Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 8-августу № 557

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобонун 6-пунктунун биринчи абзацында:

- "70" цифрасы "65" цифрасына алмаштырылсын:

- төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Жогорку окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча уюштуруучу (уюштуруучулар) ректордун кызматында болуу мөөнөтүн ал 70 жашка чыкканга чейин узартууга укуктуу.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов