнү караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 194 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 «Ишкердик иш аракетти мамлекеттик жөнгө салуу системасына реформа жүргүзүү жана ишкердик иш аракетти жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому; мамлекеттик контролдоо органдарынын санын 21 ден 13кө кыскартууну караштыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы «ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым органдардын тизмесин жактыруу тууралуу» токтому иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жер семирткичтер менен камсыз кылуудагы кыйынчылыктарды жоюу, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана айыл чарба өсүмдүктөрдүн экспорттоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-февралындагы № 84 «Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып чыгуучу жер семирткичтерге сезондук (алып чыгуучу) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө» токтому кабыл алынган.
Ички рыноктогу мунайзаттын кескин жетишсиздигине жана баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 218 « Кыргыз Республикасынын аймагынан мунайзаттарын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому менен КММ экспортуна убактылуу тыюу салуу (он эки ай мөөнөткө) киргизилген.
______________________________
1 Квартал/жыл үчүн отчеттуулук отчёттук мезгилден кийинки 60-күнү сунуш кылынат
5.3. Фискалдык саясат
2012-жылдын отчёттук мезгилинде фискалдык саясаттын негизги багыттары болуп чарба субъекттеринин ишин күчөтүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, бизнес жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле салык жүгүн төмөндөтүү жана ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүү боюнча маселелерди кароо болду.
Инвестициялык климатты жакшыртуу, жүргүзүлүп жаткан салык саясатын, салык системасын жана бажылык башкарууну өркүндөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бир катар укуктук ченемдик актылар кабыл алынган:
- эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна каражаттарды алууну жокко чыгаруу жолу менен ишкерлерге оорчулукту жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө мыйзамдардын жана социалдык камсыздандыруу жана камсыздандыруу төлөмдөрү жөнүндө коштоочу мыйзамдардын пакети иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 107 токтому менен «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору жактырылган жана Кыргыз Республикасынын ЖК комитеттеринде мыйзам долбоору экинчи окуудан өткөн;
- жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясатты өркүндөтүү максатында КНС төлөөчүлөрү үчүн сатык салыгынын ставкасын этаптуу төмөндөтүү жана дотацияда отурган жана өзгөчө жеңилдиктер берилген региондордо иштеген өнөр жай ишканалары үчүн жеңилдиктерди сунуш кылуу, ошондой эле ишкерлер тарабынан мектепке чейинки жеке мекемелерин, билим берүү мекемелерин, саламаттыкты сактоо мекемелерин өнүктүрүүгө салган каражаттарына карата салык жеңилдиктерин сунуш кылуу максатында Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 23-мартындагы № 200 токтому менен жактырылган, «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыккан;
- эл аралык конкурстарда акчалай жана башка сыйлыктарды жана утуштарды, ошондой эле эл аралык уюмдар (фонддор) тарабынан ыйгарылган сыйакыларды алган жактарды киреше салыгынан бошотуу максатында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 81 токтому жактырылган;
- жеке өндүрүштүк максаттары үчүн чарба субъекттери тарабынан текстиль, тигүү жана эмерек тармактарында колдонуучу жабдууларды ташып келүүдө бажы төлөмдөрүнөн бошотуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 204 «Кыргыз Республикасынын текстиль, тигүү жана эмерек тармактарын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому кабыл алынган;
- Кыргыз Республикасынын ЖК 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген КНСти кайтаруу, ордун толтуруу механизмдерине жагымдуу шарттарды түзүү (жөнөкөйлөтүү) боюнча коюлган маселелердин чегинде салык жана бажы кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 116-6 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-6 «КНСти Кайтаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» буйругу кабыл алынган;
- киреше салыгы боюнча салык базасына жагымдуу шарттарды түзүү жана товардык жоготууларды аныктоонун бирдиктүү тартибин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 17 «Соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө азык түлүк товарларына табигый кемүү ченемдерин бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынган.
2012-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн түшүп калган сумманын ордун толтуруучу кошумча кирешелерди табуу боюнча иш жүргүзүлдү жана фискалдык саясаттын чаралары жана 2012-жылга карата мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн салык жыйымдарын 6500,0 млн. сом суммасына жогорулатуу боюнча сунуштар даярдалды, алар кийин Кыргыз Республикасынын «2012-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамына киргизилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-февралындагы № 30-б буйругуна ылайык 1392,8 млн. сом суммасындагы кошумча киреше булактары боюнча сунуштар берилген.
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруунун көйгөйлүү маселеси, бул Кум-Төр кенинде алтынды өндүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн кайрадан карап чыгуу, бул Кум-Төр кенинен дүң кирешеге салыктын түшүүсүн төмөндөтүүгө алып келет. Ошентип, Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтары боюнча бюджетке 2012-жылдын I кварталында 205 млн. сом кем түшкөн. «Кум-Төр оперейтинг компаниянын» алдын ала маалыматтарынан улам, алтын өндүрүүнүн көлөмүн алтындын 405 миң троя унциясынын деңгээлине чейин азайткан учурда 2012-жылдын дүң кирешесинде салыктын болжолдуу жоготуулары 2762,0 млн. сомду түзөт.
5.4. Атаандаштык саясаты
Монополияга каршы жөнгө салуу монополист субъекттердин бааларды жана тарифтерин негизсиз көтөрүлүүсүн тизгиндөөгө, социалдык-маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүүгө, аларды негизсиз көтөргөн учурларда оперативдүү сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
2012-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча монополияга каршы мамлекеттик органдын иш аракетин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, атаандаштыкты жана ишкердикти өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Чарба субъекттерин мажбурлап бөлүү (бөлүштүрүү) жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу» токтомунун долбоору иштелип чыккан.
Долбоор үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген жана системалык монополиялык иш аракетти ишке ашырган чарба субъекттеринин аракеттери атаандаштыкты олуттуу түрдө чектөөгө алып келген учурларда жагдайды чечүүгө багытталган жана ушул долбоорду иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органынын бул чарба субъекттерин мажбурлап бөлүү жөнүндө чечимин кабыл алуу укугун бекитет.
«Табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (2011-жылдын 8-августунда № 149 менен кабыл алынган) 22-беренесине ылайык байланыш жана энергетика жаатында табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери үчүн тарифтерди орнотуу боюнча функцияларды тактоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун долбоору иштелип чыккан:
- «Почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
- «Электр жана почта байланышы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Энергетика тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамынын 21-статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» мыйзамынын 22-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Экономикалык концентрация процессинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдуулугун сакталышын контролдоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун долбоору даярдалган. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын чарба субъекттеринин, анын ичинде табигый жана уруксат берилген монополиянын субъекттеринин уюштуруучу жана башка документтеринин монополияга каршы мыйзамдуулугунун талаптарына шайкеш келишине экспертиза жүргүзүү жолу менен экономикалык концентрация процессинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдуулугунун сакталышын контролдоо механизмин аныктайт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсү. 2012-жылдын январь-мартында кырктан ашык мамлекеттик органдар көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтарга экспертиза жүргүзүлдү, алардын саны биринчи этапта 20,0 мин кызматтан ашык болгон, анын натыйжасында отуз жети мамлекеттик органдан болжол менен 1089 позиция билдирилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен бекитилген ведомстволор аралык комиссиянын 11 отурумунун натыйжасы боюнча бирдиктүү реестрге мамлекеттик органдар көрсөтүүчү 389 кызмат киргизилген, анын ичинен 220сы акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү, 166сы акысыз, 3чү жарым-жартылай акы төлөнүүчү /акысыз.
Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды сунуш кылуу жол-жобосун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды сунуш кылуу чөйрөсүн системалык жөнгө салууну чыңдоо максатында аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген.
«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалды, ал көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды сунуш кылуунун негизги принциптерин аныктайт, бул чөйрөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу менен керектөөчүнүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жергиликтүү реестрлерин, аларды сунуш кылуунун стандарттарын жана администрациялык регламенттерин (макулдашуу жол-жобосунан өтөт) түзүүнүн тартибин жөнгө салат.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, облустук мамлекеттик администрацияларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун системалуу баалоону жана жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтому кабыл алынган.
5.5. Техникалык жөнгө салуу
Дүйнөлүк соода уюмунун соодада техникалык тоскоолдуктар жана соодада санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча макулдашууларын жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу» мыйзамын ишке ашыруу максатында, продукциянын коопсуздугу, өндүрүү, куруу, монтаждоо, сатуу, колдонуу, жумуштарды аткаруу процесстери боюнча укуктук ченемдик базаны түзүү үчүн төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштер камсыз кылынган:
• техникалык регламенттер;
- автомобиль транспортун техникалык кароодон өткөрүүдө коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу жана техникалык кароодон өтүүдө жарандардын чыгымдарын кыскартуу максатында автомобиль транспортун техникалык кароодон өткөрүүнү жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде жактырылган, «Кыргыз Республикасынын «Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 24 «Электромагниттик шайкештик тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 «Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-февралындагы № 83 «Канттын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентке» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү» токтому.
Эл аралык ченемдерге жана талаптарга ылайык иштелип чыккан техникалык регламенттер кабыл алынган, алар төмөнкүлөргө багытталган:
- калкты коопсуз продукция менен камсыз кылуу;
- бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- өлкөнүн калкынын жашоо турмуш деңгээлин жогорулатуу;
- техникалык жөнгө салуу системасында кызыкчылыктардын кагылышын четтетүү;
- өндүрүүчүлөрдүн акталбаган чыгымдарын төмөндөтүү жана кыргыз товарларын экспорттоо көлөмүн жогорулатуу;
- түшүнүктүү жана «ачык-айкындуу эрежелерди жана жол- жоболорду» түзүү жана техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү;
- чет элдик инвестицияларды тартуу;
- керектөөчүлөрдүн жашоосу жана ден соолугу үчүн продукциялардын коопсуздугун жана сапатын жана аларды өндүрүү ыкмаларын камсыздоо боюнча натыйжалуу жана ишенимдүү системаны түзүү, флораны, фаунаны жана айланы чөйрөнү коргоо;
- негизги соода өнөктөштөр (анын ичинен БС, БЭМ жана башкалар) менен техникалык жөнгө салуу жана метрология системасын шайкештөө.
• Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен Стандартташтыруу боюнча Польша комитети 2012-жылдын 3-мартында Варшава (Польша) шаарында Стандартташтыруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.
Мындан тышкары «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттеринин угуусунан өттү. Долбоор ченөөнүн бирдейлигин камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органга укук берген кызыкчылыктардагы талаш-тартыштарды жок кылуу, юридикалык жактарга ченөө каражаттарын сыноого ыйгарым укук берүү жана стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку окуусунан өттү.
Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында КМШнын мамлекеттер аралык кеңешинин алкагында кыргыз тараптын демилгеси менен Бажы союзуна мүчө-мамлекеттердин жана КМШга мүчө - мамлекеттердин, Бажы союзуна мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин ортосунда өз ара соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды жок кылуу жөнүндө макулдашуунун долбоору даярдалган. Азыркы учурда долбоор КМШга жана Бажы союзуна мүчө-мамлекеттердин кароосунда турат. Бул Макулдашууга кол коюлса, бүгүнкү күндө Бажы союзундагы өлкөлөрдүн чек арасында пайда болгон көптөгөн маселелер алып салынат.
5.6. Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу
Азыркы учурда банктык сектор жана банктык эмес финансылык - кредиттик мекемелерден турган финансылык рынок жетиштүү өнүктү. Фондулук, камсыздандыруу жана пенсиялык фонд рыногу начар өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө финансылык рыноктун ушул секторлорун тездик менен өнүктүрүү боюнча милдеттерди чечүү зарыл.
Натыйжалуу финансылык шаймандардын жетишсиздиги жана начар пайдаланылышы азыркы күнгө чейин көйгөй болуп, финансылык шаймандарды тандоонун чектелгендиги жана кеп түрдүүлүктүн жоктугу сакталып калууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз даражада колдонулууда. Капиталдардын ички рыногуна мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайылтуу аркылуу ар кандай долбоорлорду каржылоо үчүн жетиштүү каражаттарды мобилизациялоого болмок. Фонддук рынок экономиканын реалдуу секторлорунда каражаттарды аккумуляциялоонун негизги шаймандарынын бири жана өнөр жай жагынан өнүккөн мамлекеттерде кабыл алынган сыяктуу экономикага капиталды мобилизациялоо жана тартуу боюнча куралы боло элек. Мындан ары баалуу кагаздар рыногунун инфраструктураларын өркүндөтүү зарыл. Акционердик коомдордо (экономиканын артыкчылыктуу тармактарында мамлекеттик үлүштө катышуу менен акционердик коом) корпоративдик башкарууну уюштуруу жана даражасын жогорулатуу, ошондой эле калктын жана эмитенттердин кесипкөйлүк деңгээлин жана билимин ар дайым жогорулатуу бир кыйла маанилүү милдеттер болуп саналат.
2012-жылдын 10-апрелине карата Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иштин 67 юридикалык жак ишке ашырат, аларга иш аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча 87 лицензия берилген. Лицензиянын көпчүлүгү баалуу кагаздарды ишенимдүү башкарууга (21), ортомчу иштердин ишке ашырууга (17) жана далдалчылык иш аракеттерге (15), ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иш аракеттердин башка түрлөрүнө берилди.
2012-жылдын 1-январынан 31-март мезгилинде «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын соода аянтында баалуу кагаздар менен соода кылуунун көлөмү 168,7 млн. сомду түздү, бул 2011-жылдын (155,9 млн. сом) ушундай мезгилине салыштырганда соода кылуунун көлөмү 8,2 %га көп дегендикте жатат. Баалуу кагаздар менен соода кылуу 2 фонддук биржанын соода аянтында ишке ашырылды, алар «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК жана «Кыргызстандын фондулук биржасы - БТС» ЖАК.
Отчеттук мезгилде баалуу кагаздар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн саны 380 болду же өткөн жылдын (457) ушундай мезгилинде түзүлгөн бүтүмдөрдүн санынын 85,1 %ын түздү.
Алгачкы жана экинчи рыноктордогу бүтүмдөрдү талдоо, 2012-жылдын 1-кварталында соода кылуу көлөмүнүн түзүмүндө экинчи рынокто түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмү басымдуулук кылаарын көрсөттү. Баалуу кагаздардын экинчи рыногундагы жеке менчик түзүмүндө өзгөрүүнү мүнөздөгөн бүтүмдөрдүн көлөмү 115,2 млн. сомду, же биржалык соода кылуунун жалпы көлөмүнүн 68,3 %ын түздү. Баалуу кагаздардын алгачкы рыногунун көлөмү финансылык ресурстарды тартуу же инвестициялык капиталды кайрадан бөлүштүрүү эсебинен 53,5 млн. сомду же биржалык соода кылуунун жалпы көлөмүнүн 31,7 %ын түздү.
2012-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин 2638 баалуу кагаздарынын чыгарылышы каттоодон өткөн. Эмиссиялардын жалпы көлөмү 62 110,7 млн. сомду түздү, анын ичинде акциялар 61 431,4 млн. сом суммасын, облигациялар 578,3 млн. сом суммасын жана инвестициялык үлүштөш салымы 101 млн. сом суммасын түздү.
2012-жылдын 1-январынан тартып 31-мартына чейинки мезгилде бардыгы болуп 812,4 млн. сом суммасына 11 баалуу кагаздын чыгарылышы катталган, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 710,5 млн. сомго көп болгон (101,9 млн. сом суммасына 6 баалуу кагаз чыгарылган).
Отчеттук мезгилде Кыргыз фондулук биржасында «Шоро» ЖАК жана «Росказмет» ЖЧКсынын корпоративдик облигациялары менен 26,3 млн. сом суммасына 204 бүтүм түзүлгөн (2011-жылдын ушундай мезгилинде Кыргыз фондулук биржасында «Росказмет» ЖЧКсынын корпоративдик облигациялары менен 15,9 млн. сом суммасына 50 бүтүм түзүлгөн).
2012-жылдын 1 январь-март айларында Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин корпоративдик баалуу кагаздарына чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 739,8 млн. сомду түздү, анын ичинен алыскы чет өлкөлөрдөн инвестициялар 649,3 млн. сом, КМШ өлкөлөрүнөн 90,5 млн. сом (2011-жылдын ушундай мезгилинде чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 75 миң сомду түзгөн).
Фонддук рынокто оңдуу тенденцияга жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногуна жаңы финансылык шаймандарды киргизүү;
- фонддук рынокко калктын активдүү катышуусу үчүн баалуу кагаздар рыногунда маалыматтын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- бирдиктүү соода аянтын жана бирдиктүү депозитария түзүү аркылуу фонддук рынокту стабилдештирүү;
- фонддук биржанын соода аянтында мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү.
Камсыздандыруу рыногу. Камсыздандыруу ишин өнүктүрүүнүн негизги максаты болуп жарандарды, юридикалык жактарды, мамлекетти камсыздандырып коргоодо керектөөлөрүн камсыздандыруу жана мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык ресурстарды аккумуляциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саналат.
2012-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча Кыргыз Республикасында кайрадан камсыздандыруучу эки уюмду («Камсыздандыруу резерви» жана «Фаворит»), ошондой эле резидент эместердин катышуусу менен 5 компанияны («Кыргызинстрах» САОЗТ, «Россстрах - Кыргызстан» ЖАК, «Лондон - Бишкек» ЖАК, «Камсыздандыруу резерви» ЖАК, «Нефти КК» Туунду уюму ЖАК) кошо алганда 15 камсыздандыруу уюму иш аракеттерин жүзөгө ашырып келет. Негизинен камсыздандыруу бизнеси борбордо топтолгон (14 компания) жана бир гана камсыздандыруу компаниясы Жалал-Абад шаарында иштейт («Дос - Инвест» КК).
2012-жылдын-1-марты боюнча камсыздандыруу уюмдарынын жыйынды активдери 1 117,3 млн. сомду түздү жана 2011-жылдын 1-мартындагы маалымат боюнча салыштырганда жыйынды активдер 34,5 %га көбөйгөн. 2012-жылдын 1-мартында камсыздандыруу уюмдарынын жыйынды жеке менчик капиталы 897,2 млн. сомду түздү, 2011-жылдын 1-мартына салыштырганда 57,6 %га жогорулаган. 2012-жылдын 1-мартындагы абал боюнча милдеттенмелер 86,4 %га көбөйгөн жана 162,4 млн. сомду түздү.
2012-жылдын 1-мартында камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун колдонуудагы келишими боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу резервдеринин көлөмү 103,7 млн. сомду түздү жана 33,8 %га көбөйдү.
2012-жылдын январь - март айларында камсыздандыруу сый акылары 78,0 млн. сомду түздү жана 2011-жылдын январь - март айларына салыштырганда 9,1 %га жогорулады. 2012-жылдын январь - март айларында камсыздандыруу сый акыларынын негизги үлүшүн мүлктүк камсыздандыруу ээледи, бул камсыздандыруу сый акыларынын жалпы суммасынын 47,1 %ын, камсыздандыруу жоопкерчиликтери - 20,0 %ын, жеке камсыздандыруу - 21,4 %ын, жарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу - 11,5 %ын түздү.
Отчеттук мезгилде республика боюнча жалпысынан камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 9,0 млн. сомду түздү жана 2011-жылдын январь - март айлары менен салыштырганда 7,1 %ке өстү. Камсыздандыруу уюмдары менен 165тен ашык чарба субьекттери камтылды.
Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд. Азыркы учурда рынокто мамлекеттик эмес пенсиялык бир фонд иштейт - «Кыргызстан» МЭПФ, ал өзүн иш аракеттерин 1995-жылдын бери ишке ашырып келет, пенсиялык активдерди аккумуляциялайт жана аларды андан ары инвестирлөө жана өнүктүрүү үчүн «Интер - Бишкек» ЖЧКнын активдерин башкаруу боюнча компанияга өткөрүп берет.
«Кыргызстан» МЭПФтин иш аракеттеринин негизги түрү болуп пенсиялык келишимдердин негизинде жарандарды кошумча ыктыярдуу пенсия менен камсыздоо саналат. «Кыргызстан» МЭПФ тарабынан берилген маалыматтарга ылайык 2012-жылдын 1-апрелинде пенсиялык активдер 23 279,8 миң сомду түздү, бул жылдын башындагы көрсөткүчтөрдөн 9,8 %га көп.
Топтолгон пенсиялык камсыздоонун өзгөчө ролун жана келечегин эске алып, пенсияга чыгууда жогорку өлчөмдө пенсия алуу мүмкүнчүлүгүн, экономикадагы үнөмдөлгөн акчанын үлүшүн жогорулатууну жана пенсиялык активдерге инвестициянын эсебинен экономиканы өстүрүүнү, орто мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну сунуштаган топтолгон пенсиялык системаны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Капиталдын рыноктук өзгөчөлүгүнө ээ болуу менен пенсиялык каражаттарды топтоо финансы рыногун өнүктүрүүгө түрткү берет, узак мөөнөттүү инвестициялардын өсүшүнө көмөк көрсөтөт жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон финансылык мекемелерди (башкаруучу компаниялар, банктар) түзүүгө өбөлгө болот.
5.7. Мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү жана башкаруу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүнүн программасын бекитүү тартиби аныкталган, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 54 Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүү программасынын долбоору даярдалды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтому менен бекитилген Ясана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн.
Программанын долбооруна мурунку Программа боюнча ишке ашырылбай калган объекттер, ошондой эле бир катар жаңы объекттер - тармактык министрликтер жана ведомстволор тарабынан менчиктештирүүгө сунушталган профилсиз активдер өткөрүп берилди.
Бул Программада уюмдардын объекттеринин жана мамлекеттин менчигиндеги жана менчиктештирүүгө тийиш эмес объекттердин тизмеси, акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу аркылуу менчиктештирилүүчү объекттердин тизмеси жана белгиленген тартипте мамлекеттин үлүшү жана мүлктүк комплекстерди жана башка мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүгө тийиш болгон объекттердин тизмеси камтылган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» Программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш-чаралардын планына ылайык мамлекеттик мүлктөрдүн реестрин жана мүлк каттоого даярдоо боюнча иштерди жүргүзүүчү Эсепке алуу жана мүлк каттоо башкармалыгы түзүлдү. Бүгүнкү күндө 38 мамлекеттик органдардын мүлктөрү боюнча кагаз түрүндө маалыматтар бар.
Менчиктештирүүдөн, дивиденддерден, ижара акысынан түшкөн каражаттар 34,6 млн. сомду түздү, анын ичинде:
- мамлекеттик менчиктерди менчиктештирүүдөн | - 0,0 млн. сом; |
- дивиденддерден | - 0,0 млн. сом; |
- мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн | - 3,9 млн. сом; |
- 50 %дан кем эмес мамлекеттик ишканалардын пайдасынан | - 28,5 млн. сом |
- субординацияланган карыз боюнча проценттер | - 2,2 млн. сом. |
Мамлекеттештирилген объекттер менен иштөө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча Программаны ишке ашыруу максатында мамлекеттештирилген 4 обьектти сатуу боюнча аукциондор жүргүзүлдү. Мамлекеттештирилген объекттерге талдоо өткөрүлдү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлу № 941-V «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун жактыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору даярдалды, анда айрым мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүгө тийиш болгон объекттердин тизмесине киргизүү каралды. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-мартындагы № 189 токтому менен жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.
Фонддун 2012-жылдын 2-февралындагы № 4-б буйругу менен бекитилген, 2012-жылы мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүнүн графиги жана «Альфа Телеком» ЖАКтын 49 %ын менчиктештирүүнүн өзүнчө графиги иштелип чыкты.
Программага ылайык, мамлекеттештирилген объекттерди менчиктештирүүнүн негизги максаты - мамлекеттештирилген объекттерди сатуу эсебинен мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында мамлекеттин кыска мөөнөттүн ичинде максималдык киреше алуусу.
Объекттерди менчиктештирүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде максималдык ачык - айкындуулук жана жарандык коомчулукка отчет берүү шартында жүргүзүлдү. Комиссиянын бардык отурумунда ММКнын өкүлчүлүктөрү катышты.
6. Социалдык чөйрө
6.1. Социалдык коргоо. Пенсиялык камсыздоо.
Калкты социалдык коргоо тармагында калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана социалдык жактан аялуу жарандардын абалын жакшыртуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик жөлөкпулдар. 2012-жылдын 1-апрелинде мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны 445,3 миң адамды түздү, анын ичинен: ай сайын жөлөкпул алган балдары бар, аз камсыз болгон үй- бүлөөлөр - 374,6 миң адам же болгон туруктуу калктын 6,7 %; ай сайын социалдык жөлөкпул алгандар - 70,7 миң адам же болгон туруктуу калктын 1,3 %.
2012-жылдын 1-апрелинде жалпысынан Республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө ай сайын жөлөкпулдун орточо өлчөмү 25,1 %га жогорулады жана 304,0 сомду түздү, ай сайын социалдык жөлөкпул - 33,4 %га жогорулады жана 1992,5 сомду түздү.
Отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин каражатынан мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө жалпы суммасы 865,3 млн. сом акча каражаты менен каржыланды, мында өсүш 35,8 %ды түздү.
Социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү. 2012-жылдын 1-апрелине карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алгандардын орточо саны 55,4 миң адамды түздү, 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 3,5 %га (1,9 миң адамга) көп болду, бул угуусу жана көрүүсү боюнча майыптардын санын көбөйүшүнө байланыштуу.
Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында ай сайынын өмүрүнүн акырына чейин 3000 сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы төлөнөт. 2012-жылдын 1-апрелине карата стипендияны орточо 2,4 миң адам алышты, алардын жалпы суммасы 21,6 млн. сомду түздү. Алгандардын саны 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда табигый өлүмдөргө байланыштуу 20,0 %га кыскарды.
Иштегендерди социалдык камсыздоо. 2012-жылдын 1-апрелинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, көмүүгө Жөлөкпул алгандардын жалпы саны 6,7 миң адамды түздү. Чегерилген жөлөкпулдардын суммасы 41,7 млн. сомду түздү, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 51,6 %га (14,2 млн. сомго) кеп болду.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 40,9 млн. сом суммасында 6248 адамга, көмүүгө жөлөкпул 0,729 млн. сом суммасында 511 адамга төлөндү. Кош бойлуулук жана терет боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 44,9 %га жогорулады жана 1637 сомду түздү, көмүүгө жөлөкпул 11,1 %га жогорулап, 1428 сомду түздү.
2012-жылдын, 1-апрелине карата 2010-жылдыгы кайгылуу окуянын кесепетинен курман болгон жана жоголгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1,0 млн. сом өлчөмүндө бир жолку берилүүчү материалдык жардам бөлүнгөн. Жалпы суммасы 525,0 млн. сом болгон мындай жардамды 525 үй-бүлө алган.
Жалпы суммасы 8,2 млн. сом болгон 20,0 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул курман болгондордун 412 үй-бүлөлөрүнө берилди. Жалпы суммасы 125,3 млн. сом болгон 50,Оден 100,0 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолу берилүүчү материалдык жардам 2179 жабыркаган адамдарга бөлүп берилди.
Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга кошумча 3700 сом өлчөмүндө ай сайын социалдык жөлөкпулдар төлөндү. Апрель, май жана июнь окуялары боюнча кошумча ай сайын жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражаттарынан 52,3 млн. сом (814 адамга) бөлүндү.
Социалдык тейлөө. Республикада 15 жатак-үйлөр иштейт, анын ичинен 14 республикалык бюджеттин каражаттарынан, кары-картаңдар үчүн Бишкектеги жатак-үйлөр жергиликтүү бюджеттин каражатынан каржыланат. Азыркы учурда жатак-үйлөрдө 2313 камкордукка алынгандар багылат, анын ичинен кары-картаңдар жана ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 793, психоневрологиялык дарттуу - 1119 чоң адам жана 401 бала.
Отчеттук мезгилде жатак-үйлөр жалпы 53,6 млн. сом суммасында каржыланды, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 39,2 %га (15,1 млн. сомго) көп болду.
15-таблица
2012-жылдын январь - март айларында социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү1
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Ченөө бирдиги | 2011-ж. январь-март | 2012-ж. январь-март | Четтөө (+,-) |
1. | Номиналдуу эмгек акынын орточо айлык өлчөмү | сом | 7350,0 | 10127,0 | 2777,0 |
2. | Жашоо минимуму | сом/айына | 4411,3 | 4229,5 | -182 |
3. | Эмгекке жөндөмдүү калктын жашоо минимуму | сом/айына | 4940,5 | 4717,1 | -223,4 |
4. | Мамлекеттик жөлөкпулдарды алгандардын саны2 | ||||
| Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпул (ЕПМС) | миң адам | 366,0 | 374,6 | 8,6 |
| Ай сайын социалдык жөлөкпул (ЕСП) | миң адам | 68,2 | 70,7 | 2,5 |
5. | Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмү3 | ||||
| (ЕПМС) | сом | 243,0 | 304,0 | 61,0 |
| (ЕСП) | сом | 1493,6 | 1992,5 | 498,9 |
6. | Жөлөкпул | ||||
| ЕПМС балдардын жашоо минимуму | % | 6,5 | 8,4 | 1,9 |
| (ЕСП) жашоо минимуму | % | 33,8 | 47,1 | 13,3 |
7. | Социалдык тейлөөнү каржылоо | ||||
| (ЕПМС, ЕСП) Мамлекеттик жөлөкпулдар | млн. сом | 630,0 | 855,9 | 225,9 |
| Жеңилдиктин ордуна акчалай жардам | млн. сом | 354,6 | 348,2 | -6,4 |
2012-жылдын январь-март айларында бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10127,0 сомду түздү. 2011-жылдын январь-март айларына салыштырганда 37,8 %га көбөйдү, ал эми керектөө баасын эске алуу менен эсептен чыгарганда анын реалдуу өлчөмү 35,0 %га өстү. 2012-жылы январь-март айларындагы эмгек акынын өсүшү анын бюджеттик чөйрөдө 1,6 эсеге өсүшү менен камсыздалды.
Өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 2012-жылдын январь-март айларында эмгек акынын өлчөмүнүн көбөйүшү экономикалык иш аракеттердин бардык түрүндө байкалды, бирок абдан маанилүүсү билим берүү (71,4 %га) жана саламаттыкты сактоодо (2,2 эсеге) тармагында болду. 2012-жылдын январь-март айларында финансылык иш аракеттердин, транспорт жана байланыш тармагындагы, өндүрүш жана электр энергиясын, газды жана сууну бөлүштүрүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акылары орточо республикалык деңгээлден ашты. Ал эми алардын төмөнкү деңгээли айыл чарбасында, билим берүүдө, коммуналдык, социалдык жана персоналдык кызмат көрсөтүүлөрдө түзүлдү.
2012-жылдын 1-мартында республика боюнча жалпы эмгек акыны төлөө боюнча карыздардын- жалпы суммасы 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 1,5 %га, ал эми өткөн айдын ушундай күнүнө салыштырганда-0,8 %га көбөйдү.
2012-жылдын 1-кварталында жашоо минимумунун көлөмү 4229,49 сомду түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 4,2 %га төмөндөдү, бул азык-түлүк товарларынын баасынын төмөндөшүнө байланыштуу (жашоо минимумунун түзүмүндө азык-түлүк товарлардын үлүшү 65 %ды, азык-түлүк эместер-16 %ды, кызмат көрсөтүү - 17 %ды, салыктар - 2 %ды түздү).
__________________
1КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча
2 Болгон калктан
3 Жашоо минимумунан
Пенсионерлерди социалдык тейлөө. Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2012-жылдын январь - март айларында Социалдык фонддун кирешесинин жалпы суммасы 6834,7 млн. сомду түздү, бул 2011-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 43,6 %га көп болду.
Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча керектөөлөр 6679,6 млн. сомду түздү жана толугу менен каржыланды, пенсиялар жана башка социалдык төлөмдөр боюнча карыздар жок.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100 буйругуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айындагы калың жааган кардын кесепетинен Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында жана чеккен мал чарбачылыгына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 2012-жылдын апрель жана май айлары үчүн пенсиялар жана башка социалдык төлөмдөр 323,1 млн. сом суммасында каржыланды.
2012-жылдын 1-кварталы үчүн Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду 97,5 млн. сом суммасында, Эмгекчилердин саламаттыгын сактоо фонду 8,9 млн. сом суммасында каржыланды.
2012-жылдын 1-январында республика боюнча пенсионерлердин саны 545861 адамды түздү, бул 2011-жылга салыштырганда 15699 адамга көп, ал эми эмгектенгендердин саны 1183537 адамды түздү. Ошентип, иштегендер менен-пенсионерлердин катышы 2,17/1.
16-таблица
2011-2012-жылдардын 1-кварталы үчүн пенсиялык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү1.
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Ченөө бирдиги | 2011-ж. январь-март | 2012-ж. январь - март | Четтөө (+,-) |
1. | Бардык кирешелер: | млн. сом | 4760,5 | 6834,7 | 2074,2 |
| анын ичинде: |
|
|
|
|
| Камсыздандыруу взносторунун келип түшүшү | млн. сом | 2827,5 | 4038,0 | 1210,5 |
| Республикалык бюджеттен келип түшүүлөр | млн. сом | 1897,2 | 2720,3 | 823,1 |
2. | Бардык чыгашалар: | млн. сом | 4748,5 | 7159,8 | 2411,3 |
| анын ичинде: |
|
|
|
|
| Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун каражаттары боюнча | млн. сом | 63,2 | 97,5 | 34,3 |
| Эмгекчилердин саламаттыгын сактоо фонду | млн. сом | 7,6 | 8,9 | 1,3 |
3. | Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун учурдагы статусу | млн. сом | 206,8 | 203,8 | -3,0 |
4. | Пенсионерлердин жалпы саны | адам | 530162 | 545861 | 15699 |
5. | Пенсиялар жана башка социалдык төлөмдөр каржыланды жана төлөндү | млн. сом | 4476,4 | 6679,6 | 2203,2 |
6. | Пенсиянын айлык орточо өлчөмү2 | сом | 2800,0 | 3760,03 | 960 |
7. | Пенсионерлердин жана иштегендердин кагышы | адам | 1:1,3 | 1:2,17 |
|
8. | Пенсионердин жашоо минимуму4 | сом | 3958,7 | 3749,2 | 209,5 |
Жылдын башында пенсиянын орточо өлчөмү электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү эсепке алуу менен 3760 сомду түздү.
2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 34,3 %га же 960 сомго көбөйдү.
Негизги максат болуп пенсиялык камсыздоонун татыктуу деңгээлин камсыздоо жана пенсионерлерди социалдык колдоо саналат. Ушуга байланыштуу учурдагы артыкчылыктуу маселе болуп пенсиянын орточо өлчөмүн пенсионерлердин жашоо минимумуна жеткирүү эсептелинет.
Ушул максаттарда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 199 «2012-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө» токтомуна ылайык 2012-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлдү. 2012-жылы пенсияны мындай көбөйтүүгө Социалдык фонддун бюджетинен 1797,0 млн. сом суммасында каражат каралган.
Үстүбүздөгү жылдын май айында каралып жаткан пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу төмөнкү пенсиялар үчүн 150 сом жана жогорку пенсиялар үчүн 1500 сом өлчөмүндө так белгиленген сумма катарында, ошондой эле орто деңгээлдеги (20 %ден 8 %га чейин) пенсиялар үчүн дифференцияланган пайыздык көбөйтүүлөр ишке ашырылат. Ошону менен инфляциянын болжолдонгон деңгээли 106,3 % болсо, пенсияларды көбөйтүү механизми орточо 111,0 %ды же 398 сомду түзөт.
__________________________________________
1 КРнын Социалдык фондунун маалыматы боюнча
2 Компенсациялык төлөмдөрдү эске алуу менен
3 2012-жылдын 1-январына карата КРнын Социалдык фондунун маалыматы боюнча
4 КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча
6.2. Эмгек рыногу жана миграция.
Табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында 2012-жылдын январь - февраль айларында республиканын калкынын саны 19, миң адамга же 0,3 %га көбөйгөн. Баалоо маалыматтары боюнча 2012-жылдын 1-мартында туруктуу жашаган калктын саны 5 571 миң адамды түздү.
Калктын санынын өсүшүнүн негизги факторлору болуп табигый өсүш саналат, ал 19,9 миң адамды, же калктын 1000нин 21,9 түздү (2011-ж. январь-февралында - 20,3). 2012-ж. январь-февралында 26,7 мин балдар төрөлгөн, же калктын 1000нин 29,3 түздү (2011-ж. январь-февралында - 27,7). 6,8 миң адам өлгөн, же калктын 1000нин 7,4 түздү (өткөн жылдын ушундай мезгилиндеги деңгээлде). Бир жашка чейинки куракта 500 бала өлүмгө учураган, же төрөлгөндөрдүн 18,7 түзөт (2011-ж. январь-февралында - 20,2).
2012-жылдын январь - февраль айларындагы демографиялык жагдай калктын тышкы миграциялык активдүүлүгүнүн төмөндөшү менен мүнөздөлөт. 2012-жылдын январь - февраль айларында республикага туруктуу жашоо үчүн 1,1 миң адам келген, 1,7 миң адам кеткен, калктын миграциялык агымы - 0,6 миң адамды түздү (2011-жылдын январь - февраль айларында - 6,2 миң адам). 2011-жылдын январь - февраль айларына салыштырганда калктын республикалык ички миграциянын көлөмү да олуттуу кыскарды. Мурункудай эле тышкы миграция боюнча кетүүлөрдүн жогорку интенсивдүүлүк Талас жана Чүй облустарынан байкалууда (10 миң жашоочунун 6 жана 7 адамына туура келүүдө).
Калктын жумуштуулугу. 2010-ж. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча экономикалык активдүү калк 2 456,0 миң адамды түздү. Иш менен камсыз болгон калктын саны 2 243,7 миң адамды түздү. Үстүбүздөгү жылы калктын экономикалык активдүүлүгүнүн деңгээли өлкөдөгү калктын жалпы санынын 64,2 %ын түздү, өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда олуттуу төмөндөдү (64,4 %га). 2012-жылдын 1-апрелине карата жалпы жумушсуздардын деңгээли 8,6 % деңгээлинде калды
2012-жылдын 1-апрелинде жумуш издөө максатында ишке орноштуруу мамлекеттик кызматтарынын органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 4,8 %га, ал эми жумушсуздардын саны - 5,4 %га азайган. Расмий жумушсуздардын деңгээли 2,5 %ды түздү.
Ушул жылдын 1-кварталында ишке орноштуруу кызматына кайрылгандардын саны 37088 адамды түздү, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 1960 адамга же 5 %га аз. Жумуш издегендер катары ишке орноштуруу кызматтарында 17478 адам катталды, бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 714 адамга же 4 %га аз.
2012-жылдын 1-апрелине карата ишке орноштуруу кызматтарында 96251 адам каттоодо турат, анын ичинен 29 жашка чейинки курактагылар 42 %ды түзөт. 61774 адам жумушсуздуктун расмий статусуна ээ, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 3494 адамга аз. Жумушсуздардын 51 %ын аялдар түзөт, 19 %га жакыны (12035) 29 жашка чейинки жаштар саналат.
Эмгек рыногунда ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында активдүү иш чаралар өткөрүлдү, атап айтканда: билим берүү, кайра окутуу, убактылуу ишке орноштуруу (акы төлөнүүчү коомдук иштердин долбоору) боюнча сунуштар, жумушсуз жарандарга жеңилдетилген микрокредит берүү.
2012-жылдын I кварталында эмгек рыногундагы активдүү чараларда 14309 жумушсуз камтылды, бирок бул 2011-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 1499 жумушсузга же 9 %га аз болду.
Акы төлөнүүчү коомдук иштерге 3260 адам жиберилди, бул мурунку жылга салыштырганда 957 адамга же 23 %га аз.
Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча билим берүү, кайра окутуу 2279 жумушсузга улантылды, бул өткөн жылга салыштырганда 12 %га төмөн болду.
Жеңилдетилген микрокредитти 497 адам алды, бул өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 43 адамга же 9 %га көп болду.
Миграция. Кыргызстанда жумушчу күчүн экспорттоо кеңири жайылган көрүнүш болуп саналат. Алдын ала маалыматтар боюнча отчеттук мезгилде жеке жактардын акча которууларынын таза агымы 176,2 млн. АКШ долларын түздү, бул 2011-жылдын тийиштүү мезгилиндеги көрсөткүчтөн 14,5 %га ашты. Ошону менен, мурункудай эле акча каражатынын агымынын басымдуу көлөмү Россия Федерациясынан келди жана 194,6 млн. АКШ долларын түздү (95,3 %)1
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» программасынын алкагында Ведомстволор аралык жумушчу топ Эмгек кодексинин жаны редакциясын иштеп чыгууда. Жаңы кодекстеги башкы айырмачылык бул, мында мамлекеттик, жеке же иш аракеттердин башка чөйрөлөрүндө эмгектик укук мамилелер контрактын негизинде гана түзүлө тургандыгында.
__________________
1 КРУБнын оперативдүү маалыматтары боюнча
Жаштар саясаты. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясаты жаш жарандардын калыптанышы, өзүн көрсөтүшү жана алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн социалдык - экономикалык, укуктук жана башка шарттарды түзүү аркылуу ишке ашырылат.
Азыркы учурда жаштар (жаш курак тобу 14-28 жаш) 1 657 миң адамды, же республиканын бардык калкынын 30 %ын жана экономикалык активдүү калктын 68 %ын түзөт. Анын ичинен жумуш менен камсыз болгон жаштар 796,2 миң адам, же 48 %. Иш менен камсыз болгон жаштардын ичинен жогорку билимдүүлөр 121 миң адам же 15 %.
Кесиптик орто билимге ээ болгондор 41,4 миң же жаштардын 5 %, баштапкы кесиптик билими барлар (кесиптик техникалык лицейлер) 46,9 миң адам же 6 %. Ошону менен, иш менен камсыз болгон жаштардын 26 % гана адистикке ээ. Калгандары негизинен айыл чарбасында, ошондой эле акы аз төлөнүүчү, квалификациялык эмес жумуштарда иштешет.
Жаштардын жумушсуздук көйгөйү абдан чоң мааниге ээ, анткени жаштар эмгек рыногунун абдан чоң сегментти, ошондуктан бул азыркы учурда жумушчу күч сунушунун өсүш тенденциясын жарабас. Расмий маалыматтар боюнча жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 10,1 %га жетет, ошону менен жумушсуздуктун деңгээли 15 тен 19 жашка чейинки жаш курактар тобунда 19 %дан жогору, 20 дан 24 жашка чейинки жаш курак тобунда 16 %га жакын жана 25 жаштан жогоркуларда гана жумушсуздуктун деңгээли 9 %га чейин азайгандыгы байкалууда. Расмий каттоодон өткөн жумушсуз жаш адамдардын 60 %га жакыны узак мөөнөттүү жумуштарга ээ эмес жана алардын ичинен 14 %дан көбү ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү.
Жаштардын эмгек биржасы. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында Жаштардын эмгек биржасына жана региондордогу жаштардын эмгек биржаларына ар кандай маселелер боюнча бардыгы болуп 1539 адам кайрылган, анын ичинен 48 % жаш аялдар. Ишке орноштуруу боюнча кайрылгандардын жалпы саны 615, анын ичинен 49 % аялдар жана 20 % жаш өспүрүмдөр.
Жаштардын эмгек биржасы ай сайын «Бош орундардын жармаңкесин» уюштурушат. Отчеттук мезгилде 5 «Бош орундардын жармаңкесин» өткөрүштү, ага 981 адам катышты, анын ичинен 359 аялдар, 30 жаш өспүрүмдөр. 777-адам жумуштарга жөнөтүлгөн, анын ичинен 236-жаш курактагы аялдар. 71 адам шашылыш ишке орношту, анын ичинен 31-аялдар. «Бош орундардын жармаңкесине» 36 иш берүүчү катышкан.
Гендердик саясат. Гендердик теңчилик - бул коомчулуктун демократиялык деңгээлинин, алардын цивилизациялык деңгээлинин индикаторунун бири. Гендердик теңчилик саясий, экономикалык жана социалдык негиздерге ээ. Жогорку укуктук камсыздуулукка карабастан аялдарга эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган механизмдер колдонуудагы мыйзамдык актылардын ченемдеринде каралган эмес.
Азыркы учурда түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан 2020-жылга чейин улуттук стратегиянын долбоору жана 2012 - 2014-жылдарга гендердик теңчиликке жетүү боюнча иш-чаралардын улуттук планы иштелип чыгууда. Иш аракеттердин жаны улуттук планын иштеп чыгуу - дүйнөлүк коомчулукка ийгиликтүү жуурулушуунун принципиалдуу шарттарынын бири, анткени бүткүл дүйнөдө коомчулуктун өнүгүш деңгээли гендердик теңчилик жана жыныстык белгиси боюнча басмырлоонун ачык гана эмес, жашыруун формасын да түп тамырынан бери жок кылуу сыяктуу көрсөткүчтөр менен аныкталат.
Кыргыз Республикасында аялдардын абалын жакшыртуу жана гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук программаларды ишке ашыруунун негизин аялдардын абалын жакшыртуу боюнча Иш аракеттердин Пекин Платформасынын принциптери жана түзөт.
Бардык региондордо жана Бишкек, Ош шаарларында гендердик теңчиликке жетүү боюнча, Чүй облусу үчүн жасалган сынамык долбоордун тажрыйбасы боюнча региондук пландардын долбоорлорун иштеп чыгуу процесси жүрдү. Региондордогу бардык көйгөйлөр негизинен окшош мүнөздө жана келип чыгышы бирдей. Миграциянын өсүшүнөн улам кароосуз балдардын саны, мектептеги кылмыштуулук өсүүдө. Жетишсиз маалымат алуудан эркектерде, ошондой эле аялдарда да ден соолугунун көйгөйлөрү пайда болууда. Гендердик билимдин жетишсиздиги аялдардын укугун басмырлоого жана бузууга алып келүүдө.
6.3. Саламаттыкты сактоо.
2012-жылдын I кварталында демографиялык жагдай төрөт көрсөткүчүнүн өсүш тенденциясы менен мүнөздөлдү, ал алдын ала маалыматтар боюнча калктын 1000не карата 29,3 түздү (2011-ж. - 27,7). 2012-жылдын I кварталы боюнча калктын табигый өсүш көрсөткүчүнүн тенденциясы калктын 1000не карата 21,9 түзүү менен сакталып калды (2011-ж. - 20,3 %).
17-таблица
Саламаттыкты сактоодогу негизги керсөткүчтер1
Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Ченөөнүн бирдейлиги | 2011-ж. январь-март | 2012-ж. январь-март | Четтөө (+.-) |
Төрөлүүлөр | калктын 1000не карата | 27,7 | 29,3 | 1,6 |
Табигый өсүштүн көрсөткүчү | калктын 1000 не карата | 20,3 | 21,9 | 1,6 |
Өлүмдүн жалпы көрсөткүчү | калктын 1000 не карата | 7,4 | 7,4 | 0 |
Ымыркайлардын өлүм учуроо көрсөткүчү | тирүү төрөлгөн 1000 балага карата | 20,2 | 18,7 | -1,5 |
Балдардын өлүм коэффициенти | тирүү төрөлгөн 1000 балага карата | 23,5 | 21,6 | -1,9 |
Энелердин өлүм көрсөткүчү | тирүү төрөлгөндөрдүн100000не карата | 32,7 | 53,7 | 21,0 |
Каралып жаткан мезгилде балдардын жана ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчүнүн төмөндөгү белгиленет. Энелердин өлүмгө учуроо көрсөткүчү жогору боюнча калууда, ар бир окуя эскперитизадан өтөт.
Балдардын жана ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчүнүн төмөндөшү перинаталдык өлүмгө учуроонун азайышы жана натыйжалуу перинаталдык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү - туура төрөтүү, төрөлөөрү менен эмчек эмизүү, ымыркайларды өз убагында реанимациялоо менен байланыштуу. Энелердин өлүмгө учуроосун анализдөөдө саламаттыкты сактоо секторунун, экономикалык, социалдык жана маданий факторлордо шартталган, жүрүм-турум эрежелеринин, калктын санитардык билиминин алкагынан чыккан көптөгөн себептерди көрсөттү.
2012-жылдын I кварталында алдын ала маалыматтар боюнча калктын 1000не карата өлүмгө учуроонун жалпы көрсөткүчү 7,4 түзүү менен 2011-жылдын деңгээлинде калууда.
2012-жылдын I кварталында ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү тирүү төрөлгөндөрдүн 1000не карата 18,7 түздү (2011-ж. - 20,2). 2012-жылдын 1-кварталында балдардын өлүмгө учуроо коэффициенти алдын ала маалыматтар боюнча тирүү төрөлгөндөрдүн 1000не карата 21,6 түздү (2011-ж. - 23,5). 2012-жылдын 1-кварталында энелердин өлүмгө учуроо көрсөткүчү алдын ала маалыматтар боюнча тирүү төрөлгөндөрдүн 100000не карата 53,7 түздү (2011-ж.-32,7).
________________
1 КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча
Ооруга чалдыгуулар. 2012-жылдын 1-кварталында республикада инфекциялык жана митечилик менен ооруган 106,6 миң оору каттоодон өткөн. Инфекциялык патология түзүмүндө 83,2 пайыз, сасык тумоо жана курч респиратордук - вирустук инфекцияга 2,6 пайызы, мите ооруларга 2,6 %, курч ичеги инфекциялар 3,2 пайызы, вирустук гепатитке 1,2 пайызы, кургак учукка - 08 пайызы, бурцеллезго - 6,4 пайыз башка инфекцияларга туура келет.
Ушул жылдын 3 айдын ичинде дифтерия, полиомиелит, столбняк, кызамык, каттоодон өткөн жок. Сифилис менен ооругандарды 9 пайызга, бруцеллезду 37 пайызга, эпидемиялык паротитти 28 пайызга, ич келтен 25 пайызга төмөндөтүүгө жетишилди (100 миң калка эсептегенде). Ошону менен бирге эле курч ичеги инфекциясы, ВИЧ инфекциясы, котур жана эхинококкоз, кургак учук жана вирустук А гепатиттер менен ооругандар жогору бойдон калууда.
2012-жылдын I кварталында Бишкек шаарында жуктурулган тропикалык безгек оорусу менен 1 оору катталган, ал чыккан жерде эпидемияга каршы жана маалыматтык-билим берүү иш-чаралары жүргүзүлдү. «2011 - 2015-жылдарда Кыргыз Республикасында безгектин элиминациясынын программасы» Глобалдык фонд долбоорунун финансылык колдоосу менен 2140 кг инсектицид, Мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн аймактык борборлорунун Мите лабораториялары үчүн 19 муздаткыч сатып алынды.
Мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору тарабынан республикага алып келинген, өндүрүлгөн жана сатуудагы тамак-аш тузунун сапатын контролдоо улантылууда, анда курамындагы йод лабораториялык изилденет. 2012-жылдын 1-кварталында республиканын МСЭКБларында туздун 612 үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүлдү, анын ичинен үлгүлөрдүн 18,3 % четке кагылды.
Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 56 «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу» Мыйзамына ылайык профилактикалык эмдөө календарынын алкагында мыйзамдын балдарды бекер иммунизациялоо жөнүндө принциби милдеттүү түрдө аткарылууда. Ошентип, 2012-жылдын үч айында профилактикалык эмдөөнүн бардык түрүн алганда 25 %дан көп болду, буга республикага вакциндик препараттардын үзгүлтүксүз келип турушу, муздаткычтардын иштешин байкоо жана эмдөө иштерин туура уюштуруу таасирин тийгизди.
Ош жана Жалал-Абад облустарында балдарды текшерүү жүргүзүлүүдө, Ош облусу боюнча 87703 адам текшерилүүдөн өттү, бул 94,7 %ды түздү. 103 «+» ВИЧ табылган. Жалал-Абад облусу боюнча 54167 адам текшерилүүдөн өттү, бул-95,3 %ды түздү, 17 «+» ВИЧ табылды, табылгандардын арасында диспансеризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
ВИЧке чалдыккандарды электрондук байкоо, препараттардын регулятивдик таасир этүүсүн болжолдоо боюнча иштер башталды. 2012-жылдын 1-мартына карата ВИЧ/СПИД менен жашаган 547 адам APT алууда, анын ичинде - 191 балдар.
Мындан тышкары саламаттыкты сактоо секторунун алкагынан тышкары көйгөйлөр бар, аларга: тышкы жана ички миграциянын өсүшү, балдардын жакырчылыгы, мектептик мекемелерге кирүү мүмкүнчүлүгү, жашы жетпегендердин турмушка чыгышы жана жашы жетпегендердин төрөтү кирет. Ички миграциянын өсүшү аялдардын жашаган жери боюнча каттоодо турбаган категорияларынын пайда болушуна, бул тийиштүү түрдө алардын медициналык эсепке турбагандыгына алып келет. Ал эми тышкы миграциянын өсүшү менен кош бойлуу аялдар ооруларын текшертпестен, төрөө алдында гана үйлөрүнө келишүүдө. Кош бойлуу аялдар иштеген оор жумуштары (үй тиричилигин жүргүзүү жана үй-бүлө мүчөлөрүн кароо, жумуштуулуктун формалдык эмес секторунда иштөө) жана энелерди мамлекеттик колдоонун натыйжасыз системасы энелер өлүмүнүн өсүшүнө жана репродуктивдүү саламаттыкка таасирин тийгизүүдө.
2012-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы «Саламаттыкты сактоо» сектору боюнча чыгымдар капиталдык түзүмдү эсепке алганда 2215,8 млн. сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ведомстволук мекемелери боюнча республикалык бюджетти аткаруусу 474,9 млн. сомду түздү, анын ичинде «Медикаменттерди алууга» - 95,8 млн. сом, «Тамак-аш алууга» - 32,9 млн. сом.
Республиканын жарандарын медициналык-санитардык жардамдар (ФОМС- Бирдиктүү төлөөчү) менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин Программасын аткарууга 1579,3 млн. сом каржыланды. Балдарды, жөлөкпул алган жактарды жана пенсионерлерди медициналык камсыздоого республикалык бюджеттен төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздоо каражаттарына 64,8 млн. сом каржыланды. Дарылоо - ден соолукту чыңдоо бирикмелери 33,2 млн. сом көлөмүндө каржыланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Ош атайын ооруканасы 0,8 млн. сом көлөмүндө каржыланды1.
___________________________________
1 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча
6.4. Билим берүү жана илим
Өлкөдө 2012-жылдын 1-апрелине карата төмөнкүлөр иштөөдө: 98,7 миң балдар катышкан 741 мектепке чейинки мекеме, 1015,2 мин окуучусу бар 2204 мектеп; 72,323 миң сандагы студенттери менен 126 кесиптик орто билим берүү мекемелери жана 239,2 миң студенти менен 54 жогорку окуу жайы.
Мектепке балдарды милдеттүү түрдө мектепке чейин даярдоо Программасы жана 240 саат окутуу эсебинде Программага методикалык сунуштар боюнча иштер жүргүзүлдү.
Бала бакчага барууга мүмкүнчүлүгү жок жана 2012 - 2013-окуу жылында окууга бара турган балдар үчүн мектепке чейинки даярдоолорду жүргүзүү үчүн уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Отчеттук мезгилде 2012-жылдын апрель - май айларында абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөрүүнүн даярдоо этабы жүргүзүлдү.
ЖОЖдордо мамлекеттик билим берүү гранттарынын жана кесиптик орто билим берүү жайларында бюджеттик орундардын негизинде 2012 - 2013-окуу жылдарына студенттерди кабыл алуу планын түзүү максатында жогорку жана кесиптик орто билимдүү менен адистерге муктаждыктары жөнүндө министрликтерден, ведомстволордон жана облустук мамлекеттик администрациялардан билдирүүлөрдү чогултуу ишке ашырылды.
18-таблица
Билим берүү чөйрөсүндөгү негизги көрсөткүчтер2
Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Ченөөнүн бирдейлиги | 2011-ж. январь-март | 2012-ж. январь-март | Четтөө (+.-) |
Мектептик билим алуудагы 6-17 жаш курагындагы балдардын саны | окугандар миң | 1018,9 | 1015,2 | -3,7 |
Мектепке чейинки билим алуудагы балдардын саны | миң балдар | 85,2 | 98,7 | 13,5 |
Орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуган студенттердин саны | миң адам | 64,3 | 72,3 | 8,0 |
Жогорку кесиптик билим берүү окуу жайында окуган студенттердин саны | миң адам | 230,3 | 239,2 | 8,9 |
Билим берүүнү каржылоо системасын реформалоо алкагында төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү.
Окугандардын саны боюнча маалымат базасынын, ошондой эле 2012-жылы жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча маалыматтардын негизинде киши башына карата каржылоону ишке киргизүү алкагында Бишкек жана Ош шаарлары боюнча: минималдык стандарт боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин мамлекеттик бюджеттин каражаттарына муктаждыгы; 2011-жылга минималдык стандарттар боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин керектөөлөрүн жабуу ченемдер; шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин жеке кирешелеринин 2012 - 2013-жылдары билим берүүгө багытталган тийиштүү үлүштөр боюнча эсептөөлөр жасалды.
Киши башына карата каржылоо моделинин алкагында мугалимдердин ишин объективдүү баалоо жана эмгектик катышуусуна коэффициент кошуп эсептөө үчүн мугалимдердин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун баалоонун стандарттык критерийлери иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 «Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» токтому менен 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы, ошол эле аталыштагы Концепция, 2012 - 2014-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк программасы жактырылды.
Стратегиялык документтердин негизги максаты болуп ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана сунушталып жаткан билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу аркылуу билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү саналат. Системанын бардык деңгээлинде чечүүнү талап кылган негизги көйгөйлүү зона - башкаруу жана каржылоо, кадрлар менен иштөө жана мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү аныкталды. 2012-жылдан 2020-жылды кошо алганда бардыгы үч жылдык иш аракеттер планын ишке ашыруу турат: 2012 - 2014-жылдар, 2015 - 2017-жылдар, 2018 - 2020-жылдар (Кыргыз Республикасынын бюджетинин үч жылдык болжолу принциптерине ылайык).
«Өкмөттүк эмес уюмдардын системасында кесиптик - техникалык билим берүү мекемелерине бой жеткен жумушсуз калктын ичинен жумушчу кадрларын даярдоо үчүн компетенцияларга негизделген окутуунун модулдук технологиясы боюнча билим берүү - программалык документтеринин комплектин» сыноо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы аркылуу китептер фонду дайыма толукталууда. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынан 190 даана ар кандай китеп, окутуу - методикалык адабият, көркөм чыгармалар жана мезгилдүү басылмалар алынган.
«SOS - Кыргызстандын балдар кыштактары» фонду менен кызматташуу улантылууда жана ушул кызматташуунун алкагында камкордук системасын таштаган жаштардын натыйжалуу социалдык интеграциясына көмөктөшүүгө багытталган, «Жетим балдарды жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды талдоодо» сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө «Кыргызстандын кесиптик - техникалык билим берүүсүнүн жакшыртылган системасына карата жол» долбоорун ишке ашыруу боюнча Миграция боюнча Эл аралык уюмдар долбоору менен макулдашуулар түзүлдү, ал кесиптик- техникалык билим берүү системасындагы беш окуу жайынын окутуу - материалдык базасын (оңдоо, жабдуулар менен жабдуу, окутуу методикалык материалдар менен камсыздоо жана окутуучулардын жана өндүрүштүк билим берүүнүн устаттарынын квалификациясын жогорулатуу) чыңдоого багытталат.
Үстүбүздөгү жылдын март айындагы Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосундагы макулдашууга ылайык Бишкек шаарындагы № 91 кесиптик лицейдин базасында туризм тармагындагы 9 багыт боюнча окуу борборунун ачылышы болду. Окууну бүтүргөндөн кийин бүтүрүүчүлөр Түркияда жана башка өлкөлөрдө ишке орношо алышат.
«Кыргыз Республикасында билим берүү системасын колдоо» ЕС программасынын алкагында төмөнкү беш долбоор иштеп баштады:
- «Жумуштуулукту жакшыртуу жана айыл тургундарынын кирешелерин жогорулатуу үчүн заманбап жана инновациялык кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн жакшыртуу»
- «Баштапкы кесиптик билим алуу жана кесиптик даярдоонун кеңири мүмкүнчүлүгүнүн камсыздоо»
- «Кыргызстанда кесиптик билим берүүдө жана окутууда социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү чындоо»
- «Инклюзивдик кесиптик билим берүү жана окутуу: кесиптик - техникалык билим берүү мекемелери жана жумуш берүүчүлөр менен кызматташууну жакшыртуу аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка аярлуу топтор үчүн ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү»
- «Кыргызстанда кесиптик - техникалык билим берүүнүн жакшыртылган системасына карай багыт алуу».
2012-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы «Билим берүү жана илим» сектору боюнча чыгымдар капиталдык салымдары менен 920,9 млн. сомду түздү. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата билим берүүнүн ведомстволук уюмдары боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин чыгымдары I кварталда алдын ала план боюнча 592927,0 миң сом болсо 455269,1 миң сом суммада каржыланды1
«Башка кызматтарды сатып алуу» беренеси боюнча 13713,0 миң сом же пландын 25,8 % каржыланды. Анын ичинен 6000,0 миң сом «Жаштык» СМОРго спорттук универсиада өткөрүүгө, 1300,0 миң сом - мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүүгө, 3200,2 миң сом
- самын-жуучу каражаттарын, канцелярдык товарларды алууга, балдар үйлөрүндөгү, жардамчы мектеп - интернаттарындагы, мектеп интернаттарындагы таштандыларды чыгарууга, 3213,0 мин сом «Жаш мугалимдерге депозит» программасын аяктоого.
__________________
2 КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча
6.5 Маданият
Тарыхый - маданий мурасты өнүктүрүү жана сактоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Отчеттук мезгилде «Манас» эпосунун үчилтигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктарынын катарына киргизүүгө Номинационндук файл даярдалды.
2012-жылы 14-мартта «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин пленардык отурумунун биринчи окуусунда жактырылды.
Көркөм - эксперттик комиссиянын жумушун оптимилдаштыруу максатында комиссиянын жобосу жана жаңы курамы кайрадан каралды жана бекитилди.
Европалык Союз менен иш алып баруучу программанын алкагында «Борбордук Азияда музыкалык маданиятты регионалдык иш аракет, интеграция жана эл аралык түйүн аркылуу чыңдоо» программасы иштеп баштады.
Кыргыз Улуттук консерваториянын концерттик залына жарык берүүчү жана үн жабдыктары коюлду ошондой эле оңдоп түзөө иштери бүттү.
2012-жылдын I кварталында маданиятты жана туризмди өнүктүрүүгө 241,5 млн. сом акча каражаты жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрында № 545 «Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр» токтомго ылайык 2012-жылдын 1-январынан баштап маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнгө салынды.
7. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык милдеттерин ырааты менен чечүү, туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн базалык шарттарды түзүү, 2012-жылга коюлган милдеттерге жетүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын иш аракеттеринин келечектүү багыттарын аныктоо, жалпысынан бюджеттин жана финансылык системанын туруктуулугун сактоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» Программасын (2012-жылдын 25-январындагы КРӨнүн № 55 токтому) ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш чаралардын планы иштелип чыккан жана кабыл алынган, мында макроэкономикалык шарттарды түзүүгө, бюджеттик жана фискалдык саясаттарды оптималдаштырууга, инвестицияны тартууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө, реалдуу жана социалдык секторду башкаруу боюнча оперативдүү чараларды иштеп чыгууга, ошондой эле коомдук, энергетикалык, бюджеттик-финансылык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иш аракеттер сунушталды.
Өкмөттүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» орто мөөнөттүк программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш чаралардын планында 162 тапшырма бекитилген, анын ичинен 85 тапшырманы 2012-жылдын 15-апрелине чейин аткаруу пландалган.
2012-жылга иш чаралардын планын аткарылышын баалоо жана мониторинг жүргүзүү 2012-жылдын 15-апрелине карата алдыга коюлган тапшырмалардын 49 чечүү камсыздалгандыгын, бул жалпы тапшырмалардын 58 %ын түзөөрүн көрсөттү. Мамлекеттик бийлик органдары 19 тапшырма боюнча айрымдарынын аткарылышын камсыздашты, бул 2012-жылдын 15-апрелине чейин аткаруу пландалган тапшырмалардын жалпы санынын 22 %ын түзөт. 12 тапшырма чечилген жок, бул тапшырмалардын жалпы санынын 14 %ын түзөт, анын ичинде:
үчтөн тапшырма боюнча:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги.
- бирден тапшырма боюнча:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги.
100 күндүк иш чаралар планына 57 тапшырма киргизилген, анын ичинен 52 же пландалган сандын 92 % аткарылды. 5 тапшырма же 8 %ы аткарылууда.
2012 - 2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоору эл аралык донордук уюмдардан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринен алынган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен кайрадан иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 239 «2012 - 2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому менен жактырылды. Программа өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн туруктуу векторуна алып келүү, социалдык китептерди жок кылуу, жашоонун деңгээлин жогорулатуу жана өлкөдөгү жакырчылыкты азайтуу үчүн бюджеттин абалын жакшыртууга багытталган. Бул документте өнүктүрүүнүн төмөнкү багыттарына басым жасалган: (i) мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жана коррупцияга каршы күрөшүү; (ii) улуттук ири долбоорлорду иштетүү жана ишке ашыруу аркылуу экономикалык артыкчылыктарды тездик менен алдыга жылдыруу; (iii) мамлекеттик активдерди башкаруу саясатын жаңылоо; (iv) социалдык өнүктүрүү жана жакырчылыкты азайтуу саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
Программада каралаган реформаларды аткаруу бюджеттин тартыштыгын кыскартууга, коррупция менен күрөшүүнү чындоого, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана коомчулуктагы социалдык кыйынчылыктарды азайтууга мүмкүндүк берет. Бизнес чөйрө өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө жана чыңдоого багыт алат, мамлекеттик жонго салууну бюрократиядан ажыратат жана чарба субъекттерине экономикалык эркиндикти сунуштайт.
Үстүбүздөгү жылдын аягына чейинки негизги милдеттер:
1. Коркунучтарды өз учурунда табуу жана тобокелдиктерди алдын алуу максатында макроэкономикалык көрсөткүчтөргө дайыма мониторинг жүргүзүү;
2. Керектөө бааларынын өзгөрүшүнө таасири тийгизген факторлорго баа берүү жана оперативдүү мониторинг жүргүзүү. Абдан маанилүү товарлардын баасынын кескин өзгөрүшүнө жол бербөөгө багытталган алдын ала иш чаралар/ сунуштар пакетин иштеп чыгуу;
3. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдук көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына оперативдүү мониторинг жүргүзүү. Экономикалык болжолго/ бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштамага мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет даярдоо.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» Программасын (2012-жылдын 25-январындагы КРӨнүн № 55 токтому) ишке ашыруу боюнча 2012-жылга Иш чаралардын планында каралган иш чараларды министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын өз убагында аткаруусу.
5. 2012-жылга белгиленген параметрлерге ылайык кирешелердин келип түшүүсүн камсыздоо.
6. Социалдык фонд тарабынан чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн деңгээлинин төмөндөшүнө жол бербөө.
7. Өкмөттө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кабыл алууга киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоору боюнча маселелерди алдыга жылдыруу.