Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы№36
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору 1999-ж.№2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Кодекстен, мыйзамдардан жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
2. 17-беренесинде "бошотушу" жана "чектелиши мүмкүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "бошотот" жана "чектелет" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 20-беренесинде "Жашы жетпегендердин" деген сөздөр "Балдардын" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 54-беренесинде "мыйзам актыларында" деген сөздөр "мыйзамдарда" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 390 жана 391-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"390-берене. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же транзит менен өтүүнүн белгиленген тартибинин бузулушу
Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузуу, башкача айтканда, кирүүдө билдирилген максатка туура келбеген максатта республиканын аймагында болуу, жашоого укук берген документтерсиз жашоо же жараксыз документтер боюнча жашоо, катталуунун же жүрүүнүн, жашай турган жерди тандоонун белгиленген тартибин сактабоо, болуунун белгилүү мөөнөтү өткөндөн кийин кетүүдөн баш тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоо -
эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылып жиберилишин алып келет.
391-берене. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды кабыл алган уюмдардын кызмат адамдары, физикалык жана юридикалык жактар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуунун белгиленген тартибин бузуусу
Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды кабыл алган уюмдардын кызмат адамдары, физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аларды каттоонун жана алар үчүн жашоого, жүрүүгө жана жашаган жерин ошондой эле алар тарабынан аныкталган болуу мөөнөтү аякталгандан кийин өлкөдөн өз учурунда чыгып кетүүсүн өзгөртүүгө укук берген документтерди тариздөөнүн белгиленген тартибин бузуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он бешке чейин, кызмат адамдарга - отуздан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарга - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүзгө чейин администрациялык айып салууга алып келет же 10дон 15 суткага чейин мөөнөткө администрациялык камоого алып келет.
Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды кызмат адамдар тарабынан кирүүдө билдирилген республиканын аймагында болуунун чыныгы жүйөөлөрүнө тийиштүү болбогон максаттарда чакыруу -
эсептешүү көрсөткүчүнүн кырктан алтымыш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, же 10 суткага чейинки мөөнөттө администрациялык камоого алып келет.
Ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыштан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу менен 15 суткага чейин мөөнөткө администрациялык камоого алып келет.".
6. 394-берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө "Түзөтүү-эмгек" деген сөз "Эмгек" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 400-беренесинде:
1) аталышында "мыйзам актыларынын" деген сөздөр "ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Президенттин жарлыктарынын, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 400-1-берененин:
1) 1-бөлүгүндө экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кызмат адамы тарабынан жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарына, эркиндиктерине, милдеттерине жана кызыкчылыктарына шек келтирген, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келген актыны чыгарышы;";
2) үчүнчү абзацтагы "юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөгөн" деген сөздөр "Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 401-берене күчүн жоготту деп табылсын.
10. 419-берененин аталышында жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жана ченемдик техникалык документтердин" деген сөздөр алып салынсын.
11. 422-1, 422-2, 422-3-беренелердин экинчи абзацтарында "айып салууга алып келет" деген сөздөр "администрациялык айып салууга алып келет" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 428-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "майып" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 493-берене күчүн жоготту деп табылсын.
14. 513-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"513-берене. Юстиция органдары
Юстиция чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Кодекстин 395-беренесинин 1-пунктчасында, 400-беренесинин 1-бөлүгүндө, 402-403-беренелеринде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу.
400-берененин 1-бөлүгү, 403-берене менен - юстиция чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун укуктук экспертизалоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери.
395-берененин 1-пунктчасы, 402-берене менен - юстиция чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчиси жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери.".
15. 552-берененин 1-бөлүгүндө "орус" деген сөз "расмий" деген сөзгө алмаштырылсын.
16. 565-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"565-берене. Администрациялык кармоонун мөөнөттөрү
Администрациялык укук бузган адамды администрациялык кармоонун мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш.
Өзгөчө учурларда администрациялык материалды сот же ички иштер органынын тиешелүү кызмат адамы караганга чейин, администрациялык укук бузуу боюнча кошумча жагдайларды аныктоо жана кармалган адамдын өздүгүн кошумча тактоо зарыл болгондо, кармоо мөөнөтү 48 саатка чейин узартылышы мүмкүн, бул учурда кармоо болгон учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде бул жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө кабарланат
Чек ара режимин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузган адамдар протокол түзүү үчүн үч саатка чейинки мөөнөткө, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда 48 саатка чейинки мөөнөткө кармалышы мүмкүн.
Бул жөнүндө кармалган учурдан тартып жыйырма торт сааттын ичинде прокурорго кат түрүндө кабарланат.
Администрациялык кармоонун мөөнөтү укук бузуучуну протокол түзүү үчүн алып келген, ал эми мас абалында болгон адам үчүн ал соолуккан убактан тартып эсептелет.".
17. 566-берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө "мыйзам актылары" деген сөздөр "мыйзамдары" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Мыйзамдын ушул долбоору Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу боюнча иш-аракеттердин чегинде жана 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык келтирүү максатында даярдалды.
Андан сырткары, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин, 2011-жылдын 22-январында кабыл алынган "Мамлекеттик чек араны бекемдөө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү" жөнүндөгү№1 чечиминин 9-пунктун жайылтууга багытталган оңдоолорду өзүнө камтыйт.
Тактап айтканда, жогоруда эскертилген пункттар менен Юстиция министрлигине, Ички иштер министрлигине, Мамлекеттик каттоо кызматына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган. Бул мыйзам долбоордо Кыргыз Республикасында болуунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу жоопкерчилигин алган Кыргыз Республикасынын жаранынын жоопкерчилик чараларын татаалдатуу каралган.
