ТоктомКүчүндө

КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188»Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция08.01.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 8-январы № 3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Качкындар менен иштөө жөнүндө жободо:

- 2-пункттагы "башка мамлекеттин аймагына өзүнүн туруктуу жашаган жерин аргасыздан таштап" деген сөздөр "өзүнүн жарандык таандыктуулугунун өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"3. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген адам.";

- 13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"13. Күбөлүк үч айлык мөөнөткө берилет, андан ары даттануу баскычын кошкондо, акыркы чечим чыгарылганга чейин жарактуулук мөөнөтү узартылат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев