Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 670 токтому менен бекитилген |
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Багып алуучу үй-бүлөнү уюштуруу тартиби
3. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) берүү жөнүндө
келишим
4. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) берүү жөнүндө
келишимдин тараптарынын укуктары жана милдеттери
5. Багып алуучу үй-бүлөдө баланын (балдардын) укуктары
6. Багып алуучу үй-бүлөнү материалдык камсыз кылуу
Тиркеме. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) тарбиялоого
берүү жөнүндө типтүү келишим
1. Жалпы жоболор
Бул Жобо ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүүнү, ошондой эле багып алган үй-бүлөлөрдө балдардын жашоо жана тарбия алуу шарттарын контролдоо тартибин аныктайт.
1. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
багып алуучу үй-бүлө баланы (балдарды) үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө Келишимдин (мындан ары - Келишим) негизинде жана жарандардын (жубайлардын же өзүнчө адамдын) каалоосу боюнча түзүлөт, алар ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык балдарды тарбиялоо жана үй-бүлө биргелешип жашоо үчүн ыктыярдуу түрдө алат;
багып алган бала - багып алган үй-бүлөгө тарбиялоого берилген бала (балдар);
багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду - арыз ээлерин баланы багып алуучу үй-бүлөгө талапкер катары эсепке алуу үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилүүчү документ;
арыз ээси (ээлери) - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө багып алуучу ата-эне болгулары келгендиги жөнүндө арызы менен кайрылган, балдарды тарбиялоого алууну каалаган адам (адамдар);
багып алуучу ата-эне болууга талапкер - ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келүүчү жана Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына багып алуучу ата-эне болууга талапкер катары киргизилген арыз ээси;
багып алуучу ата-эне (ата-энелер) (мындан ары - багып алуучу ата-эне) - Келишим түзүлгөн жана бала тарбияланууга берилген асырап алуучу болууга талапкер (талапкерлер);
балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) - ушул Жобонун багып алуучу ата-энелерди тандоо, алар менен келишим түзүү, алардын ишин контролдоо жана баланын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ченемдерин ишке ашырууда компетенттүү орган;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган - компетенциясында балдарды социалдык коргоо, багып алуучу үй-бүлөлөр институтун өнүктүрүү маселелери турган жана анын ведомстволук баш ийүүсүндө аймактык бөлүмдөр болгон орган.
2. Балдарды багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого жайгаштыруунун түрлөрү:
- шашылыш жайгаштыруу - эгерде бала коркунучта болсо же ата-энеси карабай (таштап) кетсе, бир нече сааттан бир суткага чейинки мөөнөткө;
- кыска мөөнөттүү жайгаштыруу - бир айга чейинки мөөнөткө;
- орто мөөнөттүү жайгаштыруу - алты айга чейинки мөөнөткө;
- узак мөөнөттүү жайгаштыруу - алты айдан узак мөөнөткө;
- мезгилдүү жайгаштыруу - бир нече күнгө, дем алыш күндөрү, каникулда.
3. Балдарды багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого узак мөөнөттүү мезгилге берүү аларды асырап алууга же камкордукка алууга (көзөмөлдүк кылууга) берүү мүмкүн болбогон учурда жүргүзүлөт.
4. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого 16 жашка чейинки курактагы 3 бала алынышы мүмкүн. Мында туугандарын, асырандыларды жана камкордукка алынгандарды кошо алганда, эрезеге жете элек балдардын жалпы саны 5 баладан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Багып алуучу үй-бүлөлөргө баа берүү, окутуу, бекитүү, коштоо жана аларга колдоо көрсөтүү аймактык бөлүмдөр тарабынан жүргүзүлөт. Ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, көз карандысыз адистер тартылышы мүмкүн.
6. Баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим багып алуучу ата-энелердин жашаган (турган) жери боюнча аймактык бөлүмдөр менен багып алуучу ата-энелердин ортосунда түзүлөт.
2. Багып алуучу үй-бүлөнү уюштуруу тартиби
7. Кыргыз Республикасынын эки жыныстагы тең жарандары багып алуучу ата-эне боло алышат, буга Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексине ылайык багып алуучу ата-эне боло албаган адамдар кирбейт.
8. Төмөнкүлөр багып алуучу үй-бүлөгө берилет:
- жетим-балдар;
- ата-энеси ата-энелик укуктан ажыратылган, ата-энелик укугу чектелген, сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жок деп таанылган, соттолгон балдар;
- балдардын жашоо-турмушуна, психикалык жана дене бой жагынан ден соолугуна коркунуч келген үй-бүлөлөрдөн шашылыш түрдө алынган балдар (дене бой, сексуалдык жана психологиялык зомбулукка кабылган балдар);
- ата-энеси ден соолугу боюнча өзү тарбия берип, бага албаган балдар, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган, тарбия берүүчү, дарылоо - алдын алуучу мекемелердеги, калкты социалдык коргоо мекемелериндеги же башка ушул сыяктуу мекемелердеги балдар;
- 18 жашка чыга элек энеси менен бирге болгон 3 жашка чейинки балдар;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
9. Жубайлардын бири же баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адам толук иштебеген учурда 3 жашка чыга элек бала багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүүгө жол берилет.
