Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуунун катышуучулары
3. Дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштурулган камсыздоого катышуучулардын өз ара мамилесинин тартиби
4. Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча эсеп жана отчет
5. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын пайдаланылышын контролдоо
1-тиркеме. Борбордоштуруп сатып алуу үчүн дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмеги
2-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга жалпыланган өтүнмө
3-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга өтүнмө
4-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга акчалай квота жөнүндө маалымат
5-тиркеме. Тендердик комиссиянын протоколунан көчүрмө бөлүк
6-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга өткөрүлгөн тендердин натыйжалары жөнүндө маалымат
7-тиркеме. Саламаттык сактоо уюмуна дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүнүн кабыл алуу актысы
8-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга такталган өтүнмө
9-тиркеме. 20__-жылдын учурдагы кварталында дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылы жөнүндө маалымат
10-тиркеме. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын саламаттык сактоо уюмуна берилишин салыштыруу актысы
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга катышуучулардын ортосундагы мамиленин жана аларды керектөөчүлөргө - Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына берүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
- медициналык камсыздандыруунун финансылык каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
- жарандардын Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында мамлекеттик контролдон өткөн дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга укуктарын камсыздоо;
- саламаттык сактоо уюмдарында дарылоо-дартты аныктоо процессин жүргүзүү.
3. Дарылоо процессин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында саламаттык сактоо уюмдары дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын бекитилген ооруканалык тизмелерине ылайык дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга каралган каражаттарга аларды өз алдынча сатып алышат, буга борбордоштуруп сатып алууларга каралган каражаттар кирбейт.
4. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.
2. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуунун катышуучулары
5. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуунун катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламатсакмин);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ);
- саламаттык сактоо уюмдары;
- берүүчү.
3. Дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштурулган камсыздоого катышуучулардын өз ара мамилесинин тартиби
6. Саламатсакмин:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген форма боюнча борбордоштурулган сатып алуулар үчүн дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин бекитет;
- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу үчүн бир жылга жалпыланган өтүнмөнү ушул Жобонун 2-тиркемесинде белгиленген форма боюнча, саламаттык сактоо уюмдарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде ушул Жобонун 3-тиркемесинде белгиленген форма боюнча кварталдарга бөлүштүрүү менен түзөт. Жалпыланган өтүнмө ММКФ тарабынан аныкталган финансылык каражаттардын көлөмүн (квоталарды) эске алуу менен ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген формага ылайык облустар боюнча 1 (бир) жылга, кварталдарга бөлүштүрүү менен түзүлөт;
- ММКФ жана саламаттык сактоо уюмдары менен макулдашуу боюнча жалпыланган өтүнмөгө сатып алынуучу каражаттардын номенклатурасы, көлөмү, финансылык камсыздалышы боюнча өзгөртүүлөрдү кварталына 1 (бир) жолу, кезектеги квартал башталганга чейин 2 (эки) айдан кечиктирбестен киргизет. Жалпыланган өтүнмө ММКФга акыркы макулдашуу үчүн кезектеги квартал башталганга чейин 2 (эки) ай мурда берилет;
- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштурулган сатып алуу боюнча тендерлик комиссиянын ишине катышат.
7. ММКФ:
- берүүлөрдү жана келишимдин шарттары аткарылышын мониторингдейт;
- кварталдарга бөлүштүрүү менен тиешелүү жылга бөлүнгөн каражаттардын чегинде республиканын облустары боюнча дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга жалпыланган өтүнмө боюнча финансылык камсыздоонун ченемин (квотаны) аныктайт жана аны кезектеги кварталдын башталышына чейин Саламатсакминге, ММКФнын аймактык башкармаларына, саламаттык сактоо уюмдарына берет;
- Саламатсакминге жана саламаттык сактоо уюмдарына тендерди өткөрүүнүн жыйынтыктарын ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген форма боюнча, дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүгө келишим түзгөн берүүчүлөрдүн тизмесин ушул Жобонун 6-тиркемесинде белгиленген форма боюнча, берилүүчү дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмелерин кошо тиркөө менен маалымат берет;
- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген отчетторду жана маалыматты талдайт;
- саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга каралган каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышына контролду камсыздайт;
- берүүчүлөрдүн саламаттык сактоо уюмдарына дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүсүнө контролду камсыздайт;
- саламаттык сактоо уюмдары сатып алуучу дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына талдоо жана мониторинг жүргүзөт;
- саламаттык сактоо уюмдарынын дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга берген өтүнмөлөрүнө талдоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууларды уюштурат жана жүргүзөт;
- саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун эсебинен саламаттык сактоо уюмдары менен сатып алынган дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын суммасына өз ара эсептешүүнү берүүчү менен тиешелүү бухгалтердик документтерди (коштомо кагаз, кабыл алуу актысы, ишеним кат) ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык тариздеп жүргүзөт;
- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүү аяктагандан кийин берүүчү менен ушул Жобонун 10-тиркемесине ылайык салыштырып текшерүү актысын тариздейт.
8. Саламаттык сактоо уюму:
- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга 1 (бир) жылга кварталдарга бөлүштүрүү менен, ММКФ тарабынан аныкталган каражаттын суммасынын (квотанын) чегинде өтүнмө түзөт жана өтүнмөнү пландаштырылып жаткан квартал башталганга чейин 3 (үч) ай мурун Саламатсакминге берет. Өтүнмө кварталына бир жолу квартал башталганга чейин 2 (эки) айдан кечиктирилбестен ушул Жобонун 8-тиркемесинде каралган форма боюнча такталышы мүмкүн;
- дары каражаттарга жана медициналык багыттагы буюмдарга өткөн мезгилдеги (квартал, ай, жыл) берүүлөр боюнча нарктык-артыкчылыктык талдоо (VE№/ABC талдоо) жүргүзөт;
- келишимде аныкталган мөөнөттө жана тартипте дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүчүлөрдөн кабыл алат. Товарды кабыл алуу саламаттык сактоо уюмунун материалдык-жооптуу адамы тарабынан ушул Жобонун 7-тиркемесинде белгиленген формада кабыл алуу актысы менен жүргүзүлөт;
- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды өткөрүү/кабыл алууда алардын эсеп-фактурада көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин, бирдейлигин текшерет, анын ичинде берүү номерин, жарактуулук мөөнөтүн, сертификация фактысын текшерет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобого ылайык дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын предметтик-сандык эсебин жүргүзөт;
- дары менен камсыз кылууну жакшыртуу, өтүнмөлөрдү, номенклатураларды түзүү, алуунун көлөмүн, шарттарын өзгөртүү, сактоо жана эсепке алуу шарттарын жакшыртуу, дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды сарамжалдуу пайдалануу жана башка багыттар боюнча сунуштарды киргизет;
- берүүчүдөн товарды алынганына жараша ушул Жобонун 10-тиркемесине ылайык салыштырып-текшерүү актысын тариздейт;
- ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык борбордоштуруп сатып алуу боюнча дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылы жөнүндө ММКФга белгиленген мөөнөттө отчет тапшырат;
- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүчүдөн кабыл алууда берилген дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын келишимде айтылган талаптарга ылайыктыгы үчүн жетекчи жана материалдык-жооптуу адамы аркылуу жоопкерчиликте болот.
9. Берүүчү:
- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу боюнча тендерлерге/тооруктарга катышат;
- тендердин/тооруктун жыйынтыгы боюнча дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп берүү жөнүндө ММКФ менен келишим түзөт, тизмеге жана келишимдин шарттарына ылайык саламаттык сактоо уюмдарына дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүнү камсыз кылат;
- берүүнүн натыйжасында алынган дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен салыштырып текшерүүнү жүргүзөт;
- берүүнүн аягында ММКФга берүү аяктаганын далилдечү, тийиштүү түрдө таризделген документтерди келишимдин шарттарына ылайык берет (товарды берүүгө тизменин бир нускасы, кабыл алуу актысынын бир нускасы);
- берилүүчү товардын сапаты үчүн жоопкерчиликте болот.
4. Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча эсеп жана отчет
10. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобого ылайык жүргүзүлөт.
11. Сатып алынган жана берилген дары каражаттарга жана медициналык багыттагы буюмдарга саламаттык сактоо уюмунун провизор-фармацевти (же ошого ыйгарым укуктуу адамы) тарабынан берилген каражаттын өтүнмөгө жана жарактуулук мөөнөтүнө шайкештиги жагынан борбордоштурулган тартипте текшерүү жүргүзүлөт.
12. Сатып алынган жана берилген дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар тууралуу маалымат Бирдиктүү төлөөчү тутумунун топтоштурулган бюджетинин каражатына сатып алынган дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды каттоо китебине борбордоштурулган тартипте киргизилет.
13. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылы жөнүндө отчеттор ушул Жободо каралган мөөнөттө жана тартипте берилет.
14. Саламаттык сактоо уюмунун дары комитети тарабынан отчеттук маалыматтардын негизинде дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын пайдаланылышына баалоо жүргүзүлөт жана бейтаптарды үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кийинки сатып алуулар үчүн болгон муктаждык аныкталат.
15. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу боюнча өтүнмөнү саламаттык сактоо уюмунун ыйгарым укуктуу адамы тариздейт, ага саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колу коюлушу керек.
5. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын пайдаланылышын контролдоо
16. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын сарамжалдуу пайдаланылышын ММКФ Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Мыйзамына ылайык контролдойт.
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
┌───┬──────────────────────────┬─────────────────────┬────────────────┐
│ № │ Дары каражаттардын │ Чыгаруу формасы, │ Эскертүү │
│ │жана медициналык багыттагы│ дозаланышы │ │
│ │ буюмдардын аталышы │ │ │
├───┼──────────────────────────┼─────────────────────┼────────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │
├───┼──────────────────────────┼─────────────────────┼────────────────┤
│ │ │ │ │
└───┴──────────────────────────┴─────────────────────┴────────────────┘
Эскертүү: Бир жылга финансылык квотанын көлөмүндөгү препараттардын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен макулдашылат.
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Телефон: ____________
Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы
буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга
ЖАЛПЫЛАНГАН ӨТҮНМӨ
20__-жылга
┌──┬───────────────────────┬──────────────────┬───────────────────────┐
│№ │ Дары каражаттын жана │ Чыгаруу формасы, │ Саны │
│ │ медициналык багыттагы │ дозаланышы ├─────┬─────┬─────┬─────┤
│ │ буюмдун аталышы │ │1-кв.│2-кв.│3-кв.│4-кв.│
├──┼───────────────────────┼──────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
├──┼───────────────────────┼──────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
└──┴───────────────────────┴──────────────────┴─────┴─────┴─────┴─────┘
Өтүнмө тиешелүү регион үчүн, саламаттык сактоо уюмдары боюнча өз-өзүнчө дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп берүүгө ММКФ тарабынан белгиленген финансылык каражаттардын квотасына ылайык түзүлөт.
Саламаттык сактоо министри: _______________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
Аткаруучу: _______________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Аймактын аталышы: ________________________________________________
Почта дареги: ______________________
Телефону: __________________________
20__-жылга дары каражаттарды жана медициналык багыттагы
буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга
ӨТҮНМӨ
Саламаттык сактоо уюму
___________________________________________________________
(аталышы)
┌──┬─────────────────────┬──────────┬───────────────────────┬─────────┐
│№ │Дары каражаттын жана │ Чыгаруу │ Саны │Бир жылга│
│ │медициналык багыттагы│ формасы, ├─────┬─────┬─────┬─────┤ саны │
│ │ буюмдун аталышы │дозаланышы│1-кв.│2-кв.│3-кв.│4-кв.│ │
├──┼─────────────────────┼──────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
├──┼─────────────────────┼──────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴─────────────────────┴──────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────────┘
Өтүнмө дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга ММКФ тарабынан белгиленген финансылык каражаттардын квотасына ылайык түзүлөт.
Саламаттык сактоо уюмунун
жетекчиси: ___________________ 20__-ж. "__" ______
(Аты-жөнү)
Башкы бухгалтер: ___________________ 20__-ж. "__" ______
(Аты-жөнү)
Аткаруучу: ___________________ 20__-ж. "__" ______
(Аты-жөнү)
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 4-тиркеме |
20__-жылга дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга акчалай квота жөнүндө
МААЛЫМАТ
┌──┬────────────────────┬─────────────┬───────────────────────────────┐
│№ │ Саламаттык сактоо │ Жалпы сумма │ Анын ичинде кварталдар боюнча │
│ │ уюмунун аталышы │ ├───────┬───────┬───────┬───────┤
│ │ │ │ 1-кв. │ 2-кв. │ 3-кв. │ 4-кв. │
├──┼────────────────────┼─────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
├──┼────────────────────┼─────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │
└──┴────────────────────┴─────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┘
Эскертүү: кварталдар боюнча, кварталдын башталышына 30 (отуз) күн калганга чейин такталат.
ММК фондунун директору: __________________ 20__-ж. "__" ________
(Аты-жөнү)
Финансылык-экономикалык талдоо
башкармасынын начальниги: __________________ 20__-ж. "__" ________
(Аты-жөнү)
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Тендердик комиссиянын 20__-ж. "__" ______ жыйынынын
№ ____ протоколунан
КӨЧҮРМӨ БӨЛҮК
Чечим:
Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына 20__-ж. "__" ______ тартып 20__-ж. "__" ______ чейинки мезгилде ________________ суммага дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүчүлөр болуп аныкталышсын:
Берүүчүнүн (берүүчүлөрдүн) аталышы: ______________________________ _______________________________________________________________________
Берүүнүн шарттары:
1. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын аталыштарынын берүү учурундагы баалары менен тизмеги: ____________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. Акы төлөө келишимде белгиленген.
3. Керектөөчүгө жеткирүү берүүчүнүн эсебинен.
4. Жеткирүү мөөнөтү келишимдин шарттарына ылайык.
5. Жарактуулук мөөнөтү: берилген күнгө карата калган жарактуулук мөөнөтү _______________ кем эмес.
6. Башка шарттар: ________________________________________________ _______________________________________________________________________
Тиркеме:
Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга өткөрүлгөн тендердин берүүчү боюнча натыйжасы жөнүндө маалымат, тиркелген формага ылайык.
Жетекчи: ______________________ 20__-ж. "__" ________
(М.О.) (Аты-жөнү)
Тендердик комиссиянын төрагасы: ____________ 20__-ж. "__" ________
(Аты-жөнү)
Тендердик комиссиянын катчысы: ____________ 20__-ж. "__" ________
(Аты-жөнү)
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүгө укук алган берүүчүнүн аталышы: ________________________________________ _______________________________________________________________________
20__-жылга дары каражаттарды жана медициналык багыттагы
буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга өткөрүлгөн
тендердин натыйжалары жөнүндө
МААЛЫМАТ
┌──┬─────────────────────┬─────────────┬────────┬─────────┬───────────┐
│№ │ Дары каражаттын │ Дозаланышы/ │ Саны │ Баасы │ Жалпы │
│ │ жана медициналык │ таңгактоо │ │ │ суммасы │
│ │ багыттагы буюмдун │ │ │ │ │
│ │ аталышы │ │ │ │ │
├──┼─────────────────────┼─────────────┼────────┼─────────┼───────────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
├──┼─────────────────────┼─────────────┼────────┼─────────┼───────────┤
├──┼─────────────────────┼─────────────┼────────┼─────────┼───────────┤
└──┴─────────────────────┴─────────────┴────────┴─────────┴───────────┘
Тендердик комиссиянын төрагасы: _____________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
Тендердик комиссиянын катчысы: ______________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Акт түзүлгөн күн 20__-ж. "__" ______
Саламаттык сактоо уюмуна дары каражаттарды
жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүнүн
КАБЫЛ АЛУУ АКТЫСЫ
__________________________________________________________________
(саламаттык сактоо уюмунун аталышы)
берүүчү: ______________________________________________________________
(берүүчүнүн аталышы)
┌──┬────────────────────┬─────────────┬────────┬────────┬─────────────┐
│№ │ Дары каражаттын │ Дозаланышы/ │ Саны │ Баасы │Жалпы суммасы│
│ │ жана медициналык │ таңгактоо │ │ │ │
│ │ багыттагы буюмдун │ │ │ │ │
│ │ аталышы │ │ │ │ │
├──┼────────────────────┼─────────────┼────────┼────────┼─────────────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
├──┼────────────────────┼─────────────┼────────┼────────┼─────────────┤
│ │ │ │ │ │ │
└──┴────────────────────┴─────────────┴────────┴────────┴─────────────┘
Саламаттык сактоо уюму: __________________________________________
(аталышы)
Директор: ___________________ 20__-ж. "__" _______
М.О. (Аты-жөнү)
Башкы бухгалтер: ___________________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
Материалдык-жооптуу адам: ___________________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
Берүүчү: _________________________________________________________
(аталышы)
Жооптуу адам: ___________________ 20__-ж. "__" _______
М.О. (Аты-жөнү)
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Аталышы: _________________________________________________________
Почталык дареги: _________________________
Телефону: ________________________________
20__-жылга дары каражаттарды жана медициналык
багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга
ТАКТАЛГАН ӨТҮНМӨ
Саламаттык сактоо уюму
____________________________________________
(аталышы)
┌──┬───────────────────┬────────────┬───────────────────────┬─────────┐
│№ │ Дары каражаттын │ Дозаланышы/│ Саны │Бир жылга│
│ │ жана медициналык │ таңгактоо ├─────┬─────┬─────┬─────┤ саны │
│ │ багыттагы буюмдун │ │1-кв.│2-кв.│3-кв.│4-кв.│ │
│ │ аталышы │ │ │ │ │ │ │
├──┼───────────────────┼────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
└──┴───────────────────┴────────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────────┘
Саламаттык сактоо уюмунун
жетекчиси: ___________________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
Башкы бухгалтер: ___________________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
Аткаруучу: ___________________ 20__-ж. "__" _______
(Аты-жөнү)
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 9-тиркеме |
Уюмдун аталышы: __________________________________________________
Почта дареги: _________________________
Телефону: _____________________________
20__-жылдын учурдагы кварталында дары каражаттардын
жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылы жөнүндө
МААЛЫМАТ
┌──┬─────────────────┬──────────┬─────┬───────┬───────┬───────┬───────┐
│№ │ Дары каражаттын │ Чыгаруу │Баасы│ _____ │ Кириш │Чыгым- │Калдык │
│ │ жана медициналык│ формасы, │ │карата │ │далышы │ _____ │
│ │багыттагы буюмдун│дозаланышы│ │калдыгы│ │ │ │
│ │ аталышы │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ ├───────┼───────┼───────┼───────┤
│ │ │ │ │ Саны, │ Саны, │ Саны, │ Саны, │
│ │ │ │ │суммасы│суммасы│суммасы│суммасы│
├──┼─────────────────┼──────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
├──┼─────────────────┼──────────┼─────┼───────┼───────┼───────┼───────┤
└──┴─────────────────┴──────────┴─────┴───────┴───────┴───────┴───────┘
Саламаттык сактоо уюмунун
жетекчиси: ____________________ 20__-ж. "__" ______
(Аты-жөнү)
Башкы бухгалтер: ____________________ 20__-ж. "__" ______
(Аты-жөнү)
| Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 10-тиркеме |
Түзүлгөн күнү 20__-ж "__" _______
Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын
саламаттык сактоо уюмуна берилишин
______________________________________________
(аталышы)
САЛЫШТЫРУУ АКТЫСЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана
Берүүчү: _________________________________________________________
(аталышы)
┌──┬──────────────────┬───────────────────────┬───────────────────────┐
│№ │ Мазмуну │ Сатып алуучу │ Берүүчү │
│ │ ├───────────┬───────────┼───────────┬───────────┤
│ │ │ Дебет │ Кредит │ Дебет │ Кредит │
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
├──┼──────────────────┼───────────┼───────────┼───────────┼───────────┤
│ │20__-жылга сальдо │ │ │ │ │
└──┴──────────────────┴───────────┴───────────┴───────────┴───────────┘
ММК Фондунун директору: ___________________ 20__-ж. "__" _________
М.О. (Аты-жөнү)
Башкы бухгалтер: ___________________ 20__-ж. "__" _________
(Аты-жөнү)
Берүүчү: _________________________________________________________
(аталышы)
Жетекчи: ___________________ 20__-ж. "__" _________
М.О. (Аты-жөнү)
Башкы бухгалтер: ___________________ 20__-ж. "__" _________
(Аты-жөнү)
|
|