Загрузка документа…
(КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 25-марты № 153
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 120
Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Кыргыз Республикасында чыгарылган ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоо жүргүзүүнүн тартиби
3. Кыргыз Республикасына бир нускада же майда партиялар (10 даанага чейин) менен алынып келүүчү ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби
1-тиркеме. Метрологиялык аттестациялоо программасы
2-тиркеме. Метрологиялык аттестациялоонун протоколу
3-тиркеме. Метрологиялык аттестациялоо жөнүндө сертификат
4-тиркеме. Метрологиялык аттестациялоо жөнүндө сертификат
5-тиркеме. Метрологиялык аттестациялоонун протоколу
6-тиркеме. Метрологиялык аттестациялоо жөнүндө сертификат
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо ченөө каражаттарына метрологиялык аттестация жүргүзүүнүн тартибин, сыноолордун натыйжаларын таануунун жана тибин бекитүүнүн, ченөө каражаттарынын бир нускасын метрологиялык аттестациялоонун шарттарын жана жол-жоболорун белгилейт.
2. Импорттолгон ченөө каражаттарынын жалгыздан нускаларын же майда партияларын (10 даанага чейин) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга катышуучулары өндүрүүчү өлкө (экспортер) жана Кыргыз Республикасы болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эки тараптуу, мамлекеттер аралык же эл аралык Макулдашуунун негизинде башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн метрологиялык аттестациялоону таануунун жол-жоболорун жүргүзүү аркылуу Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор, анын филиалдары же анын укук мураскери (мындан ары - Стандартташтыруу жана метрология борбору) тарабынан уруксат берилиши мүмкүн.
3. Эгерде Кыргыз Республикасына алынып келген ченөө каражаты бир нече өлкөнүн сертификатына ээ болсо, анда аны таануу ченөө каражатын чыгарган өлкөнүн же Макулдашууга катышкан өлкөнүн биринин гана ыйгарым укуктуу органынын метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификатына карата жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасында чыгарылган же импорт боюнча бир нускада же майда партиялар менен сатылып алынган ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыктарынын негизинде, ошондой эле ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлгөн башка өлкөлөрдүн метреологиялык аттестациясы тууралуу сертификаттарды таануунун жол-жоболорун Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор жүргүзгөндөн кийин ченөө каражатынын конкреттүү нускасынын метрологиялык мүнөздөмөсү көрсөтүлгөн сертификат берилет.
5. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу жана метрологиялык аттестациядан же метрологиялык аттестация тууралуу сертификатты таануу жол-жоболорунан өткөн ченөө каражаттары эксплуатациялоо процессинде жана оңдолгондон кийин ченөө каражаттарынын метрологиялык аттестациясы тууралуу сертификатта көрсөтүлгөн текшерүүнүн ыкмаларына жана каражаттарына берилген документтерге ылайык текшерилүүгө тийиш.
6. Метрологиялык аттестация тууралуу сертификаттарды эсепке алып каттоо Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор тарабынан жүргүзүлөт.
7. Метрологиялык аттестация тууралуу сертификаттын каттоо номери төмөнкүлөрдөн турат:
КG - Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору боюнча Кыргыз Республикасынын коду;
01 - метрология боюнча ыйгарым укуктуу органдын коду;
12 - аткарылган иштердин классификациясына ылайык иштердин коду;
0 - каттоонун катар номери;
КР - метрологиялык аттестациядан өткөн ченөө каражаттарына коюлуучу белги;
00 - ченөө каражаттары катталган жылдын акыркы эки саны.
8. Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо жөнүндө сертификаттарды таануу боюнча ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо иштери бекер жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасында чыгарылган ченөө каражаттарына
метрологиялык аттестациялоо жүргүзүүнүн тартиби
9. Кыргыз Республикасында бир (тажрыйбалык) нускада же майда партиялар (10 даана чейин) менен чыгарылган, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонууга арналган ченөө каражаттары, мурда метрологиялык мүнөздөмөсү белгиленбеген шарттарда колдонууга арналган, бекитилген типтеги ченөө каражаттарынын жалгыз нускалары, бул ченөө каражаттарынын чыныгы метрологиялык мүнөздөмөлөрүн белгилөө максатында метрологиялык аттестациялоонун жол-жоболорунан өтүүгө тийиш.
10. Метрологиялык аттестациялоонун жол-жоболорунан өтүү үчүн табыштоочу (өндүрүүчү) Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго ченөө каражаттарынын нускасы/нускалары менен бирге төмөнкү документтердин комплекттерин берет:
- арыз (эркин формада);
- ченөө каражаттарын иштеп чыгууга берилген техникалык тапшырманы же ченөө каражаттарына карата техникалык жана (же) метрологиялык талаптарды камтыган, аны алмаштыруучу документти;
- метрологиялык аттестациялоо программасын;
- эксплуатациялык документтерди;
- өзүнчө документтин же эксплуатациялык документтердин бөлүмдөрүнүн сапатын текшерүү ыкмаларынын долбоорун;
- иштеп чыгуучу тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала изилдөөлөрдүн протоколдорун, эгерде бул сыноолор техникалык тапшырмада каралса, ошондой же Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор менен макулдашылган башка документтерди (паспорт, кепилдик документтер).
11. Автоматтык башкаруу системасына жана башка системаларга (комплекстерге) кирген ченөөчү каналдарды метрологиялык аттестациялоодон өткөрүү үчүн кошумча төмөнкүлөр берилет:
- системага (комплекске) техникалык документтерди;
- метрологиялык аттестацияланууга тийиш болгон ченөөчү каналдардын тизмесин;
- метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификаттар же ченөөчү каналдын курамдык элементи болуп саналган, ченөө каражаттарынын текшерилгендигин тастыктоочу документтерди.
12. Метрологиялык аттестациялоо программасын билдирүүчү (өндүрүүчү) иштеп чыгат, Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор бекитет.
13. Метрологиялык аттестациялоо программасы ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
14. Арыз ээсинде тиешелүү түзүлүштөр жана эталондор болгон учурларда, метрологиялык аттестациялоону жүргүзүүчү Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор менен макулдаштыкта арыз ээси, бул жабдууларды жана эталондорду аны аттестациялоо үчүн берет.
15. Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестация жүргүзүүдө колдонулуучу жумушчу эталондор Бирдиктердин эл аралык системасында байкоодо болууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү, Кыргыз Республикасында ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык колдонууга берилиши мүмкүн.
16. Метрологиялык мүнөздөмөлөрдү аныктоодо аткарылган изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча протокол түзүлөт.
17. Протокол ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада таризделет.
18. Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоонун оң натыйжалары:
- ченөө каражаттарын белгиленген метрологиялык мүнөздөмөлөрү менен эксплуатациялоого киргизүү үчүн негиз болот.
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификат ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары колдонуу үчүн арналган ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификат ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
19. Ченөө каражаттарын сыноонун терс натыйжалары чыккан учурда ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча протокол таризделет, ага алынган натыйжалар, ченөө каражаттарынын колдонууга жараксыздыгы тууралуу сын-пикирлер жана негиздүү тыянак жазылат.
20. Документтерди кароо жана метрологиялык аттестациялоо жүргүзүү мөөнөтү документтер менен чогуу билдирме берген күндөн баштап 30 күндөн ашпоого тийиш (ушул Жобонун 10 жана 11-пункттарына ылайык).
21. Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоо жүргүзүүнүн протоколу метрологиялык аттестациялоонун натыйжалары боюнча белгиленген биринчи текшерүүнүн ортосундагы аралык мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталат.
22. Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификат ченөө каражатын эксплуатациялоонун мөөнөтү өткөнгө чейин колдонулат.
3. Кыргыз Республикасына бир нускада же майда
партиялар (10 даанага чейин) менен алынып келүүчү ченөө
каражаттарына метрологиялык аттестациялоону
жүргүзүүнүн тартиби
23. Кыргыз Республикасына бир нускада же майда партиялар менен алынып келүүчү жана мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган бардык ченөө каражаттары метрологиялык аттестациялоону жүргүзүү үчүн Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго берилет.
24. Ченөө каражаттарын өндүрүүнү өлкөнүн (экспортердун) метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификаты жана катышуучулары өндүрүүчү өлкө (экспортер) жана Кыргыз Республикасы болуп саналган, тийиштүү эки тараптуу, мамлекеттер аралык же эл аралык Макулдашуулар болгон учурда бул сертификатты таанууга жол берилет.
25. Ченөө каражаттарынын метрологиялык мүнөздөмөсүн аныктоо максатында сыноолорду жүргүзүү үчүн арыз ээси ушул Жобонун 10 жана 11-пункттарына ылайык документтердин комплектисин берет.
26. Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо ушул Жобонун 12-22-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
27. Ченөө каражаттарын өндүрүүчү өлкөнүн (экспортердун) ыйгарым укуктуу органы тарабынан өткөрүлгөн метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификатты таануунун жол-жоболорун өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборуна билдирүү менен бирге төмөнкү документтер берилет:
- өндүрүүчү өлкөнүн (экспортердун) метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификатынын нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана (же) расмий тилине которулган эксплуатациялоо боюнча паспорт, колдонмо, текшерүү ыкмасы жана башка документтер.
28. Метрологиялык аттестациялоо жөнүндө сертификатты кароонун жана таануу жол-жоболорун жүргүзүү мөөнөтү ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтер пакети менен бирге арыз берилген күндөн тартып 30 күндөн ашпоого тийиш.
29. Аларды кароонун натыйжалары боюнча метрологиялык аттестациялоо тууралуу сертификатты таануу жөнүндө арыз ээсине ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча сертификат берилет.
30. Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор тарабынан берилүүчү сертификатты колдонуунун мөөнөтү таанылган сертификатты колдонуунун мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
31. Ченөө каражаттарын эксплуатациялоо шарттары ченөө каражаттарынын техникалык документтеринде белгиленген талаптарды канааттандырбаган учурда Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор ченөө каражаттарын кошумча иргеп сыноолордон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо ченөө каражаттарын мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө пайдалануунун мүмкүн эместиги тууралуу корутундуну негиздөө менен метрологиялык аттестациялоону таануу жөнүндө сертификат берүүдөн баш тартуу жөнүндө арыз ээсине кат жөнөтөт.
| Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
1. Метрологиялык аттестациялоо программасында ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо милдеттерин аткарууну камсыз кылуучу аларды өткөрүү иштеринин жана ыкмаларынын тизмеси камтылышы керек.
2. Метрологиялык аттестациялоо программасында стандарттарда жана окшош ченөө каражаттарына карата башка документтерде келтирилген эксперименттик изилдөө ыкмаларын пайдалануу сунушталат.
Системалардын (комплекстердин) ченөө каналдарынын метрологиялык мүнөздөмөсүн аныктоонун эсептик жана эсептик-эксперименттик ыкмаларын колдонууга жол берилет.
3. Метрологиялык аттестациялоо программасы төмөнкү бөлүмдөрдү камтууга тийиш:
- киришүү;
- техникалык документтерди кароо;
- эксперименттик изилдөөлөр;
- изилдөө методикасы.
Метрологиялык аттестациялоо программасы ченөө каражаттарынын өзгөчөлүктөрүнө жана ченөө каражаттарына метрологиялык аттестация өткөрүүнү уюштуруу өзгөчөлүктөрүнө жараша башка бөлүмдөр менен толукталышы мүмкүн.
4. Киришүү бөлүгүнүн "Киришүү" бөлүмүндө колдонуу чөйрөсүн белгилөө, метрологиялык аттестация өткөрүүнүн методикасынын мазмунун, аттестацияланып жаткан ченөө каражатынын кыскача сыпаттамасын, метрологиялык аттестациялоонун программасы иштелип чыккан документтерге шилтемени белгилөө сунушталат.
5. "Техникалык документтерди кароо" бөлүмүндө эксплуатациялык документтерди же уюштуруу стандарттарын (эгер аларды иштеп чыгуу техникалык милдеттерде каралса) карап чыгууда текшерилүүгө тийиш болгон талаптар көрсөтүлөт, анын ичинде:
- ченөө каражаттарынын метрологиялык жана техникалык мүнөздөмөлөрүнүн документтеринде келтирилген талаптарга техникалык тапшырманын жана (же) ага таркатылуучу башка документтердин шайкештигин текшерүү;
- текшерүүнүн тандалып алынган методдорунун жана ыкмаларынын толуктугун жана тууралыгын текшерүү;
- эксплуатациялык документтерде ченөө каражаттарынын арналышын, техникалык сапаттарын, комплектисинин курамын, түзүлүшүн, ишке даярдыгын жана иштөө тартибин, текшерүү методикасын жөнгө салуучу бөлүмдөрдүн бар экендигин текшерүү;
- техникалык документтерди экспертизалоо (5.1-таблицага ылайык ырааттуулукта жүргүзүү сунушталат).
| 5.1-таблица |
┌────────────────────────────────┬────────────────────────────────────┐
│ Техникалык документтерди кароо │ Техникалык документтерди кароонун │
│ боюнча талаптар │ ыкмалары боюнча көрсөтмөлөр │
├────────────────────────────────┼────────────────────────────────────┤
│ 1 │ 2 │
└────────────────────────────────┴────────────────────────────────────┘
"Техникалык документтерди кароо боюнча талаптар" графасында төмөнкү талаптарды текшерүү каралат:
- аттестациялануучу ченөө каражатынын техникалык документтерде көрсөтүлгөн метрологиялык мүнөздөмөлөрүнүн техникалык тапшырманын жана (же) ага тиешелүү документтердин талаптарына шайкештиги;
- техникалык документтерде ченемделген метрологиялык мүнөздөмөлөрдү туюнтуу ыкмасынын толуктугу жана тууралыгы;
- текшерүү методикасынын иштелип чыгуучу методикасынын долбоорунда текшерүүнүн ыкмаларын жана каражаттарын тандоонун толуктугу жана тууралыгы (текшерүү методикасына колдонуудагы документ жок болгон учурда).
"Техникалык документтерди кароонун ыкмалары боюнча көрсөтмөлөр" графасында колдонуудагы документтерге шилтеме жасоо менен (алар бар болгон учурда) техникалык документтерди кароо боюнча ачык-айкын критерийлер жана ыкмалар көрсөтүлөт.
6. "Эксперименттик изилдөөлөр" бөлүмүн 6.1-таблица формасы боюнча тариздөө сунушталат.
| 6.1-таблица |
┌────────────────┬─────────────────┬────────────────┬─────────────────┐
│ Операциянын │ Метрологиялык │ Аттестациялоодо│ Эскертүү │
│ аталышы │ аттестациялоо │ колдонулуучу │ │
│ │ программасынын │ ченөө │ │
│ │ пунктунун номуру│ каражаттары │ │
├────────────────┼─────────────────┼────────────────┼─────────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │
└────────────────┴─────────────────┴────────────────┴─────────────────┘
Таблицанын 1-графасында ченөө каражаттарын эксперименттик изилдөөдө аткарылган операциялар саналып өтөт, анын ичинде: комплектүүлүгүн, маркаланышын жана тышкы түрүн текшерүү; айлана-чөйрөнү коргоо жана коопсуздук боюнча ченөө каражаттарынын мүнөздөмөлөрүн текшерүү; иштөөгө жөндөмдүүлүгүн текшерүү; метрологиялык мүнөздөмөлөрдү аныктоо (контролдоо); текшерүү методикасын тажрыйбалык текшерүү.
3-графада негизги метрологиялык мүнөздөмөлөрдү көрсөтүү менен ушул операцияны аткарууда колдонулган ченөө каражаттарынын конкреттүү аталышы жана белгилениши көрсөтүлөт.
4-графада мезгилдүү текшерүүнү жүргүзүүдө аткарылган операцияларды белгилөө сунушталат.
7. "Изилдөөлөр методикасы" бөлүмүндө төмөнкүлөр камтылат:
- аттестациялануучу ченөө каражаты менен кадыресе жана жумушчу шарттарда операция жүргүзүүнүн жана метрологиялык мүнөздөмөсүн аныктоонун ыкмалары;
- жүргүзүлгөн ченөөлөрдүн тактыгына жана шарттарына карата талаптар;
- метрологиялык мүнөздөмөнүн мааниси аныктала турган чекиттердин санына жана ушул чекиттердин ортосундагы аралыктардын чоңдугуна карата талаптар;
- тандап алынган ар бир чекиттеги ченөөлөрдүн санына карата, ченөөлөрдүн серияларына карата талаптар;
- ченөөнүн режимине карата талаптар жана алардын убакыттагы ырааттуулугу;
- ченөөлөрдүн натыйжаларын иштеп чыгуу эрежелери;
- ченөөлөрдүн натыйжаларын берүү формасы.
8. Эгер аттестациялоону өткөрүүдө метрологиялык аттестациялоо программасына өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгы табылса, анда алар өзүнчө документ түрүндө таризделүүгө тийиш.
9. Метрологиялык аттестациялоо программасы төмөнкү тиркемелерди да камтыйт:
- ченөөлөрдүн натыйжаларын иштеп чыгуу боюнча эсептердин мисалдары;
- эсептик чоңдуктардын таблицасы, чоңдуктардын көз карандылыгынын графиги жана башка эсептик маалыматтар;
- терминдер жана аныктамалар;
- ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо учурунда колдонулуучу көмөкчү жабдуулардын техникалык сыпаттамасы;
- ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоодо колдонулуучу аттестациялануучу ченөө каражаттары жана эталондор тууралуу зарыл болгон кошумча маалыматтар;
- метрологиялык аттестациялоону өткөрүү учурунда каталарды болтурбоого жана ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо учурунда жүргүзүлүүчү иштин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү маалыматтар.
| Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
____________________________________________________
Метрологиялык аттестация өткөргөн уюмдун аталышы
Метрологиялык аттестациялоонун
ПРОТОКОЛУ
№ ____________________
протоколдун номери
201__-ж. "___" _____________
______________________________________
(билдирүү берген уюмдун аталышы)
1. Ченөө каражатынын аталышы: ____________________________________ _______________________________________________________________________
(тиби, маркасы, түрү, чыгарылган жылы, заводдон чыккан номери)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. Даярдоочу: ____________________________________________________
(фирма, өлкө, дареги)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. Ченемдик документтер тууралуу маалыматтар: ____________________ _______________________________________________________________________
(техникалык талаптарга текшерүүлөргө ченемдик документтин
_______________________________________________________________________
мааниси жана аталышы)
4. Билдирүүчү, ченөө каражаттарынын үлгүлөрүнүн саны: ____________ _______________________________________________________________________
(аталышы, билдирүүчүнүн дареги)
_______________________________________________________________________
(үлгүлөрдүн саны, арыз берилген күн)
_______________________________________________________________________
5. Аттестацияда колдонулган эталондордун, ченөө каражаттарынын жана сыноо жабдууларынын тизмеси:
┌─┬──────────────────┬────────┬───────────────┬─────────┬─────────────┐
│№│ Аталышы │ Тиби │ Метрологиялык │ Заводдон│ Аттестация │
│ │ │ │ мүнөздөмөсү │ чыккан │ (калибрлөө) │
│ │ │ │ │ номери │ датасы │
├─┼──────────────────┼────────┼───────────────┼─────────┼─────────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
└─┴──────────────────┴────────┴───────────────┴─────────┴─────────────┘
6. Аттестациянын шарттары: _______________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
7. Аттестациянын жыйынтыгы: ______________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
8. Негизги метрологиялык мүнөздөмөлөр: ___________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
9. Сунуш кылынган текшерүү ортосундагы интервал: _________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Бөлүмдүн начальниги: ____________ ______________________________
(Колу) (Аты-жөнү)
Текшерүүчү: ____________ ______________________________
(Колу) (Аты-жөнү)
| Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
____________________________________________________
Метрологиялык аттестация өткөргөн уюмдун аталышы
Метрологиялык аттестациялоо жөнүндө
СЕРТИФИКАТ
№ ____________________
Катталган номери _____________
201__-ж. "___" _____________
__________________________________________________________________
(ченөө каражатынын аталышы, белгилениши, заводдон чыккан номери) _______________________________________________________________________
Даярдоочу (фирма, өлкө) _________________________________________, тийиш болгон __________________________________________________________ _______________________________________________________________________ чыгарылган дата ______________________________________________________, ______________________________________________________________ арналган
(ченөө каражаттары багытталган колдонуу чөйрөсү)
Негизги метрологиялык мүнөздөмө: _________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча ("___" _________ № _____________ протокол)
_______________________________________________________________________
(аттестация өткөрүлгөн ченөө каражаттарынын аталышы, белгилениши)
_______________________________________________________________________
(метрологиялык мүнөздөмөнүн)
________________________________________________ ылайыктуу деп табылды.
(талаптарын камтыган документтин аталышы)
Текшерүү _________________________________________________________
("Текшерүү" бөлүмүнүн камтыган текшерүү ыкмасына
_______________________________________________________________________
документтин же эксплуатациялык документтин
_____________________________________________________ ылайык өткөрүлдү.
аталышы жана мааниси)
Текшерүү ____________________________ кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Ишкананын жетекчиси:
_________________________ _______________ ____________________
Аттестация өткөргөн уюм (колу) (Аты-жөнү)
| Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
_____________________________________________________
метрологиялык аттестациялоону өткөргөн уюмдун аталышы
Метрологиялык аттестациялоо жөнүндө
СЕРТИФИКАТ
№ ____________________
Катталган номери _____________
201__-ж. "___" _____________
__________________________________________________________________
(ченөө каражатынын аталышы, белгилениши, заводдон чыккан номери) _______________________________________________________________________
даярдоочу (фирма, өлкө) _________________________________________, тийиштүүлүгү __________________________________________________________ чыгарылган дата 201__-ж. "____" ______________________________________, _______________________________________________________________________ ______________________________________________________________ арналган
(ченөө каражаттары багытталган колдонуу чөйрөсү)
Негизги метрологиялык мүнөздөмө: _________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча ("___" _________ № _____________ протокол)
_______________________________________________________________________
(аттестация өткөрүлгөн ченөө каражаттарынын аталышы, белгилениши)
_______________________________________________________________________
(метрологиялык мүнөздөмөнүн)
________________________________________________ ылайыктуу деп табылды.
(талаптарын камтыган документтин аталышы)
Ишкананын жетекчиси:
_________________________ _______________ ____________________
Аттестация өткөргөн уюм (колу) (Аты-жөнү)
| Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 5-тиркемеси |
____________________________________________________
метрологиялык аттестация өткөргөн уюмдун аталышы
Метрологиялык аттестациялоонун
ПРОТОКОЛУ
№ ____________________
протоколдун номери
_____ ж. "___" _____________
______________________________________
(арыз берген уюмдун аталышы)
1. Ченөө каражатынын аталышы: ____________________________________ _______________________________________________________________________
(тиби, маркасы, түрү, чыгарылган жылы, заводдон чыккан номери)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. Даярдоочу: ____________________________________________________
(фирма, өлкө, дареги)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. Ченемдик документтер тууралуу маалыматтар: ____________________ _______________________________________________________________________
(техникалык талаптарга текшерүүлөргө карата ченемдик
_______________________________________________________________________
документтин белгилениши жана аталышы)
4. Арыз ээси, ченөө каражаттарынын үлгүлөрүнүн саны: _____________ _______________________________________________________________________
(аталышы, арыз ээсинин дареги)
_______________________________________________________________________
(үлгүлөрдүн саны, арыз берилген күн)
_______________________________________________________________________
5. Аттестацияда колдонулган эталондордун, ченөө каражаттарынын жана сыноо жабдууларынын тизмеси:
┌─┬──────────────────┬────────┬───────────────┬─────────┬─────────────┐
│№│ Аталышы │ Тиби │ Метрологиялык │ Заводдон│ Аттестация │
│ │ │ │ мүнөздөмөсү │ чыккан │ (калибрлөө) │
│ │ │ │ │ номери │ датасы │
├─┼──────────────────┼────────┼───────────────┼─────────┼─────────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
└─┴──────────────────┴────────┴───────────────┴─────────┴─────────────┘
6. Аттестациялоонун шарттары: ____________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
7. Аттестациялоонун жыйынтыгы: ___________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
8. Ченөө каражаттарынын колдонууга жараксыздыгы тууралу корутунду
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Бөлүмдүн начальниги: ____________ ______________________________
(Колу) (Аты-жөнү)
Текшерүүчү: ____________ ______________________________
(Колу) (Аты-жөнү)
| Ченөө каражаттарына метрологиялык аттестациялоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемеси |
_____________________________________________________
метрологиялык аттестациялоону өткөргөн уюмдун аталышы
Метрологиялык аттестациялоо жөнүндө
СЕРТИФИКАТ
№ ____________________
Катталган номери _____________
201__-ж. "___" _____________
__________________________________________________________________
(ченөө каражатынын аталышы, белгилениши, заводдон чыккан номери) _______________________________________________________________________
Даярдоочу (фирма, өлкө): ________________________________________, ______________________________________________________________________, тийиш болгон __________________________________________________________ чыгарылган дата 201__-ж. "____" ______________________________________, _______________________________________________________________________ ______________________________________________________________ арналган
(ченөө каражаттары багытталган колдонуу чөйрөсү)
_______________________________________________________________________
(Экспортер - өлкөдөгү органдын аталышы, аттестациядан өткөн
_______________________________________________________________________
ченөө каражатынын белгилениши)
_______________________________________________________________________
Өткөрүлгөн метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча _______ _______________________________________________________________________
(ченөө каражаттарынын метрологиялык мүнөздөмөсүнө
________________________________________________ ылайыктуу деп табылды.
талаптарды камтыган
_______________________________________________________________________
документтин аталышы)
Ченөө каражаттарынын мамлекеттик реестринде № ___________ катталды жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилди.
Негизги метрологиялык мүнөздөмө: _________________________________ _______________________________________________________________________
Текшерүү _________________________________________________________
("Текшерүү" бөлүмүнүн камтыган текшерүү ыкмасына
_______________________________________________________________________
документтин же эксплуатациялык документтин
_____________________________________________________ ылайык өткөрүлдү.
аталышы же белгилениши)
Текшерүү ____________________________ кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Ишкананын жетекчиси:
_________________________ _______________ ____________________
Аттестациялоону өткөргөн (колу) (Аты-жөнү)
М.О.