10. Бири-бирине тууган болгон балдар бир багып алуучу үй-бүлөгө берилет, буга бул алардын кызыкчылыгына жооп берген учурлар кирбейт (медициналык көрсөтмөлөр же башка себептер боюнча алар бирге тарбияланышы мүмкүн эмес).
11. 10 жашка чыккан баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө берүү анын ой-пикирин эске алып, баланын жашоо кызыкчылыгында ишке ашырылат.
Баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө берүүдө милдеттүү түрдө анын (алардын) этностук таандыктыгы, белгиленген бир динге жана маданиятка таандыктыгы, эне тили, жашаган жерин улантуучулугу, окуусу, бош убакыт өткөргөн жери жана балдар бирикмелерине мүчөлүгү эске алынат.
12. Баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө берүү баланын керектөөлөрүнө баа берүүнүн негизинде жүргүзүлөт жана ден соолукка, билим алууга, социалдык байланыштарга, эмоционалдык жана жүрүм-турум өнүгүү деңгээлине, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө баа берүүнү камтыйт, ошондой эле ушул Жобонун 11-пунктунда белгиленген талаптар эске алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Баланын керектөөлөрүнө баа берүү баланы тарбиялоого бергенге чейин 10 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Баланын керектөөлөрүнө баа берүүнү кайра карап чыгуу багып алуучу үй-бүлөдө бала жүргөн бүтүндөй мезгил бою үзгүлтүксүз түрдө (эки айда кеминде бир жолу), ошондой эле баланын жашоо-турмушунда күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн кийин дароо эле жүргүзүлөт.
Балага баа берүүнүн жыйынтыктары Бала жөнүндө кам көрүү планынын (мындан ары - План) негизинде жатат жана Баланы багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишимдин негизи болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбияланууга берилүүчү бала үчүн жазуу жүзүндө План түзүлөт.
План жана аны менен байланышкан иш-чаралар бала жайгаштырылганга чейин баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча багып алуучу ата-эне менен бирдикте аймактык бөлүм тарабынан түзүлөт.
Эгерде баланын ата-энесинин ата-энелик укуктары чектелбесе, ата-энелик укуктан ажыратылбаса жана алар аракетке жөндөмдүү болсо, план алар менен макулдашылат.
Планга багып алуучу ата-энелер менен бирдикте аймактык бөлүм тарабынан айына кеминде бир жолу талдоо жүргүзүлөт, анын натыйжасында Планга өзгөртүүлөр киргизилет.
Жыйындын жазуу жүзүндөгү протоколу Планды карап чыккандан кийин баланын өздүк делосуна көктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Балдарды тарбиялоого алууну каалаган жарандар өздөрүнүн жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөргө белгиленген формадагы арыз менен кайрылышат.
16. Багып алуучу ата-эненин статусун алуу үчүн арыз ээси аймактык бөлүмгө берүү үчүн зарыл документтер:
1) белгиленген формадагы арыз;
2) арыз ээсинин (арыз ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү;
3) никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк (эгер никеде турса);
4) жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса);
5) жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
6) жашаган жеринен үй китепчесинен көчүрмө же турак жайга менчик укугун ырастоочу документ;
7) соттуулугунун жоктугу, алып салынгандыгы же тындырылгандыгы жөнүндө ички иштер органдарынын маалымкаты;
8) мамлекеттик дарылоо-алдын алуучу жана медициналык-социалдык уюмдардын тарбиялоого баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Тизмеге ылайык оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутунду, бул оорулар болгон учурда адам камкордукка алуучу (көзөмөлдүк кылуучу), багып алуучу ата-эне, баланы асырап алуучу катары таанылышы мүмкүн эмес;
9) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
10) арыз ээлеринин толук өмүр баяны;
11) кеминде үч кепилдик берүүчүдөн жазуу жүзүндөгү сунуштар.
Багып алуучу ата-эне болууга талапкер менен туугандык мамиледе болбогон жана аны бир жылдан ашык мезгил бою билген Кыргыз Республикасынын каалаган жараны кепилдик берүүчү болот алат. Жазуу жүзүндөгү сунуштар тандалып алынган кепилдик берүүчүлөрдөн жазуу жүзүндө маек алуу аркылуу аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан чогултулат;
12) багып алуучу ата-энелерди окутуучу тиешелүү мекемелер жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген окуудан (тренингден, семинардан) өткөндүгү тууралуу маалымкат же сертификат.
17. Баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдан арыз түшкөндө аймактык бөлүмдүн кызматкери талапкер менен маектешүү жүргүзөт. Аймактык бөлүм талапкер менен бирге жашаган бардык эрезеге жеткен үй-бүлө мүчөлөрү, эрезеге жете элек балдар менен маектешүү жүргүзүү максатында баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдын үйүнө кеминде үч жолу барууну уюштурат, баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалоосунун далилин жана себебин аныктайт.
Баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдын үй-бүлөсүнө жок дегенде бир жолу баруу пландан тышкары болуп, талапкерге кабарлабастан жүргүзүлөт.
18. Бардык документтерди алгандан кийин аймактык бөлүм баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдын турмуш-тиричиликтик шарттарын текшерет. Турмуш-тиричилик шарттарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт.
19. Балдарды тарбиялоого алууну каалаган адамдар ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бергенге чейин багуучу ата-энелерди даярдоо боюнча окуудан өтөт.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же көз карандысыз адистер, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.
Аймактык бөлүмдөр арыз ээлери жөнүндө маалыматтар базасын түзөт, алар окуу үчүн топко киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдын арызынын, адамдын турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысынын", талапкер менен өткөрүлгөн маектешүүнүн жыйынтыктарынын" деген сөздөр менен толукталсын жана ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде, ошондой эле окуудан өтүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен аймактык бөлүм багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду даярдайт.
Корутундуда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз ээсинин үй-бүлөсүнө тарбиялоого бир эле учурда берсе боло турган балдардын саны;
- баланы (балдарды) арыз ээсинин үй-бүлөсүнө тарбиялоого жайгаштыруу мөөнөтү;
- берилип жаткан баланын (балдардын) курагы, баланын жынысы, анын ден соолугу жана өсүп-өнүгүшү;
- арыз ээсинин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар психологиялык, соматикалык жана дене бой жагынан проблемалары бар баланын (балдардын) керектөөлөрүн канааттандырууга тийиш.
Багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду арыз жана ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн учурдан тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбестен даярдалышы керек.
Корутундуну даярдаган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттүн ичинде аймактык бөлүмдүн кызматкери арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Аймактык бөлүм багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундунун негизинде арыз ээлерин багып алуучу ата-эне болууга талапкер катары Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкына киргизет.
Корутунду чыгарылган күндөн тартып бир жыл бою күчүндө болот.
Эгерде ушул Жобонун 16-пунктунун 1-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жаңыланбаса, белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамдар багып алуучу ата-эне болууга талапкердин статусун жоготушат жана багып алуучу ата-эне болууга талапкер катары Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкынан чыгарылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Багып алуучу ата-эне болууга талапкердин статусун алуу баланы багып алуучу үй-бүлөгө берүү максатында баланы (балдарды) тандоо үчүн негиз болуп саналат.
Аймактык бөлүм багып алуучу ата-энелерге тарбиялоого берилиши мүмкүн болгон бала, анын ден соолугу тууралуу маалымат берет жана бала жашаган (турган) жер боюнча балага (балдарга) баруу үчүн жолдомо берет.
Тарбия берүүчү мекемелерден жана дарылоо-алдын алуучу мекемелерден, калкты социалдык коргоо мекемелеринен же ведомстволук таандыктыгына жана уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан башка ушул сыяктуу мекемелерден баланы (балдарды) тандоодо ушул мекемелердин администрациясы баланы (балдарды) тарбиялоого алууну каалаган адамды (адамдарды) баланын (балдардын) өздүк делосу жана анын ден соолугу тууралуу медициналык корутунду менен тааныштырып чыгууга милдеттүү.
23. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берилип жаткан балага (балдарга) мекенин администрациясы (же болбосо бала колунда болгон адам) аймактык бөлүмгө төмөнкүдөй документтерди берет:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү үчүн укуктук негиздерди ырастоочу документтер (ата-энесинин каза болгондугу тууралуу күбөлүк, ата-энесин ата-энелик укуктан ажыратуу, ата-энесин аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жок же каза болгон деп таануу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, баланын таштанды экендигин ырастоочу акт жана башка документтер) же болбосо баланы үй-бүлөгө шашылыш орундаштырууда баланы алуу жөнүндө акт;
- эксперттик медициналык комиссия тарабынан белгиленген тартипте берилген баланын ден соолугу, дене бой жана акыл-эс жагынан өсүп-өнүгүшү жөнүндө корутунду;
- баланын медициналык картасы;
- билими тууралуу документи;
- ага-инисинин жана эже-сиңдилеринин болушу жана жүргөн жери тууралуу маалымкат;
- балага таандык мүлктүн тизмеси жана анын сакталышына жооптуу адамдар тууралуу маалыматтар;
- турак жай аянтын эрезеге жете элек балага бекитип берүү жөнүндө документтер;
- алимент өндүрүп алуу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- жөлөкпул же социалдык пенсия алууга укукту ырастоочу документтер.
