Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №80
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактар жүргүзүшөт.".
2. 8-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү "беш" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттарды мамлекеттик каталогуна Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин жана Европа союзунун өлкөлөрүндө катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын аналогдору досьенин регистранты каттоочу сыноо жүргүзбөстөн берген экспертизанын негизинде киргизилет.".
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
- "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестицид менен агрохимикаттардын шайкештигин өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн ырастоосу тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген форма боюнча ишке ашырылат.".
3. 9-беренеси күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене.
Бул мыйзам расмий жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ишкердүүлүктүн ишмердүүлүгүнүн жөнгө салуучу укуктук - ченемдик базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча берген материалдарды карап чыккандан кийинки жыйынтыктын негизинде, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 13 Протоколун ишке ашыруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы №344 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында уруксат берилүүчү - жөнгө салуучу системаны оптималдаштыруу үчүн ишкердүүлүктүн ишмердүүлүгүнүн жөнгө салуучу укуктук - ченемдик базасын кайра карап чыгуунун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери аныкталган.
"Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор административдик тоскоолдуктарды, ишкердүүлүк чөйрөсүндө чектөөлөрдү жок кылуу жана уруксат берилүүчү документтердин санын кыскартуу максатында киргизилген.
Кыргыз Республикасынын "Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Мыйзамынын төмөндөгү беренелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү:
1. 1-берененин 1 пункту алынып салынсын, бул ченемге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү негизсиз.
2. Пестициддерди каттоо үчүн сыноолор адамдардын ден-соолугу жана айлана-чөйрө үчүн натыйжалуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн пайдалануунун регламенттерин текшерүү максатында жүргүзүлөт. Пайдалануунун биологиялык регламенттерин иштеп чыгуу бөлүгүндө каттоо үчүн сыноолорду айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү зоналарында зыяндуу организмдердин өзгөчөлүгүн (муундардын санын, патогендүүлүк, резистенттүүлүк - туруктуулук, экономикалык мааниси, таралуу ареалы) эске алуу менен жүргүзүлөт.
Каттоо үчүн сыноону жүргүзүү үчүн, өз убагында бардык агротехникалык иш - чараларды жүргүзүүгө, эсеп жана изилдөөлөрдү жана сыноолордун жыйынтыктарын андан ары экспертизалоо үчүн мыйзам чегинде белгиленген тартипте аккредитацияланган илимий (мунун ичинде ылайыктуу адистерге) жана материалдык-техникалык потенциалга ээ болгон юридикалык жактар тартылат.
Ошондуктан 5-беренеде кирүү укугуна ээ болуучу уруксат берүүчү системанын аныкталган, мыйзам чегинде белгиленген тартипте аккредитацияланган формасын жокко чыгаруучу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
3. 8-беренеге мамлекеттик каттоонун мөөнөтү бөлүмүнө өзгөртүү киргизилет: каттоонун жарактуу мөөнөтү 5 жылдын ордуна 10 жыл белгиленет, мындай чара каттоочунун препараттарды кайрадан каттоо үчүн чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет. Препараттарды каттоонун мөөнөтүн узартуу "Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолор жана мамлекеттик каттоолор жөнүндөгү" жаңы Жободо көрсөтүлгөн.
Ошондой эле бул статьяга жаңы абзац киргизилет, бул эгерде агрохимикат жана пестицид башка өлкөлөрдө (КМШ, ЕС) катталган болсо жана каттоочу жүргүзүлгөн тажрыйбанын негизиндеги берген досьеге таянып каттоо үчүн сыноолорду жүргүзбөстөн, ошол пестициддердин аналогдору катталат жана пестицидке каттоо үчүн сыноолорду жүргүзүүгө чыгымдарды жумшабаска мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ушул эле беренеде өндүрүүчүнүн же алып келүүчүнүн катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына шайкеш келүүчүлүгү жөнүндө декларациялоону киргизүү каралат. Мында "Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы болгон, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду жана мамлекеттик каттоолорду уюштурууну жүргүзүүчү аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укугу бар уюмдар белгилеген тартипте пестициддерди жана агрохимикаттарды стандартташтыруу жана милдеттүү түрдө сертификациялоону киргизген, Мыйзамдын 9-беренеси алынып салынат.
Мыйзам коомдук талкуу жүргүзүү үчүн Өкмөттүн жана Айыл чарба министрлигинин сайтына жайгаштырылды.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде "Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдоону зарыл деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри |
Т.Беков |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Колдонуудагы редакция │ Сунушталган редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1-статья. │1. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоо │
│ │киргизүү зарыл эмес болгондуктан │
│агрохимикаттар - практикада │1-статьянын 1-пункту өзгөрбөстөн │
│кыртыштын асылдуулугун жана айыл │калтырылсын. │
│чарба өсүмдүктөрүнүн │ │
│түшүмдүүлүгүн, продукциянын │ │
│сапатын жогорулатуу үчүн │ │
│пайдаланылуучу жер семирткичтер, │ │
│тоют кошулмалары, кыртыштын │ │
│химиялык мелиоранттары, тоют │ │
│консерванттары, ошондой эле айыл │ │
│чарба продукциясын жана жаратылыш │ │
│сырьесун, пестициддерди, өстүрүүчү│ │
│заттарды жана жер семирткичтерди │ │
│кайра иштетүү жана консервалоо │ │
│процесстерин агрохимиялык │ │
│анализдөө, өндүрүштүк-химиялык │ │
│контролдоо жүргүзүү үчүн химиялык │ │
│реактивдер; │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5-статья. │2. 5-СТАЬЯНЫН 2-БӨЛҮГҮ ТӨМӨНКҮДӨЙ │
│ │РЕДАКЦИЯДА БАЯНДАЛСЫН: │
│Пестицидцер менен агрохимикаттарды│"Пестициддерди жана │
│каттоо боюнча сыноону юридикалык │агрохимикаттарды каттоо боюнча │
│жак жүргүзөт, ал үчүн илимий жана │сыноону Кыргыз Республикасынын │
│материалдык-техникалык жактан, │мыйзамдарында белгиленген тартипте│
│тиешелүү профилдеги жана │аккредиттелген юридикалык жактар │
│квалификациядагы адистер менен │жүргүзүшөт". │
│камсыз болушу зарыл жана │ │
│пестициддер менен агрохимикаттарды│ │
│каттоо боюнча ошондой сыноолорду │ │
│жана мамлекеттик каттоолорду │ │
│уюштурууну ишке ашыруучу аткаруучу│ │
│бийликтин атайын ыйгарым укуктуу │ │
│органы уруксат берет. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│8-статья. │3.8-СТАТЬЯДА: │
│ │ │
│Калган учурларда аларды │1-БӨЛҮГҮНҮН ЭКИНЧИ СҮЙЛӨМҮНДӨГҮ │
│мамлекеттик каттоо беш жылдык │"БЕШ" ДЕГЕН СӨЗ "ОН" ДЕГЕН СӨЗГӨ │
│мөөнөткө жүргүзүлөт. │АЛМАШТЫРЫЛСЫН; │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын аймагында │5-БӨЛҮГҮ ТӨМӨНКҮДӨЙ РЕДАКЦИЯДА │
│колдонууга уруксат берилген │БАЯНДАЛСЫН: │
│пестицид менен агрохимикаттардын │ │
│Мамлекеттик каталогун пестициддер │"Кыргыз Республикасынын аймагында │
│менен агрохимикаттарды каттоо │колдонууга досьенин регистранты │
│боюнча сыноо жүргүзүүнү жана │каттоочу сыноо жүргүзбөстөн берген│
│мамлекеттик каттоону уюштурууну │экспертизанын негизинде уруксат │
│ишке ашырган атайын ыйгарым │берилген пестициддердин жана │
│укуктуу органдар тарабынан │агрохимикаттарды мамлекеттик │
│жүргүзүлөт. │каталогуна Көз каранды эмес │
│ │Мамлекеттер Шериктештигинин жана │
│ │Европа союзунун өлкөлөрүндө │
│ │катталган пестициддердин жана │
│ │агрохимикаттардын аналогдору │
│ │киргизилет.". │
│ │ │
│ │ТӨМӨНКҮДӨЙ МАЗМУНДАГЫ 6-БӨЛҮК │
│ │МЕНЕН ТОЛУКТАЛСЫН: │
│ │ │
│ │"Кыргыз Республикасынын аймагында │
│ │колдонууга уруксат берилген │
│ │пестицид менен агрохимикаттарды │
│ │өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн │
│ │шайкештигин ырастоосу тийиштүү │
│ │техникалык регламенттерде │
│ │белгиленген форма боюнча ишке │
│ │ашырылат". │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│9-статья. Пестициддер менен │4. 9-СТАТЬЯ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП │
│ агрохимикаттарды │ЭСЕПТЕЛСИН. │
│ стандартташтыруу │ │
│ жана сертификациялоо │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри |
Т.Беков |