Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 13-майы № 288 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишин өркүндөтүүгө багытталган администрациялык реформаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Тиркеме
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-декабрындагы № 767 токтому менен бекитилген |
┌─────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │
│караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын │
│ борбордук аппараты │
└──────────────────┬──────────────────┘
│
┌─────────────────────────┐ │ ┌────────────────────────────┐
│ Борбордук бажыкана ├──────┤ │ Кыргыз Республикасынын бажы│
└─────────────────────────┘ ├─────┤ кызматынын Россия │
┌─────────────────────────┐ │ │ Федерациясынын бажы │
│ "Манас" бажыканасы ├──────┤ │ кызматынын алдындагы │
└─────────────────────────┘ │ │ өкүлчүлүгү │
┌─────────────────────────┐ │ └────────────────────────────┘
│ "Түндүк" темир жол ├──────┤ ┌────────────────────────────┐
│ бажыканасы │ ├─────┤ Батыш бажыканасы │
└─────────────────────────┘ │ └────────────────────────────┘
┌─────────────────────────┐ │ ┌────────────────────────────┐
│ Ош бажыканасы ├──────┼─────┤ Чыгыш бажыканасы │
└─────────────────────────┘ │ └────────────────────────────┘
┌─────────────────────────┐ │ ┌────────────────────────────┐
│ Кесиптик жана ├──────┼─────┤ Камсыздоо борбору │
│ кинологиялык даярдоо │ │ └────────────────────────────┘
│ борбору │ │ ┌────────────────────────────┐
└─────────────────────────┘ ├─────┤ Баткен бажыканасы │
┌─────────────────────────┐ │ └────────────────────────────┘
│ Жалал-Абад бажыканасы ├──────┘
└─────────────────────────┘
".
|
|