Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 35
2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 9-январындагы № 11
токтомунун редакциясына ылайык)
Жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүгө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн маанилүү милдети болуп жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү жана 2013-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын сунуш кылынган түзүмүн (1-тиркеме) аткаруу боюнча чараларды көрүү эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 618 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар жылдык айыл чарба иштерин уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйындарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомун ишке ашыруу үчүн түзүлгөн райондук штабдардын жыйындарында каралган жазгы талаа иштерин даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүүнү камсыз кылышсын;
- 2013-жылдагы түшүм үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын сунуш кылынган түзүмүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн аткарууларына чейин жеткиришсин;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү жана көчөт материалынын зарыл болгон өлчөмүн төгүп берүүнү, аны иштетүүнү жана себүү кондициясына чейин жеткирүүнү камсыз кылууда айылдык товар өндүрүүчүлөргө көмөк көрсөтүшсүн;
- кыртыштын түшүмдүүлүгүн сактоо жана арттыруу боюнча программанын долбоорун 2013-жылдын төртүнчү кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин;
- айылдык аймактарда болгон себүүчү жана кыртышты иштетүүчү айыл чарба техникасын инвентаризациялоону уюштурушсун, аларды оңдоо жана запастык тетиктер, зарыл болгон башка жабдуулар менен комплектөө боюнча чараларды көрүшсүн;
- ички чарбалык жана чарбалар аралык сугат тармагын өз убагында тазалоону, гидротехникалык курулмаларды оңдоону, өткөн жылы себилген күздүк кылкандуу дан эгиндерин, көп жылдык чөптөрдү жана мөмө-жемиш көчөттөрүн эрте жаздагы вегетациялык сугарууну, ошондой эле жаздык өсүмдүктөр үчүн айдоо алдындагы сугарууну өз убагында жүргүзүүнү уюштурушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн сертификацияланган үрөндөрүн сатып алуусу үчүн 50,0 (элүү) млн. сомду, анын ичинде жаздык себүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү сортторунун үрөнүн сатып алуусу үчүн 30,0 (отуз) млн. сомду жана күздүк себүү үчүн 20,0 (жыйырма) млн. сомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардан бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине суу чарба объекттерин оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн 2013-жылга республикалык бюджетте каралгандын 70 пайызы өлчөмүндөгү акча каражаттарын 2013-жылдын биринчи кварталында бөлүүнү камсыз кылсын;
- мамлекеттик насостук станциялар, скважиналар керектеген электр энергиясы үчүн акы төлөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу чарба обьекттеринин өндүрүштүк-тиричилик муктаждыктары үчүн төлөөлөрдү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен бирдикте төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүшсүн:
- иштеп жаткан техникалык тейлөөлөрдүн базасында техникалык тейлөө боюнча ишканаларды, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн кредитинин эсебинен сатып алынган тракторлорду аларга өткөрүп берүү менен, уюштуруу;
- региондордо токтоп турган бардык ишканалардын ишин кайра жандандыруу жана тиешелүү түрдө салык жана жыйымдар боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 2013-жылдын биринчи кварталында:
- жаздык себүү үчүн чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдөн жана республиканын жергиликтүү үрөн чарбаларынан тендердик негизде 30,0 (отуз) млн. сом суммасына буудай, арпа, көп жылдык чөп, пахта, гречиха айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөнүн, ошондой эле картөшкөнүн тигүү материалын сатып алсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте Япония Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 10 жылдык жабуу мөөнөтү менен берилген гранттарын кошпогондо, мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча үрөн чарбаларынын жана башка чарбакер субъекттеринин карыздарын жабуунун эсебине республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жаздык буудайдын жана жаздык арпанын сертификацияланган үрөнүн, ошондой эле көп жылдык чөптөрдүн үрөнүн 2013-жылдагы жаздык себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануусу боюнча сунуштарды Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссияга киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти төмөнкүлөргө сатып алуу бааларын 10 күндүк мөөнөттө белгилесин:
- Япония Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 10 жылдык жабуу мөөнөтү менен берилген гранттарын кошпогондо, мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча үрөн чарбаларынын жана башка чарбакер субъекттеринин карыздарын жабуунун эсебине топтолгон жаздык буудайдын, жаздык арпанын, беденин жана эспарцеттин сертификацияланган үрөнүнө;
- мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн 2013-жылы ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алынуучу, МАМСТнын талаптарына жооп берген клейковинасына жараша, аштык буудайга,
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон жаздык буудайдын, жаздык арпанын жана тендер боюнча сатып алынган жаздык буудайдын, жаздык арпанын, гречиханын жана пахтанын үрөнүн алуучулар менен пайызсыз товардык насыяны берүү шартында, 2013-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтүндө, ал эми республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жана тендер боюнча сатып алынган беденин жана эспарцеттин, ошондой эле тендер боюнча сатып алынган картөшкөнүн үрөндүк материалдарын алуучулар менен 2014-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтүндө насыялык жана күрөөлүк келишимдерди өз убагында түзсүн;
- Нарын облусунун, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун бийик тоолуу региондорунун, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр аймагынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жаздык буудай менен жаздык арпанын үрөнү түрүндөгү аталган пайызсыз товардык насыяны төлөө мөөнөтү 2014-жылдын 31-декабрына чейин, ал эми беденин, эспарцеттин үрөнүн жана картөшкөнүн үрөндүк материалдарын - 2015-жылдын 31-декабрына чейин төлөө аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
8. "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомуна Чүй жана Талас облустарынын кызылча өстүрүүчүлөрүнө - айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө учурдагы жазгы себүү үчүн жетишпеген кант кызылчасынын сертификацияланган үрөнүн чет өлкөлөрдөн сатып алуу жолу менен товардык кредит түрүндө берүүнү жүргүзүү сунуш кылынсын.
9. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына айдоо, себүү алдындагы жана себүү иштерин жүргүзүүгө тартылган айыл чарба техникасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында республиканын райондорунун нефтебазаларында жана автомай куюучу станцияларында күйүүчү-майлоочу материалдарды 2-тиркемеге ылайык өлчөмдө топтоону камсыз кылуу сунушталсын.
10. Жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу өткөрүү үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 2013-жылдын түшүмү үчүн жазгы талаа иштерин даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө ыкчам маалыматты декада сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.
12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 50 "2012-жылы Кыргыз Республикасында жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана өз убагында өткөрүү чаралары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар жылдык айыл чарба иштерин уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штабды түзүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 токтомуна 1-тиркеме |
(миң га)
┌──────────────┬───────┬─────────────────────────────────────────────────────┐
│ Өсүмдүктүн │Респуб-│ Анын ичинде облустар боюнча │
│ аталышы │лика ├───────┬─────────┬─────────┬──────┬────┬──────┬──────┤
│ │боюнча │ Баткен│ Жалал- │Ыссык-Көл│ Нарын│ Ош │ Талас│ Чүй │
│ │ │ │ Абад │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Дан өсүмдүктө-│ 639,6 │ 41,0 │ 64,8 │ 96,3 │ 28,9 │96,8│ 63,5 │248,3 │
│рү, бардыгы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│анын ичинде, │ 358,8 │ 18,4 │ 28,0 │ 70,5 │ 16,9 │67,2│ 13,0 │144,8 │
│буудай │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Арпа │ 138,0 │ 9,3 │ 3,8 │ 25,2 │ 12,0 │ 7,0│ 2,0 │ 77,8 │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Жүгөрү │ 86,4 │ 8,6 │ 28,8 │ │ 0,03│19,9│ 4,8 │ 24,3 │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Дан-буурчак │ 47,0 │ 1,9 │ 0,84 │ 0,12 │ │ 0,2│ 43,7 │ 0,3 │
│өсүмдүктөрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Башкалар │ 9,4 │ 2,8 │ 3,4 │ 0,5 │ 0,02│ 1,6│ - │ 1,1 │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Кант кызылчасы│ 7,9 │ │ │ │ │ │ 0,9 │ 7,0 │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Пахта │ 27,4 │ 0,2 │ 15,3 │ │ │12,0│ │ - │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Тамеки │ 3,3 │ 0,8 │ 0,3 │ │ │ 2,2│ │ 0,04│
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Май өсүмдүктө-│ 48,3 │ 2,1 │ 19,8 │ 0,14 │ 0,02│13,8│ 1,5 │ 11,4 │
│рү │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Картөшкө │ 79,3 │ 2,4 │ 8,0 │ 28,0 │ 5,8 │10,7│ 14,6 │ 9,8 │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Жашылча-жемиш-│ 44,0 │ 2,7 │ 10,0 │ 2,3 │ 0,5 │ 7,5│ 3,6 │ 17,4 │
│тер │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Бахча өсүмдүк-│ 8,8 │ 0,2 │ 3,9 │ │ │ 2,0│ 0,03│ 2,7 │
│төрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────────┼───────┼───────┼─────────┼─────────┼──────┼────┼──────┼──────┤
│Тоют │ 312,7 │ 12,7 │ 24,6 │ 52,3 │ 65,0 │30,9│ 18,9 │108,3 │
│өсүмдүктөрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──────────────┴───────┴───────┴─────────┴─────────┴──────┴────┴──────┴──────┘
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 токтомуна 2-тиркеме |
(тонна)
┌──────────────────────────────────┬──────────┬──────┬────────┬───────┐
│ Облустардын аталышы │ Дизель │Бензин│ Дизель │ Автол │
│ │ отуну │ │ майы │ │
├──────────────────────────────────┼──────────┼──────┼────────┼───────┤
│Баткен │ 2408 │ 627│ 115 │ 34 │
├──────────────────────────────────┼──────────┼──────┼────────┼───────┤
│Жалал-Абад │ 6346 │ 1586│ 307 │ 92 │
├──────────────────────────────────┼──────────┼──────┼────────┼───────┤
│Ысык-Көл │ 7349 │ 1887│ 357 │ 107 │
├──────────────────────────────────┼──────────┼──────┼────────┼───────┤
│Нарын │ 2378 │ 594│ 108 │ 32 │
├──────────────────────────────────┼──────────┼──────┼────────┼───────┤
│Ош │ 5825 │ 1456│ 281 │ 84 │
├──────────────────────────────────┼──────────┼──────┼────────┼───────┤
│Талас │ 4603 │ 1175│ 225 │ 67 │
├──────────────────────────────────┼──────────┼──────┼────────┼───────┤
│Чүй │ 12329 │ 3082│ 606 │ 180 │
├──────────────────────────────────┼──────────┼──────┼────────┼───────┤
│Республика │ 41238 │ 10407│ 2000 │ 596 │
└──────────────────────────────────┴──────────┴──────┴────────┴───────┘
|
|