Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-майы № 288
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын функцияларын жана милдеттерин Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык союзунун укуктарын түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
- 5-пунктта:
- экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын аймагы" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзунун бажы аймагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пунктта:
а) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу өткөрүлүүчү, анын ичинде эркин экономикалык зоналарынын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата Бажы союзунун Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык союзунун укугун түзүүчү эл аралык келишимдердин жана актылардын ченемдерин колдонууну камсыз кылат;";
а) пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
а) пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга таандык бажы төлөмдөрүн бажы органдары тарабынан алууну уюштурат;";
а) пунктчасынын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бажы органдары тарабынан Бажы союзунун Бажы кодексинин жана бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык союзунун укуктарын түзүүчү эл аралык келишимдердин жана актылардын, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бирдей колдонулушун контролдойт;";
а) пунктчасынын тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзунун бажы аймагына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
а) пунктчасынын онунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
а) пунктчасынын он биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
а) пунктчасынын он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бирдейлештирүү жана шайкеш келтирүү жаатында Евразия экономикалык союзунун мүчө-мамлекеттеринин жана үчүнчү өлкөлөрдүн бажы жана башка компетенттүү органдары менен кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;";
а) пунктчасынын он төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасында бажы иши жөнүндө мыйзамдарды" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын өз ара соодасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн маалыматтарын салыштырууну камсыз кылган" деген сөздөр "Бажы союзунун Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык союзунун укугун түзүүчү эл аралык келишимдердин жана актылардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) пунктчасынын бешинчи абзацындагы "мыйзамдарга" деген сөз "Евразия экономикалык союзунун мыйзамдарына, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык союзунун укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) пунктчасынын алтынчы абзацындагы "чет мамлекеттик" деген сөздөр "Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. МБКда 11 адамдан турган, курамында МБКнын төрагасы, төраганын орун басарлары, Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын алдындагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ошондой эле МБКнын борбордук аппаратынын жана бажы органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери кирген коллегия түзүлөт.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 465 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу айрым өткөрмө пункттарында бажылык тариздөөнү жана бажы контролун жүргүзүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын участогу аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажылык контролдоону жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын башкаруу СХЕМАСЫ