Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жөнүндөгү ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Бажы органдарында кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракттын (мындан ары - контракт) шарттарында жүзөгө ашырылат.
2. Контракт түзүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумундагы кадрлар резервинин катарынан бажы органдарына кызматка кабыл алынып жаткан жаран;
2) "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинде каралган бажы органдарында кызмат өтөөнүн чектелген жаш курагына жашы жете элек кызматкер мурда түзүлгөн контракттын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Сынак мөөнөтүн колдонууга байланышкан мамилелер мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамдар менен жөнгө салынат.
2. Контракт түзүү тартиби
4. Контракт типтүү форма боюнча жазуу жүзүндө (ушул Жобого тиркелген), ушул Жободо белгиленген тартипте түзүлөт жана бири кызматкердин өздүк ишине тиркелип, экинчиси кызматкерге берилген, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада таризделет.
5. Контракт үч жылдык мөөнөткө түзүлөт. Контракттын башталган күнү катары контракттын текстинде көрсөтүлгөн күн эсептелет.
Чектелген жаш курагына үч жылдан аз убакыт калган кызматкерлер менен контракт алардын чектелген жаш курагына чейин калган убакытка түзүлөт.
6. Милдеттүү шарттар катары контрактта төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
- бажы органынын түзүмдүк бөлүгүн жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен кызмат ордунун аталышы;
- кызматтык милдеттерин аткарып башталган күн;
- контрактын колдонуу мөөнөтү;
- кызматкердин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;
- бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин укуктары жана милдеттери;
- эмгек акы шарттары;
- иш убактысынын жана эс алуу убактысынын режими.
7. Контрактта бажы органдарында кызмат өтөөнүн башка шарттары дагы каралышы мүмкүн.
8. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын/бажы органынын кызматкерлерди башкаруу кызматы:
- контракттарды даярдайт жана тариздейт;
- кызматкер кол койгон контракттарга андан ары кол коюу жана кызматка дайындоо тууралуу буйрук чыгаруу үчүн бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жөнөтөт.
9. Кол коюлган контрактка контракттарды каттоо китебиндеги жазууларга ылайык каттоо номери коюлат. Контрактты каттоо ага кол коюлган күнү жүргүзүлөт.
Контрактта жүргүзүлгөн жазуулар анын бардык нускаларында жүргүзүлүшү керек, бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу жана бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын герб түшүрүлгөн мөөрү менен бекемделиши керек.
10. Кызматкерлер бир эле бажы органынан башка кызмат ордуна же башка бажы органына кызматка дайындалганда мурда түзүлгөн контракттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жаңы контракт түзүү жолу менен кызматкер менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча контракттын шарттары өзгөртүлүүсү мүмкүн.
11. Мурда түзүлгөн контракттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кызмат өтөөнүн жаш курагын узарткан кезектеги атайын наам кызматкерге ыйгарылган учурда кезектеги атайын наамды ыйгаруудан келип чыккан жаңы жагдайды эске алуу менен кызматкердин кызмат өтөө шарты такталган жаңы контракт түзүлүшү мүмкүн.
12. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктары менен кызматка дайындала турган кызматкерлердин контролдук тизмеси, кийинки жылы аяктай турган контракттардын мөөнөтү бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлер менен иштөө бөлүгүнө контракттын колдонуу мөөнөтү аяктаган жылга чейинки жылдын биринчи сентябрынан кечиктирилбестен берилет.
3. Контракттын колдонуусун токтотуу тартиби
13. Контракттын колдонуу мөөнөтү "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинде каралган негиздер боюнча токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Контрактын мөөнөтү аяктаганга чейин үч айдан кечиктирилбестен кызматкер жазуу жүзүндө контракттын мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу жана аны бажы органдарынан кызматтан бошотуу мүмкүндүгү тууралуу эскертилиши керек.
15. Контракттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан кечиктирилбестен жана кызматкердин жаңы мөөнөткө контракт түзүү тууралуу арызы болгондо бажы органынын начальниги бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аталган кызматкерге мүнөздөмө жөнөтөт.
Сунуштамада кызматкердин ишкердик жана жеке сапаттарына калыс баа берилет, кесипкөй даярдыгынын деңгээли, кызматкердин ишин жөнгө салган мыйзам жана башка ченемдик актыларды билүүсү, кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы, ага жүктөлгөн милдеттерди аткара алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жаңы мөөнөткө контракт түзүү (түзбөө) тууралуу сунуш көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кызматкер менен жаңы мөөнөткө контракт түзүү (түзбөө) тууралуу чечим бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан сунуштаманы эске алуу менен контракттын мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирилбестен кабыл алынат.
Бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Контракт мөөнөтүнөн мурун "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген негиздер боюнча бузулушу мүмкүн.
| Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө тууралуу контракт түзүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө № ____ КОНТРАКТ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
____________ шаары |
| 20__-ж. "__" ____________ |
_________________________________________________________________________________________ атынан
(бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)
________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
_______________________________________________________________________________________ негизинде
(бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобонун аталышы)
_______________________________________________________________________ мындан ары "Жетекчи" деп аталып, жана Кыргыз Республикасынын жараны _______________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________________
(паспорттун номери, берилген күнү, паспорт берген органдын аталышы)
мындан ары "Кызматкер" деп аталып, бирге алганда "Тараптар" деп аталып, Кыргыз Республикасынын бажы органдарында төмөнкү шарттарда кызмат өтөө тууралуу ушул контрактты түзүштү:
1. Контракттын предмети
1.1. Ушул Контракт Кызматкер тарабынан кызматтык (функционалдык) милдеттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерине, "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын Тартиптик уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтөй турган кызматынын шарттарын регламенттештирет.
1.2. Кызматкер башка жана ага тете кызмат ордуна орун ротациялоо тартибинде, анын ичинде башка жерге которулуу мүмкүндүгү менен, ал эми которулуу мүмкүндүгүнөн баш тарткан учурда - белгиленген тартипте төмөн турган кызмат орунга же бажы органдарындагы кызматтан бошотууга макул.
2. Укуктары жана милдеттери
2.1. Кызматкер "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренеси менен алдын ала каралган укуктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
2.2. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттенет:
2.2.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сакталышын, Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга.
2.2.2. Жарандардын укуктарынын жана мыйзамдык кызыкчылыктарынын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга.
2.2.3. Бажы органдарынын начальниктеринин, көз көрүнө мыйзамсыз буйруктарын кошпогондо, алардын кызматтык ыйгарым укугунун чегинде берилген буйруктарын жана буйрутмаларын аткарууга.
2.2.4. Өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын кайрылууларын өз убагында кароого.
2.2.5. Бажы органында белгиленген ички тартиптин эрежелерин, ички маалыматтарды колдонуунун тартибин сактоого, кызматтык нускамаларды аткарууга.
2.2.6. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү квалификациясынын деңгээлин кармап турууга.
2.2.7. Мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу сырды сактоого, ошондой эле өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү маалыматтарды жайылтпоого.
2.2.8. Ооруп калганда же башка жүйөлүү себептер боюнча кызматта жок болгон учурда өзүнүн кайда жүргөндүгү жана жумуш ордунда жок болуусунун себептери жөнүндө түздөн-түз жетекчисине же персоналдарды башкаруу кызматына кабарлоого.
2.3. Кызматкер кызматтык нускамаларда, ченемдик укуктук актыларда жана ушул Контрактта белгиленген кызматкерге жүктөлгөн функционалдык милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчиликте болот.
2.4. Жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу:
2.4.1. Кызматкерден кызматтык милдеттерин аткарууну, ошондой эле бажы органынын ички тартибин сактоону талап кылууга.
2.4.2. Кызматкерди кызматтык милдеттерин кынтыксыз жана натыйжалуу аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлоого.
2.4.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кызматкерди тартип жоопкерчилигине тартууга.
2.4.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматкерди мөөнөттөн ашык иштөөгө жана дем алыш, майрам күндөрү ишке тартууга.
2.4.5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
2.5. Жетекчи төмөнкүлөргө милдеттенет:
2.5.1. Кызматкерге анын кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн иштин коопсуз шарттарын түзүүгө жана тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыздоого.
2.5.2. Кызматкерди кесипкөй даярдоо, кайра даярдоону камсыз кылууга.
2.5.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Эмгек акы шарттары
3.1. Кызматкерди акчалай үлүш менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Кызмат (иш) убактысынын жана эс алуу убактысынын режими
4.1. Кызмат (иш) убактысынын жана эс алуу убактысынын режими, ошондой эле кезектешүү графиги "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык аталган органдын ишинин өзгөчөлүгүнө карата конкреттүү бажы органынын жетекчиси тарабынан белгиленет жана бекитилет.
5. Контрактты өзгөртүү жана колдонууну токтотуу
5.1. Контрактты колдонуу "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинде каралган негиздер боюнча токтотулат.
5.2. Ушул контракттын 5.1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча контрактты колдонууну токтотуу бажы органдарындагы кызматтан Кызматкерди бошотууга алып келет.
5.3. Ушул Контракттын шарттары ушул Контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
Өзгөртүүлөр жана толуктоолор юридикалык күчкө ээ болот, эгер алар жазуу жүзүндө түзүлсө жана Тараптардын колу коюлса.
6. Контракттын өзгөчө шарттары
6.1. Ушул Контракттын шарттары сакталбаган учурда Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
6.2. Ушул Контракттын тараптарынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилет.
6.3. Ушул Контракт менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
7. Контрактты колдонуу мөөнөтү
7.1. Ушул Контракт _______________ мөөнөткө 20__-жылдын "__" ___________ тартып 20__-жылдын "__" ___________ чейин түзүлдү.
7.2. Ушул Контракт мамлекеттик жана расмий тилде 2 нускада түзүлдү, бирдей юридикалык күчкө ээ, Тараптардын ар бири үчүн бир нускадан.
8. Тараптардын реквизиттери
Кызматкер |
| Жетекчи |
_____________________________ _____________________________ |
| ____________________________ ____________________________ |
(аты-жөнү) |
| (аты-жөнү) |
_____________________________ _____________________________ |
| ____________________________ ____________________________ |
(паспорту, сериясы, №, ким тарабынан берилгендиги) |
|
|
М.О. |
|
|