ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 25-марты № 149

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө жободо:

10-пунктундагы "7" цифрасы "9" цифрасына алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү-он алтынчы позициялар менен толукталсын:

"- Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Бишкек ишкер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

- Эл аралык кызматташуу Герман коомчулугунун Борбордук Азиядагы Региондук экономикалык кызматташууга көмөктөшүү долбоорунун (GIZ) жетекчиси (макулдашуу боюнча).".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев