Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-марты №139
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178, 2012-жылдын 15-февралындагы №94 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 "Кийин сатып алуу менен башкарууга мамлекеттик мүлктү берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген кийин сатып алуу менен башкарууга мамлекеттик мүлктү берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун төртүнчү абзацындагы "- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөз алынып ташталсын;
- 20-пункттагы сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"- негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтөрү".
- "Арыз" 1-тиркемедеги "мөөр менен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү" деген сөз алынып ташталсын;
- "Кийин сатып алуу менен мамлекеттик мүлктү башкаруунун калыптык (типтүү) келишими" 3-тиркемедеги:
- преамбулада:
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин, Төраганын атынан" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин, Министрдин атынан" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө Жобо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө Жобо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет менен "деген сөздөр "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, мамлекеттик менчикти сынакта сатуу усулу менен менчиктештирүү жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-16-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"- негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтөрү";
- 24 жана 25-пункттар төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"24. Арызды кабыл алуунун бүтөөрүнө 3 күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде,талапкер Сатуучуга жазуу түрүндө билдирүү жолу менен, ошол билдирүүнү комиссияга жиберүү менен катталган арызын кайта чакырып алууга укуктуу.
25. Сынакта катышуучу талапкерлерди таануу жөнүндө сынактык комиссиянын чечими, арыз кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин түзүлүүчү, арыз кабыл алуучу протокол менен таризделет";
- "Коммерциялык же инвестициялык сынакка катышууга калыптык (типтүү) арыз" Тиркемесиндеги "мөөр менен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү" деген сөз алынып ташталсын;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, мамлекеттик менчикти түз сатуу усулу менен менчиктештирүү жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 25-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен (мындан ары - Сатуучу)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пункттагы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен" деген сөз алынып ташталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиптери жөнүндө Жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринин күчүн жоготконун таануу жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиптери жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"1. Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги (мындан ары Маммүлкмин) менен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Мыйзамына, ушул Жобого, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иш жүзүнө ашырылат";
- 7-пунктун экинчи абзацындагы "мамлекеттик комитеттер" деген сөз алынып ташталсын;
- 13-пункт алынып ташталсын;
- 7, 22, 25, 28, 31, 32-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Маммүлкком" деген сөз "Маммүлкмин" деген тийиштүү жөндөмөдөгү сөз менен алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 "Мамлекеттик мүлктү аукциондо жана кийин сатып алуу менен ижарага, сатуу усулу менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген аукциондо сатуу усулу менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11-пункттун экинчи бөлүмүндөгү сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"- негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтөрү".
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 " Мамлекеттик мүлктү аукциондо жана ижарага кийин сатып алуу менен, сатуу усулу менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген ижарага кийин сатып алуу менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-пункттагы "Ижарага берүүчү бекиткен инструкция менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ченемдик укуктук актылар менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Калыптуу (типтүү) арыз" № 1 тиркемедеги 2-пункттун экинчи абзацы алынып ташталсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |