Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-марты № 149
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө жободо:
10-пунктундагы "7" цифрасы "9" цифрасына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү-он алтынчы позициялар менен толукталсын:
"- Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Бишкек ишкер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Эл аралык кызматташуу Герман коомчулугунун Борбордук Азиядагы Региондук экономикалык кызматташууга көмөктөшүү долбоорунун (GIZ) жетекчиси (макулдашуу боюнча).".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |