Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 18-октябры № 723
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 60.2-пунктчасында:
экинчи абзацындагы "2000 (эки миң)" деген цифралар жана сөздөр "3000 (үч миң)" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "1500 (бир миң беш жүз)" деген цифралар жана сөздөр "2500 (эки миң беш жүз)" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "1000 (бир миң)" деген цифралар жана сөздөр "2000 (эки миң)" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун суммасын алардын жаңы өлчөмүн эске алуу менен кайра эсептөөнү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулду аларды жогорулатууну эске алуу менен төлөөгө республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтом 2012-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |