Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 320
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилгелеген "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилгелеген "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 320 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилгелеген "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорунун аталышын кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени "телемедециналык кызмат көрсөтүү" деген түшүнүк профилактикалык жана дарылоочу медициналык кызматтын бардык түрүн камтыбайт.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесиндеги "электрондук билдирүү" түшүнүгүн "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында берилген аныктамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына телемедицина жаатында ченемдик укуктук жөнгө салууну жана ушул жаатта ченемдик укуктук актыларды аткарууну контролдоону ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле телемедицина жаатындагы стандарттарды, регламенттерди, ченемдерди, эрежелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, алардын сакталышын контролдоону ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталат.
Муну менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси менен ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ субъекттердин толук тизмеги берилгендигин белгилейбиз. Мында министрликтер жана ведомстволор аталган Мыйзамга ылайык белгиленген укуктарга ээ эмес.
Мындан тышкары, аталган Мыйзамдын 34-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышын контролдоого ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ субъекттер гана укуктуу. Жогоруда айтылгандардын негизинде мыйзам долбоорунун 4-беренесин кайра иштеп чыгууну сунуштайбыз.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ишин жергиликтүү маанидеги маселелерге ылайык ишке ашырышат. Мында мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө чагылдырылган маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү эмес.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде телемедициналык кызматтарды көрсөтүү тутумдарын түзүү жана пайдалануу, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен каржыланышы мүмкүн экендигин сунушталууда. Муну менен бирге "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык медициналык милдеттүү камсыздандыруунун максаты камсыздандырылган жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынын алкагында сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардамдар менен кепилденген камсыздоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден тургандыктан, мыйзам долбоорунун 6-беренесиндеги 2-пунктунун редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунун 6-беренеси менен бюджеттен тышкары фонддордун каражаттары телемедициналык кызмат көрсөтүү тутумун каржылоо булактары боло ала тургандыгын белгилөө сунушталууда. Бирок, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун, Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондун, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттардын жана төгүмдөрдүн эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонддорду кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынган.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгү менен телемедициналык кызмат көрсөтүү процессинин катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү келишимдерди түзүүнүн негизинде ишке ашырыла тургандыгын белгилөө сунушталат, алардын формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. "Мыйзамдар" түшүнүгү жалпыланган жана кеңири түшүнүү мүмкүндүгүн берүүчү так эмес мүнөзгө ээ экендигин белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, шилтеме ченемдин мазмуну убакыт бөлүгүн пайда кылууга алып келет, анын аралыгында шилтеме берилген түз аракеттин ченеми кабыл алына электигинен коомдук мамилелер жөнгө салынбайт, бул болсо потенциалдуу коррупциялык ченем болуп саналат. Буга байланыштуу, келечектеги ченемдик укуктук актылардын предметтерин аларды кабыл ала турган конкреттүү субъектти көрсөтүү менен талдоо, ал эми мыйзам долбоорунун корутунду жоболорунда мындай субъектке тапшырма берүүнү караштыруу максатка ылайык деп эсептейбиз. Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгү жана 23-беренесинин 3, 6-бөлүктөрү боюнча да ушундай сунуш айтабыз.
Мыйзам долбоорунун 9-беренеси менен телемедициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш жүргүзүү укугу юридикалык жак же жеке ишкер мамлекеттик катталган учурдан баштап, ал эми иштин түрлөрүн уруксаттамалоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда - иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксаттама алган учурдан тартып пайда болоору айтылган. Мында мыйзам долбооруна ылайык "телемедициналык кызмат көрсөтүү" деп мөөнөтү жылдырылган консультациялар, айкын мезгилдеги консультациялар, пациенттин физиологиялык параметрлерин аралыктан контролдоо, диагностикалык жана дарылоочу манипуляцияларды аралыктан жүргүзүү, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы менен көрсөтүлүүчү башка медициналык кызматтар түшүнүлөөрүн белгилей кетүү керек. Муну менен бирге, "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык бардык жеке медициналык практика иштин лицензиялана турган түрү болуп эсептелет.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн редакциясына жараша, телемедициналык кызмат көрсөтүүчүлөр өзүнүн укуктук макамы жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматты кимге жана кандай тартипте көрсөтүүгө милдеттүү экендигин аныктоо мүмкүндүгү берилбейт. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 3-бөлүгү боюнча да ушуга окшогон сын-пикир айтабыз.
Мыйзам долбоорунун 8, 22-беренелери менен жалпы ченемдерди аныктоо сунушталат, аларга ылайык телемедициналык кызмат көрсөтүү процессинин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү келишимдерди түзүүнүн негизинде жүргүзүлөт, алардын формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. Мында келишим жөнүндө жалпы жоболор Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 22-главасы менен регламенттештириле тургандыгын белгилейбиз. Буга байланыштуу, мыйзам долбоорунда телемедициналык кызмат көрсөтүү тутумунун катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин аныктоонун максатка ылайыктыгын кароону сунуштайбыз.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда тиешелүү чөйрөлөрдө укуктук мамилелерди регламенттештирүүгө багытталган башка мыйзамдарды жөнгө салуу предмети болуп эсептелген жоболорду камтыган беренелер бар (мисалы, 7, 27-беренелер).
Мында бирдей юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда жана эгерде алардын бири да жогорку юридикалык күчкө ээ болгон актыга каршы келбесе, ушул укуктук мамилелерди жөнгө салуучу актынын жоболору колдонула тургандыгын маалымдайбыз.
Мыйзам долбоорунун 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү аталган бөлүктүн экинчи сүйлөмүндө камтылгандыктан, 23-берененин аталган бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 26-беренесинин 1-бөлүгүндө телемедициналык кызмат көрсөтүүдө жеке, дарыгердик сырдын, байланыш сырынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка сырлардын, ошондой эле жеке табыштамалардын купуялуулугунун сакталышы камсыз кылынышы керек экендиги айтылган. Муну менен бирге, аталган берененин 2-бөлүгүндө телемедициналык кызмат көрсөтүүдө телекоммуникациялык тарамдардагы маалымат алмашуунун купуялуулугу Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте тастыкталган каражаттарды жана методдорду колдонуу менен камсыз кылынаары каралган. Буга байланыштуу, мындай тартипти бекитүү ыйгарым укуктарына кирген субъектти тактоону сунуштайбыз.
Ошондой эле аталган мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, аны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн талап кылат. Муну менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашырылышы мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт. Аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык долбоордун негиздеме-маалымкатында каржылоо булактары жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө камтылууга тийиш. Бирок, аталган маалымат, ошондой эле финансылык-экономикалык эсептер көрсөтүлгөн эмес. Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык бул мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынаары мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарын бузуу менен негиздеме-маалымкатта коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилген эмес.
Муну менен бирге мыйзам долбоору ишкерлик ишти жүргүзүү маселесин козгоорун белгилейбиз. Буга байланыштуу, жогоруда аталган Мыйзамдын 19-беренесине ылайык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жөнгө салуучу таасирдин талдоосуна алынууга тийиш.
Аталган Мыйзамдын 30-беренесине ылайык ишкерлик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирилбестен күчүнө кирет. Буга байланыштуу, мыйзам долбоорунун 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгуу керек.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу азыркы учурда максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 211 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, Э.Б.Иманкожоева жана Б.И.Сулейманов демилгелеген "Телемедициналык кызмат көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий корутундусу жактырылгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилгендигин маалымат иретинде билдиребиз.
|
|