Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 443
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Техникалык кароо жол-жоболорун өркүндөтүү жана техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттарын эсепке алуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдары менен шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
преамбуладагы "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Техникалык кароонун негизги милдети тийиштүү Техникалык регламент менен белгиленген талаптарга транспорт каражаттарынын конструкцияларынын шайкештигине контроль жүргүзүү болуп саналат.";
- 5-пунктунун алтынчы абзацындагы "келишимге" деген сөз "диагностикалык борбордун бааларынын прейскурантына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Техникалык кароодон өткөрүүдө диагностикалык борбор:
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүгө өтүнмөнү кабыл алат;
- эксплуатантка транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө маалымдайт;
- эксплуатантка транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча ишке белгиленген тартипте бекитилген бааларынын прейскурантын берет;
- шассинин жана кузовдун заводдук номерлеринин автомобилдин өңүнүн транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга шайкеш келишин текшерет;
- атайын каражаттарда жарык жана үн сигналдарынын жайгашуусун текшерет;
- транспорт каражатын тийиштүү Техникалык регламент менен белгиленген талаптарга шайкештигин текшерет;
- техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттарын каттоону жүргүзөт;
- транспорт каражаттарын техникалык кароонун ар бир жол-жобосу транспорт каражатын техникалык кароо диагностикалык картасына киргизет.
Транспорт каражаттарын техникалык кароонун диагностикалык картасы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- юридикалык жактын аты-жөнүн же аталышын, транспорт каражатынын тибин, моделин, чыгарылган жылын, каттоо жөнүндө күбөлүктүн сериясын жана номерин, кузовунун номерин көрсөтүү менен эксплуатант жөнүндө маалыматтарды;
- транспорт каражаттарынын параметрлеринин тийиштүү Техникалык регламентте белгиленген талаптарга шайкештиги же шайкеш келбестиги жөнүндө маалыматтарды;
- транспорт каражаттарынын коопсуздук талаптарына шайкеш же шайкеш келбей тургандыгы жөнүндө корутундуну;
- эксперт жөнүндө маалыматтарды, аларга аты-жөнү, күнү, колу жана мөөр кирет.
Диагностикалык карта эки нускада таризделет: диагностикалык картанын бир нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы диагностикалык борбордо сакталат.
Транспорт каражаттарын техникалык кароонун диагностикалык картасы үч жыл сакталат.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Диагностикалык картада көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын техникалык кароонун жыйынтыгы оң болсо, транспорт каражатынын эксплуатантына техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө эксперттин колу жана диагностикалык борбордун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, ушул Жобонун тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү талон берилет, анын графалары кол же машинкага басуу ыкмасы менен мамлекеттик же расмий тилде толтурулат.
Талондордун бланктары так отчёттуулук бланкы болуп саналат, жеке катар номери болот жана аккредитациялоо боюнча органдын аккредитацияланган диагностикалык борбору тарабынан берилет. Диагностикалык борборлор квартал сайын аккредитациялоо боюнча органга берилген жана бузулган төлөмдөр жөнүндө отчёт берүүгө тийиш.
Транспорттук каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү жөнүндө маалыматтар техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттарынын реестрине киргизилет.";
- 12-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Диагностикалык борбор тийиштүү Техникалык регламент менен белгиленген талаптарга шайкеш келбестигин көрсөтүү менен, транспорт каражатын ээсине кайтарып берет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Техникалык кароодон өткөн күндөн тартып 15 календарлык күндөн кечиктирбестен, аныкталган бузук жерлер оңдолгондон кийин транспорт каражатынын эксплуатанты аны кайрадан техникалык кароодон өткөрүү үчүн берет.";
- 15-пунктундагы "актысында" деген сөз "диагностикалык картасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Техникалык кароонун жыйынтыктары боюнча диагностикалык борбор техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттарынын реестрин жүргүзөт, ага төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- транспорт каражатынын маркасы;
- мамлекеттик номери;
- шассинин жана кузовунун номери;
- чыгарылган жылы;
- техникалык кароодон өткөн датасы;
- эксплуатант жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактардын аты-жөнү же аталышы);
- техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун бланкынын типографиялык номери.
