Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумунда кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумунда кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын бажы кызматы тутумунун кадрлар резервине киргизүүнүн жана андан чыгаруунун (мындан ары - кадрлар резерви) укуктук негизин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кадрлар резервин түзүүнүн максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- бажы кызматынын тутумундагы администрациялык мамлекеттик кызмат бош ордуларын ээлөө үчүн бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын кесипкөй жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү, даярдыктан өткөн курамды түзүү;
- бажы органынын кызмат адамдарынын өнүгүүгө, кесипкөй өсүүгө жана кызматтан көтөрүлүүгө умтулуусун жогорулатуу;
- бажы кызматынын кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кадрлар резервин түзүүнү жана аны иштетүүнү бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлер менен иштөө кызматы камсыз кылат.
2. Конкурстук комиссия
4. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлер менен иштөө кызматына жана конкурстук комиссияга (мындан ары - комиссия) жүктөлөт.
5. Комиссиянын сандык жана жеке курамы, анын иштөө мөөнөтү жана тартиби бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
6. Комиссиянын ишине катышууга көз карандысыз эксперттер же бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу байкоочу кеңештин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
7. Эгер комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү анын отурумуна катышса, ал укуктуу деп саналат. Комиссиянын катыша албаган мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
Өткөрүлгөн конкурстук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечимдери ачык добуш берүү аркылуу, отурумда катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары барабар болуп калган учурда анын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
8. Комиссиянын отуруму анын катчысы тарабынан жүргүзүлгөн протокол менен таризделет. Протоколго комиссиянын чечими жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жазылат. Протоколго комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол коет.
3. Кадрлар резервин түзүү шарты жана тартиби
9. Кадрлар резерви бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талапкерлердин арасында тийиштүү конкурс жүргүзүү аркылуу түзүлөт:
- бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурстук тандоого катышкан жана комиссия тарабынан кадрлар резервине киргизүүгө сунушталган жарандардан;
- аттестациянын жыйынтыгы боюнча кызматтан жогорулатууга сунушталган жана кадрлар резервине киргизүү тууралуу арыз берген бажы органында кызмат ордун ээлеген кызмат адамдардан (мындан ары - кызматкер).
Кыргыз Республикасынын бажы кызматы тарабынан кол коюлган эл аралык келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жердеги окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү кадрлар резервине киргизүүдө артыкчылык укукка ээ болот.
10. Кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурсту бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарыялайт. Конкурс өткөрүү тууралуу маалымат жалпы республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий маалыматтык порталында жайгаштырылат.
11. Кадрлар резервине кирүүгө талапкер жарандардын жана кызматкерлердин (мындан ары - талапкерлер) документтерин кабыл алуу жана андан ары кароо ушул Тартип менен белгиленген талаптарга ылайык бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлер менен иштөө кызматы тарабынан жүргүзүлөт;
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда жарандарга сынактык тандоого катышууга жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди берүүсү керек:
1) жарандар үчүн:
- өздүк арызы;
- кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баяны менен;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдун, ошондой эле окуу мезгилинде алган баалары көрсөтүлгөн дипломдордун тиркемелеринин (нотариалдык же персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо), нотариалдык же персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- аскердик билеттин көчүрмөсү (эркек жарандар үчүн) (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- ден соолугу жана бажы органдарында кызмат өтөөгө тоскоол болуучу оорулардын жоктугу тууралуу медициналык корутунду;
- үчтөн кем эмес сунуштама каттар;
- фотосүрөттөр 9x12 (1 даана) жана 3x4 (4 даана).
2) кызматкерлер үчүн:
- өзүнүн арызы;
- белгиленген формадагы кадрларды эсепке алуу баракчасы, фотосүрөтү менен;
- бажы органынын жетекчисинин сунуштамасы;
- акыркы аттестациянын жыйынтыгы боюнча буйруктун көчүрмөсү;
- негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
- квалификациясын жогорулатуу же кайра даярдоо тууралуу документтин көчүрмөсү (эгер өтсө, анын ичинде илимий даража жана илимий наам ыйгаруу тууралуу дипломдордун (күбөлүктөрдүн) көчүрмөлөрү);
- инсандыгын тастыктаган паспорттун же башка документтин көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- ден-соолугу жана бажы органдарында кызмат өтөөгө тоскоол болгон оорулардын жоктугу тууралуу медициналык корутунду;
- сунуштама каттар.
Бажы органдарына кызматка кабыл алынып жаткан жарандардын жана кызматкерлердин ден-соолугуна карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо белгиленген критерийлерге ылайык аныкталат.
Талапкердин дене тарбия даярдыгына жана дене бой маалыматтарына талаптар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Кызматкерлерди башкаруу кызматы ушул пункттун 1) жана 2) пуктчаларында көрсөтүлгөн документтерди карап чыккандан кийин талапкердин конкурска андан ары катышуусуна уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алат.
Алдын ала тандоодон өтпөгөн талапкерлерге конкурска андан ары катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо он төрт жумуш күнүнүн аралыгында жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү конкурсу эки этапта өткөрүлөт:
- биринчи этап - компьютердик технологияларды пайдалануу менен тапшырмаларды аткаруу (мындан ары - компьютердик тестирлөө);
- экинчи этап - кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер менен маектешүү.
14. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Компьютердик тестирлөө кесипкөй даярдыктын, квалификациянын, мыйзамдарды билүү деңгээлин калыс жана ачык баалоо максатында жүргүзүлөт жана конкурстук тандоонун жол-жобосунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
Компьютердик тестирлөөнү өткөрүүнүн объективдүүлүгү шарттардын, убакыттын, жыйынтыкты эсептөөнүн тапшырмалардын мазмунунун стандарттуулугу менен камсыздалат.
16. Талапкерлерди компьютердик тестирлөө үчүн мамлекеттик жана/же расмий тилдерде түзүлгөн тапшырмалар колдонулат.
Тапшырмалар бажы иши, мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат жаатындагы мыйзамдарды, ошондой эле иштин багыты боюнча профилдик маселелерди билүүсүн баалоо боюнча суроолорду камтыйт.
Компьютердик тестирлөөнү өткөрүү жол-жобосу, тапшырмадагы суроолордун саны, алардын оордугунун деңгээли, туура компьютердик тестирлөөнүн натыйжаларын баалоо методикасы, ошондой эле тапшырмаларды аткарууга бөлүнгөн жалпы убакыт бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Компьютердик тестирлөө өткөрүү эрежелери жана жол-жоболору талапкер тарабынан бузулган учурда комиссиянын төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн колу коюлган компьютердик тестирлөөдөн четтетүү тууралуу протоколду түзүү менен компьютердик тестирлөөдөн четтетилүүсү мүмкүн.
18. Алган баллдын саны компьютердик тестирлөө аяктагандан кийин автоматтык түрдө аныкталып, жыйынтыктар басылып чыгарылат жана комиссиянын отурумунун протоколуна жазылат.
Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы комиссиянын отурумунун протоколуна тиркелет жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.
19. Компьютердик тестирлөөдөн өтүүнүн чектик мааниси тапшырмадагы суроолордун жалпы санынан 82 процент деңгээлинде белгиленет.
20. Компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө чектик мааниден төмөн жыйынтык алган талапкерлер маектешүүгө киргизилбейт жана бул тууралуу жазуу түрүндө он төрт жумушчу күндүн аралыгында кабарланышат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Компьютердик тестирлөө жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча комиссия конкурстун акыркы этабы - маектешүүгө катыша турган талапкерлерди аныктайт. Маектешүү өтө турган дата, убактысы жана орду жөнүндө маалымат бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий маалыматтык порталында жарыяланат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Маектешүүнүн жүрүшүндө жеке моралдык - адеп-ахлактык, ишкердик жана кесипкөйлүк сапаттары каралып, компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктары бааланат.
23. Конкурстук тандоонун жыйынтыктары комиссиянын отурумуна катышкан анын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюла турган протокол менен таризделет жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине он төрт жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.
Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими талапкердин катышуусуз чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси комиссиянын протоколунун негизинде талапкерлерди кадрлар резервине киргизүү тууралуу буйрук чыгарат. Кадрлар резервине киргизилген талапкер бул тууралуу жазуу жүзүндө он күндөн кечиктирилбестен кабарланат.
25. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ушул Жободо белгиленген конкурстук тандоонун жол-жоболорунун бузулган фактылары аныкталган учурда гана сунушталган адамдын талапкерлигин алып сала алат.
26. Кадрлар резервине киргизилген талапкерлер тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо үчүн бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
4. Кадрлар резервинин иштөө тартиби
27. Кадрлар резервинде болуу мөөнөтү төмөнкүнү түзөт:
- бажы органында кызмат ордун ээлеген кызмат адамдары үчүн - кийинки аттестацияга чейин;
- бажы кызматынын тутумунда иштебеген жарандар үчүн - бир жылга чейин.
28. Жарандар белгиленген мөөнөткө чейин төмөнкү учурларда кадрлар резервинин курамынан чыгарылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда;
- соттун чечими менен иштөөгө жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
- алып салынганы же жоюлганына карабастан жазык кылмыш үчүн соттуулугу бар болгон учурда;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгиленген мөөнөттүн аралыгында мамлекеттик кызматта мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылган учурда;
- өзү арыз берген учурда;
- бажы кызматынын тутумундагы администрациялык мамлекеттик бош кызмат ордун ээлеген учурда;
- сунушталган эки бош кызмат орундарынан баш тарткан учурда.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Кызматкерлер белгиленген мөөнөткө чейин төмөнкү учурларда кадрлар резервинин курамынан чыгарылат:
- өзү арыз берген учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда;
- соттун чечими менен иштөөгө жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылганда;
- бажы кызматынын тутумундагы жогору турган администрациялык мамлекеттик бош кызмат ордун ээлеген учурда;
- эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза менен тастыкталган кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда канааттандыраарлык эмес аткарган учурда;
- окуудан, квалификациясын жогорулатуудан, кайра даярдоодон жана стажировка өтүүдөн баш тартканда;
- "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин негизинде бажы органдарынан кызматтан бошотулганда.
30. Кадрлар резервинен чыгаруу тууралуу чечим бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
Талапкер бажы кызматы тутумундагы административдик мамлекеттик бош кызмат ордун ээлеген учурда кадрлар резервинин курамынан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу талап кылынбайт.
Кадрлар резервинен чыгарылган талапкерге бул тууралуу он төрт иш күндүн ичинде билдирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Корутунду жоболор
31. Жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен талапкер макул болбогон учурда ал кабарлангандан тартып он күндүк мөөнөттүн аралыгында бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.
32. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.