Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 347
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 , 2018-жылдын 29-июнундагы № 307, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 , 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде турмуштун оор кырдаалында турган үй-бүлөлөргө жана балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу жана автоматташтыруу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөө тартиби жөнүндө жободо:
- 3.7-пункттун онунчу абзацы "мөөрү менен күбөлөндүрүлөт" деген сөздөрдөн жана аббревиатурадан кийин ", жана Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасына (электрондук делого) социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте киргизилет." деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.7-пункттун он экинчи абзацы "болушу" деген сөздөн кийин "ошондой эле Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасына адамдардын маалыматтары жөнүндө маалымдарды каттоо жана киргизүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.7-пункт төмөнкүдөй редакциядагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасы техникалык себептер менен иштебей калгандыктан электрондук документтерди киргизүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген формаларга ылайык кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар аталган маалыматтар базасына киргизилет.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1.5-пункттагы "калкты социалдык коргоо башкармалыгына" деген сөздөр "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.6-пунктта "Калкты социалдык коргоо башкармалыктарынын мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди өз убагында жана туура тариздөөсүн, ошондой эле байланыш ишканаларынын жана банк мекемелеринин мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды туура жана өз убагында төлөөсүн" деген сөздөр "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн документтерди өз убагында жана туура тариздөөсүн, ошондой эле байланыш ишканалары жана банк мекемелери бул төлөмдөрдү туура жана өз убагында төлөөсүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.7-пункттагы "Калкты социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүгүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-бап төмөнкүдөй мазмундагы 1.8-пункт менен толукталсын:
"1.8. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды дайындоого жана төлөөгө жооптуу орган.
Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүм) - жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына даректүү социалдык коргоону көрсөтүүчү орган.
Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - аймактык түзүмдүк бөлүм) - мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды чектөө, каржылоо жана төлөө процессин уюштуруучу орган.";
- Жобонун бүткүл тексти боюнча:
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "министрлик" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "департамент" жана "Министрликке караштуу Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "Калкты социалдык коргоо башкармалыгы", "социалдык коргоо башкармалыгы", "социалдык коргоо бөлүмү" жана "социалдык коргоонун тиешелүү башкармалыктарына" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аймактык түзүмдүк бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө бөлүмү", "мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "төлөм бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "мамлекеттик пособиелерди чектөө боюнча бөлүм" жана "акчалай компенсацияларды чектөө боюнча бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "дайындоо бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.1. Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча документтерди аймактык түзүмдүк бөлүмдөр Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасында (мындан ары - СЖКМТ) тариздешет, мында төлөм:
- балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие бир жылдык мөөнөткө ар бир алуучуга таризделген тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;
- ай сайын берилүүчү социалдык пособие 2 жылдык же андан аз мөөнөткө (бала 18 жашка чыкканга чейин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тиешелүү медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кайра ырастоо мөөнөтүнө чейин) тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт;
- акчалай компенсациялар ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырма боюнча төлөнөт.";
- 2.2-пунктта "Министрликтин буйругунун" деген сөздөр "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.4-пунктта:
- биринчи абзацы "Пособиелерди" деген сөздөн мурда "Мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
- экинчи абзацы "Акчалай" деген сөздөн мурда "Мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын";
- 3-бап күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.1.1-пункт "жана мамлекеттик пособиелерди" деген сөздөн кийин "жана акчалай компенсацияларды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.1.2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.1.4. жана 4.1.5-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4.1.4. Дайындоо бөлүмүнөн мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды каржылоо үчүн керектүү сумма жөнүндө маалыматтар алынгандан кийин төлөө бөлүмүнүн башчысы керектүү сумма жөнүндө маалыматтарды ар айдын 23-күнүнө чейин салыштырып текшерет.
Керектүү суммалардын өлчөмдөрүндө айырма чыкканда аталган бөлүмдөрдүн башчылары СЖКМТнын мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды алуучуларды каттоо журналдары боюнча биргелешип кайрадан салыштырып текшеришет. Мамлекеттик пособиелер жана акчалай компенсациялар боюнча мөөнөтү бүткөн төлөө суммалары кийинки чектелгенге чейин керектүү сумманын эсебинен чыгарылат.
4.1.5. Түзүлгөн табыштамалар СЖКМТда төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы тарабынан ырасталат жана СЖКМТде аймактык бөлүмдүн начальнигинин электрондук колу менен бекитилет (СЖКМТны пайдалануу техникалык жактан мүмкүн болбогон учурда табыштамалардын долбоорлору кагаз түрүндө бекитилет жана аймактык түзүмдүк бөлүмдүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт). Кол коюлган жана бекитилген табыштамалар СЖКМТ аркылуу электрондук формада же кагаз түрүндө ар бир айдын 25-күнүнөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук түзүмдүк бөлүмүнө берилет.
СЖКМТда бекитилген жана кол коюлган, анын ичинде жооптуу адамдардын электрондук колун колдонуу менен даярдалган электрондук табыштамалар бул адамдар тарабынан даярдалган болуп эсептелет.";
- 4.4.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.4.1. Аймактык түзүмдүк бөлүм акча каражаттары түшкөн күнү мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн түшкөн акча каражаттарын аймактык түзүмдүк бөлүмдүн казыналыктын райондук бөлүмдөрүндөгү эсебинен банк мекемелеринин же "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук филиалдарынын банк мекемесиндеги эсебине которууга төлөм тапшырмаларын жана арыздарды даярдайт.";
- 5.1.1-пункттун биринчи абзацындагы "балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие (мындан ары - АББП)" деген сөздөр жана аббревиатура "балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие (мындан ары - АББП)" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын";
- 5.1.2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.2. Дайындоо бөлүмүнүн адистери акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк делолорунун негизинде ар жылдын 10-январына чейин СЖКМТга алуучулардын категориялары боюнча акчалай компенсацияларды төлөөгө тизмени киргизишет жана эки нускада басып чыгарышат. Ар бир айдын 10-күнүнө чейин бөлүмдүн адистери СЖКМТ аркылуу төлөмдөр бөлүмүнө жаңы дайындалган алуучуларга акчалай компенсацияларды төлөөгө тизмени, ошондой эле каза болгондордун жана алуу тизмесинен чыккандардын тизмесин жиберишет.";
- 5.1.4, 5.1.4.1, 5.1.4.2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.4. Төлөмдөр бөлүмү кабарламаны жана акчалай компенсацияларды төлөөгө тизмелерди алгандан кийин СЖКМТда алуучулардын өздүк эсептерин тариздейт, каттайт жана керек болгон учурда кагаз жүзүндө СЖКМТдан толтурулган өздүк эсептер басып чыгарылат.
5.1.4.1. Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды алуучулар боюнча каттоо мамлекеттик пособие биринчи жолу дайындалган алуучуларга карата гана, СЖКМТнын тиешелүү каттоо журналында жазуу аркылуу ишке ашырылат.
5.1.4.2. Мамлекеттик пособиелерди дайындоо жөнүндө протоколдордун жана акчалай компенсацияларды алуучулардын тизмелеринин негизинде төлөмдөр бөлүмүнүн адистери ушул Жобонун 5.1.4-пунктуна ылайык кайрадан дайындалган алуучунун ар бирине өздүк эсептерди ачат.";
- 5.1.4.4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.1.5.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.5.1. Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөөгө тапшырманы төлөмдөр бөлүмүнүн адистери алуучунун өздүк эсебинин маалыматтарынын негизинде СЖКМТда түзүшөт жана кагаз түрүндө СЖКМТдан басылып чыгарышат. Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн тапшырманын бетине анын номери коюлат, бул номер алуучунун өздүк эсебинин номерине туура келет, анда аймактык түзүмдүк бөлүмдүн жана байланыш бөлүмчөсүнүн аталышы, алуучунун аты-жөнү, анын дареги көрсөтүлөт, 1 жана 2-бөлүмдөрдө мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө мөөнөттөрү толтурулат, алуучунун паспорттук маалыматтары жана алуучунун койгон колунун үлгүсү киргизилет.";
- 5.1.5.2-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Тапшырмалар аны даярдаган төлөмдөр бөлүмүнүн адиси, төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы, аймактык түзүмдүк бөлүмдүн начальниги тарабынан текшерилет жана кол коюлат, тапшырма төлөмдөр бөлүмүнүн мөөрү менен ырасталат";
- 5.1.5.2-пункт төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:
"СЖКМТга техникалык себептер менен электрондук документтерди киргизүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндөгү документтер даярдалып, кийин алар СЖКМТга киргизилет.";
- 5.1.6.1-пункттагы "социалдык коргоо органынын" деген сөздөр "аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.1.6.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.6.2. Жиберилүүчү тапшырмаларга коштомо реестрлер үч нускада таризделет. Коштомо реестрдин бир нускасы алгандыгы тууралуу белгиси менен төлөмдөр бөлүмүндө калат, экинчи нускасы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук филиалына берилет, үчүнчү нускасы тапшырмалары менен кошо почта байланышы бөлүмүнө берилет.";
- 5.1.6.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Реестрлердин маалыматтары СЖКМТнын тиешелүү эсепке алуу журналына киргизилет.";
- 5.3.3-пункттагы "Социалдык коргоо" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо Борборунда" деген сөздөр "тиешелүү медициналык-социалдык эксперттик комиссияда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.5.2-пункттагы "Министрлик, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу орган, энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6.1.5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ички аудит бөлүмү Текшерүүлөрдүн планына ылайык аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдө мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды алуучулардын өздүк иштеринин болушуна жана алардын СЖКМТдагы электрондук делого ылайыктуулугуна иргеп текшерүү жүргүзөт.";
- 6.2-пункттагы "Министрлик" деген сөз "ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.1.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7.1.1. Аймактык бөлүмдүн төлөмдөр бөлүмүнө "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдары төлөнгөн жана төлөнбөгөн мамлекеттик пособиелер жана акчалай компенсациялар тууралуу тизимдерди жана почта байланыш бөлүмдөрүнүн отчетторун беришет. Төлөмдөр бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтердин бардыгы жана толуктугу, ошондой эле аларды толтуруунун тууралыгы текшерилет.";
- 7.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдарынын биргелешкен буйругу менен байланыш ишканаларында мамлекеттик пособиелердин жана акчалай компенсациялардын төлөнүшүнө салыштырып текшерүү жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык түзүмдүк бөлүмдүн начальнигине жана ички аудит бөлүмүнүн начальнигине берилүүчү салыштырып текшерүү актылары түзүлөт.";
- 8.3-пункттагы "Министрликке караштуу Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаменти" деген сөздөр "Социалдык камсыз кылуу боюнча ведомстволук түзүмдүк бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.1 жана 9.2-пункттардагы "Райондук жана шаардык Калкты социалдык коргоо башкармалыктарынын" деген сөздөр "Аймактык түзүмдүк бөлүмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жободо:
- 1.1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы (мындан ары - балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы) - ата-энесинин кароосуз калган, үй-бүлөгө жайгаштырууга туура келген балдар тууралуу маалыматты камтыган, ошондой эле ушул Жобо менен белгиленген асыроого, камкордукка (көзөмөлдүккө), багып алуучу ата-энеликке талапкерлер тууралуу маалыматты камтыган Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын бөлүгү болуп эсептелет;";
- 1.1-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- асыроого талапкерлер, камкорчулар (көзөмөлчүлөр), багып алуучу ата-энелер (мындан ары - талапкерлер) - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген асыроочу, камкорчу (көзөмөлчү) же багып алуучу ата-эне болууга негиздери бар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асыроону каалаган чет өлкөлүк жарандар жана асыроочу, камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне катары талапкерликке ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына киргизилген жарандар;";
- 2.1-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары жана 4.5-пункт "туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "талапкер" деген сөз менен толукталсын;
- 2.1-пункттун бешинчи абзацындагы, 3.1, 3.2, 4.6, 6.2-пункттардагы, 6.3-пункттун биринчи абзацындагы жана 3-6-пунктчаларындагы, 7.1, 7.2, 7.4-7.10, 7.12, 9.2-пункттардагы тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "жаран", "баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган жаран" "балдарды өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого кабыл алууну каалаган жарандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "талапкер" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4.3-пунктта:
биринчи абзацтагы "мындай бала жөнүндө маалыматты" деген сөздөр "баланын маалыматтар анкетасын Ата-энесинин кароосуз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына киргизет жана белгиленген мөөнөт аяктаганда маалыматты Ыйгарым укуктуу органга жиберет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзац "үй-бүлөгө тарбиялоого берилбесе" деген сөздөрдөн кийин "Ата-энесинин кароосуз калган балдар жөнүндө маалыматтардын Мамлекеттик банкына киргизилет жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.4-пункт жана 5.2-пункттун 11-пунктчасы "туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "талапкер" деген сөз менен толукталсын;
- 6, 7, 9-баптардын аталышындагы "балдарды өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого кабыл алууну каалаган жарандар" деген сөздөр "талапкерлер" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Талапкердин анкетасынын формасындагы документтелген маалымат Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкына киргизилет.";
- 7.3-пункттагы "Баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган - баланы асырап алууну каалаган жарандар" деген сөздөр "Асыроого талапкерлер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8.1-пункттун экинчи абзацы "жарандар" деген сөздөн кийин "жана талапкерлер" деген сөздөр менен толукталсын, "ушундай жарандарга" деген сөздөр "аларга" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10.1-пункт "аталган маалыматты алууга" деген сөздөрдөн кийин "талапкерлердин жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-тиркемедеги анкетанын аталышындагы "Баланы үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган жарандын" деген сөздөр "Асыроого, камкордукка (көзөмөлдүккө), багып алуучу ата-энеликке талапкердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 59 "Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу боюнча жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү "Кыргыз почтасы" Мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук (шаардык) социалдык жактан камсыз кылуу (өнүгүү) башкармалыктарынын төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук (шаардык) социалдык жактан камсыз кылуу (өнүгүү) башкармалыктары" деген сөздөр "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук (шаардык) социалдык жактан коргоо (өнүктүрүү) башкармалыктары мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, сөөк коюуга жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөшүнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук (шаардык) социалдык жактан коргоо (өнүктүрүү) башкармалыктары" деген сөздөр "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.1-пункттун биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) Социалдык жактан коргоо башкармалыктары (мындан ары - СКБ)" деген сөздөр жана аббревиатура "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөрү)" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "Мамлекеттик агенттик" жана "Мамагенттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "СКБ" аббревиатурасы тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "аймактык бөлүмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-бап төмөнкүдөй мазмундагы 1.13-пункт менен толукталсын:
"1.13. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ортосунда мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча электрондук документтерди жүргүзүү тартиби социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын жана биргелешкен приказынын негизинде жүргүзүлөт.".
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтомуна ылайык күчүн жоготтот)
Көңүл бургула! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 321 токтому менен 7-пункттуна киргизилген өзгөртүүлөр 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жободо:
- 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Жарандарды ырастоодон өткөрүү үчүн МСЭК ушул главада көрсөтүлгөн документтердин негизинде Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасына жарандардын маалыматтарын каттайт жана киргизет.
Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасы техникалык жагдайларга байланыштуу иштебей калгандыктан электрондук документтерди киргизүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген формаларга ылайык кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар базага киргизилет.";
- 58-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"58. Аймактык МСЭКтер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын статусун алган жарандар жөнүндө ай сайын Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүн жана Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутуму аркылуу социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүн маалымдайт.".
9. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы № 91 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибинде:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. АКСЖ дайындоого кайрылганда социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын (мындан ары - СЖКМТ) тиешелүү эсепке алуу журналында арызды каттоо жүргүзүлөт.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. АКСЖ дайындоо тууралуу маалыматты СӨБ мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адиси АКСЖ алуучуларды СЖКМТнын тиешелүү эсепке алуу журналына социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык киргизет.";
- 18-пункттагы "3-" деген цифра алып салынсын;
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. АКСЖ дайындалгандыгы жөнүндө чечим СЖКМТда протокол менен таризделет. АКСЖ дайындоо жөнүндө СЖКМТдан басылган протоколдун негизинде АКСЖны төлөөгө документтер таризделет.
СЖКМТ техникалык себептер менен иштебегендиктен электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген формага ылайык кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМТга киргизилет.";
- аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын жыйынтыгында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган адамдарга ай сайын кошумча социалдык жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартибинин 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын жыйынтыгында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган адамдарга кошумча ай сайын социалдык жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартибинин 3-тиркемесиндеги "3-" деген цифра алып салынсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарда:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Бюджеттик каражаттардын эсебинен аларга социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн ССМде кызмат алуучуларды жөнөтүүнү Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына караштуу Социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечиминин негизинде кызмат алуучулардын жашаган орду боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктары (мындан ары - РСӨБ/ШСӨБ) балдары жана жакын туугандары карабай кеткен улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык стационардык мекемеге жиберүү зарылдыгына жараша жүргүзөт.
РСӨБ/ШСӨБсында кабыл алынган иштер ушул Жобонун 10-пунктунун 1-15-пунктчаларында көрсөтүлгөн коштоочу документтер жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына караштуу социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими менен бирге СЖКМТга (электрондук дело) ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте киргизилет.";
- 8-пункт "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөрдөн кийин "СЖКМТ аркылуу" деген аббревиатура жана сөз менен толукталсын";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац толукталсын:
"СЖКМТ техникалык себептер менен иштебей калгандыктан электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген формаларга ылайык кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМТга киргизилет.";
- 11-пункттагы "текшерилгенден" деген сөздөн кийин "жана СЖКМТга киргизилгенден" деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Социалдык тейлөөгө муктаж кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМге кабыл алуу ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде жана жашаган жери боюнча РСӨБ/ШСӨБтүн жолдомосунун негизинде ССМдин жетекчисинин буйругу менен жүргүзүлөт.".
12. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинде, анын ведомстволук жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасын киргизүүнү камсыздасын;
- Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоону жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин, анын ведомстволук жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистерин Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү боюнча окутуудан өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
13. 2016-жылдын 1-январынан тартып жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде турмуштук кыйын абалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик, социалдык кызматтарды көрсөтүү максатында Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун маалыматтар базасы аркылуу маалыматты кабыл алууга, топтоого, сактоого, иштеп чыгууга, өткөрүп берүүгө, таркатууга жана берүүгө өтүүнү камсыздасын.
14. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |