Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 813
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумунда кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартибинде:
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "администрациялык мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "бош" деген сөз менен толукталсын;
- 9-пунктунун экинчи абзацы "конкурстук тандоого" деген сөздөрдөн мурда "бош кызмат орундарын ээлөө үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда жарандарга сынактык тандоого катышууга жол берилбейт.";
- 12-пунктта:
1) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жарандар үчүн:
- өздүк арызы;
- кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баяны менен;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдун, ошондой эле окуу мезгилинде алган баалары көрсөтүлгөн дипломдордун тиркемелеринин (нотариалдык же персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо), нотариалдык же персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- аскердик билеттин көчүрмөсү (эркек жарандар үчүн) (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- ден соолугу жана бажы органдарында кызмат өтөөгө тоскоол болуучу оорулардын жоктугу тууралуу медициналык корутунду;
- үчтөн кем эмес сунуштама каттар;
- фотосүрөттөр 9x12 (1 даана) жана 3x4 (4 даана).";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
"Талапкердин дене тарбия даярдыгына жана дене бой маалыматтарына талаптар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
- жыйырма үчүнчү абзацтагы "үч" деген сөз "он төрт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 16-пунктунун экинчи абзацы "мыйзамдарды" деген сөздөн кийин ", ошондой эле иштин багыты боюнча профилдик маселелерди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 20-пунктундагы "беш" деген сөз "он төрт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Маектешүү өтө турган дата, убактысы жана орду жөнүндө маалымат бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий маалыматтык порталында жарыяланат.";
- 23-пунктунун биринчи абзацындагы "беш" деген сөз "он төрт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пунктта:
жетинчи абзацы "администрациялык" деген сөздөн мурда "бажы кызматынын тутумундагы" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- сунушталган эки бош кызмат орундарынан баш тарткан учурда.";
- 29-пунктунун бешинчи абзацы "жогору турган" деген сөздөрдөн мурда "бажы кызматынын тутумундагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Кадрлар резервинен чыгаруу тууралуу чечим бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен таризделет.
Талапкер бажы кызматы тутумундагы административдик мамлекеттик бош кызмат ордун ээлеген учурда кадрлар резервинин курамынан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу талап кылынбайт.
Кадрлар резервинен чыгарылган талапкерге бул тууралуу он төрт иш күндүн ичинде билдирилет.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун 2) пунктчасындагы "же башка кызматка дайындалган" деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Контракттын колдонуу мөөнөтү "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинде каралган негиздер боюнча токтотулат.";
- 15-пунктунун экинчи абзацындагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр алып салынсын;
- 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.";
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө контракттын типтүү формасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Тиркеме
Типтүү форма
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө № ____ КОНТРАКТ
____________ шаары |
| 20__-ж. "__" ____________ |
_________________________________________________________________________________________ атынан
(бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)
________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
_______________________________________________________________________________________ негизинде
(бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобонун аталышы)
_______________________________________________________________________ мындан ары "Жетекчи" деп аталып, жана Кыргыз Республикасынын жараны _______________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________________
(паспорттун номери, берилген күнү, паспорт берген органдын аталышы)
мындан ары "Кызматкер" деп аталып, бирге алганда "Тараптар" деп аталып, Кыргыз Республикасынын бажы органдарында төмөнкү шарттарда кызмат өтөө тууралуу ушул контрактты түзүштү:
1. Контракттын предмети
1.1. Ушул Контракт Кызматкер тарабынан кызматтык (функционалдык) милдеттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерине, "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартиптик уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтөй турган кызматынын шарттарын регламенттештирет.
1.2. Кызматкер башка жана ага тете кызмат ордуна орун ротациялоо тартибинде, анын ичинде башка жерге которулуу мүмкүндүгү менен, ал эми которулуу мүмкүндүгүнөн баш тарткан учурда - белгиленген тартипте төмөн турган кызмат орунга же бажы органдарындагы кызматтан бошотууга макул.
2. Укуктары жана милдеттери
2.1. Кызматкер "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренеси менен алдын ала каралган укуктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
2.2. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттенет:
2.2.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сакталышын, Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга.
2.2.2. Жарандардын укуктарынын жана мыйзамдык кызыкчылыктарынын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга.
2.2.3. Бажы органдарынын начальниктеринин, көз көрүнө мыйзамсыз буйруктарын кошпогондо, алардын кызматтык ыйгарым укугунун чегинде берилген буйруктарын жана буйрутмаларын аткарууга.
2.2.4. Өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын кайрылууларын өз убагында кароого.
2.2.5. Бажы органында белгиленген ички тартиптин эрежелерин, ички маалыматтарды колдонуунун тартибин сактоого, кызматтык нускамаларды аткарууга.
2.2.6. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү квалификациясынын деңгээлин кармап турууга.
2.2.7. Мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу сырды сактоого, ошондой эле өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү маалыматтарды жайылтпоого.
2.2.8. Ооруп калганда же башка жүйөлүү себептер боюнча кызматта жок болгон учурда өзүнүн кайда жүргөндүгү жана жумуш ордунда жок болуусунун себептери жөнүндө түздөн-түз жетекчисине же персоналдарды башкаруу кызматына кабарлоого.
2.3. Кызматкер кызматтык нускамаларда, ченемдик укуктук актыларда жана ушул Контрактта белгиленген кызматкерге жүктөлгөн функционалдык милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчиликте болот.
2.4. Жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу:
2.4.1. Кызматкерден кызматтык милдеттерин аткарууну, ошондой эле бажы органынын ички тартибин сактоону талап кылууга.
2.4.2. Кызматкерди кызматтык милдеттерин кынтыксыз жана натыйжалуу аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлоого.
2.4.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кызматкерди тартип жоопкерчилигине тартууга.
2.4.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматкерди мөөнөттөн ашык иштөөгө жана дем алыш, майрам күндөрү ишке тартууга.
2.4.5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
2.5. Жетекчи төмөнкүлөргө милдеттенет:
2.5.1. Кызматкерге анын кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн иштин коопсуз шарттарын түзүүгө жана тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыздоого.
2.5.2. Кызматкерди кесипкөй даярдоо, кайра даярдоону камсыз кылууга.
2.5.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Эмгек акы шарттары
3.1. Кызматкерди акчалай үлүш менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Кызмат (иш) убактысынын жана эс алуу убактысынын режими
4.1. Кызмат (иш) убактысынын жана эс алуу убактысынын режими, ошондой эле кезектешүү графиги "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык аталган органдын ишинин өзгөчөлүгүнө карата конкреттүү бажы органынын жетекчиси тарабынан белгиленет жана бекитилет.
5. Контрактты өзгөртүү жана колдонууну токтотуу
5.1. Контрактты колдонуу "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинде каралган негиздер боюнча токтотулат.
5.2. Ушул контракттын 5.1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча контрактты колдонууну токтотуу бажы органдарындагы кызматтан Кызматкерди бошотууга алып келет.
5.3. Ушул Контракттын шарттары ушул Контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
Өзгөртүүлөр жана толуктоолор юридикалык күчкө ээ болот, эгер алар жазуу жүзүндө түзүлсө жана Тараптардын колу коюлса.
6. Контракттын өзгөчө шарттары
6.1. Ушул Контракттын шарттары сакталбаган учурда Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
6.2. Ушул Контракттын тараптарынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилет.
6.3. Ушул Контракт менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
7. Контрактты колдонуу мөөнөтү
7.1. Ушул Контракт _______________ мөөнөткө 20__-жылдын "__" ___________ тартып 20__-жылдын "__" ___________ чейин түзүлдү.
7.2. Ушул Контракт мамлекеттик жана расмий тилде 2 нускада түзүлдү, бирдей юридикалык күчкө ээ, Тараптардын ар бири үчүн бир нускадан.
8. Тараптардын реквизиттери
Кызматкер |
| Жетекчи |
_____________________________ _____________________________ |
| ____________________________ ____________________________ |
(аты-жөнү) |
| (аты-жөнү) |
_____________________________ _____________________________ |
| ____________________________ ____________________________ |
(паспорту, сериясы, №, ким тарабынан берилгендиги) |
|
|
М.О. |
|
|