24. Багып алуучу үй-бүлөгө берилип жаткан балага атайын окуудан өткөн, баланын керектөөлөрүнө баа берүү процессинде аныкталган баланын керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмдүү багып алуучу ата-энелер кылдаттык менен тандалат.
Бала үчүн багуучу үй-бүлөнү тандоо баланын ой-пикирин жана мүмкүн болушунча, ата-энелик укуктары чектелбеген, ата-энелик укуктан ажыратылбаган жана аракетке жөндөмдүү болуп саналган баланын ата-энесинин ой-пикирин эске алуу менен баланын керектөөлөрүнө акыркы жолу баа берүүнүн жыйынтыктарынын жана Пландын негизинде аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
Багып алуучу үй-бүлөнү тандоодо маанилүү фактор болуп бири-бири менен тууган болгон балдар үчүн бирге жашоо мүмкүндүгү саналат.
Балада өзүнүн келечектеги жашаган жери жана багып алуучу ата-энеси жөнүндө элес болушу үчүн аймактык бөлүм алардын жолугушуусун уюштурат. Баланын келечектеги багып алуучу үй-бүлө жөнүндө ой-пикири баланы багып алуучу үй-бүлөгө берүү жөнүндө чечим кабыл алууда эске алынат.
25. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы берүүдө багып алуучу ата-энеси атайын муктаждыктары бар жана девианттуу жүрүм-турумдагы баланын жашоосу, өсүп-өнүгүшү, көнүгүшү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү максатында кошумча окууга, аймактык бөлүмдөн жардам жана маалымат алууга укуктуу.
26. Аймактык бөлүм багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоо үчүн баланы (балдарды) тандап, бала жөнүндө кам көрүү планынын долбоорун, багып алуучу ата-эне болуу мүмкүндүгү тууралуу корутундуну жана ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди райондук мамлекеттик администрациянын/шаардын мэриясынын алдындагы Балдардын иштери боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) кароосуна берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Баланы мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган багып алуучу үй-бүлөгө шашылыш, кыска мөөнөттүү жана мезгилдүү жайгаштырууда Комиссия менен макулдашуунун зарылдыгы жок.
Баланы шашылыш жайгаштырууда бала багып алуучу үй-бүлөгө берилген учурдан тартып бир календардык күндүн ичинде келишим түзүлөт.
28. Комиссия өзүнүн жыйынында аймактык бөлүм тарабынан киргизилген материалдарды карайт.
Комиссия төмөнкүдөй учурларда келишим түзүүдөн баш тартат:
- ушул Жобо менен белгиленген талаптар сакталбаса;
- багып алуучу үй-бүлөгө баланы берүү жөнүндө чечим баланын кызыкчылыктарына карама-каршы келгендиги тууралуу Комиссияга даттануу түшсө.
Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим түзүүдөн Комиссиянын баш тартуусу жүйөлүү болушу керек. Комиссиянын чечими материалдар кароого түшкөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен чыгарылууга тийиш. Комиссия кабыл алынган чечим тууралуу баланы андан ары жайгаштыруу боюнча чараларды көрүү үчүн аймактык бөлүмгө телефон, факсимиле жана башка байланыш түрлөрү менен тез арада кабарлайт.
29. Комиссиянын бала жөнүндө кам көрүү планынын долбоорун макулдашуудан жана Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) берүү тууралуу келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими талапкерге берилет, мында чечим чыгарылып, кабарланган күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде баш тартуунун негиздери түшүндүрүлөт. Комиссиянын Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) берүү тууралуу келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
Аймактык бөлүмдүн терс корутундусу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте Комиссияга же сотко даттанылышы мүмкүн.
Аймактык бөлүмдүн терс корутундусу жана Комиссиянын чечими багып алуучу ата-эне болууга талапкердин статусун алуу маселелери боюнча аймактык бөлүмдөргө андан ары кайрылууда арыз ээсинин документтерин кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
3. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим
30. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим (мындан ары - Келишим) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен багып алуучу ата-эненин ортосунда түзүлөт жана ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет, бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүндө болот.
31. Келишим багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого бала берилгенге чейин түзүлөт.
32. Эгерде баланын ата-энесинин ата-энелик укуктары чектелбесе, ата-энелик укуктан ажыратылбаса жана аракетке жөндөмдүү болсо, алар да Келишимдин көчүрмөлөрүн алышат.
33. Аймактык бөлүмдүн кызматкери кыска мөөнөттүү жайгаштырууда айына бир жолудан кем эмес, орто жана узак мөөнөттүү жайгаштырууда үч айда бир жолудан кем эмес балага барып турат. Аймактык бөлүмдүн кызматкери Келишимдин тиркемеси болуп саналган Пландын аткарылышына байкоо жүргүзөт жана жыйынтыктарын белгилейт, багып алуучу ата-энеге жана баланы тарбиялоо (камкордук көрүү) процессине катышуучу адистерге консультация берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Аймактык бөлүм шашылыш жайгаштыруу учурларын кошпогондо, багып алуучу ата-энеге төмөнкүдөй документтерди берет:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы (балдарды) берүү үчүн укуктук негиздерди ырастоочу документ (ата-энесинин каза болгондугу тууралуу күбөлүк);
- ата-энесин ата-энелик укуктан ажыратуу, ата-энесин аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жок же каза болгон деп таануу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, баланын таштанды экендигин ырастоочу акт ж.б.;
- баланын амбулатордук картасы;
- үй-бүлөгө, камкордукка/көзөмөлчүлүккө тарбияга берилүүчү баланын ден соолугу боюнча абалын күбөлөндүргөн эксперттик медициналык комиссия тарабынан берилген корутунду;
- багып алуучу ата-энелердин талабы боюнча башка зарыл документтердин көчүрмөлөрү;
- баланын өсүп-өнүгүү тарыхынан көчүрмө.
35. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү кароого тийиш:
- баланын (балдардын) жашоо, тарбиялануу жана билим алуу шарттарын;
- баланы орундаштыруу түрүн;
- багып алуучу ата-эненин укуктарын жана милдеттерин;
- багып алуучу үй-бүлөгө карата аймактык бөлүмдүн милдеттерин, ошондой эле мындай Келишимди токтотуунун негиздерин жана натыйжаларын;
- Келишимди колдонуу мөөнөтүн, узартуу шарттарын, келишимди бузуу негиздерин жана мындай бузуунун натыйжаларын.
Келишимге баланы багып алуучу үй-бүлөгө шашылыш жайгаштыруудан тышкары бала жөнүндө кам көрүү планы тиркелүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган же аны бузуу мүмкүндүгү болгон учурда кырдаалга баа берүү жүргүзүлөт, андан кийин максатка ылайыктуу болсо, балага жана багып алуучу ата-энеге кырдаалды жакшыртуу үчүн адистин консультациясы сунуш кылынат.
37. Багып алуучу үй-бүлөгө бала берилген келишимдеги мөөнөт аяктагандан кийин аймактык бөлүм багып алуучу үй-бүлөгө баланы берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет түзөт, анын негизинде баланы андан ары жайгаштыруу жүргүзүлөт. Отчеттун көчүрмөсү багып алуучу ата-энеге берилет.
38. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларда бузулат.
Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун натыйжасында келип чыккан бардык мүлктүк жана финансылык маселелер тараптардын макулдугу менен, ал эми талаш-тартыш келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан чечилет.
39. Багып алуучу ата-эне өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгынын айынан Келишим бузулуп жаткан учурда багып алуучу ата-эне багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого башка баланы (балдарды) экинчи жолу алууга болбойт.
4. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишимдин тараптарынын укуктары жана милдеттери
40. Аймактык бөлүм статусту ырастоо үчүн багып алуучу ата-энелердин ишине жал сайын баа берет (талдоо жүргүзөт). Багып алуучу ата-энелердин ишине жыл сайын баа берүүдө келишимдик негизде көз карандысыз эксперттерди тартуу менен.
Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө милдеттүү:
- багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берилген, тарбиялоого берилүүгө тийиш бардык балдарды, ошондой эле багып алуучу ата-энени жана багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы (балдарды) алууну каалаган адамдарды эсепке алууну (маалыматтар базасын) жүргүзүүгө;
- бала менен жеке иштөөнү, билим берүү, медициналык-дарылоо иш-чараларын жана аларды тарбиялоо формаларын пландоого;
- багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишим менен белгиленген бөлүгүндө баланын (балдардын) укуктарын жана Мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
- бала үчүн атайын тандалган жана даярдалган багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы (балдарды) жайгаштырууга;
- багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого баланы (балдарды) жайгаштыргандан кийин балдар жана багып алуучу ата-эне менен топтук жана жеке сабактарды өткөрүүгө;
- үй-бүлөлөрдү коштоого жана баланы (балдарды) тарбиялоого байкоо жүргүзүүгө;
- багып алуучу ата-эненин ишине жетекчилик кылууга, багып алуучу ата-эне үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз семинарларды өткөрүүгө.