Мигранттардын кыймылдуулугун башкача айтканда, кирүү-чыгуусун каттоого алууда бардык мигранттар катталбайт. Алар каттоого алуу процедураларына барышпайт. Ушундай абалды колдонуудан улам биздин республикабыздын аймагына жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн мыйзамсыз мигранттардын түрдүү категориялары кирип алышкан. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин 390-статьясында республиканын аймагына кирүүдө жазылган көрсөтмөлөргө дал келбеген максатта кирген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилигин кайра карап чыгуу, ал эми 391-статьясында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын республикада болуу тартибин жана аларды чакыруу тартибин бузган кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилигин карап чыгуу сунушталган.
Андан сырткары, мыйзам долбоордо Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүмдүн тартиптерин бузган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилигин, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган жана белгиленген тартипти бузган жеке жарандардын, юридикалык жактардын жана кызмат адамынын жоопкерчилигин бекиткен толуктоолор камтылган.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" жөнүндөгү мыйзамдын окшош долбоору 2011-жылдын 25-февралында Жогорку Кеңештин жыйынында каралганын белгилеп кетебиз. Толуктоолорду киргизүү 1.13-пунктун жайылтууда ишке ашырылган. Бул пунктта 2007-2010-жылдарга карата миграциялык процесстерди көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик программаларын жайылтуу иш-чаралары жазылган. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы№433 токтому менен бекитилген.
Бирок, бул мыйзам долбоору Жогорку Кенеш тарабынан төмөнкү себептер боюнча кабыл алынган эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин паракорлук менен күрөшүү, укуктук тартип боюнча Комитети менен коргоо жана коопсуздук Комитетинин биргелешкен корутундусунда төмөнкүлөр көрсөтүлгөн. Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталган (Кодекстин 390- жана 392-статьяларын) оңдоолор Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүмдүн тартиптерин бузган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилик маселелерин жана чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын республикада болуу тартибин бузган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана кызмат адамынын жоопкерчилик маселелерин козгойт.
Аны менен бирге азыркы учурда жогоруда эскертилген маселелерди Мамлекеттик каттоо кызматына киргизүү каралууда. Ал Өкмөттүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы№708 токтому менен бекитилген Жобонун 6-пунктунун 18-абзацына ылайык. Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алат жана каттоодон өткөрөт; Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселеси боюнча документтерди жол-жоболоштурат; Белгиленген тартипте виза берет, анын мөөнөтүн узартат жана жокко чыгарат; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынан тышкары жакта убактылуу жана туруктуу жашоого виза алууга документтерди жол-жоболоштурат.
Аны менен катар, Жаза аткаруу кодексинде "түзөтүү мекемелери" деген түшүнүктүн колдонууларын эске алып, долбоор тарабынан Кодекстин 394-статьясына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" жөнүндөгү Мыйзам тарабынан ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектилердин толук тизмеси, андан сырткары ченемдик укуктук актылардын түрлөрүнүн тизмеси бекитилген. Мына ушуга көңүл буруу менен администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекстин 400-, 400-1, 401-статьяларын ондоолорду киргизүү сунушталат.
Андан сырткары, мыйзам долбоору тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Кодекске сунушталган оңдоолор, учурда колдонулуп жаткан "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзам тарабынан, ченемдик актыларды чыгаруу кызматын жоготконуна байланыштуу министрликтердин жана ведомстволордун ченемдик укуктук актыларын каттоочу мамлекеттик каттоо институтунун жоюлушун шарттайт. Көрсөтүлгөн мыйзамдын 28-статьясында Мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын тизмесине кирбеген ченемдик укуктук актылар юридикалык күчкө ээ эмес.
"Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамды ишке ашырууда, мыйзам долбоору тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү, б.а. "майып" деген түшүнүктү "мүмкүнчүлүгү чектелген адам" терминине алмаштырууну сунушталат.
Аталган Кодекстин 513-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү, 395-ст. 1-пунктчасында, 402-403-статьяларда каралган администрациялык иштерди кароочу юстиция органдарынын кызмат адамдарын тактоо максатында сунушталат.
Мыйзамдын долбоору менен бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин 422-1, 422-2, 422-3-статьялардын санкцияларына редакциялык оңдоолор чыгарылат, себеби алардын мазмуну ченемдик актыларды чыгаруучу техниканын эрежелерине туура келбейт, андан сырткары аталган Кодекстин статьяларынын түзүлүшүндө, текстин бардыгында "администрациялык айып салууга алып келет" деген сөз айкашы көп колдонулат.
Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык кармалууга тийиш эместиги Конституциянын 24-ст. 4-б. жазылган. Ага ылайык жана жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 565-статьясында тартипте администрациялык кармап туруунун акыркы мөөнөтүн киргизүү, долбоор тарабынан каралган. Андан сырткары, белгилүү бир жашаган жери жок адамдарга карата администрациялык кармап туруунун мөөнөтүн узартууну чыгарып салууну талап кылат. Мындай чаралар кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган эмес, мындай адамдар мөөнөтүн өтөгөндөн кийин деле ошол бойдон кала берет. Белгилүү бир жашаган жери жок болуу бул - администрациялык укук бузуу болуп саналбайт жана администрациялык кармап турууга негиз болбой тургандыгын белгилеп кетебиз.
Долбоор тарабынан Кодекстин ички карама-каршылыктарын жоюу максатында оңдоолор сунушталат. Андан сырткары укукту колдонуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн редакциялык оңдоолор киргизилет.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн сайтка жайгаштырылды, аны жакшыртуу боюнча сунуштар жана эскертүүлөр түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз.
Бул долбоорду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.
Министр |
А.Мухамеджинов |