Диагностикалык борбор квартал сайын реестрде камтылган маалыматтарды техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берип турат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
"16-1. Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талон жоголуп кетсе, транспорт каражатынын эксплуатанты техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу жоголгон талондун ордуна талондун жупнускасын берүү жөнүндө арызы менен диагностикалык борборго кайрылат
Диагностикалык борбор, техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттарынын реестри боюнча арыз ээсинин транспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгүнө ынангандан кийин, эксплуатант арыз берген учурдан тартып бир күндүн ичинде, транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрбөстөн эле техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун жупнускасын берүүнү ишке ашырат.
Техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун жупнускасы техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттарынын реестринде көрсөтүлгөн техникалык кароодон өткөн дата көрсөтүлүү менен берилет.
Эксплуатант техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун жупнускасын бергендиги үчүн техникалык кароонун диагностикалык борборуна бланк продукциясынын наркынын өлчөмүн төлөйт.";
жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып алты айдан кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун бланкы (мындан ары - бланк) 73 мм х 105 мм өлчөмдөгү тик бурчтуу формага ээ жана 250 г/кв.м, тыгыздыктагы, төрт боёктуу мөөр басылган тогнир торчосу түрүндөгү көрүнүктүү коргоо элементи менен боз түстөгү кагаздан жасалат.
Бланктын алдыңкы бетин сүрөттөө.
Бланктын жогорку бөлүгүнө майда шрифт менен мамлекеттик жана расмий тилдерде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жайгаштырылат.
Бул жазуудан ылдый бланктын ортоңку бөлүгүнө диаметри 13 мм болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнө жарыш, оң жак бурчунда бланкка "KGZ" аббревиатурасынын сүрөтү менен үчтөн кем эмес коргоо даражасы бар голографиялык марка чапталат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин жана голографиялык марканын сүрөтүнөн ылдый типографиялык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде бланктын аталышы жана алты цифрадан турган анын катар номери жайгаштырылат:
"Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талон /№ 000000/ Талон о прохождении технического осмотра".
Бланктын аталышынан ылдый типографиялык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылат:
"Ээси (аты-жөнү)/Владелец
Маркасы (үлгүсү)/Марка (модель)
Мамлекеттик номери/Государственный номер
Чыккан жылы/Год выпуска
Аккредитация аттестатынын номери/Номер аттестата аккредитации/№".
Бланктын арткы бетин сүрөттөө.
Бланктын жогорку бөлүгүнө майда шрифт менен мамлекеттик жана расмий тилдерде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жайгаштырылат.
Бул жазуудан ылдый басмаканалык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылат:
"Шассинин жана кузовдун номерлери/Номера кузова и шасси
Техникалык кароодон өткөн датасы жана колдонуу мөөнөтү/Дата прохождения технического осмотра и срок действия".
Аталган тексттен ылдый төрт мамычадан жана эки саптан турган таблица жайгаштырылат.
Жогорку саптын мамычасында басмаканалык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылган:
"Айы/жылы Месяц/год
Колдонуу мөөнөтү/Срок действия
Мөөр/Печать
Кол тамгасы/Подпись".
Бланктын алдыңкы бети (үлгү)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Ээси (аты-жөнү) _______________________________________________________ Владелец Маркасы (үлгүсү) ______________________________________________________ (Марка (модель)) Мамлекеттик номери ___________________________________________________ Государственный номер Чыккан жылы _________________________________________________________ Год выпуска Аккредитация аттестатынын номери № ____________________________________ Номер аттестата аккредитации |
Бланктын арткы бети (үлгү)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ Шассинин жана кузовдун номерлери _______________________________________ Номера кузова и шасси Техникалык кароодон өткөн датасы жана колдонуу мөөнөтү Дата прохождения технического осмотра и срок действия
|