Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 токтому менен бекитилген |
Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Үй-бүлөлүк медициналык борборлорго жана менчик медициналык уюмдарга медициналык жардам алуу үчүн кайрылган бейтаптарга тиешелүү көрсөткүчтөр болгондо, ошондой эле бейтап стационардан чыккандан кийин дарыланууну улантуу зарылдыгы болгон учурда дары-дармек каражаты дайындалат жана ага рецепт жазылат.
Бейтап стационардан чыгарылгандан кийин баңги каражаттарды, психотроптук заттарды алуу зарыл болгон учурларда саламаттык сактоо уюму бейтапка беш күндүк керектөөнүн өлчөмүндө баңги каражаттарды, психотроптук заттарды берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Баңги каражатты, психотроптук затты берүү фактысы стационардык оорулуунун медициналык картасынын көчүрмөсүндө чагылдырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөргө рецепт жазууга тыюу салынат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык колдонууга уруксат бербеген дары-дармек каражаттарына;
- медициналык көрсөткүчтөр жок учурда;
- амбулаториялык бейтаптарга жалпы анестезия үчүн колдонулган дары-дармектерге (ингаляциялык жана ингаляциялык эмес наркоз), фентанил жана миорелаксанттарга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №543 "Кыргыз Республикасында контролдонуучу баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген IV тизмектеги баңги каражаттарга жана I тизмектеги психотроптук заттарга (мындан ары - баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор);
- психоактивдүү заттардан көз каранды бейтаптар үчүн баңги каражаттарына;
- белгиленген тартипте бекитилбеген рецепт бланктарына.
3. Бейтаптар үчүн дары-дармек каражаттарына рецепттерди дарылоочу дарыгер жана/же адис дарыгер, ошондой эле орто медициналык билими бар адис өзүнүн компетенциясынын чегинде, жеке практика жүргүзгөн дарылоочу дарыгер белгиленген тартипте жеке медициналык практика жүргүзүүгө берилген лицензиясына ылайык жазат.
4. Жеке практика жүргүзгөн дарыгерлердин рецепттик бланктарынын жогорку бурчунда басмаканалык ыкма менен басылган же штамп түрүндө алардын дареги, лицензиянын номери, берилген күнү, колдонулуу мөөнөтү жана аны берген уюмдун аталышын көрсөтүү керек.
5. Рецепттер ушул токтом менен бекитилген форма боюнча басмакана ыкмасы менен басылган, саламаттык сактоо уюмунун штампы бар бланктарга жазылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген дары каражатына электрондук рецептти тариздөө эрежелерине ылайык рецепттерди электрондук форматта жазууга жол берилет. Рецептте бейтаптын курагы, дары каражатын чыгаруу формасы көрсөтүлүүгө тийиш.
Толук наркы үчүн дары-дармек каражаттарына рецепттер ЛС-1 формасындагы рецепттик бланктарда жазылат. Дайындалган дарылоо медициналык документтерде чагылдырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Дары-дармек каражаттарын алууга рецепттерди жазып берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгерлерине, ошондой эле фельдшердик-акушердик пункттарынын башчыларына уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Дары-дармек каражаттарына рецепттер эл аралык патенттелбеген аталышы менен так жана даана, сыя же шариктүү калемсап менен бланктагы бардык каралган графаларды милдеттүү түрдө толтуруп жазылат, дарыгердин колу жана өздүк мөөрү коюлат, рецептке оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Дары-дармек каражаттарында эл аралык патенттелбеген аталышы жок учурда, рецепт жазууда анын соодалык аталышын колдонууга жол берилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Дары-дармек каражатынын курамы, дары-дармек формасынын белгиси жана дары-дармек каражатын даярдап берүү жөнүндө рецепт латын тилинде жазылат. Рецептте латынча кыскартууларды пайдаланууга медициналык жана фармацевттик практикада кабыл алынган белгилөөлөр гана боюнча ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык уруксат берилет.
Аталышы боюнча жакын ингредиенттердин белгилерин кыскартууга жол берилбейт, анткени кайсы дары-дармек каражаты жазылганын аныктоого мүмкүн болбой калат. Баңги, психотроптук, уулуу жана таасири күчтүү дары-дармек каражаттарынын аталышы рецепттин башына, андан кийин - калган бардык ингредиенттер жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Дары-дармек каражаттарын пайдалануу ыкмасы кыргыз же орус тилинде дозаны, кабыл алуу жыштыгын, убактысын жана канча мезгилге чейин ичүүнү, ал эми тамак-аш менен өз ара таасирде болуучу дары-дармек каражаттары үчүн - тамак ичүүгө карата колдонулуу убактысы (тамакка чейин же тамактан кийин) белгиленет. "Ичтен", "белгилүү" ж.б. ушул сыяктуу жалпы көрсөтмөлөр менен чектелүүгө тыюу салынат.
10. Зарыл учурда бейтапка дары-дармек каражатын шашылыш берүүдө рецепттик бланктын үстүңкү бөлүгүндө "cito" (тез) же "station" (дароо) деген белгилер коюлат.
11. Рецепт жазууда суюк заттардын саны миллилитр жана тамчылар менен, ал эми калган заттар - грамм, миллиграмм, аракеттин бирдиги (АБ) жана эл аралык бирдиктер (ЭБ) менен көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бир рецепттик бланкка төмөнкүлөрдү жазууга уруксат берилет:
а) бир дары-дармек каражатына:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- акысыз же жеңилдетилген шартта берүү үчүн арналган;
б) предметтик-сан жактан эсепке алынбаган башка дары-дармек каражатынын 2 аталышына чейин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Амбулаториялык бейтаптарга баңги дары-дармек каражаттары ушул токтом менен бекитилген рецепттин бланкынын формасына ылайык саламаттык сактоо уюмунун штампы, сериялык номери жана коргоо даражалары бар баңги дары-дармек каражаттарына атайын рецепттик бланктарга жазылууга тийиш.
Баңги дары-дармек каражатына рецепт дарыгердин колу жана өздүк мөөрү коюлуп, анын өз колу менен жазылат, жазып берилген баңги каражаттын саны жазуу менен көрсөтүлөт. Мындан тышкары рецептке саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси же/жана ҮДТнын клиникалык жетекчиси тарабынан кол коюлат.
Бейтапка баңги дары-дармек каражатына кезектеги рецептти жазып берүүдө мурда жазып берген санын жана баңги каражаттын кайтарып берилген ампулаларынын санын текшерүү зарыл. Бейтапта пайдаланылбаган дары-дармек каражаттарынын бир, эки күндүк калдыгына жол берилет.
Бейтап жеке өзү же бейтапты баккан адам баңги каражаттарды же психотроптук заттарды (бейтап үчүн ыңгайлуу болгон ар кандай формада) камтыган үй шартында колдонуу үчүн препараттарды рецепт боюнча түздөн-түз саламаттык сактоо уюмунда жана/же дарыкана/дарыкана пункту аркылуу ала алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Курамына атропин сульфаты, мышьяктуу ангидрид, натрий арсенат кристаллдуу, сымап дийодиди, сымап дихлориди (сулема), сымап оксицианиди, сымап цианиди, күмүш нитраты, стрихнин нитраты, апоморфин гидрохлориди, гоматропин гидробромиди, дикаин, литий оксибутираты; кодеин, кодеин фосфаты, этилморфин гидрохлориди, анаболиктик гормондор, уктатуучу каражаттар, нейролептиктер, антидепрессанттар, транквилизаторлор, заманиха тундурмасы, ошондой эле этил спирти бар экстемпоралдуу даярдалган дары-дармек каражаттарына рецепт штамп менен таризделген, "Рецепттер үчүн" деген саламаттык сактоо уюмунун мөөрү басылган, дарыгердин колу жана өздүк мөөрү коюлган рецепттик бланкка жазып берилет.
15. Баңги каражатын, психотроптук, уулуу, таасири күчтүү затты бир жолку кабыл алуудан ашык дозада жазып берүүдө дарыгер ошол заттын дозасын колу менен жазып, илеп белгисин коюшу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Бул Эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген дары-дармек каражаттарына бир рецептке ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашык жазып берүүгө уруксат берилбейт.
17. Инкурабелдүү бейтаптар үчүн баңги каражаттарды жана психотроптук каражаттарды жазып берүүнүн ченемдери ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн сандарга каршы 2 эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн. Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү укугуна тиешелүү уруксат документтери бар кайсы болбосун дарыканалардан административдик-аймактык жактан байлабастан рецепт боюнча сатып алууга болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Узакка созулган жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар пайдаланган дары-дармек каражаттарына рецепт дарылоо курсуна 2 айга чейинки мөөнөткө жазып берилиши мүмкүн.
Мындай учурларда рецепттерде "Атайын дайындоо боюнча" деген жазуу болушу керек, ага дарыгердин колу коюлуп, саламаттык сактоо уюмунун "Рецепттер үчүн" деген мөөрү басылат.
Дарыгердин чечими боюнча өнөкөт оорусу бар бейтаптарга ЛС-1 формадагы рецепттик бланкка жазылган рецепттин колдонулуу мөөнөтү 1 жылга чейин узартылышы мүмкүн, буга спирти бар жекече даярдалган дары-дармек каражаттары, предметтик-сан жактан эсепке алынган дары-дармек каражаттары, анаболиктик гормондор кирбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Мындай рецепттерди жазып берүүдө дарыгер "Өнөкөт бейтапка" деген белги коюуга, рецепттин жарактуулук мөөнөтүн жана дарыканадан дары-дармек каражатын берүү мезгилин (жума сайын, ай сайын ж.б.) көрсөтүүгө, бул көрсөтмөнү коюлган колу жана жеке мөөрү, ошондой эле саламаттык сактоо уюмунун "Рецепт үчүн" деген мөөрү менен күбөлөндүрүүгө тийиш.
20. Фельдшерлер - дарыгердин кабыл алуусу бар, саламаттык сактоо уюмдарынан алыс жайгашкан фельдшердик-акушердик пункттардын (мындан ары - ФАП) башчылары, белгиленген тартипте бардык керектүү дары-дармек каражаттарын (баңги каражаттарынан башкасын) бейтаптарга жазып берүү укугуна ээ.
Дайындалган дарылоо амбулаториялык бейтаптын медициналык картасында жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Дарылоочу дарыгер, анын ичинде жеке практика жүргүзгөн, фельдшер, акушерка, ФАПтын башчысы негизсиз же туура эмес жазып берген рецепт үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
22. Жогоруда саналган талаптардын жок дегенде бирине жооп бербеген рецепт жараксыз деп табылат.
23. Эгерде рецептте туура келбеген дары-дармек каражаты жазылса же дозасы көрсөтүлбөсө, дарыкана кызматкери рецепт жазып берген дарыгер же башка медициналык кызматкерлер менен байланышып, дары-дармек каражатынын аталышын, анын дозасын, фармакологиялык туура келүүсүн тактоого милдеттүү, андан кийин гана дары-дармекти бейтапка берет.
24. Дарыкананын кызматкерлери рецепттин туура эмес жазылган учурлардын баарын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилерине жана дарыгерлерине жана жеке практика жүргүзгөн уюмдарга ай сайын билдирип турууга милдеттүү.
Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелерине 1-тиркеме |
Бир рецептте жазып берүү үчүн айрым баңги каражаттарынын, психотроптук жана таасири күчтүү заттардын, анаболиктик гормондордун, барбитур кычкылынан өндүрүлгөндөрдүн уруксат берилген өлчөмүнүн ЧЕГИ
N | Дары-дармек каражатынын аталышы | Өлчөмү |
| Кодеин (кодеин фосфаты), порошок | 0,2 г |
1 | Кодеини бар (кодеин фосфаты) айкалыштырылган дары-дармек каражаттары | 0,2 г(*) ашык эмес |
| Этилморфин гидрохлориди (дионин), порошок | 0,2 г(**) |
| Амфепрамон (фепранон) 25 мг | 50 таблетка |
| Триазолам (хальцион) 0,25 мг | 30 таблетка |
| Эстоцин 2 мг | 10 таблетка |
| Эфедрин гидрохлориди жана эфедриндин башка туздары, порошок | 0,6 г |
8 | Анаболиктик гормондор: |
|
8.1 | Метандростеналон 5 мг N 10 | 1 таңгак |
8.2 | Оксандролон 25 мг N 100 | 1 таңгак |
8.3 | Ретаболил 50 мг 1 мл N1, Нандролон (деко-дураболин) 1мл N 6 жана N 12, Силаболин 2,5% 1 мл N 10 жана башка препараттар | 1 таңгак |
9 | Барбитур кычкылынан өндүрүлгөндөр: |
|
9.1 | Фенобарбитал 50 мг | 100 таблетка |
9.2 | Фенобарбитал 100 мг | 100 таблетка |
9.3 | Примидон (гексамидин) 250 мг | 50 таблетка |
Эскертүү:
(*) Дары-дармек каражатын жазууда жана берүүдө накта затка кайра эсептөө жүргүзүлөт.
(**) Көз тамчыларында жана этилморфин майларында гидрохлорид (дионин) дарыгердин "Атайын дайындоо боюнча" көрсөтмөсү болгондо жана ошол дарыгердин колу жана өздүк мөөрү коюлганда 1 г чейин жазып берилиши мүмкүн.