Аймактык бөлүмдөр Мыйзамга ылайык багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берилген балдардын укуктарынын камсыз кылынышын контролдойт.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүдөй учурларда багып алуучу үй-бүлөдөн баланы (балдарды) шашылыш алууну уюштурууга милдеттүү:
- бала дене бой, сексуалдык жана психологиялык жактан зомбулукка кабылса;
- баланын жашоо-турмушуна, психикалык жана дене бой жагынан ден соолугуна коркунуч болсо.
Мында аймактык бөлүмдүн кызматкери ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен баланы (балдарды) шашылыш түрдө алуу жөнүндө акт түзөт.
41. Багып алуучу ата-энелердин жана аймактык бөлүмдүн укуктары жана милдеттери Келишимде белгиленет. Багып алуучу ата-энелердин укуктары багып алынган баланын (балдардын) кызыкчылыктарына карама-каршы болушу мүмкүн эмес.
Багып алуучу ата-эне төмөнкүлөргө укуктуу:
- бала жөнүндө кам көрүү планына жана Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишимге ылайык күн тартибин өз алдынча аныктоого, багып алынган баланын (балдардын) жашоо-турмушундагы утурумдук маселелерди чечүүгө;
- бала жөнүндө кам көрүү планын түзүүгө (кайра карап чыгууга), баланын ден соолугуна, турмушуна жана өсүп-өнүгүшүнө баа берүү боюнча үзгүлтүксүз текшерүүлөргө жана жыйындарга катышууга, бала жөнүндө кам көрүү планын өзгөртүү боюнча сунуштарды берүүгө.
Багып алуучу ата-эне төмөнкүлөргө милдеттүү:
- үй-бүлөсүнө тарбиялоого берилген баланын жашоо-турмушуна жана ден соолугуна жооп берүүгө;
- тарбиялоого берүү жөнүндө келишимдин шарттарын сактоого;
- баланы (балдарды) биологиялык ата-энеси жана тууган-туушкандары менен байланыштырууга;
- баланын (балдардын) ден соолугунун жана психикасынын өзгөрүшү, анын багып алуучу үй-бүлөдөн плансыз кетип калуусу же бала (балдар) менен болгон башка олуттуу окуя, балага ырайымсыз мамиле кылуу фактылары же балага келтирилген травмалар жөнүндө аймактык бөлүмгө билдирүүгө;
- өзүнүн жашаган жерин өзгөрткөндүгү, үй-бүлөсүнүн курамындагы өзгөрүүлөр, оорулары жана баланы (балдарды) тарбиялоого жана өстүрүүгө таасир этиши мүмкүн болгон башка жагдайлар тууралуу аймактык бөлүмгө тез арада маалымдоого;
- багып алынган баланы (балдарды) багууга акча каражаттарын которуу үчүн банк системасында энчилүү эсептерди ачууга.
Төмөнкүлөрдү кошпогондо, багып алуучу ата-эне Келишимде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында тыюу салынбаган ата-энелердин, камкорчулардын башка укуктарына жана милдеттерине ээ:
- эрезеге жете электин мүлктүк укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктар (эрезеге жете электи багып жаткан мезгилде ага тиешелүү акча каражаттарын тескөө укугун кошпогондо);
- ата-энени ата-энелик укуктарынан ажыратуу (чектөө), камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу жөнүндө иштерди сотто кароодо баланын кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктар;
- баланын Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кетүү маселесин чечүү боюнча ыйгарым укуктар.
5. Багып алуучу үй-бүлөдө баланын (балдардын) укуктары
42. Балдарды багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу багып алуучу ата-энелер менен балдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык жана үй-бүлөлүк Мыйзамдарынан келип чыгуучу алименттик, мурастык жана башка укуктук мамилелерге алып келбейт.
Багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланын (балдардын) ага тиешелүү алимент, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөрдү алуу укугу, ошондой эле турак жайга менчик укугу же турак жайды пайдаланууга укугу сакталат, турак жай жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексине ылайык ал турак жай алуу укугуна ээ.
