Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 732 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 токтому менен бекитилген |
Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлдү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кеңеш өз ишинде жана өзүнүн компетенциясынын чегиндеги маселелер боюнча чечим кабыл алууда ыктыярдуулук, өз алдынча башкаруу, объективдүүлүк, айкындуулук, жалпы элдик жана көз карандысыздык принциптерине негизделет.
3. Кеңеш түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине баш иет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кеңештин мүчөлөрү мыйзамдуу жана негиздүү чечим кабыл алууга катышкандыгы үчүн жоопкерчиликте болушат.
2. Кеңештин милдеттери жана функциялары
(Глава КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторун өркүндөтүү саясатын жана багыттарын түзүү;
- Саламаттык сактоо секторун, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды иш-чараларын пландоо, координациялоо жана ишке ашыруу;
- саламаттык сактоо кызматтары менен жалпыны бирдей камтуу жаатында базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү саясатын түзүү;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - МКП), ошондой эле саламаттык сактоо жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка мамлекеттик программалардын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын көлөмүн жана түрлөрүн карап чыгуу боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- учурдагы жылга бекитилген бюджеттин чегинде Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын көлөмүн макулдашуу;
- саламаттык сактоо уюмдарынын чыгашаларын оптималдаштыруу маселелерин карап чыгуу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитүүгө киргизүү;
- коомдук саламаттык сактоону каржылоо ченемдерин бекитүү;
- аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорттук каражаттарды эксплуатациялоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммасынан келип түшкөн каражаттарды медициналык тез жардамды өнүктүрүүгө пайдалануу боюнча маселени карап чыгуу жана бекитүү;
- саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган каражаттардан каржылануучу саламаттык сактоо уюмдарынын тизмесин бекитүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кеңештин функциялары:
- саламаттык сактоону жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү маселелерин карап чыгуу;
- саламаттык сактоону, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү маселелери боюнча Кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуштарды, чечимдерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү;
- Саламаттык сактоо министрлиги менен ММК Фондунун Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун сактоо жаатындагы ишинин негизги багыттарынын планын ишке ашырууну координациялоо.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кеңештин курамы
7. Кеңештин курамы кызыкдар болгон министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун, милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүм төлөөчүлөрдүн - жумуш менен камсыз кылуучулардын, медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлчүлүгүнүн принциби боюнча түзүлөт.
Кеңештин ишин камсыздоо жана өзүнүн жыйындарына маселелерди, аналитикалык маалыматтык материалдарды жана башка материалдарды даярдоо үчүн Кеңеш мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз адистерди жана эксперттерди тарта алат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кеңештин жеке курамы Министрликтин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кеңештин бардык мүчөлөрү Кыргыз Республикасында жашоого тийиш. Байкоочу кеңештин ишине катышуу үчүн зарыл болгон саламаттык сактоо жана эмгек мамилелери жаатында билими болушу керек.
10. Кеңештин мүчөсү анын курамынан жеке арызынын, аны сунуш кылган тараптын чакырып алуусунун жана Кеңештин чечиминин негизинде чыгарылышы мүмкүн.
11. Кеңештин мүчөлөрүнүн ордуна иштөө ээлеген кызматы боюнча жүргүзүлөт.
12. Кызматтык абалы боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү алардын ээлеген позициясына жараша болот. Кеңештин башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылды түзөт. Кеңештин мүчөсү катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындалбайт.
13. Кеңештин ишине катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кеңештин мүчөсү болбогон, кызыкдар болгон уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле чет элдик жана ата мекендик эксперттер, кеңешчилер, окумуштуулар жана адистер чакырылышы мүмкүн.
14. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кеңештин төрагасынын эки орун басары болот.
16. Кеңештин төрагасы же анын орун басарлары (төрага жок болгон учурда же анын тапшырмасы боюнча) Кеңештин ишин уюштурат: жыйын өткөрөт, күндөлүк уюштуруу маселелерин чечет, чечимдердин аткарылышын контролдойт.
4. Кеңештин иши
17. Кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого жана Кеңештин чечимдерине ылайык жүргүзөт.
18. Кеңеш туруктуу иштеген коомдук орган болуп эсептелет, өзүнүн ишмердүүлүгүн өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде ишке ашырат.
19. Кеңештин иши бардык маселелерди эркин талкуулоонун жана коллегиялуу чечим кабыл алуунун негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кеңештин жыйыны зарылдыкка жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйын Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышкан шартта мыйзамдуу деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Саламаттык сактоо жана мамлекеттик медициналык камсыздандыруу (базалык жана милдеттүү) системасынын абдан маанилүү маселелерин изилдеп чыгуу, Кеңештин чечимин даярдоо үчүн көз карандысыз эксперттер жана консультанттар чакыртылышы мүмкүн, иштин багыттары же айрым маселелер боюнча комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Алар тарабынан даярдалган документтер каралып чыгат жана Кеңештин чечими менен бекитилет.
22. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн кворуму болгон учурда, ачык добуш берүүдө көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Кеңештин жарымынан көбү добуш берген болсо, Кеңештин чечими мыйзамдуу болот. Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар тең болуп калса, төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
23. Талкуу үчүн документтер Кеңешке жыйын башталганга чейин жети жумуш күндүн ичинде берилет жана Кеңештин бардык мүчөлөрүнө катчы тарабынан жыйынга беш күн калганга чейин маалымдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Кеңештин жыйынынын күн тартиби, убактысы жана орду анын төрагасы тарабынан аныкталат. Кеңештин кайсыл мүчөсү болбосун жыйынга эки жума калганга чейин сунуш киргизүү менен Кеңештин кезексиз жыйынын чакырууга демилгечи боло алат. Кеңештин кезексиз жыйыны төрага тарабынан белгиленет. Жыйынды чакыруунун демилгечиси талкуу үчүн документтерди (маалымкаттар, актылар, чечимдин долбоорлору жана башка талкуунун зарылдыгын тастыктоочу документтер) Кеңештин катчысына берет, алар Кеңештин бардык мүчөлөрүнө маалымдалат.
25. Кеңештин жыйыны протоколго жазылат. Чечимге төрага же анын орун басары кол коет, түп нускасы Кеңештин катчысында сакталат.
26. Кеңештин катчысы Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы кат алышууну жүргүзөт, иштин планын, күн тартибин түзөт жана жыйындын протоколун жазат, төраганын тапшырмаларынын жана Кеңештин ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча Кеңештин чечимдеринин аткарылыш мөөнөтүн контролдойт.
27. Кеңештин келерки жылга иш планы Кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен иштелип чыгат жана төрага тарабынан бекитилет.
28. Кеңештин ишин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кеңештин ишин токтотуу
29. Кеңештин ишин токтотуу же убактылуу токтотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Кеңештин иши боюнча материалдар "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивге берилет.