|
| Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелерине 2-тиркеме |
Бир рецептке жазуу үчүн баңги жана психотроптук дары-дармек каражаттарынын чектик жол берилүүчү ӨЛЧӨМҮ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Аталышы | Чыгаруу формасы жана дозасы | Өлчөмү |
1 | Бупренорфин | Сублингвалдуу кабыл алуу таблеткалары 0,2 мг | 50 таблетка |
2 | Бупренорфин | Сайуу үчүн эритме, 1 мл-ге 0,3 мг ампула 1 мл-ге 0,6 мг ампула | 30 ампула 15 ампула |
3 | Дигидрокодеин-ретард | Ичүүчү таблеткалар 60 мг 90 мг 120 мг | 40 таблетка 30 таблетка 20 таблетка |
4 | Пиритрамид (дипидолор) | Сайуу үчүн эритме, 2 мл-ден 0,75% ампула | 50 ампула |
5 | Морфин сульфаты (таасири 12 сааттан кем эмес башка аналогдору) | Ичүүчү узак таасири бар таблеткалар |
|
10 мг | 160 таблетка | ||
30 мг | 60 таблетка | ||
60 мг | 20 таблетка | ||
100 мг | 20 таблетка | ||
200 мг | 20 таблетка | ||
Пероралдык кабыл алуу үчүн эритме, |
| ||
100 мл/бөт. | 2 бөтөлкө | ||
2 мг/мл |
| ||
20 мл бөт. | 2 бөтөлкө | ||
20 мг/мл |
| ||
6 | Морфин гидрохлориди | Саюу үчүн эритме, |
|
1 мл-ден 10 мг ампула | 40 ампула | ||
10 мг таблеткалар | 100 таблетка | ||
5 мг таблеткалар | 200 таблетка | ||
7 | Омнопон | Сайуу үчүн эритме, 1 мл-ден 1% ампула 1 мл-ден 2% ампула | 10 ампула 5 ампула |
8 | Тримеперидин гидрохлориди (промедол) | Ичүүчү таблеткалар 25 мг | 50 таблетка |
9 | Тримеперидин гидрохлориди (промедол) | Сайуу үчүн эритме, 1 мл-ден 1-2% ампула 1 мл-ден 1-2% шприц-тюбиктер | 10 ампула 10 шприц-тюбик |
10 | Просидол | Буккалдуу кабыл алуу үчүн таблеткалар 20 мг | 50 таблетка |
11 | Просидол | Сайуу үчүн эритме, 1 мл-ден 10 ампула | 50 ампул |
12 | Фентанил-трансдермалдуу дары-дармек формасы | Пластырь 25 мкг/саат 50 мкг/саат 75 мкг/саат 100 мкг/саат | 20 пластыр 10 пластыр 5 пластыр 4 пластыр |
|
| Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелерине 3-тиркеме |
Маанилүү рецепттик кыскартуулар
N | Кыскартуу | Толук жазылышы | Котормосу |
1 | aa | ana | боюнча, тең |
2 | ac., acid. | acidum | кычкыл |
3 | amp. | ampulla | ампула |
4 | aq. | aqua | суу |
5 | aq. pur. | aqua purifficatae | тазаланган суу |
6 | but. | butyrum | май (катуу) |
7 | comp., cps. | compositus (a, um) | татаал |
8 | D. | Da (Detur, Dentur) | бер (берилет, берилген) |
9 | D.S. | Da. Signa; Detur. Signetur | бер (берилген) |
10 | D.t.d. | Da (Dentur) tales doses | ушундай дозаны бер (берилген) |
11 | dil. | dilutus | эритилген |
12 13 | div. in p. aeq. | divide in partes aequales | барабар бөлүктөргө бөл |
14 | extr. | extractum | экстракт, соруу |
15 | f. | fiat (fiant) | жасалган (жасалат) |
16 | gtt. | gutta, guttae | тамчы, тамчылар |
17 | inf. | infusum | тундурма |
18 | in amp. | in ampullis | ампулаларда |
19 | in tabl. | in tab(u)lettis | таблеткаларда |
20 | lin. | linimentum | суюк май |
21 | liq. | liquor | суюктук |
22 | m.pil. | massa pilularum | пилюлалык масса |
23 | M. | Misce, Misceatur. | аралаштар, аралаштырылган |
24 | N. | numero | сан менен |
25 | ol. | oleum | май (суюк) |
26 | pil. | pilula | пилюля |
27 | p. aeq. | partes aequales | барабар бөлүктөр |
28 | pulv. | pulvis | порошок |
29 | q.s. | quantum satis | канча керектелет, канча керек |
30 | r. rad. | radix | тамыр |
31 | Rp. | Recipe | ал |
32 | Rep. | Repete, Repetur | кайтала, кайталанган |
33 | rhiz. | rhizoma | тамыр |
34 | S. | Signa. | белгиле, белгиленген |
35 | sem. | semen | урук |
36 | simpl. | simplex | жөнөкөй |
37 | sir. | sirupus | сироп |
38 | sol. | solutio | эритме |
39 | supp. | suppositorium | свеча |
40 | tabl. | tab(u)letta | таблетка |
41 | t-ra, tinct. | tinctura | тундурма |
42 | ung. | unguentum | май |
43 | vitr. | vitrum | склянка |
44 | ppt., praec. | praecipitatum | чөкмө |
45 | past. | pasta | паста |