43. Багып алуучу үй-бүлөдөгү бала (балдар) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин негизинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- эгерде баланын (балдардын) кызыкчылыгына карама-каршы келбесе, аны биологиялык ата-энеси, тууган-туушкандары менен байланыштырууга;
- анын толук баалуу өсүп-өнүгүшү үчүн жайлуу жашоосун жана шарттарды түзүүнү камсыз кылууга;
- өзүнүн укуктарын жана Мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
- адамдын кадыр-баркын, динге ишенүү жана маалымат эркиндигин урматтоого, өзүнүн көз-карашын жана ишенимин эркин билдирүүгө;
- эмоциялык-инсандык баарлашууда муктаждыктарын канааттандырууга;
- өзүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жана таламдарын өнүктүрүүгө;
- окууда квалификациялык жардам алууга жана өнүгүүдө болгон проблемаларын коррекциялоого;
- өзүнүн ой-пикирин билдирүүгө жана аны эске алууну талап кылууга;
- дем алыш, майрам күндөрү жана каникул учурунда эс алууга, бош убакытты уюштурууга;
- анын жашоо-турмушундагы маанилүү окуяларды майрамдоого;
- дене бой жана психикалык зомбулуктун бардык формаларынан, инсандыгын шылдыңдоодон коргоого;
- балага багып алуучу үй-бүлөдө келтирилген травмалар же ырайымсыз мамиле кылуу фактылары жөнүндө аймактык бөлүмгө билдирүүгө.
44. Ата-энелердин бала (балдар) менен байланышына аймактык бөлүмдүн кызматкеринин макулдугу менен жол берилет жана зарыл болгон учурда социалдык кызматкердин байкоосу астында жүргүзүлөт.
45. Биологиялык ата-энеси тараптан ар кандай түрдөгү зомбулук (моралдык зомбулук, дене бой жагынан зомбулук ж.б., ата-энесинин мас абалда келиши) болгон учурда байланышуудан баш тартылышы мүмкүн.
46. Талаш-тартыш учурларда бала (балдар) менен анын ата-энесинин жана тууган-туушкандарынын ортосундагы баарлашуунун тартиби аймактык бөлүм тарабынан аныкталат.
6. Багып алуучу үй-бүлөнү материалдык камсыз кылуу
47. Багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берилген балдарды материалдык камсыз кылуу жана аларды багууну, багып алган ата-эненин эмгек акысын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, бюджеттен тышкаркы каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
48. Багып алуучу үй-бүлөгө берилген балага аны багууга каражаттар каралат. Балага конкреттүү курактагы балдар үчүн ченемдерге ылайык анын нормалдуу дене бой, акыл-эс, психика, эмоционалдык жагынан өсүп-өнүгүшү үчүн зарыл болгон медициналык жардамга, тамактанууга, билим алууга, кийим-кечеге, бут кийимге, оюнчуктарга, чарбалык жана кеңсе товарларына негизги керектөөлөрүн канааттандыруунун жана тиричилик аракетинин зарыл деңгээли камсыз кылынууга тийиш.
Багып алуучу үй-бүлөгө же багып алуучу ата-энеге ай сайын эмгек акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө каралат.
Кошумча алынган балдарды багууга кеткен чыгымдар ар бир бала үчүн эсептелет.
Багып алуучу ата-энелер өз милдеттерин толук эмес календарлык ай аткарган учурда, баланы багууга кеткен чыгымдар (тамактануу, медициналык, унаалык жана башка) жана багып алган ата-энелердин эмгек акысын төлөө бала багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштырылган календарлык күндүн санына жараша эсептелет.
Коммуналдык кызматтарды төлөө жана жууп-тазалагыч каражаттарды алуу боюнча чыгымдарга каражаттар бала үй-бүлөгө толук календарлык айга жайгаштырылган учурда каралат.
Бала багып алуучу үй-бүлөгө 30 календарлык күнгө чейинки мөөнөткө жайгаштырылган учурда кийим, бут кийим жана шейшеп алууга каражат каралбайт. Аталган буюмдар менен баланы камсыз кылуу багып алуучу ата-энелер тарабынан ишке ашырылат.
Бала багып алуучу үй-бүлөгө 30 календарлык күндөн ашкан мөөнөткө жайгаштырылганда кийимди, бут кийимди алууга каражат каралат жана сезонго жараша (кыш, жаз, жай, күз) бөлүнөт, ал эми шейшеп алууга каражаттар баланы бирден эки айга чейин жайгаштырганда бир комплект, эки айдан бир жылга чейин жайгаштырганда - эки комплект каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Баланы багууга каралган каражаттар багып алган ата-энелердин банктарда ачылган энчилүү эсептерине аймактык бөлүмдөр тарабынан ай сайын белгиленген өлчөмдө которулат.
