Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР 2015-жылдын 23-июлундагы № 524, 2017-жылдын 16-январындагы № 19 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 265 , 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 , 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти (мындан ары - Департамент) жөнүндө жобо ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана Департаменттин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укугун, милдеттерин, функциясын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) башка бөлүмдөрү менен өз ара мамилесин аныктайт.
2. Департамент өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Министрликтин чечимдерин, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укук актыларын жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин министрдин, министрдин тейлөөчү орун басарынын жалпы жетекчилиги, ошондой эле Департаменттин директорунун тикелей жетекчилиги астында ишке ашырат.
4. Департамент Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү эсебин жүргүзүү жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияны ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен болгон операцияларды аткаруучу министрликтин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
5. Департамент өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана кыргыз, орус тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү болот.
Департаменттин түзүмүнө Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жай жана Пробирдик көзөмөл инспекциясы кирет.
6. Департамент ага бекитилип берилген мүлккө карата мыйзамдарда белгиленген чекте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
2. Департаменттин милдеттери
7. Департаменттин негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарынын сакталышын жана эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө асыл таштарды, баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки зат товарларын алып чыгууда мамлекеттик контролдоо актысын берүү;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Департаменттин функциялары
8. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сатып алууну, кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону жүргүзөт;
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын инвентарлаштырууну өткөрөт;
- белгиленген тартипте конфискацияланган жана башка негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн баалуу металлдарды, асыл таштарды, андан жасалган буюмдарды жана кенчтерди кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, баалоону ишке ашырат;
- сырье түрүндө Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайга келип түшкөн кондициялык эмес баалуу металлдарды, алардан жасалган буюмдарды жана металл сыныктарын кайра иштетүүнү аффинаждоочу жана башка ишканалар менен келишимдик негизде жүргүзөт;
- өндүрүү, аффинаждоо, сатып өткөрүү жөнүндө белгиленген формалар боюнча, приборлордун, жабдуулардын жана реактивдердин күтүлүшү жөнүндө, металл калдыктары, түшүүлөр жана сарптоолор тууралуу, ошондой эле металл сыныктары жана металл калдыктары түрүндө кайра иштетүүгө тапшыруу жөнүндө белгиленген формаларда баалуу металлдар боюнча мамлекеттик уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, ошондой эле менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюмдардан, ишканалардан отчетторду кабыл алат жана талдоосун жүргүзөт;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- баалуу металлдардын чен, стандарт жана стандарт эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;
- баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды жана башка буюмдарды сыноо жана эн тамгалоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ички өндүрүштө жасалган, ошондой эле сатуу үчүн сырттан алынып келинген баалуу металлдардын эритиндилеринен жасалган зергердик жана башка (тиричилик) буюмдарына мамлекеттик эн белги салууну жана сынамык алууну жүргүзөт;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген тартипте баалуу металлдардын жана асыл таштардын экспорту, импорту боюнча лицензияларды алууга эксперттик корутунду даярдайт;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- баалуу металлдарга жана асыл таштарга жана аларды колдонуу менен даярдалган буюмдарга улуттук стандарттардын жана техникалык шарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- алтын кен казып алуучу тармакты, зергердик өндүрүштү өнүктүрүүнүн жана республиканын баалуу металлдар базарын калыптандыруунун программаларынын долбоорлорун жана болжолдорун иштеп чыгууга катышат;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операциялар боюнча эсепке алууну жүргүзүү тартибин, ошондой эле отчеттуулукту берүү тартибин иштеп чыгат;
- буюмдарда, куймаларда, чала фабрикаттарда, чөгөрүүдө, тыйындарда ж.б. баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо үчүн экспертиза жана контролдук талдоо жүргүзөт;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- зергердик буюмдарды жасоочулардын аттарына, мамлекеттик пробирдик эн тамга издерине экспертиза жүргүзөт;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик жана башка буюмдарды зергердик сынамыктан өткөрүү, талдоо жана эн тамга салуу үчүн белгиленген тарифке ылайык пробирдик төлөмдөрдү эсептейт;
- Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине ылайык баалуу металлдар жана асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен иштөөнүн белгиленген эрежесин, жобосун жана нускамаларын бузуучуларга административдик айып салат;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- кум түрүндөгү алтынды (алтын камтылган концентратты) сатып алууга, сатууга уруксат берет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ченемдик жана башка маалыматтарды алмашуу аркылуу чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдары менен эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
- чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдарынын эл аралык суроо-талабынын негизинде баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар (жана мындай буюмдардын сыныктары) менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруучу адамдардын ишин текшерет жана зарыл болгондо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоочу (көзөмөлдөөчү) иштерди натыйжалуу камсыздоо максатында аларга көмөк көрсөтөт;
- асыл таштарды аныктоону жана экспертизалоону жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жаза чарасын колдонот;
- асыл таштарды, баалуу металлдарды жана баалуу металлды камтыган сырьелук товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө алып чыгууда Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик контролдоо актысын берет;
- иштетилбеген баалуу металлдарды, баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кендерди жана баалуу металлдардын жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлардын концентраттарын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары чыгарууда баалуу металлдарды эсепке алууну ишке ашырат;
- Кимберли процессинин сертификациялоо схемасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан иштетилбеген алмазды ташып чыгууга сертификат берет;
- кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүүчү бланктарды даярдоону, эсепке алууну жана сактоону ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
(КР 2015-жылдын 23-июлундагы № 524, 2017-жылдын 16-январындагы № 19, 2019-жылдын 3-июнундагы № 265 , 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 , 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"ЦБД" эскертүүсү: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 265 токтому менен күчүн жоготту деп таанылган 8-пунктундагы 22-абзац, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготкон.
4. Департаменттин укуктары жана жоопкерчилиги
9. Департаментке төмөнкүдөй укук берилет:
- Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алууга;
- баалуу металлдар, асыл таштар менен болгон операциялар чөйрөсүндө мыйзамдуулукту өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (7-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- бекитилген сметанын чегинде негизги фонддорго таандык жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды жеткирип берүүгө чарбалык келишим түзүүгө;
- адистерди кызматтык иш-сапарына жана стажировкага жөнөтүүгө.
(КР 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Белгиленген милдеттер же функциялар аткарылбай калса, Департаменттин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жана тартиптик жоопкерчилик тартат.
5. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Департаменттин директору башкарат.
12. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин уюштурат;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жекече жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин кызматкерлерине карата тартипте сыйлоо жана жоопкерчилик чараларын белгиленген тартипте колдонот;
- Департаменттин ишинин ар жылкы планын бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде жогору турган органдарда кийин макулдашуу менен иш үчүн буйруктарды, нускамаларды чыгарат.
13. Департаменттин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын жана мыйзамда уруксат берилген дагы башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
14. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
16. Департаменттин ишин токтотууда, анын иш аракетинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.