Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-апрели № 235
Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Европа Союзу тарабынан берилүүчү донордук тышкы жардамды координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы (кызматы боюнча) аныкталсын.
2. Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жана Улуттук координациялык бюро жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-декабрындагы № 517-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 66-б буйругу.
4. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 токтому менен бекитилген |
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатордун (мындан ары - Улуттук координатор) ишинин негизги максаты Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун (мындан ары - ЕС) ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, ЕС тарабынан берилүүчү жардамдарды координациялоо, ошондой эле бир тараптан Европалык коомчулук жана аларга мүчө-мамлекеттер, экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө 1995-жылдын 9-февралында кол коюлган жана 1997-жылдын 5-июлундагы № 43 (мындан ары - СПС) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Макулдашууну ишке ашыруу маселесине көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2. Улуттук координатор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Улуттук координатор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Улуттук координатордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ЕС тарабынан көрсөтүлүүчү жардамдарды Кыргыз Республикасынын атынан координациялоо;
- ЕС тарабынан көрсөтүлүүчү жардамдарды тартуу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине контролдукту камсыздоо;
- ЕС жол-жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасында ишке ашырылуучу ЕСтин долбоорлорунун жана программаларынын ишин контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баа берүү процессинде Өкмөткө, Комиссияларга, ЕСтин институттарына жана кызматтарына көмөк көрсөтүү;
- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин региондук стратегиялык документтерин жана андан аркы индикативдүү программаларды иштеп чыгуу үчүн негиз катары Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерине (стратегиялар, улуттук жана мамлекеттик программалар ж.б.) негизденүүчү Кыргызстан үчүн стратегиялык документтерди иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын атынан катышуу;
- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин региондук стратегиялык документтеринин, Кыргызстан үчүн ЕСтин стратегиялык документтеринин, финансылык макулдашуулардын, индикативдик программалардын, иш-аракеттер программаларынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын атынан талкуулоо жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аларга белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан кол коюу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик, ӨЭУ өкүлдөрүнүн жана башкалардын пикирлерин эске алуу менен программага чейинки документтерди жана долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоо жана бул документтерди ЕСтин өкүлчүлүгүнө берүү;
- аныктоону, алдын ала тандоону, кол коюуну жана ЕС менен талкуулоо үчүн долбоордук сунуштарды кароого берүүнү кошкондо иш-аракеттер программаларынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын атынан талкуулоолорду жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле иш-аракеттер программасы, жактыруу тууралуу арыздар жана башка документтер боюнча макулдашууларга кол коюу;
- Кыргыз Республикасында СПСти ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулоо жана чечүү;
- Кыргыз Республикасы - Европа Союзу кызматташтыгы боюнча Кеңештин жана Комитеттин (мындан ары - КР-ЕС), КР-ЕС соода жана инвестициялар боюнча ички комитеттин жыйындарын, Улуттук координаторлордун жолугушууларын жана КР-ЕС кызматташтыгынын алкагындагы башка жыйындарды координациялоо, даярдоо жана Кыргыз Республикасынын атынан катышуу;
- ЕС тарабынан каржылануучу жана Кыргыз Республикасында ишке ашырылуучу программалардын жана долбоорлордун ишин жалпы координациялоо, ошондой эле зарыл учурда бул программалардын жана долбоорлордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабындагы координаторлорун жана бенефициарларын аныктоо;
- ЕС менен Кыргыз Республикасынын кызматташуусун өнүктүрүү менен байланыштуу башка функцияларды аткаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Улуттук координатор өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- ЕС менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү катары чыгууга;
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдарынан белгиленген тартипте зарыл маалыматтарды суроого жана алууга;
- мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын маалымат банкын пайдаланууга;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууну жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча Улуттук координатордун карамагында турган маселелерди чечүүгө катышууга алардын кызматкерлерин тартууга;
- зарыл учурларда туруктуу же убактылуу жумушчу топторун, ведомстволор аралык комитеттерди, эксперттик комиссияларды түзүүгө, бул максаттарга мамлекеттик органдардын адистерин, эл аралык уюмдардын жана донор-өлкөлөрдүн, ишкер чөйрөлөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- СПСти натыйжалуу ишке ашыруу жана анын тийиштүү багыттары боюнча милдеттерди чечүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилерине киргизүүгө;
- тийиштүү сунуштамаларды иштеп чыгуу менен мыйзам базаларын өркүндөтүүгө багытталган жумушчу топтордун сунуштарын талкуулоого;
- СПСти ишке ашыруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Өкмөтүнө сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүүгө;
- бул Жобого ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тапшырма берүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн маалыматты сурап алууга;
- мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, ЕС долбоорлорунун жана программаларынын, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн, ишкер чөйрөлөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешмелерди (жолугушууларды, консультацияларды, талкууларды жана башкаларды) өткөрүү, алардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары аткарууга милдеттүү болгон протоколдор менен таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Улуттук координатордун ишин Улуттук координациялык бюро (мындан ары - УКБ) камсыздайт.
УКБны кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп саналган директор башкарат.
Улуттук координатор жок учурда анын функциясын УКБнын директору аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн кызматкерлери УКБнын кызматкерлери болуп саналат.
УКБ мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнү Улуттук координатор менен макулдаштыкта УКБнын директору аныктайт.
Тиешелүү маселелер жана багыттар боюнча УКБнын ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигиндеги кызматкерлер бекитилет, алар жумушчу органдын - өздөрүнүн багыттары боюнча УКБнын жооптуу катчыларынын функцияларын аткарышат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
8. УКБ өзүнүн ишин Улуттук координатор тарабынан бекитилген иш пландарына ылайык уюштурат.
9. УКБ ЕС тарабынан каржылануучу долбоорлорду жана программаларды, ошондой эле СПС жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жана баа берүүнү жүргүзөт. Мониторинг жана баа берүүнүн жыйынтыгы тийиштүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Улуттук координатордун кароосуна берилет.
10. УКБ өзүнүн ишине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын, бизнес жана ӨЭУ, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
11. Улуттук координатор, УКБ директору жана кызматкерлери өздөрүнүн ишин коомдук негиздерде ишке ашырышат. Улуттук координатордун жана УКБнын ишин каржылоо өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн мүмкүн болгон каржылоосун тартуу менен алардын өздөрүнүн негизги ишин аткаруунун чегинде, бирок мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлүүсүз жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Улуттук координатордун өзүнүн бланкы болот.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Улуттук координатор өз ишин аткарууда дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине теңештирилет жана ага "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)