50. Баланы багып алган ата-эне чыгымдар сметасына ылайык каражаттардын кирешеси жана чыгашасы боюнча (жазуу жүзүндө) чыгымдардын эсебин жүргүзөт жана ай сайын жана келишимдин мөөнөтү аяктаганда аймактык бөлүмдүн бухгалтериясына отчет түрүндө берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
Багы алуучу (фостердик)
үй-бүлө жөнүндө жобого
тиркеме
Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) тарбиялоого берүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
____________ ш. 20___-ж. ________________ N ___________
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн атынан __________________________________________________ _______________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
жана мындан ары - багып алуучу ата-эне деп аталуучу ___________________ _______________________________________________________________ жашаган
(дареги)
жаран _________________________________________________________________
(аты-жөнү)
төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү:
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ____________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
мындан ары - багып алынган балдар деп аталуучу баланы (балдарды) тарбиялоого берди, ал эми багып алуучу ата-эне ________________________ _______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн номери жана сериясы,
ким тарабынан жана качан берилген)
аларды тарбиялоого алды.
1. Багып алуучу ата-эне төмөнкүлөргө милдеттенет:
1.1. Жалпы жашоону, бош убакытты, бири-бирине жардамдашууну уюштуруу менен өз ара урматтоонун негизинде багып алынган баланы тарбиялоого.
1.2. Баланын (балдардын) билим алышы үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, анын ден соолугу, дене бой, психика, рухий жана адеп-ахлак жагынан өсүп-өнүгүшүнө кам көрүүгө.
1.3. Баланын (балдардын) укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого.
1.4. Баланы (балдарды) кароону жана дарылоону камсыз кылууга, медициналык сунуштарга жана баланын (балдардын) ден соолугуна ылайык врач-адистерге системалуу түрдө көрсөтүп турууга.
1.5. Багып алынган баланын (балдардын) жалпы билим берүү мекемесине барышын камсыз кылууга, анын окууда жетишкендиктерине байкоо жүргүзүүгө, ушул мекеменин мугалимдери жана тарбиячылары менен байланышып турууга. Бала (балдар) ден соолугу боюнча жалпы билим берүү мекемесине бара албаган учурда бала үчүн Мыйзамда белгиленген жеткиликтүү формада анын билим алышын камсыз кылууга.
1.6. Бала жөнүндө кам көрүү планынын аткарылышын камсыз кылууга.
1.7. Баланы (балдарды) багуу, тарбиялоо жана билим берүү үчүн багып алган үй-бүлөдө жагымсыз шарттар келип чыккандыгы тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө билдирүүгө.
2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.1. Зарыл болгон учурда багып алган ата-энеси менен макулдашуу боюнча Бала жөнүндө кам көрүү планын кайра карап чыгууга.
2.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 670 "Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө" токтому менен бекитилген 3-тиркемесине ылайык өткөн ай үчүн, баланы багууга жана багып алган ата-эненин эмгегине төлөөнүүчү акча каражаттары багып алган үй-бүлөнүн банктагы эсебине келерки айдын 20сынан кечиктирбестен ай сайын которулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.4. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.5. Келишим тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү, башка өз ара милдеттенмелер менен (анын ичинде ушул Келишим менен белгиленген мөөнөткө убактылуу пайдаланууга жер участокторун, автотранспортту ж.б. бөлүү) толукталышы мүмкүн.
Бала жөнүндө кам көрүү планы ушул Келишимдин тиркемеси жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2.6. Бул Келишимди аткаруу процессинде тараптардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштарды макулдашылган чечимди иштеп чыгуу максатында алар келип чыккандан кийин ___________ мөөнөтүндө тараптар карап чыгат, ал эми макулдашууга жетишилбеген учурда соттун чечиши үчүн берилет.
2.7. Бул Келишим ____________ мөөнөткө түзүлдү жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
2.8. Бул Келишимди колдонуу мөөнөтү тараптардын өз ара макулдугу боюнча _____________________________ мөөнөтүнө узартылышы мүмкүн.
2.9. Бул Келишим төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:
- жүйөлүү себептер (оору, бала (балдар) менен өз ара түшүнүшүүнүн жоктугу, үй-бүлөлүк же мүлктүк абалдын өзгөрүшү) болгондо багып алган ата-энесинин демилгеси боюнча;
- баланы (балдарды) багуу, тарбиялоо жана билим берүү үчүн багып алган үй-бүлөдө жагымсыз шарттар келип чыккан учурда же бала (балдар) ата-энесине кайтарылган учурда же болбосо баланы (балдарды) асырап алган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн демилгеси боюнча.
2.10. Келишим эки нускада түзүлдү, алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул Келишимдин шарттары аткарылбаган учурда тараптар аны бузууга укуктуу (Келишимди бузуу шарттары көрсөтүлөт).
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү
Аты-жөнү, кызмат орду ____________________________________________
Колу _____________________________________________________________
Багып алган ата-эне:
__________________________________________________________________
(аты-жөнү)
__________________________________________________________________
(үй дареги)
__________________________________________________________________
(алыш-бериш эсеби)
Колу _____________________________________________________________