Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы N 2 токтому менен бекитилген |
Рецепттик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Саламаттык сактоо уюмдарын баңги каражаттарга атайын рецепттик бланктар менен камсыз кылууну саламаттык сактоо уюмунун мөөрү басылган жана башкы дарыгердин колу коюлган табыштама-негиздеменин негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзөт. Баңги каражатына рецепттик бланкты ушул ишке уюмдун буйругу менен ыйгарым укук берилген жана тиешелүү таризделген ишеним каты бар адам берет.
Саламаттыкты сактоо уюмдарында менчигинин түрүнө карабастан баңги каражаттарга рецепттик бланктар номерленген, тигилген, пломбаланган журналда жетекчинин күбөлөндүрүлгөн колу жана уюмдун тиркелген формадагы мөөрүн коюу менен жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарына рецепттик бланктарды эсепке алуу номер коюлган, боо менен байланып, пломбаланган жана уюмдун жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылган тиркелген формадагы журналда жүргүзүлөт.
Баңги каражаттарына атайын рецепттик бланктар саламаттык сактоо уюмуна келгенде уюмдун жетекчиси дайындаган комиссия тарабынан кабыл алынат жана кабыл алуу комиссиянын актысына ылайык саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарына атайын рецепттик бланктарды эсепке алуу журналында катталат (ушул Нускамага тиркеме).
Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругу менен баңги каражаттарга атайын рецепттик бланктарды кабыл алууга, сактоого, эсепке алууга жана берүүгө жооптуу адам дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Туруктуу иштеген комиссия дарылоо жүргүзгөн дарыгерлер баңги каражаттарды дайындаганы максатка ылайыктыгын, ошондой эле ошол уюмда рецепттик бланктарды жана баңги каражаттарын сактоо, эсепке алуу жана сарптоо абалын айына 1 жолудан кем эмес текшерип турат.
3. Дарылоо жүргүзгөн дарыгерге жазып берүү үчүн баңги каражатына бир жолу 10 бланктан ашык берүүгө уруксат жок.
Күн мурун кам көрүп атайын рецепттик бланктарга штамп, саламаттык сактоо уюмунун мөөрүн жана өздүк мөөрүн басууга, дарылаган дарыгердин колун коюуга тыюу салынат.
4. Баңги каражаттарына рецепттик бланктардын запасы жабык жана пломбаланган сейфте сакталат, анын ачкычы саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинде же уюмдун буйругу менен ыйгарым укук берилген адамда болушу керек.
Дарыгерлердин күнүнкү ишине керектүү рецепттик бланктары алардын өзгөчө контролдугунда болуп, алардын толук сакталышын камсыз кылган шартта сакталат.
5. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери баңги дары-дармек каражаттарынын жана атайын рецепттик бланктардын сакталышына жана сарамжалдуу пайдаланылышына толук жоопкерчилик тартат.
6. Саламаттык сактоо уюмдарын жана жеке практикадагы дарыгерлерди ушул токтом менен бекитилген ЛС-1 формадагы рецепттик бланк менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленген үлгү боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери рецепттик бланктар менен өз убагында жана үзгүлтүксүз камсыз кылууга милдеттүү.
|
| Рецепттик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускамага тиркеме |
Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарына атайын рецепттик бланктарды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
____________________________________________________________________ Уюмдун аталышы
Кириш | |||||
№ | Документтердин келген күнү | Берүүчү, күнү жана документтин N | Келген бланктардын жалпы саны | Бланктын сериясы жана номери | Саны |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Чыгыш | ||||||
Бланктарды берүү күнү | Бланктын сериясы жана номери | Берилген бланктардын саны | Бланктарды алган жооптуу адамдын аты-жөнү | Бланктарды алган жооптуу адамдын колу | Бланктарды берген жооптуу адамдын аты-жөнү | Калдыгы |
7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |