Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 225
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомдорунун редакцияларына ылайык/*
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жободо:
- 10-пунктунун экинчи абзацындагы "каттайт" деген сөз "эсепке коет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |