Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну № 461
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жылып жүрүүнүн техникалык каражаттары менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы № 469 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттагы «дене мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды камсыздоо социалдык коргоо» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык өнүктүрүү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы «социалдык коргоо» деген сөздөр «социалдык өнүктүрүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттагы «камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция» деген сөздөр «жана гуманитардык өнүктүрүү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жободо:
1.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1.4. Кресло-коляскаларды чогултуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын калкын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ) тарабынан жүргүзүлөт.»;
1.6-пунктундагы «7» цифрасы «5» цифрасына алмаштырылсын;
1.7.-пункту:
төмөнкү мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
«1.7. Кресло-коляскаларды майдабарат оңдоо (дөңгөлөктү, чыканак койгучту, отургучту, жөлөнгүчтү, бут койгучту алмаштыруу) пайдаланууга берүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде РПОБМ тарабынан жүргүзүлөт.»;
төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кресло-коляскаларды пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин же оңдолбос болуп бузулгандыгынан улам алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканда райондук же шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына арыз менен кайрылууга тийиш. Арызга кресло-колясканы алуу үчүн антропометрикалык көрсөткүчтөрдү (боюнун узундугу, салмагы, жамбашынын жана санынын көлөмү) кайталап көрсөтүү менен тиешелүү саламаттык сактоо уюмунан (Үй-бүлөлүк медицина борборлору) алынган маалымкат тиркелет»;
2.2-пункттагы «РПОБИ» аббревиатурасы «РПОБМ» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
2.3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- жашаган жеринен маалымкат.»;
- 2.6. жана 2.7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2.6. Райондук жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктары эркин формада түзүлгөн, кресло-коляска алууга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан келип түшкөн арыздарга ылайык Кыргыз Республикасынын калкын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментине (мындан ары - Департамент) арыз берет.
Социалдык стационардык мекемелер кресло-коляскага арыз берүүдө ордунан турбаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санын жана мекемеде болгон кресло-коляскалардын санын көрсөтүүгө тийиш. Бөлүнгөн кресло-коляскалар социалдык стационардык мекемелердин балансында эске алынат.
2.7. Департамент кресло-коляскага берилген корутундулар жөнүндө МСЭКтин маалыматтарынын негизинде, ошондой эле учурдагы жыл үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды кресло-коляскалар менен камсыз кылуунун жыйынтыктары боюнча алдыдагы отчеттук жылга республика боюнча кресло-коляскаларга муктаждык жөнүндө маалыматтарды түзөт жана разнарядканы РПОБМга жөнөтөт.»;
2.9 жана 2.11-пункттардагы «РПОБИ» аббревиатурасы «РПОБМ» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
Жобонун жана анын тиркемесинин бүткүл тексти боюнча, преамбуланы кошпогондо, «социалдык коргоо» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «социалдык өнүктүрүү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 1-пунктунун сегизинчи абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |